Киришүү

horse

Бул китепти колуңузда кармап турганда негизи молекулаларды кармап турган болосуз. Жаныңызда турган кофеңизди ичип жатканда негизи молекулаларды ичесиз, мурдуңузга келген кофе жыты аркылуу негизи кофеден чыккан жыт молекулаларын жутасыз. Кофенин даамын сезген тилиңиз да бүт бул тексттерди окуган көздөрүңүз сыяктуу көптөгөн молекулалардын жыйындысы гана. «Дем алып жатам» дегениңизде чындыгында абадагы молекулаларды жутуп жаткан болосуз. Молекулалар аркылуу сезип, көрүп, жыт жана даам сезип жатасыз. Айланаңыздагы бүт нерселер сыяктуу сиз да молекулалардан турасыз.

Сизди жана бүт ааламды түзгөн молекулалар эмне анда? Негизи териңизди, отурган отургучуңузду же бир мышыктын жүндөрүн түзгөн молекулалар көзгө көрүнбөгөн атомдор менен алардын бир-бири менен болгон электрон алмашуусу гана. Атомдор бир-бирине электрондорун берип, ортоктук түзүшөт жана мунун натыйжасында молекулаларды пайда кылышат. Бул көзгө көрүнбөгөн кыймылдын натыйжалары болсо өтө укмуш; планеталардан адамдарга, дарыялардан жашыл токойлорго, жейрендерден темир жолдорго, ромашка гүлүнөн алмага чейин сансыз түрдөгү жандуу жана жансыз нерселер.

Бул китепте Аллах атомдорду жана атомдор арасындагы байланыштарды себеп кылып жараткан молекулалар менен молекулалардагы керемет касиеттер ар бир окурман түшүнө ала тургандай жөнөкөй тил менен баяндалат. Көзгө көрүнбөгөн атомдордун бүт ааламдагы нерселердин баарын кантип түзгөнүн көргөн жана акылы, таза жүрөгү менен ойлонгон ар бир адам Раббибиздин чексиз кудуретин, акылын жана теңдешсиз жаратуусун көрүп, Анын алдында өзүнүн канчалык алсыз экенин түшүнүп, Аллахтын кудуретине моюн сунат.

Акылдуу Долбоор (План), б.а. Жаратылуу

Китепте маал-маалы менен Аллахтын жаратуусундагы кереметке басым жасоо үчүн колдонулган «план (долбоор)» сөзүн жолуктурасыз. Бул сөздүн кайсы максатта колдонулганын туура түшүнүү өтө маанилүү. Аллахтын бүт ааламда кемчиликсиз бир план (долбоор) жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Раббиси Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эместигин билүү керек. Аллахтын планын, долбоорун түзүшү жана жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куранда Аллах мындай деп билдирет:

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)