1. Бөлүм: Уруктагы Сыр

Азыр эгип жаткан (урук)ту көрдүңөрбү?
Аны силер өстүрөсүңөрбү, же өстүргөн Бизбизби? Эгер кааласак, чындыгында аны бир куураган чөп кылмакпыз; натыйжада таң калып-калмаксыңар.
(Вакыа Сүрөсү, 63-65)

Төмөнкү сүрөттөрдү караңыз. Бир караганда кургак тактай бөлүктөрүнө окшогон бул нерселер эмнелер? Бул нерселерден жандуу бир организм чыгышы мүмкүнбү?

tohum

Бул сүрөттөрдү караган көп адамдар буларды мөмөнүн данектери же чырпыкка окшогон заттар, ал тургай, бир ыпыр-сыпыр деп да ойлогон болушу мүмкүн. Андай болсо, сиз кээ бирлер «ыпыр-сыпыр» деп ойлогон бул нерселерди алып, бакчаңыздагы же үйүңүздөгү бир гүл идишинин ичиндеги топуракка көмүп, белгилүү убакыт күтүңүз. Белгилүү убакыттан соң эмне болот деп кызыксаңыз, арткы бетти ачып караңыз жана жыйынтыкты көрүңүз.

Арткы беттеги сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, бул «кургак тактай бөлүктөрү» - уруктар. Жана бул уруктар ылайыктуу шарттар түзүлгөндө, өнүп чыгып ар кандай өсүмдүктөрдү пайда кылып таң калтырышат. Бул кичинекей, кургак нерселерди кайсы өзгөчөлүк бир тактай сыныгынан айырмалайт?

Уруктарды башка нерселерден айырмалоочу абдан маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Уруктарда ал тиешелүү болгон өсүмдүктүн ар бир бутагы, ар бир жалбырагы, ал жалбырактардын саны, формасынын кандай болоору, кабыгынын кандай түстө жана калыңдыкта болоору, азык жана суу ташыган түтүктөрүнүн эни (туурасы), саны, өсүмдүктүн узундугу, мөмө берип-бербеши, берсе ал мөмөлөрдүн даамы, жыты, формасы, түсү жөнүндөгү –кыскасы, бир өсүмдүк менен байланыштуу- бүт маалыматтар болот.

Урук жөнүндө эч нерсе билбесек жана бул затты биринчи жолу көрүп жатсак, эмне ишке жарай турганын да эч билбесек –сүрөттөн көрүнүп тургандай- уруктардын ичинен эч бири экинчисине окшобогон сансыз өсүмдүктөрдүн чыга алаарын, бул өсүмдүктөрдүн кээ бирлеринин бир канча метр бийиктикке жете алаарын болжоп биле алмак белек? Албетте, биле алмак эмеспиз.

Кургак тактай бөлүгүнө окшогон бир буюмдан жыпар жыттуу, түсү, формасы кооз болгон сансыз гүлдөр; ромашкалар, жоогазындар, азалиялар, каз тамактар, нарцисстер, розалар, бинапшалар (фиалка) чыгат деп ойломок эмеспиз. Ар түркүн мөмөлөрдүн шабдалынын, кокостун, алмуруттун, айванын, тыттын, өрүктүн ушул уруктардан чыккан дарактарда бышып жетилээрин; кичинекей кара, күрөң же сары нерселердин бүлдүркөндөрдү, апельсиндерди, мандариндерди, дарбыздарды, алчаларды, калемпирлерди, помидорлорду пайда кылаарын элестете да алмак эмеспиз.

ördek, meyvalar

Ошондуктан урук жөнүндө терең ойлонуу керек. Миллиондогон жылдан бери уруктардын ичинде өсүмдүктөргө тиешелүү бүт маалыматтардын сакталып келгенин жөнөкөй бир нерседей көрбөө керек. Бул жөнүндө ойлонгон адамдын түшүнүгү абдан өсүп, көп кубулуштарга болгон көз-карашы өзгөрөт. Муну жакшыраак байкап түшүнүү үчүн адамдын өзүнүн жанындагы, мисалы үйүндөгү жашылча-жемиштер, гүлдөр, мөмө-чөмөлөр жөнүндө ойлонуп башташы жетиштүү болот.

ördek, meyvalar

Göklerde ve yerde nice ayetler vardır ki, üzerinden geçerler de, ona sırtlarını dönüp giderler. (Yusuf Suresi, 105)

Мисалы, бир урук дарбызга айланышы үчүн ага кандай маалыматтар керек, ойлонуп көрөлү. Бир тилим дарбызды колубузга алып карасак, абдан мыкты бир тартипти көрөбүз. Бул тартипти түзгөн маалыматтардын баары дарбыздын уруктарында болот. Дагы жакшылап караганыбызда дарбыздын уруктарынын ар биринин ичке бир байламта (жипче) менен суулуу бөлүккө туташтырылганын, уруктардын ичке бир кабык менен оролгонун көрөбүз. Бул кабыктын түзүлүшү жөнүндөгү маалымат дагы, дарбызды даамдуу кылган канттын өлчөмү, маңызы жана даамы жөнүндөгү маалыматтар дагы уруктарында болот. Мындан тышкары, дарбыздын кабыгындагы оймо-чиймелер, кабыктын калыңдыгы, бетиндеги момдуу түзүлүш жөнүндөгү маалыматтардын баары уруктарда коддолгон. Кабыкты түзгөн клеткаларга бир курулуш устасы да жасай албай турганчалык жылмакай бир кыртышты жасаткан маалымат да уруктарда болот.

karpuz ve çekirdeği

Karpuz çekirdeklerindeki detaylı tasarımı inceleyen bir insan çok önemli bir gerçeğe ulaşacaktır. Bu küçücük çekirdeklerin içinde, tadıyla, kokusuyla, koruyucu kabuğuyla kusursuz bir meyvenin bilgilerinin yerleştirilmesi bir yaratılış mucizesidir.

Дүйнөнүн бүт тарабында дарбыздардын бирдей өзгөчөлүктө болушунун себеби да урукта сакталган ушул маалымат. Ошондуктан дүйнөнүн кайсы тарабына барбайлы, дарбыздын уруктарынан алып топуракка тиксек, белгилүү убакыттан кийин бир дарбыз өсүмдүгү өсүп чыгып, андан соң бул өсүмдүктүн үстүндө кичинекей дарбыздар пайда болуп, алар акырындап чоңоюп, чыныгы бир дарбызга айланганын көрөбүз.

Дагы бир мисал берели, жана ийне жалбырактуу бир дарактын өзгөчөлүктөрү менен чөл өсүмдүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүнүн кээ бирлерин алып, салыштыралы.

Кышында жер тоңуп калганы үчүн дарактын тамырлары белгилүү убакыттан соң топурактан суу ала албай калат. Ошондой эле, кышында жамгыр абдан аз жаап, көбүнчө кар жаайт. Ошондуктан дарактар кыш мезгилиндеги кургакчылыкка чыдамкай болушу керек. Дарактарга мындай чыдамкайлыкты жалбырактары берет. Мисалы, көп ийне жалбырактуу дарактардын жалбырактары катуу бир тери сыяктуу болот жана түшпөйт. Жалбырактардын бетиндеги момдуу түзүлүш суунун бууланып чыгып кетүүсүн азайтат жана бул чыдамкайлык жалбырактардын түшүшүнө же суу басымынан улам өсүмдүктүн соолуп калышына бөгөт болот. Мындан тышкары, ийне жалбырактуу дарактардын жалбырактарынын көпчүлүгү ийне сымал болуп, тоңго карата да чыдамкай келет.

Ошондой эле, бул өсүмдүктөр жаз мезгилинде жаңы жалбырак ачканда энергия топтошот. Жана жалбырактардын чыдамкайлыгы да бул өсүмдүктөр үчүн маанилүү. Себеби бул өсүмдүктөр аба-ырайынын ар бир мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, фотосинтез жасап, азык жыйнашат. Жалбырагы түшпөгөн дарактардын формасы көбүнчө учтугуй (конус) формада болот жана мындан улам үстүлөрүнө көп кар турбай, бутактары салмактан сынбайт. Мындан тышкары, калган карлар даракты сууктан коргоп, жалбырактардан нымдуулуктун чыгышын азайтып, суу жоготуусуна бөгөт болот.1

sinapis

Her ağaç türü farklı bir görünüme sahiptir. Bu görünümle ilgili tüm bilgiler de tohumlarda saklanmıştır.

Чөлдө жашаган бир өсүмдүк үчүн кургакчылык эң чоң коркунучтардын бири. Жаан-чачындын качан жаашынын белгисиз болушу, кум бороондору, күндүн ысыктыгы сыяктуу терс факторлор кадимки шарттарда өсүмдүктөрдүн тукум курут болушуна алып келиши мүмкүн. Бирок чөл өсүмдүктөрүн же кургак климаттарда өскөн башка өсүмдүктөрдү караганыбызда, аларды ошол шарттарга чыдамдуу кылган өзгөчө касиеттеринин бар экенин көрөбүз. Уруктарынын түзүлүшү, көбөйүү формалары ушундай шарттарда урпагын улантканга ыңгайлаштырылган.

Буга чөл өсүмдүктөрүнүн уруктарынын курамындагы кээ бир заттардан мисал келтирели. Көптөгөн чөл уруктарында алардын өнүп чыгышына жолтоо болуучу ар кандай заттар болот. Мисалы, Sinapis alba аттуу өсүмдүктүн мөмөлөрүндө уруктун өнүп чыгышына жолтоо болуучу «бластоцель» заты болот. Аризонадагы кээ бир чөл өсүмдүктөрү дагы курамындагы кээ бир заттардан улам көпкө созулган уйку периодунан кийин гана көчөт чыгарышат. Мисалы, Lepidium lasiocarpum аттуу өсүмдүк бир жылдан соң, Streptanthus arizonicus 26 айдан соң өнүп чыкканга даяр болот. Бул заттардын болушунун мааниси өзгөчө кургакчылык мезгилинде даана көрүнөт.2

Бул эки өсүмдүктүн мисал келтирилген өзгөчөлүктөрүнүн баарынын маалыматы уруктун эмбрионунда бар дегенди билдирет. Жалбырактарын төкпөгөн өсүмдүктөр менен чөл өсүмдүктөрүнүн арасындагы ушул бир канча айырмачылык дагы өсүмдүктөрдүн уруктарынын ичинде канчалык көп жана терең маалыматтардын коддолгонун апачык көрсөтүүдө.

çiçekli kaktüs

Çöl bitkilerinin susuzluğa ve sıcağa dayanıklı bir yapılarının olması da bu bitkilerin tohumlarına kodlanmış olan bilgilere bağlıdır. Bu çeşit çeşit bilgiyi küçücük tohumların içine sığdıran, elbette sonsuz bir kudret sahibi olan Allah'tır.

Розанын кызыл өңү, жалбырактарындагы ийилген жерлердин ар биринин кандай болоору, канча жалбырактуу болоору, жалбырактарынын жумшактыгы, баркыт сымал түзүлүшү, розага жыт берген заттардын өлчөмү, булардын баары – маалымат. Баклажанга сыя-кара түс берген, үстүн лактуу кабык менен орогон, ичине уруктарын тизген, сабын бекем кылган, сабынын ичиндеги транспорт түтүктөрүнүн узундугун аныктаган маалыматтардын баары эмбриондо жазылуу. Кургак таякка окшогон асма бутактарынан таттуу жана суулуу баштыкчаларга окшогон жүзүмдөрдү чыгарган да ушул маалымат. Жүзүмдүн кабыгын жаңгактын кабыгынан айырмалуу кылган, бул эки мөмөнүн түсүн, даамын, жытын, ичиндеги витаминдерин аныктаган, бирин суулуу бирин кургак кылган да уруктардын эмбриондорундагы маалыматтар.

Өсүмдүктөр алгач пайда болгондон бери урук аркылуу көбөйгөн түрлөрдүн баарында бул маалыматтар болуп келген. Бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, бул маалыматтар болбосо, ал өсүмдүк да болбойт. Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат:

Урукка бул маалыматтар ким тарабынан киргизилген?

Бул суроонун жообун китептин киришүү бөлүмүндө бергенбиз. Бирок бул жерде дагы бир жолу эске салуу туура болот. Бул кереметтүү маалыматтардын баарын уруктун ичине бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах орноткон.

üzüm

Kupkuru tohumlardan kusursuz güzellikteki, ren garenk bitkileri, meyveleri çıkartan göklerin ve yerin Rabbi olan Allah'tır.

Кичинекей бир уруктун ичине мынчалык кереметтүү маалыматтын орнотулушу жана уруктардын башка өзгөчөлүктөрү ыймандуулар үчүн Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигине мисал болот. Алардын ыйманынын бекемделишине, Раббибизге жакындашына себепчи болот. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү экенин миңдеген беттик маалыматтарды кичинекей уруктарга орнотуу, теңдеши жок, ар түркүн өсүмдүктөрдү бул кичинекей нерселерден чыгаруу аркылуу бизге дагы бир жолу көрсөтүүдө. Уруктардан өсүмдүктөрдү чыгарган бир гана Аллах. Бул чындык Куран аяттарында төмөнкүчө айтылат:

Азыр эгип жаткан (урук)ту көрдүңөрбү? Аны силер өстүрөсүңөрбү, же өстүргөн Бизбизби? Эгер кааласак, чындыгында аны бир куураган чөп кылмакпыз; натыйжада таң калып-калмаксыңар. (Вакыа Сүрөсү, 63-65)

Башка бир аятта урукту жаратып, топурактын ичине түшкөндө аны жарып ичинен жаңы бир өсүмдүк чыгаргандын да Аллах экендиги төмөнкүчө кабар берилет:

Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Энъам Сүрөсү, 95)

Чындык ушунчалык ачык көрүнүп турса да, муну түшүнө албаган адамдар жер жүзүндө дайыма болуп келген. Аллахтын бар экенин жокко чыгарган адамдар бул жаратуу кереметин көрмөксөн болуп, уруктун пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылышкан жана дагы эле аракет кылышууда. Бирок канчалык аракет кылышпасын, жыйынтык өзгөрбөйт. Акылдуу жана жүрөгү ак ар бир адам уруктагы кемчиликсиз түзүлүштөрдү жана ичиндеги кереметтүү маалыматты изилдегенде, мунун кокустан пайда боло албашын түшүнөт жана бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгына күбө болот. Китептин кийинки бөлүмдөрүндө да каралгандай, уруктардагы тартип менен ичиндеги маалыматтардын өзүнөн-өзү пайда болушу эч мүмкүн эмес.

ördek, meyvalar

İçleri şekerli su dolu, lezzetli üzümler üstte görülen kuru ağaç dallarında yetişir. İncecik bir dalın üzerinde kilolarca üzüm yaratan hiç kuşkusuz ki Allah'tır.

Dipnotlar

1-Harry J. Fuller, The Plant World, s.85-86

2- www.britannica.com/bcom/eb/article/1/0,5716,120821+4+111095,00.html