Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар.
(Бакара Сүрөсү, 164)
Өсүмдүктөрдөй кыймылсыз, ордунан жылбаган организмдердин өз уруктарын башка өсүмдүктөргө кантип жеткирээрин, урук таратуу процессинин кантип жүрөөрүн балким ушул күнгө чейин эч ойлонбогон болушуңуз мүмкүн. Бирок уруктуу өсүмдүктөр алгач пайда болгондон бери эч бир жардамга, эч бир кийлигишүүгө муктаж болбостон уруктарын ар кандай жол менен таратып келе жатышат.
Таратуу процесси жалпысынан төмөнкү баскычтардан турат: уруктанган гүлдөрдөн уруктар пайда болот. Булар кээ бир өсүмдүктөрдө жерге түшөт, кээ биринде шамал менен абага көтөрүлөт, кээ биринде болсо жаныбарларга жабышуу аркылуу айланага тарайт. Бирок бул өсүмдүк уруктарын таратуу системасынын абдан үстүртөн бир түшүндүрмөсү. Себеби муну тереңирээк караганда, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоосу менен түздөн-түз байланыштуу көптөгөн кубулуштарды көрөбүз.
![]() |
1. Sazlar tohumlarını hem su ile hem de rüzgarlarla dağıtırlar. Bu bitkinin topuz gibi bir bölümü vardır. Sıkışık küçük küçük binlerce meyveden oluşur. Bu meyvelerin üstünde de resimde görüldüğü gibi küçük püsküller mevcuttur. Bu püsküller zamanı geldiğinde tohumların taşınmasını sağlar. (Grains de Vie, s.40) 2. Lys de mer bitkisi Akdeniz kıyılarında yetişen bir bitkidir. Çok hafif köşeli tohumları vardır. Tohumların dış kabukları olgunlaşınca yosun gibi bir yapı alır. Bu bitkinin tohumları da su üzerinde yüzerek dağılırlar. (Grains de Vie, s.40) 3. Söğütler (Salix), çok kolay ve çabuk üreyebilen bir bitki türüdür. Tohumlarının çok çeşitli dağılma şekilleri vardır, havada uçuşurlar, suyun üzerinde de çok kolaylıkla ilerleyebilirler. Söğütlerin çoğalma hızını şöyle bir hesaplama ile daha iyi görebiliriz: Eğer bir ağaç 500 tırtılımsı başak verse, bunların her biri 100 küçük tane içerse ve bu tanelerin de her biri 200 tohum içerse bu, her yıl 10 milyon tohum demektir. Eğer bunların tümü yeşerme imkanı bulsaydı yeryüzü çok kısa bir zaman içerisinde söğüt ile dolardı. Ancak doğada yaratılmış olan hassas dengeler sayesinde böyle olmaz ve bu tohumların yalnızca gerektiği kadarı ağaç olarak büyür. (Grains de Vie, s. 41) |
Эң биринчиден, ар бир өсүмдүктүн уругу, мурдакы бөлүмдө айтылгандай, ар кандай формада болот. Бир уруктун же мөмөнүн формасына карап кандай жолоочулук кылаарын, б.а. кантип таратылаарын болжолдоого болот. Мисалы, кээ бир дарактардын эттүү, жумшак, түсү жана жыты жагымдуу болгон мөмөлөрү бар. Уруктары тамак сиңирүүгө чыдамкай, кабыгы калың болгон бул дарактар мындай өзгөчөлүгү менен канаттууларды жана башка жаныбарларды өздөрүнө тартышат. Кээ бир уруктардын болсо ийнелери, илмектери, ал тургай, кайырмак жана тикендери бар. Бул уруктар жүндүү жаныбарларга жабышып башка жактарга жетип алышат. Кээ бир уруктар шамалда топ-топ болгон түкчөлөр абалында саякат кылышат. Кээ бирлеринин канаттары бар же кичинекей үйлөнгөн шарларга окшошот жана ошондуктан уча алышат. Аба аркылуу жол тарткан уруктардын салмагы абдан жеңил жана ошондой эле формалары да абада учууга ыңгайлуу болушу керек. Кээ бир өсүмдүктөр көбөйүү үчүн уруктарын жерге төгүп коюшат. Кээ бирлери болсо уруктарын өздөрү ыргытып таратышат. Бул ыргытуу уруктун кабынын ичинде чоңойуу учурунда пайда болгон чыңалуунун кандайдыр бир себептен сыртка чыгышынан келип чыгат. Кээ бир өсүмдүктөрдө болсо уруктун кабыгы күндө кургаган соң жарылып ачылат жана урук жер бетине түшөт.
Бул жерге чейин айтылган мисалдардан уруктардын тарашында абдан терең пландалган бир системанын бар экенин көрүүгө болот.
![]() |
1. Ağır tohumlar genellikle çok fazla özelliğe sahip değildir. Çengel, kanat ya da suda batmamalarını sağlayacak bir yapıları yoktur. Bu nedenle toprağa düştükleri yerde kalırlar. Buna örnek olarak fındıkları, meşe palamutlarını ve kestaneleri verebiliriz. Bu tohumların toprağa düştükleri yer, genellikle yeşermeleri için hiç de uygun bir zemin değildir. Bu tohumların birer ağaç haline gelebilmeleri için aydınlık, kolayca gelişebilecekleri ağaçsız bir bölgeye gitmeleri gerekmektedir. Çok ilginçtir ki, alakargalar, kargalar, ağaçkakanlar ve en önemlisi de sincaplar bu gibi meyveleri severek yerler. Bu küçük hayvanlar meşe ve kestane ağacı ormanlarının nesillerin devamını sağlayan en temel faktörlerdir. Olgunlaşan tohumları toplayan hayvanlar bunları değişik yerlere saklarlar, ancak bir kısmını koydukları yerden almayı unuturlar. İşte bu durum fındıklara yeşerme ve birer ağaç haline gelme imkanı verir. Kuşkusuz burada her iki canlı arasında kusursuz bir uyum vardır. Bu canlıları birbirleriyle uyum içinde yaratan Allah'tır. 2. Monnoyere adlı bu bitkinin tohumları yağmur suları ile taşınır. Tohumların üzerinde parmak izini andıran küçük çizgiler vardır. Bu çizgiler yüzeydeki basıncı artırmaya yarar. Bu sayede tohumlar kolaylıkla dağılırlar. (Grains de Vie, s.42). Sağ altta ise Monnoyere bitkisinin tohumlarının açılmış hali görülmektedir. |
Уруктардын таралышында көңүл бурган негизги жагдай – бул бөлүктөрү жана таратуу формалары кандай гана болбосун, бүт баарынын кемчиликсиз иштеши. Жаныбарлар тараткан уруктар дайыма алар аркылуу айланага тарайт жана бул системада бир үзгүлтүк келип чыкпайт. Шамал менен учкандар формасы оңтойлуу болгону үчүн дайыма учуп айланага тарашат.
Бул жерде эң көп көңүл бурган жагдай болсо, алдыда мисалдар аркылуу каралгандай, жаныбарлар да, өсүмдүктөр да бул процесстер учурунда абдан акылдуу иш-аракет жүргүзүшөт. Бул акылдын жана пландын булагы эмнеде? Албетте, бир гүлдүн же дарактын бир канаттуу же тыйын чычкан менен отуруп алып, бир таратуу системасын куралы деп чечим чыгарып, бул жандыктардын эмне кылаарын жана системанын иштөө долбоорун ортоктошуп түзүшү мүмкүн эмес. Өсүмдүктөрдүн өз алдынча көбөйүү планын түзүп, ошол планга ылайык бир система курушу да мүмкүн эмес. Бирок убактысы келгенде ар бир өсүмдүк көбөйүү процесстерин баштап, уруктарын пайда кылат жана аны талап кылынгандай таратат. Башка өсүмдүктөр да ушундай кезек менен, ушул системаны колдонуп иш-аракет жүргүзүшөт. Дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун, бир түрдөгү өсүмдүктөр бирдей ыкманы колдонушат.
Кээ бир өсүмдүктөргө уруктарын таратуу үчүн өтө күчтүү болбогон таасирлер да жетиштүү болот. Бир жамгыр тамчысы түшкөндө же кандайдыр башка бир күчтүн таасири менен уруктарын абага учурган гүлдөр бар. Мисалы, кечки примула (энотера) гүлү уруктарын кургак кезде жабык капсулаларда сактайт. Бул капсулалар ным тийээр замат ачылып, кружка формасына келет. Мындай абалдагы уруктардын тарашы үчүн жамгыр тамчылары жетиштүү болот. Кына гүлү болсо бүт жол бойлорунда кездешкен сары, кызгылт сары жана күрөң темгилдүү гүлдөрү бар бир өсүмдүк. Бир нерсе тийгенде куралдан ок атылгандай болуп уруктарын айланага чачат.
Бирок бул жерде өтө кызыктуу бир жагдай бар. Белгилүү болгондой, өсүмдүктөр кыймылсыз болушат. Бир нерсени ыргытуу үчүн болсо сөзсүз энергия болушу керек. Бул энергия ичинде уругу бар мөмөнүн жалбырагындагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болот. Жабык бир урукту элестетиңиз. Ал уруктун мөмөсүнүн жалбырактары күндө куураганда тырышат. Бул энергия пайда кылуучу бир өзгөрүү. Ошол сыяктуу, урук жамгырда суу болгондо шишиген мөмө жалбырактарынын тканьдарындагы өзгөрүү ыргытуу механизмине керектүү энергияга булак болот.18
Өсүмдүктөрдө ушул сыяктуу абдан так тең салмактуулуктарга таянган урук таратуу механизмдери бар. Өсүмдүктөрдүн уруктарды таратып баштоо убактысын туура белгилеши да абдан маанилүү. Муну Жер ортолук деңиз бадыраңын мисал катары алып карайлы.
![]() |
Akşam çuha çiçeğinin tohumları kapsüllerin ıslanmasıyla açılır ve tohumlar bu şekilde etrafa yayılırlar. |
Жер ортолук деңиз бадыраңына окшогон өсүмдүктөр уруктарын таратуу үчүн өз күчтөрүн колдонушат. Жетилип баштаганда бул бадыраңдардын ичи жабышчаак бир суюктукка толуп баштайт. Суюктуктан келип чыккан басым барган сайын жогорулап, аягында өсүмдүктүн сабагы басымга чыдай албай жарылат. Сабагы жарылганда, абага атылган рокетанын артында калган изге окшоп ичиндеги суюктукту да сыртка учурат. Натыйжада суюктук менен бирге бадыраңдын уруктары да айланага тарайт.19
Бир караганда өсүмдүк жетилгени үчүн жарылгандай көрүнгөн бул процессте негизи абдан пландуу бир механизм бар. Эң биринчиден бадыраңга суюктук толуп башташы менен бадыраңдын жана уруктарынын жетилип башташы бир убакка туура келиши керек. Себеби система мурдараак иштеп баштаса, бадыраң уруктар жетиле электе жарылып эч бир ишке жарабайт. Бул болсо өсүмдүктүн көбөйө албашына, б.а. бул түрдүн жок болушуна себеп болот. Бирок өсүмдүктө жаратылган кемчиликсиз бир убакытты пландоо системасынын натыйжасында мындай коркунуч келип чыкпайт. Система дал керектүү учурда иштеп, уруктар айланага тарайт.
Убакыттын мындай так пландалышы уругун жардырып тараткан бүт өсүмдүктөргө тиешелүү. Өсүмдүктөрдөгү бул системанын катасыз иштеши бул система кантип пайда болгон деген суроону туудурат. Эң биринчиден, апачык көрүнүп тургандай, өсүмдүк көбөйүшү үчүн система толугу менен бар болушу керек. Эң башынан бүт баары толугу менен пайда болушу керек болгон бул механизмдерди жүздөгөн, миңдеген, ал тургай, миллиондогон жылга созулган өзгөрүүлөрдүн натыйжасында эволюция процесси менен келип чыккан деп айтуу акыл жана логикага сыйбайт. Себеби бадыраң, ичиндеги суюктук, уруктар, уруктардын жетилиши, бүт баары бир учурда пайда болушу керек. Бир нерсе кем болсо, өсүмдүк уруктарын тарата албай калат жана белгилүү убакыттан соң тукум курут болот. Болгондо да, бул системанын кайсы бөлүгүн чыгарып койбоңуз, баары бир жыйынтык өзгөрбөйт.
Апачык көрүнүп тургандай, бир уруктун таралуу этаптары дагы өсүмдүктөрдүн бүт бөлүктөрү менен бирге, эч кемчиликсиз пайда болгонун көрсөтүүдө. Мунун сокур кокустуктардын, туш келди жана аң-сезимсиз табият кубулуштарынын натыйжасында келип чыгышы мүмкүн эмес. Өсүмдүктөр бүт нерсени жараткан Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылган. Улуу кудуреттүү Аллахтан башка кудай жок. Акылдуу ар бир адам бул чындыкты унутпай жашап, ар бир ишинде Аллахты эстеши керек.
Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган. (Таха Сүрөсү, 98)
Бадал өсүмдүгү да өзүнөн өзү ачылуу ыкмасы менен көбөйүүчү өсүмдүктөрдөн. Бирок бул өсүмдүктүн системасы Жер ортолук деңиз бадыраңынын тескерисинче иштейт. Бул өсүмдүктүн уруктарынын кабыгы ичиндеги кандайдыр бир суюктуктун жардамы менен эмес, өсүмдүктөгү буулануунун натыйжасында жарылат. Бул кабыктын күндү караган бети күндүн ысыгынан көлөкөдө калган бетинен ылдамыраак куурап баштайт. Бул эки тараптын арасында бир басымдын пайда болушуна алып келет. Эң аягында кабык ортосунан экиге бөлүнүп, ичиндеги көптөгөн майда кара уруктар ар тарапка чачырайт.20
![]() |
Sol üstte resmi görülen Hura bitkisi, tohumlarını patlarak dağıtır. Yanda görülen kına çiçeğinin (Impatiens balfourii) ise çok değişik bir dağıtma tekniği vardır. Tohumları dokunur dokunmaz elde patlar ve dağılır. Bu çiçeğin tohum yaprakları resimde de görüldüğü gibi düz durmaz. Bu yapraklar tohumu çevreleyen dış tabaka ile koruyucu iç tabaka arasındaki basınç farkından dolayı yuvarlak olur. |
Хура дарагы (Hura Crepitans) болсо Бразилияга тиешелүү тропикалык бир дарак. Уруктары бир дюжина бөлмөчөдөн турган бир капсула формасында болот. Урук капсулалары күн нурунун астында катуу күч менен жарылышат. Хура дарагы уруктарын алыска учурууда эң ийгиликтүү дарактардан. Уруктарын таратуу убактысы келгенде аларды болжол менен 12 метр алыстыкка чейин учура алат. Бул жарылуудан соң айланага уруктар менен экиге бөлүнгөн кабыктар чачылат.21
Гераньдардын Натыйжалуу Көбөйүү Ыкмалары |
Гераньдардын (Geranium Pusillum) көбөйүү ыкмасы абдан кызыктуу жана натыйжалуу. Бул өсүмдүк түрү жерде сойлоп кыймылдайт жана уруктарын ыргытуу (учуруу) механизмин колдонуп таратат. ![]() Гераньдын мөмөсү чыныгы бир катапультадай иштейт. Мөмөлөр жетилип жатканда борбордо бир түркүк пайда кылышат. Бул түркүктүн айланасындагы алты даана мөмө жалбырагынын ар бири жаа формасындагы ийкемдүү бир тилкенин учунда жайгашат. Мөмөлөр жетилгенде уруктун кабыгында пайда болгон энергия менен бир заматта жаа сыяктуу карама-каршы тарапты көздөй ийрейишет. Натыйжада мөмө жалбырактарынын түбүндөгү бөлүктөрдө жайгашкан уруктар пушканын огундай болуп абага учушат. Белгилүү орбитада кыймылдаган уруктар жогору көздөй көтөрүлүп, алысыраак барып түшүшөт. Бул укмуш кемчиликсиз бир механизм. Бирок уруктар эң мыкты учушу үчүн уруктар турган бөлмө ачык болуп, ал жердеги уруктар эркин абалда болушу зарыл. Бул катуу соккон бир шамалдын уруктарды айланага чачып салышына себеп болушу мүмкүн. Бирок гераньдарда кемчиликсиз бир система бар. Мунун алдын алуу үчүн бул бөлүмдөрдүн босогосуна уруктарды бир аз ичкериде кармаган майда түктөр орнотулган.22 Дүйнөнүн кайсы тарабына барбаңыз, бул өзгөчөлүктөрдүн баары ушул күнгө чейин өскөн бүт гераньдарда толугу менен бар. Антпесе, герань көбөйө алмак эмес жана бул өсүмдүк тукум курут болмок. Гераньдардагы бул кемчиликсиз жана пландуу түзүлүштүн өзүнөн-өзү пайда боло албашы анык. Жер жүзүндөгү бүт жандыктарды эч кемчиликсиз кылып жараткан Аллах гераньдарды да терең план менен жараткан. |
Эродиум уруктарынын таң калтырган бурап кийирүү механизмдери |
Гераньдар сыяктуу эродиум (erodium) өсүмдүгүнүн мөмөлөрү да моюнча аймагынан биригип, орток бир борбордо чогулушат. Сүрөттө көрсөтүлгөн мөмөлөрдүн ичинде уруктар болот. Өсүмдүк жетилгенде уруктарды кармап турган сабактар буралып, жерди көздөй узарып баштайт. Мына ушул жерде өсүмдүктөгү таң калтырган бурап кийирүү механизми ишке кирет. Эродиум уруктарынын аларды топуракка бурама (винт) сыяктуу киргизүүчү бир системасы бар. Бурап кийирүү системасы төмөнкү бөлүктөрдөн турат: |
![]() |
1- Жетилген уруктарда куйруктун үстүңкү бөлүгү тик боло тургандай буралат. Куйрук топуракка кирүү процессинде бир буроо (буралууну жеңилдете турган кол) кызматын аткарат. 2- Куйруктун астыңкы бөлүгү толгонгон (өрүлгөн) абалда болот жана топуракка ушундай абалда кийирилет. Бул бөлүк урукту жерге кийирүүдө мотор кызматын аткарат. 3- Куйрукту узун, жыш жана тикен сыяктуу түкчөлөр ороп турат. Булар жардамчы кызматчылар болуп саналат. 4- Урук ичинде сакталган баш болсо бураманын учтуу башына окшошот. Куйрук буроо таасирин пайда кылууда ушул жерге таянат. 5- Баштын үстүндөгү түкчөлөр кыска жана түз болот. Булар уруктун топуракка киришин жеңилдетет жана ошол эле учурда кайырмактын ийнесиндей болуп артка чыгышына да бөгөт койот. Сүрөттө жерге бекитилген эродиум уруктары чагылдырылган.23 Бир өсүмдүктүн жумшак тканынын катуу топуракты бурамадай тешиши, албетте, кокустуктардын натыйжасы эмес. Аллах бул өсүмдүктө жараткан теңдешсиз система аркылуу бизге Өз чеберчилигин көрсөтүүдө. Аллахтын жаратууда эч бир шериги жок. |
![]() |
Bakla gibi bitkilerin kapsüllerinin çoğu, olgunlaşma dönemlerinde kurumalarının etkisiyle açılır ve dokular şekil değiştirir. Tohum kabukları buruşur, bükülür ve yay gibi açılır. Çatlayarak açılma yöntemini uygulayan bitkinin tam bu açılma bölgesindeki dokuların hücreleri zayıf bir dizilişe sahiptir. Bu nedenle herhangi bir basıncın etkisiyle tohumlar hemen parçalanıp yarılıverir. Bu olay son derece ani bir şekilde gerçekleşir. |
Шамал аркылуу тараган уруктар жеңил жана формалары да учканга ыңгайлуу болушу керек. Мисалы, көлөмү менен салмагы жаңгак же кокостой болгон бир урук уча албайт. Ошондуктан шамал менен тараган бүт өсүмдүктөрдүн уруктары абдан жеңил болуп, түк же канат сыяктуу формада болушат.
Ошондой эле, учкан уруктардын көпчүлүгү күздүн башында, б.а. күчтүү шамалдар болгон кезде жетилишет. Бул жерде шамалдардын чыгышы менен уруктардын жетилүү учурунун бир убакка дал келиши, албетте, көңүл бурат.
Уруктарын шамал аркылуу таратуучу өсүмдүктөрдүн дагы башкалар сыяктуу көптөгөн түрлөрү бар. Мисалы, Түндүк Африка чөлдөрүндө мөмөлөр менен уруктар же канаттуу же жеңил жана түктүү болушат. Түндүк чыгыш Судандагы Нуба чөлүндөгү жана Түндүк Америка чөлдөрүндөгү өсүмдүктөр мөмөлөрү менен уруктарын сыдырым желдер аркылуу таратышат. Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африкадагы өсүмдүктөр болсо топ сымал тоголок болуп, кургак убакта шамал менен айдалышат.24
Каакым, латук жана төө тикен уруктарын шамал аркылуу таратуучу өсүмдүктөрдүн кээ бирлери. Уруктарын шамалга тараттырган өсүмдүктөргө дагы бир мисал катары физалисти берүүгө болот. Физалис уруктары кагазга окшогон ичи абага толгон баштыктардын ичинде сакталат. Бул баштыктар кичинекей шарлар сыяктуу уруктардын шамалда учушуна шарт түзөт.
Бул жөнүндө берилген мисалдарды карап жатканда бир маанилүү жагдайды унутпаш керек. Бир өсүмдүк көбөйүү ыкмасын акырындап өзгөртө албайт, мисалы, жаныбарлар тарабынан топуракка көмүлүп көбөйүүчү бир өсүмдүктүн уругу убакыттын өтүшү менен, акырындап шамал аркылуу тарай турганчалык жеңил болуп кала албайт. Өрүктүн данеги сыяктуу оор бир уруктун арадан канча убакыт өтпөсүн, миңдеген, миллиондогон, ал тургай, миллиарддаган жылдар өтсө да, шамалда уча турганчалык жеңил бир урукка айланышы, четтеринде канатка окшогон нерселердин пайда болушу эч мүмкүн эмес. Мындай көз-караш логикага жана илимий чындыктарга эч бир жагынан туура келбейт. Себеби табиятта мындай өзгөрүүнү пландап, ишке ашыра турган бир аң-сезим, акыл жок. Табияттагы таш, дарак, топурак, жаныбарлар мындай нерсени пландай алышпайт. Өсүмдүктүн өзү дагы табияттын бир бөлүгү, жана уруктарын мындай пландуу өзгөртө турган жөндөмгө ээ эмес.
![]() |
Devedikeni bitkisinin çiçek oluşumundan tohumun ortaya çıkışına kadar olan aşamalarında ince bir sistem vardır. |
Бул чындыктарды ойлогонубузда, уруктардын эң алгач пайда болгондо эле азыркыдай өзгөчөлүктөрдө болгонун түшүнөбүз. Бул дагы уруктардын бир заматта жаратылгандыгын көрсөткөн миңдеген, ал тургай, миллиондогон далилдердин бири. Уруктардын атайын тараганга ыңгайлуу кылып пландалгандыгы апачык көрүнүп турат жана бул план чексиз илимдүү Аллахка тиешелүү.
Абада учуучу уруктардын учуу принциптерин изилдеген инженерлер занония (zanonia) уруктары жөнүндө абдан таң калыштуу бир жыйынтыкка келишкен. Занония уруктарындагы оордук (гравитация) борборун изилдеген инженерлер, эгер оордук борбору артка жылдырылган болгондо, уруктардын жайыраак кыймылдаарын аныкташкан. Бирок занония уруктары кемчиликсиз план менен жаратылгандыктан, эч кыйынчылыксыз алыстарга жете алышат.25
![]() |
![]() |
Uçarak dağılan tohumlardan her biri fırsatını bulduğu anda yeni bir karahindiba bitkisi oluşturacaktır. |
Шамал менен тараган өсүмдүк уруктарынын кыймыл жөндөмү уруктун чоңдугу, жерге болгон алыстыгы же шамалдан гана көз-каранды болбойт. Эң негизги факторлордун бири – бул, албетте, уруктардын атайын формалары жана кошумча түзүлүштөр. Учуучу уруктарды жалпысынан канаттуу, парашюттуу, чаң уруктар жана түктөрү бар уруктар деп топтоштурууга болот.
Аба жолун колдонуп көбөйүүчү өсүмдүктөрдөн Европа клендорунун уруктарында вертолеттун пропеллерине окшогон абдан кызыктуу бир түзүлүш бар. Бул уруктардын бир тараптан гана чыккан канаттары бар. Бул канаттары менен, күчү жетиштүү бир шамал болгондо, өз огунда айланып башка жактарга жете алышат. Жетилген канаттар ичке кабыкча сыяктуу көрүнүштө болот жана үстүндөгү тамырлары менен бир чымын-чиркейдин канатына окшошот. Өз огунда айлана тургандай бир дизайнда болушу клен уруктарынын жерге түшүү ылдамдыгын азайтат. Эгер шамал жок болсо, уруктар спираль формасында кыймылдап (өз огунда айланып), акырындык менен жерге түшүшөт. Клендор өз аймагында сейрек тараганы үчүн, уруктануу (чаңдашуу) процессинде шамалдар эң чоң рольду ойнойт. Сыдырым соккон желде да өз огунда айлана алган вертолет уруктар бул касиетинен улам кээде канчалаган километрлик жолду басып өтө алышат.26
Terminalia calamansanai аттуу өсүмдүктүн канаттары болсо "V" формасында болот. Бул касиетинен улам сыдырым соккон желде кагаздан жасалган учактай болуп абада уча алат.27
![]() |
1. Akçaağaçların helikopter pervanesine benzeyen tohumları kendi etraflarında dönecek şekilde hareket etmelerini sağlayan bir yapıya sahiptir. Bu sayede kilometrelerce uzağa taşınabilirler. 2. Terminalia bitkisi V şeklinde kanatlara sahiptir. 3. İnsanoğlu uçakları icad ederken kuşlardan ilham almıştır. Helikopter konusunda ise kendisine fikir veren şey, yusufçuk böceklerinin yanısıra bitkiler dünyasının, bir merkez etrafında dönen kanatlara sahip tohumları olmuştur. Resimlerde tohumlarını havaya uçurarak dağıtan bitki tohumlarından örnekler görülmektedir 4. Akçaağacın tohumları bir çift kanat gibi ağaçta asılı durur. (sağ alttaki resim) |
![]() |
1. Alttaki resimde görülen kedi otu (Cetranthus Ruber) ve 2. Yanda resmi görülen Silybum Marianum gibi küçük tohumlu bitkilerde genellikle paraşüt tohumlara rastlanır. (Grains de Vie, s.56) 3. Kum otu (Scabiosa Stellata) zarlı yapıya sahip olan uçan tohumlara bir örnektir. |
Адамдар бийиктен секирүү үчүн колдонгон парашюттардын формасы атайын пландалып жасалган. Шамалды ичине топтой ала турган формасынан улам адамдын абада жүрүшүнө шарт түзөт. Кээ бир уруктарда да парашюттарга окшогон бир түзүлүш бар.
Парашют уруктар жетилээр замат дарактан жерге түшүшпөйт. Аларды алысыраак жактарга алып бара турган күчтүү шамалдардын чыгышын күтүшөт. Антпесе, эне дарактын жакын жерине түшкөндүктөн, чоңоюу мүмкүнчүлүгү азаймак.
Парашют уруктардын ылдамдыгы уруктун чоңдугунан жана парашютунда тешиктердин болуп болбошунан көз-каранды. Уруктун парашют сыяктанган бөлүгү канчалык чоң болсо, ылдамдыгы ошончолук жай болот. Ошондой эле, канчалык тешиктери аз болсо, абанын кыймылдарына ошончолук сезгич болот. Уруктардын мындай тешиктүү түзүлүшү Silybum marianum өсүмдүгүндөгү сыяктуу жөнөкөй жибектүү болушуна, төө тикендеги (Cirsium occidentale) сыяктуу түктүү болушуна же кум чөбүндөгү (Scabiosa stellata) сыяктуу кабыкчалуу түзүлүштө болушуна жараша өзгөрөт.28
Бул бир канча мисалдан да көрүнүп тургандай, парашют уруктардын терең пландалган өзгөчөлүктөрү бар. Анда уруктун ылдамдыгынын жогорулашы жана оңой кыймылдашы үчүн керектүү нерселердин баары бар.
Бул түзүлүштүн кокустан пайда боло албашын көрсөтүү үчүн мындай мисал берели. Адамдар колдонгон парашюттарды элестетиңиз. Булардын атайын бир долбоор менен жасалгандыгынан эч ким күмөн санабайт жана эч ким буга каршы чыкпайт. Бир парашюттун өзүнөн-өзү пайда боло албашын баарыбыз билебиз. Парашютту башында ойлонуп долбоорун түзгөн бир киши болгон. Парашют жасоодо колдонула турган кездеменин жибин өндүргөн, ал жипти токуп кездемеге айландырган бир фабрика, анан ал кездемелерди бириктирген адамдар бар. Парашюттун абада баратканда ачыла турган механизми атайын план, долбоор менен жасалган. Туруп туруп эле бир кездеменин парашютка айланып, абада уча турган бир системалуу болуп калбашы айдан ачык.
Анда, парашют сыяктуу түзүлүштөрү, ал тургай, парашюттан алда канча комплекстүү механизмдери бар уруктар кантип пайда болгон? Тешиктеринин аз же көп болушу сыяктуу жагдайларды ким ойлонуштурган? Бул суроого жооп катары «булар уруктардагы маалыматтарда коддолгон» дегендер болушу мүмкүн. Бул жоопту айткан кишилер эң алгачкы уруктун кайдан чыкканын, кантип пайда болгонун, бул маалыматтардын уруктун ичине кантип жазылып калганын түшүндүрүп бериши керек. Эң алгачкы уруктун өзүнөн-өзү, кокустан бул маалыматтарга ээ болуп калышы мүмкүн эмес. Урукту түзгөн көзсүз жана аң-сезимсиз атомдордун бир күнү чогулуп алып, «биз урук деген бир нерсени жасайлы, ичине чоң дарактардын, бири-биринен кызыктуу өсүмдүктөрдүн, түркүн түстүү гүлдөрдүн, абдан даамдуу мөмөлөрдүн маалыматтарын коддойлу, андан соң бул урукту жер жүзүнө таратып, бүт дүйнөдө миллиондогон түрдүү өсүмдүктөрдү пайда кылалы» деген чечим чыгарышы мүмкүн эмес.
![]() |
Devedikeni bitkisinin tüylü tohumlarını Allah, rüzgarla taşınmaya en uygun yapıya sahip olarak yaratmıştır. |
Албетте, акылдуу жана логикалуу бир адам мындай сөздү айта албайт. Бир парашюттун өзүнөн-өзү пайда боло албашы сыяктуу эле, парашютка окшогон уруктардын да өзүнөн-өзү пайда боло албашы, мынчалык пландуу түзүлүштөрдүн кокустан келип чыкпашы анык.
Эволюционисттер канчалык аракет кылышпасын, уруктардын пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрө алышпайт. Grains de Vie аттуу эволюционисттик бир эмгекте парашюттуу уруктардын бул түзүлүшү «жообу табылбаган бир маселе» деп айтылган:
Эволюциянын учканга мынчалык кылдат адаптация болгон колдонмо чекиттерди кантип пайда кылгандыгы алигече жообу табылбаган бир маселе.29
Бул сүйлөмдөн көрүнүп тургандай, эволюционисттер өздөрү ойлоп чыгарган «эволюция» деген абстракттуу, кыялдагы бир түшүнүктү өзүнчө бир күчтөй көрүп, эволюцияны бир нерселерди жасачу, планын, долбоорун түзүп, пайда кылчу күчү бардай көрсөткөн сөздөрдү айтышууда. Чындыгында болсо «эволюциянын» эч кандай күчү жок. Эволюциянын негизги кыймылдаткычы катары кабыл алынган кокустук болсо ээнбаш бир процесс жана анын кемчиликсиз системаларды жасай турган күчү жок.
Уруктар ичине керектүү маалыматтарды жазып койгон, кандай шартта жашай турганын, кандай системаларга муктаж болоорун билген бир күч тарабынан бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган. Бул, албетте, эч теңдеши жок бир күч-кудурет жана бүт ааламдарды жараткан Аллахка тиешелүү. Аллах ааламды жаратып, кемчиликсиз бир план менен бүт баарын калыпка салган. Акылдуу ар бир адам ааламдагы тартип жана планга байкоо жүргүзүп, Аллахтын жараткан нерселери жөнүндө ойлонууга милдеттүү. Аллах Куран аяттарында Өзүнөн башка кудай жок экенин жана Ага ибадат кылуу менен гана кутулууга жетүүгө болоорун төмөнкүчө билдирген:
Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле? Чыныгы Малик Аллах өтө Улуу, Андан башка кудай жок; (Ал) Карим, Арштын Рабби. Ким жарактуу, анык бир далили жок туруп, Аллах менен бирге башка бир кудайга сыйынса, анын эсеби Раббиңдин Кабатында. Эч күмөнсүз, (Аллахты) тангандар (жокко чыгаргандар) кутулууга жете алышпайт. (Мүминун Сүрөсү, 115-117)
Апийимдердин жана арстан ооздордун мөмөлөрү шамалда чайпалганда айланага миңдеген ипичке уруктарды чачышат. Бул уруктар ушунчалык кичинекей болгондуктан, абада учкан чаңдарга окшошот. Бул өсүмдүктөрдө уруктар турган капсулалардын үстүңкү бөлүгүндө тешиктер болот. Тешиктерди туз салгычтын үстү жагындагы тешиктерге салыштырууга болот. Өткөн кылымдын башында туз салгычты ойлоп тапкан R.H. France да ушул өсүмдүктөрдөгү өтө мыкты жасалган системадан илхам алган.30
Орхидеялардын болсо үч урук кабынан турган капсулалары бар. Бул капсулалар жетилгенде айланага ипичке, майда уруктарын чаң чачкандай чачып жарылышат. Уруктардын эч салмагы жок. Эч кандай азык кампалары жок. Ал тургай, эмбрион да али толук жетиле элек болот. Өнө алуу үчүн орхидея уруктары абдан ыңгайлуу шарттарды табуулары зарыл. Бул алар үчүн бир ыңгайсыздык жаратпайт. Себеби орхидея уруктарынын саны укмуш көп.31
![]() |
Üstteki resimde görülen ve tohum kesiti görülen haşhaş gibi bitkilerin meyveleri rüzgarla sarsıldıkları zaman etrafa binlerce incecik tohum bırakırlar. Yandaki resimde ise haşhaş bitkisinin çiçeği görülmektedir. |
Парашюттуу уруктар сыяктуу, түктүүлөр да жерге түз түшүшпөйт. Эне өсүмдүктөн бөлүнүү үчүн шамалдын аларды кыймылдатышын күтүшөт. Бул уруктарга мисал катары клематисти (Clematite) берүүгө болот. Пампа чөбү (Perbe de la pampa) сыяктуу узун түктүү өсүмдүктөр болсо шамалда желектей желбирешет. Бул түктөрү аркылуу уруктар шамал менен алыстарга жете алышат.32
![]() |
Filbaharı (Clematite) bitkisinde (en soldaki resim) döllenmeden sonra her meyve ile birlikte bu türe özgü bir stilde şık tüyler ortaya çıkar. Üstteki iki resimde ise pamuk bitkisinin tohumları görülmektedir. |
![]() |
Kumsala ulaştığı için çimlenmeye başlayan hindistan cevizi bitkisi. |
Деңиздин же дарыянын жээгинде өскөн өсүмдүктөр уруктарын суу аркылуу таратышат. Мындай өсүмдүктөрдүн уруктары сууга чыдамкай өзгөчө түзүлүштө болушат. Суу өткөрбөгөн жана сууга чөкпөгөн, сууда көпкө саякат кылган соң да өнүү касиетин жоготпой турган өзгөчөлүктө, бекем болушат.
Уруктарын суу аркылуу таратуучу өсүмдүктөрдүн уруктарындагы суу өткөрбөө касиети калың жана жылмаланган сырткы катмардан келип чыгат. Сууда чөкпөө касиети болсо кээде бир аба бөлмөсү аркылуу, кээде көңдөйлүү губка сымал бир түзүлүш аркылуу, кээде болсо кичинекей уруктардагы сыяктуу беттик керилүүнү колдонуу аркылуу камсыз кылынат.
Кокос дарагы уруктарын суу аркылуу таратуучу өсүмдүктөрдүн бири. Урук транспорт коопсуздугу үчүн катуу бир кабыктын ичине жайгаштырылган. Бул катуу кабыктын ичинде узак бир сапар үчүн, суу да кошо, керектүү нерселердин баары даяр. Сырт тарабы болсо урукка суунун зыяны тийбеши үчүн абдан катуу бир токулган кабык менен оролгон. Кокос уруктарынын эң маанилүү касиеттеринин бири болсо – бул алардагы сууга чөктүрбөй турган аба боштуктары. Бүт бул касиеттеринен улам кокос уруктары жүздөгөн километрлик кеңири аймакка океан агымдары аркылуу тарай алышат. Урук жээкке жеткенде өнүп баштайт жана бир кокос дарагына айланат.33
Кокостор деңиз агымдары аркылуу жайылууда эң ийгиликтүү өсүмдүктөрдөн. Бул чоң сүйрү данек дүйнөнүн бүт тропикалык жээктеринде бар. Кокосту чөктүрбөй турган эң негизги себеп – бул анын жипчелүү бир мөмө болушу. Себеби өсүмдүктүн жипчелеринин арасына аба чогулат. Кокостун сырткы кабыгы түз, жылмаланган жана суу өткөрбөс болот. Бул касиеттеринен улам кокос суу бетинде айлар бою сүзүп жүрө алат.34
Тропикалык кеңдиктерде саякат кылган уруктардын дагы бири болсо – бул чоң буурчак уруктардан деңиз буурчактары. Абдан калың жана суу өткөрбөгөн сырткы кабыгы жана өтө узун жашай алуу касиетинен улам бул уруктар саякат кылган өсүмдүктөрдүн эң мыктыларынан болуп саналат. Уруктарындагы же уругу бар мөмөлөрүнүн ичиндеги аба бөлмөлөрү себептүү деңизге чөгүшпөйт. Деңиз буурчактарынын уруктары кокостордой чоң эмес жана башка жактарга жетүүдө бир гана дарыяларды колдонот.35
![]() |
Hindistan cevizi ağacı oldukça büyük olan tohumlarını su vasıtası ile dağıtır. Tohumların büyüklüğü yolculuk sırasında gerekli olan yedek besin deposunun miktarını belirler. |
Мындан тышкары, Caesalpinia bonduc аттуу өсүмдүктүн уруктары да деңиз агымдары аркылуу абдан алыстарга чейин жете алат. Тоголок, боз түстөгү бул кичинекей урук калың кабыгынын астында жайгашкан аба бөлмөсү себептүү сууга чөкпөйт. Канчалаган жылдар бою деңизде жүрө алат жана ошончо убакыт бою өнүү касиетин жоготпой чыдай алат.
Тропикалык бир Африка өсүмдүгү Entada gigasтын уруктарынын формасы болсо жүрөк сыяктуу абдан кызыктуу. Уруктар абдан чоң көлөмдөгү эттүү бөлүктүн ичинде жетилет. Суунун жээгин бойлой өскөн бул өсүмдүк күчтүү жамгырлар аркылуу тарап, Атлантика океанына чейин жетет. Ошентип канчалаган жылга созулган сапарларга чыккан уруктар Европага, Мексика булуңуна жана Флоридага чейин барышат. Жана жеткен жеринде өнүп, жаңы бир өсүмдүккө айланышат.
Уруктарын суу аркылуу таратуучу дагы бир өсүмдүк түрү болсо – бул Pancratium maritimum, б.а. деңиз лилиясы. Жер ортолук деңиз менен Атлантиканын кумдуу жээктеринде кездешкен бул өсүмдүк бурч сыяктуу түзүлүштөгү кара жана укмуш жеңил уруктары аркылуу тарайт. Уруктардын сырткы кабыгы балыр сыяктуу түзүлүштө болот.36
Настурция (кызгылт-сары түстүү гүлү бар бир жылдык өсүмдүк) сымал өсүмдүктөрдүн уруктары гидрофобдук (суу өткөрбөс) бир жылма зат менен капталган. Бул жылма зат алардын суунун беттик керилүүсүн колдонушуна жана натыйжада сууга чөкпөшүнө шарт түзөт. Ошентип өсүмдүктөрдүн уруктары дарыялардан сүзүп өтө алышат.37
![]() |
1. Caesalpinia bondus |
Bazı bitkilerin tohumları oldukça büyüktür ve üreyebilmek için suya ihtiyaç duyarlar. Bu tür bitkilerin tohumlarında ihtiyaçları olan herşey vardır. Örneğin yolculuklarında yetecek miktarda besin deposu, yüzmelerini sağlayacak hava yastıkları, yağlı yüzey bu tohumlardaki tasarımın detaylarından birkaç tanesidir. Bir tür palmiye ağacı olan Coco de mer (Coco de fesse olarak da bilinir) bitkisi 20 kg ağırlığa kadar tohum üretebilmektedir. Bu ağır tohum suda bir nevi hava kapanı sayesinde yüzer. Tohumda bulunan suyu iten yağlar ve kimyasallar, su geçirmeme özelliğini artırır. (üstte ki resim) |
Сууну колдонуп уруктарын таратуучу өсүмдүктөр салмагын азайтуучу жана беттик аянтын көбөйтүүчү бир түзүлүштө болушат. Ичи абага толгон, суунун бетинде сүзгөн мындай түзүлүш көбүнчө мөмөлөрдө жана уруктарда кездешет. Сүзүп жүрүүчү кыртыштын бир канча түрү бар. Ичи абага толгон клеткаларда көңдөйлүү губка сымал түзүлүштөр же уруктун ичи клеткалардын арасындагы боштуктарды жок кыла тургандай абалда абага толгон түзүлүштөр түрүндө болушу мүмкүн. Уруктар мына ушундай түзүлүштөр себептүү сүзө алышат. Мындан тышкары, сүзүүчү кыртыштын сырткы кабыгы суу киргизбей турган болушу зарыл. Ошондой эле, өсүмдүктүн маалыматтары сакталган эмбрионду коргоо үчүн бир ички катмар болот.38 Уруктардагы бул пландуу долбоорлор Аллах жер жүзүндө жараткан сансыз жаратуу далилдеринин бирөөсү гана.
Бул бөлүмдө берилген мисалдардан да көрүнүп тургандай, суу аркылуу көбөйүүчү өсүмдүктөрдөгү эң негизги өзгөчөлүк – бул уруктардын дал кургактыкка жеткенде ачылышы. Негизи бул абдан кызыктуу жана өзгөчө бир көрүнүш, себеби, белгилүү болгондой, өсүмдүк уруктары көбүнчө сууга тийгенде өнүп башташат. Бирок бул эреже сөз болуп жаткан өсүмдүктөргө тиешелүү эмес. Уруктарын суу аркылуу таратуучу өсүмдүктөрдүн уруктары бул жагдайда өзгөчө болушат. Эгер бул өсүмдүктөр да башкалар сыяктуу сууга тийээр замат өнүп баштаганда, алда качан тукум курут болушмак. Бирок алардагы механизмдер жашаган шартына ыңгайлуу болгондуктан, бул өсүмдүктөр жашап келе жатышат.
Жер жүзүндөгү бүт өсүмдүктөр өздөрү үчүн эң ыңгайлуу түзүлүштө болушат. Ар бир түргө тиешелүү өзгөчө касиеттер «кантип ар бир өсүмдүк түрүнүн муктаждыктары менен жашаган чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү бири-бирине төп келишет жана бул өзгөчөлүктөр кантип пайда болгон?» деген суроолорду жаратат.
Уруктарын суу аркылуу таратуучу өсүмдүктөрдү мисалга алып карасак, бул өсүмдүктөрдүн кокустан пайда боло албашын дагы бир жолу толук түшүнөбүз. Бул өсүмдүктөрдүн уруктары сууда көпкө жүрө алуу үчүн кадимкиден чыдамкайыраак болушу керек; ошондуктан кабыктары абдан калың жана эмбрионду суудан коргой турган атайын түзүлүштөрү бар. Мындай түзүлүштүн кокустан, өсүмдүктүн жеке аракети менен пайда боло албашы анык. Ошондой эле, уруктарга узун сапарда кадимкиден көбүрөөк азык керек болот жана бул уруктардын ичине дал керектүү өлчөмдө азык коюлат. Албетте, бул дагы кокустан келип чыкпай турган бир өзгөчөлүк. Бир өсүмдүктүн жолоочулук мөөнөтү менен азык муктаждыгын эсептеп, керектүү азык өлчөмүн уругунун ичине койо албашы анык. Бул өсүмдүктөрдүн уруктары, башка өсүмдүктөрдүн тескерисинче, сууда жүргөн кезде өнбөй, кургактыкка жеткенде өнүп башташат. Мындай убакыт планынын да кокустан келип чыгышы мүмкүн эмес.
Мындай кылдат эсеп жана өлчөмдөрдүн баары уруктарды жараткан, алардын бүт муктаждыктары менен өзгөчөлүктөрүн билген, чексиз акыл жана илим ээси Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылган. Аллах бүт баарын бир чен-өлчөм менен жараткандыгын бир аятта төмөнкүчө кабар берет:
Жерге (келсек,) аны төшөп-жайдык, анда чайпалбас тоолор койдук жана анда бүт нерседен өлчөмү белгиленген түшүмдөр өстүрдүк. (Хижр Сүрөсү, 19)
![]() |
Mangrov ormanları hem bitki hem de hayvan çeşitliliği açısından dünyadaki en verimli bölgelerden biridir. Genellikle sakız ağaçlarının biraraya gelmesiyle oluşurlar. Bu bölgelerde yetişen Rhizophora ve Ceriops gibi bitkilerin son derece ilginç bir üreme şekli vardır. Bu bitkilerin havada gelişen kökleri, yay gibi eğilerek alüvyonların ve balçığın içerisine saplanır. Tohumlarıysa daha anne bitkiden ayrılmadan yeşermeye başlar ve filiz haline gelir. Belli bir süre sonra bu filizler de balçığın içine düşerler. Filizler düşer düşmez çok hızlı bir şekilde köklenmeye başlarlar. Böylece çevre şartlarıyla sürüklenme ve kaybolup gitme riski de baştan yok edilmiş olur. (Grains de Vie, s. 40) |
![]() |
Yukarıda resmi görülen Cyperus gibi bitkilerin tohumlarında tüy veya uzantı yoktur. Bu bitki de diğer pek çok bitki gibi tohumlarını su yolu ile dağıtır. Tohumları kaplayan cila suda batmadan ilerlemelerini sağlar. (Grains de Vie,s.41) |
Чөптөрдү аралап басканыңызда кийимиңизге жабышкан, итиңиздин жүндөрүнө жабышкан уруктар бул үчүн атайын түзүлүштө болушат. Ийнелер, илгичтер, илмек жана тикендер бул өсүмдүктөрдүн кыймылдаган нерселерге жабышышына шарт түзгөн түзүлүштөрдүн кээ бирлери. Кээ бир түрлөрдө болсо булардын ордуна жыты, түсү же даамы менен өзүнө тарткан мөмөлөр болот. Ал мөмөлөр жаныбарларды өзүнө тартуу, уруктарын аларга ташытуу үчүн атайын жасанып дизайн кылынгандай. Түсү, жыты, формасы жана көрүнүшү жагынан эң мыкты. Кант, суу, энергия жана минерал туздарга да бай болгондуктан, жаныбарларга бүт жагынан жагымдуу болуп саналат. Бул мөмөлөрдү жеген жаныбарлар уруктарды жылаңачтап өсүмдүктөрдүн көбөйүшүнө чоң салым кошушат. Ошентип өсүмдүктөр бул ташыгычтар аркылуу абдан кеңири аймактарга тарай алышат.
![]() |
1. Buğdaygillerden olan yabani arpa (Hordeum murinum) kılçıklarla kaplıdır ve özel bir tutunma sistemi vardır. Bu sistem o kadar etkilidir ki yapılan her harekette tohum tutunmuş olduğu yere daha da sağlamlaşarak yapışır. Bu arada dikenlerinin ucundaki mikro-kabuklar sayesinde de diplerdeki tohumları gelebilecek her türlü tehlikeye karşı korur. (Grains de Vie, s.45) 2. Trifolium hirtum adındaki bu bitkinin baş kısmında serbest halde tüycükler vardır. Eğer bir hayvan bu bölüme çarparak geçecek olursa meyvenin etrafındaki bu yapı parçalanır. Ardından rüzgar da tohumları etrafa saçar . (Grains de Vie, s.46) 3. Memeli hayvanların sindirim sistemleri kuşlara göre çok daha yavaş işlemektedir. Bu da hayvanın yemiş olduğu tohumların çok daha uzak mesafelere kadar gidebilmesini sağlar. Örneğin Afrika'da filler gibi büyük otoburlar çok önemli birer tohum yayma görevlileridirler. Hatta bazı türlerin yeşermesi sadece fillere bağlıdır. Örneğin Batı Afrika'da yaşayan Baillonella toxisperma bitkisinin tohumları yalnızca filler tarafından doğaya serpiştirilmektedir. (Grains de Vie, s.49) |
![]() |
1. Gui (Viscum album) yani ökseotu bütün diğer ağaçların yapraklarını döktüğü kış ayları boyunca yeşil kalan tek bitkidir. Kış sezonu boyunca minik tohumlar üretir. Ökseotu tohumlarının özelliği toprakta değil de ağacın kendi gövdesi üzerinde yeşerebilmeleridir. Peki bu işlem nasıl gerçekleşir? 2. Ardıç kuşları ökseotu tohumlarını çok sever. Bu, ökseotu açısından son derece önemlidir, çünkü bitki üreyebilmek için Ardıç kuşlarının sindirim sistemlerinden geçmek zorundadır. Normal şartlar altında top gibi bir şekle sahip olan tohumlar, yuvarlanarak doğrudan toprağa düşerler ve kendilerine ev sahibi olabilecek başka bir dalın üzerine tutunamazlar. Oysa tohumların yeşermek için mutlaka bir dala tutunması ve yere düşmemesi gereklidir. Bu sorun tohumların Ardıç kuşları tarafından yenilmesi ile çözülmüştür. Ardıç kuşunun karnındaki tohumlar, "visin" denilen çok etkili bir madde ile çevrili olarak vücuttan atılır. Kuşun sindirim sisteminden geçerek bırakılan tohum yere düşmez ve kuşun üzerinde bulunduğu dala yapışır. İşte bu sayede yeni bir parazit bitki dalda yeşermeye başlar. (Grains de Vie, s.47) 3. Görüldüğü gibi, ökseotu bitkisinin üremesi Ardıç kuşunun bu bitkinin tohumlarını sevmesine bağlıdır. Bitkinin böyle bir yöntemle üremesi elbette ki düşündürücüdür. Bu birlikteliğin tesadüfen oluşmasının mümkün olamayacağı açıktır. Ökseotları ilk ortaya çıktıkları andan itibaren bu yöntemi kullanarak üremektedirler. Çünkü bu şekilde yaratılmışlardır. Bu birlikteliği yaratan, iki canlıyı birbirinden haberdar eden Allah'tır. |
![]() |
Çam ağaçları tohumlarını pek çok yöntem kullanarak dağıtırlar. Çam kozalağı, uçabilen tohumlarını ayrı ayrı odacıklarında barındıran bir apartman gibidir. Tohumlar yıllar boyunca sımsıkı bir şekilde kapalı kalırlar. Tohumların ortaya çıkışından yaklaşık üç sene sonra yaz döneminde, güneşin ısıtmasıyla birlikte tohumlar açılmaya başlar ve etrafa saçılıp uçarlar. Çam kozalaklarının ikinci dağılma yöntemi ise sincaplar tarafından taşınmasıdır. Sincaplar daha yaz mevsiminde üzerinde birkaç tane sımsıkı kapalı kozalak taşıyan kısa dalı kopartır ve yuvalarına götürürler. Kozalakların kabuklarını aşağıdan yukarıya doğru ayırarak tek tek soymaya başlarlar. Bu işlem esnasında, son derece metodlu ve hızlı çalışırlar. Daha sonra tohumları yanaklarına doldururlar. Ve sadece üst kabuklara hiç dokunmadan bırakırlar. Çünkü bunlarının içlerinin boş olduğunu bilirler. Bunun ardından, hızla bir çukur açar ve ağızlarındaki tohumların tümünü buraya doldururlar. Eğer çam kozalağının kabuğunu ayıklamaya zamanları yoksa bu durumda olduğu gibi deliğe bırakırlar. İşte bu sayede tohumlar bahara kadar bozulmadan durur. Ve bahar geldiğinde çam kozalakları yeşermeye başlar. (Grains de Vie, s.65) Bitki tohumları sincap benzeri canlılar için önemli bir besin kaynağıdır. Bitkiler ve hayvanlar arasındaki bu uyumlu ilişkiyi yaratan, herşeyden haberdar olan Allah'tır. |
![]() |
Borneo'da yetişen boğazlayan türü incir ağacı, bir tür yabanarısı ile ortak bir yaşam sürdürür. İncir, yabanarılarının yumurtaları için güvenli bir barınaktır. Buna karşılık yabanarıları da polenlerini taşıyarak incirin döllenmesine yardımcı olurlar. |
![]() |
Meyveyle beslenen kuşlar, sadece bu türe özgü olarak, taşlığa sahip değillerdir. Dolayısıyla tohumları öğütmezler. Bu son derece önemli bir özelliktir. Çünkü tohumlar kuşların midesinde öğütülseydi bu durumda, bitkinin türünün yok olması söz konusu olabilirdi. Ancak kuşların taşlığa sahip olmamaları, meyvelerin kuşlar tarafından taşınmasını ve çoğalmasını sağlamaktadır. Görüldüğü gibi kuş ile bitki arasında ortak bir ilişki söz konusudur. Kuş, bedeninde bitkinin tohumlarının taşınmasına olanak tanımaktadır. Buna karşılık bitki ise kendisini serpiştiren kuşun beslenmesini sağlamaktadır. (Grains de Vie, s.49 ) Bitkilerin tohumları kuşlar için kimi zaman yuva yapımında kullandıkları bir eşya niteliğinde olurken kimi zaman da besin maddesi olur. Meyvelerin etli kısmını yiyen kuşlar tohumlarda saklanmış olan embriyonun filizlenmesini kolaylaştıracak pek çok işlem yaparlar. Bazı bitkilerin tohum kabuklarının soyulmasını sağlamak, bazı bitkilerde ise sert olan tohum kabuklarını sindirim sistemlerinde inceltmek kuşların, bitkilerin üremesindeki katkılarından birkaç tanesidir. |
Атайын Коргоого Алынган Урук | ||
![]() Кээ бир өсүмдүк уруктарынын айланасында ичке коргоочу кабык болот. Жаныбарлар көбүнчө урукту эмес, ушул коргоочу жарым кабыкты жутушат. Бул өсүмдүк кабыгында эттүү көрүнгөн жана урукту көбүнчө толук оробогон кичинекей бир неоплазмага окшошот. Уруктарын ушундай жарым кабык (arille) менен коргоочу уруктардын кээ бирлери төмөнкүлөр: Тис дарагы (Taxus baccata) күзүндө ток жашыл түстөгү көрүнүшү тикенге окшогон жалбырактары менен мыкты бир контраст жасаган жандуу кызыл түстүү абдан кооз кабыктар чыгарат. Булар абдан даамдуу кант даамы менен өзгөчө кара дрозддорду (чыйырчык сыяктуу куш) өзүнө тартышат. Бирок кара дрозддор тис дарагынын уругунун кабыгын жегенде даамы ачуу болгон урукту сөзсүз чыгарып салышат. Бул абдан маанилүү. Себеби урук өнүү үчүн сөзсүз тумшук соккулары менен тешилиши керек. Уруктарды дрозддор жутуп алса да, тамак сиңирүү каналдарында эч зыян тартышпайт, себеби кабыктары абдан бекем болот. Тистин уруктарында, ошондой эле, абдан күчтүү бир уу да бар. Бул зат октордун учуна өлтүрүүчү уу катары сүртүлөт жана мындан уулуу дары да жасалат. Анын курамындагы алкалоиддер жандыктын жүрөгүнүн токтошуна себеп болот. Булар ооруларды дарылоодо да көп колдонулат. Алардын эң негизгилери: морфин, стрихнин, атропин. Бересклеттин (euonymus sp.) мөмөлөрүнүн көрүнүшү кызыктуу. Бул мөмөлөр ачылганда куштар үчүн абдан жагымдуу жана үч түстөн турган бир көрүнүш тартуулашат: ички бөлүгү ак, уруктары болсо кара. Мөмөнү ороп турган коргоочу жарым кабык болсо кызгылт сары түстө. Бересклет өсүмдүгү бул түстөрү менен ар кандай жаныбар түрлөрүн өзүнө тартат.
Австралияда өскөн акациянын уруктары азыкка бай кабыктары аркылуу тарашат. Алар түрүнө жараша кызыл, күрөң же ак жана, ошондой эле, узун же кыска да болушу мүмкүн. Кыска ак жана күрөңдөрү кумурскаларга азык болот. Буларды кумурскалар уюктарына ташышат. Кара түстөгү уруктар болсо кээде кабыгынан бөлүнүп, жолдо түшүп калышат. Ошентип уюкка жетпей сыртта калышат. Бирок көп уруктар жердин астындагы уюкка толтурулат. Ал жер болсо алар үчүн өнгөнгө эң ыңгайлуу тереңдик болуп саналат. Кызыл түстөгү узун жарым кабыктарды болсо куштар жешет. Буурчакка окшогон мөмөлөрү ачылганда, уруктар жарым кабыктары менен асылган бойдон калышат жана сөөлжанга окшошуп, куштарды өзүнө тартышат.39 |
Түштүк Америкада өскөн Бразилия жаңгагынын (Bertholletia-Бертолетия) капсула ичиндеги уруктары токойдо жерге түшкөн соң белгилүү мөөнөткө жерде калышат. Себеби жаныбарларды кызыктыра турган эч кандай өзгөчөлүгү жок. Бул уруктардын жыты болбойт, сырткы көрүнүшү жагынан да башкалардын көңүлүн бурбайт, ошондой эле, сынышы да абдан кыйын. Бирок бул дарак көбөйүшү үчүн уруктардан турган капсулалардын ичиндеги жаңгактар сыртка чыгарылып, топурактын астына көмүлүшү керек.
Мындай кемчиликтей көрүнгөн өзгөчөлүктөрдүн эч бири Бразилия жаңгагына маселе жаратпайт. Себеби буларды жеңе турган өзгөчөлүктөгү бир жандык бар жана ал жандык Бразилия жаңгагы өскөн жерде жашайт.
![]() |
Çok sayıda lezzetli meyve üreten bir bitki, hayvanlar için besleyici ve cazip bir besin maddesidir. Bu sayede tohumlarını daha geniş bir alana yaymayı da başarabilir. Karıncalarla resimdeki tohum arasındaki ilişki buna bir örnektir. Bu uyumlu beraberliği yaratan, her işi evirip çeviren Allah'tır. |
Түштүк Америкада жашаган бир кемирүүчү түрү болуп саналган агути бул калың жана жытсыз кабыктын астында ал үчүн бир азык бар экенин билет. Агутилердин тиштери курч жана учтуу. Бул өзгөчө тиштери менен уруктардын катуу капсулаларын оңой эле сындырышат. Бир капсуланын ичинде болжол менен 20 чамалуу жаңгак болот. Бул агутилердин бир жегенинен бир топко көп. Агути жаңгактарды оозу менен көтөрүп барып, кичинекей тешиктерди даярдап, ал жерге салып үстүн көмүп койот. Агутилер жаңгактарды кийин жеш үчүн ушундай кылганы менен, көмгөн жаңгактарынын көпчүлүгүн кийин кайра таба алышпайт. Жана бул Бразилия жаңгагынын пайдасына болот. Ошентип дарактын уруктарынын көпчүлүгү топурактын астына көмүлүп, өнгөнгө даяр болуп калат.41
Көрүнүп тургандай, агутинин азыктануу ыкмасы менен Бразилия дарагынын көбөйүү ыкмасы бири-бирине абдан шайкеш келет. Мындай шайкештик кокустан пайда болуп калган эмес. Бул организмдер бири-бирин кокустан таап алган эмес. Бразилия дарагынын мындай аң-сезимсиз бир кокустуктун келип чыгышын күтүп отура турган убактысы жок; мындай мүмкүнчүлүгү да жок. Себеби бул дарактын көбөйүүсү эң алгач пайда болгон күндөн бери агутиден көз-каранды. Демек бул эки организм бири-бирине шайкеш кылып жаратылган.
![]() |
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот: бир үйгө кирдиңиз дейли. Үйдүн ичинде бир телевизор жана жанындагы столдо бир телевизор пульту турган болсун. Пультту колуңузга алып, аны менен телевизорду күйгүзүп, каналдарды котордуңуз деп элестетели. Бул учурда кандай ойго келмексиз? «Бул пульт бул телевизорду башкара тургандай долбоорлонуп өндүрүлүптүр» деген ойго келет болушуңуз керек. Башка бир киши бөлмөгө кирип: «бул пульт да, телевизор да көп жылдардын ичинде кокустуктардын натыйжасында пайда болушкан жана кокустуктардын натыйжасында бири-бирине шайкеш болуп калышкан» десе, ал киши жөнүндө кандай ойго келет элеңиз? Бул адамдын акылы жайындабы деп күмөн санайт болушуңуз керек.
Бул жерде мисал келтирилген Бразилия жаңгагы менен агути аттуу кемирүүчүнүн арасындагы шайкештик бир телевизор менен пульттун арасындагы шайкештиктен алда канча татаал. Бул эки организмдин тең бүт системалары бири-бирине пайдалуу кылып пландалган. Жана, албетте, бир план бар болсо, аны түзгөн бирөө да бар.
Табиятта сансыз мисалдарын көрүүгө болгон мындай шайкештиктер, эч күмөнсүз, абдан улуу бир акылдын чыгармалары. Чексиз акыл ээси Аллах эки организмди тең бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан:
Жер бетинде ырыскысы Аллахка тиешелүү болбогон эч бир жандык жок. Анын жайгашуучу ордун да жана убактылуу турган жерин да билет. (Булардын) Баары апачык бир китепте (жазылуу). (Худ Сүрөсү, 6)
17- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.86
18- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.60
19- David Attenborough, The Private Life of Plants, Princeton Univ. Press, Princeton, New Jersey, s.15
20- David Attenborough, The Private Life of Plants, Princeton Univ. Press, Princeton, New Jersey, s.16
21- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.62
22- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.61
23- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.61-62
24- www.britannica.com/bcom/eb/article/9/0,5716,68289+1+66568,00.html
25- Alfred Stefferud, The Wonders of Seeds, s.68-69
26- David Attenborough, The Private Life of Plants, Princeton Univ. Press, Princeton, New Jersey, s.19
27- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.54-55
28- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.56
29- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.56
30- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.57
31- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.57
32- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.57
33- Solomon, Berg, Martin, Villie, Biology, Saunders College Publishing, s. 751
34- Grains de Vie, s.36-37
35- David Attenborough, The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, s.24
36- Grains de Vie, s.38-39
37- Grains de Vie, s.41
38-T.T. Kozlowski, Seed Biology, Academic Press, New York and London, 1972, s.194
39- Grains de Vie, s.53
40- David Attenborough, The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, s.24
41- David Attenborough, The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, s. 35