Жыйынтык

Өлүк топурак алар үчүн бир аят (белги); Биз аны тирилттик, андан уруктарды чыгардык, ошентип андан жеп жатышат. Биз ал жерде курмалардан жана жүзүмдөрдөн бакчалар өстүрдүк жана ичтеринде булактар чыгардык. Анын түшүмдөрүнөн жана өз колдору менен жасагандарынан жеши үчүн. Дагы эле шүгүр кылышпайбы?
Жерде өскөндөрдөн, алардын напсилеринен жана али билбеген канча нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улук.
(Йасин Сүрөсү, 33-36)

Эволюционисттердин «тирүү организмдер кокустан пайда болгон» деген көз-карашынын логикасыздыгын акылын колдоно алган жана ойлоно алган ар бир адам оңой эле түшүнө алат. Күнүмдүк жашоодон буга бир мисал берели:

Компьютерде бир гүлдүн сүрөтүн тарткыңыз келсе, белгилүү программаларды колдоносуз. Ал программалар өз тармагында билим алып, адистешкен адамдар тарабынан түзүлгөн. Ошондой эле, компьютериңиз дагы ошол программаларды колдонуп, гүлдүн түсүн, андагы оймо-чиймелерди берүүгө ылайыктуу кылып долбоорлонгон. Бирок эң алдыңкы компьютер менен дүйнөдөгү эң мыкты программалар болсо эле гүл пайда болуп калбайт. Эң башынан ойлонсок, ал компьютерди иштетип, программаны ачып, керектүү буйруктарды берип гүлдү жасай турган бир киши сөзсүз болушу керек. Ошондуктан компьютердин экранындагы сүрөттү көргөн адам эч качан «бул сүрөт өзүнөн-өзү пайда болгон го» деп ойлобойт. Бул сүрөттү сөзсүз бир адамдын жасаганын билет. Компьютердин бир фабрикада өндүрүлгөнүн, бүт тетиктерин бир-бирден жасаган бирөөлөр бар экенин да анык билет.

Ошол сыяктуу эле, гүл идишинде өстүрүлгөн гүлдөрдүн, көчөдөгү чөптөрдүн, бакчадагы розалардын жана дарактардын да өзүнөн-өзү, кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Бул өсүмдүктөрдүн уруктарына өздөрү жөнүндөгү керектүү бүт маалыматтарды жазып, ал уруктардан көбөйүп башташы да мүмкүн эмес. Себеби уруктардагы маалыматтар сөзсүз бир акылды жана аң-сезимди талап кылат.

Абдан кемчиликсиз түзүлүштөгү, түркүн түркүн уруктарга өсүмдүктөр менен байланыштуу маалыматтарды жазып койгон, аларга белгилүү калып берген, кабыктарын, коргоочу челдерин жасаган, алардын ичинен бүт тарабынан кемчиликсиз өсүмдүктөрдү чыгарган абдан улуу бир күч-кудурет бар. Бул күч-кудурет бүт ааламдардын Рабби, бүт баарынан кабардар Аллахка тиешелүү. Аллах бүт өсүмдүктөрдү жараткан, алардын кебетесин (формасын) аныктаган, аларга жыт, даам, түс берген. Аллах бул чындыкты аяттарда төмөнкүчө кабар берген:

Жана бири-биринин үстүнө тизилген бүчүрлүү, бийик курма дарактарын да. Кулдарга ырыскы болушу үчүн. Жана аны менен (ал суу менен) өлүк бир шаарды тирилттик. (Өлүмдөн кийин) тирилүү да мына ушундай болот. (Каф Сүрөсү, 10-11)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)