Киришүү: «Адамдарга Сыйынуу Дини» Деген Эмне?

Тарых бою кээ бир коомдордо Аллахтын адамдардан эмне каалаганы эмес, адамдардын бир-биринен эмне күткөнү маанилүүрөөк болуп келген. Кээ бир адамдар Аллахтын акыйкат китебинде кабар берген өкүмдөрүнөн, адамдарга буйруган жашоо калыбынан эч кабарсыз, өздөрүнө коомум жана социалдык чөйрөм каалагандай жашашым керек деп шарт коюп алышкан.

Учурдагы Куран адеп-ахлагына ылайык жашабаган коомдорду караганыңызда Аллахтын буйругу менен тыюуларын көп адамдардын толук билбегенин жана аларды орундатпай жатканын оңой эле көрө аласыз. Болгондо да бул жагдай көп адамдарды эч ойлондурбайт. Аллахтын кудурети, Анын ыраазылыгына жетүүнүн канчалык маанилүү экени, Анын буйруктарын аткарбаганда Аллах Кабатында кандай жазанын күтүп тураары эч ойго да келбей, көп адамдар буларды эстеп да коюшпайт. Бирок ал адамдар айланасындагы адамдардын алар жөнүндө эмне ойлоп жатканы, алардан эмнелерди талап кылаары, аларга өздөрүн жакшыраак көрсөтүү үчүн эмнелерди жасашы керек экени сыяктуу жагдайларга өтө көп маани беришет. Ал кишилер адамдарга Аллахтан көбүрөөк жакындык сезген бир системанын ичинде жашап, ал системаны туура эмес болушу мүмкүн деп ойлоп да коюшпайт.

Бул – өтө тамырлуу жана туура эмес бир көз-караш жана жашоо калыбы, адамдардын материалдык жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн сарпташына себеп болгон, ал тургай, өмүрүн ушуга арнап койо турганчалык аларды таасири астына алган туура эмес бир ишеним. Бул ишеним өзүнүн буйруктары жана тыюулары, тууралары жана туура эместери болгон, болгондо да, бүт адамдарды аларга моюн сунууга мажбурлаган жалган бир динге айланган. Бул жалган дин өкүмчүлүк кылган коомдордо ар бир адам өзүнүн социалдык чөйрөсүнүн каалоолоруна ылайык даярдалган бул программага моюн сунууга мажбур болот. Себеби ошондо гана ал адамдардын арасында жашай алат; антпесе четке түртүлүп басмырланат. Башка адамдар көздөрү менен да, кыймыл-аракет жана сөздөрү аркылуу да аны ылдый көрөөрүн апачык сездиришет.

Мындай абалга түшпөө үчүн ал кишинин эртеден кечке, унутпай кайталашы керек болгон бир катар девиздери (ураандары) бар. Мисалы, мени эстүү дешсин, мээлүү дешсин, сулуу дешсин, жайдары дешсин, кишилер менен жакшы байланыш түзөт дешсин, жөндөмдүү дешсин; сараң, өзүмчүл дешпесин, аңкоо дешпесин, сабатсыз, караңгы дешпесин... Бул жалган динди тутунган киши булардын баарын, бир ибадат сыяктуу, дайыма жана эч калтырбастан орундатат. Айланасындагы адамдар андан ыраазы боло турган кулк-мүнөздө болуу үчүн болгон аракетин жумшайт. Буларды өтө тактык менен орундатуунун натыйжасында адамдарга Аллахка караганда көбүрөөк маани берген, аларды ыраазы кылуу үчүн ар кандай сунушту кабыл ала турган, бүт көңүлүн адамдарга бурган бирөөгө айланат. Эми бул киши адамдар бир-бирине кулчулук кылган жалган бир диний системанын ичине камалган болот. Тымызын өкүм сүргөн бул диндин туруктуу бир мүчөсүнө айланат.

Бул жалган (негизсиз) дин – Аллахты таштап адамдарга сыйынууга таянган бир дин. Адамдарды фанаттык бир көз-карандылыкка чакырган жана «адамдарга сыйынуу дини» деп атап койсок боло турган бул жалган ишеним бул китептин негизги темасын түзөт. Аллах Курандын көп аяттарында адамдарды бул туура эмес ишенимден кутулуп, Өзүнө гана кулчулук кылууга чакырган. Ал аяттардын бирөөсүндө мындай деп айтылат:

«Силер Аллахтан башка ар кандай путтарга (идолдорго) гана сыйынып жатасыңар жана ар кандай калптарды айтып жатасыңар. Чындыгында, силердин Аллахтан башка сыйынгандарыңар силерге ырыскы бергенге кудурети жетпейт; демек ырыскыны Аллахтан сурагыла, Ага кулчулук кылгыла жана Ага шүгүр кылгыла. Силер Ага кайтып барасыңар.» (Анкебут Сүрөсү, 17)

Биз бул китепте кээ бир адамдардын бул дүйнөлөрүнө да, акыреттеги түбөлүк жашоосуна да чоң кооптуулук жараткан жана аларды Аллахтын ордуна Ал жараткан адамдарды кудай тутунууга (Аллахты аруулайбыз) мажбурлаган бул шайтандык системанын түзүлүшүн жана адамдарды кантип башкарып алганын бүгүнкү күндөн кээ бир мисалдар аркылуу баяндап беребиз. Мындай адамдарга убакыт бар кезде бул жалган диндин сыйкырынан кутулуу үчүн эмнелерди жасоо керек экенин Куран аяттары аркылуу түшүндүрөбүз.

Бир жагдайды унутпаш керек: бул жалган дин дүйнөдөгү кээ бир коомдорду канчалык таасири астына алса да, эрки күчтүү жана акылы жайында болгон бир адам үчүн бул туура эмес системада жашоодон баш тартуу өтө оңой. Себеби Аллахка чын жүрөктөн ыйман кылуу, Андан башка Кудай жок экенине чындап ишенүү жетиштүү болот. Аллах ыйман кылган кулдарынын жолун ачып, аларды туура жолго салат. Куранды жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн себепчи кылып, аларды караңгы жашоодон чыгарат. Аллах бир аятында ыймандууларды төмөнкүчө сүйүнчүлөйт:
Аллах ыйман кылгандардын велиси (досу жана колдоочусу). Аларды караңгылыктардан нурга чыгарат... (Бакара Сүрөсү, 257)

«АЛЛАХ ДАЙЫМА ЖАКШЫЛАРДЫ КОЛДОЙТ»

АДНАН ОКТАР:... «Адамдардын туура жолдо, жакшылыкта биригиши анчалык кыйын нерсе эмес. Бирок туураны жана жакшылыкты жактагандар чечкиндүү, өтө эрктүү, бекем болушу керек. Болгону ушул. Ансыз да Аллах дайыма жакшыларды, кооздорду, туураларды колдойт, окуялар дайыма ошол багытта өнүгөт. Карап көрсөңөр, Аллах бизге дайыма күч жана мүмкүнчүлүк берип келет. Албетте, алдыбыздан көп тоскоолдуктар чыгып жатат, өтө көп тоскоолдук чыгып жатат, бирок дайыма жолдорубуз ачылып келатат.» (Урматтуу Аднан Октардын 2011-ж. 13-апрельдеги интервьюсунан)