![]() |
«Менин диниме кир! Же өл!» Бул фанатизмдин урааны. Фанатизмде демократия, сөз эркиндиги, сүйүү, урмат, боорукердик, достук, башкалар үчүн жан аябастык кылуу деген сыяктуу түшүнүктөр жок. Кээ бир адамдар фанатизм жана андан келип чыккан радикализм бир чыныгы диндин ичине кирип кетиши мүмкүн деп ойлошот. Бирок, негизи фанатизмдин өзү бир дин. Ар кандай көз-караштын ичинде фанатизм дининин өкүлдөрү бар. Исламда, иудейликте, христиандыкта жана, ошондой эле, марксизмде, фашизмде, атеизмде да фанаттар көп. Баары бир эле жалган динди жакташат: «сенин оюңа чыдай албайм! Же меникин кабыл ал, же болбосо, жок бол!»
Өзгөчө акыркы убактарда бул башка пикирлерге чыдамсыз, туура эмес дин көбүнчө Ислам дини катары айтыла баштады. Бир катар чөйрөлөр фанатизм динин Ислам деп аташты. Фанатизмден болгон коркууларын Исламга багытташты. Натыйжада бир Ибрахимий дин «коркуу» сөзү менен бирге айтыла баштады. Исламофобия бүт дүйнөдө айтыла баштады. Адамдар Исламдан эмес, фанатизм дининен коркуп жатышканын түшүнүшкөн да жок. Жомокчулар ойлоп чыгарган фанаттык диндин Ислам атын жамынып чыкканын байкай алышкан жок. Себеби эч ким аларга Исламдын бул эмес экенин айтып берген жок. Ислам атын жамынып чыккан радикалдар да, ал радикалдардан корккон исламофобиктер да чыныгы Исламдын бул фанат, үрөй учурарлык, башкаларды жек көргөн дин менен эч байланышы жок экенин көрсөтө алган жок. Ислам дининин радикалдары бүт дүйнөгө, бирок, эң көп мусулмандарга зыян тийгизе башташты.
![]() |
One of the main causes of Islamophobia is radicalism. Those who imagine that radicalism is Islam are in fact making the gravest error by opposing Islam and are fighting against the only possible solution to radicalism. |
«Мелүүн (ашыра эмес, умеренный) Ислам» сөзү да ушул себептен чыгарылды. Бир жапайы, анан бир мелүүн Ислам модели бардай болуп, радикалдардын жапайылыгына каршы чыккан мусулмандар «мелүүн мусулман» деп атала башташты. Исламга каршы чыккандар мелүүн Исламдын жактоочуларын колдошту, бирок радикалдарга каршы аларды алсыз көрүштү. Бир зомбулукчу, жапайы дин тынчтыкчыл бир катар адамдар тарабынан жумшартылууга аракет кылынып жатат деп ойлошту (Исламды аруулайбыз). Ал тургай, муну Исламда реформа, мелүүн Ислам жактоочуларын болсо реформисттер дешти. Бирок мунун бир реформа эмес, чыныгы Ислам экенин эч ким көрсөтө алган жок. Исламга каршы чыккандар «реформисттерди» колдогону менен, радикалдардын зомбулуктан келип чыккан жасалма күчү жана алар Ислам дининин өкүлдөрү деген ишеним басымдуулук кылды.
Тынчтыкчыл мусулмандар Ислам динин жумшартууга, реформалоого же мелүүн абалга алып келүүгө аракет кылып жатышкан жок. Тынчтыкчыл мусулмандар катары негизги максатыбыз – бул канча жылдан бери Ислам атын жамынып дүйнөгө жайылган бир калпты илим менен жок кылуу. Канча жылдан бери Ислам атын жамынып келген радикализмди, фанатизмди, фанаттыкты жана Ислам менен эч байланышы жок бул ойдон чыгарылган динди жок кылууга аракет кылуу, Курандан далилдерди келтирип чыныгы Исламды көрсөтүү. Ушул кезге чейин фанаттар тарабынан Исламга жабылган эң чоң жалааны токтотуу.
Бул китепте чындыгында радикализмге каршы сын-пикирлери менен алдыңкы планга чыккан батыштык бир катар Исламга каршы чыккандардын сөздөрүнө жана фанаттардын кооптуу логикаларына жооптор берилет. Исламга киргизүүгө аракет кылынган жасалма фанаттык диндин ар кайсы булактарындагы сөздөрдүн жараксыздыгы Курандан келтирилген мисалдар менен түшүндүрүлмөкчү. Исламга айтылган бүт сын-пикирлер окшош багытта болгондуктан жана радикализм дини «Ислам» деп кабыл алынганы үчүн атайын ушул жол тандалды. Ошондуктан Исламга айтылган негизсиз айыптоолорду негиз алуу менен, чыныгы Ислам дини жөнүндө туура эмес билингендерди КУРАНДАН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН түшүндүрүп, бул жаңылыштыкты жоюу максат кылынды.
Фанаттардын катасы, алар динди ойдон чыгарылган көз-караштардан үйрөнүшөт. Бирок фанаттардын жасалма динин сындагандар да кээде ошолордой радикал болуп, фанаттардын ойдон чыгарылган нерселерин туура деп ойлошууда. Биз Курандан далил көрсөткөн сайын, алар фанаттардын ойдон чыгарылган булактарынан далил көрсөтүүгө аракет кылышат. Мына ушул жерде эң чоң жаңылыштык кетиришет. Эгер чыныгы Исламды таанып, фанатизм маселесинин чечүү жолун тапкылары келсе, бул жерде айтып берилген чыныгы динге кулак салуулары зарыл. Эгер мындай кылышпаса, радикализм чоң бир балээ катары дүйнөгө жайыла берет.
![]() |
The problem with fanatics is that they learn their religion from nonsense. When nonsense represents its source, it is easy for terror in the name of religion to spread. The only solution is the original faith in the Qur'an. |