Ислам аалымдары «ыйман акыйкаттары» же «хакаик-и иманийе» деп атаган нерсе адамдарды ыйманга багыттаган, Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына далил болгон, Анын улуу кудуретин, илимин жана чеберчилигин көз алдыга тартуулаган ар түрдүү жаратылуу чындыгын, маалымат жана далилдерди камтыйт. «Ыйман акыйкаты» түшүнүгүнө «ыйманга жеткирген, ыйманга себепчи болгон жана ошондой эле ыймандын бекемделишине, өсүшүнө жана күчтөнүшүнө шарт түзгөн чындыктар» деп аныктама берүүгө да болот.
Адамдар Аллахтын Затын көрө алышпайт. Бирок Анын бар экенин, кудуретин жана кээ бир сыпаттарын Анын жараткан нерселерине карап түшүнүшөт. Ар бир сүрөт өз сүрөтчүсүн тааныткандай, жандуу жана жансыз нерселер да аларды жараткан Аллахты бизге таанытышат. Адам булар жөнүндө ойлонуп, жаратуу далилдерине күбө болушу керек. Аллах Куранда төө, чиркей, аары, жөргөмүш сыяктуу ар кандай жандыктарды, өсүмдүктөрдү, дарактарды, тоолорду, жерлерди, асмандарды бир ыйман акыйкаты, б.а. жаратуу керемети катары мисал берген. Ушул сыяктуу ыйман акыйкаттарына көңүл бурган аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын? Асманды, кантип көтөрүлгөнүн? Тоолорду; кантип отургузулуп-курулганын? Жерди; кантип жайылып-төшөлгөнүн? (Гашия Сүрөсү, 17-20)
Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)
And He has made everything in the heavens and everything on Earth subservient to you. It is all from Him. There are certainly Signs in that for people who reflect.
(Qur'an, 45:13)
Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)
Күндү бир жарык кылуучу, айды бир нур кылган жана жылдардын санын жана эсепти билишиңер үчүн ага орундарды аныктап койгон – Ал (Аллах). Аллах буларды акыйкат менен гана жаратты. Ал билүүчү бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден баяндап берүүдө. Чындыгында түн менен күндүздүн кезек менен келишинде жана Аллах асмандарда жана жерде жараткан нерселерде коркуп-тартынган бир коом үчүн албетте аяттар бар. (Йунус Сүрөсү, 5-6)
Аяттарда басым жасалган бул ыйман акыйкаттары таза жүрөк (абийир) менен ойлонгон ар бир адам үчүн аны Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жана Ага жакындоого алып баруучу өтө маанилүү себепчилер болот.
Албетте, ыйман акыйкаттары бул аяттардагы мисалдар менен эле чектелбейт. Айланабызда көргөн –же көрө албаган- көптөгөн нерселер жүрөгү менен жана акылы менен караган ар бир адам үчүн бир ыйман акыйкаты болот. Мисалы, бакчада бараткан кумурска, столдо турган гүл, көчөдөгү же үйүбүздөгү мышык, ит же чымчык, денебиз, асмандардагы жана жердеги тартип, жамгырдын жаашы, айланабызды ороп бизди космостон келген зыяндуу нурлардан жана заттардан коргогон атмосфера жана ушул сыяктуу дагы канчалаган нерселер Аллахты таанууну каалаган ар бир адам үчүн бир ыйман акыйкаты боло алат. Чоң бир жылдыздын өмүрү ыйман далили болгон сыяктуу, денебиздин кандайдыр бир органы да ыйманга багыттоочу бир акыйкат боло алат.
Өмүр бою айланасында көргөн же уккан нерселеринин баарында Аллахтын аяттарын байкап алар жөнүндө ойлонуу ыймандуу адам үчүн чоң бир жоопкерчилик. Абийирлүү (жүрөгү таза) ар бир адам муну билип жашайт. Жана Аллах жараткан миллиондогон жандыктардын, кемчиликсиз жайып төшөп койгон жер жүзү менен учу-кыйырсыз асмандардын арасында жашап жатып, булар жөнүндө ойлонбой, капылеттик ичинде өмүрүн сүрүүнү улантса, мунун сурагын бере албашын билет.
For thinking and unbiased people, a kitten, a bird, or a flower are all signs leading to faith.
He Who created and molded. He Who determined and guided. He Who brings forth green pasture, then makes it blackened stubble.
(Qur'an, 87:2-5)
Куранда адамды Аллахтын жаратканы, жаратуу максатынын Ага ибадат жана кулчулук кылуу экени, өлүмдөн соң аны түбөлүккө созула турган бир акырет жашоосунун күтүп турганы апачык кабар берилет. Ошондой эле, адам бул чындыктарга күбөлүккө өтүүчү «далилдер» жөнүндө да терең ойлонууга чакырылат. Куранда Аллахтын бар экендигинин, жалгыздыгынын жана сыпаттарынын анык далилдери болгон окуялар менен нерселер болсо «аят» деп айтылат. Аллахтын аяттары Курандагы жазылуу аяттардан тышкары, тышкы дүйнөдө жана адамдын өз напсисинде да бар. Куранда бул чындыкка «Жер жүзүндө так бир илим менен ишене тургандар үчүн аяттар (далилдер) бар. Жана өз напсилериңерде да. Дагы эле көрбөй жатасыңарбы?» (Зарият Сүрөсү, 20-21) деп басым жасалат. Бул чындык башка аяттарда болсо төмөнкүчө айтылат:
Эч күмөнсүз, ыймандуулар үчүн асмандарда жана жерде аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 3)
Асмандардын жана жердин жаратылышы менен аларда ар бир жандыктан чыгарып-жайышы Анын аяттарынан... (Шура Сүрөсү, 29)
Көрүнүп тургандай, Аллахтын бар экенин жана чексиз кудуретин көз алдыга тартуулаган далилдер бир эле Куранда эмес, айлана-чөйрөбүздүн бүт тарабында бар. Айнекке конгон бир чымчык же бакчадагы бир гүл же асмандагы бир жылдыз болсун, өмүр бою көргөн нерселерибиздин баары Раббибиз тарабынан «окушубуз» үчүн бизге жөнөтүлгөн бир кабар өзгөчөлүгүнө ээ. Бул жагынан караганыбызда бир гүл дагы – бир кат. Аны окуй алганга Жаратуучубуздун билдирме катын алып келген.
Кээ бир ыйман акыйкаттары болсо адамдарга Курандын акыйкат Китеп экенин далилдейт. Себеби; ааламдын жоктон пайда болушу жана кеңейиши, асмандар менен жердин бир-биринен бөлүнүшү, асман телолорунун орбиталары, дүйнөнүн тоголоктугу, асмандын корголгон бир чатыр кызматын аткарышы, атмосферанын кабаттары, жамгырдын пайда болушу, «төлдөтүүчү» (ичине киргизүүчү) шамалдар, деңиздердин бир-бирине аралашпашы сыяктуу Куранда керемет катары 1400 жыл мурда сүрөттөлгөн көптөгөн ыйман акыйкаты акыркы кылымдын илими менен гана бир-бирден ачылып, аныктала алды. Ушул сыяктуу темаларда Куран вахий кылынган доордо эч бир адам билбеген маалыматтардын Куран аяттарында кабар берилиши – Курандын Аллахтын сөзү экенин адамзатка дагы бир жолу апачык көрсөткөн маанилүү бир чындык.
Жүрөгү таза (абийирлүү) адам айланасындагы бүт нерселердин бир ыйман далили экенин билет. Деңиздеги олжосун кармоо үчүн сууну көздөй ылдыйлаган бир чайканын, жер бетинде бараткан кичинекей бир кумурсканын, жыл сайын канчалаган кило мөмө берген бир алма дарагынын, тонналаган салмагына карабастан асманда турган булуттардын, кыскасы, айланасында көргөн нерселеринин баарынын Аллахтын бар экендигинин далилдери экенин билет.
Бирок Куран аяттарында ыйман акыйкаттарын терең көрүп-түшүнүү үчүн дагы эки маанилүү өзгөчөлүк айтылат: ой жүгүртүү жана илимдүү болуу...
There is no creature on Earth that is not dependent upon God for its provision. He knows where it lives and where it dies. They are all in a Clear Book.
(Qur'an, 11:6)
• Аллах Куранда адамдарды дайыма асмандардагы, жердеги жана экөөсүнүн арасындагы жаратуу далилдерин, б.а. ыйман акыйкаттарын ойлонууга чакырат:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Аллах Курандагы көптөгөн аятында жараткан нерселери жөнүндө ойлонуп, алардан сабак, насаат алышыбызды талап кылат. Айланабыздагы жандуу-жансыз бүт нерселер биздин Аллахтын улуу жаратуу күчүн, чеберчилигин, илимин терең терең ойлонушубуз үчүн жаратылган. Аятта да айтылгандай, булардын эч бири жөн эле, максатсыз жаратылган эмес. Буларга эч маани бербөө жана алар жөнүндө ойлонбоо Аллахтын аяттарынан жүз буруу деген мааниге келет; ыймандуу адам мындай мамиледен өтө качынышы керек. Курандын көп жеринде Аллахтын аяттарынан жана жаратуу далилдеринен жүз бургандардын акыйкатты тануучулар экенине басым жасалат.
We sent down cascading water from the clouds, so that by it We might bring forth grains, plants, and luxuriant gardens.
(Qur'an, 78:14-16)
Адамдын түшүнүгүнүн тереңдешинде, ыйманынын бекемделишинде ыйман акыйкаттары жөнүндө дайыма ойлонуунун мааниси көп аяттарда айтылат. Бир аятта, мисалы, ыймандуулардын асмандардын жана жердин жаратылуусу жөнүндө терең терең ойлоноору айтылат:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)
Аллах ыйман акыйкаттарынын ойлонгон адамдар үчүн бир мааниси бар экенин билдирген. Бирок бул жерде «ойлонуу» дегенде кээ бир адамдар ойлогондой «Аллах кандай сонун жаратыптыр» же «кандай сонун бир жаныбар» деген сыяктуу ооз менен айтылган жаттамай сөздөр айтылып жаткан жок. Бул жерде Аллахтын жараткан нерселери жөнүндө узун узун, терең жана ар тараптан ойлонуу, жаратуудагы даанышмандык менен детальдарын байкоо жана натыйжада Аллахтын чексиз илимине, кудуретине жана чеберчилигине күбө болуу талап кылынууда.
Мында колдоно турган ыкмалардын бири болсо – бул айланабыздагы нерселер, кубулуштар жөнүндө анализ жана салыштыруу ыкмасын колдонуу. Аллах бир аятында мындай ойлонуу жолунун бир мисалын бизге төмөнкүчө үйрөтөт:
Эми силер ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Аны силер булуттан түшүрүп жатасыңарбы, же Биз түшүрүп жатабызбы? Эгер каалаганыбызда аны туздуу кылып коймокпуз; шүгүр кылышыңар керек эмеспи? (Вакыа Сүрөсү, 68-70)
Суу – дүйнөнүн төрт тарабын курчаган, дээрлик дайыма оңой гана табыла алган бир немат-жакшылык. Адамдардын көпчүлүгү өмүр бою күн сайын ичкен суусу жөнүндө балким бир жолу да ойлонгон эмес болушу керек. Суунун бар болушун жана биздин муктаждыгыбызга ылайыктуулугун кадыресе, катардагы, эч ойлонуу талап кылбаган бир кубулуштай көрөт. Бирок жогорудагы аяттарда айтылгандай, эгер Аллах каалаганда, суунун физикалык жана химиялык касиеттери башкача болмок же дүйнөнүн атмосфера түзүлүшү же температурасы башкача болмок. Анда «булут» деген нерсе болмок эмес жана булут болбогондуктан жер бетинде тузсуз суу булактары болмок эмес. Бизге океан, деңиздердин тузсуз суусу гана калмак; андай дүйнөдө адамзат же эч жашай алмак эмес же өтө оор шарттарда, тынымсыз бир суу каатчылыгы ичинде жашамак. Тузсуз суу болбогону үчүн эгин айдалып, дарактар да өстүрүлө алмак эмес жана бүт дүйнө чөлгө айланып, натыйжада тамак-аш каатчылыгы келип чыкмак. Бирок Аллах бизге тузсуз суу булактарын берип, буларды дүйнөнүн дээрлик бүт аймагына жеткирген. Бул үчүн, албетте, Аллахка шүгүр кылышыбыз керек.
People have only to look at their food. We pour down plentiful water, and then split the ground into furrows. Then We make grain grow in it, as well as grapes and herbs, olives and dates.
(Qur'an, 80:24-29)
Бирок, көрүнүп тургандай, чын жүрөктөн шүгүр кылуу үчүн эң биринчиден суунун чоң бир немат-жакшылык экенин байкоо керек; бул болсо «ойлонуудан» көз-каранды. Албетте, бул мисал айланабыздагы бүт табигый ресурстарга, жандыктарга жана кубулуштарга да тиешелүү. Баары бизге Аллахтан бир немат-жакшылык, бирок муну байкоо үчүн алгач ойлонуу, «эгер мындай болбосо, эмне болмок» деп карап салыштыруу, Аллахтын бүт нерседе канчалык так өлчөмдөр жаратканын түшүнүү зарыл. Башка бир аятта табигый кубулуштар жөнүндө ойлонуунун, алар жөнүндө «акыл жүгүртүүнүн» мааниси дагы бир жолу төмөнкүчө айтылат:
Түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, Аллахтын асмандан ырыскы түшүрүп өлүмүнөн соң жер бетин тирилтишинде жана шамалдарды (белгилүү бир тартип менен) башкаруусунда акылын колдонгон бир коом үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 5)
Аятта айтылган «акылын колдонгон» кишилер – бул ыймандуулар. Себеби акыл – ыйман менен гана келчү бир артыкчылык; ыймансыздар болсо акылы жок болгондуктан, Аллахтын аяттарын байкашпайт, айланаларындагы сансыз далилди көрүшпөйт. Асмандардагы жана жердеги сансыз аятты көрмөксөн, билмексен болуу Куранда бир мушрик (Аллахка шерик кошкон киши) мүнөзү катары сүрөттөлөт:
Асмандарда жана жерде канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф Сүрөсү, 105-106)
• Ыйман акыйкаттарын терең түшүнүү үчүн талап кылынган экинчи өзгөчөлүк болсо – бул илимдүү, маалыматтуу болуу. Бирок бул жерде маанилүү бир жагдай бар. Бир теманы ыйман акыйкаты катары көрүү үчүн сөзсүз ал теманын эң таң калыштуу тараптарын билип, анын детальдары жөнүндө толук маалыматтуу болуу керек эмес. Акылдуу ар бир адам айланасын караганда бир кереметтүүлүк бар экенин жана бүт нерсенин бир жаратуучусу бар экенин заматта түшүнөт. Бир курт-кумурсканы, мисалы, бир ийнеликти көргөндө аны бирөө жаратканын түшүнөт. Анын бир ыйман акыйкаты экенин түшүнүү үчүн ал жандыктын бар болушу эле жетиштүү. Бул жандык жөнүндө терең маалымат алып, ал жөнүндө ойлонуу болсо ыйманды күчөтө турган бир себепчи болот.
Жогорудагы суу мисалын эстейли. Суунун жашообуздагы маанисин билебиз. Бирок суу жөнүндө негизги физикалык, химиялык жана географиялык маалыматтарды алганыбызда суунун жашообуздагы маанисин жакшыраак түшүнөбүз. Суунун касиеттерин тереңирээк караганыбызда болсо суунун тоңушунан кеңейишине, агуучулук коэффициентинен химиялык касиеттерине чейин адам жашоосуна эң ыңгайлуу кылып жаратылганын тагыраак көрөбүз (бул темада тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: Harun Yahya, Evrenin Yaratılışı (Ааламдын жаратылуусу), 1999). Бул болсо терең ой жүгүртүшүбүзгө жана көбүрөөк шүгүр кылышыбызга себепчи болот.
The shape of raindrops is also the product of a special design.
Албетте, маалыматы өтө аз бир жаш бала да, канчалаган жыл бою билим алган өтө билимдүү бир профессор да таза жүрөгү менен караганда Аллахтын аяттарын оңой гана көрүп тааныйт. Бирок адам айланасында көрбөгөн нерселер жөнүндө ойлонушу үчүн, албетте, көп маалымат талап кылынат. Же айланасында көргөн бир нерсеси болсо да, аны тереңирээк ойлонуу үчүн анын майда-бараттарын билиши керек. Антпесе, белгилүү бир деңгээлде гана ой жүгүртө алат, ал тургай, кээде өтө үстүртөн болуп калат. Мисалы, космостогу системалар жөнүндө эч маалыматсыз, асманды карап ой жүгүрткөн бир адам менен астрономия илими күчтүү бир адамдын ой жүгүртүшү албетте бир-биринен айырмалуу болот. Же адам денеси, физиологиясы жана анатомиясы жөнүндө терең маалыматы бар бир кишинин адам денесиндеги кереметтерди байкашы бул темаларда маалыматы жок адамга караганда алда канча терең жана күчтүү болот. Аллах илимдүүлөрдүн акыл жүгүртүү жана түшүнүү жагынан билбегендерден жогору тураарына аяттарында көңүл бурат:
Асмандардын жана жердин жаратылуусу менен тилдериңердин жана түстөрүңөрдүн ар түрдүү болушу Анын аяттарынан. Күмөнсүз, мында аалымдар (илимдүүлөр) үчүн чындыгында аяттар бар. (Рум Сүрөсү, 22)
Же ал түнкү сааттарда туруп сажда кылып жана кыямга туруп чын көңүлдөн моюн сунган (ибадат кылган), акыреттен корккон жана Раббисинин мээримин үмүт кылганбы (сыяктуубу)? Айткын: «Билгендер менен билбегендер бир болобу? Күмөнсүз, таза акыл ээлери сабак алып-ойлонушат.» (Зүмер Сүрөсү, 9)
Бирок бир нерсени кайра эске салуу керек; илимдин, маалыматтын бир эле өзү аны жоромолдой турган акыл, таза жүрөк жана баам-парасат болбогон соң адамды чындыкка жеткирбейт. Таза жүрөктүү жана чын ниеттүү бир адамдын илими гана анын Аллахты жакшыраак таанышы жана Ага жакындашышы үчүн маанилүү болот. Мына ушул себептен бүгүнкү күндө илим менен технологиянын өнүгүшү Аллахтын жаратуусундагы илимди, даанышмандыкты, чеберчиликти жана кылдаттыкты жакшыраак көрүп таанууга чоң салым кошууда.
Бүгүнкү күндө медицина, биология, астрономия сыяктуу илим тармактары урматында Аллахтын жаратуусундагы кереметтер менен кооздуктар жакшыраак жана тереңирээк көрүнүүдө. Бул маалыматтарды үйрөнүп, Аллах жараткан даанышмандыктар менен сулуулуктарды анализ кылган адамдардын Аллахтын чексиз кудуретине болгон таң калуусу эсе эсе өсүүдө.