Жаратуучу – эч жаратпаган сыяктуубу? Эми сабак алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын нематтарын (сый-жакшылыктарын) санайбыз десеңер, аларды топтоштуруу менен да санап бүтүрө албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, ырайым кылуучу. (Нахл Сүрөсү, 17-18)
Бүт өсүмдүктөр жашаган аймагынын климат шарттарына ылайыктуу түзүлүш жана өзгөчөлүктө болушат. Мисалы, кургак аймактардагы өсүмдүктөрдө кездешкен өзгөчөлүктөр башка түрлөрдө болбойт. Ошондуктан чөлдөн алынган бир өсүмдүк уюлдарда же тропикалык токойлордо, тропикалык токойлордон алынган бир өсүмдүк болсо уюлдарда же чөлдөрдө жашай албайт. Себеби тропикалык аймактардагы өсүмдүктөрдүн бүт түзүлүштөрү –жалбырактарынын чоңдугу, уруктарынын чыдамкайлык өзгөчөлүктөрү ж.б.- ушул аймактын шарттарына ыңгайлуу. Уюлдук аймактарда өскөн өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрү болсо уюлдардын шарттарына ыңгайлуу.
Бирок кээ бир өсүмдүктөр күтүүсүз келген оор шарттарга карата да абдан чыдамкай боло алышат. Ашыкча ысык аба, кургакчылык же тескерисинче күчтүү жаан-чачын жана суук аба өсүмдүктөрдүн чыдамкай болушун талап кылган шарттардан болуп саналат. Мындай күтүүсүз шарттарга туш болгон кээ бир өсүмдүктөр болсо бир «уйку» абалына өтүп, чыдамкайлык көрсөтүшөт.
Suda yaşayan bir bitkinin çölde, kurak iklimde yaşayan bir bitkinin tropiklerde yaşaması imkansızdır. Resimlerde görülen bitkilerin her biri farklı iklim koşullarında yaşayacakları tasarımlara sahiptir. |
Өсүмдүктөрдүн көп билинбеген өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул, жогоруда айтылгандай, кээ бир өсүмдүк түрлөрүнө тиешелүү уруктардын абдан оор шарттарга чыдамкай болушу. Бул уруктар оор шарттар учурунда пландуу түрдө метаболизм (зат алмашуу) иш-аракеттерин азайтуу, б.а. кандайдыр бир мааниде уйкуга кирүү аркылуу чыдамкайыраак болуп калышат.
Уйку кубулушу биринчи кургатуу этабы менен башталат. Урук өзүндөгү сууну тканьдарынан чыгарып, уйкуга кирет. Жандуу өсүмдүк тканьдары 90%дан 95%га чейин суудан турса, уйкудагы уруктардын тканьдарында 5% же эң көп 15% гана суу болот. Бул процесс белгилүү бир кезек менен генетикалык контрольдун астында ишке ашырылат. Бул процессти ишке ашырууда негизги рольду абсциз кислотасы (абсцизовая кислота) аркылуу гормон ойнойт.42 Бул гормон өсүмдүктүн өсүшүнө жолтоо болуучу гормондордун бири. Бул гормондон улам уруктун ичинде функциялар жайлайт. Уйку абалындагы бир уруктун клеткаларында дем алуу абдан азайып, азыктануу да, чоңойуу да болбойт.43
Он жылдап, ал тургай, жүз жылдап уйку абалында болуп, анан өнгөн уруктар бар. Мындай уйку абалы өсүмдүктөрдүн урпагын улантышында абдан зор мааниге ээ. Өсүмдүктөр дайыма бир жерде кыймылсыз тургандыктан, оор шарттарда жашай алышы үчүн мындай механизм сөзсүз болушу керек.44
Ушунчалык маанилүү бир өзгөчөлүк кантип пайда болгон? Шарттар оордошкондо, өсүмдүк уруктары кантип турган жеринде, б.а. топурактын астында андан кабардар болуп, керектүү чараларды көрүшөт? Уруктун көзү да, сааты да, нерв системасы да жок. Анда өсүмдүк ойгонуу убактысынын келгенин кантип эсептейт?
Эволюционисттер кээ бир өсүмдүктөрдө оор шарттарда жашашына шарт түзгөн мындай өзгөчөлүктөрдүн болушун «өсүмдүктөр жагымсыз периоддордо жашоосун кепилдикке алуу үчүн механизмдер иштеп чыгышкан» деген сыяктуу сүйлөмдөр менен түшүндүрүүгө аракет кылышат.
Бирок бул ойлоп көргөндө эч бир мааниси жок бир сүйлөм. Себеби тулку бою жыгачтан, жашыл жалбырактардан, гүлдөрдөн, тамырлардан турган бир дарактын же бир гүлдүн өз алдынча ушундай бир муктаждыкты сезип, ойлонуп, урукту уйкуга киргизе турган бир системаны ойлоп табышы, ал механизмди өзүнүн ичинде жасашы, андан соң ал үчүн керектүү генетикалык маалыматты коддоп, аны клеткаларына жазышы жана ал маалыматты келечек урпактарына өткөрүп бериши, албетте, мүмкүн эмес. Мындай көз-караш илимге да, акылга да сыйбайт.
Su geçirmez mantosuna bürünmüş haldeki embriyon bazen ana bitkiden çok uzaklara kadar gidebilir. Bütün bu seyahati süresince tohum uyku halinde kalır. At kestanelerini ve soya fasulyelerini buna örnek olarak verebiliriz. Tohum ulaşacağı yere vardığında bile uyku durumu aylar boyunca sürebilir. Ancak bu anlamsız bir bekleyiş değildir. "Uyku hali" denilen bu olay çok temel bir ihtiyaçtır ve kompleks işlemlerle gerçekleşmektedir. Bu dinlenme, yeşermenin en elverişli zamanda ve doğru yerde başlatılması için uygulamaya sokulan bir stratejidir. Çünkü filizlenme olayı bir defa başladığında artık geriye dönüş mümkün değildir. Eğer dış şartlar olumsuzsa genç ve narin filizler bunlardan çok fazla etkilenecek ve varlıklarını sürdüremeyeceklerdir. Tohumlardaki uyku durumu bu riski ortadan kaldırmaktadır. |
Эволюционисттердин бул жөнүндөгү дагы бир жомогу болсо төмөнкүдөй: «эволюция процессинде ар бир өсүмдүк түрү айлана-чөйрөнүн шарттары жөнүндөгү маалыматтарды эптүүлүк менен алып, акылына түйдү. Ал маалыматтар концентрацияланып, генетикалык материалдын ичине коддолду. Уруктар мезгилдердин кезеги менен келээрин, топурактын түрү менен сапатын, аккан суунун жакын же алыстыгын, айланасында атаандаш түрлөрдүн бар же жок экенин, бош бир аянттын пайда болгонун «таануу» жөндөмүнө ээ болушту.»45
Бул сүйлөмдөр жөнүндө бир аз ой жүгүрткөндө, булардын да абдан логикасыз гипотезалар экенин заматта түшүнө алабыз. Бир өсүмдүктүн айланасындагы маалыматтарды «акылына түйгүдөй» акылы же мээси жок! Же өсүмдүк өзүндөгү генетикалык материалдан кабардар болсо экен, ага жаңы маалыматтарды кошкудай. Же өсүмдүк акылы жана аң-сезими бар бир жандык болсо экен, айланасын «таанып билгидей»! Булардын баары өсүмдүктөрдүн Аллах тарабынан жаратылгандыгын кабыл алгысы келбеген эволюционисттердин чындыкка сыйбаган жомоктору гана.
Эволюционисттердин бул көз-караштарынын логикасыздыгынын дагы бир тарабы бар. Эволюционисттер өсүмдүктөрдөгү өзгөчөлүктөр убакыттын өтүшү менен кокустан болгон өзгөрүүлөрдүн натыйжасында келип чыккан дешет. Бул көз-караш боюнча, өсүмдүктөр көп жылдар бою уктоо жөндөмүнө жетүү үчүн арадан жүз миңдеген, миллиондогон, ал тургай, жүздөгөн миллион жыл өтүшү жана өсүмдүктөр муну ушунча убакыт бою оор шарттарга чыдап күткөн болушу керек. Бирок өсүмдүктөр мындай кыйынчылыкка чыдай алышпайт. Урук өнүп баштаган соң шарттар жагымсыз болсо, ал соолуп калат жана натыйжада ал өсүмдүк тукум курут болот.
Демек, оор шарттарга кабылган алгачкы урукка уктоо жөндөмүн тартуулай турган укмуштуу бир кокустук (муну керемет деп атоо туурараак болот) келип чыккан болушу керек. Мындай нерсенин эч качан болбой турганы, эволюционисттер бирден бир альтернатива катары чыгарган кокустуктардын жүз миллиондогон жыл мындай турсун, триллион эсе триллион жыл күтүлсө да, өсүмдүктүн генетикалык кодуна жаңы бир маалымат кошо албашы, уруктарга уктоо жөндөмүн же башка кандайдыр бир өзгөчөлүктү тартуулай албашы ар бир акылман адам үчүн апачык бир чындык.
Өсүмдүктөр жана аларды пайда кылуучу уруктар Аллах тарабынан азыркы өзгөчөлүктөрү менен бирге, кемчиликсиз кылып жаратылган.
Жаратуучу – эч жаратпаган сыяктуубу? Эми сабак алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын нематтарын (сый-жакшылыктарын) санайбыз десеңер, аларды топтоштуруу менен да санап бүтүрө албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, ырайым кылуучу. (Нахл Сүрөсү, 17-18)
Lupin bitkisi donmuş topraklarda yıllarca bozulmadan kalabilen dayanıklı tohumlar (alttaki resim) üretir. |
Бир адам асманды карап же башка ыкмаларды колдонуп аба ырайын божомолдой алат. Бир өсүмдүктө ушундай божомолдоо жөндөмү болушу мүмкүнбү?
Арктикалык тундралардагы люпин өсүмдүгү аба-ырайын божомолдойт жана ал божомолго карап эгер шарттар жагымсыз болсо өнбөй, топурактын астында уйкуга кирип, аба-ырайынын оңолушун күтөт.
Бул өсүмдүктүн уруктары чоңойуу үчүн жылдын белгилүү убактарында ысык абага муктаж болот. Уруктар температуранын жетишсиз экенин байкаганда, бир кереметтүү окуя болот, айлана-чөйрө башка шарттар жагынан ыңгайлуу болсо да, уруктар өнбөйт жана тоңгон топурактарда температуранын көтөрүлүшүн күтүшөт. Айланадагы шарттар толук жагымдуу абалга келгенде, арадан канчалаган убакыт өткөнүнө карабастан, люпиндин уруктары калган жеринен өнүүнү улантышат. Таштардын жаракаларында жүздөгөн жыл бою өнбөй, эч нерсе болбой ошол бойдон турган өсүмдүк уруктары табылган.46
Көрүнүп тургандай, урук сырткы чөйрөдөгү кубулуштардан кабары бардай болуп, кээ бир өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бул абдан маанилүү болгондуктан, төмөнкү суроолорду кайрадан узаталы: сырткы чөйрө жөнүндөгү маалыматтар жердин астындагы урукка кантип жетет? Урук өз алдынча сырткы чөйрөдөн кабардар боло алабы, б.а. аба-ырайын өз алдынча болжолдой алабы? Уруктун ичиндеги бир механизм ага абал жөнүндө кабар берет. Урук ал кабардын негизинде бир жерден буйрук келгендей, бир заматта өрчүүнү токтотот. Анда, бул байланыш системасы кантип пайда болгон? Бул системаны өсүмдүк өзү ойлоп тапканбы? Бул системага керектүү техникалык каражаттарды өз организминде кантип пайда кылган?
Бул системаны, албетте, өсүмдүк өзү ойлоп тапкан эмес. Өсүмдүктүн өз алдынча мындай жөндөмгө жетип кала албашы анык. Өсүмдүк эң алгач пайда болгон кезден бери уругунда сакталып келе жаткан генетикалык маалыматта бул жөндөм коддолгон. Люпин өсүмдүгүндөгү суук абада өрчүүнү токтотуп койо алчу система ушул генетикалык коддо жазылган. Мындай коддолгон маалыматтын бир өсүмдүктүн клеткасында өзүнөн-өзү пайда болушу эч мүмкүн эмес. Эволюционисттер ойлоп чыгарган «эволюция процесси» канчалык көп убакытка созулбасын, ал процессте кандай гана кубулуштар болбосун, өсүмдүктүн уруктарына аба-ырайын билдирүүчү мындай система өзүнөн-өзү пайда боло албайт.
Tesbih ağacının tohumları küçük, sert, kaygan ve metalik bir görünüme sahiptir. Tesbihe benzeyen tohumların özelliği altıyüz yıl toprağın altında kaldıktan sonra filizlenebilmeleridir. (Grains de Vie, s.68) |
Çevrenizde ya da resimlerde gördüğünüz bitkilere bakarken pek çoğunun küçük tahta parçalarına benzer tohumlardan ürediğini ve bunun çok büyük bir iman hakikati olduğunu sakın unutmayın. |
Мичиган университети тарабынан 1879-жылы башталган бир илимий изилдөөдө ар кандай өсүмдүк түрлөрүнүн уруктары банкалардын ичине салынып, сактап коюлган. Белгилүү убакыт аралыктары менен банкалардагы уруктарды өстүрүү эксперименттери жасалып турган. 1980-жылдары, б.а. бул эксперимент башталгандан 101 жыл өткөн соң уруктардын кээ бирлери өнгөн. Данияда 1978-жылы жүргүзүлгөн башка бир изилдөөдө топуракты казуу иштеринде 850 жыл кыймылсыз турган уруктардын өнгөнү байкалган.47
Ошол сыяктуу эле, Mimosa glomerata'нын уруктары кургатылган өсүмдүк коллекциялары сакталган бир идиште 220 жыл турган жана бул уруктар сууга тийээр замат өнгөн. Чыдамкай уруктарга дагы бир мисал катары 1942-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы 147 жылдык Жибек акациясы же ленкор альбициясы (Albizia julibrissin) аттуу өсүмдүктү берүүгө болот. Лондондогу British Museum'да сакталган бул урук өрт өчүрүү учурунда нымдалып, арадан ошончо убакыт өткөнүнө карабастан өнгөн.48
Тундра аймактарында абанын температурасы төмөн болгондуктан, бузулуу жайыраак болот. Кээ бир уруктар 10000 жыл болгон муз катмарларынан алып чыгылып, лабораторияда керектүү өлчөмдө жылуулук менен ным берилгенде, кайра жашоого кайта алууда.49
Урук – баарыбыз билгендей, ичинде белгилүү өлчөмдө азык сакталган жана сырткы кабыгы жыгачка окшогон бир нерсе. Ичинде температураны сезүүчү бир системанын болушу, сырткы дүйнөдөн маалымат ала алышы жана алган маалыматтарын анализдеп, ошого карап иш-аракет жүргүзүшү, албетте, кереметтүү көрүнүш.
Бирок, эволюционисттердин ою боюнча, уруктар бул системага кокустуктардын жардамы жана өз эрки менен ээ болуп калышкан. Ал тургай, алардын ою боюнча, уруктар жагымсыз шарттардын алардын чоңоюшуна жолтоо болоорун да билишет. Жагымсыз шарттарды көрөөр замат өнүүнү токтотуу үчүн эмне кылуу керек экенин билишет жана температура жетиштүү деңгээлге көтөрүлгөндө токтогон жеринен өнүүнү улантышат.
Албетте, мындай көз-караштар такыр акылга сыйбайт. Буларды уруктар өздөрү жасай алышпайт. Кичинекей бир жыгач аң-сезимдүү, мээлүү болуп, божомолдоо жөндөмүн колдонуп, мындай пландарды түзө албайт. Ошондуктан уруктардагы мындай кереметтүү механизмди эволюция теориясы айткан кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Уруктар Аллах тарабынан ушундай өзгөчөлүктөрү менен бирге, оор шарттарга чыдамкай кылып жаратылышкан.
Эч күмөнсүз, ааламдардын Рабби Аллах кичинекей уруктарда бизге Өзүнүн бар экендигинин жана кудуреттүү жаратуу далилдерин көрсөтүүдө. Аллах каалаган учурда каалаган нерсесин теңдешсиз кылып жаратуучу. Анын жаратууда эч бир шериги жок.
Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф, (баарынан) Кабардар. (Энъам Сүрөсү, 102-103)
42- Grains de Vie, s.68
43- Musa Özet, Osman Arpacı, Biyoloji 2, Sürat Yayınları, s.138-141
44- Advanced Plant Physiology, Malcolm B. Wilkins, Longman Scientific & Technical, England, 1987, s.462
45- Grains de Vie, s.68
46- Raven, Evert, Curtis, Biology of Plants, World Publishers, New York, 1976, s.346
47- Solomon, Berg, Martin, Villie, Biology, Saunders College Publishing, s.680
48- Malcolm Wilkins, Plantwatching, New York, Facts on File Publications, 1988, s. 46-47
49- John King, Reaching for The Sun, 1997, Cambridge University Press, Cambridge, s.117