Адамдардын оюна «кристалл» дегенде көбүнчө «кристалл бир ваза», балким бир аз илимий жактан «кар кристаллдары» келет. Бирок кристаллдын чындыгында эмне экенин, молекулярдык деңгээлде укмуш бир искусство чыгармасы экенин көп биле беришпейт.
Кристаллдагы теңдешсиз геометрия аны алгач ачкан илимпоздорду таң калтырып, анын кереметтүүлүгүнүн сыры көптөгөн адистердин көпкө созулган аракеттери натыйжасында жакында гана белгилүү болду. Аллах көрсөткөн бул теңдешсиз геометрия чеберчилигинин кандайлыгын түшүнө алуу үчүн алгач молекулалардын үч түрдүү абалын карап чыгуу туура болот.
![]() |
Көпчүлүгүбүз «заттын үч абалын» билебиз. Буга берилген эң белгилүү мисал – бул суу. Суу кадимки шарттарда суюк, тоңдурулганда муз, б.а. катуу, ысытылганда болсо буу, б.а. газ абалына өтөт. Бир заттын молекулярдык структурасын бузбай абалын өзгөртүшү заттын үч абалын пайда кылат. Бирок бүт заттар мындай үч абалга кире бербейт. Мисалы, ок дарыны (порох) ысытсаңыз, анын газ абалына жете албайсыз. Ок дары ысытылганда жарылып, бүтүндөй башка бир молекулага айланат. Айнек болсо муздатылганда катуу затка айланбайт, болгону катуулашат. Бир айнек стакан негизи биз ойлогондой катуу эмес, суюк.53 Ал катуудай сезилгени үчүн аны катуу деп ойлойбуз. Илгерки убактардан сакталып калган айнек стакан менен вазалардын түп жагында жоон бир айнек кабатынын пайда болушуна айнектин көзгө көрүнбөгөн көлөмдө тынымсыз төмөн көздөй агып турушу себеп болот.
«Кристалл» деп аталган нерсе – бул заттардын катуу абалдагы геометриялык молекула түзүлүшү. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкү мисал жөнүндө ойлонолу. Суу газ, суюк жана катуу абалында да бирдей молекулярдык касиеттерге ээ болот жана H2O формуласы менен аныктама берилет. Суюк кезде сууну түзгөн молекулалар бир-биринин бетинен тайат, газ абалында болсо молекулалар бир-биринен көз-карандысыз кеңири аймакка тарашат. Бирок суу катуу абалда болгондо, сууну түзгөн молекулалар өтө симметриялуу жана керемет бир тартипте катарга тизилип, «кристаллдашышат». Натыйжада муз келип чыгат. Заттын катуу абалга өткөндө теңдешсиз бир формага жана геометриялык тартипке келиши ал заттын «кристаллдашуусу» деп аталат. Бир зат муздаганда эгер мындай симметриялык тартипке келе албаса, анда ал зат катуу эмес болот. Айнектин «катуу» деп кабыл алынбашынын себеби ушул. Айнекти түзгөн молекулалар муздатылганда кристаллдык бир түзүлүшкө айланбайт. Б.а. молекулалар жана атомдор тартиптүү тизилишпейт. Мындай тартипти камсыз кыла албаган бир зат кристаллдаша албайт, ошондуктан катуу абалга эч качан жете албайт.
![]() |
1-Vitamin C Crystal |
Атомдор бир молекуланы түзүү үчүн ар кандай формада биригишет. Алар үч өлчөмдүү бир форманы пайда кылышат жана бул форма келип чыккан молекула үчүн өтө маанилүү болот. Мурда да айтылгандай, молекула ишке жарактуу болушу үчүн формага келиши шарт, мисалы, бир-бирине уланган натрий жана хлор атомдору үч өлчөмдүү формага келгенде гана бир туз молекуласы боло алат. Молекула ошол эле атомдордон туруп, бирок атомдору башкача туташса, ал туз эмес, башка бир молекула болуп калат. Бир затты түзгөн молекулалар менен атомдор катуу абалда эң тартиптүү формага келишет. Алар пайда кылган формалар үч өлчөмдүү геометриялык формалар болот жана келип чыккан призмаларда бурчтар белгилүү чоңдукта болот. Бул чоңдуктар молекуланы түзгөн бөлүктөрдүн эч биринде эч качан өзгөрүлбөйт. Бул тартип ушунчалык катасыз болгондуктан, бир атом да катарды бузбайт, атомдордун бир-бирине бириккен бурчтары арасында 1 даражалык да четтөө болбойт. 60 градустук бурчтар менен бириккен атомдор эч качан 61 градус менен биригишпейт. Сиз бул катуу затты ысытып, суюк абалга алып келип, анан бууга айлантып, андан соң кайра аны муздатсаңыз, бул зат кайра дал мурдакыдай формага келип, атомдор каерлерге жайгашышы керектигин билгендей болуп, бир-бирине мурдакыдай туташып, араларында дал мурдакыдай так бурчтар келип чыгат. Кайрадан бириккенде кайра эле 1 градустук да ката кетирилбейт; атомдор чогулуп, эгер мурда алты бурчтуу призманы пайда кылышкан болсо, сөзсүз кайра алты бурчтуу призманы пайда кылышат.
Бул керемет тартиптин заттын ичинде канчалык жерде түзүлгөнүн түшүнүү бул жердеги кемчиликсиздикти жакшыраак түшүнүүдө өтө маанилүү. Бир атомдун диаметри 3 сантиметрдин болжол менен жүз миллиондон бирине барабар. 3 см кристаллдын ичинде болсо 100 миллион көбөйтүү 100 миллион көбөйтүү 100 миллион атом бар. (100.000.000 X 100.000.000 X 100.000.000). Эгер 3 сантиметрдин миллиондон биринчелик бир аймакта тартиптүү бир прогрессия бар болсо, ал затты кристалл деп атаганга болот. Ошондуктан ар бир кристаллда тартиптүү бир катардагы бир миллион атом болот.54 Бирок сиздер муну микроскоп астында көрө албайсыздар. Ошондуктан катуу бир затты, мисалы, бир металлды канчалык майдаласаңыз да, колуңузда дагы эле кристаллдар турган болот. Себеби майда кыпындарда да баары бир атомдор өз тартибин сакташат. Эгер сиз металл кыпындарын чаңча абалына алып келсеңиз, колуңузда дагы эле кристаллдар турган болот. Ал чаңдарды же металлдын баарын ээритсеңиз гана кристалл түзүлүштүн көп бөлүгүн жок кылган болосуз.
Crystals: The Magnificent Order in Molecules |
|
![]() |
|
1. None of the three angles is 90o |
4. 90o Angle |
In their solid state, substances assume three-dimen sional shapes. The prismangles in the crystal structures that form are of specific rates. This structure is so flawless lyregular that even a 1-degree deviation in these angles is ruled out. |
Кристаллдардын тегиз бети «бет» деп аталат. Эки жүз бириккен жер болсо «чеке» деп аталат. Эки чеке бириккен жер болсо «бурч». Бир беттин айланасындагы чекелер көбүнчө үч бурчтук, квадрат сыяктуу жөнөкөй формаларды пайда кылышат. Бүт кристаллдын беттери бириккенде болсо куб, төрт бурчтуу же алты бурчтуу призмалар келип чыгат. Кээде бул түзүлүш бир топ комплекстүү болот. Бирок комплекстүүлүк өскөн сайын симметрия ансайын укмуш болот. Беттер ар бурчта керемет бир бурчта бир-бирине уланып, ал бурчтар эч бир этапта өзгөрбөйт жана бузулбайт. Призмалар тизилип, геометриялык формалар арасында миллиметрдин миңден бириндей да жаңылыштык кетпейт.
Кристаллдын структурасынын бузулушу болсо заттын толугу менен башка бир формага келиши же бөлүнүшү деген мааниге келет. Бул болсо табияттагы бүт тартипти бузуп, биз билген көп заттарды жок кылат. Кыскасы, бул тартипте кемчиликсиздиктин болушу шарт жана бул кемчиликсиздик менен тартип дайыма сакталып турушу керек. Албетте, бул дагы жаратылган бүт нерсенин дайыма Аллахтын коргоосунда экенин көрсөткөн дагы бир маанилүү чындык жана керемет.
Бир-биринен айырмалуу молекулалар бир жерде болушса да, өзгөчө кристаллдык түзүлүшү себептүү бир-бирине аралашпайт жана касиеттерин жоготушпайт. Мисалы, бир ысык суунун ичине ташталган туз менен кант кристаллдары кыска убакытта ээрип, суюк абалга келишет. Бирок сиз ал сууну бууландырсаңыз, суунун ичинде ээриген туз менен кант өз-өзүнчө кристаллдашып, мурдакы калыбына келет.55 Эч качан туздагы атомдор башка бир бурчта бир-бирине туташпайт жана молекулалардын катары өзгөрбөйт. Бул катар өзгөрсө, туз башка бир молекулага айланат.
Crystals: The MagnificentOrder in Molecules |
![]() |
The crystal structure that gives rise to molecules has a perfect geometry, so flawless that not even the slightest error can creep in. Any error that did arise would either destroy the substance or else turn it into another one entirely. |
Бүт мындай тартиптер эмне үчүн мынчалык маанилүү? Биз көрбөгөн, көпчүлүгүбүз эч билбеген бул ааламда молекулалардын эч катасыз белгилүү бурчту сактап, кемчиликсиз бир геометриялык тартипте биригиши эмне үчүн мынчалык керектүү? Эмне үчүн өзгөчө формада болушат? Эмне үчүн өз формаларын эч жоготушпайт? Мындай касиетке ээ болушпаганда, чындап жер жүзүндө ээнбаш атомдор менен формасыз молекулалар болмокпу?
Эгер Аллах каалаганда, албетте, айланабыздагы түркүн дүйнө келип чыгышы үчүн кандайдыр бир формага же геометриялык бир гармонияга муктаждык болмок эмес. Эгер Аллах каалаганда, зат бар болушу үчүн атомдорго да, молекулаларга да муктаждык болмок эмес. Аллахтын бул микро ааламды укмуш комплекстүү жаратышынын өтө терең мааниси бар. Аллах бүт нерсенин эң майда бөлүкчөсүнө чейин Өзүнүн улуу чеберчилигинин натыйжасы экенин көрсөтүүдө. Бул ушунчалык маанилүү бир чындык, себеби Аллахты жокко чыгаруу үчүн аракет кылгандар да бул комплекстүүлүккө бир жооп таба албай, чарасыз калышууда жана бул жердеги керемет жаратууга таң калышууда. Эң кичине бөлүкчөдө да керемет бир чеберчиликтин болушу адамдардын баарына Аллахтан башка эч бир күчтүн жоктугун апачык далилдөөдө. Аллах аятында төмөнкүдөй кабар берет:
Демек, мактоолор асмандардын Рабби, жердин Рабби жана ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү. Асмандарда жана жерде улуулук Аныкы. Ал – улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Жасия Сүрөсү, 36-37)
![]() |
Тоотектерди түзгөн кристаллдар эң белгилүү кристалл мисалдары болуп саналат. Кварц, асылташ жана жарым-кымбат баалуу кристалл сыяктуу кендердин бүт катуу кабыктары да бир кристалл. Тоотектердин кристалл болушу төмөнкү чындыкты көрсөтөт: жер жүзүнүн бүт катуу кабыгы кемчиликсиз тартиптеги атомдордон турган бир кристалл бети.56 Эгер сиз бул керемет көрүнүштү куралсыз көз менен көрө алганыңызда, албетте, бул пейзажга өтө суктанмаксыз. Себеби бутуңузду койгон бүт жердин тартиптүү геометриялык формалар менен бир-бирине туташкан жана үзгүлтүксүз созулган бир тегиздик экенин көрүп, бул пейзаждын айланаңызда көргөн бүт нерселериңизден жакшыраак тартипте экенин түшүнмөксүз. Эң майда бөлүкчөсүндө да керемет бир симметрия менен сулуулук орун алган мындай түзүлүштүн бут астыңызга төшөлгөнүн байкамаксыз. Мунун кереметтүүлүгүн жана сулуулугун дайыма сезмексиз. Негизи сиз жер кыртышынын бетинде басып жүргөнүңүздө дайыма бул керемет дизайнды көрүп жүргөн болосуз. Сизди куралсыз көз менен муну көрө албашыңыз гана жаңылтат.
Биз өтө жакшы билген дагы бир кристалл мисалы болсо – бул кар кристаллдары. Бир-бирине эркин карманып, кар бүртүгүн пайда кылган кристаллдар бир-биринен ушунчалык айырмалуу формада болгондуктан, эч бир кар бүртүгү экинчисине окшобойт. Кар жаап жаткан күндө бир лупа менен да кар бүртүктөрүнүн бир-биринен өтө айырмалуу формаларда экенин апачык көрө аласыз. Жер жүзүнө опокшош эки кар бүртүгүнүн түшүү ыктымалдыгы өтө кыйын. Эми жашаган аймагыңызга эле бир жылда канча кар бүртүгү түшкөнүн бир ойлоп көрүңүз. Мол кар жааган тоолорду жана дайыма нөлдөн төмөн градустагы уюлдарды бир ойлоңуз. Булардын баарын жалпылай элестетип, жыл сайын дүйнөгө түшкөн карлардын санын бир ойлоп көрүңүз. Бул жерде таң калыштуу жагдай мындай: эгер мүмкүнчүлүгүңүз болуп, бүт жааган кар бүртүктөрүн чогултуп, изилдей алсаңыз, баарынын бир-биринен өтө айырмалуу экенин көрөсүз. Буга кар бүртүктөрүн пайда кылган суу молекулаларынын молекулярдык касиети жана натыйжада кар кристаллдарынын ар кандай геометриялык түзүлүштө пайда болушу себеп болот.
![]() |
Snow crystals, attached to one another with loose bonds, assume different shapes from one another due to differences in the structures of their water molecules. Thus it is almost impossible for a pair of snow flakes to be identical. |
Бүт суу молекулаларынын түзүлүшү түпкүрүндө бирдей болгону менен, бул молекулалар кээде бир-биринен айырмалуу болушат. Пайда болгон ар бир 5000 суу молекуласынын бирөөсүндө суутек атомунун ордуна бир дейтерий атому болушу мүмкүн. Жана ар бир 500 молекуланын бирөөсүндө 16 атомдук номерлүү кычкылтектин ордуна 18 атомдук номерлүү кычкылтек кездешет. Бул айырмачылыктар кристаллдашкан муздар арасында бир комбинациянын келип чыгышына себеп болот. Себеби бир кар бүртүгүндө 1018 суу молекуласы болот. Суу молекулаларынын жогоруда айтылган айырмачылыктары себептүү бир кар бүртүгүн түзгөн молекулалардын 1015 даанасы бир-биринен айырмалуу болот. Бул эсеп боюнча, эки кар бүртүгүнүн толугу менен бирдей тартипте жана формада болуу ыктымалдыгы 1024төн бирге барабар. Жана мындай ыктымалдыктын аалам жаралгандан бери ишке ашуу ыктымалдыгы нөлгө барабар.57
Эң негизгиси, бул чексиз көп түрдүү кар бүртүктөрүнүн баары укмуш симметриялуу болушат.
Бир кар бүртүгү кичинекей бир чаңчанын айланасында пайда болуп баштайт. Анын чоңдугу болгону бир канча микрон болот. Пайда болгон бул микроскопиялык форма алты бурчтуу болот жана бул форма муздун өз түзүлүшүнөн, б.а. суунун молекулярдык касиеттеринен келип чыгат. Бул кристалл барган сайын чоңоюп, бурчтарынан баштап кичинекей бутактар чыгып баштайт. Аба сууган сайын ал бутактардын чоңоюшу дагы бир аз ылдамдайт. Аба өзгөрүүлөрүнө туш болгон сайын пайда болгон бул түзүлүштүн бетинде ичке бутактар өсөт. Кар айланага сапырылган сайын жана ар кандай шарттарга туш болгон сайын бул процесс уланып, ар бир шартка ылайык касиети өзгөрө берет. Бир кар бүртүгүндөгү ар бир бутак бирдей өскөндүктөн, бүт бутактар бир-бирине окшош болот жана өтө комплекстүү бир түзүлүш келип чыгат. Алты бурчтуктун натыйжасында алтынын эсесине жараша бир симметрия келип чыгат жана кристалл үч өлчөмдүү түзүлүшкө ээ болот.58
![]() |
Before settling inside a cell, a virus' only source of protection is its crystal line structure. In addition to viruses, other organ isms also enter a kind of hiber nation and protect themselves by crystallizing. |
Жалпысынан карап өтүлгөн бул физикалык кубулуштар жана буларга себеп болгон физика мыйзамдары негизи өтө комплекстүү. Ошондуктан кар бүртүктөрү ар кандай формада жана кемчиликсиз симметрияда болушат. Бул чындыгында өтө кызык, себеби бул жерде келип чыккан форма компьютерде өлчөнүп, өтө кылдат эсептелгендей бир симметрияда болот. Бул жерде сөз болуп жаткан нерсе бир кар бүртүгү гана. Бир кар бүртүгүнүн симметриялуу экенин же өтө кооз формада экенин кээде байкабайбыз дагы, изилдемейинче анын керемет формасын түшүнө албайбыз. Бирок анткен менен, ар кандай шарттар жана себептер натыйжасында кооз чеберчиликтеги бир кар бүртүгү келип чыгат. Себеби ал дагы Аллахтын чеберчилигинин бир мисалы.
![]() |
He directs the whole affair from haven to Earth.Then it will again ascend to Him on a Day whose length is a thous and years by the way you measure. (Surat as-Sajdah: 5) |
Кристалл кереметинин дагы бир мисалы – бул жер жүзүнүн кандайдыр бир жеринде жүздөгөн жыл күткөн жана жандуу бир клетка көргөндө болсо кереметтүү абалда жан кирген вирустар. «Жан кирген» сөзү эң ылайыктуу сөз. Себеби бул нерселер бир жандуу клетканын жылуулугу менен нымын сезмейинче толук жансыздай болушат. Алардын бир клеткалуу жандыктардай органеллдери жок. Алардын болгону коргой турган бир клетка мембранасы менен бир ДНКсы (кээде болсо бир РНКсы) бар. Жандыктардай касиет көрсөтүү үчүн башка бир клетканы колдонушуп, анын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланышат.
Вирустар бир клетканын ичине жайгаша алганга чейин болсо жер жүзүнүн кайсы бир жеринде, суукта же ысыкта, асманда же жер астында жашашат. Жок болуп майдаланып кетпешине кристалл түзүлүштөрү себеп болот. Бул түзүлүш көзгө көрүнбөгөн бул чаңчаны миңдеген жыл бою коргоп, ошондой эле, ага симметриялуу бир көрүнүш да тартуулайт. Кристаллдардын өзгөчө геометриялык түзүлүштөрү – вирустарды орогон кристаллдардын да эң белгилүү касиети.
Вирустардан тышкары башка микроорганизмдер да кристаллдашат. Бул негизи көзгө көрүнбөгөн микрожандыктардын өздөрүн коргоо үчүн эң жакшы чаранын эмне экенин билээрин көрсөтөт. Бактерия, балыр сыяктуу ар кандай микроорганизмдер шарттар оордошкондо урпагын улантуу үчүн кристаллдашып, бир «кыш уйкусуна жатышат» жана аларга ылайыктуу шарттары бар аймактарга жеткенге чейин ошол абалда болушат. Шарттар оордошкондо ар бири өз түрүнө тиешелүү, өзгөчө кристаллдашуу ыкмасын колдонуп, жерден асманды көздөй көтөрүлөт. Кристалл түзүлүш аларды ал чөйрөдөн жана кийинчерээк көтөрүлүп кыш уйкусуна жаткан булуттардын арасындагы оор шарттардан коргоочу калкан болот. Аларга ылайыктуу шарттарга жеткенде болсо бул организмдер өздөрүн коргоочу кристалл түзүлүштү жоготушуп, азыктанып көбөйө турган кадимки жашоосуна кайтышат.
Атомдор менен молекулалардын бир-бирине биригиши натыйжасында ар кандай, керемет симметриялуу жана кооз формалардын келип чыгышы жана бул түзүлүштүн, ошондой эле, коргоочу касиетте болушу өтө маанилүү бир ыйман акыйкаты (ыйман далили). Булардын баары молекулярдык деңгээлде болот жана миллиондогон километрлик дүйнө жүзүнүн бүт тарабында, ал тургай, бир чекиттин миңден биринде да укмуш бир тартип жана теңдешсиз бир акыл бар. Бул чындык Аллахка шерик кошкондордун жана Аллахты жокко чыгаруу жолдорун издегендердин жолун тоскон, алардын майнапсыз аракет кылып жатканын көрсөткөн жана ыймандуулардын ыйманын бекемдеген улуу бир чындык. Эң терең детальдарда да керемет бир чеберчиликтин көрсөтүлүшүнүн себеби ушунда. Аллах аяттарында мындай дейт:
Мактоолор асмандар менен жердегилердин баары өзүнүкү болгон Аллахка тиешелүү; акыретте да мактоолор Ага тиешелүү. Ал өкүмдар жана даанышман, кабар алуучу. Жердин ичине киргенди, андан чыкканды; асмандан түшкөндү жана ал жакка чыкканды билет. Ал боорукер, кечиримдүү. (Саба Сүрөсү, 1-2)
57. http://www.its.caltech.edu/~atomic/snowcrystals/natural/natural.htm
58. http://www.its.caltech.edu/~atomic/snowcrystals/natural/natural.htm