Жашообуздагы Молекулалар

Биз бүт тарабы молекулалардын жыйындысынан турган бир дүйнөнүн ичинде жашайбыз. Кээ бир молекулалар метан же суутек газы сыяктуу кичинекей жана жөнөкөй болот. Кээ бир молекулалар болсо өтө чоң жана комплекстүү бир түзүлүшкө ээ. Кээ бир молекулалар жыт менен даамдан жооптуу. Кээ бирлери абада учуп, кээ бирлери денебизди, кээ бирлери болсо суунун астындагы укмуш кооздуктарды пайда кылышат.

Кыскасы, жашообуздагы бүт нерселер молекула. Бул жерде «бүт нерсенин» мааниси өтө кенен. 109 атом ар кандай түрдө биригип, айланабыздагы «бүт нерсени» түзүшөт. Бул атомдордун пайда болуу формалары, б.а. түзгөн өзгөчө дизайндары ар түрдүү заттык касиеттердин келип чыгышын камсыз кылат. Кээде молекулага бир атом кошулуп, ичкен суубуз бир ууга айланышы мүмкүн. Молекулага кошулган же молекуладан бөлүнгөн бир атом жегенге болбой турган нерсени жей турган кылып, жаман бир жытты сонун гүл жытына айландыра алат. Бир эле атомдордун ар кандай формада бир-бирине уланышы молекуланын түсүн өзгөртө алат, агуучу бир затты катуу кылып койо алат. Аалам – илим алигече бүт сырларын чече албаган ушул теңдешсиз чеберчилик көргөзмө кылынган жер. Аллах көрүнбөгөн бир ааламда жараткан кереметтерин укмуш бир акыл менен көрүнө турган абалга алып келип, чексиз илими менен укмуш чеберчилигин көрсөтүүдө.

Бул чеберчиликти жакшыраак түшүнүү үчүн молекулалардын касиеттерин жана кантип биз үчүн «атайын» жасалганын карап чыгуу керек.

molecules in our lives

Суу – Улуу Бир Керемет

Ааламда жаратылган ар бир молекула өтө кылдат тең салмактуулуктар менен келип чыккан атайын бир долбоор. Бирок бул долбоорлордун балким эң негизгилеринин жана жашообуз үчүн эң керектүүлөрүнүн бири – бул «суу» молекуласы. Суу жер бетинде жашоо үчүн атайын жаратылган бир керемет. Бул чындыкты жакшыраак көрүү үчүн суу молекуласын тереңирээк карайлы.

Жер жүзүндө суюк, катуу жана газ абалында болуп өтө көп көлөмдө суу бар. Бул көлөмдүн 97%ы туздуу. Дүйнөдөгү тузсуз суунун 75%ы болсо уюлдарда муз абалында. Жалпы суунун калган 1%ы ичкенге жарайт, бирок мунун көпчүлүгү жердин адамзат жете алгыс тереңиндеги суулар. Тирүү жандыктардын муктаждыгын канааттандырган суу болсо – бул көлдөр менен дарыялардагы жалпы суунун 0,05%ы. Ушул кичинекей үлүш да жер жүзүндөгү жандыктардын жашашына жетиштүү.12

verses

We send forth the pollinating winds and send down water from the sky and give it to you to drink.And is it not you who keep its stores.(Surat al-Hijr: 22)

The two seas are not the same: the one is sweet, refreshing, delicious drink, the other salty, bittrer to the taste.Yet from both of them you eat fresh flesh and extract ornaments for yourselves to wear: and you see ships on them, cleaving throungh the waves so that you can seek. His bounty and so that hopefully you will be thankful.(Surat Fatir: 12)

Бирок эң кызыгы дүйнөдөгү суулардын 97%ын түзгөн туздуу суулар, б.а. бүт океан менен деңиздер негизи адам менен башка кургактыктагы жандыктардын жашоосуна кызмат кылат. Себеби тузсуз суу адамдарга океан менен деңиздерден бууланган суулардын булуттарда чогулуп, анан жамгыр менен жер жүзүнө кайтышы натыйжасында жетет. Жер бетинин 70%ынан көбүн ээлеген океан менен деңиздер калган кургак жерлерди суулай турган бууланууну эң идеалдуу көлөмдө камсыз кылат. Кургактык көбүрөөк болгондо кургак жерлер менен чөлдөр өтө көбөймөк. Кургактыктар азыраак болгондо, анда адамдарга жашаш жана эгин өстүрүү үчүн аз жер калмак жана ал жерлер да жаан-чачындын көп жаашынан улам түшүмү начар болмок. Ошондуктан дүйнөдөгү кургактык менен суунун катышы адам жашоосу үчүн эң идеалдуу деңгээлде белгиленген. Аллах жер жүзүн адамдын жашоосу үчүн эң идеалдуу кылып жаратып, Ал кааламайынча биз эч ала албаган таза сууну бизге берген. Бул чындык аяттарда төмөнкүчө кабар берилген:

Эми силер ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Аны силер булуттан түшүрүп жатасыңарбы, же Биз түшүрүп жатабызбы? Эгер кааласак аны туздуу кылып коймокпуз; шүгүр кылышыңар керек эмеспи? (Вакыа Сүрөсү, 68-70)

Суу ичинде жана айланасында көптөгөн жандык түрлөрүн жашатуу касиетине ээ. Эң кичине бир суу тамчысы да ичинде жүздөгөн микроорганизмди камтыйт. Суу ошол эле учурда жандыктын денесинин «ичинде» да болот. Жер жүзүндө жашаган бүт жандыктар 50% - 95% деңгээлинде суудан турушат.

Суунун касиеттери менен пайдаларынан тышкары, келип чыгышы да өтө керемет. Суу эки суутек атому менен бир кычкылтек атомунун биригишинен пайда болот. Бирок бул эки атомду суу молекуласын пайда кыла тургандай кылып бириктирүү өтө татаал. Суутек менен кычкылтек атомдорун контрольдуу шарттарда же бир атайын идиштин ичине киргизип койсоңуз, алардын бир заматта бир суу молекуласына айланганын көрө албайсыз. Жүздөгөн жыл күтсөңүз да суу пайда болбойт. Идиштин ичинде суу миңдеген жылдан соң гана жана өтө аз көлөмдө пайда болушу мүмкүн. Бул да болгону бир ыктымалдык.

water

It is Who sends down water from the sky.From it you drink and from it come the shrubs among which you graze your herds. (Surat an-Nahl: 10)

Ушунчалык керектүү бир жашоо булагын кантип алабыз? Кээ бир молекулалар пайда болушу же өзгөрүшү үчүн көп энергия жана натыйжада жогору температура талап кылынаарын жогоруда айткан элек. Бул жагдай сууга да тиешелүү. Абада эркин абалда жүргөн эки молекула суутек (H2) менен кычкылтек газы (O2) биригип сууну пайда кылышы үчүн сүзүшүшү керек. Сүзүшүү учурунда суутек менен кычкылтек молекулаларын пайда кылган байланыштар алсыздап, ал молекулаларды түзгөн атомдор жаңы бир молекула сууну пайда кыла тургандай биригишет. Бирок мындай сүзүшүү өтө жогору бир температурада жана жогорку бир энергия деңгээлинде гана болот. Учурда жер жүзүндө суунун пайда болушуна мүмкүндүк бере турганчалык жогорку температура жок. Дүйнөдөгү суу – дүйнөнүн пайда болушу учурундагы жогорку температура натыйжасында пайда болгон суу гана.13 Жалпы суунун көлөмү эч качан өзгөрбөйт.

Ичкен, колдонгон, азыктар аркылуу ичкен суубуз бизге дайыма системалуу түрдө тазартылып кайра келет. Себеби суу температуранын таасиринен 3 түрдүү абалда боло алат. Катуу абалга келген суу резервге сакталып койгонсуп уюлдарда ири айсбергдер абалында сакталуу турат. Жер жүзүндө колдонулган суу болсо газ абалына айлана алганы үчүн бууланып абага көтөрүлөт жана ал жерде кайрадан адамдар колдоно турган суюк абалга айланып жамгыр болуп жер жүзүнө түшөт. Кыскасы, биз сууга атайын берилген ушундай касиеттер натыйжасында бир эле сууну ичип, кайра кайра бир эле сууну колдоно беребиз. Суу Аллахтын каалоосу менен бизге «тазаланган» абалда дайыма тартууланып турат:

... Биз асмандан таптаза суу түшүрдүк; аны менен өлүү бир жерди (топуракты) жандандыруу жана жараткан жаныбарларыбыздан жана адамдарыбыздан көпчүлүгүн аны менен сугаруу үчүн. (Фуркан Сүрөсү, 48-49)

Суу Кереметинин Булагы: Суутек Байланыштары

verse

Does He Who created not then know? He is the All-Aware. It is He Who made the earth submissive to you, so walk its broad trails and eat what it provides. The Resurrection is to him.(Surat al-Mulk; 14-15)

Суу бөлмөнүн (үй) температурасында суюк абалда болот. Кадимки шарттарда бул кызыктуу бир жагдай, себеби суу кичинекей бир молекула жана аммиак же метанга окшогон башка кичинекей молекулалар сыяктуу бул молекула да бөлмөнүн температурасында газ болушу керек. Суу кичинекей суутек атомдору, аларды күч менен тарткан кычкылтек атомдору жана натыйжада эки суу молекуласы арасында пайда болгон суутек байланыштары себептүү суюк абалда болот. Белгилүү болгондой, суу молекуласын коваленттик байланыштар пайда кылат. Бирок пайда болгон бул молекула башка бир суу молекуласы менен суутек байланышы аркылуу байланыш түзөт. Жогоруда да айтылгандай, суутек байланыштары өтө алсыз байланыштар. Бир суутек байланышынын өмүрү болжол менен секунданын жүз миллиарддан бирине барабар. Бирок байланыштын үзүлүшү молекуланы жок кылбайт, себеби бир байланыш үзүлгөндө ордуна заматта экинчи бир байланыш түзүлөт. Ушундай жаңыланып туруу натыйжасында суу молекулалары бир-бирине жабышпайт. Бирок мунун бир натыйжасы катары бул молекулалар агуучу болушат. Натыйжада молекулалар өз алдынча жүргөн бир газ болбостон, кыймылдуу бир суюктук катары чогуу турат. Суунун өзүнө окшогон башка заттардан мындай айырмалуулугу жашоонун негизги элементтеринин бири.

Суу молекулалары арасындагы алсыз суутек байланыштарынын дагы бир натыйжасы болсо – бул суунун суюк жана катуу абалынын тыгыздыктарындагы айырма. Белгилүү болгон бүт заттарда катуулары суюктарынан тыгызыраак болот. Мисалы, кадимки шарттарда ээритилген темирдин ичине катуу темир бөлүктөрүн таштасаңыз, ал катуу заттар сөзсүз түбүнө чөгөт. Бирок сууда мындай болбойт. Суунун катуу абалы болгон муздун тыгыздыгы суудан азыраак. Суу муз абалына келгенде суутек байланыштары себептүү музду түзгөн ар бир молекула кошунасын бекем кармайт, бирок музду түзгөн бул молекулалар арасындагы аралык өтө алыс болот. Ошондуктан бул молекулаларды түзгөн байланыштар арасында боштуктар калат. Катуу абалдагы суунун түзүлүшү мына ушул себептен суюк абалына караганда көбүрөөк боштук камтыйт жана ошондуктан тыгыздыгы азыраак болот.14 Мунун натыйжасында бир суунун ичине муз ыргытканыңызда, муз сөзсүз суунун бетине чыгат.

hydro gen bonds

Under the effect of hydro gen bonds, bod ies of water always begin to freeze from the sur face. This means that all liv ing things under the ice have a shel ter in the win ter. Water in the lower lev els chills to no less than 4 degrees Celsius (39.2 degrees Fahrenheit). By means of this spe cial bal ance cre at ed by Allah, liv ing things in the water under neath can sur vive the win ter.

Суунун мындай касиеттери жашоо үчүн өтө маанилүү. Суутек байланыштарынын мындай таасири менен суу дайыма үстүңкү бетинен баштап тоңот. Бул болсо кышында көл менен деңиздердин үстүңкү беттеринин муз болушуна, суу бетинде жүздөгөн тонналык ири айсбергдердин пайда болушуна жана муздун астында суунун суюк абалда калышына себеп болот. Суунун бетинин гана тоңушунун мааниси ушул жерде көрүнөт. Суу ичинде жашаган миңдеген жандык ушул себептен кышында да аман-эсен жашай беришет. Суу бетиндеги муз бир коргоо кызматын да аткарат. Муздар суунун астыңкы бөлүгүн изоляциялап көп муздашына жол бербейт. Муздун астындагы суу ушул себептен максимум +4˚ Цельсийге чейин сууйт. Бул температура деңиз жандыктарынын аман-эсен жашашына жетиштүү бир температура. Башкача айтканда, бул жерде жандыктар үчүн жаратылган атайын бир долбоор бар. Эгер муздун тыгыздыгы суудан жогорураак болгондо, суулар түбүнөн тоңуп баштамак, бир изоляция болбогону үчүн бетине чейин тоңо бермек жана дүйнөдөгү деңиздердин көп бөлүгү толук музга айланмак, натыйжада суудагы жашоо жок болмок.

Суунун бул касиеттеринин дагы бир натыйжасы бар. Мисалы, жеңил бир металлды сууга таштаганыңызда анын түбүнө чөкпөй, суунун бетинде калкып калганын көрөсүз. Мындан тышкары, кээ бир чымын-чиркей, курт-кумурскалар да суунун бетинде жүрө алышат. Металл суудан оор, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын бир бөлүгү да суудан оор... Анда суунун бетинде кантип тура алышат? Мунун себеби да бизди кайра эле суунун өзгөчө жаратылганына алпарат. Суу молекулаларын бир-бирине байланыштырган суутек байланыштары «суунун беттик тартылуусун» пайда кылат. Бул тартылуу суунун бетиндеги молекулалардын бир-бири менен жана ошол эле учурда астындагы молекулалар менен суутек байланыштары курушу натыйжасында келип чыгат.15 Бир чымын-чиркей суунун түбүнө чөгүшү үчүн бул суутек байланыштарынын бир бөлүгүн үзүшү керек болот. Кемелерди суунун бетинде кармап турган нерсе да – ушул беттик тартылуу жана ошондой эле суунун өзүнүн ички каршылыгы. Эгер суунун бүт мындай касиеттери болбогондо, кемелер да болмок эмес, балыктар суунун ичинде жашай алуу жана сүзө алуу үчүн өтө көп энергияга муктаж болушмак, ал тургай, балким суунун ичинде азыркыдай көп түрдүү жандыктар болмок эмес. Суунун, ушул күнгө чейин өтө жакшы билсек да балким эч ойлонбогон, мындай касиеттери Аллахтын адамдарга чоң бир берешендиги. Суу Аллах каалаганы үчүн ушундай касиетке ээ болуп, кемелер Аллах каалаганы үчүн суунун бетинде сүзүп, жандыктар Аллах каалаганы үчүн суунун ичинде эч кыйынчылыксыз жашай алышат. Аллах бул чындыкты аятында кабар берген:

Аллах асмандарды жана жерди жараткан жана асмандан суу түшүрүп ал аркылуу силерге ырыскы кылып ар түрдүү түшүмдөр чыгарган. Жана Анын буйругу менен кемелерди деңизде сүзүшү үчүн силерге моюн сундурган. Дарыяларды да силерге моюн сундурган. (Ибрахим Сүрөсү, 32)

surface

The molecules on the water surface establish hydro gen bonds with one another and also with those beneath, giving rise tosurface tension. Some of these hydrogen bonds need to break in order for a light insect to sink beneath the water's surface.

Топурактан жаңы чыккан ачык жашыл түстүү бир тал чөптө болсун, бою бир канча метрге жеткен ири дарактарда болсун суунун кереметтүү касиеттери менен түз байланыштуу система бар. Суу молекулярдык өзгөчөлүгү жана байланыш формасы себептүү өсүмдүктүн тамырларына кирет жана өсүмдүктүн ичиндеги түтүктөр аркылуу жогору көздөй көтөрүлөт. Кээде ондогон метрге чейин көтөрүлөт, кээде болсо ондогон бутакка бөлүнүп, ар кайсы жерге жетет. Башка эч бир суюктук оңойчулук менен жасай албаган бул процесс «суунун ичке жерлерден жүрө алуу» касиети болуп саналат. Суу ошондой эле оңой сиңүүчү касиетке ээ. Жыгач же желатин сыяктуу заттарга тийгенде бат эле алардын ичине сиңе алат.16 Өнүп баштаган уруктардын сууну сиңирип көбүшү да суунун ушул касиети себептүү болот. Эгер жер жүзүндө суу менен топурак астында урук болгону менен, суунун сиңүүчү касиети болбогондо, өсүмдүк дүйнөсү болмок эмес. Өсүмдүктөрдүн болбошу болсо жер жүзүндө бүт жашоонун жок болушу деген мааниге келмек.

salt

1. Salt Crystal
2. Hydration layer
3. Bone tissue

A. Water is a special liquidin which molecules are ableto move with ease. Despite being a solvent, water does not dis solve the skeleton. Allah has com bined the calcium and phosphate molecules that comprise our bones in a special way so as to protect them against the dissolving properties of water. As a result of this perfect creation, the moisture in your body does your bones no harm.

B. The hydration layer that forms with hydrogen bonds prevents sodium and chloride ions combining together, so that these two molecules are unable to form salt.

Суудагы суутек байланыштарынын бул керемет молекулага берген артыкчылыктары муну менен эле чектелбейт. Суу аны түзгөн ушундай алсыз байланыштар себептүү температуранын өзгөрүшүнө каршылык көрсөтөт. Абанын температурасы кокустан көтөрүлүп кетсе да, суунун температурасы жай көтөрүлөт. Абанын температурасы кокус түшүп кеткенде болсо, суунун температурасы жай түшөт жана суу абадай муздабайт. Бул физика мыйзамы негизи бир жаратуу керемети. Эгер суунун мындай касиети болбогондо, сууда жашаган жандыктар кокус, катуу температура өзгөрүүлөрүнө чыдабай, кыска убакытта өлүп түгөнмөк. Ал тургай, бизге да мунун таасири тийип, денебизди түзгөн 70% көлөмүндөгү сууга температуранын таасири натыйжасында же заматта тоңмокпуз же заматта температурабыз көтөрүлүп кетмек.

Суу ошол эле учурда укмуш ээритүүчү бир зат. Көп заттар, өзгөчө шекер, суу менен суутек байланыштары түзө алганы үчүн сууда бат эле ээрип кетет. Сууда ошондой эле туз же минералдар сыяктуу иондук байланыштар менен бириккен молекулалар да оңой ээрийт. Суунун мындай ээритүүчү касиети денебиз үчүн да өтө зор мааниге ээ. Азыктарды клеткага жеткирүүдө суу сонун каражат болот. Ошондой эле, суу клетка ичиндеги молекулалар да жакшы кыймылдай ала турган идеалдуу бир суюктук. Суу суюк абалда булардын баарын дене температурасында жасайт. Бирок ээритүүчү касиетине карабастан, суу сөөктөрүбүздөгү кальций менен фосфатты ээрите албайт, ошондуктан скелетибиз өз суюктугубузда ээрибейт.17 Буга сөөктөрүбүздү түзгөн молекулалардын түзүлүшү себеп болот. Сөөктөрдүн өзгөчө молекулярдык түзүлүшү суунун ээритүүчү касиетине карата чыдамкай абалда бириккен жана өзгөчө байланыштагы атомдордон турат.

verse

Do you not see that Allah sends down water from the sky and then in the morning the Earth is covered in green?Allah is All-Subtle, All-Aware.(Surat al-Hajj: 63)

Бул жерде көңүл буруу керек болгон маанилүү бир жагдай бар. Бир клетканын көбөйүшү натыйжасында келип чыккан денебиздин ичинде ар кайсы молекула ар кандай формага кирип, бизге ар кандай өзгөчөлүктөрдү берген. Бул өзгөрүүлөр болуп жатканда, молекулалар кантип клеткада ташыла турган молекулаларды сууга чыдамсыз, сөөктөрүбүздү болсо чыдамкай кылуу чечимин алышкан болду экен? Клеткалар азыктардын сууда ээриши керектигин, сөөктөргө болсо суунун таасир тийгизбеши керектигин кайдан билиши мүмкүн? Бизди пайда кылган биринчи клетка молекулаларды тааный алабы, суунун ээритүү деңгээлин биле алабы, ошого жараша алдын ала чара көрүп, биз үчүн эң ылайыктуу зат алмашууну калыптандыра алабы? Булардын баарын бир клеткадан же бир канча клеткадан күтүү, албетте, логикага сыйбайт. Буларды Аллах жараткан. Эне курсагында калыптанып баштаган бир адамдын бүт өзгөчөлүктөрүн, денесин түзгөн бүт молекулаларды Аллах жараткан жана Аллах булардын баарын дайыма башкарып турат. Аятта бул чындык төмөнкүчө кабар берилет:

Күмөнсүз, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт. Жатындарда силерге каалагандай келбетти Ал берген. Андан башка кудай жок; улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Али Имран Сүрөсү, 5-6)

Адамдар молекулярдык деңгээлде ааламды түзгөн заттарды 20-кылымда гана изилдей алышты. Дүйнө пайда болуп жатканда эле биз үчүн кемчиликсиз бир өлчөм менен белгиленген жана толугу менен жашоонун пайда болушуна ылайыктуу касиеттер менен жаратылган суу болсо – илимпоздор тарабынан терең өзгөчөлүктөрү жакында гана ачылган бир керемет. Бирок Аллах сууну али биринчи адам же биринчи жандык пайда боло электе жандыктарга эң ылайыктуу касиеттер менен бирге жараткан. Суудагы бүт мындай өзгөчөлүктөрдүн 2 суутек менен 1 кычкылтек атомунун өзгөчө бир дизайн менен биригиши натыйжасында пайда болушу бул керемет жаратуудагы чеберчиликти көрсөтүүдө. Аллах аятында төмөнкүчө кабар берет:

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

Ашыкча Кошулган Бир Кычкылтек Атому Сууну Уулуу Бир Затка Айландыра Алат

Өмүрүбүздө ушунчалык мааниси зор болгон сууну түзгөн атомдор белгилүү температура менен энергия деңгээлинде дагы бир кычкылтек атому менен биригишет. Бул биригүү натыйжасында H2O формуласы H2O2ге айланат. Сырттан караганда бул кичинекей бир өзгөрүү, бирок бул кичинекей өзгөрүү молекуланын химиялык касиеттерин бүтүндөй өзгөртүп салат. Ичип колдонгон, өмүрүбүздүн эң негизги бөлүгү болгон суу өзүнө бир кычкылтек атомун кошкондо өтө кычкыл суутекке (перекись водорода) айланат. Мындай өзгөрүү өтө кызыктуу, себеби бизге пайда алып келген суу мындай өзгөрүү натыйжасында толугу менен зыяндуу бир затка айланат. Жаңы пайда болгон бул заттын кандай касиеттери бар?

Өтө кычкыл суутек (суутек перекиси) күчтүү бир кычкылдандыргыч, ага тийген бүт жандуу кошулмаларды же жок кылат же аларга олуттуу зыян тийгизет. Уулуу таасири себебинен абадагы туман менен булганычтыктын пайда болушуна таасир тийгизет. Ошондой эле, күчтүү химиялык таасири себебинен агартуучу кызмат да аткарат. Кара, күрөң жана кара коңур түстөрдөн жооптуу болгон меланин пигменттерин жана башка пигменттерди кычкылдантып жок кылат. Коюу түстөгү чачтарды ачык түскө айландырууда ушул зат колдонулат.18

Атомдордун биригип ар кандай касиеттеги молекулаларды пайда кылышынын өзү эле улуу бир чеберчилик. Бирок бир атомдун бар болгон бир молекуланын сыпаттарын толугу менен өзгөртүшү, аны пайдалуудан зыяндууга айландырышы, аны жашоонун бир муктаждыгынан уулуу бир затка айландырышы маанилүү жана кереметтүү бир долбоор керемети. Мунун мааниси мындай; Аллах кааласа, көзгө көрүнбөгөн бир атомду себепчи кылып жапжаңы системаларды, жапжаңы касиеттерди пайда кылат. Суу менен суутек перексити арасында кичинекей бир айырма болгону менен, өтө чоң бир химиялык айырмачылыктын келип чыгышы эч тууроого мүмкүн эмес, теңдешсиз өзгөчө бир жаратуунун бар экенин көрсөтүүдө. Бул кемчиликсиз долбоорду эч качан кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Себеби бир атом да тең салмактуулуктарды өзгөртүп, молекуладагы кичинекей бир айырмачылык бүт касиеттерди өзгөртүүдө. Мындай кылдат айырмалоо улуу бир эрктин башкаруусунда гана болушу мүмкүн; бул эрк ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү.

Жашоонун Негизги Заттарынын Бири – Көмүртек

atoms

1. Hydrogen peroxide

The atoms comprising water combine with another oxygen atom at specific energy and temperature levels, to form a molecule with the formula of H20. This might appear to be only a small change. Yet this newly added atom turns water, which we can use for drinking, into hydrogen peroxide, a toxic and harm fulliquid.

Айланабызга көз жүгүрткөнүбүздө бүт нерсенин жер бетинде жашоо болушу үчүн атайын пландалганын көрөбүз. Молекула деңгээлине түшкөнүбүздө болсо бул өзгөчө план өзүн тагыраак көрсөтөт. Молекула деңгээлинде, б.а. көзгө көрүнбөгөн атомдор бириккен дүйнөдө бүт нерсе кемчиликсиз. Бул кемчиликсиз системадагы өзгөчө долбоордун дагы бир мисалы – бул көмүртек элементи. Көмүртек көп тарабынан башка элементтерден өзгөчөлөнөт. Мындай «өзгөчөлүк» аны жашоо үчүн орду алмаштыргыс зат кылган. Көмүртек мезгилдик таблицада алтынчы элемент. Өзгөчөлүгү болсо – жер жүзүндөгү көп нерсенин машинабыздын дөңгөлөктөрүнөн компьютерибизге, үйдө колдонулган табигый газдан целлюлозага, жеген этибизден клеткаларыбыздын ичиндеги ДНКга чейин бүт нерсенин пайдубалын түзгөн бир элемент болушу.

Учурда жер жүзүндө ар кандай түрдө бириккен болжол менен 2 миллион түрдүү кошулма бар экени эсептелүүдө. Бул кошулмалардын арасында эки атомдун гана биригишинен пайда болгондор да бар, миллиондогон атомдун биригишинен пайда болгондор да бар. Бирок эң кызыгы, элементтердин ар биринин «өзгөчө» кошулма пайда кылуу касиети бар. Кээ бир элементтер башка бир элемент менен эч биригишпейт. Кээ бирлери болсо болгону бир же эки кошулма пайда кылышат. Бирок көмүртек элементи баарынан айырмалуу. Өзү жалгыз 1700000 түрдүү кошулма пайда кыла алат. Жер жүзүндөгү кошулмалардын жалпы санынын эки миллион экенин эске алсак, көмүртектен тышкары башка элементтердин жалпысынан 300000 кошулма пайда кылганын көрөбүз. Муну түс палитрасындагы түстөргө салыштырууга болот. Ак түскө башка бир түс аралаштырылганда сөзсүз жаңы бир түс аласыз. Үчүнчү бир түстү кошконуңузда дагы жаңы түс келип чыгат. Башка түстөр болсо кээ бир түстөргө аралаштырылганда гана жаңы түстөрдү беришет. Кара болсо кайсы түс менен аралаштырылса да, ал түстү жутуп салат жана кээ бир учурлардан тышкары, жаңы бир түс ала албайсыз. Көмүртек түс палитрасындагы ак түскө окшошот. Табияттагы дээрлик бүт нерсе менен бириге алат жана бул биригүүдөн жашоо үчүн өтө маанилүү бир жаңылык пайда кыла алат. Мунун мааниси мындай: көмүртек өтө кереметтүү бир долбоор.

Өтө маанилүү болгон бул элементтин санынын аз болушу өтө кызык. Көмүртек бүт жандыктардын курамынын салмак жагынан болгону 9-10%ын жана дүйнөнүн курамынын болсо болгону 0,017%ын ээлейт.19 Көлөмү аз болгону менен, көмүртек денебиз да кошо жашообуздун бүт тарабында бар жана анын ордун алмаштыра турган башка бир элемент жок.

carbon

1. The carbon molecule in pencil lead
2. Configuration of the carbon atoms in diamond
3.COAL : Both coal and diamond comsist of forms of carbon
4. CARBON ATOM

5. FIZZY DRINKS: Fizzy drinks contain carbon diozide ,a gas that dissolves in the liquid under piressure.When the piressure is released, CO2, comes out of solotion and bublies are given off.

6. DNA: Carbon is a very special element created for life.A great many, structures in the body, imcluding DNA, are based on carbon.

7. Carbonated foodstuffs

Көмүртектин башка элементтер менен оңой бириге алуу касиети ал курган байланыштар себептүү болот. Көмүртек молекулярдык касиеттери себептүү бир түрдөгү атомдорду бир-бирине кошуп, ар кандай түрдөгү атомдорду да бириктире алат. Башка атомдордо көбүнчө мындай касиет жок. Алар белгилүү атомдор менен байланыш куруп, башкаларын бөлүшөт. Көмүртек башка көмүртек атомдору менен да өтө күчтүү коваленттик байланыштар түзөт. Бул байланыштар күчтүү жана бекем байланыштар болгондуктан, өтө чоң жана узун молекулалардын пайда болушуна шарт түзөт. Денедеги углевод, белок жана нуклеиндик кислоталар да – ушундай көмүртек байланыштары менен пайда болгон чоң молекулалар.

Илимпоздор көп жыл бою көмүртектин ордун алмаштыра турган бир элементтин бар же жок экенин изилдешти. Көмүртектин касиеттерине эң жакын элемент кремний эле. Ошондуктан кремний кандайдыр бир жол менен көмүртек түзгөн кошулмаларды түзүшү керек деп ойлошту. Бирок бүт аракеттеринен майнап чыккан жок. Себеби кремнийдин көмүртек сыяктуу ар түрдүү элементтер менен мынча көп кошулма пайда кыла турган касиети жок эле. Мунун эң негизги себеби – көмүртектин өз атомдору менен түзгөн күчтүү байланыштары эле. Эки көмүртек арасында түзүлгөн байланыш өтө күчтүү жана ошондуктан бир топ узун жана туруктуу байланыштарга мүмкүндүк берет. Кремний болсо көмүртекке өтө жакын бир элемент болгону менен, өз атомдору менен биригүүдө күчтүү бир байланыш түзө албайт. Ал курган алсыз байланыш узун чынжырлардын пайда болушуна мүмкүнчүлүк бербейт. Кыскасы, табиятта көмүртек атомунун ордун алмаштыра турган башка элементтин жок болушу көмүртектин маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.

Илимпоздор мындай изилдөөлөрдү дагы эле улантышууда. Көмүртекке окшош бир элементтин табылышы көмүртек элементи жок планеталарда, өзгөчө марста бир кездерде жашоо болгонбу деген суроого жооп табууда илимпоздорго жол көрсөтөт. Бирок канчалаган спекуляциялар жасалганы менен, көмүртек негиздүү жашоодон тышкары бир жашоонун болбой турганы апачык белгилүү болду. Көмүртек мындай өзгөчө кошулмалар пайда кыла алышы үчүн бир катар шарттар керек. Жер жүзүндө көмүртек негиздүү (көмүртек пайдубал болгон) бир жашоонун болушунун эң негизги себеби мына ушунда. Дүйнө – белгилүү планеталар ичинен, көмүртектин пайда болушу жана кошулмаларды пайда кылышы үчүн керектүү шарттарга ээ болгон жалгыз планета.

Мисалы, көмүртек кошулмаларды пайда кылышы үчүн талап кылынган температура аралыгы -20 менен 120˚C. Көмүртек кошулмалары -20˚Cде тоңуп, 120˚Cде болсо бөлүнүп баштайт. Биз мындай бөлүнүү жана бузулууларга дүйнө шарттарында да күбө болобуз. Мисалы, бир токой күйгөндө жогорку температура дарактардын түзүлүшүн бүтүндөй өзгөртөт. Көмүртек кошулмалары өзгөрүп, дарактын түзүлүшү толугу менен башкача болуп калат. Көмүртек баштапкы түзүлүшүн жоготот. Буга ашыкча температурадан улам көмүртек кошулмаларынын бөлүнүшү себеп болот. Көмүргө айланган дарактын молекулярдык өзгөчөлүгү эми башкача болуп калат.

carbon

1. Carbohydrate Molecules

Carbon can establish strong covalent bonds with other carbon atoms. Since these bonds are very strong and sound, they permit very large and long molecules to form. Carbohydrates are some of the most vital of these molecules.

Көрүнүп тургандай, температура белгилүү көлөмдө өзгөргөндө эле көмүртек бузулат жана ошондуктан мындай өзгөрүү бүт дүйнөгө жайылса жашоо жок болот. Бул – дүйнөдө өзгөчө бир долбоордун (пландын) бар экендигинин эң негизги далилдеринин бири. Көмүртектин жандуу кошулмаларды пайда кылышына мүмкүндүк берген температура аралыгы болсо жерде гана бар. Жана бул өтө кылдат бир температура аралыгы. Бир салыштыруу жасасак, күн системасында жерден (дүйнөдөн) мурда жайгашкан планета венерада температура болжол менен 450˚C, жерден кийинки планета марста болсо -53˚C. Бул күйгүзүүчү ысыктык менен тоңдуруучу суукта көмүртек элементинин жандуу (органикалык) кошулмаларды пайда кылышы мүмкүн эмес. Космосто температурасы миллиарддаган даража ысык болгон жылдыздар менен, абсолюттук нөл деп кабыл алынган -273,15˚ Цельсийлик космос боштуктарынын бар экенин да унутпаш керек.

Мындай укмуш чоң температура аралыгы ичинде бир гана жердин көмүртек негиздүү жашоого мүмкүндүк бере турган температура аралыгында болушу чындыгында өтө чоң бир жакшылык жана атайын жаратылгандыгынын далили. Негизгиси, адамдар бул кереметтерди жана Аллахтын теңдешсиз чеберчилигин көрүп, Аллахка муктаж экенин түшүнүп, Анын улуулугун билиши зарыл. Бул чындыкты Аллах Куранда төмөнкүдөй кабар берет:

Эми эгип жаткан (урук)ту көрдүңөрбү? Аны силер өстүрөсүңөрбү, же өстүргөн Бизбизби? Эгер кааласак, чындыгында аны бир куураган чөп кылмакпыз; натыйжада таң калып-калмаксыңар. (Мындай деп кайгырмаксыңар:) «Чындыгында биз көп карыз болуп-кыйналдык.» «Жок, биз толук жокчулукта калдык.» Эми силер ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Аны силер булуттан түшүрүп жатасыңарбы, же Биз түшүрүп жатабызбы? Эгер кааласак аны туздуу кылып коймокпуз; шүгүр кылышыңар керек эмеспи? Эми күйгүзүп жаткан отуңарды көрдүңөрбү? Анын дарагын силер курдуңарбы (жараттыңарбы), же аны Биз курдукпу? (Вакыа Сүрөсү, 63-72)

Клетканы Курган Молекулалар

verse

Allah is He Who raised up the heavens without any support-you can see that-and then established Himself firmly on the Throne.He made the sun and moon subservienti each running for a specified term.he directs the whole affair.He makes the Signs clear so that hopefully you will be certain about the meeting with your Lord.(Surat ar-Ra'd: 2)

Денеңиз толугу менен молекулалардан турат. Көздөрүңүз, колдоруңуз, мээңиз, булчуңдарыңыз, сизди «сиз» кылган тышкы көрүнүшүңүздү аныктоочу гендериңиз, клеткаларыңыз жана клеткаларыңызга жашоо берген белокторуңуз – баары молекула жыйындысы. Бул сыяктуу молекула жыйындылары табиятта, мисалы топуракта, таштарда, аскаларда, металлдарда да бар, бирок булар сиз сыяктуу жандуу эмес. Сиздин денеңиз да атомдордон турат, сиз үстүнөн баскан топурак да. Андай болсо, сизди топурактан айырмалуу кылган нерсе эмне?

Бир материалист бул суроого «адамды түзгөн атомдор жакшыраак уюшушкан, жалгыз айырмачылык ушул» деп жооп берет. Бул уюшуу болсо «эволюция» деп аталган бир процесс натыйжасында табият тарабынан жасалган дейт.

Бул көз-караш бул багыттагы бүт байкоо, эксперимент менен тажрыйбаларга, ал тургай, логикага да карама-каршы. Себеби:

1) Жансыз заттарды түзгөн атомдор менен сиздин денеңизди же жандыктардын денелерин түзгөн атомдор арасында сыпаттык жактан айырма жок. Ошондуктан булардын кандайдыр бир жол менен уюшушу аларга жаңы бир сыпат бербейт. Муну бир мисал менен түшүндүрөлү: атомдорду түзгөн протон, нейтрон, электрон сыяктуу бөлүкчөлөрдү таштар деп элестетиңиз. Бул таштарды ар кандай түрдө; катары менен, үстү-үстүнө, асты-астына, кайчылаш ж.б. тизсеңиз, аларды бир-бирине жабыштырсаңыз же бөлсөңүз, кыскасы кандай кылып «уюштурсаңыз» да, ал таштар жаңы бир сыпатка ээ болбойт. Мисалы, идеалдуу кылып тизгениңизде, таштар сүйлөп, көрүп, ырдап башташпайт. Ошол сыяктуу атомдор менен атомдорду түзгөн бөлүкчөлөрдүн ар кандай түрдө уюшушу аларга мурда болбогон бир сыпатты тартуулай албайт. Аларды «жандуу» кыла албайт. Ойлонгон, сүйлөгөн, кыймылдаган адамдарга айландыра албайт.

Материалисттер мунун тескерисин жакташат, демек көз-караштарына эксперименттик далил көрсөтүүлөрү зарыл. Б.а. илгери –б.а. дүйнөдөгү алгачкы жашоо башталган кезде- ушундай болгон деген көз-караштарына далил болушу үчүн жансыз затты алып, уюштуруп, андан жандуу бир нерсе чыгарышы керек. Бирок, тескерисинче, адамзат бүгүнкү күнгө чейин мындайды жасай алган жок жана мунун эч мүмкүн эмес экени апачык белгилүү болгондуктан, илимпоздор мындай аракетти (б.а. жансыз заттардан жандууну пайда кылуу аракетин) токтотушту.

Кыскасы, жашоо атомдордун «уюшушу» натыйжасында пайда болгон деген көз-караш логикага да, илимий чындыктарга да карама-каршы. Бүт байкоолор менен эксперименттер Аллахтын Курандагы «Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт.» (Хаж Сүрөсү, 73) өкүмүнүн бир далили болууда.

body

Your body and the ground you walk on both consist of atoms. This does not mean, however, that the atoms that comprise inanimate substances organize and come to life on their own. Therefore, the origin of living things doesnot lie in atoms combining together. There is a most sublime intervention, creation and power at the origin of living things—the creation of Almighty Allah.

2) Болгондо да, табиятта атомдорду уюштура турган бир күч, бир механизм да жок. Материалисттер «эволюция» деп ат койгон процесс эч байкоолордо кездешпеген, кыпындай да далили жок, ойдон чыгарылган бир жомок гана. Жер жүзүндөгү кандайдыр бир химиялык процесстин, ядролук реакциянын же физикалык кубулуштун атомдорду уюштуруп, жандыктардагы комплекстүү системаларды пайда кыла тургандай алга жылдырганы байкалган эмес. Дарвинисттер «өздүк уюшуу» деп жаңылтуучу ат коюп сунуштаган кээ бир химиялык кубулуштар (кристаллдашуу, ачык системаларда энтропия азайышы ж.б.) чындыгында жөнөкөй «калыпка келүү» мисалдары гана жана булардын жандыктар үчүн керектүү комплекстүү системалардын келип чыгышын түшүндүрө албашы апачык бир чындык. (караңыз: Harun Yahya (Харун Яхья), Hayatın Gerçek Kökeni (Жашоонун чыныгы тамыры), 2003)

Бул чындыктар бизге көрсөткөн жыйынтык болсо өтө маанилүү: ааламдагы жансыз заттарды түзгөн атомдорго «эволюциялашып» да, адам колу менен да «жан кириши» мүмкүн эмес. Ошондуктан жашоо атомдордун биригиши натыйжасында эле келип чыгып калган эмес. Жандыктар улуу бир кийлигишүү, долбоор жана кудурет натыйжасында келип чыккан.

Тагыраак айтканда, жандыктарды Улуу Аллах жараткан. Аллах Куранда Өзүнүн «тирүүнү өлүүдөн чыгараарын», б.а. жансыздарга жан берээрин билдирет:

... Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Энъам Сүрөсү, 95)

Жансыз нерселерге жан берилиши «табият-үстү» бир кубулуш, б.а. бир керемет жана бир гана Аллахка тиешелүү. Жана бир гана Аллахка тиешелүү болгон дагы бир керемет болсо – бул жандыктар арасынан бирөөсүнө башкаларынан айырмалуу, жогору аң-сезимдүү, өзгөчө бир рух берилиши. Ал рухту Аллах адамга тартуулаган. Сажда Сүрөсүнүн 9-аятында айтылгандай, Аллах адамды алгач денесин жаратып, анан ага Өз рухунан үйлөгөн.

Ошондуктан адамды адам кылган эки нерсе бар: атомдордон турган денеси жана Аллах ага үйлөгөн руху. Адамды атомдордон турган бир зат жыйындысы гана деп ойлогон материалисттер эч далилсиз ишенген мындай негизсиз (жалган) ишенимдери себептүү чоң бир туюк ичинде болушат.

Молекула Маалымат Сактай Алабы?

dna

1. Sugar-Phosphate Backbone

The arms of the DNA ladder consist of sugar and phosphate molecules. Some bases combine with these arms with hydrogen bonds. As a result of this special creation, DNA is sufficiently flexible to replicate and transmit data.

Молекулаларга, материалисттер айткандай, өзүнөн-өзү жан кириши үчүн алардын укмуш бир планга ылайык биригиши, иштерди бөлүшүшү, ичтеринде «маалымат» сакташы, эч ката кетирбеши, тамак сиңирүү, дем алуу, көрүү, жүрөктүн согушу сыяктуу аркалай турган кызматтарын толук билиши, эң негизгиси мээнин бир бөлүгү болуп «ойлонушу» зарыл. Себеби бул жерде керемет бир жаратуу бар болгондуктан, бир эле молекула жашап өткөн бүт адамдардын баарынан көбүрөөк акылдуулук көрсөтүп, адам акылына сыйбас маалыматты алып жүрүүдө.

Сиз сизден акылдуу болгон бул молекулалардын бирөөсүн клеткаларыңыздын ар биринде алып жүрөсүз. Бул молекула – ДНК.

ДНК молекуласы – спираль формасында буралган эки спиральдан турган тепкич сыяктуу бир молекула. Тепкичтин колдору кант жана фосфат молекулаларынан турат. Кант жана фосфат топтору бир-бирине эфир байланыштары деп аталган өзгөчө бир байланыш аркылуу карманышат. Бул байланыш өтө күчтүү. Эки колдун арасындагы тепкичтер туш келди тизилген эмес. Тепкичтер атайын бир бекем жабышуу системасы аркылуу биригишкен. Тепкичтердин төрт түрдүү элементи бар. Аденин, гуанин, цитозин, тимин. Бул төрт нуклеотидден аденин менен гуанин чоң бойлуу, цитозин менен тимин болсо кичине бойлуу молекулалар. Тепкичтер бир калыптуу болушу үчүн дайыма гуанин цитозиндин, аденин болсо тиминдин тушуна келет. Ошентип ДНК молекуласынын ичинде кичине базалардын тушуна чоң базалардын келиши аркылуу бүт жерде аралык бирдей сакталып, натыйжада бир калыптуу, түз бир чынжыр келип чыгат.

dna

a. Nitrogen base
b. Thymine

c. Phosphate
d. Deoxyribose

1. Nitrogen bases pro duce hydro gen bonds that join the DNA arms. T pairs form two bonds with A pairs, and G pairs form three bonds with C pairs.

2. Due to its hydro gen bonds, the DNA helix is exceptionally regular, and the DNA molecule makes very regular turns. The covalentester bonds in the back bone give this molecule a strong structure and preventits breaking or stretching, even though it is tightly folded in the cell nucleus. Through these two different bonds, DNA is sufficiently mobile and strong to performall its functions.

Бул төрт нуклеотид арасындагы химиялык байланыш суутек байланышы болот. ДНК молекуласынын суутек байланыштары аркылуу бириккен бир молекула болушунун өтө зор мааниси бар. Эсиңиздерде болсо, суутек байланыштарынын өзгөчөлүгү – алардын «ийкемдүүлүгү» эле. Бул байланыш нуклеотиддерди бириктирген эфир байланыштарындай күчтүү болбогондуктан, pH өзгөрүүсү, температура жана басым сыяктуу факторлор таасиринде бир-биринен оңой эле ажырап кетишет. Байланыштардын мындай ийкемдүүлүгүнүн мааниси төмөнкүдөй: бул байланыштардын ийкемдүүлүк касиети натыйжасында гана ДНК копияланып, гендик маалыматтар башка клеткаларга өткөрүлө алат.

Эми ДНКнын копиялануу процессин кыскача эстейли. Белгилүү болгондой, денеде клетка бөлүнүшү учурунда жаңы пайда болгон клетканын да маалымат банкы болушу үчүн ДНК өзүн копиялашы керек. Бул үчүн ДНК клетканын бөлүнүү процессинин алдында өзүнүн копиясын жасайт. ДНК өзүнүн копиясын жасоо үчүн алгач ортосунан сыдырма сыяктуу экиге бөлүнөт. Эки бөлүктүн тең кем болуп калган бөлүмдөрү айланада даяр турган материалдар менен толукталат жана эки жаңы ДНК молекуласы келип чыккан болот. Мына ушул процесс учурунда суутек байланыштарынын ийкемдүүлүгү натыйжасында ДНК сыдырма сыяктуу экиге бөлүнө алат. Эгер ДНК чынжыры башка бир байланыш аркылуу түзүлгөндө, чынжырды чогуу кармап турган ортодогу көпүрөлөр өтө катуу жана ийилбес болмок жана ДНК экиге бөлүнө алмак эмес. ДНК эч бөлүнө алмак эмес же спиральдын эки бөлүгү бир-биринен бөлүнүүгө аракет кылганда, ортодогу бүт байланыштар үзүлүп, молекула талкаланып кетмек. ДНК копиялана албаган бир дүйнөдө болсо, албетте, жандыктар болмок эмес.

ДНКны түзгөн суутек байланыштары менен башка байланыштар спиральдын абдан тартиптүү, бир калыптуу болушун камсыз кылат. ДНК молекуласы ушул себептен чынжырдын тизилүү катарынан көз-карандысыз, өтө тартиптүү чырмалган бир молекула болот. ДНКны түзгөн нуклеотиддер бир-бирине фосфаттык байланыш аркылуу туташып, кант жана фосфат бөлүктөрү бир-бирин ээрчиген катарлардан турган бир омуртканы пайда кылышат. Коваленттик эфирдик байланыштар деп аталган бул байланыштар өтө бекем байланыштар болот. Бул байланыштар ДНК молекуласынын бир чынжырлуу бир формада турганда да өтө чыдамкай жана туруктуу болушун камсыздайт. Ортодогу суутек байланыштары бир-биринен оңой эле ажыраса, коваленттик байланыш аркылуу туташкан капталдардагы чынжырлар эч үзүлбөйт жана созулбайт.

dna

The DNA molecule contains enough information to fill a million encyclopedia pages. This information "explains" everything to do with you. Everything, from your hair color to your blood group, from your height to your bone structure, has been implanted in this databank—which in fact is a molecule invisible to the naked eye.

Көбүнчө өлүмгө себеп болгон же зат алмашууну бүтүндөй бузган мутациялар нуклеотиддер арасындагы ушул эфирдик байланыштардын үзүлүшү аркылуу келип чыгат.20 Бирок молекуланын ичиндеги бул байланыш ушунчалык күчтүү болгондуктан, мындай катачылык өтө сейрек кездешет. Кандайдыр бир катачылык ыктымалына карата ДНКнын ичинде жооптуу фермент молекулалары тездик менен ишке киришип, ал катаны жоюшат. Ушунчалык комплекстүү бир системанын ичинде коргоочу башка бир системанын жана чаранын болушу өзүнчө бир керемет.

Бир адамдын ДНК молекуласында толук бир миллион энциклопедия бетин толтура турган көлөмдө маалымат болот. Бул маалымат сиз жөнүндө бүт нерсени камтыйт. Чачтарыңыздын өңүнөн каныңыздын тобуна, боюңуздун узундугунан сөөк түзүлүшүңүзгө, денеңизде өтө ылдам кызмат кылган ферменттердин иш-аракеттерине чейин бул кемчиликсиз молекуланын ичине батырылган. «Маалымат» деген нерсе «эмненин» ичине батырылат?

ДНКдагы маалымат, дал китептеги сыяктуу, «тамгалар менен» жазылган. Түркчө бир китеп 29 тамганын бир маалыматты бере тургандай катарда тизилишинен келип чыгат. ДНКдагы тамгалар болсо – бул чоң молекуланы түзгөн төрт нуклеотид; аденин, тимин, гуанин жана цитозин. Илимпоздор бул молекулаларды кыскача A, T, G жана C деп белгилеп коюшат. Бул төрт молекуланын жүздөгөнү чогуу каралганда, узун, маанилүү сүйлөмдөр келип чыгат. Бул сүйлөмдөр – денедеги иш-аракеттердин кантип жасалаарын сүрөттөгөн, алар жөнүндө коддорду камтыган «гендер».

ДНКдагы маалыматтын булагы болсо – материалисттер үчүн эч чыга алгыс бир туюк. Бул молекулада коддолгон маалыматты кандайдыр бир табигый механизм менен түшүндүрүүгө болбойт. Бүт байкоо, эксперимент жана тажрыйбаларыбыз маалыматтын аң-сезимдүү, акылдуу бир заттан гана келээрин көрсөтүүдө. ДНКдагы маалымат болсо – бүт жандыктарды жараткан Улуу Аллахтын чыгармасы. Аятта Раббибиздин жаратуу чеберчилиги жана чексиз кудурети төмөнкүдөй айтылат:

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф (берешен), (баарынан) Кабардар. (Энъам Сүрөсү, 102-103)

Жашоо Берүүчү Башка Молекулалар

Денебиз ДНК сыяктуу дагы көптөгөн укмуш өзгөчөлүктөрү бар молекулалардан турат. Денебиздеги дээрлик бүт молекулалар – көмүртек менен суутектен турган жана «көмүр суутек (углеводород)» деп аталган бир «үй-бүлөнүн» мүчөлөрү. Көмүр суутектерде молекуланын негизги омурткасы көмүртек скелетинен түзүлгөн жана көмүртектер бир-бири менен коваленттик байланыш аркылуу бекем байланыш түзүшкөн. Ошондуктан бул көмүртек скелети өтө бекем болот.

Адам денесинде көлөмү эң көп молекула – бул 55-60%дык үлүштү ээлеген суу. Калган 30-35%ын органикалык (көмүртек камтыган) молекулалар, 5%ын болсо органикалык эмес молекулалар түзөт. Органикалык молекулалардын негизгилерин липиддер, б.а. майлар менен белоктор түзүшөт. Май менен суу молекулалары болсо бир-бири менен тескери байланышта болот. Бирөөсү көбөйгөндө экинчиси азайат.21 Ар бир молекуланын дененин ичинде жасай турган өтө маанилүү кызматтары бар жана ар бири өз милдетин толук орундатат. Себеби адамдын жашоосуна себепчи болуу үчүн жаратылышкан.

Суу Денебиздин Жарымын Ээлейт

special molecule

1. Outside of cell
2. Cell mem brane
3. Inside of cell

Being a special molecule, water can be found in every organ elle in the body and serves in a great many ways, from transporting nutrients to forming varius structures. The cells are completely compatible with water's physical and chemical properties, so that water can enter the cell with out difficulty and be expelled in the same way.

Дүйнө үчүн мааниси өтө чоң болгон суу молекуласы адам денесинде да чоң мааниге ээ. Дененин 55-60%ын суу түзөт жана дененин ичинде ар кандай кыртыш менен органдар арасында максатка ылайык таралган. Мисалы, тиш менен сөөктөр сыяктуу катуу кыртыштарда суу аз көлөмдө болсо, булчуң, бөйрөк, боор, кан жана көздүн бир бөлүгү болгон айнекчелде (көздүн тунук челинде) өтө көп көлөмдө болот. Көздүн тунук челинин 98%ын, кандын 79%ын, булчуңдардын 77%ын суу түзөт. Негизи жалпылай айтканда, организмде суу болбогон бир дагы кыртыш же орган жок. Ошондуктан денеде суусуз эч бир орган жашай албайт.

Суу зат алмашууда (метаболизмде) көз-каранды жана эркин абалда болот. Суунун «көз-каранды» болушу агуу жөндөмүн жоготуп, кыймылсыз болуп калышы деген мааниге келет. Эркин абалдагы суу болсо негизинен клетка ичиндеги суюктук менен тамыр ичиндеги жана клеткалардын арасындагы боштуктарды толтурган клетка сыртындагы суюктуктардан турат. Белок, углевод жана нуклеиндик кислоталар сыяктуу чоң молекулалар сууну өздөрүнүн ичинде ээриген абалда алып жүрүшөт. Мындан тышкары, суу жипчелер менен мембраналардын арасында да болот. Бул молекулалар арасындагы суу деп аталат.

Суунун молекулярдык касиеттерине жогоруда токтолгон элек. Суу «өзгөчө» бир молекула болушу, үч түрдүү абалда боло алышы, атайын белгиленген кайноо жана тоңуу температуралары жана суутек байланыштары аркылуу байланыш түзүшү себептүү ар кандай артыкчылыктарга ээ. Денедеги ар кандай органеллде боло алат, азыктарды ташуудан ар кандай түзүлүштөрдүн калыптанышына чейин көп жерде кызмат кылат, денеге эч кыйынчылыксыз кире алат жана денеден эч кыйынчылыксыз чыгарыла алат. Клетканын ичинде ферменттер менен байланыштуу реакциялар жана химиялык энергия которуулары ишке ашуучу чөйрөнү түзөт. Клетка түзүлүшү жана функциялары жагынан суунун физикалык жана химиялык касиеттерине толук шайкеш келет. Кыскасы, тирүү организм суунун ар кандай формада болушуна өтө ылайыктуу бир чөйрө болуп саналат.

Суунун адам денесине шайкеш келип өтө маанилүү иштерди жасай алышынын эң негизги себептеринин бири – бул анын «иондошуусу». Иондошуу молекуланы түзгөн бир атомдон бир электрондун чыгышы же ал атомго электрон кошулушу натыйжасында болот. Суу молекулалары адам денесине киргенде иондошушат. Денеге кирген суу бир суутек ионуна (H+) жана бир гидроксид (OH) ионуна бөлүнөт. Мындай бөлүнүү өтө маанилүү, себеби клеткалар үчүн H жана OH көлөмдөрү белгиленген жана кандын ичиндеги бул көлөмдөр дайыма бирдей сакталышы зарыл. Бул чоңдук бизге тааныш нерсе; pH чоңдугу (мааниси) деп аталат.

Дененин pH чоңдугу өтө маанилүү. Табиятта 0дөн 14кө чейин өзгөргөн бул чоңдук дене үчүн 7,4 тегерегинде болушу керек. Эгер бул чоңдук 6,8ге төмөндөсө же 8,0гө чыкса, анда өлүмгө себеп болот.22

Бөйрөк жетишсиздиги (почечная недостаточность) бир адамдын кадимки кан pHына жете албашынын эң негизги себеби болот. Эң таң калыштуу жана керемет нерсе – бул денеге кирген ар «он миллион» суу молекуласынан «бирөөсүнүн» гана иондошуусу.23 Эгер бир күнү кандайдыр бир себептен бул жалгыз суу молекуласы да иондошпой койсо, бул аягында өлүмгө алпарат. Эмне гана кылынбасын, эч бир күч адамдагы бул кемчиликсиз механикалык системанын теңдешин жасай албайт. Иондошкон жалгыз суу молекуласы адамдын зат алмашуусу үчүн белгиленген өтө так бир чоңдук болуп саналат. Бул Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигинин далилдеринен. Аллах бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

Жер жүзүндөгү бүт нерсе жок болуучу; Желал (улуулук) жана икрам (берешендик) ээси болгон Раббиңдин жүзү (Өзү) түбөлүктүү. Демек, Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? Асмандарда жана жердегилердин баары Андан суранышат. Ал күн сайын бир иште. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар? (Рахман Сүрөсү, 26-30)

Эң Негизги Курулуш Материалы: Аминокислоталар Жана Белоктор

amino acids

1. Amino Acid
2. Peptide Bond

3. Dieptide Molecule
4. Water

All of the 20 amino acids that make up proteins possess a common structure. The only thing that distinguishes any one from the others is itsside chains. Due to the different atoms and bonds acquired by side chains, they possess different structures, which permit the 20 different amino acids to give rise to 10130 different proteins with differing sequences. This, of course, is a matchless creation.

Белокторду бир имарат деп элестетсек, аминокислоталар ал имараттын кирпичтери болот. Табиятта 20 түрдүү аминокислота бар жана бул аминокислоталар ар бир белок үчүн ар кандай, атайын бир катарда бир-бирине уланышат. Тизилүү катары, формасы ар бир белок үчүн ар башка болот жана бир белокто эң аз 300 даана аминокислота бар. Мисалы, «глицин» деп аталган бир аминокислота бир белоктун өндүрүлүшүндө 20 же 30 ар кайсы жерде катарга кошулат. Мындай аминокислоталардын тизилиши чыныгы мааниде укмуш нерсе жана бир белок молекуласынын аминокислоталары дал талап кылынгандай катарда болсо гана ишке жарайт. Бул тизмеде кичине эле ката кетсе, ишке жараксыз бир молекула жыйындысы келип чыгат. Бирок мындай көрүнүш көп кездеше бербейт. Аминокислоталар дайыма катасыз тизилишет жана денеде сөзсүз өз кызматын аткарышат, б.а. белок молекуласын пайда кылышат.

Белок молекуласындагы 20 түрдүү аминокислотанын баарынын түзүлүшү окшош. Бүт аминокислоталарда көмүртекке туташкан «карбоксил» деп аталган бир топ (группа) менен бир амино тобу (группасы) бар. Түзүлүшү жагынан бирдей болгон бул аминокислоталарды бир-биринен каптал чынжырлары (тизмелери) гана айырмалайт. Каптал чынжырлардын атомдору менен байланыштары ар түрдүү болгондуктан, электрдик заряддары ар кандай болот жана сууда ар кандай деңгээлде ээришет.

Аминокислоталар белокторду пайда кылуу үчүн пептиддик байланыштар деп аталган атайын байланыш аркылуу туташышат. Пептиддик байланыштар менен туташкан аминокислоталардын белгилүү тартипте болушу белоктордун үч өлчөмдүү түзүлүшүн аныктайт. Белоктор үч өлчөмдүү түзүлүшүнө жараша ар кандай кызмат аткарышат жана клетканын химиялык реакцияларынын ар кайсы этаптарында колдонулушат. Эгер энергия керек болсо, белоктор ар кандай химиялык реакцияларга киришет. Эгер клеткага аминокислота керек болсо, белоктор майдаланып аминокислоталарга бөлүнүшөт. Мындан тышкары, белоктор клетка мембранасында кирпич функциясын да аткарышат. Кыскасы, клетканын ичинде белоктор колдонулбаган бир жер жоктой.24

Бир белоктун функционалдык өзгөчөлүктөрүн анын үч өлчөмдүү түзүлүшү аныктайт. Чыңалган абалда турган же туш келди кыйшайып, ийиле берген бир белок молекуласы биологиялык жактан ишке жараксыз болот. Белок бир ишке жарашы үчүн атомдору туура тизилиши керек. Атомдору бирдей болгону менен белгилүү бир тартипте жайгашпаган болсо, бир белок «белок» кызматын аткара албайт.

protein, carbonhydrate

1.Carbohydrate chains
2. Protein chain
3. Non-polar region of the cell membrane
4. Phospho-lipid
5. Cholesterol
6. Protein in globular form
7. Enzyme
8. Receptor region
9. Cell unification
10. Transportation channel
11. Cell definition sign
12. Cell skeleton bonding

In order for a protein to function, its atoms need to be arranged appropriately. This structure formed by the combination of atoms is a three-dimension alone, and only when proteins have a three-dimension al structure do they become able to serve through out the body. If the atoms comprising a protein were bound to one another in other ways, not only might the molecule disappear, but also the organism might die. That atoms achieve this perfect structure is one of the beauties and blessings of Allah, Who reveals His sublime and immaculate artistry in every detail He creates. The existence of the Earth and the universe—and the way its perfection prevails for the continuation of life, from the small estsub a tomic particles to proteins, from the cell to all the systems in the universe—again demon strates the flawless creation of Allah, our Lord.

Белоктун үч өлчөмдүү болушу атомдордун бул молекуланы пайда кылуу үчүн тандаган байланыш формасынан келип чыгат. Көзгө көрүнбөгөн бул микро ааламда белгилүү бир форманын келип чыгышы, болгондо да бул форманын белокко өтө маанилүү жана функционалдык касиеттер тартуулашы биохимия же биология китептеринде көбүнчө илимий сүрөттөп эле коюлат. Бирок чындыгында болсо, миңдеген жылдан бери молекулалардын мындай кемчиликсиз байланыш формаларынан кабарсыз болуп келген илимпоздор өткөн кылымда муну ачышканда, өтө таң калышып, бул кемчиликсиз системанын булагын изилдеп башташкан. Бул ушунчалык кемчиликсиз бир система болгондуктан, бир эле ката молекуланы эле жок кылбастан, молекула өмүр берген организмди да толугу менен өлтүрүшү мүмкүн. Аң-сезими жок атомдордун мындай кемчиликсиз системага жетиши – ар бир жараткан нерсесинде улуу чеберчиликти көрсөткөн Раббибиздин жаратуу чеберчилигинин мисалдарынын бири. Бул керемет дүйнөнү изилдеген ар бир адам бул кемчиликсиз чеберчиликти да таң калуу менен кабыл алууда. Негизи бир эле молекуладагы кемчиликсиз түзүлүш апачык бир чындыкты көрсөтөт. Дүйнөнүн жана ааламдын бар болушу, тирүү жандыктардын пайда болуп жашай алышы үчүн эң кичине субатомдук бөлүкчөлөрдөн белокторго, клеткадан ааламдагы бүт системаларга чейин бүт тарапта кемчиликсиздиктин орун алышы керек экени анык. Аллах Өзү жараткан бүт нерселеринде «эң майда бөлүкчөсүнө» чейин жаратуу чеберчилигин көрсөтүп, бизге улуулугун, кудуретин жана ар кандай кемчиликтен алыс экенин эскертет. Аллах аятында мындай деп билдирет:

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

Белок Молекуласынын Керемет Түзүлүшү

hemoglobin

1. Blood Cells

2. Hemoglobin Molecule

In globu ar proteins, the amino acid chain bends irregularly to assume a spherical shape. Almost all the known enzymes, anti bodies, some hormones and hemoglobin have a globular protein structure. Globular proteins are soluble in water and not physically resistant. These mobile structures we have listed can only serve a purpose with a protein structure with the features in question.

Белоктор молекулалык касиетине карап экиге бөлүнөт. Биринчи топ «жипче сымал» белоктор. Жипче сымал белоктор узунунан келген түз бир формада болушат. Бул белоктор өзгөчө булчуңдарды сөөккө туташтырган катуу бөлүктөрдү түзгөн тарамыш жана сөөк кыртыштарында болот. Жипче сымал белок молекулаларынын касиети – алар сууда ээришпейт жана физикалык жактан өтө бекем болушат. Экинчи топ белоктор болсо «тоголок» белоктор. Тоголок белоктордо, жипче сымалдардын тескерисинче, аминокислота чынжыры тартипсиз оролуп, тоголок формага келет. Бул белоктор сууда ээришет жана физикалык жактан чыдамкай эмес. Бул бир кемчилик болуш керек деп ойлошуңуз мүмкүн, чындыгында болсо мындай болушунун адам денеси үчүн өтө чоң мааниси бар. Көбүнчө клетканын кыймылдаган жана динамикалык функциялуу белоктору тоголок түзүлүштө болот. Бүгүнкү күндө белгилүү болгон 2000 ферменттин дээрлик баары, антителолор, кээ бир гормондор жана гемоглобин тоголок белок формасында. Кээ бир белоктор болсо жипче сымал да, тоголок да боло алат. Булар түзүлүшү жагынан жипче сымал белокторго окшошкону менен, туздуу суу аралашмаларында ээригени үчүн тоголок боло алышат. Таргыл булчуң түзүлүшүндө жайгашкан миозин жана кандын уюшун камсыз кылган фибриноген молекуласы ушул топко кирет.25

Белок түзүлүштөрүндөгү айырмалардын өзү эле адам денесинин кемчиликсиз долбоорунун бир көрсөткүчү. Адам денесинде өзгөчөлүктөрү ар башка болгон эки түрдүү түзүлүштө белок бар жана бул белоктор дал керектүү жерде эң ылайыктуу касиетте жана формада орун алышат. Сөөк кыртыштарын түзө турган белоктор түзүлүшү бекемдерден жана сууда ээрибегендерден тандалат. Эгер бир ката кетип, тоголок белоктор сөөктөрдү түзсө, анда эмне болоору белгилүү. Бул кыртыштар 60%ы суудан турган дененин ичинде сөзсүз ээрип, эч качан «сөөктү» пайда кыла алышпайт. Эгер тескерисинче болуп, жипче сымал белок клетканын ичинде кыймылдуу бир белок болуп калса, бекем жана катуу болгондуктан, эч качан муну кыла албайт. Бул жагдайда дененин кыймылын жөнгө салган жана дененин ичиндеги уюштурууларды жасаган ферменттер эч качан пайда боло албайт. Ферменттер ишке жарабаган бир организм болсо жашай албайт. Өтө маанилүү бул эки белок молекуласы арасындагы айырма алардын формасынан гана келип чыгат. Ал формаларды болсо атомдордун тизилүү жана бир-бирине туташуу формасы аныктайт.

Бир эле атомдордун ар кандай формада биригишинин бир-биринен ушунчалык айырмалуу эки натыйжага алып келиши чындыгында чоң бир керемет жана жаратуу долбоору. Керектүү багытта адистешип, тиешелүү билим алмайынча, бир телевизордун тетиктерин чыгарып, ал тетиктердин баарын бир-бирине башка формада туташтырып, толук ишке жарактуу бир магнитофон жасай албайсыз. Бирок дененин ичинде мындан алда канча комплекстүү процесстер ишке ашат. Белокторду түзгөн бир эле атомдор башка бир формада байланыш түзүшкөндө, кайра эле ишке жарактуу, бирок касиети башка бир белокко айланышат. Бул процесстер учурунда дененин ичинде эч качан ката кетирилбейт, ар бир белок кайсы кызмат үчүн пайда болгонун билет. Себеби ар бири улуу жана кудуреттүү Аллахтын кемчиликсиз чыгармалары.

Бүт Денени Ферменттер Көзөмөлдөшөт

noron

Many nerve cells end in a spherical mass, a globular region surrounded by sensitive receptors compatible with chemical molecules and known as acetylcholine. When an impulse forms in the nerves, acetylcho line heads directly for this space and transmit the stimulus by attaching to the receptors there. In order for this process not to be carried out con stantly, an enzyme known as acetyl choline esterase neutralizes the effect of the acetyl choline in that region. This enzyme is an important component of the nervous system, essential for us to enjoy healthy lives.

Кээ бир белоктор фермент формасында болот жана клетканын ичинде тынымсыз химиялык реакцияларга катышып, дененин зат алмашуусуна тиешелүү иштерди жөнгө салышат. Адам клеткасынын ичинде 3500дөн ашык фермент бар. Булардын бир же бир канчасы кем болсо, клетка ичиндеги иш-аракеттер башаламандыкка туш болушу мүмкүн. Бул болсо клетканын талкаланып бузулушуна, б.а. жашоонун бүтүшүнө себеп болот.

Ферменттердин эң негизги кызматы – бул ДНК молекуласынын копияланышына көмөк көрсөтүү. Мындан тышкары, бул акылдуу молекулалар дем алышыбызды, тик турушубузду, тамак жешибизди, көрүшүбүздү, сүйлөшүбүздү, чоңоюшубузду камсыз кылуу үчүн эч тынымсыз дене ичинде кызмат кылышат. ДНКда жазылган генетикалык коддордун негизинде рибосома деп аталган клетка органеллинде өндүрүлгөн чоң молекулалар дененин ичинде керектүү кабарларды керектүү жерлерге жөнөтүшөт, кайсы процесс үчүн кайсы органдын иштеши керек экенин билишет, клетка ичиндеги ашыкча заттарды бөлүп алышат жана дененин ичинде тынымсыз бир ишке чуркашат. Бул молекулалар жөндөмдүү бир «көзөмөлчүлөр» болуп саналат.

Бир фермент молекуласын башка белок молекулаларынан айырмалаган жалгыз айырмачылык – бул анын үч өлчөмдүү формасы. Эгер ферменттер алардын касиеттерин аныктоочу мындай үч өлчөмдүү формада болушпаганда, клетка ичиндеги иш-аракеттер, мээден ар кайсы органдарга жиберилген маалыматтар жана клетка ичи көзөмөлдөр болмок эмес жана клеткалар жашашы үчүн керектүү болгон көп иштер жасала алмак эмес. Бир жагдайды унутпаш керек: ДНКнын копияланышы учурунда кетирилген каталарды оңдой турган бир эле ферменттин болбошу ал гендин ишке жараксыз болуп калышына же андан да жаманы туура эмес өндүрүш жасап ракты башташына себеп болушу мүмкүн. Ферменттердин дененин ар кайсы тарабына барып, ар кандай иштерди жасоо ыкмалары да молекулярдык дүйнөдөгү дагы бир керемет. Фермент кабар алып бара турган, өзгөртө турган же ишке киргизе турган молекуланы таанышы керек. Фермент алдындагы молекуланын ар кандай форма жана түзүлүштөрүнөн ал молекуланын кандай реакцияга кире алаарын түшүнөт. Жакшылап тааныгандан кийин ал молекулада реакция баштайт жана анын түзүлүшүн өзгөртөт.26 Фермент бириге турган молекуланын үч өлчөмдүү түзүлүшү эң негизги жагдай. Молекуланын үч өлчөмдүү татаал геометриялык түзүлүшү ферменттин молекулярдык түзүлүшүнө толук туура келет. Бул кулпуга ачкычтын туура келишине окшошот. Эки молекула бир-бирине кийилгенде, бир кулпу системасы келип чыгат жана натыйжада бир-бирине таасир тийгизе алышат. Мындай кулпу системасы натыйжасында фермент молекулада керектүү өзгөрүүнү жасай алат. Клеткада миңдеген түрдүү реакция болот жана алар ишке ашышы үчүн миңдеген түрдүү ферменттер бар. Клеткаларыбыздын ар биринде мүнөт сайын бир канча миң фермент реакцияга кирет. Кээде бир фермент бир секундада 300 башка молекула менен биригет. Бүт мындай реакциялар ишке ашышы жана ферменттер өз кызматын аткарышы үчүн дене температурасы менен pH чоңдугу да белгилүү деңгээлде болушу керек. Температура белгилүү деңгээлден жогору чыкканда ферменттер талканалып кетишет. Бул ошол эле учурда бүт белоктордун талкаланышына себеп болот. Ошондуктан жандыктын денеси – бүт бул процесстер ишке аша тургандай өтө аяр бир системага жана механизмге ээ болгон, атайын жаратылган бир дене. Бул өтө аяр чоңдуктардын кандайдыр бир тең салмаксыздыгы зат алмашуунун толугу менен бузулушуна себеп болушу мүмкүн.

Буларды окуп жатканда, сөз болуп жаткан ферменттердин дене ичинде жүргөн жана көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир атом жыйындысы экенин унутпашыбыз керек. Бул атом жыйындысынын башка бир атом жыйындысын таанып, анын касиеттерин аныкташы аны бир акыл башкарып тураарын апачык көрсөтөт. Мунун тескерисин жактаган жана ушундай бир аң-сезимди кокустан пайда болгон деген эволюционисттер болсо клеткадагы керемет комплекстүү долбоор алдында өтө чоң бир парадокс ичинде калышат. Негизи мындай системанын кокустан пайда боло албашын, албетте, өздөрү да өтө жакшы билишет. Бирок Аллахтын бар экенин танууга таянган жашоо көз-карашы жана туура эмес идеологиялары себептүү бул чындыкты эч кабыл алгылары келбейт. Алардын максаты – канчалык логикасыз болсо да, Аллахтын бар экенин жокко чыгарууну көздөгөн бир пикирди айтып чыгуу. Бирок Аллахтын жараткан нерселери Аллахтын бар экендигин жана улуулугун апачык көрсөтүүдө.

enzymes

1. Glucose
2. Fructose

3. The bond is streched
4. Products released

5. The reaction is completed
6. The enzyme is release for re-use
7. Enzyme = Sucrose

Enzymes accelerate chemi al reactions in the cell.
A) Enzymes are globular proteins with hollows in their surfaces. This hollow is of a size to harbor the reaction molecules.
B) The molecule to enter the reaction enters the hollow in the enzyme and initiates the reaction.
C) In this lock-and-key relation ship, the molecules are fixed in their shapes.
D) Chemical bonds break depending on the enzyme, and products are set free. The original enzyme is now free to enter into a reaction with new molecules.

Түркиянын эволюция теориясы жактоочуларынан профессор, доктор Жемал Йылдырым төмөнкү сөздөрү аркылуу бир фермент молекуласынын клетканын сыртында, кокустуктар натыйжасында пайда болуу ыктымалдыгынын негизинде жашоонун туш келди келип чыга албашын апачык айткан:

Орточо бир фермент 100 аминокислотадан турат. 20 даана аминокислота бар, демек 20100 комбинация бар. Мынча комбинация ичинде бир жолуда кокустан белгилүү бир ферменттин пайда болуу ыктымалдыгы 10130дан бирге барабар.27

Эволюционист молекулярдык биолог профессор, доктор Али Демирсой болсо ферменттин пайда болуу ыктымалдыктарын айтып жатканда таң калганын жашырган эмес:

Бир фермент орточо 100 аминокислотадан турат. 100 аминокислотадан турган бир ферменттин 20 аминокислота менен берген комбинациясы 20100. Бүт ааламдагы атомдордун санынын 1080, аалам пайда болгондон бүгүнкү күнгө чейин өткөн секундалардын санынын 1016 экенин эске алсак, белгилүү бир тизмедеги бир ферменттин пайда болуу ыктымалдыгынын канчалык төмөн экенин көрүүгө болот. Андай болсо ферменттер кантип пайда болгон?28

Чет элдик бир булакта болсо ферменттердин өзүнөн-өзү пайда болушунун мүмкүн эместиги төмөнкү эсептөө аркылуу айтылат:

Бир эволюционисттин (Фред Хойл) божомолдору боюнча болсо тирүү бир организмде 2000 түрдүү комплекстүү фермент түрү бар. Булардын бир даанасынын туш келди, татаал процесстер менен 20 миллиард жылда да пайда болушу мүмкүн эмес.29

Бул ыктымалдык эсептөөлөрү жөнүндө кааласаңыз кайра бир ойлонолу. Эсиңизде болсо, бир чекиттин ичинде галактикабыздагы жылдыздардын санынан көбүрөөк атом бар. Ааламдагы атомдордун саны болсо 1080. 10 санынын жанында 80 нөл адам акылына сыйбас бир сан. Анда 100 аминокислоталуу бир ферменттин кокустуктар менен пайда болушун көрсөткөн 10130дан 1 ыктымалдык – иш жүзүндө математикалык жактан нөл болгон, б.а. эч турмушка ашпаган бир ыктымалдык. Бул ачык чындык аркылуу денедеги миллиондогон өзгөчө молекула арасынан тандалган бир ферменттин да кокустан пайда боло албашы математикалык жактан да далилденүүдө.

Клетка Мембранасы – Кемчиликсиз Бир Коргоочу Тон

cells

1. Fungus
2. Liposome
3. Two-fold layer

The diagrams show cross sections of the cell membranes of three different structures. All the membranes in these structures possess molecules equipped with very special features. The cell membrane possesses molecular priority, through which essential substances such as glucose are admitted into the cell while harmful substances are excluded. Also by means of this special structure, the needs of the cell are identified. This is just one of the incom parable miracles created by Allah.

Клетка мембранасынын молекулярдык түзүлүшү – клетка биологиясы жана биохимия жагынан учурдагы эң негизги изилдөө тармактарынын бири. Мунун себеби – клетка мембранасы өтө маанилүү биологиялык касиеттерге, белгилүү жана жакшы уюштурулган бир түзүлүшкө ээ болгон, өтө комплекстүү бир органелл. Клетка мембранасы (кабыкчасы) клетканын корголушу жана азыктанышы үчүн өтө маанилүү касиеттер менен жабдылган жана ал жасаган бүт иштер терең акылмандыкты көрсөтөт. Көп касиеттери аныкталганы менен, клетка мембранасынын функцияларынын баары дагы эле толук ачылып бүтө элек.

Клетка мембранасы негизинен май жана белок молекулаларынан турат. Бирок негизи анда такыр башка касиеттеги түзүлүштөр да болот. Клетка мембранасынын керемет тарабы ошол түзүлүштөрдөн келип чыгат. Мембранадагы бул түзүлүштөр – ион жана молекула насостору. Бул насостор клетканын сыртындагы көп заттарды клетканын ичине киргизүүгө жооптуу. Клетка мембранасынын «тандап өткөргүч» касиети ушул насостордун натыйжасында болот.30 Клетка мембранасы бул насостору аркылуу глюкоза сыяктуу азык заттарын ичкери киргизип, клетка үчүн зыяндуу болушу ыктымал болгон заттардын же ашыкчалардын клеткадан сыртка чыгышын камсыз кылат. Ошондой эле, бул насостор аркылуу сырттагы зыяндуу заттардын клетканын ичине киришинин алды алынат. Жана бул кемчиликсиз түзүлүш клетканын муктаждыктарын аныктап, клетканын муктаждыгынан ашыкча азыктын ичкери киришине жол бербейт. Кыскасы, бул керемет кабыкча өзүндөгү башка молекулалар менен кызматташып, акылмандык көрсөтөт, анализдер жасайт, чечим алат жана андан күтүлбөгөн бир ишти жасайт. Клетка мембранасынын бул касиетинин канчалык керектүү жана маанилүү экенин жакшы түшүнүү үчүн төмөнкү мисалды берүүгө болот. Жылан уусу бир адамды ал уунун клетка мембранасын талкалашы жана натыйжада клетканын ичине ар кандай зыяндуу заттардын кириши себептүү өлтүрөт.

Мемрана бетиндеги молекула насостору жана өтүүгө уруксат берчү эшиктер ичкери кире турган заттарды тандаганда өтө тактыкты жана акылдуулукту көрсөтүшөт. Клетканын ичине көптөгөн ар кандай заттар кирет. Заттар ар түрдүү болгону үчүн алардын көлөмдөрү да, албетте, ар кандай болот. Клетка ичине кирген заттар өтө кичинекей болгон электрон жана фотондор, протондор, иондордон, суу сыяктуу кичинекей молекулалардан, аминокислота жана кант сыяктуу орто көлөмдөгү молекулалардан, белок жана ДНК сыяктуу өтө чоң көлөмдөгү молекулалардан турат. Клетка мембранасы бетиндеги насостор аркылуу клеткага керектүү бир молекуланы «канчалык чоң болбосун», болгон аракети менен клетканын ичине киргизет. Кээде клетка ичине киргизиле турган молекула бул эшиктерден өтө албай турганчалык чоң болот. Мындай учурда мембрана айланадагы ферменттерди жардамга чакырат. Клеткага кириши керек болгон бир молекула ферменттердин көмөгү менен мембрананын бетиндеги эшик кеңейтилип, клетка ичине киргизилет.

Glycolipid

1. Exterior of cell
2. Glycolipid

3. Fibrous binding protein
4. Phospholipids

Through the various pumps and channels in the cell membrane, some molecules can travel with ease between the inside and outside of the cell. All these molecules ensure their passage by going to a channel suited to them.

cells

1. High-Concentration Region
2. Cell Membrane
3. Low-ConCentration Region

4. Molecules strike one another at random in the high-concentration region.

5. Those that strike

6. Tranmit the spreading molecule to the low-concentration region.

7. Dissolved molecule
8. Transport protein
9. Binding region

A. A dis solved mol e cule attach - es to the open, bond ing region on the trans port pro - tein in the cell mem brane.

B. ATP transfers phosphate to the transport protein.

C. The phosphated transport protein changes shape opens and deposits the dissolved molecule in the cell.

D. The phosphate leaves the transport protein, which returns to its original form. It is now ready to transport another dissolved molecule.

Молекула киргизилген соң ферменттер кайра ишке киришип, ал эшикти мурдакы калыбына алып келишет. Бул процесс учурунда эшикке да, клетка мембранасына да, клеткага да эч бир зыян тийбейт. Молекулалар бир кабарчылары же бир байланыш системасы бардай болуп иштерди өз ара бөлүштүрүп, чогуулай жасашат. Клетка мембранасынын бетинде мындай касиеттери бар молекулалар болбосо, эмне болот? Мындай молекулалар болбосо, албетте, ал жандыкты өлүм күтөт. Себеби бул молекулалар болбосо, клетка ичине азык киргизе албаганы үчүн азыктана албайт, ичиндеги таштандыларды сыртка чыгара албаганы же сырттан зыяндуу заттарды ичине киргизгени үчүн алардан жабыр тартат. Андай болсо, клетканын ичиндеги жүздөгөн молекулалардын кандайдыр бирөөсү бул молекулалардын иштерин жасай албайбы? Бул да мүмкүн эмес. Клетканын ичинде жана сыртында ар бир молекула өз кызматын аткарууга милдеттүү. Клетка мембранасынын бетиндеги молекулалар болбосо, алардын ишин жасай турган башка бир молекула болбойт. Алар – клеткаларды жана натыйжада адам өмүрүн коргоо үчүн атайын жаратылган, бар экенинен биздин кабарыбыз да болбогон, сансыз себептердин бирөөсү гана.

impulse

A. The cell mem brane also plays an impor - tant role in the trans mis sion of data with - in the body. Due to the elec tri cal ly charged areas on the cell mem brane, an elec tri cal poten tial forms between the mem brane's two sides. This poten tial ini ti ates an elec tri cal cur rent, which per mits infor ma tion to be trans mit ted along the nerves to the brain.

B. In the absence of this impor tant elec tri cal cur rent between the cells, ini ti at ed by the mol e cu les, there could be no com mu ni ca tion with in the body. Therefore, every - thing you feel, see or taste results from this elec tri cal cur rent, pro duced by the sub - lime cre a tion in the cell mem brane.

C. Stimulating forwarders, custom binding to receptors on the opposite side of the synapse synapse Taking sac activates them.

D. Alert transmitters, channels, activating the sodium ions rapidly towards the region after the synapse, began to move. Sodium ions formed by a warning that the electrical mobility starts.

1. Mitokondri
2. Synapse region
3. Synapse sac
4. Open receptor
5. Impulse transmitters
6. Synaptic gap
7. Receptor/Na+ channel
8. Na+ ions

Клетка мембранасынын башка маанилүү касиеттери да бар. Мембрананын бетинде электрдик заряддуу аймактар болот. Ал аймактар натыйжасында мембрананын эки бети арасында бир ток потенциалы келип чыгат жана заряд агымы башталат. Бул касиет денедеги нерв клеткаларынын иштешинде өтө чоң мааниге ээ. «Маалыматтар» клеткадан нервдер аркылуу мээге клетка мембранасындагы ушул ток булагы натыйжасында жеткирилет.31 Белгилүү болгондой, дененин ичинде кандайдыр бир жерден келген сигналдар электрдик заряддар аркылуу мээге жеткирилет. Эгер молекулалар баштаган мындай заряддашуу болбогондо, дененин ичинде байланыш системасы болмок эмес. Башкача айтканда, кармаган бир нерсеңизди сезе албайсыз. Себеби кармаган бир нерсеңизди ага тийген жериңизден, мисалы, манжаңыздан мээңизге жиберилген электрдик сигнал себептүү сезесиз. Эгер мээге ал сигналдар барбаса, мээ эч нерсе сезбейт. Мээ сезбеген нерсени сиз да сезбейсиз.

Клетка мембранасынын бетиндеги молекулалар, ошондой эле, мембранадагы кандайдыр бир жабыркоону да оңдой алышат. Клетка мембранасы айрылып же тешилип калса, мембрана бетиндеги бул жараатты заматта аныктай алган молекулалар ишке киришип, өтө кыска убакыт ичинде аны оңдошот.32 Ал молекулалар мембрананын бүт тарабын тынымсыз көзөмөлдөп турушат. Алар да башка молекулалар сыяктуу өздөрүнө тапшырылган ишти толук билишет жана клетканын ичинде башка ишке кийлигишишпейт. Бул молекулалар болбосо, клеткадагы жабыркоолор оңдолбойт жана клетканын бузулушу болсо өлүмгө себеп болушу мүмкүн болгон ар кандай ооруларга алып келет. Мындай механизмдин кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Бул системаны кокустан пайда болгон деп айтышы эволюционисттердин канчалык акылсыздык кылып жатышканын дагы бир жолу көрсөтүүдө.

Клетка мембранасынын бетинде, мындан тышкары, сырттан келген ар кандай маалыматтарды да кабылдай алган рецептор молекулалар бар. Ал рецепторлор ар кандай белоктордун мозаикалык бир түзүлүштө клетканын бетине жайгашышынан пайда болот жана дененин ичинде гормон сыяктуу ар кандай сигналдар менен маалыматтарды ташуучу молекулаларга карата сезгич болушат. Алардан келген маалыматтарды алып, кабылдашат жана ишке киришет.33 Мындай маалымат алмашуу да клетка бетиндеги белоктордун формалары себептүү ишке ашат. Маалыматты ташуучу молекуланын формасы аны кабылдай турган молекуланын формасына туура келгенде, экөө бир-бирин таанышат жана натыйжада байланыш түзүлөт.

Жан Кирген Молекулалар Аллахтын Жаратканын Далилдөөдө

verse

It is He who has created hearing, sight and hearts for you. What little thanks you show! (Surat al-Muminun: 78)

Бүт бул молекулалардагы кемчиликсиздикти жана тартипти түшүнүү үчүн төмөнкү чындыкты кайрадан эске салуу пайдалуу болот: кандайдыр бир молекуланын кетирген бир эле катасы сиздин жабыркашыңызга, ал тургай, өлүмүңүзгө себеп болушу мүмкүн. Бирок бул молекулалар жогорку бир акылдын буйругу астында экенин апачык көрсөтүшүп, кылган ишинде эч ката кетиришпейт. Денеңиздеги 100 триллион ДНК молекуласы, ДНКны түзгөн нуклеотиддер, клетканы курган белоктор, арадагы кыймылды эч кемчиликсиз жөнгө салган ферменттер, ферменттерди түзгөн аминокислоталар жана 100 триллион ДНКны ичинде камтыган жана «сизди» түзгөн 100 триллион клетка – теңдешсиз уюшкан, тартиптүү түзүлүштөр.

Көзгө көрүнбөгөн бул ааламда атомдордун жана молекулалардын туш келди биригишинен адамдай акылдуу жана аң-сезимдүү бир жандыктын келип чыкпашы анык. Атомдордун дал денеге керектүү формада биригишин, өздөрүнө бир ишти аныктап алып, ошого жараша бир тартипке келишин жана адам да жасай албаган иштерди жасай алышын кокустуктарга таяндыруу чоң бир логикасыздык болот. Жансыз жана аң-сезими жок атомдорго кантип жан кирип, аң-сезимдүү болуп калганы дарвинисттерди жана материалисттерди чоң парадокско (кайчы пикирге) салган, идеологияларына күмөн жараткан маанилүү бир суроо.

Тарых бою жашаган бүт илимпоздорду, адистерди чогултуп, технологиянын бүт мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп да атомдорду бириктирип, бир жандыкты пайда кылуу мүмкүн эмес. Молекулярдык деңгээлде апачык көрүнүп турган эволюция туюгу – дарвинисттер үчүн чоң бир кыйроо. Алар бүт сөздөрүндө жана китеп-макалаларында «жашоонун өнүгүшү (эволюциясы)» жөнүндө ойдон чыгарылган кокустук сценарийлерин дайыма баяндашат. Бирок жашоонун тамырын да түшүндүрө албай жатып, анын «уландысынын» кантип келип чыкканын баяндоонун, албетте, эч бир мааниси жок. Чындык апачык көрүнүп турат: жашоо ушунчалык кемчиликсиз жана комплекстүү болгондуктан, аны эч качан кокустук окуялар менен түшүндүрүүгө болбойт. Ошондуктан «кокустан келип чыгуу» көз-карашы ааламдагы өтө так тең салмактуулуктарды жана жашоонун келип чыгышын эч качан түшүндүрө албайт. Аллах кокустуктарды өздөрүнө жаратуучу кудай кылып алган жана ааламда Аллахтан башка күчтөр издеген мындай адамдардын абалын Куранда төмөнкүдөй баяндайт:

Өздөрү жаратылып, эч нерсени жарата албаган нерселерди (Аллахка) шерик кошуп жатышабы? (Бул ширк (шерик) кошкон күчтөр менен нерселердин) аларга да жардам бергенге күчтөрү жетпейт, өз напсилерине (өздөрүнө) да. (Аьраф Сүрөсү, 191-192)

Углеводдордун Күнүмдүк Жашоодогу Аты: Кант (Шекер) Молекулалары

«Кант» дегенде көп адамдардын оюна биринчи кезекте чайга салган же таттуулардын ичиндеги шекер келет. Чындыгында болсо биз күнүмдүк жашообузда колдонгон кант – табиятта ар кандай түрдө кездешкен жана өтө көп жерде колдонулган кант молекулаларынын бир туундусу. Кант молекулалары болсо химия тилинде углеводдор деп аталган чоң бир бүлөнүн мүчөлөрүнүн бири. Бул жерде кант молекуласы деген ат менен каралган молекулалардын баары негизи «углеводдор» тобуна кирет.

Углеводдордун тирүү организмде мааниси өтө чоң. Жандыктардын эң негизги энергия булактарынын бири болгон глюкоза жана гликоген, өсүмдүктөрдө фотосинтез натыйжасында келип чыккан крахмал, өсүмдүктөрдүн эң негизги клетка дубалы болгон целлюлоза – булар углеводдор, б.а. кант молекулалары. Теңдешсиз касиеттери бар клетка мембраналары да углевод молекулаларынын биригишинен пайда болгон.

Углеводдор көмүртек, суутек жана кычкылтек атомдорунан турат. Суутек менен кычкылтек суунун курамында болгон сыяктуу, углеводдордун курамында да болушат.

Дененин Негизги Азыгы: Глюкоза

sugar

Глюкоза – бүт жандыктардын негизги азык булагы болгону себептүү өтө маанилүү бир молекула. Алты көмүртек, он эки суутек жана алты кычкылтек атомунан турган бул молекула курамындагы суутек атомдорунун алтоосун колдонуп, тышкы түзүлүшүн бир алты бурчтук формасына алып келет. Бул алты бурчтуу форма тиши бар бир жандыктын тиштерине окшошот жана глюкозанын эң негизги молекулярдык касиеттери ушул алты бурчтуу формасынын натыйжасында келип чыгат. Курамындагы алты кычкылтек атому глюкозага башка маанилүү молекулярдык касиеттерди берет. Глюкоза кычкылтек атомдору себептүү сууда оңой гана ээрий алат. Мунун себеби глюкоза молекуласы кычкылтек атомдору аркылуу суу молекулалары менен күчтүү суутек байланыштарын түзө алат. Сууда ээриген бул молекула ошондуктан дээрлик ар кандай суюктукта ээрийт.

Глюкозанын бул касиети биз үчүн өтө чоң мааниге ээ. Себеби глюкоза клеткалардын эң негизги азыгы, жана ошондуктан клеткаларга кан аркылуу ташып жеткирилиши жана ал үчүн суюктук ичинде ээриши зарыл. Глюкозаны анын молекулалык түзүлүшүнө өтө окшош болгон «гексанга» салыштырсак болот. Гексан көп тараптан, өзгөчө бир күйүүчү май катары глюкозага өтө окшошот. Бирок гександа кычкылтек атому болбойт жана ушул себептен күйгөндө көптөгөн жаңы жана күчтүү көмүр-кычкыл байланыштарын пайда кылат. Бул гександын сууда ээришине жолтоо болот. Ошондуктан гексан кан тарабынан клеткаларга жеткириле албайт. Кадимки шарттарда глюкозанын өндүрүмдүүлүгү гександан төмөн, бирок суюктук ичинде ташуу мүмкүн болгондуктан адамдар үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Глюкоза молекулалары аралашманын ичине кирээр замат алардын энергиясын зат алмашуу үчүн колдонууга болот. Ошондуктан глюкоза жандыктардын клеткалары үчүн негизги күйүүчү май болот. Чоңураак молекулалар, мисалы, татаалыраак канттар жана крахмалдар сиңирилгенде оңой күйгүзө алынышы үчүн жана клеткаларга жеткирүү үчүн глюкоза молекулаларына айландырылып, кичирейтилет. Ошентип глюкоза кирген зат алмашуусуна (метаболизмге) жараша кан канты, жүзүм канты, крахмал канты сыяктуу аттар менен аталат. Бышкан мөмөлөрдөгү, гүлдөрдүн ширелериндеги (нектар), жалбырактардын маңызындагы (сок) жана денеде айланып жүргөн кандагы негизги зат – бул жандыктар үчүн өзгөчө кылып жаратылган глюкоза.34

sugar

We take in carbohydrate from 70% of the food we eat. Partly digested carbohydrates in the mouth are sent to the intestines to be fully broken down. The glucose molecules that emerge as a result are kept in balance by means of enzymes. This glucose molecule, so vital to the body, is maintained in equilibrium with a specially created system.

Жеген азыктарыбыздын 70%ы аркылуу углевод алабыз. Углеводдорду сиңирүү ооздо башталат. Шилекейде углеводдорду майдалоочу ферменттер бар. Бир бөлүгү майдаланган бул молекулаларды сиңирүү ичке ичегиде аяктайт. Бул майдалануудан келип чыккан глюкоза молекулалары кан басымынын жогорулашына себеп болот. Бирок кан басымы глюкоза молекулаларына кийлигишкен ферменттер аркылуу тең салмакта тутулат. Кыскасы, дене үчүн өтө маанилүү бир молекула өзгөчө кылып жаратылган башка бир молекула тарабынан тең салмакка салынат.

glucose

1. Microvillus
2. Lysosome
3. Mitochondria
4. Channel switching

A. Sodium, amino acids and glu cose enter the cell through active trans port.

B. Amino acids, glu cose and sodi um leave the cell and enter the blood ves sels.

Glucose, the cells' most impor tant nutri ent, is car - ried through the body via blood ves sels. Glucose can be trans port ed in this way due to its being sol u ble in water. This once again shows the sub lime nature of Allah's cre a tion.

Денедеги глюкоза ашыкча болсо да ысырап кылынбайт. Глюкоза молекулаларынын ашыкчасы бир фермент аркылуу «гликоген» деп аталган башка бир формага айландырылып, сактап коюлат. Глюкозаны гликогенге айландырууда кызмат кылган ферменттин аты - «глюкокиназа» ферменти. Бул фермент боор тарабынан өндүрүлөт жана бул өндүрүш уйку безинен чыгарылган «инсулин» деп аталган бир гормондун контролу астында болот.35 Өндүрүлгөн гликоген болсо денеде азыкка муктаждык жаралганда ишке киришет жана колдонууга даяр абалга келет.

brain

Any change in the spe cif ic quan ti ties of glu - cose reach ing the brain can have fatal results.

Денедеги бул система бир заводдой иштейт. Заводдо өндүрүш жасаган, продукттарды белгилүү жерлерге ташыган, аларды көзөмөлдөгөн, ашыкчаларды аныктаган жана ашыкча заттарды башка продукттарды колдонууда пайдаланган жумушчулар болот. Ар бир өндүрүш сөзсүз белгилүү бөлүктөрдүн көзөмөлү астында болушу зарыл. Күчтүү көзөмөл натыйжасында заводдогу өндүрүштө ката чыкпайт, жараксыз продукттар же ашыкчалар бир четке бөлүп алынып, сөзсүз жаңы бир продуктту өндүрүүдө колдонулат. Бир заводдо бүт бул иштерди жасаган, продукттун сапатын жана өндүрүшүн түшүнгөн, аларды көзөмөлдөгөн, ашыкчаларды аныктаган жана аларды колдонуу үчүн жаңы өндүрүш бөлүктөрүн белгилеген акылдуу, илимдүү жана окутулган адамдар болот, албетте. Бирок бул жерде айтылган система болсо – сиздин өз денеңиздин ичиндеги, көлөмү микрондор менен көрсөтүлгөн клеткалар. Албетте, клетканын ичиндеги молекулалардын да, аны менен чогуу кызмат кылган башка түзүлүштөрдүн да акылы, илими, жөндөмү жок жана окутулган эмес. Бүт бул процесс жана өндүрүштөр үчүн белгилүү бир убакыттын өтүшү да талап кылынган эмес, биз төрөлгөндөн баштап бул кемчиликсиз система азыркы абалындай жанданып, иштеп баштаган. Бул кемчиликсиз эмгекти бөлүштүрүү (эмгектин бөлүнүшү) миңдеген жыл бою, илимпоздордун эч кабары жок кезде эле, кемчиликсиз жасалып, ар бир молекула ар бир адамда эч кемчиликсиз өз кызматын аткарып келген. Болгондо да, бул эмгекти бөлүштүрүү, сиздин эч кабарыңызсыз, тынымсыз денеңизде болуп жаткан керемет бир уюштурууну жана системалуу иштөөнү пайда кылат. Акыл менен аң-сезимди молекулаларга тиешелүү деп айтууга болбойт, демек, бул жерде өтө пландуу жана кемчиликсиз долбоорлонгон улуу бир жаратуунун бар экенине дагы бир жолу күбө болобуз.

Глюкоза адам денесинде канда 60% көлөмүндө, б.а. 110 мг/дл, кыртыштарда болсо 0,1 мг/дл болушу шарт. Эгер бул системада бир маселе жаралып, мээнин эң негизги күйүүчү заты болгон глюкоза мээге жетиштүү көлөмдө барбаса, бул өтө олуттуу көйгөйлөргө себеп болот. Эгер мээге барган глюкоза көлөмү 0,04 мг/длден төмөн болуп кетсе, мээ клеткалары ашыкча сезгич болуп калат жана нерв импульстарды жөнөтүп денедеги булчуңдардын тынымсыз жыйрылышына себеп болот. Бул болсо кыска убакыт ичинде өлүмгө алпарат.36 Өмүрүбүздүн ушундай бир молекуладан көз-каранды болушу негизи адамдын Аллахка канчалык муктаж экенин көрсөткөн маанилүү бир ишарат. Бул чындык адамдын Аллахтын күч-кудурети алдындагы алсыздыгын жана чарасыздыгын апачык көрсөтөт. Адам өз денесиндеги системаларды толук түшүнүүгө да күчү жетпейт, демек Аллахтын сөзсүз бар экенин көрүп, эч нерсенин максатсыз жаратылбаганын түшүнүшү зарыл. Себеби жер жүзүндөгү ар бир нерсе бул акыйкатты адамдарга көрсөтөт, бүт баары кемчиликсиз бир төп келүүчүлүктө жаратылган. Аятта бул чындык төмөнкүчө айтылган:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

Глюкозанын Курамындагы Атомдор Кээде Башкача Байланыш Түзүшөт

honey

Глюкоза ар кандай байланыш формалары аркылуу ар кандай кант молекулаларына айлана алат. Алардын бири – фруктоза. Фруктоза көбүнчө мөмө канты деп аталат. Себеби мөмө-чөмө, жашылча-жемиштерде көп кездешип, мөмөгө таттуу даамды ушул молекула берет. Ошондой эле, фруктоза – балдын ичиндеги негизги кант заты. Себеби аарылар бал маңызын (шире) чогулта турган гүлдөр чыгарган ширелер фруктоза булагы болушат. Бул молекуланын башка маанилүү касиеттери да бар. Фруктоза ошол эле учурда сперманын кыймылы үчүн да энергия чыгаруучу кант болуп саналат. Сперманын узун жана кереметтүү сапарындагы негизги күйүүчү заты.37

Глюкоза менен фруктоза молекулаларынын биригиши натыйжасында дагы бир кант молекуласы сахароза келип чыгат. Сахароза – бул биз күнүмдүк жашоодо колдонгон кумшекер. Өзгөчө кант тростниги менен кант кызылчасында болот. Сахароза, ошондой эле, өсүмдүктөрдө мол болгон крахмал менен целлюлозанын да структуралык элементин түзөт. Себеби бул маанилүү структуралык элемент фотосинтез процессинин негизги бир бөлүгү. Сахароза фотосинтез процессинде бир ортоңку кошулма катары жалбырактарда пайда болот жана өсүмдүктөрдөгү өткөрүү системасы аркылуу өсүмдүктүн башка бөлүктөрүнө өткөрүлөт. Сахароза өзүнүн молекулярдык касиеттери себептүү өсүмдүк ичинде бара ала турган эң акыркы жерине чейин структурасы эч бузулбай жеткирилет.38 Натыйжада өсүмдүк ичиндеги азык керектүү бүт жерге эч кыйынчылыксыз жеткириле алат.

Денебиздеги Акылдуу Молекула: Кератин

Табияттагы 20 түрдүү аминокислота бир-бирине «пептиддик байланыш» деп аталган өзгөчө байланыш аркылуу туташышат жана бул байланыш аркылуу «полипептид» чынжырын пайда кылышат. Албетте, бул байланыш жансыз табиятта кокустуктар аркылуу эмес, клеткалардын ичинде, бул ишке жооптуу атайын фермент жана органеллдердин кийлигишүүсү менен гана болот. Кератин да узун бир аминокислота чынжыры, б.а. белок. Кератинди түзгөн полипептид чынжыры бир күкүрт көпүрөсү аркылуу бир-бирине туташат. Күкүрт көпүрөлөрү күкүрт атомдорун камтыган аминокислоталар арасында болот. Бул байланыштар кичинекей жипчелер формасында биригишет. Андан соң бул жипчелер барган сайын чоңоюп, бир жерге топтолуп бир клетканы пайда кылышат.

Булардын баары негизи бир тал «чач» клеткасын түшүндүрүүдө. Бир тал чач ушундай клеткалардын жыйындысынан келип чыгат. Б.а. чачтарыңыз бир-бирине күкүрт көпүрөлөрү аркылуу уланган кератин молекулаларынан гана турат. Чачыңыз өзгөргөндө ортодогу күкүрт байланыштары үзүлөт. Мисалы, чачтын белгилүү ыкмалар менен тармалдаштырылышы ушул көзгө көрүнбөгөн молекула байланыштарынын өзгөрүшү натыйжасында мүмкүн болот.

keratin

1. (Below) Image of hair molecule seen under a microscope

Чачтарыңыз ийкемдүү. Мунун себеби кератинди түзгөн суутек байланыштары. Ийкемдүү суутек байланыштарынан келип чыккан мындай касиетинен улам чачтар кыймылдайт жана оңойчулук менен үзүлбөйт. Эми мунун тескерисин ойлонуп көрөлү. Эгер кератин молекуласы башка бир химиялык байланыш аркылуу байланыш түзгөндө, чачыбыз топтолгон жана өтө катуу болмок. Жасалгаласа боло турган, оңой кыймылдаган чачтарыбыздын ордуна, балким башыбызда бир жыгачтай катуу бир салмакты көтөрүп жүрмөкпүз. Бирок суутек байланыштары себептүү эч качан мындай болбойт.

Чач молекулаларын бириктирген байланыштардын башка маанилүү касиеттери да бар. Чачтар ийилгенде молекулаларды чогуу кармап турган күкүрт көпүрөлөрүнө эч зыян тийбейт. Ошондуктан кандай формага салынса да жана канчалык ийилсе да, чачтар эч кыйынчылыксыз баштапкы абалына кайта алат.39

keratin

Чачтын ыраңын кетирүү көбүнчө чачка түсүн берүүчү кошулмаларды бузуу аркылуу жасалат. Муну көбүнчө молекулалардын кычкылданышына шарт түзүүчү суутек пероксиди сыяктуу аралаштырмалар аркылуу кылганга болот. Суутек пероксиди аркылуу чачтын ыраңы кетирилгенде, көбүрөөк санда күкүрт көпүрөсү келип чыгат. Чачтын ыраңы кетирилген соң оңой сына турган болуп калышынын жана ийилчээктигин жоготушунун себеби ушунда.

Чачтын жалтырактыгы болсо – бул чачтын нурду чагылта алуу жөндөмү. Кээ бир чач дарылары менен шампуньдар кератин молекулаларындагы суутек иондорун чыгарып, алардын электрдик заряддарын өзгөртөт. Натыйжада кератин молекулалары менен микрофибрилл тутамдары бекемирээк жабышып, нурду жакшыраак чагылтуу касиетине ээ болушат. Мындай каражаттарды колдонгон соң чачтын көбүрөөк жалтырап калышына молекулалардагы ушундай кичинекей өзгөрүүлөр себеп болот. Чач кремин колдонгон соң чачтардын оңоюраак ачылышы да молекулярдык деңгээлдеги өзгөрүүлөрдүн натыйжасында болот. Чач кремдеринде иондук заттар болот жана алар кератин жипчелерине туташып, алардын электрдик зарядына таасир берет. Бул бир-бирине жакындашкандай көрүнгөн чач талдарынын арасындагы түртүлүү күчүн көбөйтөт. Чач талдары бир-биринен алыстагандыктан, бир-бирине кирип, сынышы кыйын болуп калат.

Кератин молекуласы денебизде да, күнүмдүк жашообузда колдонгон буюмдарыбызда да ар кандай формада болот. Тери дээрлик таза кератин молекуласынан турат. Жүн, жибек, балык кабырчыгы, түктөр жана түк саптары да кератинден турат. Чеңгел жана тырмактар да кератинден турушат. Бирок булар көбүрөөк күкүрт көпүрөсү менен кайчылаш байланыш түзүшөт. Андай кайчылаш байланыштар кератиндин көбүрөөк иштетилгенин көрсөтөт. Натыйжада пайда болгон молекула күчтүүрөөк жана катуураак болот. Тырмак менен чеңгелдердин катуу болушунун себеби ушунда. Жибек да кератин молекулаларынан турат. Көп курт-кумурскалар жана жөргөмүштөр тарабынан чыгарылган катуулашкан бир суюктук абалындагы жибекти түзгөн кератин молекулалары башка заттардагынын тескерисинче бир спираль формасында эмес болот. Анын ордуна бир-биринин үстүнө жыйылып туташкан катуу аминокислота плиталарын пайда кылышат. Жибектин бетине тийгенибизде анын тегиздигин сезе алабыз. Жибек жүнгө караганда азыраак ийилет, себеби аны түзгөн полипептид чынжырлары дээрлик толук созулган. Бирок баары бир ийилип-созулат, себеби плиталар бир-бирине суутек байланышы аркылуу уланышкан. Жумшак суутек байланыштары себептүү плиталар оңой гана бир-биринин үстүнөн сыйгалана алышат.40

Кератин молекуласынын саналган бул касиеттеринин баары негизи анын канчалык өзгөчө бир молекула экенин көрсөтүүдө. Кератин ар кандай касиеттеринен улам өтө көп жерлерде колдонулуп, бир-бири менен эч байланышы жок көптөгөн материалдардын негизги затын түзүүдө. Мисалы, тери менен тырмак бир-биринен айырмалуу заттар. Жүн болсо такыр башка. Бирок баары кератинден турат жана баары кератиндин өзгөчө касиеттеринен улам ар кандай өзгөчөлүктө болушат. Мисалы, чач менен теринин ийкемдүү болушу зарыл. Бирок тырмактар катуу болушу керек. Жибек жылмакай көрүнүшү үчүн структурасы тегиз болушу шарт.

hide

1. Keratin fibers
2. Cross section of skincell

Keratin is the substance that protects the skin and con stitutes the basis of the skin's porous structure. At the same time, it protects against exter nalagents. Keratin is just one of the countless blessings created to discharge their responsibilities in nature.

Булардын баарында көңүл бурган жагдай болсо, кератин бүт бул заттарда «коргоочу» катары алдыңкы планга чыгат. Терини коргоочу зат – бул кератин. Теринин канчалык корголгон жана өзгөчө бир материал экени белгилүү. Кератин өзгөчө молекулярдык түзүлүшү аркылуу терини тышкы факторлордон коргоп, теринин түзүлүшүн өзгөчө кылат. Бир мисал келтирсек, теридеги тешикчелер адам өмүрү үчүн өтө чоң мааниге ээ. Эгер тешикчелер болбогондо, денедеги ашыкча температура менен суу сыртка чыга алмак эмес жана адам жогору температурадан өлүп калмак. Кератин бул тешикчелердин негизин түзөт. Ошол эле учурда, дайыма сырткы чөйрө менен жана ар кандай микроорганизмдер менен мамиледе болгон тери алардан коргоно турган түзүлүшкө кератин аркылуу ээ болгон. Ошол сыяктуу, чачтар менен тырмактардын корголушу да ушул өзгөчө молекуланын функцияларынан көз-каранды. Кыскасы, кератин табиятта өз функциясын аткаруу үчүн жаратылган сансыз жакшылыктардын бирөөсү гана. Табиятта сансыз молекула болгону менен, анын ордуна жарай турган, ал аткарган кызматтарды жасай турган башка бир молекула жок.

Жашыл Дүйнөнүн Эң Негизги Архитектору: Целлюлоза

Жашоонун негизги молекулаларынын бирөөсүнүн глюкоза экенин айткан элек. Кан аркылуу ташылган клетканын күйүүчү затынан гүлдөр өндүргөн ширелерге чейин көп заттар глюкоза молекулаларынын биригишинен келип чыгат. Глюкозанын эң негизги туундуларынын бири болсо дүйнө жүзүнүн өтө көп бөлүгүн каптаган целлюлоза. Целлюлоза дарак кыртышынын 50%ын, пахтанын болсо 90%ын түзөт. Бул молекула денеге негизги бир азык катары кирген жана сиңген соң чоңоюу, кыймылдоо жана ойлонуу үчүн энергия катары колдонулган крахмалга өтө окшошот. Бул жерде кыскача крахмалды карап кетүү туура болот.

Крахмал да керемет молекула глюкозага окшош молекулярдык түзүлүшкө ээ. Буудай продукттары менен картофельдин ичинде көп санда болгон бул молекула өрчүй турган өсүмдүк эмбрионунун азык кампасы болуп саналат. Ошондуктан уруктарда өтө көп санда болот.

starch

A. Starch (amylose)
A. Starch (amylyopectin)
C. Cellulose

1. 1-4 glycoside bonds
2. 1-6 glycoside bonds
3. 1-4 glycoside bonds

Starch is fuel for metab o lism. Cellulose is a struc ture pecu liar to plants. The only thing that dis tin guish es the two is the dif fer ence in their molec u lar bonds.

Крахмал зат алмашуу үчүн бир күйүүчү зат болуп берет. Целлюлоза болсо өсүмдүктөргө өзгөчө бир структуралык материал болот. Экөөсүн бир-биринен айырмалаган жалгыз нерсе болсо – бул молекула байланыштарынын арасындагы айырмачылык. Целлюлоза молекуласы менен крахмалдыкы бирдей. Бирок целлюлоза молекулалары арасында суутек байланыштарына таянган узун, тегиз жана лента сымал чынжырлар пайда болот. Бул тегиз ленталар чогуу пакеттелип, ортодогу байланыштар бул структураны катуу, туруктуу бир массага айлантат. Экөө бирдей болгону менен, касиеттери такыр башка башка болгон крахмал менен целлюлоза молекуласын бир-биринен айырмалаган нерсе – ушул байланыштардагы бүктөмдөр.41 Бир-биринен кабарсыз жана аң-сезими жок атомдордун кемчиликсиз бир планга ылайык биригиши бизге жер жүзүндөгү жаратуунун кереметтүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүүдө. Атомдордун арасындагы мындай өзгөчө байланыштардын жашоонун эки негизги затын пайда кыла тургандай бир айырманы туудурушу бул жерде кокустук сценарийлери менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес, өтө так бир тең салмактуулуктун бар экенин көрсөтөт. Ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, бул пландуу долбоорду да Аллах жараткан.

cell_wall

1. Cell wall

Cellulose is the main building material in a plant's cell walls. As a result of the tightly packed cellulose groups holding their cells rigid, plants with stand even the harshest conditions.

Целлюлозанын касиеттери муну менен эле чектелбейт. Целлюлоза катуу жана сууда ээрибеген бир зат. Өзгөчө өсүмдүктөрдүн коргоочу дубалдарында болот, жана бутактарда, дарактын сөңгөктөрүндө жана дарактын бүт жыгач кыртыштарында орун алат. Целлюлоза өсүмдүк клеткасынын дубалынын негизги курулуш материалы. Кээ бир өсүмдүктөр, өзгөчө сууда жашагандар оңой эле жабыркап кала турган чөйрөдө жашашат. Бул өсүмдүктөр кээде туздуу сууда, кээде болсо карлардын ээриши же көл сууларынын көтөрүлүшү сыяктуу туздуулук даражасы төмөндөгөн шарттарда болууга мажбур. Өздөрүн мындай оор шарттардан коргой алуу үчүн өтө бекем бир клетка дубалына муктаж болушат. Ушул себептен бүт өсүмдүк клеткаларында тыгыз пакеттелген целлюлоза топтору болот.42

landscape

This is Allah's creation.Show me then what those besides.Him have created!The wrongdoers are clearly misguided. (Surah Luqman: 11)

Целлюлоза крахмал сыяктуу бир кант молекуласы, б.а. бир полисахарид болгону менен, адамдар аны сиңире алышпайт. Себеби целлюлозадагы глюкоза элементтери бир-бирине гликозиддик байланыш аркылуу уланышкан. Сүт эмүүчүлөрдүн тамак сиңирүү каналында болсо бул байланышты буза ала турган бир фермент бар. Ошондуктан целлюлоза биз үчүн бир азык булагы эмес. Бирок кепшөөчү айбандар аны сиңире алышат. Себеби бул айбандардын сиңирүү каналдарында целлюлоза ферментин чыгаруучу бир катар микроорганизмдер бар. Алар денеге кирген целлюлозаны ферменттер аркылуу оңой эле майдалап, аны айбан үчүн азык жана энергияга айлантышат.43

Термиттер да целлюлозаны азык катары пайдаланышат. Себеби тамак сиңирүү каналдарындагы trichonympha аттуу бир микроорганизм целлюлозаны майдалай турган бир фермент чыгарышат. Термиттердин көбүнчө жыгач сымал азыктарды тандашынын жана дарактарды тешип азык катары пайдаланышынын себеби ушунда.44

Термит үчүн өтө кичинекей денеси менен өзүнө ылайыктуу бир азык табуу, албетте, оор эмес. Анын зат алмашуусуна туура келбеген бир азыкты тандашы болсо Аллах жараткан кереметтерди көргүсү келгендер үчүн өтө маанилүү бир далил. Көлөмү 1 сантиметрге да жетпеген бир жандык азыктануу үчүн бир микроорганизмге муктаж болот жана ал микрожандык болсо мойнуна жүктөлгөн кызматы ага үйрөтүлгөндөй болуп термиттин ичегилерине жайгашат. Бул тартип бүт термиттерде орун алып, ар бир термитте тамак сиңирүүнү камсыз кыла турган микроорганизмдер жайгашкан жана бүт термиттер бул азык булагынан пайдаланышууда. Себеби, бүт нерселер сыяктуу, бир термиттин ырыскы табышында да Аллахтын мыйзамы иштеп, Аллах бир насаат жана сабак болушу үчүн кичинекей бир жандыкта кемчиликсиз жаратуу кереметин көрсөтүүдө. Аллах Куранда муну төмөнкүчө кабар берген:

Өзүнүн ырыскысын көтөрүп жүрө (топтой) албаган канчалаган жандыктар бар, аларга жана силерге Аллах ырыскы берет. Ал – угуучу, билүүчү. (Анкебут Сүрөсү, 60)

Целлюлоза жөнүндө берилген бул маалыматтардын баары дагы бир жолу жандыктарда бир-биринен көз-каранды системалар бар экенин жана булардын кокустуктар натыйжасында пайда болбогонун көрсөтөт. Туш келди бир эле окуя болсо, бүт тартип башаламан болуп, система иштебей калат. Мисалы, целлюлозанын коргоочу касиетинен бир жолу ажырап калышса, өсүмдүк клеткалары тышкы чөйрөнүн таасирине туруштук бере албай, кыска убакыт ичинде өлүшөт. Же целлюлозанын молекулярдык түзүлүшү бүктөмдүү, өзгөчө болбосо, катуу жана бекем бир заттын ордуна, сууда оңой эле ээрип кетүүчү, катардагы бир молекула келип чыгат. Булар ыктымалдыктардын кээ бирлери гана. Кадимки шарттарда бир молекула пайда болуп жатканда бир эле кокустук окуя ал молекуланы сөзсүз жок кылат. Себеби кокустуктар аралашканда аң-сезимдүү жана пландуу бир катар иштердин жасалуу ыктымалдыгы дээрлик жоголот. Бирок бул жерде өтө аң-сезимдүү жана пландуу бириктирилген атомдорду жана алардын баарына пландалып жүктөлгөн милдеттерди көрүүдөбүз. Жана бул ушунчалык жогорку бир план жана акыл болгондуктан, дүйнө шарттарында бүт мүмкүнчүлүктөр колдонулса да, мунун теңдешин жасоо мүмкүн эмес. Булардын баары жашоону, жандыктарды Аллах жаратканын апачык көрсөткөн далилдер. Бул апачык чындыкты кабыл албоо адамдын өзүнө гана чоң жоготуу алып келет. Себеби, бир адам танса дагы, бул бүт нерсени Аллахтын жараткандыгын өзгөртпөйт. Аллах бир аятында адамдарга, алар күмөн ичинде болушса да, Өзүнүн бүт нерсенин ороп-курчап тураарын кабар берүүдө:

Абайлагыла; алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)

«Жабыштыргыч» Молекулалар

Вазаңыздын бир чети сынганда, сынган бөлүгүн вазанын сынган жерине жакындатсаңыз, молекулярдык бир тартылуу пайда болот. Кадимки шарттарда молекулалардын бир-бирине жакындоосунан келип чыккан жана «Ван-дер-Ваальс» күчү деп аталган тартылуунун натыйжасында эки бөлүк бир-бирине жабышышы керек. Бул күч бир-бирине жакындаган бул атомдордун карама-каршы уюлдары арасындагы тартылуу күчүнөн турат. Бир-бирден караганда бул тартылуу күчү өтө алсыз болот. Бирок сансыз атом арасында пайда болгон бул тартылуу күчтөрү биригип, жабыштыруу күчүн пайда кылышат.

Бул маалыматтарга таянып, бир вазанын чекеси сынганда аны сынган жерге жакындаштырып коюшубуз эле жетиштүү болот деп ойлошубуз мүмкүн. Атомдор арасында пайда боло турган күчтүү тартылуу күчү бул эки затты бир-бирине бекем жабыштыра албайбы?

Көбүнчө жабыштыра албайт. Жакындаштыруу аркылуу эч качан бөлүктөрдү бир-бирине кармата албайбыз. Себеби эки телонун беттик молекулалары арасындагы алыстык бир канча ангстремди ашпашы керек. Ван-дер-Ваальс күчтөрү ошондо гана таасир бере алат. 1 ангстрем болсо болгону 1 метрдин 10 миллиарддан бирине барабар. Чындыгында болсо, бети жылмакай деп элестетилген бир заттын бетинде да 400 ангстремдик дөбөлөр болот. Ошондуктан беттери бирдей болсо да, эң жылмакай затта да молекулалар арасында керектүү жакындыкты камсыз кылуу мүмкүн эмес.

Жабыштыргычтагы (клейдеги) эң чоң сыр ушул жерде жашырылган. Жабыштыргычтын молекулярдык касиети – бул эки заттын бетиндеги молекулалар арасында бир байланышты пайда кылып, аларды бир-бирине карматышы. Өзгөчө суюк абалдагы бул зат сынган бөлүктө Ван-дер-Ваальс күчү келип чыгышы үчүн керектүү жакындыкты камсыз кылат. Бул жакындык камсыз кылынганда өтө чоң бир күч келип чыгат, вазанын жабыштырылган (клейленген) бөлүгүн кээде кайра ал жерден кайра бөлө албай каласыз.

microscope

A. (Left side) Adhesive material seen under the microscope

1. Protein
2. Hyrogen Bond
3. Ionic Bond

When a glass is broken,the adhe sive between the parts allows a bond to form between the main body and the broken piece. The two parts' sticking together is nothing but an increase in the molecular attraction between the two.

Молекулалардын «Даамын» Сезебиз

apple

Бир алманы тиштегенибизде сезген даамыбыз бизге тааныш келет. Көрбөсөк да жеген нерсебиздин «алма» экенин түшүнөбүз. Себеби тилибиздин үстүндө болжол менен 9000 даана даам чекити бар. Булар 50 же 100 башка топ абалында бир-бирине ылайыкташкан эпителий клеткалары, жана алардын аз санда нерв учтары болот. Бул жагынан даам сезүү сезими жыт алуу сезиминен айырмаланат, себеби жыт сезүү сезиминде кабылдагычтар нерв учтары болушат.45 Өз араларында топторго бөлүнгөн даам сезүү клеткалары болсо ар кандай кызматтарды аткарышат. Тилдин бир бөлүгүнө «таттууну» сезүү милдети жүктөлсө, экинчи бөлүгү «ачууну», үчүнчү бөлүгү «кычкылды», төртүнчүсү болсо «туздууну» сезүү кызматын аткарат. Таттууну сезүүчү бөлүктө эч качан кычкыл, кычкылды сезүүчү бөлүктө болсо эч качан ачуу даам кабылданбайт.

Тилдин үстүндөгү ар кандай даамдарды сезүүчү бул бөлүктөр глюкофор (glukofor) деп аталат.46 «Таттуу» сезими тилдин алдыңкы бөлүгүндө жайгашкан. Б.а. таттуу глюкофору алдыңкы тарапта. Глюкофордун курамында белок болот. Сырттан келген кандайдыр бир даам молекуласы ал жерге жеткенде белок молекуласы менен суутек байланыштарын түзүп, мээге бир сигнал жөнөтөт. Ошентип жеген нерсебиздин «таттуу» экенин жана бир алмага тиешелүү экенин түшүнө алабыз.

Бирок глюкофор таттуу молекуласын кантип тааныйт? Глюкофорлордун касиети – бул алардын белгилүү бир геометриялык тартиптеги атом тобун айырмалай алышы. Тилдин алдыңкы тарабы өзүнө туура келген геометриялык түзүлүштөгү молекулалар ага улана алганы үчүн «таттууну» сезет. Муну бир бузуп-куруучу баш катырма оюнуна окшотсок болот. Өзүнө туура келген боштуктарды толтура турган бөлүктөр тилдин бетинде белгиленип коюлган орундарына жайгашышат. Жайгашкан жерине жараша бир сезим пайда кылышат. Таттуу молекулалары эч качан ачуу үчүн белгиленип коюлган аймакка уланбайт, ал жердеги боштуктарды толтурбайт. Себеби геометриялык формасы туура келбейт.

Молекулалардын тилдин бетинде алар үчүн белгиленген атайын боштуктарынын болушу улуу бир долбоор. Таттууну таттуу, ачууну ачуу кылган молекула касиети атайын белгиленип, тилдин таттууну же ачууну кабылдоо (сезүү) аймагы ошол молекулалар менен байланыш түзө тургандай атайын формада жаратылган. Булар болушу үчүн план менен акыл талап кылынат.

taste

1. Tonsil
2. Palatine Tonsil
3. Tongue

4. Sour
5. Bitter
6. Salty
7. Sweet

8. Windpipe
9. Tongue vesicle
10. Taste pore
11. Taste receptor cell

There are some 9,000 taste buds on the tongue—mutu al ly com pat i ble epi the li al cells in dif fer ent groups of 50 or 1,000. That is why, when you bite into an apple, you imme di ate ly real ize it is an apple, even if you can not see it.

Тилде азыктардагы даамдарды кабылдоочу мындай бир механизмдин болушу – албетте, бир кокустук эмес, Аллах адам үчүн жараткан чоң бир жакшылык. Көзгө көрүнбөгөн молекулалардын ар кандай сезимдерди, ар кандай даамдарды жана түрлөрдү пайда кыла турган формада болушу жана тилдин дизайнынын да ал молекулалардын формасына ылайык жасалганы бул жерде бир долбоор бар экенин апачык далилдейт. Тилдин сырттагы даам молекулаларынан, даам молекулаларынын болсо тилден көз-карандысыз, өз алдынча келип чыгышы мүмкүн эмес. Бул долбоор даамдардын жана тилдин бир-биринен көз-карандысыз эмес экенин, экөөнүн тең бир Жаратуучунун чыгармасы экенин апачык көрсөтөт.

Бул жагдай эволюция теориясы үчүн дагы бир зор туюк. Себеби бир-бирине ушунчалык төп келген түзүлүштөрдүн бир-биринен көз-карандысыз, өз алдынча, кокустан бир-бирине толук төп келе тургандай болуп пайда болуп калышы эч логикага сыйбайт.

Көрүнүп тургандай, айланабыздагы ар бир нерсе, анын ичинде өз денебиздин ар бир чекити, Аллахтын бар экенин, Анын чексиз кудуретин жана акылын бизге көрсөтүүдө.

Ар кандай даамдаткычтар (подсластитель) даам молекулаларынын тилдеги боштуктарга дал келишин камсыз кыла турган бузуп-куруу баш катырма оюнунун эрежелерине ылайык алынган. «Таттуу» касиетин көрсөтүшү үчүн молекулалар тилдин таттууну сезүүчү бөлүгүндөгү боштуктарга туура келе тургандай жасалып, мээде таттуу сезими пайда кылынууда. Ушундай жол менен калориясы төмөн жана кант касиети жок даамдаткычтар жасалууда.47 Бул негизи башка бир маанилүү чындыкты да көрсөтүүдө. Биз сезген даам бир кабылдоо (элес) гана. Кант жок туруп эле, мээнин жеген нерсесин канттуудай сезиши муну апачык далилдөөдө. Дененин ичинде сырттагы заттардан көз-карандысыз бир сезүү системасы бар. Жаңылтуучу бир тактика аркылуу чындыгында болбогон бир нерсени мээге бардай көрсөтүү мээ кабылдаган нерсенин сырттагысы менен эч байланышы жок экенин да далилдейт. Даамдаткычтарды жегенибизде негизи сыртта кант жок болот. Бирок биз кант бардай сезебиз. Андай болсо, чыныгы канттын бар же жок экенин кантип так айта алабыз? Сезимдерибизди гана билгенибиз үчүн, албетте, муну так айта албайбыз.

Мээге кабылдоо (сезим) катары жеткен нерсе – бүт бул молекулалар, формалар жана химиялык байланыштар эмес, электрдик сигналдар гана. Мээ келген бул сигналдарды «таттуу» деп сезет. Бирок ал сигналды эмнеге жараша айырмалашы белгисиз. Себеби тилден мээге жеткен бул электрдик сигналдар, башка бүт сезүү органдарыбыздагы сыяктуу, мээге барчу май, суу жана белоктон турган нервдер аркылуу жүрөт. Андай болсо сизге суроо узаталы: бир банан же кант чындап эле таттуубу? Мындан күмөн санабай койо алабызбы? Мындан күмөн санабай коюу, албетте, мүмкүн эмес. Сырттагы бүт нерселер электрдик сигналга айланып мээбизге жеткендиктен, тышкы дүйнөдөгү заттардын, буюмдардын эч качан өзүн (оригиналын) көрүп-сезе албайбыз. Демек, жеген кантыбыз биз үчүн таттуу, б.а. мээбиз ага келген электрдик сигналдарды таттуу деп сезет. Бирок иш жүзүндө анын таттуу экенин көрсөткөн бир дагы далилибиз жок.

Taste Cells
cells

A-Salty stimulus

B-Sweet stimulus

1. Microvillus
2. Salt
3. Ion channel
4. Sodium
5. Potassium ion
6. Calcium ion
7. Signal messengers in the saccules
8. Signal that is transmitted to the brain

9. Sugar or sweetener
10. Enzyme
11. Pre-marker
12. Secondary messenger
13. Potassium
14. Sodium channel
15. Calcium
16. G-protein binds with receptor
17. G-protein (GTP) complex

Taste receptor cells grouped amongst them selves have different functions.One part of the tongue has the task of perceiving sweetness; and other regions perceive bitter, sour or salty tastes. Sweet and salty molecules always attach to the receptors fitted to receive them.

Молекулаларды «Жыттайбыз»

rose

Any blessing you have is from Allah.Then when harm touches you, it is to Him you cry for help.(Surah an-Nahl: 53)

Бир гүлдү жыттаганыбызда бизге гүлгө тиешелүү жыт молекулалары жетет. Мурундагы жыт алуучу система тилдикине окшош. Молекулалар алар үчүн белгиленген боштуктарга жайгашышат; ал жердеги белоктор менен химиялык байланыш түзүшөт жана «жыт» сезими пайда болушу үчүн мээге жиберилишет.

Мурунда «мурун (назалдык) эпителийи» деп аталган сезгич бир кабыкча бетинде ар кандай жыттарды сезебиз. Ал жерде 50 миллиондой нерв клеткасы бар. Ар бир нерв клеткасы көптөгөн белокторду камтыйт. Ал белоктор жыт молекулалары туура келе тургандай ар кандай геометриялык формаларга ээ. Бир жыт молекуласы формасы туура келген ал жердеги белок молекулаларынын бирөөсүнө туташа алат. Натыйжада ал аймакта бир уюлдашуу келип чыгат. Бул уюлдашуу бир электр энергиясын пайда кылат жана кабылданган жыттын электрдик сигналдары маңдайдын ылдый тарабындагы жыт сезүү аймагына жетет.48 Ал жерде ар кайсы клеткалардан келген маалыматтар анализделип, ар кайсы мээ түзүлүштөрүнө жөнөтүлүп, «жыттын» кандай жана эмнеге тиешелүү экени аныкталат. Мээге барчу бир сигнал башталышы үчүн молекуланын бир бөлүгүнүн эле белгиленген аймакка туура келиши жетиштүү болот. Бул жогоруда каралган даам сезүү сезиминдеги сыяктуу бир ачкыч-кулпу системасы. Жыт сезүү ишке ашышы үчүн эки форма бир-бирине толук туура келиши, б.а. ачкыч кулпуга туура келип, бул эки молекула бир-бирине отурушу керек. Эгер молекула бүгүлгөн абалда болсо бирден көп жерге туура келиши мүмкүн. Анда башаламандык келип чыгып, жыттарды бир-бирине окшоштурушубуз мүмкүн же бир учурда бир эле жыт менен бирден көп нерсе мээбизде элестеши мүмкүн. Мисалы, мурдубузга келген бир гүлдүн жытыдыр, бирок биз аны ошол эле учурда бир атырга же бир мөмөгө окшотушубуз ыктымал.

Жыт кабылданышы үчүн жыт молекулалары учуучу жана сууда ээрүүчү болушу зарыл. Учуучу касиети жыт эпителийине жетиши үчүн керек. Молекулалардын ээрүүчү касиети болсо белоктор жана жыт эпителийиндеги клеткалар чыгарган суюктук былжырда ээриши үчүн зарыл. Бирок эгер молекула былжырдын ичинде ээрий албаса, анда органикалык молекулалар ээрибеген молекулаларды суу аркылуу атайын жооптуу башка аймактарга жеткиришет. Молекулалар ал жерде тиешелүү белок менен бириге алышат.49 Натыйжада ошол эле жыт сезими пайда болот. Башкача айтканда, жыт молекулаларынын сууда ээрибөө ыктымалдыгына карата да атайын чара көрүлгөн. Мээ кандай жагдай болбосун, жыт молекуласын сөзсүз сезүүдө.

Жыттардын бир-биринен «айырмалуу» болушу, жогоруда айтылгандай, маңызды түзгөн жыт молекулаларынын формасы жана алар туташкан белоктордун структурасы менен байланыштуу. Бир гүлдү жыттаганда, мурдуңузда молекулалар менен белоктордун бир-бирине төп келгенин жана химиялык процесстер жүрүп жатканын билбесеңиз да керек. Бирок гүлдөн сизге жыт катары жеткен нерсе дайыма бирдей болот жана бирдей типтеги белоктор менен байланыш түзөт. Ушул себептен көрбөсөңүз да, кармабасаңыз да, жытын сезээр замат анын «гүл» экенин түшүнө аласыз. Эч качан гүлдөн келген жыттар мурдуңуздагы башка бир белокко уланбайт жана сизде «кулпунай» сезимин пайда кылбайт. Мындай жаңылыштыкка эч качан түшпөйсүз. Себеби бул молекулярдык түзүлүш чындыгында кемчиликсиз бир системада иштейт. Бул жердеги кемчиликсиз система натыйжасында эки жыт арасындагы айырманы эле билбестен, дүйнө жүзүндөгү, таанып-тааныбаган, ар кандай сансыз жыт молекулаларын бир-биринен айырмалай аласыз.

vision

1. Nasal Bulb
2. Scent Nerve
3. Gas Molecules

4. Olfactory Cell
5. Olfactory Micro-Hairs
6. Epithelial Cells

There are some 50 million nerve cells on the nasal membrane. These cells possess various geometrical shapes to be compatible with scent molecules. The scent molecules can attach to the protein suited to their own shape and initiate polarization.This produces an electrical current, and these signals are sent to various cerebral structures, where the nature and identity of the smell is determined.

Молекулаларды «Көрөбүз»

Көргөндө да кайра эле көзүбүздөгү молекулалар молекулаларды кабылдайт. Бир заттын ичиндеги түстүн элементтерин молекулалар түзөт, ошондой эле сырттан келген нурга да көзүбүздөгү молекулалар жооп көрсөтөт.

Көптөгөн табигый түстөр аларды пайда кылган өзгөчө молекулалар натыйжасында келип чыгат. Көчөдөгү дарактар, биз жыттаган бир гүл ошол молекулалар натыйжасында түстүү. Күзүндө бир жалбырак ошол молекулалардын өзгөрүшү себептүү түсүн өзгөртөт. Териңиздин, чачтарыңыздын жана көздөрүңүздүн түсүнүн себеби да ошол молекулалар.

Түстөрдү пайда кылган жана аларга жооп көрсөткөн молекулаларды кароодон мурда көздүн «көрүү» процессинде кандай иштээрин да эске салуу туура болот. Көз тордомо чели эки типтеги кабылдагыч клеткадан турат. Алар тордомо челдин таякчалары жана кумганчалары деп аталат. Бир миллиард же андан көбүрөөк таякча күңүрт жарыкты кабылдайт, бирок түстөрдү айырмалай албайт. 3 миллиард же андан көп сандагы кумганча болсо ачык жарыкты кабылдайт жана түстөрдү бир-биринен айырмалайт. Ар бир кабылдагыч клеткада жарыкка карата сезгич молекулалар бар жана жарыкка болгон реакциясы алардын мээге барчу кабарларын аныктайт.

nucleus

1. Nerve Fibers transporting visual data
2. Nerve Cells
3. Binding nerve cell layer

4. Rod and cone cells. (The white arrows indicate the light-sensitive areas of the rod and cone cells.)

5. Regions containing pigment
6. Nucleus
7. Cone cell
8. Rod cell

The retinal molecule that permits the vision processis a hydro carbon group, bonded in a special way. The bond is inflexible, and the electrons in the chain are loosely attached to one another. Able to move with ease, these electrons can absorb energy from the light falling onto the molecule.

Көрүү процессин камсыз кылган тордомо чел молекуласы – бир көмүр суутек (углеводород) группасы, жана өзгөчө формада туташкан. Бул молекуланы пайда кылган байланыштардын эң негизги өзгөчөлүгү – бул алардын ийилбээстиги. Ошондуктан чынжыр өтө бекем болот. Байланыштардын экинчи өзгөчөлүгү болсо – бул чынжырдагы электрондордун бир-бирине эркин карманышы. Мунун мааниси мындай: бир-бирине эркин карманган электрондор башка аймактарга оңой эле жыла алышат. Электрондордун эркин кыймылы себептүү молекула ага келген кандайдыр бир нурдан энергияны оңой эле сиңире алат жана ал энергияны өз электрондору жаңы бир тартипке кириши үчүн сактап койо алат.

Бул касиет биз үчүн өтө зор мааниге ээ. Себеби тордомо чел молекуласы мунун натыйжасында ага түшкөн ар кандай нурду кабылдай алат. Айланабыздагы бүт нерселерди толук кандуу көрүшүбүзгө шарт түзгөн система мына ушул. Аллах көздөрүбүздөгү керемет системанын сырын эч кыйынчылыксыз кыймылдай алганы үчүн оңой эле энергия сактай алган электрондордон көз-каранды кылган. Бул комплекстүү системалар Аллахтын «Бол» деши менен эле жаралып калган. Аллах Куранда бул чындыкты төмөнкүчө кабар берген:

Ал асмандарды жана жерди акыйкат кылып жараткан. Ал «бол» деген күнү (бүт баары) болуп калат, Анын сөзү акыйкат. Суръа үйлөнгөн (чалынган) күнү мүлк Аныкы. Ал кайыпты жана күбө болунганды (көрүнгөндү) билүүчү. Ал өкүмдар жана даанышман, кабардар. (Энъам Сүрөсү, 73)

column

Түстөрдүн Булагы Болгон Молекулалар

Жашоо Чынжырынын Эң Негизги Элементи: Хлорофилл Молекуласы

color

That is Allah, your Lord.There is no god but Him the creater of everything.So worship Him.He is responsible for everything. (Surat al-An‘am: 102)

Фотосинтез – жашыл өсүмдүктөр менен кээ бир бир клеткалуу микроорганизмдер жасаган химиялык бир процесс. Бул жандыктар күн нурларын бир энергия булагы катары колдонуп, көмүр кычкыл газы менен суутекти бириктиришет жана натыйжада азык менен кычкылтек өндүрүшөт. Күн энергиясын денебизге ала алышыбыздын жалгыз жолу жана жер жүзүндөгү кычкылтек айлампасынын жалгыз булагы – ушул жандыктар жасаган фотосинтез процесси. Фотосинтез сыяктуу бир процесс болмоюнча, жер жүзүндө жашоодон сөз кылуу мүмкүн болбойт.

Фотосинтезди жер жүзүндө белгилүү жандыктардын жасай алышынын жалгыз себеби – ал жандыктарда «хлорофилл» молекуласынын болушу. Бул керемет молекуласы бар жандык азыктануу, кыскасы жашай алуу үчүн башка булактарга муктаж болбойт. Ал энергиясы менен азыгын күндөн түздөн-түз ала алат. Бирок мындай молекуланын болушу жана бул молекуланын процесстерин жасашы оңой нерсе эмес. Мунун бир көрсөткүчү: хлорофиллдин молекуласынын структурасы белгилүү болгону менен жана 21-кылымдын жогорку технологиясына карабастан, дагы эле фотосинтез системасына окшош жасалма система жасала алган жок. Бир жалбырактын ичинде бул молекула ишке киришиши жана өз кызматын жасашы үчүн жүздөгөн фермент кызмат кылат.

Фотосинтез учурундагы процесстер өтө комплекстүү. Хлорофилл күндөн келген нурду алып химиялык энергияга айлантат. Андан соң электронду которуу системасы деп аталган бир процесс башталат. Бул процесс учурунда суу молекулалары бөлүнөт. Суунун бөлүнүшү натыйжасында суутек менен кычкылтек атому эркин болуп калат. Эркиндикке чыккан бул атомдордун суутек атому өсүмдүктүн ичинде кайра колдонулса, кычкылтек атому атмосферага чыгарылат. Фотосинтез процессин жасаган өсүмдүктүн жер жүзүндө кычкылтек тең салмактуулугун сакташынын себеби ушунда. Азыр биз дем алып жаткан кычкылтек кайсы бир жашыл өсүмдүктүн хлорофилл молекуласы аркылуу бөлүнүп чыккан суунун кычкылтеги. Эгер бул молекула же бул молекуланы ишке киргизген ферменттер болбогондо, азыр биз да болмок эмеспиз.

Хлорофилл молекуласын камтыган түзүлүш – бул хлоропласт пигменти. Бул пигменттин ичинде кичине, тоголок түзүлүштөр болот. Бул түзүлүштөр грандар деп аталат. Хлорофилл молекулалары грандардын ичинде болушат жана фотосинтез этаптарынын кээ бирлери ушул аймакта ишке ашат. Хлоропласт пигментине күн нуру тийгенде кыймылдап баштайт жана жалбырак клеткасынын ичинде тынымсыз айланат. Мындай кыймылдоонун себеби болсо – күн нурунан максимум пайдалануу. Хлоропласт пигментинин түсү жашыл. Фотосинтез жасай алган жандыктардын жашыл түстө болушунун себеби ушунда. Пигменттин жашыл түстө болушунун себеби ал сыя нурду да, кызыл нурду да сиңире алат. Бул түстөрдү түзгөн толкун узундуктары фотосинтез процесси үчүн маанилүү бир энергия булагы болуп саналат.

Бул кичинекей молекула жасаган процесстин масштабы чындыгында өтө зор. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, жер жүзүндө жыл сайын өсүмдүктөр тарабынан колдонулган суунун көлөмү 280 миллиард тонна, CO2 көлөмү 680 миллиард тонна жана атмосферага чыгарылган кычкылтектин көлөмү болсо 500 миллиард тонна.50 Бул сандар бул молекула жасаган процесстердин канчалык зор мааниге ээ экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Жер жүзүндөгү бүт жашыл жалбырактардын ар бир клеткасына өтө кылдаттык жана кемчиликсиз бир тартип менен бул керемет молекула жайгаштырылып, ал молекула ишке киришиши үчүн жүздөгөн ферментке милдеттер жүктөлгөн. Фотосинтез жашоонун келип чыгышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракеттенген эволюционисттерди жалгыз өзү кыйратууга жетиштүү бир далил.

sunlight

A. SUN LIGHT
B. GLUCOSE

1. Cell wall
2. Nucleus
3. Chloroplast
4. A starch
5. Grana

Chloroplasts work like factories in the leaf cells of green plants. A string of photosynthetic reactions produceoxygen and glucose from water and carbondioxide. Every chloroplast contains special packages known asgrana (below). These turn solar energy into chemical energy and contain proteins that employ light sensitive electrons and the requisite enzymes.

Six water molecules and six carbondioxide molecules are neces sary to form one glucose molecule. In this process, six oxygen atoms are given off.

Дагы Бир Энергия Булагы: Каротин Молекуласы

verse

If you ask them "Who sends down water from the sky, bringing the Earthback to life again after it was dead?" they will say, "Allah." Say: "Pradise be to Allah." But most of them do not use their intellect. Surat al-'Ankabut: 63

Кызгылт сары түс каротин молекуласынын бир натыйжасы. Каротинди пайда кылган байланыштар көздүн тордомо чел молекуласын пайда кылгандар менен бирдей. Бул байланыштардын эки касиети бар. Биринчиси, каротин менен тордомо чел молекулалары ушул байланыштар себептүү катуу жана ийилбес болот. Экинчиси болсо, бул молекулалардын бош кармалып турган электрондору аз энергиялуу бир жарык көрүшсө да, ошол замат кыймылдап, ал жарыкты алууга даяр болушат.

Каротин көгүш сыя түстү сиңире алат жана ошондуктан кызгылт сары түстө көрүнөт. Сабизге өзгөчө түсүн ушул молекула берет. Сүттүн бозгуч түсү жана каймак майдын сары түсү каротин молекулаларынан келип чыгат. Эттердин майлары да жаныбарлар жеген каротин себептүү бир аз саргыч өңдө болот жана түзүлүшү көмүр суутек (углеводород) болгону үчүн бул каротин молекулалары май ичинде ээрийт. Балыр жана жашыл өсүмдүктөр сыяктуу фотосинтездөөчү организмдерде каротин хлорофилл менен бирге пайда болот. Каротиндин ролу хлорофилл тарабынан сиңириле албаган күн нурларынын бир бөлүгүн белгилүү деңгээлге чейин жыйноо болуп саналат. Бир жалбыракта көбүнчө үч хлорофилл молекуласына бир даана каротин молекуласы туура келет. Жалбырак канчалык коюу жашыл өңдүү болсо, ичинде ошончо көп каротин концентрациясы болгон болот. Каротиндин кызгылт сары түсү күзгө чейин хлорофилл тарабынан жабылып, билинбей турат. Күз келип хлорофилл молекуласы бузулганда, каротин молекуласы даана көрүнүп калат.51 Күздө жалбырактардын саргайышынын, өсүмдүктөрдүн түсүнүн укмуш өзгөрүшүнүн себеби мына ушунда.

Жер жүзүндө мындай касиеттери бар, дүйнөгө өмүр берген, мезгилдер арасындагы кооз өзгөрүүлөрдү камсыз кылган каротин менен хлорофилл касиеттерине ээ башка бир дагы молекула жок. Жасалма жол менен да буларга окшош молекулалар жасала албай жатат. Булар – ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, Аллахтын берген жакшылыктары. Эволюция теориясы жактаган сокур кокустуктар бул кичинекей молекулаларга окшош башка бир молекула чыгара албайт. Адам колундагы бүт нерсесинде, кылган ар бир ишинде Аллахка муктаж бир жандык. Муну түшүнүү үчүн төмөнкү чындыкты көрүшү жетиштүү болот: жер жүзүндөгү бир эле молекуланын болбошу кээде адамзатты толук жок кыла алат. Бул китепте мисал келтирилген молекулалардын дээрлик ар бири мунун ачык бир мисалы.

Түс Чыгаруучу Дагы Бир Молекула: Меланин

tea

Меланин молекулалары да каротин молекулаларын түзгөн байланыштар аркылуу байланыш түзүшкөн. Меланин мындай байланыштар себептүү айланасындагы бүт жарыкты сиңире алат. Ошондуктан меланини бар бир нерсе кара көрүнөт. Меланин молекулалары белок молекулаларына туташат жана түстөрү сарыдан күрөңгө, ал тургай, карага чейин өзгөргөн гранулалар ичинде топтолушат. Топтолгон бул гранулалар терибизге жана чачыбызга өзгөчө түстү беришет. Молекулалардын гранулалар ичинде топтолуу формасына жараша чачтарыбыз сары же күрөң же кара болот.

Меланин, ошондой эле, хамелеондун түс өзгөртүү механизминин да бир бөлүгүн түзөт. Бул механизмде молекула теринин ичиндеги каналдарды бойлой ташылып, астыңкы бөлүктөгү ачыгыраак пигменттерди жабуу менен алек болот. Осьминог сыяктуу өзүн карартуучу жандыктар да ушул молекуладан пайдаланышат. Денелеринин түсүн меланин гранулаларынын жайылышы аркылуу өзгөртө алышат. Меланин гранулалары кайрадан топтолгондо болсо теринин түсү ачылат.

Ар кандай формадагы меланиндер болсо мөмө чиригенде пайда болот. Мөмөнүн клетка дубалы жабыр тартканы себептүү пайда болушат. Бул жабыркоо фенол-оксидаз деп аталган бир ферменттин клетканын ичинде ишке киришишине себеп болот. Бул фермент лимон, коон жана помидордо болбойт. Ошондуктан бул өсүмдүктөр чиригенде оңойчулук менен күрөң түскө айланбайт. Ал эми шабдалы сыяктуу мөмөлөрдүн чиригенде карарышы меланин молекуласынын натыйжасында болот. Меланин, мындан тышкары, чайдын коюу өңүнө да жооптүү бир молекула.

Меланин жөнүндө берилген бул маалыматтарга таянып, аны түс берүүгө гана жооптуу бир молекула экен деп ойлоп калбашыбыз керек. Себеби меланин түс берип эле тим болбойт, андан тышкары ультракызгылт көк нурларга жана көзгө көрүнүүчү нурга карата коргоо кызматын да аткарат. Терибиз сырттагы зыяндуу жана ашыкча нурлардан меланин аркылуу корголот. Эгер бул пигмент болбогондо, терибиз оңой эле бизге жете алган ультракызгылт көк нурлар себептүү кыска убакытта жабыркап, касиетин жоготмок жана кыска убакытта өлмөк. Меланин молекуласы жетишсиздигине алып келген кээ бир тукум куучу оорулар, мисалы, альбинизм (алалык) тери, чач, кирпик жана каштардын түсүн жоготушуна себеп болуп, терини бул нурларга карата өтө сезгич кылып койот. Мындай оорулуулар меланиндин өзгөчө коргоосунан ажырап калганы үчүн кыска убакытта тери рагына чалдыгышы мүмкүн.

Бул коргоо эң назик жана эң баалуу органдарыбыздын бири болгон көздө да уланат. Көзүңүздүн түсүнүн булагы – меланин. Бирок меланин көзгө түс берүү менен эле чектелбейт, коргоочу касиети себептүү көздүн линзасын ультракызгыл көк нурлардан коргойт жана катаракта (челкөз) рискин азайтат. Кадимки шарттарда көз ультракызгылт көк нурлардан эң көп жабыркашы мүмкүн болгон бир орган. Бирок меланин бар болгону үчүн мындай рискке кабылбайбыз. Меланин, мындан тышкары, көздүн тордомо чел кыртышына туура келбеген жана тордомо челге зыян бере турган ар кандай түстөрдү да фильтрлеп, кошумча коргоону камсыз кылат. Ошентип борбордук көрүү эч качан сырттагы нурдан жабыркабайт. Көк нурду жана көздү уялтуучу нурларды да азайтканы үчүн көрүү сапатын жогорулатат. Бир тараптан көк нурду толук тосуп койбогону себептүү түс тең салмактуулугу сакталган болот.52

children

As well as giving your skin its color, melanin also protects you against ultraviolet rays and visible light. If this special protection that Allah has created is missing, skin cancer can soon result.

Натыйжада көздүн корголушунан түс сапатына чейин көзгө байланыштуу ар кандай жөндөөлөр (регулировка) меланин молекуласынын иш-аракеттерине тапшырылган. Бир молекуланын көздү «коргоону» билиши Аллахтын кемчиликсиз долбоорунун бир натыйжасы. Молекула баарынан мурда көздүн көрүүгө жарай турган бир орган экенин түшүнүшү жана жарыкка карата сезгич, назик экенин болжошу зарыл. Анан өзүнүн коргоочу касиетин билип, барып бул назик орган турган жерге жайгашышы керек. Булардын баары, албетте, акыл, аң-сезим талап кылат. Бул аң-сезимдин булагын байкаган адамдар акылдарын колдонуп, эч нерсенин өзүнөн-өзү пайда болбогонун түшүнүшөт. Меланиндин көздүн ичинде керектүү жерде, керектүү көлөмдө бар болушу, албетте, бул жерде белгилүү максатты көздөгөн бир план бар экенин көрсөтөт. Мунун мааниси – жаратылуу, б.а. Аллахтын жаратуусу. Жаратылган бүт нерселер эч күмөн калтырбай турган даражада даана жана кемчиликсиз. Бул кемчиликсиздикти көрүү оңой, себеби бул теңдешсиз жаратылуу ааламдын ар бир чекитинде бар. Бирок муну аңдап-түшүнүү, анын ээсине шүгүр кылып, суктануу акылды талап кылат. Айланасындагы жаратылган кереметтерди көрүп, Аллахка шүгүр кылган ыймандуулар аятта төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)

Бүт бул түс молекулалары менен алардын касиеттерин айланабызда тынымсыз көргөн түркүн түстүү дүйнөнүн негизи электрондордун кыймылы гана экенин көрсөтүү үчүн тааныштырып өттүк. Бул пигменттер да табияттагы 109 атомдун бир канчасынын ар кандай формада байланыш түзүшүнөн келип чыккан жана эми бир стол, туз же кирпич эмес, түс пигменти болуп калышкан. Аллах мындай көп түрдүүлүккө бул атомдорду эле эмес, алардын байланыш түзүү формаларын да себеп кылган. Бүт нерселер негизи бир-биринен эч айырмасыз протон, нейтрон жана электрондордон турат. Бирок мындан келип чыккан аалам болсо чындыгында керемет. Бул ааламдагы бүт нерселер Аллахтын каалоосу менен пайда болгон бир чеберчилик. Укмуш кооз жана теңдешсиз. Булардын баарын жараткан Улуу Раббибиздин кудуретин көрсөтөт. Албетте, Аллах буларга окшошторду жана булардан алда канча артыкчаларын да жаратууга кудуреттүү.

Эволюционисттер Аллахтын керемет жаратуусун кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылгандыктан, Аллахтын бар экенин танып, жаңылыштыкка түшүшөт. Бирок Аллахтын бар экени бүт тарапта көрүнүп турат. Жаратылган ар бир нерсе эң майда бөлүкчөсүнө чейин толугу менен Анын чеберчилигин көрсөтөт. Бул китептин темасы болгон молекулалар да кошо, жердеги жана асмандагылардын баары, эң кичинесинен эң чоңуна чейин, Раббибиздин улуулугун жана кудуретин ар дайым жана апачык жарыя кылууда. Раббибиз бул чындыкты аяттарында төмөнкүчө кабар берет:

Ал – Аллах, Андан башка илах (кудай) жок. Кайыпты да, (силер) көрүп, күбө боло алганды да билүүчү. Ал – Рахман, Рахим. Ал – Аллах, Андан башка илах жок. (Ал) Мелик; Куддүс; Селам; Мүмин; Мүхеймин; Азиз; Жеббар; Мүтекеббир. Аллах (мушриктердин) шерик кошкондорунан абдан улук. Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 22-24)

Булактар

12. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 23

13. http://acept.la.asu.edu/courses/phs110/ds4/chapter4.html; Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, 5. kitap, Alan Yayıncılık, 1996, sf. 106-107

14. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 23-24

15. Bilim ve Teknik, Eylül 96, Sayı 346, sf. 47

16. Bilim ve Teknik, Eylül 96, Sayı 346, sf. 47

17. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 24

18. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 30

19. http://www.icr.org/pubs/imp/ imp-324.htm

20. http://www.genetikbilimi.com /genbilim/dnanedir.html – Ahmet F. Yüksel - Barış Yelkenci, Londra, 28.02.2000

21. Mutahhar Yenson, İnsan Biyokimyası, 5. Baskı, Beta Basım Yayın Dağıtım, sf. 9-10

22. http://fins.actwin.com/aquatic-plants/month.200009/msg00701.html

23. Biological Science, A Molecular Approach, 1990, Canada, BSCS Blue Version, sf. 28

24. http://www.biyolojidunyasi.8m. com/genel.htm

25. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf. 161-173

26. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf. 20

27. http://yolgezer.fisek.com.tr/renkler/evrim.html; Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, Ankara 1998

28. Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Genel Biyoloji/Genel Zooloji, Cilt 1, Kısım 1, 5. Baskı, Sf. 569

29. http://www.pathlights.com/ ce_encyclopedia/08dna03.htm

30. http://biloyojidunyasi.8m.com/ genel.htm

31. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf.49

32. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf.49

33. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf.50

34. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 96

35. http://biyolojidunyası.8m.com/ biyokim1.htm

36. http://esmaalbayrak.sevgi. k12.tr/karbonhidratlar.htm

37. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 97

38. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf. 219

39. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 91

40. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 93

41. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 102

42. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf. 232

43. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf. 231

44. Prof. Dr. Engin M. Gözükara, Biyokimya, Cilt 1, 3. Baskı, 1997, Nobel Tıp Kitabevleri, sf. 232

45. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, sf. 106

46. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 107

47. http://www.newton.dep.anl.gov /askaci/bio99/bio99222.htm

48. http://www.newton.dep.anl. gov/newton/askaci/1993/biology/bio045.htm

49. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf.124

50. http://biyolojidunyası.8m.com/bitki.htm

51. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf.151

52. http://www.macular.org/bluelite.html;