Киришүү

Биз асмандан белгилүү өлчөмдө суу түшүрдүк жана аны жер жүзүндө жайгаштырдык; албетте, Биз аны (соолутуп) жок кылууга кудуреттүүбүз.

Ошентип, аны менен силерге курмалардан, жүзүмдөрдөн бакчалар-бактар өстүрдүк, ичинде көптөгөн жемиштер бар; силер алардан жейсиңер.

Жана (дагы көптөгөн) Тур-и Синада чыккан бир дарак (түрүн да жараттык); ал майлуу жана жегендерге бир катык боло турган түшүм берет.
(Мүминун Сүрөсү, 18-20)

Бакчаңыздагы мөмө дарактары, үйүңүздүн терезесинен көрүнгөн карагай токойу же унааңыз менен баратканда жолдун четинде өсүп турган чынарлар жөнүндө тереңирээк ойлонуп көрдүңүз беле? Бул өсүмдүктөрдүн кантип пайда болоорун, кандай баскычтардан өтүп бир даракка айланаарын билесизби? Же өсүмдүктөр сиз үчүн бир кооздук гана болуп саналабы? Же «болсо да болот, болбосо да» деп ойлойсузбу? Эгер минтип ойлосоңуз жаңылышасыз. Себеби кооз болуп көңүлүңүзгө жаккандан тышкары, дем алууңузга шарт түзгөн атмосферадагы тең салмактуулуктар, кычкылтектин жетиштүү көлөмдө болушу, ашыкча көмүр кычкыл газынан ууланбашыңыз, атмосферадагы нымдуулуктун адамды кыйнай турган деңгээлге көтөрүлбөшү, жашаган жериңиздеги абанын өтө суук же өтө ысык болбошу, башкача айтканда, эч кыйналбай өмүр сүрүшүңүздүн көп тарабы негизинен өсүмдүктөрдөн көз-каранды. Өсүмдүктөрдүн сизге пайдалары булар менен эле чектелбейт. Бүт организмдер сыяктуу, сиз дагы жашооңузга керектүү витаминдер менен минералдардын көп бөлүгүн өсүмдүктөрдөн аласыз.

Өсүмдүктөрдүн организмдердин жашоосуна таасир берген негизги өзгөчөлүктөрү, кантип фотосинтез жасап азык өндүрөөрү, топурактан алган заттарды кантип чоң дарактардын эң учундагы бутактарына чейин таратаары сыяктуу кереметтүү касиеттерин «Өсүмдүктөрдөгү жаратылуу кереметтери» (Bitkilerdeki Yaratılış Mucizesi) аттуу китепте терең караганбыз. Бул китепте болсо өсүмдүктөрдүн башка тарабы, уруктары жөнүндө сөз кылабыз.

Урук темасын бул китепте тереңирээк кароодогу максат адамдардагы көнүмүштүк пардасын ачуу болуп саналат. Ар бир адам урукту тааныйт, эмнеге окшошоорун билет, өсүмдүктөрдүн уруктардан өсүп чыгаарынан кабардар. Бирок кантип жыгачка окшогон бир нерседен бири-бирине окшогон, окшобогон ар түрдүү өсүмдүктөрдүн чыгаарын, бүт өсүмдүктөргө тиешелүү маалыматтардын кантип уруктарга жазылаарын, ал маалыматтардын кантип бир-бирден коддолоорун балким эч ойлонбогон чыгаар.

Кантип тактайга окшогон бир буюмдан кантынын өлчөмү эң туура белгиленген, жыты менен даамы өзгөчө болгон мөмөлөр чыгат? Даракты чыгарып, мөмөлөрдү даракка жайгаштырган урук өзүбү? Мөмөлөрдүн же гүлдөрдүн формасын, түсүн урук белгилейби? Дарак жөнүндөгү маалыматтарды эч кемин калтырбай ичиндеги эмбрионго урук өзү жазып койгонбу?

tohum

Мындай суроолор адамдын оюна эч келбеген болушу мүмкүн. Бирок адам бул суроолор жөнүндө бир саамга ойлонгондо, «бир урук дарак жасаганды кайдан билет?» деген суроонун жообуна да кызыгып баштайт. Тактайга окшогон бир буюм кантип жасаган дарагынын кандай форма жана түзүлүштө болоорун аныктай алат? Өзгөчө ушул суроо абдан маанилүү. Себеби уруктан кандайдыр бир жыгач жыйындысы чыкпайт. Мисал катары миңдеген өсүмдүк түрлөрүнүн арасынан кандайдыр бир алма дарагын алалы. Алма дарагы, белгилүү болгондой, топуракка ташталган бир уруктан өсүп чыгат. Урук – кичинекей бир нерсе; бирок кандай болгону белгисиз, ал уруктун ичинен белгилүү бир убакыттан кийин узундугу 4-5 метр жана салмагы жүздөгөн килограмм болгон чоң бир дарак келип чыгат. Дарактагы алмалар атайын жылмалангандай болгон кабыктары, өзгөчө ароматы, ичиндеги канттуу суусу менен кемчиликсиз болушат. Уруктун өзүнө салыштырмалуу эбегейсиз чоң болгон бул даракты жасоодо колдоно турган материалы башында өзүнүн ичиндеги азык запасынан, андан соң болсо топурак менен күндүн нурунан гана турат.

Алма мисалынан да көрүнүп тургандай, уруктар ичинде транспорттук системасы, топурактагы заттарды сиңирүүгө керектүү тамырлары болгон жана абдан мыкты долбоорлонгон жандуу бир организмди жасайт. Адам дагы, ушунчалык акылы менен, дарактын сүрөтүн окшоштуруп тартууда да канча кыйналат; бир дарактын тамырлары менен бутактарындагы майда-чүйдөлөрдү тартуу болсо алда канча татаал бир жумуш. Ал эми урук болсо бул абдан комплекстүү организмди бүт системалары менен бирге, жандуу кылып жасайт.

Бул жерде урукту «жасайт» деп айтып жатабыз; бирок бир жагдайды эске салалы: уруктун өзүнчө бир акылы, аң-сезими жана эрки жок. Демек, дарактарды жана өсүмдүктөрдү бүт укмуштуу системалары менен бирге урук өзү иштеп чыккан деп айтууга болбойт. Эгер бирөө мындай көз-карашты айткан болсо, анда ал «урук абдан –ал тургай, адамдан да- акылдуу жана илимдүү бир нерсе» деген жыйынтыкка барышы керек. Албетте, мындай көз-караш чындыкка туура келбейт.

Мунун жообу болсо –китепте бүт далилдери менен каралгандай- төмөнкүчө: уруктун ичинде абдан улуу бир акыл жана абдан терең маалыматтар жашырылган. Бирок бул акыл менен маалыматтар, албетте, уруктун өзүнө тиешелүү эмес. Урукту түзгөн заттардын, молекулалардын, ал молекулалардын атомдорунун акылы жана илими бар деп айтканга болбойт, демек бул маалыматтар уруктун ичине кандайдыр бир жол менен жайгаштырылган. Андай болсо бул маалыматтарды ким жайгаштырган?

Адам мына ушинтип ойлонгондо өтө маанилүү чындыктарга жетет. Урук – өз алдынча эч нерсе жасай албаган, кургак, жансыз бир нерсе. Уруктарга бул маалыматтар өтө кудуреттүү бир Зат тарабынан жайгаштырылган. Теңдешсиз кудуреттүү бул Зат – Аллах. Уруктарды Аллах дарак жасай ала турган маалымат жана система менен жараткан. Топуракка ташталган ар бир урук Аллахтын илими менен курчалган; Анын илими менен чоңоюп өрчүп, өсүмдүккө айланат:

Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар. (Энъам Сүрөсү, 59)

Акылдуу План, Башкача Айтканда, Жаратылуу

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)