Адамдарга сыйынуу дининин негизги эрежелери «дешсин» жана «дешпесин» логикаларына таянат. Бул эрежелердин түбүндө болсо өзүн адамдарды ыраазы кылууну көздөө, адамдар каалагандай жашоо жана адамдар каалагандай мүнөздө болууга мажбурлуу сезүү жаңылыштыгы турат. Башкача айтканда, жашоосун бул туура эмес логикага таяган бир адам өзүнүн жеке эрки менен акылын колдоно албай калат. Себеби адамдардын мактоосу, жакшы көрүүсү, жакындыгы жана достугу үчүн тынымсыз калыбын өзгөртүүгө мажбур болот. «Адамдар мени мындай дешсин», «эч ким мен жөнүндө мындай деп ойлобосун» деген сыяктуу ойлор акылын колдонушуна жолтоо болуп, айланасындагы адамдардын баарын бир-бирден ыраазы кылууга аракет кылып кыйналышына себеп болот. Өз абийирин укканда эң туура экенин көргөн, ал тургай, тууралыгынан эч күмөн санабаган нерселеринде да тууранын таштап, адамдар каалагандай жашоого мажбур болот. Бирок Куранда Аллахтын ыраазылыгына таянбаган бир жашоонун ал адамды тозокко түртөөрү айтылат:
Үйүнүн пайдубалын (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн пайдубалын кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт. (Тообо Сүрөсү, 109)
Аятта айтылган апачык чындыкка карабастан, бүгүнкү күндөгү динден алыс жашаган коомдордо Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн мааниси дээрлик толугу менен унутулуп калынган. Адамдардын көпчүлүгү өздөрүн Аллахтын ордуна адамдардардын алдында жоопкерчиликтүү жана көз-каранды кылып алышкан. Мунун негизги себептеринин бири болсо – бул адамдардын эч бүтпөгөн мактануу жана өзүн көрсөтүү каалоосу.
Адамдын напсиси макталгысы жана башка адамдарга өзүн көрсөткүсү келет. Аллах жараткан бир кул экенин жана Анын бергендери менен жашап жатканын билбеген адамдар башкалардан келе турган мактоолуу сөздөргө, колундагылар менен башкаларга көрүнүп, бой көтүрүүгө ашыкча маани беришет. Караңгылык, аңкоолук кылышып, буларга өз күчүм менен жеттим жана булар каалаганымча менин колумда болот деп ойлошот (Аллахты аруулайбыз). Куранда мындай туура эмес түшүнүк жөнүндө бакчасы бар бир адам мисал келтирилет:
(Экөөсүнөн) Бирөөнүн башка түшүм (берген жер)лери да бар эле. Ошентип аны менен сүйлөшүп жатканда досуна: «Мен мал-мүлк жагынан сенден байыраакмын, адам саны жагынан да күчтүүрөөкмүн» деди. Өз напсисине зулумдук кылып (ошентип) багына кирип: «Муну эч качан куурап-жок болбойт деп ойлойм» деди. «Кыямат саатын да келбейт деп ойлойм. Ошентсе да Раббиме кайтарылып бара турган болсом, күмөнсүз, мындан жакшыраак акыбетке жетем.» (Кехф Сүрөсү, 34-36)
Аяттарда да кабар берилгендей, бул киши колундагы багынын чыныгы ээси менмин деп ойлоп, өз оюнда аны менен мактанууда. Ал жерлерди түбөлүккө менин колумда калат деп ойлоодо. Чындыгында болсо буга Аллах өкүм берет. Аллах ал бактын жана ал кишинин тагдырында эмне белгилеген болсо, ошол болот. Аллахтан башка эч ким боло турган нерселерди өзгөртө албайт. Бирок ал бактын ээси, ыймансыз киши бул чындыкты билбегендиктен, караңгы көз-карашта ойлонуп, колундагылар менен мактанууда. Тагдырды эч ойлонбостон, багы жөнүндө жана өзүнүн келечеги жөнүндө божомолдорун айтууда. Бул жердеги максат – адамдарды байлыгына суктандыруу жана алардын мактоолорун алуу болушу мүмкүн. Булардын баарын Аллахтын ыраазылыгына жетүүдөн жогорураак койгондуктан, Аллах ал кишинин багын чоң бир кырсык аркылуу жер менен жексен кылып, ага мактанып, өзүн көрсөтө турган бир мүлк калтырбай койгон. Бактын ээси башына келген окуялардан улам капылеттик уйкусунан ойгонуп, Аллахтан башка кудайлар тутунуп күнөө кылганын түшүнгөн. Куранда бул абал төмөнкүдөй баяндалат:
(Анан) Анын түшүмдөрү (кырсыктар менен) оролду. Эми ал короткон каражаттары үчүн колдорун (кайгыруу менен) ушалап калды. Ал (бактын) чатырчалары кулаган эле, өзү болсо мындай деп жатты: «Аттиң, Раббиме эч кимди шерик кошпогонумда кана.» (Кехф Сүрөсү, 42)
Курандагы бул мисалдан да көрүнүп тургандай, мактануу менен өзүн көрсөтүүнү көздөп жашоо ыйман кылбаган бир адамдын напсисинин каалоосу болуп саналат. Мындай адамдар дүйнөнүн жаралуу максаты катары адамдардын бир-бири арасында мактанышы, өзүн көрсөтүшү, мал-мүлк жактан байышы сыяктуу баалуулуктарды түшүнүшкөндүктөн, ошолого жеткенде ийгиликке жеттим деп ойлошот. Аллах башка аяттарында мындай туура эмес түшүнүктөгү адамдарды төмөнкүдөй кабар берет:
(Мал-мүлк жана байлыктын) Көптүгү менен мактануу силерди «эңсетип алаксытып, башыңарды айлантты». «Ошентип (бул) мазарга барышыңарга (өлүмүңөргө) чейин уланды.» (Текасүр Сүрөсү, 1-2)
Чындыгында болсо, чындык көпчүлүк болууну бир артыкчылыктай көргөн мындай адамдар ойлогондой эмес. Аллах дүйнөнү адамдар бир-бирлеринен материалдык жактан жогорулукка жетиши үчүн эмес, Өзүнө кулчулук кылууда кайсынысынын жакшы иштер кылаарын сыноо үчүн жараткан. Мүлк Сүрөсүндө мындай деп айтылат:
Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты... (Мүлк Сүрөсү, 2)
Ошондуктан чыныгы ырахат ала турган, бактылуу болуп кубана турган нерселер – бул Аллахтын сүйүүсүнө жетүү максатында жасалган иштер. Себеби адам ыймандан келген кубаныч менен чындап көңүлү толот. Мактануу болсо өтө кыска убакытка созула турган жана акыретте адамга зыян алып келе турган убактылуу бир канааттануу сезими болот.
Бирок кээ бир адамдар акыйкат диндин өкүмдөрүнө карап жашоонун ордуна, Аллахтан башка нерселерди кудайлаштырган (Аллахты аруулайбыз) адамдарга сыйынуу дининде жашоо жолун тандашат. Ошондуктан кылган иштеринин баары ушул туура эмес пайдубал үстүнө отургузулат. Адамдар андан соң жашоосунун ар бир көз ирмеминде башка кишилерге өзүн көрсөтүү, колундагылары менен аларга мактануу сыяктуу иштерди жасашат. Бирок өзүн көрсөтүү материалдык жана руханий жактан адамды чоң азапка салат. Денеси менен мээсин чарчатат. Мындан тышкары, адамды өз табиятынан алыстатып, катуу, орой, амбициялуу, ачуулуу, жалганчы жана эки жүздүү бир мүнөздү көздөй түртөт. Ал тургай, бул ушундай деңгээлге жетип, адам чын ыкластан, чын жүрөктөн кылышы керек болгон ибадаттарын да башкалар мен жөнүндө такыба, ыймандуу Мусулман дешсин деп жасап башташы мүмкүн. Куранда Аллах мындай негизсиз динде жашаган адамдардын намаздарын башка адамдарга көрүнүү үчүн кылаарын төмөнкүчө кабар берген:
Мына (ушул) намаз кылгандардын абалы кандай жаман. Алар намаздарында жаңылыштыкта. Алар эл көзүнө (намаз) кылышууда. (Маун Сүрөсү, 4-6)
Мындай адамдар 5 убак намаздан тышкары, Куранда айтылган жана «муктаждыкта калгандарга өз муктаждыгынан ашып калганды берүү», б.а. садака берүү ибадатын да эл көзүнө көрүнүү, мактануу сыяктуу Аллахтын ыраазылыгынан башка максаттарда колдонушат. Куранда мал-мүлкүн өзүн көрсөтүү үчүн садака кылгандардын абалы төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбестен, адамдардын көзүнө (мактануу үчүн) мал-мүлкүн садака кылган сыяктуу милдет (садака берилгендерден бир нерсе үмүт кылып) жана (аларды) басмырлап садакаларыңарды жараксыз (соопсуз) кылбагыла. Мындайдын абалы үстүндө топурак турган бир таштын абалына окшойт; үстүнө себелеген бир жамгыр жааса эле, аны (ал ташты) жыпжылаңач кылып койот. Алардын тапкандарынан эч нерсеге күчтөрү жетпейт (ала алышпайт). Аллах каапырлар коомун туура жолго баштабайт. (Бакара Сүрөсү, 264)
Аяттарда айтылгандай, адамдын Аллах ишенимине башка адамдардын ыраазылыгын кошушу ал кишинин ыкласын жок кылат. Адамды Аллахтын алдында эки жүздүү бир адам кылат. Адамдардын ал жөнүндө эмне дешине маани берип, ыйманын мактануу, өзүн көрсөтүү сыяктуу напсисинин каалоолору менен кирдетиши анын жүрөгүн катуулаштырат. Дүйнөдөгү кызыкчылыктары үчүн жашаган бир адамга айланышына себеп болот. Адамды Аллахтан коркуу сезимин жоготкон, Ал бере турган азаптан бейкапар бир адамга айлантат. Андан соң болсо Аллах ыраазылыгы үчүн көрсөтүшү керек болгон көптөгөн адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүн, бир соода-сатыктай көрүп, өзүнө дүнүйөлүк кызыкчылыктар алып келиши жана бир катар мүмкүнчүлүктөрдүн жолун ачышы үчүн колдонуп баштайт. Адамдарга сыйынуу дининде ар бир адам ушул эрежелерге карап өмүр сүрөт. Алдыда бул туура эмес логикалар күнүмдүк жашоодон мисалдар аркылуу айтып берилет.
Караңгы коомдо адамдар өздөрүн дайыма «адамдардын айта турганы, айткандары, айтышы керек болгондор» логикаларынан көз-каранды жашоого мажбур сезишет. Мунун натыйжасында Аллахты ойлонуудан, жакшы иштерди жасоодон алысташат. Ойлору динден жана дин алып келчү бейпилдиктен алыс болот. Чоң бир башаламандык менен талаштар, тууралар менен туура эместер бир-бирине аралашкан бир дүйнөнүн ичине киришет.
Бул туура эмес логика боюнча, өкүмдарлык жана эреже коюу укугу бир гана адамдардын колунда. Аллахтын буйрук менен тыюулары адамдардын жашоосунан бир-бирден чыгарылган. Ушул себептен акыйкат диндин талаптарын жашоосуна киргизген, Аллахтын ыраазылыгынан башка эч бир күчтүн пикирине маани бербеген бир киши заматта байкалып калат жана караңгы адамдардын терс мамилелерине туш болот. Бирок, албетте, чын ыкластуу бир адам алардын терс мамилелерине эч маани бербейт, себеби бир гана максаты бар: дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгына жетүү.
Бирок адамдарга сыйынуу дининин «адамдар эмне дейт, эмне деп ойлоп калат» деген сыяктуу критерийлери ыйманы алсыз кээ бир адамдарга да таасир тийгизиши мүмкүн. Бул болсо толугу менен Куранга карап жашай албашына жана кылган иштери жактан чыныгы Мусулмандарга караганда көбүрөөк бул негизсиз диндин мүчөлөрүнө окшошушуна себеп болот. Мындай адамдар «жашоо ушундай» деген алдамчылыктын таасири астында, өмүр бою диндин толук ичине кирбестен, туура эмес бир түшүнүктө жашашат. Куранда ыймандык жактан жүрөктөрүндө оорусу бар мындай адамдар төмөнкүчө кабар берилет:
Ортодо олку-солку болуп турушат. Алар менен да эмес, булар менен да эмес. Аллах кимди адаштырса, сен ага жол таба албайсы. (Ниса Сүрөсү, 143)
Жугуштуу бир оору сыяктуу адамдарды таасири астына алган бул жасалма дин эрки күчсүз адамдарды Аллахты эстөөдөн, Анын ыраазылыгын көздөөдөн алыстаган адамдар жыйындысына айлантат. Бирок алардын мындай туура эмес түшүнүгү көпчүлүктүн таасири менен өздөрүнө ушунчалык туурадай сезилгендиктен, анын ичинен чыгууга аракет да кылышпайт.
Ошондуктан өз мүчөлөрүн да, ыйманы алсыз кээ бир адамдарды да таасири астына алган бул жасалма диндин негизги логикаларын мисалдар менен түшүндүрүп кетүү туура болот. Натыйжада адамдар өздөрүнүн туура эмес түшүнүктө жүргөнүн көрүшүп, чын ниеттүүлөр бул негизсиз динден Аллахтын каалоосу менен кутула алышат. Алдыда адамдарга сыйынуу дининин ичиндеги «дешсин» логикасынын кээ бир туура эмес калыптарынан мисал келтиребиз.
Куранда жакшы мүнөздүү болуунун маанилүүлүгүнө көп аяттарда басым жасалат. Пайгамбарлардын жакшы жана жумшак мүнөздүү болушканы, жамандыкка жакшылык менен жооп берген, сабырдуу, акылдуу, Аллахтан өтө корккон адамдар болгону айтылат. Мисалы, Аз. Ибрахим чын ниеттен Аллахка бурулуп, сонун мүнөзү менен алга чыккан бир пайгамбар катары төмөнкүдөй таанытылат:
Чындыгында Ибрахим жумшак мүнөздүү, сезимтал жана чын көңүлдөн (Аллахка) бурулган адам эле. (Худ Сүрөсү, 75)
Бүт пайгамбарлардын жана чын ыкластуу ыймандуулардын мүнөздөрүнүн негизин Аллахка болгон терең моюн сунуучулугу түзөт. Ыймандуулар – бир гана Аллахка кулчулук кылган, Анын ыраазылыгынан башка эч кимдин ыраазылыгына маани бербеген адамдар. Эң негизгиси – бул бүт ааламдын Жаратуучусу Аллах жактырган сонун мүнөздүү болуу. Ошондуктан жакшы мүнөздүү болушунун негизинде да Аллахтын сүйүүсүнө жетүү максаты турат. Ал эми караңгы адамдар үчүн система тескерисинче болот. Адамдарга сыйынуу дининде жашаган бир киши эрежелерин жаткан билген бул негизсиз диндин талаптарын орундатып, өздөрү айткандай «адамдардын көңүлүнө карап шербет берип» жашоону туура көрүшөт. Жакшы мүнөздүү болсо да анын негизинде адамдардын ыраазылыгы, күткөн материалдык баалуулуктары сыяктуу өзүнүн жеке кызыкчылыктары турат.
Мындай максаттарына жана күсөгөн кызыкчылыктарына жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт. Дээрлик эч ката кетирбей, жакшы мүнөздүү болот. Мисалы, керек болсо жакырларга жардам берип, өзүн боорукер көрсөтөт, чынчылдыктын кандай жакшы мүнөз экенин башкаларга айтып берет. Жөнөкөй киши болуп көрүнөт. Жамандыктын адамдарга канчалык чоң зыяндар алып келээрин айтат. Өтө кубанычтуу, баарын жакшы көргөн жана сабырдуу болуп көрүнөт. Адамдар бул көрүнүшүнөн улам ага ишенип, жакшы көрүп, аны менен достошушат. Канчалык жакшы мүнөздүү бир адам экенин башка адамдарга да айтышат. Кандай жардамдарды кылганын, жакыр бир жаш баланы көргөндө канчалык мээримдүүлүк көрсөткөнүн, жолдогу карыяга кандай урмат көрсөткөнүнө чейин кылгандарынын баарын бир-бирден мисал келтиришет. Жолдон таап алган бир капчыкты полицияга тапшырганын, буту ооруганына карабастан автобустагы орунун кош бойлуу бир аялга бергенин, жумушта кармалып көпкө иштесе да эртеси күнү дал өз убактысында ишине келгенин жана чарчаганын эч байкатпаганын бир-бирине айтып беришет. Ал киши да адамдар мени «жакшы мүнөздүү, иштемчил, мээримдүү, чынчыл» дешсин деп булардын баарын болгон аракети менен жасайт.
Башка бир киши майрам күндөрү карыялар үйүнө барып, ал жердеги адамдарга кичинекей белектерди берет. Жетим балдар үчүн курулган бир жерге ар кандай буюмдарды белек кылат. Анан бул кылгандарына башка адамдар күбө болушу үчүн жакын чөйрөсүндө ыңгайын таап бул кылгандарын айтып берет. Мындайча айтканда, өзүн реклама кылат. Же оорукананын бир бөлүгүн жаңылоого каражат берет.
Албетте, бул жерге чейин берилген мисалдар чындыгында жакшы иштер. Бирок булардын баарынын Аллахты ыраазы кылуу максатында жасалганда гана бир мааниси болот. Эгер адамдардан мактоо алуу, суктандыруу максатында жасалып, «жакшы, жоомарт, абийирлүү» дешсин деген ниетте болсо, анда бул кыска бир дүнүйөлүк кызыкчылыктан башка кишиге эч кандай пайда алып келбейт. Себеби шарттар татаалдашып, киши мындай иштеринен улам зыян көрүп же эч пайда көрбөгөнүн түшүнүп баштаганда бул жакшылыктарын заматта токтотушу мүмкүн. Ал эми Аллах ыраазылыгы үчүн жасалгандар болсо туруктуу болуп, эч кандай шартка жана чөйрөгө карабастан улантылат.
Болгондо да, адамдын катасынан кайтып ниетин оңдошу да өтө оңой. Адамдарга сыйынуу динине моюн сунуунун өзүнө зыяндан башка эч нерсе алып келбегенин түшүнгөн кишинин тообо кылып, Аллахтын ыраазылыгына ниет кылышы жетиштүү болот. Бул бир заматтык бир чечим жана андан соң киши ниетин бузмайынча, кылган жакшылыктары текке кетпейт жана өзү үчүн бир сыйлык катары Аллах Кабатында жазылат. Негизгиси, адам Аллахтан коркуп, Анын каалоолорун орундатууга ниет кылышы керек.
Адамдын Аллахтын кудуретин таануу жана Андан чындап коркууда чечкиндүү болушу да өтө маанилүү. Себеби Аллахтан коркпогон бир адамдын эмне кылаары, кандай чечимдерди алаары белгисиз болот. Андай киши жакшылык кылып жатып, кызыкчылыгы талап кылса бир заматта жаман мүнөздүү бир адамга айланып кетет. Мындай мамилесинен улам Аллахтан бир жаза алып калышы ыктымал экени оюна келбейт. Бир жума такыр башка бир мүнөздө жүрүп, экинчи жумада ал мүнөзүнөн эч нерсе калбай калышы мүмкүн. Адамдарга сыйынуу дининин эрежелерине ылайык жамандыкка жамандык, адилетсиздикке адилетсиздик менен жооп берип башташы ыктымал. Ишенген негизсиз, жалган дининин таш боор мыйзамдарын өзү да жасап баштайт. Себеби, жогоруда да айтылгандай, бул жалган динде бир гана адамдар «кудай» катары кабыл алынып, адамдардын гана ыраазылыгы максат кылынгандыктан (Аллахты аруулайбыз), абийир механизми да адамдарга карата жөнгө салынат. Ошондуктан Аллахтын адамдардан кандай мүнөздү каалаарын эч ким ойлоп да койбойт. Ал эми Мусулмандар болсо жамандык кылган, адилетсиздик менен өкүм берген адамдарга, таш боор, заалым, абийирсиз кишилерге да жакшы мамиле менен жооп беришет. Эч бир шартта Аллахтын ыраазы болоору үмүт кылынган жакшы мүнөзүн ташташпайт.
Ошондуктан ыймандуулардын жакшы мүнөзүндө эч качан тескериге бурулуу же артка кетүү болбойт, дайыма токтоо жана адамгерчиликтүү болушат. Себеби алардын жашоо максаты Аллахтын сүйгөн кулдарынан болуу ниетине таянат. Аллах Куранда мындай мүнөздү адамдарга төмөнкүдөй баян кылат:
Жана алар Раббилеринин жүзүн (ыраазылыгын) каалап сабыр кылышат, намазды туптуура кылышат, аларга ырыскы катары бергендерибизден жашыруун жана ачык садака кылышат жана жамандыкты жакшылык менен токтотушат. Мына ошолор, бул мекендин (дүйнөнүн сонун) акыбети (акырет бакыты) ошолор үчүн. (Рад Сүрөсү, 22)
Адамдарга сыйынуу дининде адамдардын байлыгына өтө маани берилет. Бул жасалма динде байлык күч дегенди билдирет. Бул күчтү колунда кармаган адам коомдо өтө маанилүү бир катар артыкчылыктарга ээ болушу керек. Эң бай киши эң көп сыйланып, эң көп досу болгон, эң суктаныла турган киши катары көрүлөт. Мындай киши байлыгым мага бүт эшиктерди ачат деп ойлойт. Ошондуктан эл арасындагы кээ бир адамдар ушул тарабын алдыңкы планга чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшашат. Адамдар ал жөнүндө канчалык бай жана акча сарптаганды канчалык жакшы көрөт деп ойлошу үчүн көптөгөн иш-аракеттерди жасашат. Акчаларын байлыгын көрсөтө турган багытта коротуудан эч өздөрүн тартышпайт. Адамдардын пикирин жакшылап бекемдөө үчүн байлыгын көрсөтө турган кийим, машина, үй сыяктуу нерселерди алганда жоомарт болушуп, ал тургай ысырапкорчулук кылышат. Үйлөрүнүн жасалгасын байлар, өзгөчө алдыңкылар деп сыпатталган кишилер барктай турган критерийлерде жасаганга өтө көңүл бурушат.
Ал кишилер ошол жылы жасалгалоодо жашыл түстү тандашса, эч жактырышпаса да, алар да жашылды колдонуп, кызыл мода болсо кызылды тандашат. Эч кайсы тараптан алардан кем болгулары келбейт. Муну бир намыс маселесине айландырышат. «Дешсин, ойлошсун» деген логиканын таасири астында, бүт өмүрлөрүн байлыктарын көрсөтө турган иштерди жасоо менен өткөрүшөт. Жайкы эс алуусун ошол жылдын эң мода эс алуу жайында, кышкы эс алуусун эң мода лыжа борборунда өткөрүшөт. Балдарын чет өлкөдө окутуп, кийимдерин белгилүү өлкөлөрдөн алдырышат. Чөйрөсүндөгү кишилер «алардыкы да бар» дешсин деп эң кымбат яхтаны алып, өздөрү түшпөсө да бир портто байлап, адамдарга көрсөтүшөт. Эң теңелгиси келген кишилерин ошол яхталарда кыдыртышат. Эң кымбат ичимдиктерди, эң кымбат тамактарды сунуп, эч кайсы тараптан алардан артта эмес экенин баса көрсөтүшөт.
Албетте, адамдын мүмкүнчүлүгү бар болсо жана ырахат алып жатса, мындай иштерди жасашынын эч зыяны болбойт; тескерисинче эгер буларды чындап каалаганы үчүн жасап жатса, булар бир немат-жакшылык болот. Бул жерде негизгиси – бул кээ бир адамдардын туура эмес түшүнүгү. Андай адамдардын бир гана максаты бар: адамдардын аларды «бай, жоомарт, акча сарптаганды сүйөт» деши. Муну угуу ал кишилерге напсилик ырахаттануу берип, маанайларын көтөрүп, мотивацияларын жогорулатат. Антпесе, өздөрүн өтө жаман сезишет; маанайлары чөгүп, пессимисттикке кабылып, эч нерседен ырахат ала алышпайт. Бирок ушул эле кишилерге адамдарга динди жеткирүү жана Аллахка ыйман кылгандардын саны көбөйүшү үчүн аракет кылуу сунушталса, чоң ыктымалдык менен бул сунушту кабыл алышпайт. Себеби караңгы түшүнүктө болушкандыктан, Аллахтын ыраазылыгына жетүү адамдардын ыраазылыгына жетүүчөлүк аларга жагымдуу сезилбейт. Мында дүнүйөлүк бир кызыкчылык ала турган, өз чөйрөсүнө таасир бере турган, алардын мактоосуна жете турган бир тарапты көрө алышпайт.
Бирок адам акырет күнү бүт мүлкүнөн ажырап, Раббибиздин алдына жалгыз барат. Ыраазылыгына өтө маани берген, «кудайдай» көргөн, жагынуу үчүн колунан келген аракетинин баарын жумшаган адамдары болсо артында калат. Ал адамдардын эч бири ага бир аз да жардам бере алышпайт жана аны Аллахтан коргой алышпайт. Аллах бул жалган диндин мүчөсү болгон адамдарга акыреттеги абалдарын төмөнкүдөй кабар берет:
Ант болсун, силерди алгач жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир бирден, жападан жалгыз (абалда) Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди аркаңарда калтырдыңар. Араңардан чынында шериктер деп ойлогон шапаатчыларыңарды эми жаныңарда көрбөй турабыз. Ант болсун, араңардагы (байланыштар) талкаланып-үзүлдү жана (алар) жөнүндө күмөн кылгандарыңар силерден алыстады. (Энъам Сүрөсү, 94)
Бул жалган динде жашаган адамдар көбүнчө сулуу, жарашыктуу, бай же атактуу болгону үчүн бир кишини дос кылышат. Алар үчүн ал кишинин мүнөзүнүн эч кандай мааниси болбойт. Мисалы, абдан сулуу бир кыздын курбусу деп таанылуу үчүн анын бүт каприздерине чыдайт. Айланасында мактануу, өзүн ал кыздын эң жакын досу дедиртүү үчүн аракет кылат. Аны менен чогуу жүргөндөй көрүнүү үчүн аракеттенет.
Бул бир бай киши менен достошкон ушундай түшүнүктөгү кишиге да тиешелүү. Аны менен сүйлөшүп же бир столдо отуруу, чогуу күлүү, ал кишинин ага аты менен кайрыла турганчалык жакын болушу, ага тамаша айтышы, телефон чалышы, үйүнө келиши же ал кишинин машинасына минип жатканын адамдардын көрүшү аны сыймыктандырат. Адамдардын ал жөнүндө «ал бай кишинин досу, кандай жакшы, кандай жолдуу киши» дешээрин ойлогон сайын мунун дүйнөдөгү эң негизги ийгиликтеринин бири деп ойлойт. Өзүн ал кишинин досу болгону үчүн өтө маанилүү бир адамдай сезет. Ошондуктан анын бүт каприздерине, кээде заалымдыгына жана өзүмчүлдүгүнө адамдар «анын досу» деп таанышы үчүн гана чыдайт. Чындыгында болсо, адам Аллах ыраазылыгын көздөп достук курушу керек. Себеби адам издеген күч менен кадыр-баркына Аллахка кулчулук кылуу менен гана жете алат. Куранда адамдар издеген бүт күч менен кадыр-барктын Өзүнө тиешелүү экенин Аллах төмөнкүдөй кабар берет:
Алар ыймандууларды коюп, каапырларды дос (вели) кылышат. «Күч-кубат жана кадыр-баркты» алардын жанынан издеп жатышабы? Күмөнсүз, «күч-кубаттын жана кадыр-барктын баары» Аллахка тиешелүү. (Ниса Сүрөсү, 139)
Жогоруда айтылган максаттарды көздөп курулган дүнүйөлүк достуктардан болсо адам зыян тартып жана уят болуп гана чыгышы мүмкүн. Адамдардын көңүлүн буруу, артынан суктанып сөз кылуулары үчүн курган мындай достуктары эч бир күтүүсүнө чындап жооп бере албайт. Ал адам Куран менен жашамайынча андан чыныгы бир достукту, жакындыкты, туруктуулукту эч качан көрө албайт. Дүйнөдө бир катар кызыкчылыктарга жеткендей көрүнсө да, Курандан алыс жашаган бир дос адамдын акыретте чоң жоготууга туш болушуна себеп болот. Аллах бул чындыкты Куранда төмөнкүдөй кабар берет:
Чындыгында булар туура жолдон тосушат; алар болсо өздөрүн чындап туура жолдомун (хидаяттамын) деп ойлошот. Аягында Бизге келгенде: «Аттиң, сени менен менин арабыз эки чыгыштай (чыгыш менен батыштай) алыс болгондо кана. Кандай жаман жакын дос (экенсиң сен)» дейт. (Зухруф Сүрөсү, 37-38)
Адам алсыз бир жандык жана Аллах ал үчүн белгилеген тагдырдан чыга албайт. Себеби ааламдагы бүт нерселер Аллах белгилеген тагдыр менен жашайт. Аллах Куранда Камер Сүрөсүндө«Эч күмөнсүз, Биз бүт баарын тагдыр менен жараттык» (Камер Сүрөсү, 49) аяты аркылуу бул чындыкты кабар берет.
Адам Аллах кандай белгилеген болсо, ошондой өмүр сүрөт. Мисалы, каерде эмне ката кетирээри же каерде ийгиликтүү, каерде ийгиликсиз болоору алдын ала белгилүү жана убактысы келгенде алар башына келет. Кандай чараларды көрсө да, тагдырдын тышына чыга албайт. Эгер бир эле катаны 500 жолу жасаарын Аллах тагдырда белгилеген болсо, эмне гана кылбасын, ал катаны мындан аз да, көп да кетире албайт. Толук 500 жолу кайталайт. Ошондуктан, бир адамдын өмүр бою бүт нерсенин эң туурасын кылам, эң туурасын билем деши эч туура болбойт.
Бирок Аллахка ишенбеген жана бүт аалам кокустуктар натыйжасында пайда болгон деген жаңылыш пикирдеги бир адам бул апачык чындыкты кабыл ала албайт. Натыйжада адамдарга таасир берүү өз колумда деп ойлойт. Бул туура эмес ишеним аны адамдарга өзүн далилдөө үчүн жан-алакетке түшүшүнө түртөт. Бүт баары бүт нерсенин эң туурасын ал билет деп ойлошу үчүн ушунчалык мээлүүлүк кылышы керек болот.
Мисалы, бир киши экономика темасында адисмин десе адамдар «ал экономика тууралуу баарын билет» деши үчүн бул темада узатылган бүт суроолорго туура жооп бериши керек болот. Бул үчүн болсо түнү-күнү окуп, изденип, кабарларды окуп турушу керек. Же тарых боюнча адисмин десе, дүйнөнүн саясий тарыхындагы маанилүү бир окуянын так убактысын, кимдер арасында болгонун терең билиши керек болот. Бул үчүн да кайра эле көп жылдар бою окуп, изилдениши керек. Булар эле эмес, эгер спортто кыйынмын десе, күн сайын бир канча саат машыгып, ар бир жарышта утушу, бул үчүн керек болсо социалдык жашоосун, досторун, үй-бүлөсүн экинчи планга коюшу керек болот. Бирок булардын баары дүнүйөлүк максатты гана көздөйт. Албетте, минтип аракеттенүү жана дүйнөдө ийгиликке жетүү да жакшы нерсе. Бирок бул ийгиликке жетүү үчүн Аллахтын ыраазылыгы унутулуп калса, бул ал адамга зыян алып келет. Адам бул дүйнөдө белгилүү бир ийгиликке жете алса да, акыретте Аллах ыраазы боло тургандай өмүр сүрбөгөнү үчүн –Аллах кечирбесе- акыретте түбөлүк жоготууга туш болот.
Болгондо да, адам Аллах алдында өтө алсыз. Өмүр бою кандайдыр бир тармакта өтө ийгиликтүү болгон бир адам бир күнү эч күтпөгөн бир окуяга туш болуп, ал ийгилигинен ажырап калышы мүмкүн. Мисалы, дүйнө саясаты темасында өтө илимдүү, дайыма адамдар кеңеш сурап кайрылган бир адам бир күнү бир оорудан улам эч нерсе эстей албаган, алсыз бир адамга айланышы мүмкүн. Мындан тышкары, Аллахтын чексиз илими алдында адамдын билгендеринин эч нерсе болбой калаарын унутпаш керек. Себеби адамдын билгендеринин баарын ага үйрөткөн да Аллах. Муну унутпаш керек: «... ар бир билгенден жакшыраак билген дагы бирөө бар.» (Йусуф Сүрөсү, 76) Эң улуу жана чыныгы илимдин ээси болсо – бул Улуу Раббибиз. Ошондуктан бүт нерсенин эң жакшысын билем, белгилүү тармакта өтө ийгиликтүүмүн деген ар бир адам ал аракеттеринен тышкары, Аллах ыраазы боло турган, жакшы мүнөздүү бир кул болуу үчүн аракет кылышы зарыл. Чыныгы кутулууга ошондо гана жетиши мүмкүн.
Китептин башынан бери айтып келе жаткандай, караңгы коомдо жашаган көп кишилер өзүн ичинде жашаган социалдык коомунун эрежелерине жана жашоо формасына моюн сунууга мажбурлуу сезет. Ал чөйрө андан эмне күтсө, кандай адам моделин көргүлөрү келсе, ошондой болууга аракет кылат. Көбүнчө Куранга карама-каршы келген же өзүнө зыян бере турган нерселерди кылуудан да тартынбайт. Адамдарга сыйынуу дининин бир ибадатындай болгон «ар кандай чөйрөгө ылайыкташа алат» дешсин түшүнүгүнө карама-каршы келбөөгө аракеттенет.
Мисалы, сылык мүнөздүү бир өспүрүм достору бузулган жана орой болсо, өзү андай болбосо да аларга окшошконго аракет кылат. Топтон бөлүнүп калбаш үчүн, алар айткандай «апасынын баласы», «мээси жок» сыяктуу сөздөргө туш болбош үчүн терс иштерди жасап баштайт. Же досторум тамеки тартат деп, ден-соолугуна зыян берээрин билип туруп, ал да тамеки тартып баштайт. Ал тургай, кээде бир адам Аллахка ишенип туруп, өз чөйрөсү динчил болбогону үчүн аларга өзүн башкача көрсөтөт. Ал чөйрөдөн бөлүнүп калбаш үчүн ибадаттарын кылбай баштайт. Бирок булардын баары адамдарды ыраазы кылуу, аларга жагынуу үчүн жасалат. Муну жасаган кишилер дүйнөдө жана акыретте тарта турган зыянын сөзсүз ойлонуп, Аллахка сурак бере турган күндөн коркуп-тартынышы керек.
Социалдык чөйрөгө ылайыкташуу шылтоосу менен туураларды таштоо, уятсыз иштерди көрмөксөн болуу коом үчүн да чоң кооптуулук жаратат. Өзгөчө жаштардын арасындагы адеп-ахлактык бузулуунун түпкүрүндө ушул туура эмес түшүнүк турат. Мындай чөйрөлөрдө баңгизат колдонгон, алкогольдон дарыланган же сойкулук кылып жашаган адамдардан мунун себеби суралганда, эң негизги шылтоолорунун бири катары чөйрөсүнө ылайыкташуу үчүн ошол жолго барууга мажбур болгонун айтышат.
Бирок Аллах Кабатында адамдардын башка адамдардын алдында мындай бир жоопкерчилиги жок. Аллах адамдарды Өзүнүн гана ыраазылыгын көздөөгө жана Куран менен жашоого милдеттүү кылган. Мындан башка максаттарда жасалган иш-аракеттердин баары адамдарды жаман жолго гана түртүп, табиятына терс иштерди жасашына себеп болот. Бүт өмүрү абийиринин азабын тартып, кыйналып жүрүп өтөт. Куранда Аллах жаман достор менен достошкондордун абалын төмөнкүдөй баяндайт:
Аллахтан башка өзүнө зыяны да, пайдасы да тийбеген нерселерге жалбарат. Мына ушул эң алыс бир жолдон адашуу. (Же) Зыяны пайдасынан жакыныраак болгонго сыйынат; кандай жаман жардамчы жана кандай жаман жолдош. (Хаж Сүрөсү, 12-13)
Бул жерге чейин адамдарга сыйынуу дининин «дешсин» эрежесинин кээ бирлерин карадык. Бирок бул жасалма дин, албетте, булар менен эле чектелбейт. Бул негизсиз динде жашаган адамдын дээрлик ар бир кадамы адамдар ал жөнүндө жакшы ойдо болушуна, андан ыраазы болушуна таянган. Адамдардын башы ушул түшүнүк менен толук курчалгандыктан, өмүрүнүн ар бир көз ирмеми ушул багытта өтөт. Бирок бир коомдо жашашса да, чындап ыйман кылгандар бул караңгы диндин мүчөлөрүнөн башкача болушат. Алар да тигилер менен бирдей иштерди кылып жаткандай көрүнгөнү менен, ниетинен адамдарга эмес, Аллахка багытталышкан. Алар адамдардын эч бир күчү жок экенин, бүт күчтүн Аллахтыкы экенин түшүнүшкөн. Алар да адамдарды ыраазы кыла турган иштерди жасашы мүмкүн; бирок мында да Аллахтын ыраазылыгын максат кылышат. Аллах буйругандай адамдарга жакшы мамиле кылышат; бул болсо Аллахтын ыраазылыгына да жеткирет, адамдарды да ыраазы кылат.
«Дешсин» түшүнүгүндөгү сыяктуу «дешпесин» түшүнүгүндө да адамдардын ойлорун оң жакка буруу максатталат. Бул жерде да кээ бир адамдар Жаратуучубуздун ыраазылыгын, дүйнөдөгү жашоо максатын унутуп, жаратылган нерселердин ыраазылыгын негизги максат кылып алышат.
Бул түшүнүктөгү бир адам айланасындагылар «бир машинасы да жок, өзүнүн бир үйү да жок» дешпесин деп абдан аракет кылат. Өз коомунда кадыресе кабыл алынган кандай мал-мүлктөр бар болсо, ошолорго жетүү үчүн бүт өмүрүн арнайт.
Эгер ал кишинин бир жумушу бар болсо, анда айланасына катуу көрүнүүгө аракет кылат. Башка адамдар «кол алдындагыларга да сөзү өтпөйт» дешпесин деп ишканасындагы жумушчуларга орой мамиле кылат. Башка бирөө болсо досторум мени «эч олуттуу эмес, болгондо да жөндөмсүз» дешпесин деп башка убактарда тазалыгына көңүл бурбаган үйүн алар ар келгенде жакшылап тазалайт. Түркүн түркүн тамактарды даярдайт. Бирок достору көрбөгөн жерлерде буларга эч көңүл бурбайт. Же бир адам чөйрөсүндөгүлөр аны «караңгы, эч маданияты жок» дешпесин, өздөрүнө кошушсун деп китепканасын окубаган жана окуганга ниети да болбогон китептерге толтурат. Же жайкы эс алууга барганда адамдар аны «анын эч китеп окуп жатканын көрбөдүк» дебеши үчүн колуна китеп алып, окуп жаткандай болуп көрүнөт.
Адамдарга сыйынуу дининдеги бир адам өзүн чөйрөсүнүн эрежелерине моюн сунууга мажбур сезгендиктен, алар кызыккан нерселерге да кызыккандай болуп көрүнөт. Мисалы, бай, атактуулардын чөйрөсүндө болсо жактырбаса да, үй тапшырмасындай көрүп сүрөт көргөзмөлөрүнө барат, мода көргөзмөлөрүнө катышат, машина жарыштарын көрөт жана пианино ойногонду үйрөнөт. Ал адамдар мени араларына кошушсун, бөлүп коюшпасын жана мен жөнүндө «чөйрөбүзгө туура келбейт, карама-каршы бир адам, ал бизге жакпайт» дешпесин деп гана өзүн жактырбаган иш-аракеттерге катышууга мажбурлуу сезет. (Албетте буларды ырахат алып жасап жатса, мында туура эмес эч нерсе жок; бул жерде бир адамдын жасалмалык, эки жүздүүлүк кылып жактырбаган нерсесин жактыргандай көрүнүп, өзүн жактырбаса да аларга катышууга мажбур сезиши жөнүндө сөз болуп жатат.)
Булар караңгы коомдордо болуп жаткан мисалдардын бир канчасы гана. Куран менен жашабаган ар бир коомдо, ар бир чөйрөдө, ар бир шаарда, ар бир окуу жайында бул мисалдардын ар кандай түрлөрүн көрүүгө болот. Мындай мажбурлук сезиминин натыйжасында адамдар бир-бири менен келишпеген сансыз адамдар менен эрежелердин ичине киришет. Өзүн эч чыгуу жолу жок бир азап жашоого камайт. Болгондо да, баш ийиши керек болгон эрежелер өз ичинде да карама-каршылыктарга толо болот. Адамдардын пикирлери менен каалоолору көбүнчө бир-бирине туура келбейт. Себеби ал адамдардын пикирлерин орток бир чекитте бириктире турган, бүт адамдардын табиятына жооп бере турган акылдуу бир эреже жок болот. Ошондуктан адамдарга сыйынуу динине баш ийүүгө аракет кылган бир адам эч качан максатына жете албайт, жана айланасындагылардын баарынын ыраазылыгына бир учурда жете албайт. Бирөөсүн ыраазы кыла турган бир нерсе жасаганда, бул экинчисинин нааразылыгына себеп болот. Кыскасы, бул жасалма дин адам жашоосуна толугу менен бир туюк айлампа алып келет.
Ал эми Аллах ыраазылыгын көздөгөн адамдар мындай башаламан жагдайларга кабылышпайт. Максаты бир гана Аллахты ыраазы кылуу болгондуктан, мындай кыйынчылыктарга туш болушпайт. Аллах адамдардын өз табияттарына толук туура келгендей өмүр сүрүшүн каалайт. Раббибиз бир-бири менен ынтымакта жашап, дүйнөдө да, акыретте да бейпилдикке жете турган бир жашоого багыттай турган бир жол башчы катары Куранды жөнөткөн. Куран менен жашагандар бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөөнүн чексиз эркиндигинде жашашат. Жашоолорунда башаламандыкка, карама-каршылыкка орун жок. Дайыма абийирлери менен туураны түшүнүп, эң жакшы иш-аракеттерди кылууга аракет кылат. Мындан улам руханий жактан көңүлү тоюп, бейпил, бактылуу жана дайыма позитивдүү бир маанайда болушат. Куранда бул эки топтогу адамдардын абалы төмөнкүдөй бир мисал менен салыштырылат:
Аллах (шерик кошкондор үчүн) бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп ээлери бар бир адам менен жалгыз бир адамга баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн абалы бирдей болмок беле? Мактоолор Аллахка тиешелүү. Жок, алардын көпчүлүгү билишпейт. (Зүмер Сүрөсү, 29)
Аллах аятта кабар бергендей, адамдар арасында Аллахтын ыраазылыгын көздөгөндөр менен бир-бири менен эч ынтымагы жана орток чекити жок адамдар чыгарган эрежелерге баш ийгендердин жашоосу бирдей болбойт. Бир гана Аллахка ыйман кылган адамдар буйруктарды бир гана Аллахтан алганы жана Анын китебине моюн сунганы үчүн араларында пикир келишпестик же талаш-тартыш чыкпайт. Ошондуктан «дешсин», «дешпесин», «ойлошсун», «ойлошпосун» деген сыяктуу караңгы ойлорго кабылышпайт. Терең ойлонушат жана эң негизгисинин дүйнө жана бул жердеги адамдардын ыраазылыгы эмес, акырет жашоосу жана Раббибиздин ыраазылыгы экенине ыйман кылышат. Аллах башка бир аятта болсо адамдарга Өзүнөн башка Кудайлар тутунуунун чоң бир ката болоорун төмөнкүдөй эскерткен:
Айткын: «Силер Аллахтан башка сыйынган ортокторуңарды көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук кылгандар бир-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок. (Фатыр Сүрөсү, 40)
Бирок караңгылыкта жашаган адамдарда –жогоруда терең каралгандай- бул ишеним орноп калган. Бул аларды бир тараптан «дешсин» жана «дешпесин» эрежелерине карап жашоого мажбурласа, экинчи тараптан кээ бир туура эмес иштерге түртөт. Ал иш-аракеттер төмөнкүлөр:
Өзүн адамдарга карап оңдогон бир киши кетирген каталарын жашыруу үчүн калп айтууга мажбур болот. Себеби адамдарга сыйынуу дининде адам өзүн болушунча катасыз жана кемчиликсиз көрсөтүшү керек. Бирок адам катары көп ката кетирип, адамдардын критерийлери боюнча кемчиликтери болгону үчүн бул тараптарын калптар менен гана жашыра алам деп ойлойт. Натыйжада өзүн башкача көрсөтүү үчүн дайыма калп айтып адамдарды алдаганга аракет кылып баштайт.
Мисалы, жаңы бир окуу жайына кирген бир өспүрүм ал жерде дос чөйрөсүнө кабыл алынуу үчүн өзүн абдан бай, жакшы үй-бүлөдөн келген, өтө көп мүмкүнчүлүктөрү бар бирөөмүн деп тааныштырат. Ар бир сөзүндө бул тарабына басым жасай турган сөздөрдү сүйлөп, чет өлкөдө эс алабыз, эң кымбат жерлерде болгонмун деп калптарды айтат. Бирок булардын баарын группалаштарына көрүнүү үчүн гана ойлоп тапкан болот. Чындыктар ачыкка чыкканда болсо ал адамдын орто кирешелүү бир үй-бүлөнүн баласы экени, эч чет өлкөгө барбаганы белгилүү болот. Бирок адамдарга сыйынуу дининин шарттары ал адамды ушундай калптарды айтканга түртөт. Аны «мүмкүнчүлүктөрү көп, жакшы бир үй-бүлөнүн мүчөсү» дешсин деп ошолорду ойлоп чыгарган болот. Адамдарды алдап, өзүн адамдар күткөн критерийлерге ылайык көрсөткөн болот. Ал кезде ар бир чыгарган калпынан Аллахтын толук кабардар экенин жана булардын ар бири үчүн убактысы келгенде Раббибизге сурак бериши мүмкүн экенин ойлонбойт. Мындай мисалдар эл арасында өтө көп кездешет. Бүгүнкү күндө көп адамдар өзүн башкача көрсөтүү, жогорула, өйдө көрсөтүү үчүн калп айтат.
Чын ыкластуу Мусулмандар болсо Аллахтын ар бир кылып жатканын көрөөрүн, адамдын калп айткан учурларын билээрин унутушпайт. Чындыктарды башка адамдардан жашыра алышса да, Аллахтан жашыра албашын өтө жакшы билишет. Аллах Куранда бул чындыкты «... Жерде жана асманда эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт.» (Ибрахим Сүрөсү, 38) аяты аркылуу билдирген.
Бирок адамдарга сыйынуу дини көпчүлүктүн жүрөгүн Аллахтан алыстатып, аларды калп айтууга мажбурлайт. Бул жашоо формасын «жашоонун кадыресе көрүнүшү» катары көрсөтүп, уятсыздыкты адамдардын табигый бир мүнөзүнө айлантып, өз мүчөлөрүнө сиңирет. Аллахтын адамдардын ичинде купуя сактап айтпаган нерселерин билээрин көрмөксөн болушуна себеп болот. Аларды калп, эки жүздүү сөздөрдү айтканга, ичиндеги чыныгы сезимдерин жашырып, жасалма көз-караш менен караганга же калп эле жактыргандай көрүнгөнгө мажбурлайт. Булардын натыйжасында достуктарда, курдаштыктарда жана бүт адамдык мамилелерде эки жүздүүлүк өтө кеңири тарайт. Караңгылык дининде жашаган көп адамдар Аллахка ыйман кылуудан келип чыккан чыныгы сүйүүнү, жакын достукту жана чын пейилдүүлүктү эч сезбестен өмүрүн өткөрүп, аягында өлүшөт. Эч кандай кызыкчылыкты көздөбөгөн чыныгы сүйүүнү жана бейиш жашоосун ниет кылып түзүлгөн чыныгы достукту жашоосунда бир саамга да сезишпейт.
Караңгылык системасында материалдык байлыктарга, күчкө, акчага, мүлккө маани берилээрин көргөн адамдар, мурдакы бөлүмдө да мисал келтирилгендей, өздөрүн айланасына алда канча күчтүү жана бай көрсөткөнгө мажбур сезишет. Мунун натыйжасында коомдо ашыкча бай көрүнүп жашаган бир адам модели келип чыгат. Мисалы, адамдарды ыраазы кылууну көздөп жашаган бир киши аны «бүт нерсенин эң жакшысы анда» дешин каалаганы үчүн нормалдуу өмүр сүрө албайт. Алган кийимдери, үйүнүн жасалгасы, жашоо формасы, баары эл көзүнө көрүнүү максатында болот. Адамдардын арасында мага суктанышсын, менин ордумда болууну каалашсын деп болушунча бай көрүнгөнгө аракет кылат. Сөздөрүн суктандыра турган, башкаларга өзүн көрсөтө тургандай кылып сүйлөйт. Адамдардын анын байлыгын артынан сөз кылып, ооздон оозго айтышын максат кылат. Ошондуктан мал-мүлкүнүн көптүгүнө басым жасай турган сөздөрдү сүйлөп, кийимдерин эң жакшы бренддерден тандаганын көрсөтө турган жолдорду издеп, көп жерлерди кыдырганын сездиргенге аракет кылат.
Адамдарга сыйынуу дининин мүчөлөрү мактануу каалоосу менен бүт өмүрлөрүн майнапсыз өткөрүшөт. Куранда Аллах мактануу каалоосунун адамдарды абдан алаксытып, чындыктарды көрбөй турган бир мастыкка салаарын төмөнкүчө кабар берет:
(Мал-мүлк жана байлыктын) Көптүгү менен мактануу силерди «эңсетип алаксытып, башыңарды айлантты». (Текасүр Сүрөсү, 1)
Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин эккендердин көңүлүнө жагат, кийин куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу – алдоочу бир кооздуктан башка нерсе эмес. (Хадид Сүрөсү, 20)
Мындай мактанууну көздөгөн адамдардын чыныгы жашоосу болсо адамдарга далилдөөнү каалаганынан такыр башкача болот. Ал адамдын чыныгы жашоосун караганыңызда бүт күнүн ашыкча кымбат буюмдар менен төшөлгөн үйүнүн эң жупуну жана кичине бөлмөсүндө өткөрөөрүн, кымбат кийимдеринин ордуна өтө жупуну, ыңгайлуу жана жөнөкөй кийимдерди тандаарын көрөсүз. Себеби анын көрүнүү каалоосу өзүнө эмес, башка адамдарга арналат. Ошондуктан адамдар аны көрбөгөн жерлерде ашыкча бай көрүнүп кыйналбай, нормалдуу жашайт. Башка адамдардын алдында эле өзүн кыйнап, өзүн кыйын көрсөтүүнү эңсеп, өзүнө өзү зулумдук кылат.
Бирок, эң негизгиси – бул адамдын айланасындагылардан мактоо алышы эмес, Куранга жана өз табиятына ылайык жашашы. Себеби табиятына карама-каршы жашоо адамды кыйнап, эрте картайтат. Курандан алыстоо адамды эки жүздүү, башка адамдарга көрүнүү үчүн гана жасалма сүйлөгөн, жасалма кыймыл-аракеттерди жасаган, чыныгы сүйүү менен урматты билбеген, жасалма бир адамга айлантат. Мындай мүнөздөгү бир адам болсо өмүр бою кыйналып, бейпил, бактылуу боло албайт. Бул болсо Аллахты унутуп Анын кулдарына кулчулук кылууга аракеттенген бир адамга Раббибиздин бул дүйнөдө берген руханий азабы болот. Акыретте болсо басмырлануу менен бушаймандык азабынын болоору аяттарда төмөнкүчө билдирилет:
Жамандыктарды жасагандар болсо, ар бир жамандыкка ошого тең бир жаза берилет. Аларды бир басмырлануу оройт. Аларды Аллахтан (куткара турган) эч бир коргоочу жок. Алардын жүзү караңгы түн каптагандай болот. Мына ошолор от тургундары; ал жерде түбөлүк калышат. Ал күнү алардын баарын бир жерге чогултуп, анан шерик кошкондорго: «Ордуңардан жылбагыла; силер да, шерик кошкондоруңар да» дейбиз. Эми аларды бир-биринен алыстатабыз. Шерик кошкондору: «Силер бизге сыйынчу (ибадат кылчу) эмес элеңер. Биз менен силердин арабызда күбө катары Аллах жетет. Чындыгында биз силердин ибадатыңардан кабарсыз элек» дешет. Мына ошол жерде ар бир напси (жан) мурда кылгандары менен сыноого алынып, алар чыныгы кожоюну болгон Аллахка кайтарылышат. Жалгандан ойлоп чыгаргандары болсо алардан жоголуп алысташат. (Йунус Сүрөсү, 27-30)
Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, адамдарга жагынуу каалоосу караңгылык адамында эки жүздүүлүктү да пайда кылат. Бирок бул эки жүздүүлүк жалпы бир өзгөчөлүк катары эле эмес, адам жашоосунун бүт тарабына тараган бир жасалма мүнөздүккө айланат. Чын ниеттүү, чынчыл боло албоо, б.а. ишенгендери менен жасагандарынын бир-бирине туура келбеши ал адамдарга жасалмалык, жасалма сүйлөө, жасалма мимикалар, жасалма үн жана жасалма көздөр менен кароо сыяктуу көйгөйлөрдү жаратат.
Мындай адам күлүп жатканда андан ырахат алганы үчүн эмес, башка адамдар андан ошону күткөнү үчүн күлөт. Кунт коюп угуу талап кылынган жерлерде жүзү менен жана сөздөрү менен кунт коюп угуп жатканын көрсөткөнгө аракет кылат. Сөздөрү оюндагы чыныгы сезимдерин чагылдырбайт. Башка кишилер анын чыныгы оюн түшүнбөшү үчүн бир парда тартат. Ал парда анын бир театр актерундай роль ойношуна негиз түзөт. Бүт өмүрү ошол парданын алдында роль ойноп, чөйрөгө жана кишиге жараша калыбын өзгөртүп, маңдайындагы кишилердин каалоолоруна ылайыкташуу менен өтөт. Ар бир адамды Аллахтан көз-карандысыз, өз башынча бир жандыктардай көргөнү үчүн баарынын ыраазылыгына жетүү, ар бирине ал каалагандай коом тарабынан үйрөтүлгөн, жатталып калган жоопторду берүүгө аракет кылат. Бирок бул көрүнүш караңгы коомдордо ушунчалык кеңири тарагандыктан, адамдар кандай балээнин ичинде жашап жатканын көп байкашпайт. Жүрөктөрүн сыгып жаткан нерсенин ушул жасалма мүнөз экени да ойлоруна келбейт. Мындай жасалмалыктарды жана эки жүздүүлүктү Куран менен жашаган, адамдардын ыраазылыгын көздөбөгөн, бир гана Аллахка моюн сунган бир адам көрө алат жана бул мамиледен келип чыккан жагымсыз атмосферанын себебин аныктай алат. Адамдарга сыйынуу динине ишенип, ойдон чыгарылган эрежелерге моюн сунган башка көп адамдар болсо булардын баарын «жашоонун чындыктары», «жашоо адамга жүктөгөн жоопкерчиликтер» деген шылтоолор менен кабыл алышат. Аллах ыймандуу кулдарын эки жүздүүлүктөн, калпычылыктан келип чыккан мындай азаптан куткарат. Аларга адам табиятына ылайык жашоонун эркиндигин таттырат. Ыймандуулар каерде жана кимдин алдында, оор же кыйын кандай шартта болбосун, Аллахтын дайыма жандарында экенин билишет. Бир жерде үч адам болсо ал жерде төртүнчүнүн Аллах экенин билишет. Куранда бул чындык төмөнкүдөй кабар берилет:
Аллахтын асмандардагы жана жердегилердин баарын чындыгында билип тураарын көрбөй жатасыңбы? (Өз араларында жашыруун чогулуштарды уюштуруп) Шыбырашып жаткан үч кишинин төртүнчүсү сөзсүз Ал (Аллах); бештин алтынчысы да сөзсүз Ал. Мындан аз же көп болсун, каерде болушпасын, сөзсүз Ал алар менен бирге. Кийин кылгандарын кыямат күнү аларга кабар берет. Күмөнсүз, Аллах баарын билүүчү. (Мүжаделе Сүрөсү, 7)
Ошондуктан Аллахтан гана коркуп, Аны гана ыраазы кылууга аракет жасоо керек экенине чын жүрөктөн ишенишет. Бул күчтүү ишеним ыймандууларда адамдардын алдында болгондо да, Аллахтын алдында экенин билген, чынчыл, табигый бир мамилени пайда кылат. Аларды ар кандай жасалма сөздөрдөн жана мамилелерден, калпычыл ойлордон жана жасалма кыймыл-аракеттерден алыс кылат.
Кээ бир адамдар диний ибадаттарды жасагандарды бөлүп, аларга өздөрүнүн акылсыз оюнда артта калган адамдардай караган негизсиз ишеним системасында жашаган жана Аллахка ыйман кылган кээ бир адамдар ишенимин жашырышат. Өзгөчө адамдарга сыйынуу дини кеңири тараган коомдордо адамдардын ыймандууларга терс мамиле кылышы көп адамдардын ибадаттарын жашыруун кылышына себеп болот. Ишениминен улам элден бөлүнүп калам, социалдык статусумду жоготом деп ойлогон көп адамдар дүнүйө үчүн ишенимдеринен жана натыйжада ибадаттарынан баш тартып, катачылык кетиришет. Себеби элдин көпчүлүгү Аллахты тааныбаган жана динди билбеген коомдордо дин толугу менен туура эмес таанытылат. «Караңгылык», «артта калгандык» же дүйнөдөгү ар түрдүү жетишкендиктерге каршы чыгып, миңдеген жыл илгерки бир жашоону эңсеп жашоо сыяктуу чындыкка эч коошпогон сыпаттар менен сыпатталат. Динчил адамдар да ушундай дүйнө көз-карашында болот деген стереотип өкүмчүлүк кылат.
Бул туура эмес түшүнүк кээ бир адамдардын динден жана динчилдерден тартынышына себеп болот. Ошондуктан ал адамдар дин жөнүндө маалымат алышпайт, Аллахка ишенишсе да эл арасында андай адам катары таанылууну каалабагандыктан, ыймандарын жашырышат. Адамдар чындыкты билип калса мени менен мамилелерин үзүп коюшат, натыйжада материалдык жана руханий зыянга туш болом деп ойлошот.
Бирок, чындап Аллахка ыйман кылган бир адам Курандын маңызын түшүнөт. Аллахтын кулдарынан эмне каалап, эмнелерди каалабаганын өтө жакшы билет. Чыныгы Мусулмандардын жогоруда айтылгандардан такыр башкача бир түшүнүктө болоорун түшүнөт. Диндин адамды табиятына бураарын, бүт дүйнө жана акырет жакшылыктарын ыймандууларга сунаарын түшүнөт. Куранда Аллах адамдарды караңгылыктан жана караңгы өкүмдөр чыгаруудан тосот. Аятта мындай деп айтылат:
Алар дагы эле караңгылык (жахилия) өкүмүн издеп жатышабы? Анык илим менен ишенген бир коом үчүн өкүмү Аллахтан да жакшыраак болгон ким бар?» (Маида Сүрөсү, 50)
Ошондой эле, Куранда ыймандууларга караңгы адамдардан, б.а. чындык айтып берилсе да Аллах жана дин жөнүндө өздөрүнүн мурдакы негизсиз ишенимдеринен кайтууну каалабаган адамдардан жүз бургула деп буйрулат. Ал аят төмөнкүдөй:
Сен кечирим (же жеңилдик) жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур. (Аьраф Сүрөсү, 199)
Аяттардан көрүнүп тургандай, Ислам дини караңгылык менен пикирдик күрөш жүргүзүүгө чакырат. Бул түшүнүккө жеткен адамдар маданияты жана түшүнүгү жогору болгондуктан жана Куран илимин билгендиктен, башка адамдардын алар жөнүндө эмне ойлошуна маани беришпейт. Эң туурасын жасап жатканы үчүн ишенимдүүлүк менен, бир гана Аллахтын мээримине, ыраазылыгына жана бейишине жетүүнү каалашат.
Адамдар акыйкат динде жашаганда гана акылы жана кулк-мүнөзү жайында болот. Себеби дин менен жашоо адамды дүнүйөлүк көз-карандылыктардан куткарат. Адамды Аллах жана Анын акыйкат китебиндеги буйруктарга жоопкерчиликтүү кылат. Бул адамдар үчүн өтө зор бир жеңилдик. Аллах Курандын көп аяттарында Ислам дининин оңой экенин айтат,«Жана сени оңойго ийгиликтүү кылабыз.» (Аьла Сүрөсү, 8) деп Мусулмандардын жеңилдикте ийгиликке жетээрин кабар берет. Башка бир аятта болсо жөнөтүлгөн элчилердин маанилүү бир өзгөчөлүгүнүн кыйынчылыктарды, эрежелерди, туура эмес ишенимдерди жок кылып, аларды эркин кылуу экени кабар берилет. Ошол буйруктарды уккан адамдардын кутулууга жетээри төмөнкүчө сүйүнчүлөнөт:
... ал аларды жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза, пакиза нерселерди адал, ыплас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ага (элчиге) ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар. (Аьраф Сүрөсү, 157)
Дүнүйөлүк чынжырлардан кутулуп, акылын караңгылыктан келип чыккан пикирлерден тазалаган, таза акылдуу бир адам гана эркин ойлоно алат. Мындай адам башка адамдардын пикирлерине жана талаптарына карабай, Аллахты ыраазы кыла турган чечимдерди гана ала алат. Себеби ал Куранда айтылган чектерди гана негиз тутат. Китептин башынан бери айтылып келе жаткандай, адамдардын ал жөнүндө эмне деши, эмне ойлошу же кандай ойдо калышына эч маани бербейт. Ыймандуу бир адам үчүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүдөн, Ал буйругандай жашоодон башка бир жашоо формасы жок. Мына ушул чындыкты түшүнгөн чын ыкластуу ыймандуулар караңгы элдердин негизсиз диндеринин бири болгон «адамдарга сыйынуу дининде» эч качан жашашпайт.
Аллах Куранда өз элинин Исламдан алыс жашоосунан алыстап, өздөрүн Аллахка арнаган адамдар жөнүндө көп мисалдар берген. Мындай кадыр-баркка жеткендердин бири Кехф Сүрөсүндө терең баяндалган Асхаб-ы Кехф. Аяттарда мындай деп айтылат:
Биз сага алардын кабарларын бир чындык (окуя) катары билдирүүдөбүз. Чындыгында Алар Раббилерине ыйман келтирген жаштар эле жана Биз алардын хидаяттарын арттырган элек. Алардын жүрөктөрүнө (сабыр жана чечкиндүүлүктү) байлаган элек; (падышага каршы) Кыям кылышканда (баш көтөрүшкөндө) айтышкан эле: «Биздин Раббибиз, асмандардын жана жердин Раббиси; Кудай катары биз Андан башкага сыйынбайбыз, (эгер карама-каршысын) айткан болсок, ант болсун, чындыктан чыккан болобуз. Булар биздин коомубуз; Андан башкасын кудайлар кылып алышты, аларга апачык бир далил алып келиши керек эле. Демек Аллах жөнүндө оюнан жалганды чыгарып, жалаа жапкандан заалимирээк барбы?» (Араларынан бирөөсү айтты:) «Демек, силер алардан жана Аллахтан башка сыйынгандарынан бөлүнүп-ажырадыңар, анда (тоолорго чыгып) үңкүргө жашырынгыла да Раббиңер силерге мээриминен (көп көп) жаадырсын жана ишиңерден силерге бир пайданы жеңилдетсин.» (Кехф Сүрөсү, 13-16)
Тарыхта Кехф тобу сыяктуу өзүн Аллахка арнаган, туура эмес ишенимдерден жана адамдардын ыраазылыгын көздөгөн дүнүйөлүк каалоолордон кутулган көп чын ыкластуу адамдарды жараткан. Ал адамдар арасында эң көңүл бурган мисалдардын бири – бул Куранда аты аталган куттуу бир инсан, Аз. Мариям. Эмки бөлүмдө Аз. Мариямдын «ааламдардын аялдарынан өйдө кылынышына» негиз болгон бийик адеп-ахлагына токтолобуз.