Көрбөй жатышабы; Биз сууну түшүмсүз жерге айдап, аны менен эгин өстүрүүдөбүз;
андан малдары, өздөрү жеп жатышат? Дагы эле көрүшпөйбү?
(Сажда Сүрөсү, 27)
Айланаңызда көргөн бир канча метр узундуктагы дарактар, жыпар жыты менен ырахат тартуулаган гүлдөр, жашылча-жемиш, мөмө-чөмөлөр сыяктуу көптөгөн өсүмдүктөр башында урук болчу. Бул уруктар кандай этаптардан өтүп калыптанган?
Уруктун пайда болушунун биринчи этабы гүлдүү өсүмдүктөрдөгү чаңчаларды, башкача айтканда, эркек клеткаларын ташуу болуп саналат. Шамал, чымын-чиркейлер, жаныбарлар же башка кандайдыр бир жол менен сапар тарткан эркек көбөйүү клеткалары (чаңчалар) аягында гүлдөрдүн ургаачы көбөйүү органдарына жетет.
![]() | |||
A. DİPLOİT SAFHA C. Mayoz |
1. Anter |
6. Embriyo (2n) |
11. Endospermi oluşturacak hücre (sekonder çekirdek) |
a. Yumurtalık içinde tohum taslağı | |||
Bu şemada bir bitkinin çiçeklenmesinden tohum oluşumuna kadar gerçekleşen aşamalar görülmektedir. Böyle bir işlemin tesadüfen ortaya çıkamayacağı akıl sahibi her insan için açık bir gerçektir.(Musa Özet Osman Arpacı, Ali Uslu, Biyoloji 3, Surat Yayınları, s.17) |
Гүлдөрдүн так ортосунда мөмө жалбырактарынан (энеликтерден) турган бир же бир канча ургаачы орган болот. Ар бир ургаачы органдын эң үстүңкү бөлүгүндө болсо бир урчук, анын астында урчукту кармаган бир моюнча жана эң астында урук долбоорлорун камтыган барсайган бир энелик без болот.
Эркек органдардан келген гүл чаңчалары үстү жабышчаак бир суюктук менен капталган урчукка конуп, андан соң моюнча аркылуу түбүндөгү энелик безге барышат. Бул жабышчаак суюктуктун абдан маанилүү бир кызматы бар: гүл чаңчалары моюнчанын астындагы энелик безге жетмейинче, ал жердеги урук долбоорлорун уруктандыра алышпайт. Бул жабышчаак суюктук гүл чаңчаларынын айланага чачылып, ысырап болушуна бөгөт болот.
A. Kabuksuz Tohumlu Bitkilerde (Gymnospermlerde) B. Çiçekli Bikilerde (Angiospermlerde) C. (Tek çenekli bitkilerde) |
![]() |
|
a. Kozalaklılarda b. Palmiyelerde e. Düğünçiçeğigiller |
1. Tohum Zarı |
|
Değişik bitki türlerine ait olan bu tohum taslaklarında yedek besin deposunun ve embriyonun şeklinin birbirinden farklı olduğu görülmektedir.(Grains de Vie. s. 18) |
Гүл чаңчалары урчуктун үстүнө конгон соң чоңоюп баштайт. Жетилген ар бир чаңчада эки сперма клеткасы болот. Өзүнө түрдөш бир гүлдүн урчугуна жабышкан чаңча тамырдай ичке бир түтүк чыгарып, ургаачы органдын моюнчасынан энелик безди көздөй созот. Түтүкчө узарып энелик безге жеткенде үзүлөт жана ичиндеги спермалар эркиндикке чыгат. Ошентип спермалардын бири энелик бездеги жумуртка клеткасы менен биригет. Бул келечекте урукту пайда кылат. Экинчи ядро болсо ошол эле урук долбоорундагы башка клеткалар менен биригип, уруктун өнүп чыгышына керектүү азык кампасын пайда кылат. Мына ушул кубулуш уруктануу (чаңдашуу) деп аталат. Уруктануудан белгилүү убакыт өткөн соң урук пайда болот.
Уруктануудан соң пайда болгон ар бир урукта бир өсүмдүк эмбриону менен бир азык кампасы болот. Өсүмдүк жөнүндө башынан бери айтылган маалыматтардын баары ушул эмбриондо орун алат; башкача айтканда, эмбрион өзүндө өсүмдүктүн кичинекей бир копиясын алып жүрөт. Азык кампасы болсо өсүмдүк өз азыгын өндүрө турган деңгээлге жеткенге чейин эмбрионду чоңойтот.
![]() |
1. Resimlerde görülen arpa, antep fıstığı, ceviz, pirinç, fındık, kestane gibi tohumlar son derece besleyicidir. 2. Bezelye, içinde şeker depolayan tohumlardandır. 3. Allah tohumları vesile kılarak insanları pek çok yönden rızıklandırmaktadır. |
Уруктардагы эмбриондун жанындагы азык камы абдан маанилүү. Себеби урук абалындагы бир өсүмдүктүн фотосинтез жасай турган жалбырагы жана топурактан азык ала турган тамырлары жок. Топурактын үстүнө чыга турган бир көчөткө айланганга чейин урук өзүндөгү ушул азыкты колдонушу керек болот. Ошондуктан азык камы уруктун өнүп жетилишине жетиштүү көлөмдө болушу зарыл.
Бул жерде кереметтүү бир жагдайга күбө болобуз. Ар бир өсүмдүктүн уругунда дал ага керектүү көлөмдө азык сакталат. Көп убакытка өнбөй чыдоо керек болгон уруктардын (мисалы, кокостун уруктары) ичиндеги азыктын көлөмү менен сууга түшкөндөн кыска убакыттан кийин өнүп баштаган уруктардын (коон, дарбыз ж.б.) ичиндеги азыктын көлөмү бирдей болбойт. Ошондой эле, уруктануудан (чаңдашуу) кийин урук калыптанып жатканда, өсүмдүктүн түрүнө жараша кайсы заттардын кампага коюлаары да белгилүү. Уруктарда көбүнчө крахмал менен белок, кээде болсо буларга кошумча кант менен май да урукта азык катары кампага коюлат. Бул заттардан крахмал сөзсүз керек, себеби урукка керектүү негизги энергияны крахмал берет. Кампага коюлган белоктор болсо өсүмдүккө керектүү башка белокторду жасоодо зарыл болгон аминокислоталарды пайда кылат.3
Эми бул жерде бир саамга ойлонолу. Бул азыктын көлөмү менен курамын ким жөнгө салат? Муну урук жөнгө сала албайт, себеби али урук калыптана элек болот, бул урук пайда боло электе белгиленет. Анда өсүмдүк уруктун кандай этаптардан өтүп, канча убакыттан кийин уруктана алаарын аныктап, азыктын өлчөмүн өзү белгилейби? Мындай ыктымалдыкты кабыл алуу үчүн «өсүмдүктүн өзүнүн акылы жана аң-сезими бар, келечекти пландай алат, өзүнөн көз-карандысыз окуялардан кабардар» деген пикирлерди жана дагы ушул сыяктуу көптөгөн логикасыз көз-караштарды кабыл алуу керек болот. Албетте, акыл жана логикага таянган бир адам муну кабыл ала албайт.
Демек, бул жерде апачык бир чындык көрүнүп турат: ар бир өсүмдүктүн уругунун ичине дал керектүү өлчөмдөгү азыкты бүт өсүмдүктөрдүн жана алардын уруктануу этаптарынын, системаларынын Жаратуучусу Аллах салып койгон.
![]() |
İçinde yağ depolayan bu tohumlardan pek çok yönden faydalanılmaktadır. |
Уруктануудан (чаңдашуу) соң урук калыптанып жатканда өсүмдүктүн түрүнө жараша крахмал жана белок менен бирге кант менен май да уруктун кампасына азык катары салынат. Крахмал урукка керектүү энергиянын негизги булагы болуп берет. Кампадагы белоктор болсо өсүмдүккө керектүү башка белокторду жасоодо эмбрионго зарыл болгон аминокислоталарды берет. Бирок эмбрион белоктор менен крахмалды сиңирип, аларды өз ичинде бир жерге жылдыра алышы үчүн сууда ээрибей турган бул белок менен крахмалдар химиялык жактан майдаланып, сууда ээрий турган майда бөлүктөргө бөлүнүшү керек болот. Кийинки бөлүмдөрдө каралгандай, урук бул муктаждыкты чече турган бир система менен бирге жаратылган.4 Урук өнүп-өсүп бир өсүмдүккө айланышы үчүн сөзсүз зарыл болгон азык кампасынын болушу бир эле өсүмдүктөр үчүн маанилүү эмес. Уруктардагы бул азыктандыргыч заттар адамдар үчүн да, жаныбарлар үчүн да зор мааниге ээ. Мисалы, буудай, жүгөрү, күрүч, арпа, кара буудай, сулу, таруу, кара күрүч, боб (буурчак) өсүмдүктөрү (буурчак, фасоль, соя, вигна, жер жаңгак) жана кабыктуу жемиштер (Бразилия жаңгактары, кокос, жаңгак, бадам сыяктуу) ичинде азыктандыргыч заттарды камтыган уруктардан. Көбүнчө уруктарда башка заттарга салыштырмалуу кант азыраак болот. Таттуу жүгөрү, каштан, бадам, жер жаңгак жана буурчак (нокот) сыяктуу уруктар болсо башкаларга салыштырмалуу кампасына көбүрөөк кант топтогон уруктардан болуп эсептелет.
Кампасына май топтогон уруктарда май уруктар калыптанып жатканда тездик менен көбөйөт. Уруктардан алынган майлардын кээ бирлери зыгыр, пахта, соя, зайтун, жер жаңгак, кастор уругу, кокос, кунжут жана курма өсүмдүктөрүнөн алынат. Бул майлар азык катары колдонулуудан тышкары, бойок, лак, клеенка, сыя, самын жана изоляция материалдарын жасоодо да колдонулууда.5
Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, адамдын өмүрү жана ден-соолугу түздөн-түз же кыйыр түрдө уруктардан көз-каранды. Клетчаткасы (целлюлозасы) көп азыктар, курчутмалар (специя), суусундуктар, азык катары жана өнөр-жайда колдонулган майлар, витаминдер жана дары-дармектер адамдар уруктардан пайдаланган тармактардын бир канчасы гана.
![]() |
Çinko, kalsiyum, fosfor, E vitamini vs. açısından zengin olan balkabağı tohumları. |
Кургак уруктардын көпчүлүгүнүн азыктык баалуулугу абдан жогору. Алардан ашкабактын уругу, кунжут жана күн караманын данектеринде дан өсүмдүктөрүнүн уруктарына караганда көбүрөөк белок болот. Мисалы, ашкабактын уруктарынын 30%дан ашууну белоктон турат. Е витаминине бай болгон бул уруктардын салмагынын жарымынан көбү майдан турат. Мунун көпчүлүгү (80%дан көбү) артериосклероздон коргоочу майлар, биздин негизги май кислоталарыбыз жана майда ээрүүчү витаминдерден A, D жана E витаминдери. Уруктарда В витамини да болот, бирок анын өлчөмү уруктун түрүнө жараша өзгөрөт.6
Мындан тышкары, уруктар минералдарга да абдан бай. Мисалы, ичинде көп өлчөмдө темир жана цинк бар. Өзгөчө ашкабактын уруктарында магний да көп. Ошондой эле, көп уруктар жезге бай. Уруктарда кальций, калий жана фосфордун өлчөмү да абдан жогору, аз санда натрий болот. Көп уруктарда йод да кездешет.
Ашкабактын уруктарында цинк концентраты бар. Бул касиетинен улам ар кандай ооруларды дарылоодо колдонулат. Мындан тышкары, ашкабактын уруктары кальций, фосфор жана темирге да бай. Ошондой эле, курамында Е витамини жана негизги май кислоталары бар. Уруктарында В витаминдеринин аралашмасы бар, алардын арасында эң көбү ниацин.
Yanda iç yapısının şematik anlatımı görülen ayçiçeği tohumlarının meyve kabukları kuru ve sert dokulardan oluşur. Bu nedenle olgunlaştıklarında tohum kabukları çatlamaz. Bu, kabukların içindeki besin değeri yüksek tohumun saklanması için gereklidir. 1. Tepecik 5. Tohum Taslağı |
![]() |
![]() |
Кунжут уруктары дүйнөдө эң көп колдонулган уруктар. Бул уруктарда май көп (майлуулук деңгээли 55%дан жогору). Кунжут уруктарынын курамында болжол менен 20% белок, кээ бир А жана Е витаминдери, В12 жана фолий кычкылдыгынан тышкары В витаминдеринин көпчүлүгү бар. Көп уруктар сыяктуу кунжут уруктары да минералдарга бай. Кальций, жез, магний, фосфор жана калий сыяктуу цинк менен темир да көп. Кунжут уруктары кальцийдин мыкты бир булагы. Ошондой эле, көп уруктар сыяктуу фосфорго да бай. Кунжут уруктары курамындагы Е витамини же башка факторлордон улам мелүүн бир антиоксидант таасирге ээ.7
![]() |
Pek çok mineral ve vitamin tohumlarda bulunur. insan yaşamının devamlılığı için tohumların varlığı zorunludur. Bu, diğer canlılar için de geçerlidir. Allah tohumları tüm canlılar için nimet olarak yaratmaktadır. |
Чийки күн карама данектери (семечкалар) куурулганына жана туздууларына караганда азыктык баалуулугу жогору болуп эсептелет. Кан басымында көйгөйү барлар үчүн күн карама данектери калийге бай, натрийи аз. Күн караманын данектериндеги май (артериосклероздон коргоочу майлар сыяктуу), негизги линолдук (линолевая) кислота жана Е витамини холестерол деңгээлин төмөндөтүү жана жүрөк-кан-тамыр ооруларынын алдын алууда абдан натыйжалуу. Күн караманын данектери болжол менен 25% белоктон туруп, жипчелүү болушат, В витаминине бай. Курамында көп өлчөмдө калий, аз өлчөмдө натрий жана ар кандай деңгээлде цинк, темир жана кальций бар. Күн караманын данектери минералга бай. Жез, марганец жана фосфор да абдан көп, мындан тышкары, магний да бар.8
Бул бир канча мисалдан да көрүнүп тургандай, Аллах уруктарды себепчи кылып адамдарга көп тараптан ырыскы берүүдө. Бул жагынан уруктар өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн бир себепчиси гана эмес, шүгүр кылуу керек болгон Аллахтын сый-жакшылыктарынын бири дагы болуп саналат.
Силерге Аллах ырыскы кылып берген адал (жана) таза нерселерден жегиле жана эгер жалгыз Ага гана ибадат кылчу болсоңор, Аллахтын нематтарына (жакшылыктарына) шүгүр кылгыла. (Нахл Сүрөсү, 114)
Tohum Örnekleri |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
Şimdi ekmekte olduğunuz (tohum)u gördünüz mü? Onu sizler mi bitiriyorsunuz, |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
Görmüyorlar mı; Biz, suyu çorak toprağa sürüyoruz da onunla ekin bitiriyoruz; ondan hayvanları, kendileri yemektedir? Yine de görmüyorlar mı? |
3- Malcolm Wilkins, Plantwatching, NewYork, Fact on File Publications, 1988, s.48
4- Plantwatching, s.48
5- Wilfred W. Robbins, T. Elliot Weier, C. Ralph Stocking, Botany, An Introduction to Plant Science, s.268)
6-http://www.healthy.net/asp/templates/book.asp?PageType=Book&ID=343
7-http://www.healthy.net/asp/templates/book.asp?PageType=Book&ID=343
8-http://www.healthy.net/asp/templates/book.asp?PageType=Book&ID=343