5- Бөлүм: Ыйман Акыйкаттары Мисалдары

Ыйман акыйкаттарын беш сезимибиз жеткен бүт жерде көрүүгө болот. Чоң кичине, жандуу жансыз жаратылган бүт нерседе аны Жаратканга алпарчу бир жол бар. Бул болсо ыйман акыйкаттарынын санап бүткүс көп экендигинин бир көрсөткүчү. Аллахка жакыныраак болууну жана бейиште жогору даражалар менен сыйланууну каалаган ар бир ыймандуу адам күчүнүн жетишинче ыйман акыйкаттары жөнүндө маалымат алууга, аларды ойлонууга жана натыйжада ыйманын бекемдөөгө жана мындай күчтүү ыйман менен Аллахты ыраазы кыла турган бийик адеп-ахлакты жашоого аракет кылышы зарыл.

Бул китепти окуп жатып ыйман акыйкаттарынын канчалык маанилүү экенин түшүнгөндөр ыйман акыйкаттарын үйрөнүп алар жөнүндө ойлонуп башташат. Ушул себептен китебибиздин бул бөлүмүндө ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонуп баштагандарга көмөкчү болуу үчүн ааламдагы миллиондогон ыйман далилинен бир канча мисал каралган.

Ыйман Далилдерине Денебизден Мисалдар

Сиз бул текстти окуп жатканыңызда денеңизде миллиондогон процесс жүрүп жатат. Бул процесстерде денеңиздин кайсы аймагында кайсы клеткалардын эмнеге муктаж экени эсептелип, кайсы кызматтарды кылышы керек экени аныкталып, клеткалардын муктаждыктарын канааттандыра турган чаралар көрүлүп, клеткаларга эмнелерди жасашы керек экени бир-бирден айтылууда.

Мисалы, бул текстти окушуңузга шарт түзгөн көз клеткаларыңыз азыктануу үчүн глюкозага муктаж болушат. Бул үчүн каныңызда канча шекер (кант) болоорун эсептөөчү жана шекер көлөмүн туруктуу кармоочу бир система курулуп, денеңизге орнотулган. Жүрөгүңүздүн мүнөтүнө канча жолу согушу керек экени, сөөктөрүңүздө кампаланган кальцийдин көлөмү, бөйрөктөрүңүз бир мүнөттө тазалаган кандын көлөмү жана ушуга окшогон миңдеген нерселер өтө так бир пландоо жана клеткалар арасындагы байланыш тармагы аркылуу эсептелип, уюштурулууда.

Бүт бул уюштуруу ишин жасаган болсо – денебиздеги системалардын бирөөсү гана. 100 триллион клеткабыздын бир-бири менен координациялуу иштешин камсыз кылган бул химиялык байланыш системасы – бул гормон системасы. Гормон системасы нерв системасы менен бирге дене клеткаларынын координациясын камсыз кылат. Эгер нерв системасы интернет аркылуу жөнөтүлгөн кабарларга окшотулса, анда гормон системасы кат аркылуу жөнөтүлгөн кабарларга окшошот; жайыраак, бирок көбүрөөк убакытка таасир тийгизет. Гормон системасынын денебиздеги таасирин чоңоюу темасы аркылуу карайлы.

Денебиз Кантип Бирдей Катышта Чоңойот?

Бир жашка чыккан бир наристенин салмагы төрөлгөн күнүнө салыштырмалуу болжол менен эки эсе оор, бою 50%га узун болот. Жыл өткөн сайын салмагы укмуш бат өсүп, бою узарат.

Мына ушул керемет чоңоюу клеткаларыбыз арасындагы кемчиликсиз байланыш натыйжасында ишке ашат. Денебиз биз үчүн химиялык бир байланыш системасы аркылуу башкарылат. Бул системанын мүчөсү жана гормон деп аталган кабар ташыгычтар өмүрүбүздү улантышыбызды камсыз кылган буйруктарды клеткалар арасында алып барып, алып келишет. Ушул байланыш системасы натыйжасында денебиз бирдей катышта, б.а. бүт тарабы бирдей чоңойот.

From a single cell to a human being ...

Чоңоюу Керемети

Гипофиз бези – көлөмү төө буурчактай (нокоттой) болгон кичинекей кызгылт түстөгү бир тиштем эт. Мээнин астында жайгашкан гипоталамус аймагына кичинекей бир сап менен уланган. Ушул байланыш аркылуу гипоталамустан түздөн-түз буйрук алат. Ошол буйруктарга жараша керектүү гормонду өндүрүп, денеде зарыл болгон жөнгө салууларды камсыз кылат.

Гипофиздин денедеги жөнгө салууларынын бири – бул дененин чоңоюшу.

Адам денесиндеги чоңоюу процесси эки түрдүү жүрөт. Биринчиси, кээ бир клеткалардын көлөмүнүн чоңоюшу аркылуу, экинчиси болсо кээ бир клеткалардын бөлүнүп көбөйүшү аркылуу болот. Бул эки процесске тең шарт түзүп, башкарган нерсе – бул чоңоюу гормону.

People grow in a healthy manner and possess attractive bodies, thanks to the growth hormone. This hormone gives commands to each of the body's cells, telling it how much to grow and where to stop. This harmony between a molecule and the body's cells is just one proof of God's might.

Гипофиз безинен чыгарылган чоңоюу гормону бүт дене клеткаларына таасир берет. Ар бир клетка гипофиз безинен ага келген кабардын маанисин билет. Эгер чоңоюшу керек болсо чоңойот, бөлүнүп көбөйүшү керек болсо көбөйөт.

Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен кездегисинин болжол менен 16дан биринчелик болот. Бирок, клеткалардын жалпы саны бойго жеткен кишинин жүрөгүндөгү клеткалардын саны менен бирдей. Чоңоюу гормону чоңоюу учурунда жүрөк клеткаларынын ар бирине таасир тийгизет. Ошентип ар бир клетка чоңоюу гормонунун ага берген буйругунчалык чоңойот. Натыйжада жүрөк да чоңоюп бойго жеткен бир адам жүрөгүнө айланат.

Денедеги башка клеткалар –мисалы булчуң жана сөөк клеткалары- чоңоюу периоду бою бөлүнүп көбөйүшөт. Ал клеткаларга канчалык бөлүнүшү керек экенин да кайра эле чоңоюу гормону айтат.

Чоңоюу гормонунун бүт дене клеткаларына таасир бере алышы да өтө чоң бир керемет. Эгер кээ бир клеткалар чоңоюу гормонуна моюн сунуп, кээ бир клеткалар болсо бул гормонго баш ийбей койгондо, мунун аягы жаман болмок. Мисалы, жүрөк клеткалары чоңоюу гормону буйрук кылгандай чоңоюп жатканда, көкүрөк сөөктөрү клеткалары көбөйүүдөн жана чоңоюудан баш тартса эмне болмок? Албетте, чоңойгон жүрөк кичинекей бойдон калган көкүрөк сөөгү ичинде кысылып, натыйжада адамдын өлүмүнө себеп болмок.

Же мурун сөөгү чоңоюп жатканда, мурун териси чоңоюуну токтотуп койсо, мурун сөөгү мурун терисин айрып сыртка чыкмак. Денедеги бүт булчуңдар, сөөктөр, тери жана органдар бирдей катышта, бир-бирине туура келе тургандай чоңоюшат. Буга ар бир клетканын чоңоюу гормонуна моюн сунушу шарт түзөт.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат;

Гипофиз бези кандайча болуп клеткалардын бөлүнүшү же чоңоюшу үчүн керектүү болгон формуланы билет? Бул өтө керемет бир кубулуш. Себеби көлөмү төө буурчактай болгон бир тиштем эт денедеги бүт клеткаларга буйрук берип, ал клеткалардын чоңоюшун же бөлүнүшүн камсыз кылууда.

Мына ушул жерде Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун дагы бир жолу көрөбүз. Кичинекей бир аймакта жайгашкан клеткалар триллиондогон клетканын белгилүү бир тартипте бөлүнүшүн жана чоңоюшун камсыз кылышууда. Бирок бул клеткалардын адам денесин сырттан көрүп, дененин канчалык чоңоюшу жана кайсы этапка келгенде токтошу керек экенин билүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул аң-сезими жок клеткалар дененин караңгылыгы ичинде эмне кылып жатканын да билбей, чоңоюу гормонун өндүрүшүүдө. Болгондо да, дал өндүрүштү токтотушу керек болгон кезде токтотушууда.

Чоңоюу гормону жөнүндө бул жерге чейин айтылган бүт майда-бараттар жана өтө чиелешкен мындай кылдат тең салмактуулуктар бир гана чындыкты көрсөтүүдө: адамды бир жолуда кемчиликсиз кылып Аллах жараткан. Аллах жаратуусундагы жогорулук жөнүндө Куранда мындай деп билдирет:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда (бар) кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Супер Көзөмөлчүлөр: Ферменттер

Жандыктардын денелеринде ар бир секунда сайын сансыз көп процесстер жүрөт. Бул процесстер ушунчалык татаал болгондуктан, ар бир этабында бүт башаламандыкты контрольдоочу, тартипти камсыз кылуучу жана окуяларды ылдамдатуучу «супер көзөмөлчүлөрдүн» кийлигишүүсүнө муктаждык бар. Бул супер көзөмөлчүлөр – ферменттер.

Ар бир жандуу клеткада ар бири өзүнө тиешелүү жумушун жасаган, мисалы, ДНКнын копияланышына жардамчы болгон, азык заттарын майдалаган, азыктардан энергия өндүргөн, жөнөкөй молекулалардан чынжыр жасалышын камсыз кылган жана ушул сыяктуу сансыз иштерди жасаган миңдеген көзөмөлчүлөр бар.

Бул көзөмөлчүлөр ферменттер. Ферменттер жандуу денелердеги тартиптен жооптуу.

Ферменттер клетка ичинде митохондрияларда өндүрүлөт. Көп бөлүгү белоктордон турат, калганы болсо витамин жана витамин сымал заттар. Эгер бул ферменттер болбогондо, эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин дээрлик эч бир функцияңыз иштемек эмес же токтоп калгандай жай болуп калмак. Бул эки жагдайдын тең аягы өлүм менен бүтмөк. Дем ала албай, эч нерсе жей албай, тамак сиңире албай, көрө албай, сүйлөй албай калмакпыз, кыскасы жашай алмак эмеспиз.

Ферменттердин эң негизги милдети – бул денедеги бир катар химиялык реакцияларды баштап токтотуу жана аларды ылдамдатуу. Денедеги клеткалар өз кызматтарын орундатып жатканда, курамындагы химикаттар реакцияга кириши керек болот. Химиялык реакциялар башталышы үчүн жогорку температура талап кылынат. Мындай жогорку температура болсо жандуу клеткалардын өмүрлөрүнө кооптуулук жаратып, клеткалардын өлүмүнө себеп болот. Бул маселени ферменттер чечет.

Жогорку температураны талап кылбастан, ферменттер химиялык реакцияларды башташат же ылдамдатышат, бирок өздөрү реакцияга киришпейт. Мисалы, дем алып чыгарып жатканда көмүр кычкыл газынын каныбыздан тазаланышында кызмат кылган бир фермент натыйжасында аба жетпей калбастан өмүр сүрөбүз. Себеби «ангидраз» аттуу бир фермент көмүр кычкыл газынын тазалануу процессинин ылдамдыгын 10 миллион эсеге өстүрөт. Бул ылдамдык менен ферменттер бир мүнөттө 36 миллион молекуланы өзгөртө алышат.27

Ферменттер Денебизде Болуп Жаткандарды Кайдан Билишет?

Ферменттер, бир тараптан, өтө маанилүү реакциялардын эң ылдам жүрүшүн камсыз кылышып, экинчи тараптан, дененин энергиясын эң үнөмдүү пайдаланышат. Эгер адам денесин бир завод, ичинде иштеген ферменттерди болсо заводдогу өндүрүш жабдыктары деп элестетсек, мындай заводго энергия булагы чыдай албайт. Себеби 2000 түрдүү, триллиондогон машинанын мындай ылдамдыкта, кемчиликсиз иштеши үчүн өтө көп энергия талап кылынат. Болгондо да, клетканын ичиндеги жөнөкөй бир реакцияны лаборатория шартында жасоо үчүн эле өтө көп температура менен энергия сарпталышы талап кылынууда.

Ал эми клеткаларда болсо тыптынч гана иштеген ферменттер дененин температурасы жана азыктардан алган энергия менен бүт милдеттерин толук орундатышат. Бир эле ушул касиети да ферменттердин денедеги ар бир кубулушту эч кемчиликсиз жана эң ыңгайлуу абалга алып келүү үчүн пландалган жөндөмдүү «аскерлер» экенин көрүүгө жетиштүү. Азыр сиз бул китепти окуп жатканыңызда да көптөгөн ферменттер денеңиздин бүт тарабында болуп жаткан реакцияларды контрольдоп, аларды клеткаларыңыз жашашы үчүн керектүү ылдамдыкка жеткиришүүдө. Адам өз денесинде эмнелер болуп жатканын биле элек кезде, ферменттер буларды билишет жана бүт процесстерге өтө маанилүү жана керектүү кийлигишүүлөрдү жасашат. Мындан тышкары, ар бир фермент денедеги белгилүү химиялык реакцияларды ылдамдатат. Эч бир фермент башка бир ферменттин ишин жасабайт, өз ишинен адашпайт. Себеби ар бир фермент өз ишине ылайык өзгөчө кылып жасалган.

Мисалы, ферменттердин көпчүлүгү нейтралдуу абалдагы суулуу шарттарда таасирдүү боло алса, ашказанда азыктарды сиңирүү кызматын аткарган ферменттер кислоталуу жерде гана таасирдүү боло алышат.

We do many things without really thinking them, such as walking, running, and talking,
thanks to the enzymes created by God.

Ферменттер Эмне Үчүн Денедеги Бүт Реакцияларды Эмес, Белгилүү Реакцияларды Гана Башташат?

Ферменттердин формалары алар таасир тийгизген затка толук дал келет. Фермент менен ал биригип таасир тийгизе турган зат үч өлчөмдүү татаал бир геометрияда ачкыч менен кулпу сыяктуу бир-бирине туура келет. Дененин ичинде ферменттердин өздөрүнө туура келчү затты табышы жана барып аны менен биригиши өтө аң-сезимдүү бир кыймыл-аракет. Болгондо да, ферменттер дененин бүт тарабына жайгашып, өздөрүнө туура келчү заттарды күткөн аңчыларга окшошот. Баары өз дизайнына жана касиеттерине ылайык, эң туура жерде жайгашат. Зыян тартып кала турган же таасирин жоготуп койо турган жерлерден болсо алыс болушат. Бүт реакцияларды баштоо же ылдамдатуу сыяктуу бир жоопкерчиликти аркалашы болсо өзүнчө ойлонто турган бир жагдай.

Ферменттер эгер аларды токтото турган бир фактор болбосо, денедеги бүт реакцияларды тынымсыз башташып, ылдамдатышат. Бул болсо, мисалы, белгилүү бир белоктун муктаждыктан ашыкча өндүрүлүшүнө же клеткадагы кээ бир тең салмактуулуктардын бузулушуна себеп болот. Ферменттин иш-аракеттерин болсо клетка жөнгө салат. Клетка фермент токтошу керек деп чечкенде, кереметтүү бир аң-сезим жана план менен ферментти «алаксытат». Бул үчүн фермент кадимки шартта бириге турган затка окшош бир затты жөнөтөт жана фермент ал зат менен биригет. Натыйжада ал «жасалма» зат ферментти белгилүү убакытка алаксытып, керексиз иш-аракетине тоскоол болот. Бирок ал жасалма зат ферментти кармаш үчүн чыныгы заттар менен атаандашышы керек болот. Ушул себептен ферментке ушундай жол менен жолтоо болуу «атаандаш ингибитор» (атаандаш жолтоо болуучу) деп аталат. Жана фермент себеп болгон реакциянын натыйжасында келип чыккан продукт белгилүү бир деңгээлден төмөнгө түшкөнгө чейин ферменттин иш-аракеттери ушундай алаксытуу ыкмасы аркылуу токтотулат.

Бул айтылгандар, албетте, бир жолу окуп өтүп кете турган кубулуштар эмес. Баарынан мурда бир жагдайды эске сала кетүү керек; жогоруда айтылган эсептөөлөрдү жасаган, чечимдерди алган, пландарды ишке ашыргандар – билимдүү, аң-сезимдүү, жоопкерчиликти билген адамдар эмес, жансыз атомдордун биригишинен пайда болгон белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер. Клетка кампадагы запастарын текшерген сыяктуу, өндүргөн затынын санын аныктап, өндүрүштү белгилүү мөөнөткө токтото туруу керек деп чечкенде болсо өндүрүштү токтотуу үчүн өтө акылдуу бир планды колдонууда.

Клетканын ферментти алаксыта турган жасалма затты өндүрүшү жана аны дал керектүү учурда жөнөтүшү да өтө акылдуу бир кыймыл-аракет. Себеби мындай жасалма заттар дайыма бар болсо, шашылыш өндүрүш керек болгондо, ферменттерди алаксытып өндүрүшкө жолтоо болушмак. Бирок клеткалар дайыма убакытты туура пландашат. Ушунчалык уюшкан, акылдуу жана көп илим талап кылган кыймыл-аракеттердин көзгө көрүнбөгөн кичинекей молекулалар тарабынан жасалышы – Аллахтын керемет жаратуусунун көрсөткүчтөрүнөн. Бүт бул нерселердин Аллахтын буйругу менен кыймыл-аракет жасаары апачык бир чындык.

Клеткалардын Кыймылдашын Камсыз Кылган Түкчөлөр

Эң жакыныбыздагы, өз денебиздеги ыйман акыйкаттарына дагы бир мисал катары жалгыз жумушу клетканы кыймылдатуу болгон түкчөлөрдүн түзүлүшүн берели:

Кээ бир клеткалар кирпиктерге окшогон түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Мисалы, дем алуу каналдарындагы туруктуу клеткалардын ар биринин жүздөн түкчөсү бар. Түкчөлөр кеменин калактары сыяктуу бирдей кыймылдап клетканы алга жылдырышат.

-Бир түкчөнү тигинен кессек, анын тогуз чыбык (микрочип) формасындагы түзүлүштөн тураарын көрөбүз.

-Микротюб деп аталган чыбыктар бир-бирине кирген эки катмардан турат.

-Ал катмарлардын бирөөсү 13, экинчиси 10 кылдан турат.

-Микротюбиктер тубулин деп аталган белоктордон турушат.

-Микротюбиктин «динеин» аттуу бир белоктуу тышкы кол жана ички кол деп аталган эки бутагы бар. Динеин белогунун кызматы клеткалар арасында мотор кызматын аткаруу жана механикалык бир күч пайда кылуу.

-Тубулин белогун түзгөн молекулалар кирпичтей тизилишип, клеткада цилиндр сымал бир форманы түзүшөт. Бирок тубулин молекулаларынын тизилиши кирпичтерден алда канча комплекстүү.

-Түкчөлөрдүн ортосунда дагы эки микротюб бар. Алар өзүнчө болушат жана он үч тубулин катарынан турушат.

-Ар бир тубулиндин үстүңкү тарабында он даана кыска дөмпөк, астыңкы тарабында болсо он даана оюк бар. Бул дөмпөк, оюктар бир-биринин ичине кире тургандай кылып жаратылган. Натыйжада өтө бекем түзүлүш келип чыгат. Бул дөмпөк, оюктардын кичине эле бузулушу клетканын түзүлүшүнө зыян тийгизет.

Булар түкчөлөрдөгү детальдардын үстүртөн кыскача бир баяны. Бул бөлүктөр бир гана түкчөгө тиешелүү жана алардын жалгыз максаты денеңиздеги триллиондогон клетканын бир даанасын кыймылдатуу. Бүгүнкү күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын дем алуу клеткаларынын ар биринде ушундай татаал бир система бар. Болгондо да, бул комплекстүү жана көп бөлүктөрдөн турган система көзгө да көрүнбөй турган кичинекей клетканын ичиндеги бир түкчөнүн ичиндеги түзүлүштөр.

Кыскасы, Аллах биз көзүбүз менен көрө албай турганчалык кичинекей бир жерге өтө системалуу жана комплекстүү бир механизм орноткон. Кокустуктардын бир клетканы кыймылдатайын деп ойлоп, мындай бир системаны курушу жана ушунчалык кичинекей бир жерге батырышы эч мүмкүн эмес. Бул Аллахтын улуу жана чексиз акылы, илими жана кудурети менен гана болушу мүмкүн.

Some cells move thanks to the micro-hairs shown magnified above.
The harmonious movements exhibited by these hairs can be compared to people rowing a boat.

Бир Анестезия Адиси Сымал Иштеген Мээ Клеткалары

The design in the brain cells is just one of the countless proofs of creation.

Сөөктөр күчтүү басымга туш болгондо, денедеги башка сөөктөргө жана органдарга зыян тийбеши үчүн ичке бөлүктөрүнөн сына тургандай кылып долбоорлонгон. Күчтүү басымга туш болуп сынган бир сөөк үчүн болсо дененин бир катар чаралары бар. Бул чаралардын бири – бул сынуу учурунда ооруну азайтуу үчүн пландалган эндорфин секрециясы.

Сынуу учурунда сокку жеген оору нервдери омуртка аркылуу мээге өтө көп сигнал жөнөтөт. Мээ клеткалары болсо алгачкы 10-15 мүнөт бою оору сигналдарын дээрлик нөлгө түшүргөн морфинге окшош бир табигый анестезия заты болгон эндорфинди чыгарып баштайт. Натыйжада жаракат алган киши кооптуу жерден алыстай алат же чара көрө алат.

Аң-сезими жок, билими жок, колу, көзү же мээси жок клеткалар морфин таасирин берген эндорфиндин формуласын кайдан үйрөнүшкөн? Эндорфинди качан чыгарышы керектигин кайдан билишет? Башка убактарда чыгарылбашы керек экенине кантип чечим алышат?

Өтө кылдат бир план менен курулган адам денесинде ушул сыяктуу дагы көптөгөн таң калыштуу жана керемет процесстер жүрүп турат. Аң-сезими жок клеткаларга бул процесстерди жасай турган акылды берген болсо Улуу Аллах.

Адам Денесиндеги Кемчиликсиз Системалар Аллахтын Кудуретинин Далилдеринен

Ашказандан сиңирилип ичегилерге барган азык аралашмасынын ичинде өтө күчтүү кислоталар болот. Бул кислоталар он эки эли ичегиге чоң бир коркунуч жаратат, себеби ичегинин ашказандай өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.

Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт?

Он эки эли ичегиге келген азыктардын ичиндеги кислотанын көлөмү кооптуу бир чекке жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылат. Секретин гормону канга аралашып карын астындагы безге (панкреас) келип, аны стимулдайт. Карын астындагы без болсо он эки эли ичегидеги коркунучту жоюу үчүн бикарбонат молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Ошол молекулалар аркылуу ашказан кислотасы таасирсиз кылынып, ичеги корголот.

-Ичеги клеткалары аларга керектүү болгон «бикарбонат молекулаларынын» карын астындагы безде бар экенин кайдан билишет?

-Карын астындагы без он эки эли ичегиге кооптуулук жараткан кислоталарды таасирсиз кыла турган «бикарбонат молекулаларын» пайда кыла турган формуланы кайдан билет жана өндүрүштү кантип жасайт?

-Карын астындагы без ичегиден келген коркунуч кабарын кантип түшүнүүдө?

Акылы бар ар бир адам кабыл ала тургандай, клеткалардын ойлонушу, өз башынча чечим алышы, башка бир органдын өзгөчөлүктөрүнөн кабардар болушу жана формулалар чыгарышы такыр мүмкүн эмес.

Клеткаларды жогорку касиеттери менен бирге жараткан – бул ааламдардын Рабби Аллах. Аллах адамдарга денелеринде жараткан бул кемчиликсиз система аркылуу кудуретинин жана илиминин чексиздигин көрсөтүүдө.

1 грамм ДНК молекуласы = 1 триллион CD толо маалымат

Келечектин компьютерлерин долбоорлогон инженерлер адам геномун «жетүүгө мүмкүн эмес» бир долбоор (дизайн) деп сыпатташууда. Мунун себебин түшүнүү үчүн кичинекей бир салыштыруу жасайлы.

Адам денесиндеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин ядросунда жайгашкан ДНК ал кишиге тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдү камтыган маалыматты сактап турат. ДНК акылга сыйбас жогору бир долбоорго жана маалымат сактоо сыйымдуулугуна ээ. 1 грамм ДНК молекуласы 1 триллион CDге тең маалыматты камтыйт.28 Бир даана CDге жүздөгөн китеп толо маалыматтын батаарын эстесек, 1 триллион CDлик маалыматты камтыган ДНКнын сыйымдуулугун жакшыраак түшүнө алабыз.

ДНКдагы маалымат сактоо системасы компьютер инженерлери алигече туурайбыз деп кыялдана да албай турган кемчиликсиз бир түзүлүшкө ээ.

ДНК молекуласы ар бир адамда жана ар бир жаныбарда алгач жаратылган кезден бери бар. Муну эстегенибизде, канчалык керемет жаратуу менен жаратылганыбызды апачык көрөбүз.

Ушунчалык кичинекей бир жерде белгилүү бир код системасы менен тизилген атомдордо жандыктардын түзүлүшүнө тиешелүү бүт маалыматтардын сакталуу турушу бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахтын теңдешсиз күчүн жана чексиз акылын көрсөтүүдө.

Ыйман Далилдерине Жандыктардан Мисалдар

Эмен Жыгачтын Уругун Тешүүчү Чымын-Чиркей Түрүнүн Механизми

Бир тактайды тешүү өтө кыйын. Адам үчүн техникалык шайман колдонбой жасоо мүмкүн эмес болгон бул ишти кичинекей бир чымын-чиркей түрү өмүр бою эч кыйынчылыксыз жасайт. Денесинен узунураак болгон бир түтүктү башында алып жүргөн эмен жыгачтын уругун тешүүчү канаттуу эмен (дуб) дарагынын жыгач сымал мөмөсүнөн (желудь) көз-каранды жашайт. Канаттуунун башындагы бул түтүктүн учунда болсо кичинекей, бирок өтө курч бир араа тиши болот.

Канаттуу кадимки убакта бул түтүктү басышына жолтоо болбошу үчүн денеси менен бирдей кармайт. Бир мөмөгө келгенде болсо түтүктү аны көздөй ийет. Бул көрүнүшүндө бургулоо (бурение) машинасына өтө окшошот. Түтүгүнүн араага окшогон учун мөмөгө таяйт. Кыймылдуу башын оңду-солду көздөй кыймылдатып түтүктү ойнотуп, мөмөнү тешип баштайт. Бул канаттуунун башы бул ишке эң идеалдуу долбоорлонгон жана укмуш эркин кыймылдайт.

The acorn weevil knows how it will behave at every stage of its life. As a larva, it does everything it needs to; as an adult, it knows it has to drill a hole in an acorn and make its nest there. God, the Compassionate, gives each insect its unique features.

Бул чымын-чиркей түрү ушинтип бургулоо жасап жатып бир тараптан түтүгү аркылуу эмен уругунун ичиндеги мөмөнү жеп азыктанат. Бирок мөмөнүн көп бөлүгүнө тийбейт, аны жаңы төрөлө турган баласына сактап койот. Тешүү иши бүткөндө, тешиктен ичкериге бир даана жумуртка таштайт. Жумуртка энеси уруктун ичинде жасаган каналдын ичине жайгашкан соң личинкага айланат. Личинка урукту жеп баштайт. Жеген сайын чоңойот, чоңойгон сайын көбүрөөк жейт. Личинка канча көп жесе, уруктун ичинде чоңоюу үчүн өзүнө ошончо көп орун жасаган болот.

Бул урук бутагынан жерге түшкөнгө чейин уланат. Уруктун жерге түшүп чыгарган үнү жана чайпалуу личинкага сыртка чыгуу убактысы келгенин кабар берет. Күчтүү тиштери менен мурда энеси тешкен тешикти чоңойтуп, тешиктен сыртка чыгат. Личинканын мындан кийинки биринчи иши өзүн жердин 25-30 смдей астына көмүү болот. Ал жерде «куурчакча» этабын өткөрүп, бир-беш жыл бою күтөт. Толук жетилип жер бетине чыкканда болсо, эми ал эмендин уруктарын бургулап баштайт. Куурчакча мөөнөтүнүн ар түрдүү болушу жаңы эмен уруктарынын жетилишине жараша болот.29

Эмен уругун тешүүчү жандыктын мындай кызыктуу өмүрү – эволюция теориясын кыйраткан жана Аллахтын жандыктарды канчалык керемет долбоорлор менен жаратканын көрсөткөн далилдердин бири. Көңүл бурулган болсо, бул жандыктын ар бир механизми белгилүү бир планга ылайык дизайн кылынган. Бургулоочу түтүгү, ал түтүктүн учундагы араалоочу тиштер, түтүктү колдонууга мүмкүндүк берген баш түзүлүшү, булардын баарын кокустуктар менен же «табигый тандалуу» менен түшүндүрүүгө болбойт. Башындагы узун түтүгү, бургулоо ишин жасай алмайынча, жандыктын башына бир жүк гана болот. Ошондуктан муну «этап этап» пайда болгон деп айтууга болбойт.

Личинканын уруктун кабыгын талкалай турган күчтүү тиштүү болушу, сыртка чыкканда жердин астына терең кириши керек экенин «билиши» жана ал жерде күтүү үчүн «сабыр кылышы» шарт. Антпесе, бул жандык урпагын уланта албай, жок болот. Булардын баарын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт, жана бул кичинекей жандыктын өтө улуу бир акыл демонстрациясы менен жаратылганын көрсөтөт.

Аллах бул кичинекей жандыкты кемчиликсиз органдар жана кемчиликсиз инстинкттер менен жараткан. Себеби Ал «кемчиликсиз жаратуучу» (Бакара Сүрөсү, 54).

Кызыктуу Бир Өсүмдүк: Торбо Чөбү

The bladderwort uses traps in the shape of sacs for hunting. Exceedingly touch-sensitive hairs are located on these traps (shown above). This plant's special mechanism is just one of the countless signs leading to faith placed in nature by God.

Бир жандыктын кыймыл жөндөмү жок болсо жана жырткыч (эт жегич) болсо кантип азыктанат? Бул суроого эң сонун жооп катары бир суу өсүмдүгүн мисал бере алабыз.

Илим дүйнөсүндө Utricularia деп аталган торбо чөбү – бир суу өсүмдүгү. Торбо чөбүнүн чөйчөк формасындагы капкандарында үч түрдүү секреция бези болот: алардын биринчиси шар сымал секреция бездери, капкандын сырткы бетинде жайгашкан. Калган эки түрдүү секреция бези, б.а. «төрт колдуу секреция бездери» жана «эки колдуу секреция бездери» болсо капкандын ичке бетинде жайгашкан. Бул секреция бездери өтө кызыктуу бир тузакты этап этабы менен иштетет. Эң биринчиден ички беттеги секреция бездери ишке киришет. Ал бездердин бетиндеги түктөр сууну торбо чөбүнүн сыртын көздөй насостойт. Натыйжада торбо чөбүнүн ичинде чоң бир боштук пайда болот. Ал боштуктун оозунда болсо деңиз суусунун кайрадан ичкери киришине жолтоо болуучу бир капкан бар.

Ал капкандын бетиндеги түктөр болсо өтө сезгич болот. Суудагы бир жандык же организм ал түктөргө тийсе капкан заматта ачылат. Натыйжада ичи бош турган торбо чөбүн көздөй суу тездик менен агат. Ал агымга кабылган олжо эмне болуп кеткенин түшүнө электе капкан жабылат. Секунданын миңден бириндей кыска убакытка созулган бул окуядан соң секреция бездери ичкериде камалган олжону сиңирүү үчүн суюктук чыгарып баштайт.30

Ар бир торбо чөбүндө бул кемчиликсиз долбоор бар. Баарынын капкандарынын ички бетинде ушундай секреция бездери жайгашкан. Капкандардын бетиндеги түктөрдүн сезгичтиги да бирдей. Бул механизм кантип пайда болгон? Кантип бул түрдөгү суу өсүмдүктөрүнүн баарында бирдей өзгөчөлүктөр бар?

Эволюция жактоочулары жандыктардагы мындай өзгөчөлүктөрдү кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Бирок бул долбоор бир гана чындыкка ишарат кылат. Жандыктар денелериндеги долбоорлору менен бирге бир учурда пайда болушкан. Бүт жандыктарды бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан – Улуу Аллах.

Акулаларга Өзгөчө Жылытуу Системасы

Ак акулалар балыктарды олжолорун көздөрү менен аңдып кармайт. Жылуу маржан таштуу жерлерде жүргөндө бул жандыктарга эч маселе жок. Олжолорун оңой гана көрө алышат. Бирок салкын океандарда жүргөндө ак акулалардын сууктан көрүү жөндөмү таасирлениши керек.

Кадимки шарттарда муздак суунун таасиринен химиялык процесстер жайлаганы үчүн акула көздөрүн өтө бат кыймылдаган олжосун аңдыганга жетишпей калышы керек. Бирок акулада эч качан мындай маселе жаралбайт. Себеби ак акулалардын көздөрү өздөрү сыяктуу муздак кандуу эмес. Бул акула түрүндө дене булчуңдарынын жылуулугу түздөн-түз көздөргө жиберилет. Натыйжада эң ылдам кыймылдаган балыктарды, ал тургай, тюленьдерди да оңой гана кармай алышат.31

Көрүү органдары суунун ичиндеги кыймылдарга жетишпей турганчалык алсыз болгон башка акула түрлөрү кантип аңчылык кылышат?

Бул суроонун жообу акулалардын керемет жаратылганын бизге көрсөтөт.

Электрдик Заряддарды Сезүүчү Акулалар

Бүт жандыктар жылуулуктан тышкары электр зарядын да чыгарышат. Кургактыкта жашаган бир жандыктын ал заряддарды сезиши кыйын, себеби аба изоляция кызматын аткарат. Ал эми суунун ичинде болсо абал башкача. Электрдик заряд табигый бир өткөргүч болгон суунун ичинде агат. Ошондуктан ал токту сезе алган бир жандык өтө натыйжалуу бир органга ээ болгон болот. Акулалар да ушундай артыкчылыгы бар жандыктардан. Суудагы бүт толкундарды, суунун температурасындагы өзгөрүүлөрдү, туздуулук көлөмүн жана, өзгөчө, кыймылдап бараткан жандыктардын электрдик аянтындагы кичине өзгөрүүлөрдү да сезе алышат.32

Акулалардын денелеринде ичи килкилдекке толо көп санда оюктар бар. Ал оюктар көбүнчө акуланын башына жайгаштырылганы менен, балыктын бүт денесинде бар. «Лоренцини ампулдары» деп аталган мындай өзгөчө органдар электрдик зарядды сезишет. Акулалар менен скаттар ушул органдарын колдонуп олжолорун табышат. Бул органдар баштын жана жаныбардын бетиндеги сүйрү бөлүктүн үстүндө жайгашкан көзөнөктөргө туташкан. Жана электрдик заряд сезгичи (электрорецептор) катары өтө сезгич болушат. Акулалар бир вольттун 20 миллиарддан бириндей чоңдуктагы заряддарды да сезе алышат.

Бул керемет бир күч. Үйүңүздөгү бармактай батареяларды элестетиңиз. Ошол 1,5 вольттук батареялардын экөөсүн бир-биринен 3000 километр алыстыкка койсоңуз, акулалар ал батареялар чыгарган зарядды сезе алышат.33

The systems that allow sharks to live in the sea are more signs leading to faith. The fact that both "prehistoric" (right) and contemporary sharks have the same features is yet another sign leading to faith, for this proves that this species emerged suddenly and therefore is not the product of a long process of evolution. This shows that God, the Creator of all living and inanimate entities, created sharks.

Бул жерге чейинки маалыматтардын баары акулалардын укмуш комплекстүү дене системаларына ээ экенин көрсөтүүдө. Акулалардагы система менен органдардын көпчүлүгү бир-биринен көз-каранды иштейт. Бири болмоюнча, экинчиси функциясын аткара албайт. Мисалы, электрдик заряддарды сезүүчү системанын бөлүктөрүнүн бир даанасы эле кем болсо же кандайдыр бир себеп менен иштебей калса, Лоренцини ампулдары эч нерсеге жарабай калат.

Бирок, ушуга карабастан, эволюция теориясы боюнча, алгач пайда болгон акулалардын, б.а. «примитивдүү акулалардын» азыркы күндөгүлөрдөй электрдик сезгичтери болгон эмес, кийинчерээк бул кемчиликсиз система кандайдыр бир жол менен пайда болгон деп кабыл алуу керек. Бирок мындай пикирди кабыл алуу логикага туура келбейт. Себеби акулалар бул системасыз жашай алышпайт. Мындан тышкары, мындай комплекстүү бир системанын акырындап пайда боло албашы да анык. Дене булчуңдарынын жылуулугун түздөн-түз көздөргө өткөрө турган, электрдик заряддарды укмуш сезгичтик менен байкай турган бул системалар толук бойдон пайда болушу шарт.

Ошондуктан, бул системанын эволюционисттер айткандай «этап этап» келип чыгышы мүмкүн эмес. Ортоңку этаптардын эч бири эч кайсы ишке жарабайт. Фоссил калдыктары да бул чындыкты тастыктоодо. Миллиондогон жыл мурдакы доордогу акула фоссилдери менен бүгүнкү күндө жашаган акулалар арасында эч бир айырма жок.

Лоренцини ампулдары – акулалардагы өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү гана. Акулалардын дем алуу системалары да, жолдорун таптыра турган магниттик сезгичтери да, ылдам сүзүү жөндөмдөрү да бир жаратуу керемети. Аллах бүт жандыктар сыяктуу, акулаларды да кемчиликсиз кылып жараткан.

Ушул сыяктуу маалыматтар Аллах жараткан нерселерди ойлонууга бир себепчи болот. Ойлонгон адамдар үчүн болсо жаныбарларда көп насаатар бар. Аллах бул чындыкты аяттарында төмөнкүчө билдирген:

Аллах асмандан суу түшүрдү, өлүмүнөн соң жерди аны менен тирилтти; уга алган бир коом үчүн мында чындыгында бир аят (далил) бар. Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар... (Нахл Сүрөсү, 65-66)

2 Граммдык Жетим Көпөлөктү Туураган 150 Тонналык Согуш Технологиясы

Заманбап армиялар колдонгон AWACS учактары кол салуу учурун жана багытын алдын ала биле тургандай долбоорлонгон. AWACSтар жүз миллиондогон доллар сарпталып курулган заводдордо, жүздөгөн илимпоз жана инженердин ортоктошкон эмгегинен келип чыккан. Бул учактар үстүлөрүндөгү ири радарын жана татаал компьютер системаларын колдонуп өздөрүнөн өтө алыстардагы душманынын иштерине байкоо жүргүзө алат.

Табияттагы жандыктардын бирөөсү да өмүр бою AWACSка салыштырууга боло тургандай жогору бир жөндөмдөрдү көрсөтөт. Бул жандыктар бир канча граммдык, 2-2,5 сантиметрлик жетим көпөлөктөр.

Кээ бир жетим көпөлөк түрлөрү AWACS учактарындагы сыяктуу бир «алдын ала эскертүүчү (сигнал)» система менен жабдылган. Ал жетим көпөлөктөр канаттарынын астындагы кулактары аркылуу душманы жарганаттын чыгарган үн толкундарын 100 метр алыстан да уга алышат. Натыйжада душмандарынын координаталарын жана аларды көздөгөн бир чабуулду баштап же баштабаганын аныктай алышат.

Бир тарапта 150 тонна салмактагы, канаты 40 метрге, бою болсо 44 метрге жеткен AWACS учагы, экинчи тарапта бир канча грамм салмактагы, канаты 2,5 см, бою 2 см болгон жетим көпөлөк...

Экөөнүн технологиялык өзгөчөлүгү бирдей. Болгондо да AWACS учушу үчүн 9,5 тонна учак бензини талап кылынса, жетим көпөлөк бул иш үчүн бир канча миллиграмм өсүмдүктүн ширесин алса жетет... AWACSтын радары менен компьютери иштеши үчүн километрлерге созулган кабель колдонулса, көпөлөктүн сезүү системасы үчүн эки кыска нерв жипчеси гана жетиштүү...

Адамзаттын жүздөгөн жылдык илимий тажрыйбасы тонналаган салмактагы учактарга араң батыра алган алдын ала эскертүүчү системалар бир канча граммдык жетим көпөлөктүн канаттары астында ширеңкенин учундай бир жерде иштөөдө.

Адамдар бүт мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатып да окшоштура албаган мындай керемет бир система кичинекей бир көпөлөктүн денесинде эч кемчиликсиз жаратылган. Бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах – бүт ааламдын ээси жана толук өкүмдары. Раббибиздин Малик (Бүт мүлктөрдүн Ээси) сыпаты бир Куран аятында төмөнкүчө кабар берилет:

Акыйкат малик Аллах өтө улук, Андан башка кудай жок; Керим Арштын Рабби. (Мүминун Сүрөсү, 116)

When the technology in a plane weighing many tons is compared to that in a tiny moth, it is obvious that the moth is a miracle of creation.

Чымын Кулагындагы Долбоор Угуу Аппараттарына Өрнөк Алынууда

Hearing aids and a fly

Ormia Ochracea аттуу чымын жумурткаларын кара чегирткелердин үстүнө ташташат жана жумурткалардан чыккан личинкалар кара чегиртке менен азыктанышат. Токойдун ичинде бир кара чегирткенин ордун табуу болсо өтө кыйын. Бирок Ormia чымыны бул үчүн атайын долбоорлонгон сезгич кулактары менен чегирткенин ордун оңой гана таба алат.

Адам мээсинде да үндүн ордун аныктоо үчүн ушул эле ыкма колдонулат. Бул үчүн үндүн алгач жакындагы кулакка, андан соң алыста турган кулакка барышы жетиштүү. Үндүн эки кулакка канча миллисекунда айырма менен жеткенин эсептеген мээ мунун негизинде үндүн келген багытын аныктайт. Адамда мындай эсептөө 10 миллисекундада жыйынтыкталат. Ал эми Ormia чымыны болсо бул эсепти ийненин учундай көлөмдөгү мээси менен адамдан 1000 эсе ылдамыраак жасай алат.34

Табияттагы долбоорлор адам үчүн дайыма түгөнбөс бир илхам булагы болуп келген. Заманбап технологиялык продукттардын көпчүлүгү табияттагы долбоорлорду туурап жасалган. Миллиондогон жылдан бери эч кемчиликсиз иштеп келген системаларды тууроо, албетте, долбоорчулардын ишин жеңилдетет. Чымындын кулагындагы бул кемчиликсиз долбоор да учурда Ormiafon аттуу угуу аппаратын жана тыңшагыч аппараттарды жасоодо туураганга аракет кылынууда.

Адам көчүрүүнү гана билген мындай долбоорлор өрнөксүз (эч нерсени өрнөк албастан) жаратуу кудуретинин бир гана Аллахка тиешелүү экенин далилдейт.

Көпөлөктөрдөн Ысып Кеткен Компьютер Чиптерине Чечүү Жолу

God creates butterflies with their special cooling systems. Efforts are underway to adapt the same technology to computer chips that overheat.

Көпөлөк канаттарындагы кемчиликсиз долбоордо бир керемет да бар. АКШда Tufts университетинде жүргүзүлгөн бир изилдөө көпөлөктүн канаттарында өзгөчө бир муздаткыч система бар экенин көрсөттү. Көпөлөктөр муздак кандуу жаныбарлар болгону үчүн дене температуралары тынымсыз жөнгө салынып турушу керек. Бул өтө чоң бир маселе. Себеби көпөлөк учуп баратканда канаттарда өтө жогору температура пайда болот. Бул маселе канды канаттардагы өтө ичке чел кабык катмарлардын ичинен өткөрүү аркылуу чечилет. Көпөлөктүн денесинде пайда болгон ашыкча температура канаттардагы ичке тамырларда кандын айланышы аркылуу сыртка чыгарылат.

Көпөлөктөрдөгү мындай өзгөчө муздатуу системасы компьютер чиптериндеги системага салыштырылып, өтө жогору жөндөмгө ээ экени аныкталган.

Компьютер чипи технологиясы өнүккөн сайын алардын ысып кетүү маселеси да күчөйт. Ылдамыраак чиптер температуранын көбүрөөк жогорулашы дегенди билдирет. Бул температураны жоготуу маселеси чип өндүрүүчүлөрдүн актуалдуу темасы болууда. Бул темада жасалган изденүүлөр натыйжасында көпөлөк канаттарындагы технологиянын 2 жыл ичинде өндүрүшкө кириши пландалууда.

Илимпоздор табияттагы жандыктарды өрнөк алып долбоорлор жасашууда. Кыскасы, жандыктардагы теңдешсиз системалар технологиянын өнүгүшүндө жана жаңы чечүү жолдорун табууда адамдарга жол көрсөтүүдө.

Жапалак Үкүлөрдүн Үн Чыгарбай Учушу –Долбоорчулардын Жаңы Максаты

Америка аба күчтөрүнүн «Сөлөкөт учак долбоору» негизинде жүргүзүп жаткан изилдөөлөрү жапалак үкүлөрдөгү теңдешсиз канат долбоорун аныктады.

Жапалак үкүлөр түнкү жымжырттыкта олжолоруна байкатпастан жакындай алышат. Бул артыкчылыкты аларга канаттарындагы өзгөчө долбоор берүүдө. Башка канаттуу түрлөрүнүн канаттарындагы түктөрүнүн түзүлүшү учу кырдуу. Жапалак үкүнүн түктөрү болсо тескерисинче ичке, бирок кырдуу эмес бир дизайнга ээ. Бул өзгөчө дизайн түнкүсүн аңчылык кылган бул жандыкка үн чыгарбай учуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

NASA Langley изилдөө борборундагы илимпоздордун айтуусу боюнча, жапалак үкүнүн учу жумшак түктүү канаттары аба турбуленттүүлүгүнүн, б.а. добуштардын алдын алат. Аскердик долбоорчулар жапалак үкү канаттарын туурап, сөлөкөт учактарды асманда сездирбей учуруу жолдорун издешүүдө.

Бардыгы бир ыйман акыйкаты болгон ушул сыяктуу долбоор мисалдарын изилдеген илимпоздор Аллахтын жаратуу чеберчилигиндеги теңдешсиздикти аныктап көрсөтүшүүдө.

Attempts are being made to imitate the silent flight of owls in stealth bombers.

Өздөрүн Коргой Алган Өсүмдүктөр

Көп өсүмдүк түрлөрү курттардын чабуулуна кабылганда, коргонуу максатында учуучу химикаттарды чыгарышат. Ал химикаттар негизинде кол салган курттардын душманы болгон аңчы канаттуулар ал аймакка келип, курттарды жеп өсүмдүктү коргошот.

Мисалы, АКШнын Юта штатында өскөн бир тамеки өсүмдүгүнүн жалбырактары Manduca көпөлөгүнүн личинка курту тарабынан көп чабуулга учурайт. Тамеки өсүмдүгү жалбырактарын жеген курттун шилекейин «анализ кылып», андан жабыркаганын «түшүнөт». Ошол замат коргонуу системасын «иштетет» жана учуучу органикалык химикаттарды чыгарып баштайт. Тамеки өсүмдүгү чыгарган учуучу химикаттар натыйжасында Geocoris аттуу канаттуу жандык заматта жардамга келип, курт жумурткаларын жеп зыянкечтердин санынын көбөйүшүнө жолтоо болот.

Mimosa pudica (sensitive plant) has a very interesting defence system. When the tip of the leaflets of the plant are gently squeezed, within a few seconds they collapse alongside the leaf stalks, and even the stalks themselves eventually droop into a relaxed position. If whatever is troubling the leafy part of the plant persists, it makes a second movement downwards, which exposes the sharp thorns on the stems. This is enough to see insects off.

Натыйжада өсүмдүккө зыян тийгизген курттар кыйыр бир стратегия жана укмуш бир акыл менен жок кылынат. Бирок,

-Өсүмдүк өзүнүн жабыркап жатканын кантип түшүнө алат?

-Өсүмдүк курттун шилекейин кантип анализ кылып, өзүн коргоо үчүн кайсы канаттууга муктаж экенин кайдан билүүдө?

-Өсүмдүк ага жардам бере турган Geocoris канаттуусунун (коңузунун) көңүлүн буруу үчүн учуучу касиеттеги химикат затты кантип өндүрө алууда?

Албетте, бир өсүмдүктүн өзүн душмандарынан коргоо үчүн мындай акылдуу бир стратегияны иштеп чыгышы мүмкүн эмес.

Өсүмдүктү кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен жараткан жана өзүн коргоо үчүн эмнелер кылышы керектигин өсүмдүккө илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Аллах.

The tobacco plant calls in another insect to rid itself of caterpillars (left) by the Manduca moth (above).

Аллахтын Бар Экендигинин Далилдери Бүт Тарапта

Жогорудагы бир канча ыйман акыйкаты мисалынан да көрүнүп тургандай, Аллахтын жараткан нерселериндеги кудурети менен илиминин чагылуулары апачык. Бул ыйман акыйкаттарын окуган эч бир таза жүрөктүү киши буларды кокустан же өзүнөн-өзү пайда болгон дей албайт.

Бул мисалдар сыяктуу ааламда асмандан өсүмдүктөргө, адам клеткасынан жаныбарлар усталык менен жасаган уя, уюктарга чейин миллиарддаган ыйман акыйкаты бар. Ошондуктан ыйман акыйкаттарын дайыма бүт тараптан көрүүгө болот. Негизи дайыма ыйман акыйкаттары бизди курчап турат десек туурараак болот. Аллах кулдарынын денелерин дайыма Өзүнүн бар экенин эске салган ыйман далилдери менен жараткан.

Ошого карабастан кээ бир адамдардын дагы эле акыйкатты танып, атеист, материалист болушу алардын көздөрүн көр кылган, акылдарын тоскон капылеттигин жана бул капылеттиктин чоңдугун көрсөтүүдө. Аллах Куранда мындай адамдардын абалын төмөнкүчө кабар берет:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер болгон Аллах. Андай болсо чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

Акылы, жүрөгү ачык, таза жана көзү көрө алган бир адам Аллахтын далилдеринен эч качан жүз буруп, аларды четке какпайт.

Footnotes

29 James M. Herzog, M.D. and Eleanor Herzog, "Birth To Two." Online at:www.sesameworkshop.org/parents/advice/article.php?contentId=862&.

30 "The Human Heart." Online at: www.toxassociatep.com/heart.htm.

31 Dorothy Starnes, "Growth: Growth is a synthetic process involving the formation of molecules and compounds;" 2002. Online at:http://iaia.essortment.com/growthcells_rmic.htm.

32 Prof. Dr. Engin Gozukara, Biyokimya (Biochemistry), 3d ed. (Istanbul: Nobel Tip Bookstores: 1997), 579-80.

33 "Enzymes." Online at: www.mrothery.co.uk/enzymes/enzymep.htm.

34 "The Human Digestive System." Online at: www.s-cool.co.uk/topic_quicklearn.asp?loc=ql&topic_id=14&quicklearn_id=2&subject_id=3&ebt=&eb.

35 Fenella Saunders, "Gene-ius Computer," Discover 21, no. 4 (April 2000).

36 Mark W. Moffet, "Life in a Nutshell," National Geographic (July 1989): 783-88.

37 Stanley Taylor, "Life Underwater," Botanic, no. 83 (February 1988): 24.

38 John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals (London: BBC Worldwide Ltd., 1999): 146.

39 Marie-Sophie Germain, Science et Vie, no. 966 (March 1998) 85-89.

40 John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, (London: BBC Worldwide Ltd., 1999), 146

41 "Hyperacute Directional Hearing of the Ormia Ochracea Fly," Cornell News/Science Daily. Online at: www.comdig.de/ComDig01-16/# 14.3.

42 "The Butterfly Effect." Online at: www.stephensonstrategies.com/tips/product_marketing_tips/biomimetics_butterfly.html.

43 Robin Meadows, "Designs From Life," Zoogoer (July-August 1999). Online at:http://natzoo.si.edu/Publications/ZooGoer/1999/4/designsfromlife.cfm.

44 Kathryn Brown, "Something to Sniff At: Unbottling Floral Scent," Sciencemag 296:5577 (28 Jun 2002): 2327-29.