Молекулярдык Деңгээлде Да Кокустукка Орун Жок

Акыркы бир канча кылым бою миңдеген илимпоздор ааламдын, дүйнөнүн, бүт жандыктардын жана адамдын кантип пайда болгонун изилдешип, жашоону пайда кылган түзүлүштөр терең анализ кылынып, бул үчүн акыркы убактарда миллиондогон долларлык инвестициялар жасалып, адамзат мындай изилдөөлөргө маани берип, алдыңкы кезекке койду. Илим дүйнөсүндөгү мындай аракеттер чындыгында Аллах улуу бир илим жана акыл менен жараткан чеберчиликти апачык көрсөтүүдө. Ааламдын ар бир бөлүгүндө, эң майда бөлүкчөсүндө да укмуш комплекстүүлүк жана натыйжада улуу бир «акыл» бар.

earth

Дүйнөнүн эң атактуу университеттеринин башында турган MIT'де (Massachusetts Institute of Technology) физика жана биология тармактарында иштеген жана ошондой эле The Science of God (Аллахтын илими) аттуу белгилүү китептин автору илимпоз Джеральд Шредердин (Gerald Schroeder) бул багытта өтө маанилүү пикирлери бар. Шредер The Hidden Face of God: Science Reveals the Ultimate Truth (Аллахтын жашыруун жүзү: илим анык акыйкатты көрсөтүүдө) аттуу жаңы китебин төмөнкү сүйлөмдөр менен баштаган:

«Бир аң-сезим, глобалдык бир акыл бүт ааламды курчап турат. Субатомдук заттардын табиятын изилдеген илимий ачылыштар бизди таң калыштуу бир түшүнүккө алпарды: бүт бардык нерселер бул акылдын бир көрүнүшү. Лабораторияларда мунун алгач физикалык жактан энергия сыяктуу кошулган жана андан соң затты калыптандырган бир маалымат экенин көрүүдөбүз. Ар бир бөлүкчө, атомдон адамга чейин бүт заттар бул маалыматтын, бул акылдын бир этабын чагылтат.»59

Жаратылган эң акылдуу жандык болгону менен, адам бул акылдын сырларын түшүнүүдө кыйналат. Ошондуктан абийирлүү, ойлонгон бир адам аны бүт тараптан ороп-курчаган бул акыл менен чеберчиликтин ээси Аллахтын чексиз улуулугун көрө алат. Табылган, суктанылган, сыйлыктар берилген, туруп алып алкышталган ар бир илимий ачылыш – эзелтен бери бар болгон жана түбөлүккө улана турган бул чексиз акылдын чыгармалары.

Аалам алгач жаратылгандан берки ар бир деталь кемчиликсиз жаратылып, тынымсыз корголуп келген. Өткөн кылымда гана ачылган ДНК миллиондогон жылдан бери бүт жандыктарда эч өзгөрүүсүз жашоонун кодун сактап, өз кызматын аткарып келүүдө. 20-кылымдын аягында гана «картасы» чыгарыла алган адам геному алгачкы адамдан бери адамзаттын физикалык өзгөчөлүктөрүн аныктап келүүдө; эмгиче лабораторияда жасала албаган хлорофилл молекуласы алгачкы өсүмдүк жаралгандан бери эч кемчиликсиз фотосинтез жасап келүүдө. Арадан миллиондогон жыл өткөн соң адамдар булардын бир бөлүгүн эле ача алганы үчүн кубанышып, макталышууда. Булардын баары адамдын Аллах алдындагы алсыздыгын жана Аллахтын улуу кудурети менен илимин көрсөтүүдө. Аллах бул чындыкты аяттарында төмөнкүчө кабар берген:

Эй адамдар, силер Аллахка (Анын алдында жакыр) муктажсыңар; Аллах болсо Ганий (эч нерсеге муктаждыгы жок), Хамид (мактоого татыктуу). Кааласа, силерди кетирет (жок кылат) жана жапжаңы бир калкты алып келет. Бул Аллахка оор эмес. (Фатыр Сүрөсү, 15-17)

«Кокустук» Пикирлеринин Жараксыздыгы

biology

Бүт бул чындыктарга карабастан, кээ бир адамдар өздөрүнүн алсыздыгын кабыл алуунун ордуна, бой көтөрүү жарышына киришет. Алардын максаты бир гана Аллахтын бар экенин тануу жана Аллахтан башка кудайлар издөө. Мындай адамдардын бир бөлүгү – бул кокустуктардын гана жаратуучу күчү бар экенине ишенген жана бул максатта эволюция теориясы деген бир идеологияны жактап чыккан материалисттер жана дарвинисттер. Бүт тармакта бардык көз-караштарынын чоң бир жаңылыштык экени белгилүү болгонуна карабастан, дагы эле кокустуктар кереметтерди жасаган дешүүдө. Бул көз-карашын улантышууда, себеби өздөрүнүн жаңылганын кабыл алышса, Аллахтын бар экенин кабыл алган болушат. Ошондуктан илимий жана логикалык жактан толугу менен кыйратылганына карабастан, эволюция теориясын жана материалисттик философиянын калган гипотезаларын жактай беришет.

Бирок Аллахтын мыйзамы жана жараткан нерселери атеисттер эч күтпөгөндөй жана каалабагандай керемет. Ааламдар кичирейген сайын, микроааламдын ичине кирилген сайын, алар эч болжобогон керемет бир дүйнө тосуп чыкты.

parrot

Материалисттик философия жана анын табигый илимдерге ылайыкташтырылган варианты болгон эволюция теориясы, жогоруда айтылгандай, кокустуктарды кудайлаштырган. Бүт жандыктар жана жандыктарга таасир берген тең салмактуулуктар менен системалар, кыскасы, бүт баары бул философия боюнча, «кокустан» пайда болгон. Бул жалган ишеним боюнча, кокустан клеткалар биригип, белокторду, клеткаларды, комплекстүү жандыктарды, комплекстүү органдарды (мисалы, боорду, көздү, жүрөктү, мээни, нерв системасын) жана аягында адамды пайда кылган, кокустуктар чогулуп өсүмдүктү, түркүн түстүү гүлдөрдү, ири дарактарды, ар түрдүү мөмөлөрдү пайда кылган. Кокустуктар, материалисттер менен эволюционисттердин ою боюнча, ушунчалык уста жана акылдуу болгондуктан, өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылган нерселердин баарын «эч катасыз», «жасап, жаңылып отурбастан», жөнөкөй эмес, өтө комплекстүү кылып жасап койот. Эволюционисттер эч уялбастан айтып чыккан бул тантык логика көп жылдар бою ар кандай формада адамдардын көмүскө аң-сезимине сиңирилгендиктен, бул көз-карашка таянган эволюция теориясы окуу китептеринде, гезиттерде, телевизорлордо, кыскасы бүт тарапта чындыкты көрсөткөн бир теориядай окутулуп, жарыялангандыктан, кээ бир адамдар бул көз-караштардын логикалуу фундаменти бар деп ойлошот. Чындыгында болсо теория аңкоо кокустуктарга гана таянат.

Кокустук – бул плансыз жана контрольсуз болгон, туш келди окуялар. Мисалы, бир саат заводунда эгер сиз бир эле чаркты сааттын бир жерине туш келди тагып койсоңуз, саатка жаңы бир касиет кошо албайсыз; тескерисинче зыян тийгизесиз. Себеби өтө контрольдуу бир системанын ичинде контрольсуз бир иш жасалып, системаны астын-үстүн кылган болот. Ошондуктан кокустуктар эч качан комплекстүү бир системаны пайда кыла албайт, бар болгон комплекстүү бир системаны өнүктүрбөйт. Эгер бир кокустук «пайдалуу» болушу мүмкүн деп кабыл алсак дагы, андан кийинки башка кокустуктар башка зыяндарды тийгизип ал пайданы жок кылат. Ошондой эле, күнүмдүк жашоодон бир мисал келтирсек, бир компьютердин ичиндеги схемалардын кандайдыр бирөөсү туш келди өзгөртүп коюлса, бул ал системага зыян тийгизет. Бул механизм иштебей калат болуш керек. Система канчалык татаал болсо, кокустук окуялар ошончолук көп зыян тийгизет. Мындайда бир эле туш келди окуя оңдолгус катага себеп болот жана ал системанын толук бузулушуна алып келет.

Илим менен технология өнүккөн сайын жана клетка баш болуп, жашоону түзгөн структуралардын детальдары жакшыраак түшүнүктүү болгон сайын, дарвинисттердин тынчсызданышынын себеби ушунда. Алар үчүн башында бир «так» гана болгон жандуу клетка жашоонун башталышында «өзүнөн-өзү» жана «кокустуктар натыйжасында» пайда болушу керек. Бирок клетка ушунчалык комплекстүү болгондуктан, муну түшүнүү бүт эволюционисттерди жаңы ойдон чыгарылган жоопторду изденүүгө түрттү. Клетканын ичиндеги механизмдин бирөөсүндөгү туш келди бир окуя клетканын толугу менен өлүп жок болушу деген мааниге келет.

Барган сайын тактыгы өскөн механизмдер материалисттер менен дарвинисттерди тынчсыздандырган темалардын башында турат. Бир даана клетканын пайда болушун да илимий жактан түшүндүрө албаган бир теория анын астыңкы элементтерин, албетте, түшүндүрө албайт. Ошондуктан заттын эң майда бөлүкчөлөрүнүн, курулуш материалдарынын келип чыгышын материалисттик көз-караш менен түшүндүрө алышпайт. Ушул себептен молекулярдык деңгээлде ушунчалык улуу жана теңдешсиз бир чеберчиликтин болушу дарвинисттерди дайыма тынчсыздандырган.

Дарвинизм Тамырынан Кыйроодо

development

The slightest difference arising at the moleculer level would be enough to eliminate all matter, turn the universe into a cloud of floating atoms, sink the electrons into the atom, nucleus or else completely detach them, leading the universe to consist of nothing more than atomic sub-particles.A single defect in equilibrium will affect the entire universe.This magnificentş delicate balance prevails in an immaculate system created by Allah.

Бирок бул мыйзамдардын, б.а. ааламды жөнгө салган эрежелердин түбүндө кайсы факторлор турат, алар өздөрүнөн тышкары кайсы себептерге таянат же кандайдыр бир себепке таянабы, эмне үчүн башкача болбой дал ушундай болушат жана сырттан караганда өтө жөнөкөй бир структурадагы суутек атому кандайча болуп бүт ааламды потенциалдуу камтып, аны пайда кылуу жөндөмүнө ээ болгон деген суроого илимдердин бере турган эч кандай жообу жок. Төрөлөөрдөн мурда кайсы сезүү органдарыбыз болот деген суроого бере турган бир жообубуздун жоктугу сыяктуу.60

Бул саптар белгилүү эволюционист Хоймар фон Дитфуртка (Hoimar Von Ditfurth) тиешелүү. Жана бул сөздөр бир материалист жана эволюционист болуп туруп ааламды жөнгө салган мыйзамдарды түшүндүрүүнүн мүмкүн эместигин апачык көрсөтүүдө.

Материалисттер менен эволюционисттер ааламдагы тартипти жана жашоонун келип чыгышын кокустуктарга таяндырышканы менен, бул көз-караштарын илим, акыл жана логика менен эч качан түшүндүрө алышпайт. Мисалы, алардын молекулярдык деңгээлдеги керемет касиеттерди кокустуктар натыйжасында пайда болгон деп айтышы эч логикага сыйбайт. Молекулярдык деңгээлдеги туш келди бир окуя бүт затты жок кылууга жетип, ааламды учуп жүргөн атомдордон гана турган бир чаң массасына айланта алат. Молекулярдык деңгээлдеги туш келди бир окуя электронду атом ядросуна жабыштырат же андан бүтүндөй ажыратып салат жана аалам деген нерсе субатомдук бөлүкчөлөрдөн гана туруп калат. Себеби атомдор дүйнөсүндөгү бүт нерселер, ал дүйнөнү түзгөн элементтер, аларга таасир берген күчтөр, аларды пайда кылган формалар, кыскасы бүт баары «өтө назик тактыкта». Булардын баары өтө кичинекей жана өтө так чоңдуктар менен тең салмактуулукка салынган. Эгер төрт негизги күчтүн кандайдыр бирөөсү бир аз эле башкача болгондо, азыр аалам радиациядан гана турушу мүмкүн эле.

Эгер бир адам «кокустан пайда болгонго ишенем» дей турган болсо, анда төмөнкү суроолорго жооп бере алышы керек: кокустуктар атомду кантип пайда кылган, анын бөлүкчөлөрүн өтө так бир тең салмактуулук жана ылдамдыкта кантип туруктуу кармай алган? Эгер төрт негизги күч туш келди белгиленген болсо, анда кантип атомду пайда кыла турган эң идеалдуу чоңдуктарды аныктай алышкан? Эмне үчүн атомдор «орбиталуу» болуп, ал орбиталардын 2, 8, 16 деп уланган электрон сандарына ээ болуу шарты келип чыккан? Эмне үчүн бул сандар жашоо үчүн керектүү молекулярдык байланыштарга мүмкүнчүлүк түзө турган элементтердин (мисалы, көмүртектин) келип чыгышы үчүн эң идеалдуу? Эмне үчүн атомдор орбиталарындагы атомдорго белгилүү сандарды «толуктатуу» муктаждыгын сезишет жана натыйжада «химияны» пайда кылышат? Кокустуктардын «чечим алуу» деген бир жөндөмү болушу мүмкүнбү? Кокустуктар электрондорду кантип атомдун айланасында ар кайсы орбиталарда кармай алышкан, эмне үчүн бүт атомдор 8 электрондуу болгусу келген? Кокустуктар бир канча бөлүкчөнүн биригиши менен кантип ааламды, жылдыздарды, абаны, затты жана биздерди пайда кыла алган? Бири жарылгыч, экинчиси уулуу болгон эки зат кайсы кокустук натыйжасында биригип, өтө даамдуу жана керектүү бир азыкты (сууну) пайда кылган? Бул жерде саналган физикалык жана химиялык туруктуулуктардан тышкары, ушул сыяктуу «табият мыйзамдары» менен түшүндүрүлө албаган чоң кереметке, б.а. жашоонун келип чыгышына эволюционисттер кандай түшүндүрмө айтышат? Химиялык жана физикалык реакциялар жандуу организмдерди пайда кыла алышпайт, андай болсо бул организмдер кайсы кокустуктар натыйжасында келип чыккан болушу мүмкүн? Бул кокустуктардын ишке ашуу ыктымалдыгынын бир даана белок үчүн да иш жүзүндө нөлгө барабар экени чындык; буга эволюционисттердин жообу кандай?

ДНК кантип келип чыккан? Кайсы кокустук клетканын жандуу, столдун жансыз болушун чечкен? Кайсы кокустук клетканын ичинде бир молекула жасап, ага «маалымат» бере алган? Кайсы кокустук эң керектүү жерлерде ийкемдүү байланыштардын, эң керектүү жерлерде болсо бекем байланыштардын келип чыгышын чечип, кайсы кокустук эч жерде жаңылыштык кетирген эмес? Бул клетканын ичиндеги молекулалардын ар биринин өз-өзүнчө, катасыз тизилишин камсыз кыла алган кандай бир кокустук окуя? Бул кокустуктар кандайча болуп адамдан, илимпоздордон, профессорлордон да акылдуураак болушат? Кантип бүт нерсени ар тараптан ойлонуп, эч ката кетирбейт жана кооздукту, чеберчиликти, муктаждыкка жооп берген жана керемет тартипти, баарын чогуу жасай алат? Бүт атомдордун протону, нейтрону, электрону бирдей болгонуна карабастан, кантип суутекти башка, темирди башка бир затка айландыра алат жана көмүртекти жашоонун негизи кыла алат? Бир молекуланын уулуу, бирөөсүнүн жегенге жарай турган, дагы бирөөсүнүн ичкенге жарай турган болушун кайсы кокустук чечкен? Кокустуктар аң-сезимдүү жана акылдуу болушу мүмкүнбү, алдын-ала план түзүп, келечекти долбоорлоп, чечим алып, абдан так эсептөөлөрдү жасай алышабы?

Молекулалардын касиеттеринин негизинде жалпысынан узатылган бул суроолор дайыма материалисттер менен дарвинисттерди өтө кыйнайт. Себеби бүт бул суроолордун жоопторун материалист чөйрөлөр жана эволюция тараптарлары өтө жакшы билишет, бирок эч качан айтышпайт. Алар да өздөрүнүн көз-караштарынын негизсиз экенин кээде моюнга алууга, кээде болсо ичинен кабыл алууга мажбур болушат. Хоймар фон Дитфурт, өтө берилген бир эволюционист болгонуна карабастан, муну мойнуна алган кишилердин бири:

Илимпоздорубуздун кылымдарга созулган аракеттери жана ошончо кыйынчылыктарынан соң гана бар экени аныкталган ушунча көп тараптуу байланыштар жана саны дээрлик белгисиз табият кубулуштары таң калуунун, чыныгы бир суктануунун булагы болбой эмне болот? Ааламдын масштабынан жана жылдыздардын өрчүү мыйзамдарынан атомдордун түзүлүшүнө жана зат менен энергия арасындагы сырдуу байланыштарга; ичинде тирүү бир организмдин курулуш планы сакталган клетка ядросунун ичиндеги кубулуштардан мээбиздеги электрдик заряддардын ачылышына чейин, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында гана биз түшүнө алган таң калыштуу табигый кубулуштарды санап бүтүүгө болбойт. (...) Чындыгында биологиялык функцияларды аткарган бир даана белок молекуласынын курулушунун кереметтүү өзгөчөлүктөрүн караганыбызда, муну баары туура жана керектүү бир катарда, керектүү учурда, керектүү жерде жана керектүү электрдик жана механикалык касиеттер менен бир-бирине кездешиши керек болгон көптөгөн атомдордун бир-бирден, кокустуктар натыйжасында жолугушуусу менен түшүндүрүү мүмкүн эместей көрүнүүдө.61

Материализмдин колуңуздагы калемдин учунда жайгашкан миллиондогон атомдун «бир даанасынын» келип чыгышын жана кантип тең салмактуулукка келгенин да түшүндүрө албашы чындык.

Бул, албетте, күтүлгөн бир нерсе. Себеби Аллахка ыйман кылбагандардын баары эртеби-кечпи сөзсүз ушундай жеңилүүгө дуушар болот. Акыйкат дайыма жеңет. Бул Аллахтын мыйзамы. Бүт дүйнө биригип аракет кылса, акыйкатты өзгөртө албайт жана жок кыла албайт. Бул акыйкатты билбеген материалисттер менен дарвинисттер негизи өтө майнапсыз жана аягында өздөрүнө гана зыян алып келе турган иштер менен алек болушат. Акыйкатка каршы жалганды колдонуп күрөшкө киришишкен. Бул күрөштүн эч бир этабында максаттарына жете алышкан эмес. Аракеттеринен майнап чыгышы да мүмкүн эмес. Бул чындык акылын колдоно алган адамдарга Куран аяттары аркылуу кабар берилген.

Айткын: «Чындык келди, жалган (батыл) жок болду. Эч күмөнсүз, жалган жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81)

Жок, Биз чындыкты жалгандын (батылдын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (жалгандын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллах жөнүндө) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)

... Жалганга (батылга) ишенген жана Аллахты жокко чыгаргандар болсо, мына ошолор кыйроого туш болушат. (Анкебут Сүрөсү, 52)

Айткын: «Акыйкат келди; жалган (батыл) болсо (бир нерсе) чыгара да албайт, артка кайтара да албайт.» (Саба Сүрөсү, 49)

... Аллах жалганды жок кылып салат жана Өз сөздөрү менен акыйкатты чындап бекемдейт (ишке ашырат). Себеби Ал көкүрөктөгү (сыр)ларды билүүчү. (Шура Сүрөсү, 24)

Акыйкат ансыз да апачык өзүн жана жогорулугун көрсөтөт. Муну көрүүнү каалабагандар гана көрбөй калышы, өзгөчө илим дүйнөсүнүн ичинде болуп туруп түшүнбөй калышы мүмкүн. Ансыз да дүйнө жашоосу бул экөө арасындагы айырмачылык белгилүү боло турган, акыретте адилеттүү эсептешүү үчүн адамдар сыналган бир сыноо мекени. Дүйнө жашоосу Аллахтын бар экенин көргөн жана Анын кудуретин түшүнгөндөр менен, Аллахтын бар экенин көргүсү келбеген жана каапырдык жолуна түшкөндөрдүн өздөрүн тааныштырышы үчүн жаратылган. Жалгандын (батылдын) туура эмес экенин көрүү жана акыйкаттын акыйкат катары бекемделиши үчүн дүйнө жашоосунда ушундай бир салыштырууга муктаждык бар. Бир нерсени унутпаш керек: жалганды (батылды) жактагандар сөзсүз жеңилүүгө дуушар болушуп, Аллахтын керемет жаратуусун жана бар экенин көрмөксөн болушканы үчүн бар экенине ишенбей, күмөн санашкан акыретте эч күтпөгөн бир жыйынтыкка туш болушат.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

Булактар

60. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, Kitap 1, Alan Yayıncılık, Kasım 1996, İstanbul, sf. 167

61. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, Kitap 1, Alan Yayıncılık, Kasım 1996, İstanbul, sf. 123

62. Sidney Fox, Klaus Dose, Molecular Evolution and The Origin of Life, Marcel Dekker, New York, 1977, s. 2.