Адамдарга Сыйынуу Дининен Кутулуу Үчүн Ойлонуу

Бул китептин башынан бери терең жана мисалдары менен каралган адамдарга сыйынуу дини учурда көп мүчөлөрү, көп ишенгендери бар негизсиз (ойдон чыгарылган) бир динге айланды. Адамдардын бир бөлүгү Аллахтын кудуретин жана акыреттин жакындыгын түшүнө албагандыктан, бул негизсиз динди жана анын эрежелерин өз ойлорунда өтө кадыресе бир нерседей көрүшүүдө. Чындыгында болсо, бул туура эмес дин алардын жашоосуна каргаша, бактысыздык, туңгуюктук сыяктуу көп азаптарды алып келип, Аллахтын ыраазылыгын унутуунун азабын өмүр бою сезүүлөрүнө себеп болууда. Айланасындагы адамдарды Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө бир күчү бар жандыктар деп ойлогон мындай кишилер өмүрлөрүн ошолордун ыраазылыгына жетүү үчүн өткөрүшүүдө.

Бирок адамдын өзү сыяктуу жаратылган жандыктарды кудайлаштырып чоң катачылык кетириши (Аллахты аруулайбыз) өмүр бою адамдарга кул сыяктуу көз-каранды жашашына жана алар тарабынан башкарылышына себеп болот. Мындай адамдар башкаларга жагынуу үчүн өз табиятына туура келбеген, калпычы, жасалма жана оор бир өмүр сүрүүгө мажбур болушат. Натыйжада жашоодон өтө кыйналышат. Дайыма тынчсызданып, стресс болуп, кайгыга түшүшөт. Бул негизсиз системанын эл арасында жайылышы натыйжасында болсо адамдык улуулугу жок, бир заводдон чыккандай бир-бирине окшош түспөлдүү, туура эмес көз-караштагы жана мүнөзү жаман, жарым аңкоо, диалог куруу өтө оор, сөз түшүнбөс бир адам массасы келип чыгат.

Буларга адамдардын абсолюттук өкүмдар Аллахты таштап, караңгылык кылып адамдарды кудай тутунушу себеп болот (Аллахты аруулайбыз). Аллах адамдардын башка кудайлар тутунушу себептүү жер жүзүндө фитна (башаламандык), ызы-чуу жана каргаша чыгаарын Куранда төмөнкүчө кабар берет:

Адамдардын өз колдору менен жасагандары себептүү кургактыкта жана деңизде башаламандык келип чыкты. Балким кайтышаар деп (Аллах) аларга кылгандарынын бир бөлүгүн өздөрүнө таттырууда. (Рум Сүрөсү, 41)

Бул китепте баяндалып берилген бул система татаалдай жана таасирдүүдөй көрүнгөнү менен, чын ниеттүү бир адам үчүн булардан бир заматта бөлүнүп чыгуу өтө оңой болот. Түпкүрүндө ойлонуу жалкоолугунан келип чыккан бул жагдайды жок кылууда эң натыйжалуу жол бул жалкоолукка каршы пикирдик күрөш жүргүзүү болуп саналат.

Ойлонуу – бул адамдын өзү жана жашап жаткан дүйнөсү жөнүндөгү чындыктарды түшүнүшүндө маанилүү бир жол. Терең ойлонуу болсо адамдын жаңы жана туура бир көз-карашка келишине себепчи болот. Ак ниети менен ойлонгон бир адам Аллахтын жаратуу кудуретин, Анын чыныгы өкүмдар экенин жакшыраак түшүнөт. Ойлонуу, адамдардын пикирин канчалык өзгөртүүгө же аларга канчалык жагынууга аракет кылса да, эч бир адамдын Аллахтын тагдырынан сыртка чыга албай турганын түшүнүшүнө себеп болот.

Мындан тышкары, ойлонуу адамдын Аллахтан башка бүт жандыктардын алсыз жана өлүмдүү экенин толук түшүнүшүнө көмөкчү болот. Ушул сыяктуу ыймандык жактан өтө маанилүү темаларды ойлонуп түшүнгөн, акылы бар бир адам үчүн болсо адамдарды ыраазы кылууну көздөгөн бул караңгы динден чыгуу өтө оңой болот. Бир саамга ойлонгон соң, адамдардын эмне дешине, эмне деп ойлошуна же кандай болушун каалаганына маани бербеген, бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн, эрки күчтүү, мүнөзү туруктуу жана аң-сезимдүү, Аллахтан корккон, сонун мүнөздүү бир Мусулман болуп жашоосун улантат.

Куранда кабар берилген Аз. Йусуф (ас)дын зындан жолдошторуна жасаган чакырыгы бул темада ойлонуу керек болгон бир мисал. Аяттарда мындай деп айтылат:

«Эй зындан жолдошторум, башка башка (толтура) Раббилер жакшыбы, же каххар (үстөм, жогору) жалгыз Аллахпы? Силердин Аллахтан башка сыйынгандарыңар – Аллах алар жөнүндө эч бир далил түшүрбөгөн, силер менен аталарыңар ат коюп алган нерселер гана. Өкүм бир гана Аллахка тиешелүү. Ал Өзүнөн башкага кулчулук кылбагыла деп буйруган. Туптуура дин мына ушул, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт.» (Йусуф Сүрөсү, 39-40)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)