2- Бөлүм: Ыйман Акыйкаттары Эмне Үчүн Маанилүү?

Ыйман Акыйкаттары Ыймандын Келишине Себеп Болот

Ыйман акыйкаттары – адамдардын ыйман кылышына себепчи болгон эң маанилүү себептердин бири. Ыйман кылбаган киши терең бир капылеттик ичинде болот. Айланасындагы жаратуу далилдерин көрө албайт. Коомунун динден алыс болушу себебинен ою күнүмдүк жашоо менен алагды болуп, аң-сезими айланасындагы сансыз жаратуу далилдерин байкай албай турганчалык даражада алсыздаган болот. Мындай адамга, эгер ниети түз жана жүрөгү таза болсо, ыйман акыйкаттары айтып берилгенде, Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына, жандуу-жансыз бүт нерсени Аллахтын жаратканына ыйман кылышы, Аллахтын чексиз илими менен кудуретин көрүшү ыктымал. Ыйман акыйкаттары ниети түз, бирок атеист пропагандалар себебинен чындыктардан кабарсыз калган адамдардын Аллахтын каалоосу менен ыйманга жетишине өтө маанилүү бир себепчи болот.

Дүйнө бир сыноо мекени болгондуктан, бүт адамдарды ыйман кылууга мажбурлай турган, кишинин жүрөгү менен ыйманды тандашына мүмкүнчүлүк калтырбай турган даражадагы бир кереметти күтүү жаңылыштык болот. Мисалы, жерге ташталган урук бир канча секунда ичинде чоң бир даракка айланып калса, сөзсүз өтө таң калтырмак жана бул окуяга күбө болгондор муну улуу бир керемет дешмек. Бирок миллиарддаган дарактар жай чоңойгону үчүн бул жагдай бир караганда адамдарга кереметтей сезилбейт.

Башка бир мисал жөнүндө ойлонолу. Орточо 60-70 жыл ичинде улгайган бир адам денесинин бир заматта көз алдыңызда улгайып калганын элестетиңиз. Жаңы төрөлгөн бир наристе бир канча мүнөт ичинде тездик менен чоңоюп, жетилип, анан улгайып калса, албетте, бул таң калыштуу бир окуя болмок жана буга күбө болгон адамдарды ойлонууга түртмөк. Бирок бул жерде төмөнкүгө көңүл буралы; ушул эле окуя азыр да болуп жатат; бир гана айырма – ортодогу убакыт. Ушул эле окуянын байкалбай турганчалык жай жүрүшү көңүл коюусу, ой жүгүртүүсү начар адамдар үчүн кадыресе бир окуядай көрүнөт. Бирок чындыгында бул кубулуш толугу менен бир керемет. Бул кереметти байкоо үчүн болсо таза жүрөк жана чын пейил менен бул окуянын майда-бараттарын изилдөө, андагы жаратуу сырларын, кылдат эсептерди көрүү керек.

Капылеттик ичиндеги адамдар көрө албаган бир чындык бар; өз денелери да кошо айланадагы жана ааламдагы бүт нерселер – жаратуу кереметтери... Куранда адамдар мындайча эскертилет:

Көрбөй жатасыңбы; чындыгында Аллах асмандан суу түшүрүп, аны жердин ичиндеги булактарга өткөрдү. Анан аны менен ар кандай түстө эгиндер чыгарууда. Анан куурап баштайт, ошентип анын саргарганын көрөсүң. Анан аны куураган ыпыр-сыпырга айлантат. Күмөнсүз, мында таза акыл ээлери үчүн чындыгында насаат алына турган бир сабак (зикир) бар. (Зүмер Сүрөсү, 21)

Ыйман акыйкаттарынын терең айтып берилишинин мааниси мына ушул жерде көрүнөт. Капылеттик ичиндеги адамдардын күн сайын айланаларында болуп жаткан, бирок алар байкабаган көптөгөн жаратуу далилдерин, кемчиликсиздиктерди толугу менен алардын көз алдына тартуулоо бул кишилердин капылеттик пардаларынын ачылышында өтө натыйжалуу болот. Көп жылдар бою бүт адамдардын көзү көнүп калган жана көп адамдар эч ойлонбогон көптөгөн ыйман акыйкатына адамдардын көңүлү бурулса, бул ыймандык аң-сезимдин орношуна, абийирлеринин ойгонушуна жана атеизмдин негизсиз пропагандаларынын жок болушуна себеп болот.

Ыйман акыйкаттарын көргөндө жүрөгүнүн үнүн уккан кишинин акылына «булар кокустан же өзүнөн-өзү пайда боло албайт» деген ой келет. Булардын баарын жараткан улуу кудуреттүү Аллахтын бар экенин түшүнүп, Ага ыйман кылат (ишенет).

Ыйман Акыйкаттары Ыйманды Бекемдейт

And luxuriant gardens, orchards, and meadows for you and your livestock to enjoy.
(Qur'an, 80:30-32)

Ыйман акыйкаттарын бир эле Аллахка ишенбеген адамдар эмес, ыйман кылган адамдардын да үйрөнүп, алар жөнүндө ойлонушу өтө маанилүү. Аллах Куранда ыймандууларга ааламда жараткан далилдери жөнүндө терең терең ойлонууну буйруп, ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүнө басым жасайт.

Ыйман кылган бир адам намаз кылып, орозо кармап жана башка ибадаттарын кылуу менен бирге, терең ой жүгүртө да алышы керек. Куранда көңүл бурулган «асмандардагы жана жердеги» жаратуу далилдери жөнүндө терең ой жүгүртүү ыймандуу кишинин ыйманынын өсүшүнө, анык бир илим менен ыйман кылышына себепчи болот. Бир Куран аятында Аллахтын жер жүзүндөгү далилдеринин анык илим менен ыйман кылууга багыттай турганы кабар берилет:

Жер жүзүндө так (анык) бир илим менен ишене тургандар үчүн аяттар (далилдер) бар. Жана өз напсилериңерде да. Дагы эле көрбөй жатасыңарбы? (Зарият Сүрөсү, 20-21)

Аятта апачык айтылгандай, адамдын өз напсисиндеги жана жер жүзүндөгү ыйман акыйкаттары анык бир илим менен ишенүүгө себепчи болот. Анык илимге таянган бир ыйман болсо адамдын Аллах коркуусунун өсүшүнө, натыйжада Аллахтын буйрук менен тыюуларын тагыраак орундатышына шарт түзөт. Жаратуу далилдери жөнүндө терең ойлонгон бир адам ибадаттарын чын жүрөктөн берилип жасап, кылып жаткандарын Аллахтын көрүп тураарына жана жакшылыктары үчүн Аллахтын ага сыйлык берээрине анык ишенет. Ошол сыяктуу кетирген кичинекей катасын да Аллахтын билип тураары аны тообо кылууга жана каталарынан тездик менен кайтышына негиз түзөт.

How many creatures do not carry their provision with them! God provides for them and He will [provide] for you. He is the All-Hearing, the All-Knowing.
(Qur'an, 29:60)

Аллах Куранда ыймандууларга мындайча кайрылат:

Эй ыйман кылгандар, Аллахтан коркуп-тартынгыла жана (силерди) Ага (жакындата турган) себеп издегиле; Анын жолунда жехд (аракет) кылгыла, кутулууга жетээрсиңер. (Маида Сүрөсү, 35)

Аятта айтылгандай, адамдардын аларды Аллахка жакындата турган себеп издеши – кутулууга жетүүнү үмүт кылуу үчүн бир жол. Ыйман акыйкаттары да – ыймандууларга Аллахтын бар экени жана сыпаттары жөнүндө тереңирээк бир түшүнүк, аң-сезим бере турган, Аллахка көбүрөөк жакындата турган себептер. Мисалы, Аллах жараткан жандыктарды изилдөө, алардагы кемчиликсиз түзүлүш жана системаларга байкоо жүргүзүү жана алар жөнүндө ойлонуу Аллахтын чексиз илими менен кудуретине жакыныраактан күбө болууга шарт түзөт.

Мисалы, адам денесиндеги кереметтүү түзүлүштөрдү окуп үйрөнгөн киши Аллахтын бар экендигинин жана чеберчилигинин апачык далилдерин көрүп, өз денеси да кошо бүт нерсенин Аллахтын чыгармасы экенин жана дайыма Аллахтын контролу астында экенин түшүнөт. Ошондой эле, өзүнүн алсыздыгын байкап Аллахка андан да жакындайт. Аллахка болгон жакындыгы себебинен Анын ыраазылыгы менен мээримине жетүүгө көбүрөөк аракет кылат. Мисалы, балким мурда эч пайдасыз өткөргөн убакыттарын эми Аллахтын көбүрөөк ыраазылыгын алууга бөлүп, ибадаттарын көбүрөөк каалоо менен орундатат.

Жыйынтыктасак, ыйман акыйкаттары үстүртөн жана туурамчы бир ыймандан тахкики (анык илим менен, өтө бекем) жана күчтүү бир ыйманга өтүүдө өтө маанилүү бир роль ойнойт.

Ыйман Акыйкаттары Атеизмдин Пропагандаларын Жок Кылат

And people, beasts, and livestock are likewise of varying colors. Only those of His servants with knowledge have fear [and awareness] of God. God is Almighty, Ever-Forgiving.
(Qur'an, 35:28)

Азыркы заман – атеисттер менен дин душмандары адамдарга Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын жокко чыгартуу үчүн өтө көп аракет кылган бир доор. Бирок Аллах атеист-материалисттердин адашкан, жолдон чыккан философиясын жер менен жексен кыла турган мүмкүнчүлүк менен далилдерди да ыймандууларга сунду. Бул далилдердин башында ыйман акыйкаттары турат.

Аллахты тангандардын жактаган эң чоң жалганы – бул «жандуу-жансыз бүт нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болгон» деген көз-караш. Атеисттер жайылтууга аракеттенген бул негизсиз пропаганданын бузулушу жана жашырууга аракет кылган жаратуу кереметтери ачыкка чыгышы үчүн айланабыздагы ыйман акыйкаттарын заманбап илимдин негизинде анализдөө жана аларды адамдарга айтып берүү керек. Жандыктардагы керемет түзүлүштөрдү, ааламдагы керемет системаларды жана миллиарддаган кылдат тең салмактуулукту толугу менен көргөн таза жүрөктүү адамдар булардын кокустан пайда боло албашын жана бүт нерсени улуу кудуреттүү Аллахтын жаратканын түшүнүшөт. Натыйжада атеисттер жайылтууга аракет кылган «кокустук» көз-карашы, аятта «...Акыйкат (чындык) келди, жалган (батыл) жок болду. Эч күмөнсүз, жалган жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81) деп айтылгандай, жок болот.

Ал эми ыйман акыйкаттарын билбеген бир адам болсо атеизм-материализм пропагандаларына карата өтө коргоосуз калат. Мунун жашоодо көп мисалдары бар. Өткөн жылдарды эле караганыбызда динчил бир үй-бүлөдө чоңойгон, жаш кезинде диний тарбия алган көп адамдардын жогорку класста же университетте окуп жүргөн кезинде айланасында көргөн, достошкон кээ бир адамдардын пикирдик таасиринен улам ишенимин жоготконун көп көрөбүз. Мунун себеби – атеисттердин өздөрүнүн негизсиз, далилсиз ишенимине «акыл жана илим» кооздугун бериши. Өздөрүн табият менен аалам жөнүндө бүт нерсени билген, жашоонун эрежелерин түшүнгөн, чындыктарды байкаган кишилердей көрсөтүшөт. Ушундайча динчил бир үй-бүлөдө өскөн, бирок ыйман акыйкаттарынан кабарсыз болгон жана ушул себептен «тахкики», б.а. анык илимге таянган бир ыйманы болбогон адамдарды алдап, жолдон чыгара алышат.

Ал эми ыйман акыйкаттарын билген бир адам болсо атеисттердин жалгандарын, көз бойомочулуктарын оңой гана көрүп, кыйратат. Өзүнө да, айланасындагы башка адамдарга да пайдасы тийет. Ыйман акыйкаттарынан кабарсыз болуу бир адамды атеисттердин калптарына карата коргоосуз кылса, ыйман акыйкаттарын билүү, түшүнүү жана түшүндүрүү динчил адамды ар кандай атеисттик философияны илим-пикир менен жеңишине шарт түзөт.

Ыйман Акыйкаттары Аллахты Жакшылап Түшүнүүгө Шарт Түзөт

That is God, your Lord. There is no deity but Him, the Creator of everything. So worship Him. He is responsible for everything.
(Qur'an, 6:102)

Ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонуу жана Аллахтын аларда чагылган сыпаттарын көрүү Аллахты алда канча жакшыраак жана жакындан таанууга шарт түзөт. Аллахты жакшыраак таанып, дайыма бүт тарапта Анын чагылууларын көрүп баштаган адам болсо бул артыкчылыгы натыйжасында Аллахтын кудуретин жакшы түшүнүп калат.

Мисалы, ыйман акыйкаттары жөнүндө терең маалымат алып, ой жүгүртүү натыйжасында бир адам төмөнкү чындыкты жакшыраак түшүнөт: дүйнөдө жашаган миллиарддаган адамды жана алардын жашоосунун ар бир көз ирмемин Аллах билип, контрольдоп турат. Бир денедеги триллиондогон клетка, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын денелери жана ааламдагы бүт жандыктар Аллахтын каалоосу менен бар жана жашап жатышат. Ар бир кыймылы Аллахтын каалоосу менен болуп жатат жана Аллахтын контролу астында. Мындай бир система иштеши үчүн чексиз бир күч, чексиз бир илим, чексиз бир акыл жана мээ талап кылынаары анык. Бир эле ушул чындык жөнүндө ой жүгүртүү да Аллахтын чексиз сыпаттарына жакыныраактан күбө болууга жана Аллахтын чексиз кудуретин жакшылап түшүнүүгө шарт түзөт.

Куранда Аллах кичинекей бир чымынды да бир ыйман акыйкаты катары мисал келтирген соң, бул чындыктарды билбей жашагандардын Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө албай турганын билдирет:

Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. Алар Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө алышкан жок. Күмөнсүз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 73-74)

Башка Куран аяттарында болсо ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонбогон кишилер жөнүндө айтылып жатып, ал кишилердин Аллахтан коркпошу кабар берилет:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер болгон Аллах. Андай болсо чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

He sends down water from the sky. From it you drink, and from it come the shrubs among which you graze your herds.
(Qur'an, 16:10)

Аяттардан көрүнүп тургандай, ыйман акыйкаттарын изилдөө жана окуп-үйрөнүү, алар жөнүндө терең ойлонуу Аллахтын жандуу-жансыз бүт нерселерди дайыма контрольдоп, башкарып тураарын анык бир илим менен түшүнүүгө себеп болушу керек. Жана мындай түшүнүк Аллахка толук моюн сунууга негиз түзөт. Денесиндеги татаал системаларды жана алардагы кылдат тең салмактуулуктарды билген жана алар жөнүндө ойлонгон бир момун (ыймандуу киши) эч кемчиликсиз иштеген бул системаларды пайда кылган акылдын дененин өзүнө тиешелүү эмес экенин түшүнөт. Дене деген нерсенин аң-сезими, сезүү органдары жана ойлонуу жөндөмү жок атомдордон турган бир клеткалар жыйындысы экенин көрөт. Мындай ой жүгүртүүнүн натыйжасында киши денесиндеги ар бир клеткага, ал тургай, ар бир атомго чейин бүт нерсенин Аллахтын буйругу жана каалоосу менен кыймыл-аракет жасаарына толук ынанат. Эч бир окуянын эч бир жеринде шанс же кокустук жок экенин түшүнөт.

Илимдүүлөр Гана Аллахтан Чындап Коркот

Does He Who created the heavens and Earth not have the power to create the same again? Yes indeed! He is the Creator, the All-Knowing. His command when He desires a thing is just to say to it "Be!" and it is.
(Qur'an, 36:81-82)

Ыйман акыйкаттары жөнүндө изилдөө жасап маалымат алуу, алар жөнүндө ойлонуу акырындап кишинин көп тараптан илимдүү болушуна шарт түзөт. Мындай кишилер, жогоруда да айтылгандай, Курандын сүрөттөөсү боюнча «терең илимдүү» же «илимдүү» кишилер болот. Илимдүүлөр ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонуу натыйжасында Аллахтын бүт тарапты ороп-курчап тураарына, Андан башка кудай жок экенине чындап күбө келтиришет:

Аллах чындап Өзүнөн башка Кудай жок экенине күбөлүк берди; периштелер менен илимдүүлөр да Андан башка Кудай жок экенине адилеттик менен күбөлүк беришти (күбө болушту). Азиз (Улуу) жана Хаким болгон Андан башка Кудай жок. (Али Имран Сүрөсү, 18)

Илимдүү адамдар Аллахтын өздөрүндөгү жана айланаларындагы чагылууларын дайыма көрүшөт. Мисалы, кичинекей бир кумурсканын кумурска колониясында ага тапшырылган кызматты эч тоң моюндук кылбастан жана өтө жөндөмдүүлүк менен орундатканын, уюгуна азык ташуу үчүн пландуу бир иштөө системасы бар экенин билген илимдүү бир киши ар бир көргөн кумурскада Аллахтын улуу акылы менен кудуретинин чагылуусун көрөт.

Ыйман акыйкаттары жөнүндө терең терең ойлонуп Аллахты жакыныраак тааныган илимдүүлөр Аллахтын күч-кудуретинин улуулугун жакшыраак түшүнүшөт. Ыймандуу ар бир адам Аллахтын күч-кудуретүүлүгүн билет. Бирок ыйман акыйкаттары жөнүндө көп маалыматы жок адамдар, мисалы, учуп бараткан бир чымчыкты көргөндө «Аллах кандай сонун жараткан» деп коюуну эле жетиштүү көрүшөт. Ал эми илимдүүлөр болсо чымчыктардын канаттарынын учууга ылайыктуу кылып жаратылганын, азыраак энергия сарптоо үчүн «V» формасында учаарын, түктөрүндөгү комплекстүү дизайнды билишет. Кыскасы, бир канаттуунун учушунан көбөйүшүнө, түктөрүнүн формасынан түсүнө чейин бүт баарынын Аллах тарабынан долбоорлоп жаратылганын билишет. Же мындай адамдар жаңы төрөлгөн бир наристени карап «кандай сонун наристе, Аллах узун өмүр берсин» деп айтуу менен эле чектелишет. Албетте, бир адамдын бир наристени караганда, Аллахты эстеши да жакшы көрүнүш. Бирок ал наристенин эне курсагындагы өрчүү этаптары жөнүндө ойлонуп, алардын баарын Аллах жаратканын, Аллахты тасбих кылууну, Аллахка шүгүр кылууну эстөө мындан да жакшы жана туурасы болот. Илимдүүлөр ал наристенин дүйнөгө келгенге чейинки башынан өткөргөн этаптарындагы кереметтүү тараптарды ойлонушат. Бир даана сперма клеткасынын өтө алыста жайгашкан жумуртка клеткасына жетишиндеги кереметти көрүп, эки башка денедеги бул эки башка клетканын бир-бирине толук төп келип биригип, убакыттын өтүшү менен көргөн, уккан, ойлоно алган бир адамга айлануусундагы кереметти эстешет. Бул кемчиликсиз жаратуу чеберчилигинин мисалдары жөнүндө ойлонушканда, Аллахтын улуу кудурети менен илими алдында ыймандары өсөт. Аллахтын ар бир чагылуусунда Аллахтын сыпаттарын сезген илимдүүлөрдүн Аллахтан болгон коркуусу да жогорулап, күчтөнөт. Илимдүүлөрдүн мындай өзгөчөлүгү –жогоруда да айтылгандай, Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

...Кулдарынын арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат». Күмөнсүз, Аллах – улук жана күчтүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 28)

And Earth—We spread it like a carpet, and how well We smoothed it out! And We created all things in pairs so that, hopefully, you would pay heed.
(Qur'an, 51:48-49)

Илимдүүлөр Куранда ушундай жогорку сыпаттар менен макталышкан. Бүт ыймандуулар да Куранда макталган ушундай илимдүүлөрдүн даражасына көтөрүлүүгө аракет кылышы керек. Ал үчүн болсо башына келген окуяларды, көргөн нерселерин бир ыйман акыйкаты катары көрүп баалашы керек жана алар жөнүндө ой жүгүртүшү зарыл.

Ыйман Акыйкаттары Адамдын Ойлонуу Масштабын Кеңейтет

Ыйман акыйкаттарын үйрөнүү, алар жөнүндө ойлонуу, сырларын жана майда-бараттарын көрүү адамдын ой жүгүртүү масштабын да кеңейтет.

The Sun and the Moon both run with precision. The stars and the trees all bow down in prostration.
(Qur'an, 55:5-6)

Бүгүнкү күндө адамдар жыш калктуу шаарлардын күңүрт атмосферасында, монотондуу өмүр сүрүшүп, Аллах дайыма бүт тарапта жараткан ыйман акыйкаттарын көрбөй, көрүшсө да аларды эч ойлонбой жашап жатышат. Ал эми ыйман кылган бир адам үчүн бүт нерселер ыйман акыйкаты болот. Жер жүзүндөгү жандуу, жансыз бүт нерселерди, ааламдагы тартипти Аллахтын жаратканын билген адам бүт нерсени ошого жараша баалайт. Мисалы, ыйман кылбаган адамдар да ыймандуу үчүн бир ыйман акыйкаты болот. Себеби Аллах Куранда мындай адамдардын болоорун кабар берген. Ошондой эле, Аллахтын бар экени апачык көрүнүп турганына карабастан, бул адамдардын ыйман кылбай жатышы ыймандуу адамдын ыйманынын өсүшүнө жана ыйманы үчүн Аллахка шүгүр кылышына себепчи болот. Ыйман акыйкаты катары бир эле дарактарды, гүлдөрдү же жаныбарлардын таң калыштуу өзгөчөлүктөрүн ойлонбойт. Ал үчүн Аллах жараткан жеңилдиктер, мисалы, транспорттук каражаттар, чөнтөк телефону же компьютер да – ыйман акыйкаты. Булардын да Аллахтын каалоосу менен пайда болгонун билет жана иштерин жеңилдеткени үчүн Аллахка шүгүр кылат.

Айланабызда көп кездешкен ачуулуу, өзүмчүл, орой жана жаман мамилелер бүт нерсени Аллахтын жаратканынан кабарсыз, караңгы (сабатсыз) адамдарга тиешелүү. Бүт нерсени ыйман акыйкаты катары караган, алар жөнүндө ойлонгон бир адам руханий жактан өсүп, тереңдейт.

Аллах мындай руханий тереңдик менен түшүнүктөн алыс, тар ойлонгон адамдарга Куранда «бедевилерди» (көчмөндөр) мисал көрсөткөн. Бедевилер Пайгамбарыбыз доорундагы шаардык араптарга окшобой, көчмөн өмүр сүргөн уруулар болгон. Шаардык араптар адабият жана сулуулук маданиятын билсе, бедевилер сабатсыз, орой мүнөздүү болушкан. Мындай мүнөз динди түшүнүү жана дин менен жашоонун алдындагы чоң бир тоскоолдук болот. Ошондуктан Аллах Куранда бедевилер жөнүндө мындай деген:

Бедевилер динди тануу жана эки жүздүүлүк жагынан күчтүүрөөк. Аллах элчисине түшүргөн чектерди тааныбашка да алар көбүрөөк жакын болушат. Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Тообо Сүрөсү, 97)

«Бедеви мүнөзү» караңгылыкты (сабатсыздыкты), оройлукту чагылтат. Мындай мүнөздү айыктыруу үчүн адамдар маданияттуу, терең ойлонгон, Аллахтын жаратуусундагы жогорку чеберчиликти жана даанышмандыктарды түшүнө алган абалга келүү үчүн аракет кылышы зарыл. Ыйман акыйкаттарын изилдөө, үйрөнүү, ойлонуу жана чечмелөө болсо Аллах бизден талап кылган ушундай маданияттын негизи. Бир аятта Мусулмандын мындай өзгөчөлүгү төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)

Жыйынтык: Ыйман Акыйкаттары Аллахтын Мээримине, Бейишине Жана Акыретте Жогорку Даражаларга Жетүүгө Себепчи Болот

... "The Lord of the East and the West and everything between them, if you used your intellect." (Qur'an, 26:28)

Ыйман акыйкаттарынын адамдардын Аллахты жакыныраактан таанып Ага ыйман кылышына себеп болоорун бул жерге чейин ар тараптан карадык. Ошондой эле, ыймандуулардын ыймандарын өстүрөөрүн, жүрөктөргө бекем ыйман салаарын, Аллахты жакшылап түшүнүүгө шарт түзөөрүн да айттык. Ыйман акыйкаттарын үйрөнүү жана ойлонуу натыйжасында жетишилген мындай мүнөздөр ыймандуу адамдын Аллах коркуусунун өсүшүнө, Аллахтын буйругу менен тыюуларын өтө жоопкерчилик менен орундатышына шарт түзөт. Натыйжада Аллахтын мээримине жетишине себепчи болушат. Аллахтын мээрими – бул дүйнөдө жакшылык, береке, сулуулук, акылдын өсүшү, илим жана даанышмандыктын берилиши, бейпилдик, кубаныч жана бакыттын берилиши, немат-жакшылыктардын берилиши сыяктуу берешендиктер. Акыретте болсо түбөлүк тозок азабынан кутулуу, түбөлүк бейиш немат-жакшылыктарына жана Аллахтын үзгүлтүксүз ыраазылыгына жетүү.

Ыймандын даражасына жараша бейиштеги даражалар да ар түрдүү болот. Ушул себептен ыйман акыйкаттарын терең үйрөнүп, Аллахтын чексиз сыпаттарына жакыныраактан күбө болгон жана мунун натыйжасында анык илимге таянган (тахкики), таза жана жогорку бир ыйманга жеткен момундардын бейиштеги даражалары да Аллахтын уруксаты менен ошончо жогору болот. (Эң туурасын Аллах билет.)

Ыйман акыйкаттарын изилдеген, окуп үйрөнгөн ыймандуулар терең ой жүгүрткөнү жана ичи титиреп Аллахтан корккону себептүү, Аллахтын уруксаты жана каалоосу менен, бейиштерде жогору даражалар менен сыйланышат:

Момундар (ыймандуулар) бир гана ушундай адамдар, Аллах эскерилгенде жүрөктөрү титирейт. Анын аяттары окулганда ыймандарын көбөйтөт жана бир гана Раббилерине тобокел кылышат (таянышат). Алар намазды туптуура кылышат жана аларга ырыскы катары бергендерибизден садака кылышат. Мына чыныгы ыймандуулар ушулар. Раббилери Кабатында алар үчүн даражалар, кечирим жана жогорку бир ырыскы бар. (Энфал Сүрөсү, 2-4)