Курандан Сонун Бир Өрнөк: Аз. Мариямдын Мүнөзү

Куранда Аллах Аз. Иса (ас)дын апасы Аз. Мариямды бир гана Өзүнө багытталган бир кул катары мисал келтирет. Аз. Мариям төрөлөрдөн мурда апасы тарабынан жакшы бир кул болсун жана дүнүйөлүк бүт нерселерден тазалансын деген тилек менен Аллахка арналган:

Имрандын жубайы: «Раббим, курсагымдагыны «ар кандай көз-карандылыктан эркиндикке чыгарылган абалда» Сага арнадым, менден кабыл кыл. Күмөнсүз угуучу, билүүчү бир Өзүңсүң» деген эле. (Али Имран Сүрөсү, 35)

Ушундай бир тилек менен Аллахка арналган Аз. Мариям жөнүндөгү Курандын башка аяттары Аллахтын Аз. Мариямдын апасынын бул дубасын кабыл алганын көрсөтүүдө. Али Имран Сүрөсүндө Аз. Мариямдын өтө сонун жана таза адеп-ахлактуу болуп чоңойтулганы төмөнкүчө кабар берилет:

Ошентип Рабби аны сонун кылып кабыл алды жана аны сонун бир өсүмдүктөй чоңойтту... (Али Имран Сүрөсү, 37)

Аллах Аз. Мариямды тандаганын жана аны жогору кылганын болсо төмөнкүчө кабар берет:

Периштелер: «Мариям, күмөнсүз, Аллах сени тандады, сени тазалады жана ааламдардын аялдарынан жогору кылды.» деген эле. (Али Имран Сүрөсү, 42)

Мындан тышкары, Куранда Аз. Мариямга Аллахка чын көңүлдөн моюн сунган, тил алчаак, Аллахтын буйруктарын уккан бир адам болуу буйругу берилгени да кабар берилет:

«Мариям, Раббиңе чын көңүлдөн моюн сун, сажда кыл жана рүку кылгандар менен бирге рүку кыл.» (Али Имран Сүрөсү, 43)

Аз. Мариям белгилүү бир жашка келгенде үй-бүлөсүнөн бөлүнүп чыгыш тарапта бир жерге барган:

Китепте Мариямды да эсте. Ал үй-бүлөсүнөн бөлүнүп чыгыш тарапта бир жерге барган эле. (Мариям Сүрөсү, 16)

Ал жерде жалгыз жашаган Аз. Мариям бир керемет катары Аз. Иса (ас)дын төрөлүү кабарын да ошол жерде алган. Жабраил аркылуу ага Аз. Иса (ас)дын төрөлөөрү сүйүнчүлөнгөн:

Периштелер: «Мариям, чындыгында Аллах Өзүнөн бир сөздү сага сүйүнчүлөйт. Анын аты Мариям уулу Иса Месих. Ал дүйнөдө жана акыретте «тандалган, кадыр-барктуу, сый-урматтуу» жана (Аллахка) жакын кылынгандардан» дешти. (Али Имран Сүрөсү, 45)

Аз. Мариям Аллахтан бир керемет катары ага эч бир адам колу тийбей туруп, Аз. Иса (ас)га кош бойлуу болгон жана андан соң эч ким жашабаган бир жерде өзү жалгыз Аз. Иса (ас)ды төрөгөн. (Мариям Сүрөсү, 20) Аллах ал үчүн белгилеген тагдырга чын көңүлдөн моюн сунган Аз. Мариям бул окуялардан улам коому тарабынан ага жалаалар жабылганда бир гана Аллахка ишенип таянган. Куранда Аз. Иса (ас) төрөлөөрдөн мурда жана төрөлгөн соң болуп өткөн кереметтүү окуяларды түшүнө албаган ал коомдун Аз. Мариямга айткан дооматтуу жана жаман сөздөрү төмөнкүчө кабар берилет:

Ошентип аны көтөрүп коомуна келди. «Эй Мариям, сен чындыгында таң калыштуу бир нерсе кылдың. Эй Харундун бир тууганы, сенин атаң жаман бир киши эмес эле жана апаң да жолдон адашкан, уялбас (бир аял) эмес эле» дешти. (Мариям Сүрөсү, 27-28)

Башка бир аятта болсо коомдун каапыр экени жана Аз. Мариям жөнүндө калптар менен дооматтарды чыгарганы төмөнкүчө кабар берилет:

(Жана) Каапырдык кылып, Мариямга карата чоң жалааларды айтышы, (Ниса Сүрөсү, 156)

Аллах Аз. Иса (ас)ды алып коомуңа бар дегенде, Аз. Мариям Аллахтын буйругуна моюн сунуп, адамдардын ал жөнүндө эмне ойлооруна, ал жөнүндө кандай дооматтар айтаарына маани бербестен, Аллахтын буйругун аткарган. Түшүндүрүү өтө кыйын болгон бир окуяга туш болсо да, муну шылтоо кылган эмес жана талап кылынган нерсени толук орундаткан. Ал жөнүндө коому чыгарган бүт дооматтарга чыныгы бир Мусулманга жараша тургандай жооп берген. Аллахты унутуп адамдарды кудайлаштырган (Аллахты аруулайбыз) караңгы адамдардан такыр башкача түшүнүктө экенин Аллахтын буйруктарын угуп, адамдардын ал жөнүндөгү ойлоруна маани бербөө аркылуу көрсөткөн. Аллах Куранда Аз. Мариямдын жашоосунан келтирген бул мисал аркылуу адамдарга маанилүү насааттарды берүүдө. Себеби Аз. Мариям дүйнөдө эч кимдин башына келбеген, эч теңдешсиз, кереметтүү бир окуя менен сыналган. Өтө оор жана сабырдуулук талап кылган бир шартта адамдардын кысымчылык жана дооматтарына сонун сабыр көрсөткөн. Булардын натыйжасында Аллах Аз. Иса (ас)ды бешикте жаткан кезде сүйлөтүп, апасын адамдардын дооматтарынан актаган.

Аз. Мариям сыяктуу, чын көңүлдөн Аллахка моюн сунган ар бир адам сөзсүз Аллахтын коргоосу астында болот. Адамдар ал жөнүндө эмнелерди гана айтпасын же эмнелерди гана ойлобосун, булардын Куран менен жашаган бир адам үчүн эч кандай мааниси болбойт. Себеби Аз. Мариям мисалындагы сыяктуу, эң негизгиси – бул ыймандуулардын Аллах Кабатындагы абалы.

«АЗ. МАРИЯМДЫН МАКСАТЫ – БИР ГАНА АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЛЫГЫНА ЖЕТҮҮ ЭЛЕ»

АДНАН ОКТАР: Аз. Мариям таптаза, урматтуу бир энебиз эле машаАллах. Бүт ааламдарга өрнөк, бүт ааламдардын аялдарынан өйдө жаратылган. Өтө куттуу бир зат. Билесиңер, бир парда тартып, өзүн толугу менен Аллахка тапшырган, үй-бүлө курууну да ойлогон эмес, машиналарды да, үйлөрдү да, келечекти да. Бүт каалоосу, бүт максаты Аллахтын ыраазылыгына жетүү эле, ошону гана көздөгөн. (23-март 2010-ж., www.HarunYahya.tv интервьюсунан)