Атомдогу Керемет

Бир эшиктин туткасын кармаганыңызда, досуңуз менен көрүшкөндө же итиңизди сылаганыңызда колуңузда пайда болгон сезим – колуңузду түзгөн атомдордогу электрондор менен эшиктин туткасындагы, досуңуздун колундагы же итиңиздин жүндөрүндөгү атомдордо жайгашкан электрондордун бир-бирине болгон таасири гана. Муздак абада сыртка чыкканыңызда басышыңызды кыйындаткан күчтүү шамал – бул абада чоң ылдамдык менен учкан атомдордун сизге жакындап, сизди түзгөн атомдорду сүзүшү. Бир суюктуктун кайнашы болсо – ичиндеги атомдордун температуранын таасири менен бат кыймылдашы. Кыскасы, ааламдагы чоң-майда бүт нерселер атомдордон жана атомдордун кыймылдарынан пайда болгон.

lanspace

Бир атомдун диаметри миллиметрдин миллиондогон бирине барабар. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн мындай мисал келтирүүгө болот: 100 миллион атомду катары менен койсоңуз, алардын узундугу болгону бир сантиметрди түзөт. Колуңуздагы китептин бир барагы болжол менен 1 миллион атом «калыңдыгында».1 Бул укмуш кичинекей көлөмдөгү кереметтин ааламдагы «бүт нерсени», ири жылдыздарды, планеталарды, тоолорду, океандарды пайда кылганын билүү болсо бул жердеги кереметти тагыраак көрсөтүүдө.

Көлөмү ушунчалык кичинекей болгон атом жөнүндө дагы бир таң калыштуу чындык болсо – бул кичинекей көлөмдүн өтө чоң бөлүгүнүн боштуктан турушу. Атомдун 99,9999999%ы боштук. Калган 0,1%дан аз бөлүгүн болсо субатомдук бөлүкчөлөр деп аталган протон, нейтрон менен электрондор түзөт. Нейтрон менен протон атомдун ичинде жабышкан абалда болот жана ядрону түзүшөт. Ядронун көлөмү атомдун көлөмүнүн 10 миллиарддан бирине барабар. Электрондор болсо бул ядронун айланасында тынымсыз айланышат. Электрондор ушунчалык кичинекей болгондуктан, электрондук микроскоп астында бир чаң булутундай эле көрүнөт. Массасы протондун массасынын 1/1840ине барабар. Бул чоңдукту жакшыраак түшүнүү үчүн кичинекей бир чекитти 1840 бөлүккө бөлгөнүңүздү элестетиңиз. Электрон ошол бөлүктөрдүн кандайдыр бирөөсүнөн алда канча кичине, себеби протон биз көрө алган бир чекиттен миллиондогон эсе аз массага ээ. Мындан атом ааламынын канчалык кичинекей экенин жакшыраак түшүнүүгө болот.2

Атомдун боштук эмес бөлүгү мына ушунчалык кичинекей бөлүкчөлөрдөн турат. Дүйнөнүн эң бийик имараттарынын бири деп кабыл алынган Нью-Йорктогу белгилүү Empire State (эмпайр-стейт-билдинг) имаратындагы атомдордун ичиндеги боштуктарды алып салуу мүмкүн болгондо, бир куту канттан да кичинекей бир зат калмак. Бирок массасы өзгөрмөк эмес жана бул кичинекей кутуну эң күчтүү крандар да көтөрө алмак эмес.3

Empire State

1-The Empire State Bulding
2- Atom nucleus

If you remove all the empty space inside the atoms com pris ing the Empire State Building, its vol ume will be that of a box of sugar. However, they will lose none of their mass. Not even the most pow er ful winch es will be able to move this box.

Атомдун ичиндеги боштукту алып салганыбызда атомдун массасынын өзгөрбөшүнүн себеби – атомду түзгөн бүт массанын ядро менен электрондо чогулгандыгында. Ушул себептен ядро менен электрон атомдун 0,1%ынан аз бир орунун ээлегени менен, укмуш зор күчкө ээ.

Бир атом кичинекей болушу мүмкүн. Бир сантиметрдин миллиарддан биринчелик диаметрлүү болушу мүмкүн, бирок субатомдук бөлүкчөлөр атомдон жүз миңдеген эсе кичине. Атомдун дээрлик бүт бөлүгү «бош». Бир атом ядросу бир күрүччөлүк чоңойтулду деп элестетиңиз. Анда атомдун чоңдугу бир футбол стадионундай болот жана электрондор болсо трибуналардын айланасында учуп жүргөн майда чаңчалар болот. 20-кылымдын баштарында англиялык физик Сэр Артур Эддингтон (Sir Arthur Eddington) бул чындыкты мындайча айткан:

Бир столдо отуруп, бул текстти жазып жатам. Бирок бул «чыныгы» столду сүрөттөгөнүмдө, илим тилинде менин түшүнгөнүм – бул мунун бир «элес» экени. Бул стол негизи көп бөлүгү боштуктан турган атомдордон турат.4

Физик жана психолог Питер Расселл (Peter Russell) бул 0,0000001% заттын болсо биз билген мааниде бир зат эместигин төмөнкүчө айтат:

Кванттык теориянын өнүгүшү менен физиктер субатомдук (элементардык) бөлүкчөлөрдүн да катуу зат болуудан алыс экенин түшүнүштү. Негизи зат деп санаганга да болбойт, жок дегенде биз билгендей бир зат эмес. Толук бөлгөнгө жана өлчөгөнгө болбойт. Көбүнчөсү бөлүкчөгө караганда радио толкундарын эске салышат. Так бир орду жок, бирок бар болуу потенциалы бар белгисиз булуттар сыяктуу. Биз зат деп атаган нерсе эмне болсо да, эгер бар болсо, өтө аз бир затка ээ.5

Физика профессору жана Макс-Планк Физика институту башчысы Ханс-Петер Дюрр (Hans-Peter Dürr) болсо «зат заттан жасалган эмес»6 деп бул чындыкты апачык айткан.

Кыскасы, биз бир затка тийгенде ал катуу сезилгени менен, заттын негизинде аны катуу кыла турган бир материал жок болууда. Затты түзгөн атомдор боштуктардан жана энергия толкундарынан турууда.

Атомду Чогуу Кармап Турган Бөлүкчөлөр

atom boms

1. Neutron
2. Uranium or plutonium nucleus

The reaction begins when a neutron strikes the nucleus of a plutonium atom or a uranium atom. The result ingimbal ance forces the nucleus to split, energy to be released and the two emerging neutrons to be set free to divide other nuclei. The force released by the splitting of a single atom is truly gigantic.

Көзгө көрүнбөгөн кичинекей бөлүкчөлөрдүн кантип бир боштукта чогулуп, атомду пайда кыла алганы маанилүү бир суроо. Бул бөлүкчөлөр атомду абдан өзгөчө бир долбоор менен пайда кылышууда. Бул долбоордун (пландын) эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул, бөлүкчөлөрдүн бир-бирин түртүп-тартышына шарт түзгөн негизги күчтөрдүн болушу. Бул негизги күчтөр атмосфера басымынан дүйнөнүн орбитасына чейин ааламдагы бүт кылдат тең салмактуулуктарды башкарып, атомду түзгөн бөлүкчөлөргө да таасир тийгизишет. Бул негизги төрт күч – күчтүү ядролук күч, алсыз ядролук күч, тартылуу күчү (гравитациялык күч) жана электромагниттик күч.

Бул күчтөр ушунчалык кылдат бир чоңдукта болгондуктан, алардын кичине эле өзгөрүшү жашоонун жок болушуна, планеталардын бир-бири менен сүзүшүп чаң булутуна айланышына жана натыйжада ааламдын жок болушуна себеп болушу мүмкүн. Мисалы, тартылуу күчү бир аз башкачараак болсо, жылдыздардын туруктуу абалына таасирин тийгизип; жылдыздар же бир-биринен алыстап космос мейкиндигинде ээнбаш жүрүп калышат же болбосо бир-бирине барган сайын жакындап аягында сүзүшүшөт. Төрт негизги күч ири масштабдагы нерселер (планета-галактикалар) үчүн да, эң күчтүү микроскоптор астында да араң көрүүгө мүмкүн болгон микро-ааламдар үчүн да тең салмактуулукту камсыздай турган өтө так чоңдуктарда жаратылышкан. Ар бир күч – ааламда өз кызматын орундатуу үчүн пландалган атайын бир долбоордун натыйжасы. Бул долбоор болсо эң кичинеден эң чоңуна чейин бүт нерселерди кемчиликсиз жараткан Аллахка тиешелүү. Аллах жерде жана асманда эң кичинеден эң чоңго чейин бүт нерсени билээрин бир Куран аятында төмөнкүчө кабар берет:

... Асмандар менен жерде кыпынчалык (атомчолук) эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, бүт баары, сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Саба Сүрөсү, 3)

Бул күчтөрдөн күчтүү ядролук күч атомдун ичинде өтө зор жана маанилүү бир тең салмактуулукту камсыз кылат. Кадимки шарттарда атомдун ичинде протондор бир-бирин түртүшү жана мүмкүн болушунча бир-биринен алысташы керек. Себеби протондор оң заряддуу жана окшош заряддар дайыма бир-бирин түртөт. Бирок ааламдагы күчтүү ядролук күч натыйжасында протондор заряды жок нейтрондор менен бирге ядродо бир-бирине жабышып турушат. Башкача айтканда, күчтүү ядролук күч протондорду чогуу кармап атомдун борборундагы ядрону пайда кылат. Бул күчтүн чоңдугун түшүнүү үчүн атом бомбасынын таасирин ойлоо жетиштүү болот. Бул бомба атом ядросуна бир бөлүкчө –көбүнчө нейтрон- учуруу аркылуу ядронун талкаланышы натыйжасында келип чыгат. Ядро талкаланганда ядродогу протон менен нейтрондорду чогуу кармап турган күч сыртка чыгып, алдынан чыккан бүт жандыктарды «күлгө» айлантуучу жана радиоактивдүү таасири көп жылдарга созулган теңдешсиз бир күч келип чыгат. Бул көзгө көрүнбөгөн бир атомдун ичине жашырылган жана алдындагы адамдарды алсыз жана коргоосуз кылып койгон бир күч. Ядрого таасир берген бул күчтүү ядролук күч аалам пайда болгондон бери заттын пайда болушу жана ошондой эле тең салмакта жок болбой турушу үчүн эң ылайыктуу чоңдукка ээ. Эгер бул күч бир аз күчтүүрөөк болгондо, протон менен нейтрондор бир-биринин ичине кирип кетмек. Эгер бир аз азыраак болгондо, бул бөлүкчөлөр бир-биринен бөлүнүп ажырап кетмек. Натыйжада жандуу же жансыз нерселер, жер, күн же аалам болмок эмес.

Атомдорду тең салмактуу түзүлүштө болушуна шарт түзгөн экинчи бир күч болсо – бул алсыз ядролук күч. Өзгөчө ичинде ашыкча санда нейтрон менен протону бар атомдор үчүн маанилүү болгон бул күч атомдун ичинде бир нейтрондун протонго айланышы сыяктуу бир учурда атомдун талкаланып кетишине жолтоо болот. Бул өтө маанилүү бир чара, себеби, эсиңизде болсо, атомдун талкаланышы бир атом бомбасынын пайда болушуна себеп болгон күчтүн сыртка чыгышы деген мааниге келет. Кээ бир атомдордо контрольсуз абалда мындай жагдайдын келип чыгышы өтө чоң коркунуч жаратмак жана алсыз ядролук күч аркылуу мунун алды алынууда.

space

The four basic for ces con trol ling all the bal an ces in the uni verse are so del i cate that even the slight est alter a - tion in their lev els might lead to the extinc tion of life. A small impair ment in a sen si tive bal ance might lead the plan ets to fall into one anoth er and turn into clouds of frag ments and for the uni verse itself to cease to exist.

Атомдун ичинде күчтүү жана алсыз ядролук күчтөр протон же нейтрончолук таасир тийгизбеген бир бөлүкчө бар: электрон. Электронго башка бөлүкчөлөрдөй таасир тийбешинин себеби – бул анын башкаларга салыштырмалуу бир топ кичине болушу. Электрондордун ядронун айланасындагы орбиталардан чыкпай айланышынын себеби – бул аларга таасир тийгизген электромагниттик күч. Электрон терс заряды себептүү оң заряддуу ядронун айланасында эч тынымсыз айланат. Айлануу учурунда келип чыккан борбордон качуу күчү электромагниттик күч аркылуу тең салмакка салынып, натыйжада электрон орбитадан чыгып кетпейт. Электромагниттик күчтүн өтө кылдат чоңдукта болушу болсо электрондордун ядрого жабышып калышына же ядродон толук ажырап кетишине тоскоол болот. «Атомдун» түзүлүшү мына ушинтип келип чыгат.

Молекулаларды таануу үчүн өтө маанилүү болгон электрондорго өтүүдөн мурда атомдун буга чейин кыскача айтылган түзүлүшү жөнүндө бир аз ойлонолу. Бул жерге чейин окуган маалыматтарыңызды кандайдыр бир физика китебинен да таба аласыз. Бирок ал китептерде атомдун түзүлүшүндөгү адамды ойго салуучу кереметтүү тарабына басым жасалганына эч күбө болбосоңуз керек. Миллиметрдин миллиондон бириндей көлөмдөгү жансыз бөлүкчөлөрдүн өтө усталык менен жана кемчиликсиз бир план менен чогулуп, кантип жашоону жана жансыз заттарды пайда кылганы, миллиарддаган жылдызды, дарыяларды, асманды, тоолорду, гүлдөрдү, адамды, океандарды кантип түзгөнү жана буларды кантип тартипке салганы жөнүндө көбүнчө эч сөз кылынбайт.

The Miracle in The Atom
Atom

1. Atom :

2. Nucleus:

3. Proton:

a) Nukleus
b) Elektrons
c)Neutron
d) Proton
e) Quarks

A. An ordinary substance consists of atoms that combine through electro magnetism to give rise to the molecules that con stitute solids, gasses and liquids.

B. Atoms consist of adense nucleus surrounded byacloud of electrons. Electromagnetic for ces keep the electrons in orbit around the nucleus.

C. The nucleus consists of protons and neu trons, which are bound together by the Strong Nuclear Force.

D. Protons and neutrons each consist of three quarks. These are held togeth er with the Strong Nuclear Force.

Көбүнчө эч сөз кылынбаган дагы бир өтө маанилүү чындык бар: ааламдагы төрт негизги күчтүн чоңдуктары бир-биринен өтө айырмаланат жана бул айырма өтө кылдат бир тең салмактуулукка таянат. Мисалы, күчтүү ядролук күч тартылуу күчүнүн чоңдугунан болжол менен «миллиард жолу миллиард жолу миллиард жолу миллиард жолу миллиардга» чоң. Күчтүү ядролук күч менен электромагниттик күч арасында болсо «миллион жолу миллиондон» чоңураак бир айырма бар.

Эгер бул чоңдуктар бир аз башкачараак болгондо, эмне болмок?

electrons

Under the effect of the forces that affect their intense energy, electrons constantly spin around them selves and in an orbit around the nucleus. The spin electrons perform as a result of the energy they possess is one of the main causes of the equilibrium in the universe.

Протондор ядродо чогуу турмак эмес, электрондор айланага чачырап кетмек жана ааламда бир дагы атом болмок эмес. Бүт аалам радиациядан гана турмак. Жылдыздар, планеталар жана адамдар пайда болмок эмес.

Мисалы, азыр эгер денеңизди түзгөн атомдордун күчтүү ядролук күчү бир азга алсыздаса, денеңиз бир заматта жок болот. Бул үчүн «миңден бирчелик» эле өзгөрүү ашыкчасы менен жетет.

Бирок денеңизди жана башка заттарды түзгөн атомдор төрт негизги күчтүн кылдат тең салмактуулугу натыйжасында дайыма туруктуу турушат. Төрт негизги күчтүн чоңдугундагы бул кылдаттык илимпоздорду өтө таң калтырган. Мындай илимпоздордун бири, белгилүү астрофизик Пол Дейвис (Paul Davies) төмөнкүдөй пикирин айткан:

Эгер бир аз башкачараак сандык маанилер тандалганда, аалам өтө башка бир жер болмок. Жана, чоң ыктымалдык менен, аны көрүү үчүн биз бул жерде боло алмак эмеспиз... Адам космологияны изилдеген сайын, кереметтүүлүк барган сайын жакшыраак көрүнөт. Ааламдын башталышы жөнүндөгү бул ачылыштар ааламдын таң калыштуу бир кылдаттык менен тартипке салынганын көрсөтүүдө.7

«Ааламдын таң калыштуу бир кылдаттык менен тартипке салынышы» «аалам жаратылган» деген мааниге келет.

Бул чындыктын дагы бир кызыктуу тарабын болсо колдонулган терминдерди бир аз караганыбызда көрөбүз. Илимпоздордун ааламдагы физикалык күчтөрдү «төрт негизги күч» деп атаганын айткан элек. Бирок аларга ат коюп коюу «ал күчтөр эмне үчүн бар» жана «эмне үчүн өтө кылдат тең салмакта» деген суроолорго жооп бербейт. Эгер бул түшүндүрмөлөрдөн бир аз алга жүрсөк, ааламды чындыгында жалгыз Кудуреттүү бир Заттын тынымсыз тартипте кармап турганын көрөбүз.

Заманбап физика жеткен бул чындык – негизи Аллах Куранда 1400 жыл мурда кабар берген бир сырдын табылышы гана:

Күмөнсүз, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 41)

Бир аз ойлонгон, акылын колдонуп, жүрөгүн уккан ар бир адам үчүн 99,9999999%ынан көбү боштуктан турган бир атомдун ушунчалык маанилүү касиеттерге ээ болушу – Аллахтын жаратуу кереметтеринин бири. Аллахтын жараткан нерселеринде ишенгендер үчүн далилдер бар экенин Раббибиз мындайча кабар берет:

Чындыгында түн менен күндүздүн кезек менен келишинде жана Аллах асмандарда жана жерде жараткан нерселерде коркуп-тартынган бир коом үчүн албетте аяттар бар. (Йунус Сүрөсү, 6)

Атомдун мындай кемчиликсиз түзүлүшүнүн ичинде дагы көптөгөн касиеттер бар. Булардын эң негизгиси – бул атомдордун биригип, молекулаларды пайда кылышы. Бул темага өтүүдөн мурда молекулалардын пайда болушунда өтө зор ролу бар электрондорду карайлы.

Атомдун Эң Сырткы Чеги: Электрондор

Атомдун ичинде –акыркы убактарда табылган андан да майда бөлүкчөлөрдү эске албаганыбызда- элементардык бөлүкчөлөрдүн эң кичинеси электрондор болуп саналат. Электрондор протон менен нейтрондордун дээрлик эки миңден биринчелик болот. Электрондордун энергиялары өтө жогору. Электрондордун ядронун айланасында белгилүү орбиталары бар. Жогору энергиясы жана аларга таасир тийгизген күчтөрдүн таасири менен ал орбиталарда өз окторунда да, ядронун айланасында да тынымсыз айланып турушат.

Электрондордун энергиясы натыйжасында кемчиликсиз бир тең салмактуулук келип чыгат. Бул тең салмактуулукту мындай бир мисал менен түшүндүрүүгө болот: узун бир чыбыктын учунда чоң бир табакты кармап туруу кадимки шарттарда мүмкүн эмес. Бирок эгер табакты белгилүү бир ылдамдыкта айландырсаңыз, табак чыбыктын учунда турат. Табак ылдамдыгын жоготкондо болсо сөзсүз жерге түшүп сынат. Ошондуктан мындай тең салмактуулук үчүн керектүү болгон жалгыз нерсе – бул талап кылынган деңгээлдеги энергия. Ааламдагы негизги тең салмактуулуктардын түпкү сыры ушунда. Планеталарды күндүн, электрондорду болсо атом ядросунун айланасында кармап турган күчтүн булагы ушул энергия. Электрондор өтө тактык менен жөнгө салынган ушул энергия натыйжасында ядронун айланасында эч тынымсыз айланышат. Жогорку энергиялары себебинен мындай айлануу кыймылы алардын ядронун айланасынан алыстап, чачырап кетишине тоскоол болот.

Электрондордун айлануу ылдамдыгы болсо чындыгында таң калыштуу. Электрондор ядронун айланасында секундасына 1000 километр деген керемет бир ылдамдыкта айланышат.8 Ушунчалык бат кыймылдаганы менен бир-бири менен эч сүзүшүп кетишпейт. Буга электрондордун терс заряддуу болушу жана натыйжада бир-бирин түртүшү себеп болот деп кабыл алынат. Бирок бул жооп бул жердеги улуу кереметти жаап-жашыра албайт. Эмне үчүн электрондор терс заряддуу? Эмне үчүн окшош заряддар бир-бирин түртөт? Бир-бирин түрткөн бул бөлүкчөлөр кантип орбитага түшүшкөн? Бүт бул суроолор бизге дагы бир жолу атомдогу кылдат тең салмактуулук менен долбоорду көрсөтөт. Кээ бир атомдордо болсо ядронун айланасында 100дөн ашык электрон айланат. Жалпысынан 7 орбитага тараган электрондордун эч башаламандык чыгарбай, бир-бири менен сүзүшпөй, укмуш бир тартипте өтө бат айланышы – кемчиликсиз бир долбоордун натыйжасы.

Ядронун айланасында жети түрдүү энергия деңгээли, б.а. жети башка орбита бар. Электрондор энергия деңгээлине жараша ушул орбиталардын бирине киришет. Массасы менен ылдамдыгы дайыма бир-бири менен бирдей болгон электрондордун эмне үчүн энергия деңгээлдеринин ар кандай болоору болсо кызыктуу көрүнүш. Ааламдагы системада бир-биринен айырмалуу орбиталарды бир-биринен көлөмү жана ылдамдыгы айырмалуу болгон заттар пайда кылышат. Буга эң жакшы мисал – бул күн системасындагы планеталар. Ар биринин массасы менен ылдамдыгы бир-биринен айырмалуу болгон бул планеталар мунун натыйжасында башка башка орбиталарда айланышат. Бирок бул эреже электрондорго иштебейт. Бир-биринен эч кандай айырмасы жок, массасы менен ылдамдыгы дайыма бирдей болгон бул бөлүкчөлөрдүн энергия деңгээлинин бир-биринен айырмалуу болушуна негизи эч бир себеп жок. Бул – Аллах жараткан өтө өзгөчө бир долбоор. Себеби молекулалар пайда болушу үчүн бир-биринен айырмалуу мындай орбиталардын болушу шарт. Атомдун ичинде бир-биринен айырмалуу орбиталардын болушу бизди жана бүт ааламды түзгөн молекулаларды пайда кылат. Ошондой эле, түстөрдү да пайда кылат, себеби ар кандай түстөрдүн бар болушунун бир себеби – бул ар кайсы орбитадагы электрондордун бир-биринин орбитасына секириши.

Көзгө көрүнбөгөн атомдун ичинде бир булут жыйындысындай гана көрүнгөн электрондордун касиеттери, молекулаларды пайда кылуу үчүн курулган кемчиликсиз бир система жана көзгө көрүнбөгөн бул ааламдын жандуу, жансыз бүт нерселердин негизин түзүшү өтө маанилүү бир жагдай. Алдыда мындан да терең карала тургандай, бул системанын бир эле этабы же бир эле бөлүгү да кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү долбоорго ээ. Бул кемчиликсиз жана улуу чеберчилик болсо Аллахка тиешелүү. Аллах бир Куран аятында мындай дейт:

Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат. (Фуркан Сүрөсү, 2)

atom, electrons

Electrons revolve only in speciflc orbits. Each orbit has a specivic energy level. That energy level varies according to the distance of the orbit from the nuclcus. The closer an orbit is to the nucleus, the higher the energy. There are also ‘sub-orbits’ below cach electron’s orbits. Electrons jump from the sub orbit they are in to one with higher energy. When there is an empty space in one upper energy level the electron suddenly disappcars and then reappears in an astonishing manner in that upper energy level. However, in doing this the electron reccives significant support from outside; energy. In jumping from one orbit to a higher energy sub-orbit it has to receive an equivalent amount of energy to that between the two energy levels from the outside. The electron cannot leap to this orbit until it achieves the energy level required by the upper energy level. The energy the electron recelves from the outside is the ‘’photon.’’ The color of a body is a combination of the light rays (photons) reaching the eye by being reflected from that object. If a body illuminated with White ilght appears ‘’red,’’ that means it absorbs a great part of the solar light and only reflects the red light. The elctron absorbs the photon, the light particlc that possesses the level of energy between the two sub-orbits. The part that is not absorbed is reflected as colors.

Булактар

1. Phil Roxbee Cox – Max Personage, Atom ve Molekül, Tübitak Popüler Bilim Kitapları, Nurol Matbacılık 1999, sf. 6

2. Phil Roxbee Cox-Max Personage, Atom ve Molekül, Tübitak Yayınları, 1999, Ankara, sf. 6

3. Phil Roxbee Cox – Max Personage, Atom ve Molekül, Tübitak Popüler Bilim Kitapları, Nurol Matbacılık 1999, sf. 6

4. http://216.239.37.100/search?q=cache:92d1mfJmodkC:www.transpersonal-web.com/wolf.shtml+%22Arthur+Eddington%22%2Batom%2Bghost&hl=en&ie=UTF-8

5. Peter Russell, From Science to God, The Mystery of Consciousness and the Meaning of Light, 4. Bölüm, Illusions of Reality; http://www.peterussell.com/SG/ch4. html

6. Peter Russell, From Science to God, The Mystery of Consciousness and the Meaning of Light, 4. Bölüm, Illusions of Reality, http://www.peterussell .com/SG/ch4.html

7. Paul Davies, The Accidental Universe, Cambridge: Cambridge University Press, 1982, Önsöz

8 http://www.madsci.org/archives/nov2000 / 974298400.Ph.r.html

9. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 4