Бир коомдо «адамдарга сыйынуу дининин» өкүмчүлүк кылып жатканын түшүнүүгө көмөкчү боло турган кээ бир ишараттар бар. Алардын арасында эң негизгиси – бул адамдардын Аллахтын бар экенин жана дайыма алар менен бирге экенин унутуусунан келип чыккан капылеттик. Мындай капылеттикте жашаган жана Аллахтын ыраазылыгын унутуп адамдардын каалоолорун –дин адеп-ахлагына карама-каршы келсе дагы- орундаткан бир адам басмырланууга жана уят болууга да даяр болгон болот.
Буга бир топко кошулууну каалаган бир адамдын ал топтогу адамдар мени ийкемдүү экен дешсин жана араларына кошушсун деп Куранга эч туура келбеген мамилелерди жасашын мисал келтирүүгө болот. Туура эмес экенин билип туруп, адамдарга жагынуу үчүн гана ар кандай жаман иштерди жасай алган бир адам дүйнөдө да мунун абийир азабын тартат жана акыретте да абийирсиздигинин жазасын алат. Ал адам адамдарга жагындым деп ойлоп жаткан кезде Аллах анын чыныгы ниетин толук билип турат. Ал Аллахты унуткан болот, бирок Аллах аны ар дайым көрүп, жүрөгүндө жашырган ниетин билип турат. Адамдар анын мындай мамилелери үчүн ал жөнүндө жакшы ойдо болушса да, Аллах ал кишинин жасалмалыгын билип турат.
Мисалы, мүнөзүнүн өтө жаман экенин, жакыр жана муктаж адамдардын акысын жегенин, Аллах тыюу салган адилетсиз жолдор менен байыганын көрүп туруп, кызмат ордунда жогорулоо үчүн гана башкаруучусунун бүт мындай иш-аракеттерин көрмөксөн болгон кишини да Аллах көрүп турат. Ал киши башкаруучусу аны «иштемчил жана өтө берилген» десин деп болгон аракетин жумшап жатканда да, Аллах арам кылган бир ишти көрмөксөн болуп жатканда да, Аллах анын бүт ойлоруна жана сөздөрүнө күбө болот. Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн эч нерсе кылбай, кандайдыр бир адамдын ыраазылыгына жетүү үчүн жасагандарынын баары Аллах Кабатында жазыла берет.
Мына ушундай туура эмес ишенимдеги адамдар бирөөлөргө жакшы көрүнүү, аларды ыраазы кылуу үчүн чылбырын адамдар башкарган бир куклага айланып, алардан талап кылынгандарды –туура, туура эмес, арам, адал дебестен- толук орундатышат. Дүнүйөлүк каалоолоруна жана бир катар напсисинин эңсөөлөрүнө жетүү үчүн Аллахты унуттурган, Анын ыраазылыгын көздөөдөн алыстаткан жасалма бир системанын бөлүгүнө айланууну кабыл алышат. Адамдык намысын тебелеген, адамды басмырлаган жашоо калыбын кабыл алууга даяр болуп, башка адамдардын башкаруусунда, ыймандан келип чыккан адамдык салабаттуулуктан алыс, пас адам болуп жашашат. Мунун натыйжасында болсо, бир-бирине карата өтө алдамчы, сый-урматсыз жана эки жүздүү мамиле жасаган, чыныгы мааниде сүйүүнү билбеген, өз кызыкчылыктары үчүн гана жашаган коркунучтуу бир адам коомунун келип чыгышына себеп болушат. Өздөрүн чыныгы достук жок, толугу менен кызыкчылыктарга таянган мамилелер өкүмчүлүк кылган бир системанын ичине камашат. Өз колдору менен курган бул системанын ичинде болсо, Исра Сүрөсүндө кабар берилгендей, Аллахтын жардамынан жана мээриминен алыс, жападан жалгыз жана жардамчысыз калышат:
Аллах менен бирге башка кудайларды тутунба, антпесе жектелген жана өз башыңча (жападан жалгыз жана жардамсыз абалда) ташталган болосуң. (Исра Сүрөсү, 22)
Ширк (Аллахка шерик кошуу) жолуна түшүп, «адамдарга сыйынуу дининин» бир мүчөсүнө айланган кишилердин мындай абалга түшүшүнүн кээ бир себептери төмөнкүдөй.
Ширк жолуна түшкөн адамдар Аллахтын бар экенин жана ааламды толук башкарып тураарын унутушкан. Мындай капылеттиктен (билбестиктен) улам өзүмдүн көз-карандысыз бир күчүм бар деп ойлошот. Каалагандарымдын баарын жасай алам, пландагандай жашай алам, эч ким мага кийлигишпейт, өз жашоомду өзүм чечем деп ойлошот. Өзүнөн жогору эч бир бийликти кабыл албай, козголоңчу мүнөздө болушат. Аллахтын чексиз кудуретин, бүт нерсени башкарып тураарын, өздөрүнүн болсо алсыз кулдар экенин билмексен болушат. Бүт ааламдын Аллах белгилеген бир тагдыры бар экенин жана эч кимдин ал үчүн белгиленген бул тагдырдан сыртка чыга албашын түшүнө алышпайт. Натыйжада дүйнөдө өзүнүн каалоо-эңсөөлөрүнө карап гана жашоого аракет кылып, Аллахтын ыраазылыгын унутушат.
Бирок бул адамдар чындыктарды билбей, өздөрүн ушунчалык жоопкерчиликсиз сезип жүрүшкөндө, б.а. Аллахтын бар экенин унутуп жүрүшкөндө, Аллах дайыма алар менен бирге болот. Кылгандарынын баарын көрүп, Аллахты унутуп адамдардын ыраазылыгына жетүү үчүн жасап жаткан аракеттерин билет. Мисалы, бир адамга болгон сүйүүсүн далилдей алуу жана анын сүйүүсүнө жете алуу үчүн жасаган аракеттерине, өзүн сүйдүрүү үчүн өтө кылдаттык менен жасаган мамилелерине, кыскасы, бүт кылгандарына Аллах күбө. Куранда Аллахка шерик кошкондордун адамдардын ыраазылыгына жетүүнү көздөгөн аракеттери төмөнкүчө кабар берилет:
Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт... (Бакара Сүрөсү, 165)
Мындай мүнөздөгү бир кишиге сүйгөн адамы ал жөнүндө «мени чындап сүйөт, мени барктайт» десин деп жасаган аракеттерин жана каалоосун Аллахка карата жаса деп сунушталганда, бул сунушту кабыл албайт. Мисалы, беш убак намаз оку деп айтылса, чоң ыктымалдык менен бул сунушту кабыл албайт. Мүмкүнчүлүктөрүм жана убактым жетпейт, жумушум көп болгону үчүн намазга убакыт бөлө албайм деген сыяктуу шылтоолорду айтат. Себеби бул ибадатты жасаса социалдык чөйрөсүндөгү дээрлик эч ким аны мактап, ага суктанбайт. Б.а. анын туура эмес көз-карашы боюнча, бул ибадатты кылуунун ага материалдык бир пайдасы болбойт. Ал тургай, адамдардын ал жөнүндө «намаз окуп жатат, динчил болуп кетти, өтө өзгөрдү» дебеши үчүн дагы бул ибадатты кылуудан баш тарта турганчалык, капылеттикте болушу мүмкүн. Бул тандоосу натыйжасында бир канча адамга үстүртөн жакканы менен, Аллах кулдарына парз кылган маанилүү бир ибадатты жасабай, Анын чексиз сүйүүсү менен мээриминен ажыраганын сезбейт.
Ошондуктан Аллах Куранда кулдарын адамдардын ыраазылыгын көздөп, Анын ыраазылыгын унутуу коркунучу менен эскерткен. Адамдардын ар кандай ширктен өздөрүн тазалап, Аллахка кайрылып, намаз окушун бир аятта төмөнкүчө буйруган:
«Чын көңүлдөн толук моюн сунуп» Ага кайрылгыла жана Андан коркуп-тартынгыла, туптуура намазды окугула жана мушриктерден (Аллахка шерик кошкондордон) болбогула. (Рум Сүрөсү, 31)
Бир күчтөн же окуядан жүрөгүндө күчтүү бир коркуу сезүү адамга көп нерсени эң жакшы жасай турган бир эрк берет. Коркуунун күчү өз эрким менен жасай албайм деп ойлогон окуяларда да адамга күтүлбөгөн анык, так чечимдерди алдырат.
Адамдар жүрөгүндөгү терең коркуунун күчүнөн алардан эмне талап кылынса баарын жасай турган абалга келишет. Мисалы, жокчулукта калган жана шашылыш акча керек болгон бир адам бир жумуш сунушу алганда ага кире алуу үчүн колунан келгенинин баарын жасайт. Бул мүмкүнчүлүктөн эч кол жуугусу келбейт. Жумуш жөнүндө маектешкен кишилерге өзүн эң жакшы таанытууга аракет кылат. Ката кетирүүдөн коркот. Ал кишилерге өтө сый менен мамиле кылып, алар кулк-мүнөзүнө жана иш тажрыйбасына ишениши үчүн колунан келишинче аракет кылат. Ал ишкананын эрежелери, ар жерде иштеген кишилерден талап кылынган өзгөчөлүктөр сыяктуу маалыматтарды жолугушуудан (маектешүүдөн) мурда билип алууга жана маектешүү учурунда аларга карама-каршы келчү сөздөрдү айтпаганга аракеттенет. Бир саамга да өзүн бош коюп, туура эмес кыймыл-аракеттерди жасабайт. Келечеги жөнүндөгү коркуу жана тынчсыздануулары ага энергия берет. Ишканадагы жооптуу кишилер маектешүүдөн соң ал жөнүндө оң чечим чыгарышы жана ал жөнүндө пикирлерин билдирип жатканда «дал биз издеген киши» деши үчүн колунан келгендин баарын кылат.
Башка бир киши болсо жанында иштеген ишкана ээсине фирма ичинде ал каалабаган иштерди жасап жатып кармалып калуудан өтө коркот. Жумушунан кеч калбаганга, телефондон жеке сүйлөшүүлөрүн жасабаганга, кыскасы, ал ишканада коюлган талаптарга моюн сунганга аракет кылат. Фирмадагы башка жумушчулар да буларга этият бол деп эскертишет. Жумуш дисциплинасы жок, алаңгазар киши болуп көрүнүүдөн өтө коркот. Себеби мындай терс пикирлер дүйнөдө материалдык бир жоготууга учурашына себеп болуп, жакшы жашоодо жашашына тоскоол болот. Албетте, бир адам жумуш дисциплинасын билип, туура эмес иштерден качынышы керек. Бирок бул жерде ал кишинин адамдардан корккону жана алардан тартынганы үчүн гана дисциплиналуу болушу туура эмес болот жана натыйжада ал киши дайыма дисциплиналуу боло албайт дагы. Аллахтан коркпогон бир киши адамдар мени көрбөйт, алар мага эч нерсе дебейт деген учурларда бул дисциплинага туура келбеген ар кандай иштерди жасай алат. Ошондуктан адам жакшы, дисциплиналуу болуп жатканда да, өтө маанилүү бир чындыкты унутпашы керек: коркуу керек болгон жалгыз күч – бул Аллах. Адамдар сүрдөп, корккон, жогору көрүп тартынган кишилерди жана окуяларды жараткан жана контрольдоп турган Аллах. Аллах Кабатында алардын байлыгынын да, күчүнүн да эч мааниси жок. Алардын такыбалыгы (Аллахтан коркуусу) менен жакшы адеп-ахлагы гана маанилүү. Мындан тышкары, адамдар тагдырында жазылган окуяларга гана туш болушат. Бул мисалдагы кишинин тагдырында ал жумушка кирүү жазылган болсо, Аллахтан башка эч бир күч ал жыйынтыкты өзгөртө албайт. Ал тургай, канчалаган каталарды кетирсе да, Аллах кааласа, ал киши жумушка кирет. Бирок эгер тагдырында башка нерсе жазылган болсо, анда эмне гана кылбасын ал жумушка кире албайт. Аллах белгилеген тагдырдын сыртына чыга албайт. Куранда бүт окуялардын Аллахтын билүүсү жана каалоосу менен болоору төмөнкүчө кабар берилет:
Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой. (Хадид Сүрөсү, 22)
Муну унутпаш керек: бул жерде мисал катары алынган киши ишке кире электе өлүп калышы да мүмкүн. Анда өмүр бою сезип келген дүнүйөлүк коркууларынын, адамдарды өзүнчө бир күчтөй көрүшүнүн эч кандай мааниси калбайт. Кылган аракеттеринин баары текке кетет. Акырет күнү пикирлерине өтө маани берген адамдарынын эч бири ага жардам бере албайт. Өмүр бою Аллахтын ыраазылыгын унутуп, адамдарды ыраазы кылууга аракеттенип, жасагандарынын жазасын миң жыл эмес, он миң жыл эмес, миллион же миллиард жыл эмес, түбөлүккө созула турган бир тозок азабы ичинде калып, алышы мүмкүн. Өмүр бою кылгандары үчүн тообо кылып, кечирим сурабаганы үчүн Аллах ал кишиге кылган кылмыштарынан жана жамандыктарынан улам түбөлүк бир тозок жашоосун бериши мүмкүн.
Мына ушул чындыктардын негизинде ойлонгондо, Аллах коркуусунун бүт мындай коркуулардан өтө өйдөдө турушу керек экенин жакшыраак түшүнөбүз. Куранда «... Аллахтан коркуп-тартынгыла жана чындап билгиле, силер Ага кайтарылып-топтолосуңар.» (Бакара Сүрөсү, 203) деп ушул улуу акыйкатка көңүл бурулган.
АДНАН ОКТАР: Мен бир гана Аллахтан корком. Аллахтан башка бир нерседен коркуу арам. Аллах аятында муну айткан, «бир гана Менден корккула» дейт Аллах. Ансыз да эч логикага сыйбайт, Аллах жараткан нерселер, Аллахтын көрүнүшү катары пайда болушат. Башкача айтканда, Аллахтан башка коркула турган эч нерсе жок, эмнеге адамдардан коркушубуз керек? (Урматтуу Аднан Октардын 2009-ж. 13-июлундагы интервьюсунан)