Фанаттык түшүнүктүн сүйүүсүздүгүн жана катуулугун көрсөткөн эң маанилүү мисалдардын бири – бул аялдарга болгон көз-карашы. Өздөрүнчө аялды бир төмөн жандыктай көргөн фанаттар сансыз ойдон чыгарган өкүмдөрү аркылуу аялдарды коомдун сыртына түрткөн, ал тургай, көчөдө эч көргүсү келбеген бир түшүнүккө ээ. Алдыда бул жөнүндөгү жалган хадистерден мисалдар келтирип, фанаттардын аялга болгон көз-карашын жана бул туура эмес көз-караштын Куранга жана Пайгамбарыбыздын (сав) сөздөрүнө толугу менен карама-каршы келээрин көрсөтөбүз. Бул жалган хадистер көп мусулман өлкөлөрдө аялдардын эмнеге дагы эле эзүүгө аракет кылынып жатканын жакшыраак түшүнүүгө негиз түзөт.
Фанаттардын аялдар жөнүндөгү көз-карашынын түбүндө аялдардын ыйманы менен акылы кем деген бир түшүнүк бар. Ошондуктан аялдарды жарым адам көрүп, башкаруу керек деп ойлошот. Мындай түшүнүктөгүлөр аялдардын бар болушун да бир коркунуч жана кыжырдануу себеби катары көрүшөт. Ошондуктан мүмкүн болушунча аны чүмкөп, элден бөлүп, бүт укуктарын колунан алып, аны биротоло элден бөлүүнү каалашат. Аялды өз ойлорунда төмөнкү класска айландырып, аялдын чечим чыгарышына жана коомдук маселелерде активдүү болушуна жолтоо болуп, өздөрү башкарган бир коомду пайда кылууну көздөшкөн. Себеби аялдардын көбүнчө детальдуу ойлоно алган, акылман, маанилүү майда-бараттарды байкап жакшы жыйынтыктар чыгара алган заттар экенин билишет. Аялдарды жасалма ыкмалар менен четке түртүү фанаттык түшүнүктөгүлөрдүн өз калптарын оңой жайылтышына да мүмкүнчүлүк түзгөн.
Бирок, Аллах такыбада (Аллахтан коркууда) аял менен эркектин эч айырмасы жок экенин кабар берип, чын ниеттүү жакшы иштерди кылуу, жакшы адеп-ахлактын жайылышы үчүн аракет кылуу, Аллах жолунда илим, пикир аркылуу күрөш жүргүзүүдө аял менен эркекке бирдей жоопкерчилик жүктөгөн. Аял менен эркек Куранда жоопкерчилик жагынан бирдей; бирок кадыр-барк, сый-урмат жагынан аял Куранда эркектен жогору коюлган. Бир катар фанаттар менен Исламга каршы чыккандар тарабынан ушул күнгө чейин аялдарга каршы бир далилдей колдонулуп келген бир катар аяттар – негизи аялдын жогорулугун, Улуу Раббибиздин аялга берген кадыр-баркын көрсөткөн аяттар. Бул аяттарды алдыда терең карайбыз.
Куранда Раббибиздин аял жөнүндөгү салыштыруусу анын кадыр-баркын да көрсөтөт: Куранда аял назик бир өсүмдүккө, гүлгө салыштырылган. Аз. Мариям жөнүндөгү бул салыштыруу аялга берилген кадыр-баркты ачык көрсөтөт:
Анан Рабби аны абдан жакшы кабыл кылды жана аны кооз бир өсүмдүк сымал чоңойтту... (Али Имран Сүрөсү, 37)
Кооз бир өсүмдүк өтө назик кароону талап кылат. Кооз бир өсүмдүк назик жана өтө баалуу, көңүл коюну каалайт. Аты айтып тургандай кооз, сулуу. Гүлдүн кооздугу, назиктиги, көңүл коюуну талап кылышы, баалуулугу, маанилүүлүгү аялдын Исламдагы ордун эң сонун чагылдырат. Аллах жер жүзүндөгү бүт гүлдөрдү жана өсүмдүктөрдү бир сулуулук, көңүл кубандыра турган бир жакшылык, тазалыктын жана сулуулуктун символу, укмуш бир жаратуу керемети катары жараткан. Сулуулукту чагылдырган бул сөздүн аялга колдонулушу, Аллахтын тазалыктын, сулуулуктун символу болгон бир чыгармасын аялга салыштырышы аялдын канчалык баркталганын даана көрсөтөт.
Куранда аялдар жөнүндө сөз болгон аяттарда аял заты өтө баркталып, аялдар бүт оор шарттарда өзгөчө коргоого алынган. Бирок ошол эле учурда жоопкерчилик жагынан эркек менен тең тутулган. Ошондуктан аялды коргоого муктаж болгону үчүн эмес, өзгөчө барктуу болгону үчүн коргоо керек.
Куран боюнча, аял каалагандай иштей алат, бирок иштегенге мажбур эмес. Куран боюнча, аял, Саба ханышасы мисалында көрсөтүлгөндөй, мамлекеттерди башкарат. Куран боюнча, аял, Аз. Мариям (ас) мисалында айтылгандай, кыйынчылык учурларында сабырдуураак жана чечкиндүүрөөк болуп, бүт ааламдагы аялдарга өрнөк болот. Куранда аял султан, аны дайыма жогору тутуу керек. Ошондуктан аялга болгон көз-карашта дүйнөгө эң сонун жол башчы Куран болот.
Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар эркектер менен бирге жашоонун бүт тармактарында болушкан. Пайгамбарыбыздын (сав) куттуу жубайы Аз. Хатижанын ал аймактын эң белгилүү ишкер аялдарынын бири болгону – аялдын коомдук жашоодо канчалык активдүү боло алаарын көрсөткөн өтө маанилүү бир маалымат. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Ислам менен жаңы таанышкандарга таалим берүүдө, коомдук тартипти камсыз кылууда жана, ал тургай, согуштарда да аял жана эркек сахабалар бирдей жоопкерчилик алышкан.
Пайгамбарыбыздын (сав) жубайларын жакшы көрүшү, аларга болгон сылык, жумшак мамилеси болсо бүт дүйнөгө эң сонун өрнөк болот. Аялдары менен чуркап жарышкан, аялы төөгө миниши үчүн ийилип көмөк көрсөткөн, дайыма аялдардын артыкчылыктарын мактаган, той-тамашаларды көрүп жатканда башын жубайынын далысына сүйөгөн эң сонун инсан Пайгамбарыбыздын (сав) фанаттардын үрөй учурарлык иш-аракеттерине эч качан жол бербеши анык. Эч күмөнсүз, фанаттар Пайгамбарыбыздын (сав) атынан мындай хадистерди ойлоп чыгаруу аркылуу сахабаларды да дооматка калтырып, Пайгамбарыбызга (сав) да, сахабаларга да жалаа жабууда жана өтө чоң жоопкерчилик астында калышууда.
Фанаттардын дининдеги аялдын Куранда айтылган аялдан эмне үчүн мынчалык айырмалуу экенин кээ бир жалган хадистерди караганыбызда дароо байкайсыз. Бул жалган хадистердин баарына Курандан эң ачык, эң так жооптор берилди.
John William Godward's oil painting “Rich Gifts Wax Poor When Lovers Prove Unkind,” 1916 |
Көп каргыш айтып, күйөөлөрүңөргө карата шүгүрсүздүк (жакшылыкты билбестик) кыласыңар. Акылы ордундагы бир эркектин акылын силердей адаштыра алган акылы жана дини кем башка бир жандык көргөн жокмун. (Müslim, İman, 34/132; İbni Mace, Fiten 19/4003)
Аллах: «...Мен аны кемчиликсиз жана акылдуу кылып жараткан элем. Эми акылы төмөн кылып койом; ал жийиркенип жана каалабай боюнда көтөрө турган баласын кыйынчылык менен дүйнөгө алып келет» деди. (et-Taberi Tefsir I 235 v.d.; Vffl143-44; Tarih 1/1 146-148; es-Salebi Arais&.21; İbnu’1-Esir el-KâmilI 34; tbn Kuteybe Te’vîlü Muhteüfi’l-Hadiss. 139)
Курандын эч бир аятында аялдар акылы жагынан эркектерден төмөн деп айтылган эмес. Тескерисинче, көп аяттарда «ыймандуу аялдар жана ыймандуу эркектер» деп кайрылуу аркылуу Аллах Кабатында экөөнүн жоопкерчилигинин бирдей экени, б.а. акылы менен абийиринин окшош экени айтылган. Ал тургай, Саба ханышасы мисалындагы сыяктуу, аял тескерисинче маанилүү жагдайлар жөнүндө чечим чыгарган бир мамлекет башчысы да болушу мүмкүн. Мындан тышкары, бир адамды анын дене түзүлүшү эмес, Аллахтан болгон коркуусу, Аллахка болгон сүйүүсү, ыйманынын тереңдиги жана абийири акылман кылат. Аллах, аял же эркек болсун, ар бир адамдын абийирине (жүрөгүнө) туураны сөзсүз илхам кылат. Ошондуктан адамдын акылман жана динчил болушу анын аял же эркек болушунан эмес, абийирине вахий кылынганды угушунан жана «Эй ыймандуулар, Аллахтан коркуп-тартынсаңар, силерге туураны туура эместен айырмалоочу бир нур жана түшүнүк (фуркан) берет...» (Энфал Сүрөсү, 29) аятында айтылгандай, Аллахтан коркушунан көз-каранды. Акылмандык үчүн Курандагы жалгыз критерий ушул. Ошондуктан бир адам эркек болгону үчүн эле өйдө болуп, же болбосо, аял болгону үчүн эле ыйманы же акылы жагынан кем болуп калбайт. Бирок, биз көп жолу эске салгандай, фанаттардын дини Курандан толугу менен башка, жана жалган жалааларга толо.
Мындай жалган хадистер аркылуу Аллахка карата жалган жалааларды айтышы фанаттардын канчалык чектен чыкканын да көрсөтөт. Курандын эч бир жеринде «Эми акылы төмөн кылып койом; ал жийиркенип жана каалабай боюнда көтөрө турган баласын кыйынчылык менен дүйнөгө алып келет» деп, албетте, айтылган эмес. Андай болсо, Аллахтын «сөзү» деп айтылган бул сүйлөм каерде орун алган? Аллахтан келген деген бул «вахий» Куранда жок болсо, анда каерде? Фанаттык диндин эң чоң фитналарынын бири Аллахтын атынан калп айтышы болгону үчүн гана ушундай үрөй учурарлык жалааларды жабышууда.
Аялдын кош бойлуулугу Куранда ыйык деп саналган жана ошондуктан Куранда эне да ыйык деп саналат. Улуу Раббибиздин бул жөнүндөгү аяты төмөнкүдөй:
Sassoferrato's oil painting “The Virgin in Prayer.” |
Mary (pbuh) fell pregnant in a miraculous manner by the will of God. Throughout her pregnancy she bore all her difficulties with fortitude, and she was made superior to all the women of all the worlds because of that fortitude and her devotion to God. |
Биз адамга эне жана атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) насаат кылдык. Энеси аны абдан кыйынчылык менен (курсагында) көтөрүп жүргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде (болот). «Мага да, эне жана атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.» (Локман Сүрөсү, 14)
Биз адамга ата-энеңе жакшы мамиле кыл деп насаат кылдык. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрдү жана аны кыйынчылык менен төрөдү. Анын (кош бойлуу кезде) көтөрүп жүрүлүшү менен сүттөн чыгышы отуз ай. Анан күчтүү (жетилген) убакка жетип кырк жыл (жаш)ка жеткенде: «Раббим, мага, эне жана атама берген немат-жакшылыктарга шүгүр кылышымды жана Сен ыраазы боло турган чын ыкластуу бир ишти кылышымды мага илхам кыл; мен үчүн салих (ыкластуу) урпактар бер. Чындап мен тообо кылып Сага бурулдум жана чындап мен Мусулмандарданмын» деди. (Ахкаф Сүрөсү, 15)
Аз. Мариям (ас) Аллахтын каалоосу менен кош бойлуу болуп, кош бойлуулугу бою бүт кыйынчылыктарга сабыр кылган, жана ал сабыры жана Аллахка болгон туруктуулугу себептүү бүт ааламдардын аялдарынан жогору тутулган:
Периштелер: «Мариям, күмөнсүз, Аллах сени тандады, сени тазалады жана ааламдардын аялдарынан жогору кылды.» деген эле. (Али Имран Сүрөсү, 42)
Мариям уулу Масих болгону бир элчи (пайгамбар). Андан мурда да элчилер жашап өтүшкөн. Анын энеси туптуура (аял)... (Маида Сүрөсү, 75)
Фанаттар аялдар жөнүндөгү «акылы төмөн», «жийиркенип жана каалабай боюнда көтөрө турган» деген сыяктуу негизсиз жалаалары аркылуу өздөрүнүн үрөй учурарлык түшүнүгүн көрсөтүү менен бирге, Аз. Мариямга (ас), сахабаларга жана жогору сыпаттары менен макталган бүт башка ыймандуу аялдарга да акарат кылышууда.
William-Adolphe Bouguereau's oil painting “Mother and Children,” 1879 |
The idea that women are “deficient in mind and faith” is a slander from the religion of the fanatics. God addresses men and women equally in terms of responsibility. This is one of the reasons why many verses are addressed to men and women believers at the same time. |
Кош бойлуулуктун кыйынчылык менен өтүшү жана баланын кыйынчылыктар ичинде төрөлүшү бул дүйнө жашоосунун кыйынчылыктарынын бири, жана сабырдуулукту, күчтү жана эркти талап кылат. Мындай чоң кыйынчылыкка сабыр кылган бир эненин Аллах Кабатында өтө барктуу болоорун көрсөтүүдө. Ошондуктан Аллахка тобокел кылып (таянып), Аллахка болгон сүйүүсүнөн улам бүт кыйынчылыктарга сабыр кылган эне кадыр-барктуу болот. Энени кадырлап-сыйлоо Курандагы адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири.
Көрүнүп тургандай, Куранда аялдын эркекке караганда артыкчылыктары да бар, ошондуктан «акылы жана ыйманы кем» деген салыштыруу фанаттардын дининдеги бир жалган жалаа. Аллах эркек менен аялга бирдей жоопкерчилик жүктөгөн. Көп аяттарда «ыймандуу эркек жана ыймандуу аялдарга» чогуу кайрылуу жасалышынын бир себеби ушунда. Ал аяттардын бири төмөнкүдөй:
Эч күмөнсүз, мусулман эркектер жана мусулман аялдар, ыймандуу эркектер жана ыймандуу аялдар, чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген эркектер жана чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабыр кылган эркектер жана сабыр кылган аялдар, урмат менен (Аллахтан) корккон эркектер жана урмат менен (Аллахтан) корккон аялдар, садака берген эркектер жана садака берген аялдар, орозо кармаган эркектер жана орозо кармаган аялдар, намыстарын коргогон эркектер жана (намыстарын) коргогон аялдар, Аллахты көп зикир кылган (эстеген) эркектер жана (Аллахты көп) зикир кылган аялдар; (мына) ушулар үчүн Аллах бир кечирим жана улуу бир сыйлык даярдаган. (Ахзаб Сүрөсү, 35)
Аяттан да көрүнүп тургандай, Аллахтан коркуу, Аллахты зикир кылуу (эстөө), Аллахка туруктуу болуу, сабырдуу болуу, садака берүү сыяктуу мусулмандардын негизги сыпаттарынын эч бирөөсүндө аял-эркек деп бөлүү жасалган эмес. Куранда аялдарда ыймандууларга тиешелүү сыпаттардын кандайдыр бирөөсү азыраак болот деген сыяктуу бир кыйытуу да жок. Бир адам, аял болсун, эркек болсун, болгон күчү менен Аллахтан коркууга, Аллахты өтө катуу сүйүүгө жана Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнө жетүүгө милдеттүү.
Frederic Leighton's oil painting “Light of the Harem,” 1880 |
According to the Qur'an, people should be advised of their errors in a kindly and gentle language, and these should be corrected by addressing the person's conscience, showing them right and wrong. |
«Аял бир кабырга сөөгү сыяктуу. Аял бир кабырга сөөгүнөн, бир ийри кабырга сөөгүнөн жаратылган, аны түздөйүн десең сындырып койосуң, сынышы ажырашуусу дегенди билдирет.» (Müslim, Reda 64; Nesai, Nikah 15; Ahmed b. Hanbel, II, 168)
Куранда адамдын жаратылуусу терең баяндалган жана төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Ант болсун, Биз адамды сүзүп (тандалып) алынган бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы абалында бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)
Эч бир Куран аятында аял кабырга сөөгүнөн жаратылган жана ийри деп айтылбайт. Фанаттардын бул сөзүнүн тескерисинче, Улуу Раббибиз аял менен эркекти «эң сулуу келбетте» жаратканын кабар берет:
Аллах жер бетин силер үчүн бир тегиздик, асмандарды бир там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң сулуу (бир көрүнүш жана чеберчиликте) кылды жана силерге жакшы-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Раббиси Аллах – кандай Улук. (Момун Сүрөсү, 64)
Жогорудагы жалган хадисте «аны түздөйүн десең сындырып койосуң» деп аялдын көрүнүшү жана түшүнүгү жагынан ийриликтери бар жана эч качан түзөлбөйт деген нерсе айтылууда. Мындай нерсе Куранда жок. Негизи бул бир фанаттын аялды канчалык жаман көрөөрүн даана чагылдырат.
Курандан алган тарбиябыз болсо мындай: аял болсун, эркек болсун, албетте, ар бир адамдын каталары, кемчиликтери, туура эмес кылган иштери болушу мүмкүн. Куран боюнча, бул катачылыктар сылык, жакшы тил менен насаат кылынып, туура эмеси жана туурасы көрсөтүлүп, адамдын абийирине жеткирүү аркылуу оңдолот. Эч кимдин башка бир адамды «бул эч качан оңолбойт» деп четке түрткөнгө акысы жок. Мындай кылып, өзүн кемчиликсиз, жогору көргөн бир адам акыретте «бул оңолбойт» деген адамдын бир топ жакшы абалда экенин көрүшү мүмкүн. Кимдин туура жолдо экенин бир гана Аллах билет.
Фанаттардын аял эң башынан кемчиликтүү деген туура эмес ишеними кийин да оңолошу мүмкүн эмес деген жаңылыштык аркылуу бекемделген. Ошондуктан көп жалган хадистерде аялдардын арасында жакшылардын саны өтө аз, көп аялдар бейишке ылайык эмес деген сыяктуу туура эмес маалыматтар бар.
Аялдардын арасында жакшы аял жүз даана карганын арасындагы ала карга сыяктуу. (Sahih-i Buhari)
Токсон тогуз аялдын бири бейиште, калгандары болсо тозокто. (Sahih-i Buhari)
Эй аялдар! Садака бергиле жана көп тообо кылгыла. Себеби мен тозок элинин көпчүлүгүнүн силер экенин көрдүм. (Müslim, İman, 34/132 İbn Mace, Fiten 19/4003)
Фанаттардан турган коомдо аялдын эмне үчүн экинчи катардагы адам катары кабыл алынып, басмырланаарын бул жалган хадистер апачык көрсөтүүдө. Мындай жалган хадистер ойлоп чыгарылган соң бир катар мусулман элдер аялдарды басмырлаган, төмөн көргөн, аларды үйгө камап койгон фанат элдерге айланышты. Аялдардын экинчи катардагы адамдай көрүлүшү элдерди укмуш маданиятсыздыкка, бүдөмүктүккө, түнттүккө жана боштукка түрттү. Мындай фанаттык түшүнүктөгүлөр эч качан өнүгүп, алга жыла алган жок. Учурда Ортоңку чыгыштагы көп өлкөлөр ушундай караңгы түшүнүктөн келип чыккан түнттүк менен сапатсыздыктын так ортосунда турушат. Ал эми Курандагы дин болсо абдан сонун, ачык, түшүнүктүү, сапаттуу жана тынчтыкчыл.
Фанаттар бейиштин эң сонун кооздугу болгон аялдарды Аллах дүйнөдө да, акыретте да өтө баалап, кадыр-барктуу кылганына эч акылдары жеткен эмес. Эң негизгиси, муну эч Курандан сурашкан эмес.
Көрүнүп тургандай, бул жалган хадистерде айтылгандардын эч бири Куранда жок. Туура эмес жолго түшүп, жамандыктарды, күнөөлөрдү жасаган адамдарды Аллах Куранда терең сүрөттөгөн, жана алардын эч биринде андай адамдар негизинен аялдардан турат деп айтылган эмес.
Мисалы, Аллах Куранда адамдардын көпчүлүгүнүн ыйман кылбай турганын, ыйман кылдым деп айткандардын көпчүлүгүнүн болсо ширк (шерик) кошоорун кабар берген:
Алиф, Лам, Мим, Ра. Булар – Китептин аяттары. Жана сага Раббиңден түшүрүлгөн чындык. Бирок адамдардын көбү ыйман кылышпайт. (Рад Сүрөсү, 1)
Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф Сүрөсү, 106)
Башка бир аятта болсо Аллах адамдарга сабак ала турган өтө көп мүмкүнчүлүк жаратса да, адамдардын көпчүлүгүнүн сабак албай, жаман мүнөзүн уланта берээри кабар берилет:
Ант болсун муну алардын арасында сабак алып-ойлонушсун деп ар кандай түрдө түшүндүрдүк. Бирок адамдардын көбү шүгүрсүздүк кылышып (шүгүр кылышпай), көшөрүштү. (Фуркан Сүрөсү, 50)
Көрүнүп тургандай, бул аяттарда да, Курандын башка аяттарында да жаман иштерди кылган адамдардын, фанаттар айткандай, негизинен аялдардан тураарын көрсөткөн бир дагы сүйлөм жок. Эч бир аятта жаман иштерди жасагандар жынысына карап бөлүнгөн эмес. Эч бир аятта аялдардын көбүрөөк жаман иштерди кылаары жана бейишке азыраак аял кирээри жөнүндө да маалымат жок. Жалган хадистердеги мындай маалыматтар атайын аялдарга болгон душмандыкты жайылтуу үчүн ойлоп чыгарылган калптар. Куран бул жалган хадистерди ачык, айкын аяттар менен жокко чыгарат.
Аялдар болбогондо Аллахка өтө жакшы ибадат кылынмак. (Suyuti, Buhari, İbn-i Adıyy, Ebu Hatim, İbn-i Cevzi, Muhammed Nasuriddin, İbn-i Hıbban hadisi mevzu kabul ederler.) (Silsiletul Ehadisuzzaif: 74, Tenzihuşşeria: 1/62, El-leali : 2/59)
Аялдар болбогондо, эркектер бейишке кирмек. (İbn-i Arrak, Es- sakafi hadisi kabul etmezler. (Camiussağir: 2/113))
Эң биринчиден төмөнкү жагдайды кайрадан эске салалы: бул жалган хадистерде айтылган түшүнүк Куранда такыр жок.
Жогорудагы жалган хадистерде айтылгандарга келсек: ыйманы алсыз же динсиз адамдарды дин менен жашоодон алыстаткан нерсе – аялдар же дүйнөнүн башка бир кооздугу эмес, өзүнүн абийиринин, акылынын жана эркинин алсыздыгы. Аллах бул дүйнөнү сыноо кылып жараткан. Адам өмүр бою кыйынчылыктар, оору жана алсыздыктар менен сыналган сыяктуу, сый-жакшылыктар, кооздуктар менен да сыналат.
Аял дагы бул дүйнөнүн сый-жакшылык, кооздуктарынын бири. Бирок бүт сый-жакшылыктар сыяктуу, сый-жакшылыктын кантип бааланышы ага жеткен адамдын мүнөзүнөн көз-каранды болот. Аллах Куранда дүйнөдөгү сый-жакшылыктардын адамдарды сыноо үчүн жаратылганын төмөнкүчө кабар берген:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу» көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)
Аялдар сыяктуу, бала-чака, алтын, күмүш, кооз жаныбарлар, бактар, б.а. байлык дагы дүйнөнүн сый-жакшылыктарынан жана адамдарга жагымдуу кылынган. Бирок ыймандуу бир адам бул сый-жакшылыктардын чыныгы ээсинин Аллах экенин, дүйнөдөгү бүт мындай сый-жакшылыктардын убактылуу экенин жана бүт сый-жакшылыктардын эң коозунун жана эң көбүнүн бейиште болоорун билет. Ошондуктан бул сый-жакшылыктардын эч бири аны Аллахтан жана Аллах жолунда аракет кылуудан тоспойт. Эгер бир адам бул сый-жакшылыктардын кандайдыр бирөөсүнө алагды болуп, Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнө жетүүгө аракет кылбай жатса, бул ал адамдын ыйманынын алсыздыгынан болот. Буга сый-жакшылыктар эмес, адамдын өзү жоопкерчиликтүү болот. Ошондуктан, мындай мамилесин оңдобосо, анын жазасын да өзү алат. Бул үчүн башка бирөөнү айыптоо акыретте адамга эч пайда бербейт.
Ошондуктан бул жалган хадистерге таянып, каталарын, күнөөлөрүн, кылган жаман иштерин аялдардын мойнуна жүктөгөн бир эркек өзүн-өзү гана алдаган болот. Куран боюнча, кандай гана шарт, кандай гана жагдай болбосун, ыйман кылган адам Аллахка кулчулук милдетин толук орундатышы керек. Эч бир адам акыретте Аллахка «мен аялдардан улам жакшы ибадат кыла албадым» деп шылтоо айта албайт. Аятта бул чындык белгиленген: «...адам өз напсисин (өзүн өзү) жакшы билет, (ар кандай) шылтоолорун айтса да.» (Кыямат Сүрөсү, 14-15). Б.а. адам канчалаган шылтоолорду ойлоп таппасын, эмненин туура экенин абдан жакшы билет. Бул жалган хадистерге таянып, өздөрүнүн камырабастыгы үчүн аялдарды айыптаган адамдар өздөрүнүн эки жүздүүлүгүн, жөн эле шылтоолорду ойлоп тапканын, албетте, билишет. Бул дүйнөдө муну билмексен болушу эч нерсени өзгөртпөйт. Аллахтын алдында турганда, «...ар бир жанга, адилеттүүлүк менен, тапкандары толук төлөнгөндө кандай болот?...» (Али Имран Сүрөсү, 25)
John William Godward'nun "The Peacock Fan" adlı yağlı boya tablosu, 1912 |
Башына бир аялды өткөргөн бир эл эч качан оңолбойт. (İbni Hanbel Müsned 5/43,50; Tirmizi Fiten:75 Nesai Kudat:8; Buhari Fiten:18)
Аялдарды угуу бушайман кылат. (Tezkiratul Mevzuat: 128, Kitabul Mevzuat: 2, 272)
Аялдар менен кеңешип, алардын оюн уккула жана алардын айтканынын тескерисин жасагыла. (El- Makasıdul Hasene: 248, Tezkiretul mevzuat:128, Tenzihuş Şeria: 2-204, Silsiletul Ehadis: 432)
Аялдар менен кеңешпегиле, аларга каршы чыккыла. Аялдарга каршы чыккыла, себеби аялдарга каршы чыгуу береке алып келет. (Kadınlara Dîni Bilgiler 44,45 Suyuti, Leali II, 147; İbn Arrak, Tenzihü’ş Şeria II, 210)
Ким аялынын айтканын кылса, Аллах аны тозокко таштайт. (İbn Arrak II, 215)
Көрүнүп тургандай, фанаттардын аялдарды өздөрүнчө төмөн көрүшүнүн маанилүү натыйжаларынын бири, алар аялдардын коомдо таасирдүү болушун такыр каалашпайт. Ошондуктан аялдардын башкаруучу болушуна каршы чыгышат. Ал тургай, аялдар менен кеңешүүнү да кабыл алышпайт. Аялдардын ойлогондорунун, кылгандарынын баары туура эмес деген кызыктай түшүнүктөрү бар. Бул аялдарды элден такыр бөлүп салуу үчүн иштеп чыгылган кара мүртөз пландын бир бөлүгү. Жогорудагы ойлоп чыгарылган хадистер алардын ушул максатына кызмат кылып, көптөгөн өлкөлөрдө ушундай туура эмес түшүнүктөр орногон фанат жана аялдарга душман элдер келип чыккан. Бирок, мындай түшүнүктөр Куранга да, Пайгамбарыбыздын (сав) иш-аракеттерине да такыр туура келбейт жана Ислам динине толук карама-каршы.
Мисалы, алар «Башына бир аялды өткөргөн бир эл эч качан оңолбойт» деген калпты жайууга аракет кылса, Аллах Куранда мамлекет башчысы болгон бир аялды мисал келтирет: Саба ханышасы...
«Аялдар менен кеңешпегиле» деген жалгандардын тескерисинче, Саба ханышасы бүт чечимдерди чыгарган жалгыз лидер болгон. Аяттарда Саба ханышасынын лидерлик сыпаты төмөнкүчө белгиленет:
Ошентип көп өтпөстөн келип, мындай деди: «Сен биле албаган нерсени мен билдим жана сага Сабадан чындык бир кабар алып келдим.» «Чындап мен аларга өкүмдарлык кылган бир аял көрдүм, ага бүт нерседен (мол мол) берилиптир жана чоң бир тактысы бар экен.» (Немл Сүрөсү, 22-23)
Элине өкүмдарлык кылган аял башчы Саба ханышасы Аз. Сулайманга (ас) ушинтип сүрөттөлгөн. Аз. Сулаймандан (ас) Саба ханышасына Исламга чакыруу каты жөнөтүлгөн соң Саба ханышасы өз коомунун алдыңкылары менен кеңешкен жана алдыңкылар ага мындай деп жооп беришкен:
«Биз күчтүүбүз жана согушка шыктуубуз. Иш жөнүндө чечимди өзүң чыгарасың, сен карап көр, эмне буйрук берсең (биз жасайбыз). (Немл Сүрөсү, 33)
Көрүнүп тургандай, Куранда аял мамлекеттердин башына өтүп, өкүмдар болууда жана иш жөнүндө чечим чыгарып, буйругун аткартууда. Фанаттардын дининдеги аял менен Курандагы аялдын сыпаттары бири-бирине толук карама-каршы келет.
John William Godward's oil painting “The Bouquet,” 1899 |
And to recite the Qur’an.’ Whoever is guided is only guided to his own good; if someone is misguided just say, ‘I am only a warner.’ (Quran 27:92) |
Woman in the Qur'an can be a head of state, a ruler, and can make decisions and issue commands regarding business. Woman in the religion of the fanatics is the exact opposite of the nature of woman in the Qur'an. |
Фанаттардын бул жалган хадистер аркылуу аялдарга айткан акараттарынын чындыгында Аз. Мариямга, Куранда айтылган ыймандуу аялдарга, Пайгамбарыбыздын (сав) куттуу жубайларына, сахаба аялдарга да тийип жатканын түшүнүшпөйт. Аялды мынчалык төмөн көргөн, ушунчалык кызыктай бир түшүнүктүн бүт аялдарды басмырлоого багытталганын унутпаш керек.
Бул фанаттардын Курандан канчалык башкача өмүр сүрөөрүн Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы аялдардын абалын караганда да апачык көрөбүз:
John William Godward's oil painting “Autumn,” 1900 |
Women in the time of the Prophet (pbuh) provided for their households and had a voice in the family life; our Prophet (pbuh) praised these activities. |
Мисалы, Пайгамбарыбыздын (сав) жубайы Аз. Хатижа Меккенин эң бай соодагерлеринин бири болгон. Дамаскка (Шамга) соода кербендерин жөнөтчү жана бул иште кызматкерлерди иштетчү. Медина доорунда да аялдар тери иштетүү, жип ийрүү, токуу, тигүүчүлүк, дары жасоо, атырларды сатуу сыяктуу иштер менен алектенип, жашоонун бүт тармактарында активдүү болушкан. Согуштарга чыкканда аял сахабалар эркектер менен бирге согуштарга катышып, керек болгондо алдыңкы саптарда да болушкан.
Райта бинт Абдиллах Аз. Пайгамбарга (сав): «Эй РасулАллах, мен кол өнөрчү бир аялмын, күйөөмдүн (Абдуллах б. Масуд) жана баламдын эч нерсеси жок; кол өнөрчүлүк менен жасаган буюмдарымды сатам» дейт жана үй-бүлөмө короткон акчаларымдын сообу барбы деп сурайт. Аз. Пайгамбар ага: «Аларга короткон акчаларыңдан сага, албетте, сооп бар» деп жооп берет.1
Көрүнүп тургандай, Пайгамбарыбыз (сав) доорунун аялдары үй-бүлөсүн баккан, үй-бүлө жашоосунда сөзү өтүмдүү аялдар болгон; Пайгамбарыбыз (сав) да алардын мындай аракетин мактаган.
Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Эшлем уруусунан Куайбе бинт Саъддын оорулууларды жана жаракат алгандарды дарылаганы жазылып калган. Б.а. аялдар Пайгамбарыбыз (сав) доорунда докторлук кылышкан. Эфиопияга көчкөн акыл-эстүү, тажрыйбалуу бир аял Эсма бинт Умейстин да жакшы бир доктор болгону белгилүү. Үммү Селеме Эсма бинт Умейстин Аз. Пайгамбарга (сав) «Индия менен Йеменден алып келинген өсүмдүктөр жана зайтун майы менен бир дары» жасаганын айтат. Бул риваятта Эсманын ал дарыны жасаганды Эфиопиядан үйрөнгөнү да айтылат.2
Аз. Пайгамбар (сав) доорунда Мединада атырлар менен соода кылган аялдардын кээ бирлеринин аттары айтылып калган. Алардын бири Мүлейке Үммүъс-Саиб эль-Сакафиййе атыр сатуу үчүн Аз. Пайгамбарга кирет. Б.а. Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы аялдар соодагерлик да кылышкан.
Бүт башка мусулмандар менен бирге согушка катышкан аял сахабалардын абалын эң сонун баяндаган риваяттардын бири төмөнкүчө:
«Ыймандуулардын алаксып калганынан пайдаланган мушриктер катуу кирип келгендиктен, согуш майданына Пайгамбардын айланасындагы аны коргоого жооптуу болгон 10-12 кишилик топ да согушка кирүүгө мажбур болду. Бир заматта жападан жалгыз калган Пайгамбарыбыздын (сав) жанында бир гана Аз. Несибе бар эле. 40-50 секундалык бир жалгыздык эле бул. Мушриктердин бири мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кол салды эле, аны Несибе кылычы менен өлтүрдү. Андан соң экинчи бир мушрик кол салды Пайгамбарга. Эки кабат соот кийген бир мушрик эле. Канча урса да өлтүрө албады. Өзү далысынан белине чейин оор бир кылыч соккусун алды. Ал ортодо башка ыймандуулар үлгүрүп келип каапырды жок кылышты. Бул бир канча секунда ушунчалык маанилүү эле!.. Ухудда Несибе толук он бир жараат алды. Ошого карабастан, согуштун аягына чейин таштаган жок.
Көрүнүп тургандай, жалган хадистердин тескерисинче, Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар согуш майданындай өтө оор жерлерде да болушкан. Согушта Пайгамбарыбызды (сав) коргоо сыяктуу өтө маанилүү жерде аял сахабалар кызмат кылышкан. Пайгамбарыбыздын (сав) өтө кооптуу учурда аялдардын аны коргошун туура көрүшү ал аял сахабалардын акылына, абийирине канчалык ишенгенинин маанилүү бир белгиси.
Куранда «Эй ыймандуулар, «Раина-бизди багытта, бизди кара» дебегиле. «Унзурна-Бизди байкап тур» дегиле ...» (Бакара Сүрөсү, 104) аятында бир эле ыймандуу эркектерге эмес, ыймандуу аялдарга да кайрылуу жасалган. Аятта аялдарга да «бизди багытта, бизди кара» дебегиле деп насаат кылынууда. Демек, Куранда аял багыт берилген, акылы төмөн болгону үчүн эркектер карап, багыттап туруу керек болгон бирөө катары эмес, тескерисинче өз бутунда турган, күчтүү, акылдуу, абийирине толук ишенилген, акыл-эстүү бирөө катары каралууда. Бирок канчалаган кылымдан бери аялдар жөнүндөгү ушундай жалган хадистер менен таалим-тарбия берилип келген кээ бир Ислам өлкөлөрүндө муну билбеген адамдардын саны көп. Ошондуктан «Куранда аял менен эркектин укуктары бирдей» дегенибизде буга болгон күчү менен каршы чыккандар билип же билбей Аллахтын аяттарына каршы чыгып жаткан болот.
In the Qur'an, a woman is regarded as a person who can stand on her own feet, who is strong, sensible and intelligent and whose conscience can be trusted. |
John William Godward's oil painting “The Belvedere,” 1913 |
Аялдарды Аллах артта калтыргандай силер да артта калтыргыла.
Эгер бир адамдын башка бирөөгө сажда кылуусун буйруганымда, эркектердин аялдарга болгон акылары үчүн аялдарды эркектерге сажда кылгыла деп буйрумакмын. (Sahih-i Buhari)
Фанаттык түшүнүктүн канчалаган кылымдан бери уланып келген аял душмандыгы өтө көп адамдарды Аллахка жана Пайгамбарыбызга (сав) жалаа жаба турган кылып койду. Көңүл буруп карасак, жалган хадистерде Курандагы аялдар менен эркектердин укуктары бирдей, жогорулук жыныстык айырмачылыктан эмес, акыл-абийир жана Аллах коркуусуна жараша болот деген маалыматтардын эч бири жок. Куранда аялдардын бүт укуктары корголгону жөнүндөгү аяттар бар экени да айтылбайт.
Курандагы мындай өкүмдөрдөн атайын алыс турулуп, аялдар жөнүндө Куранда мактоо менен сөз кылынганы эч айтылган эмес. Ошондуктан кылымдардан бери мусулмандарды Пайгамбарыбыздын (сав) сөздөрү деп алдаган бул калптар туура эмес түшүнүктүн Ислам динине кирип кетишине себеп болгон. Натыйжада канчалаган кылымдан бери Ислам динине жана Пайгамбарыбызга (сав) чоң жалаалар жабылып келди. Аялдар Аллах тарабынан артта калтырылган деген нерсе Курандын бир дагы аятында жок. Тескерисинче, Куранда Аллах аял же эркек деп бөлбөстөн, «ыймандуулар, ыйман кылгандар, ишенгендер, аял болсун эркек болсун...» деген сыяктуу кайрылуулар менен аял-эркек бүт ишенгендерге бирдей жоопкерчилик жүктөгөн. Мисалы, Аллах Ниса Сүрөсүнүн 95-аятында;
Ыймандуулардан шылтоосу жок (мүмкүнчүлүгү болуп туруп) отургандар менен Аллах жолунда мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандар (аракет кылгандар) тең эмес. Аллах мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда даражасы жактан жогору кылган. Баарына жакшылыкты (бейишти) убада кылган; бирок Аллах жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда улуу бир сыйлык менен жогору кылган. (Ниса Сүрөсү, 95)
Бул аятта мусулмандардын өмүр бою Аллах жолунда пикирдик күрөш жүргүзүүгө милдеттүү экени айтылууда. Бирок бул жоопкерчилик аялдарга да, эркектерге да бирдей жүктөлгөн бир жоопкерчилик. Аллах «ыймандуулар» деп кайрылып, аял, эркек бүт мусулмандарга бул ибадатты аткаруу милдетин жүктөгөн. Эгер мусулман бир аял мусулман эркектерге караганда бул жоопкерчиликти жакшы орундатса, Аллах Кабатында ал аял башка бүт эркектерден жогорураак болот. Эгер мусулман бир эркек жакшы орундатса, анда Аллах Кабатында башкаларга караганда такыбалыгы (Аллах коркуусу) себептүү жогорураак болот. Көрүнүп тургандай, бул жерде эч кандай жыныска карата бир бөлүү жок. Тескерисинче, абийир (жүрөк), акыл жана чын ыкластуулук эң негизги орунда турат.
Ошондуктан аялдар жөнүндөгү бул жалган хадистер да башкалар сыяктуу, Куран өкүмдөрүнө жана Куранда аялга берилген кадыр-баркка толук карама-каршы келет. Биринчиси, мусулмандар Аллахтан башка эч нерсеге сажда кылышпайт. Бир мусулман үчүн моюн суна турган жана буйругун аткара турган жалгыз күч – бул Аллах жана Анын Пайгамбары.
Мусулман бир аял үчүн күйөөсү – бул Аллах ыраазылыгы үчүн сүйгөн, мусулмандыгына жараша урматтап, мээрим көрсөткөн алсыз бир кул. Күйөөсүнө болгон сүйүүсү, сый-урматы да анын Аллахка болгон жакындыгына, күчтүү ыйманына, Аллах жолундагы аракетине жараша болот. Фанаттардын түнт түшүнүгүндөгү сыяктуу күйөөсүн эркек болгону үчүн гана эч нерсесине карабай сыйлап, урматтай бербейт. Себеби мусулман бир аял менен эркек үчүн үй-бүлө куруу ошол эле учурда акырет үчүн да бир убада болот. Бир мусулман аял акыретте Аллах ыраазы болоор деп үмүт кылган, кулк-мүнөзү мыкты күйөөнү гана сүйүп, урматтай алат. Антпесе, күйөөсүн эч сүйүп, сыйлай албайт. Мындай нерсеге баруу, салыштыруу үчүн сөз арасында айтуу да мусулманга эч жарашпайт.
Татуировка жасаган жана жасатканга, беттеги түктөрдү алдырган жана сулуулук үчүн тиштерин суюлткан аялдарга Аллахтын каргышы болсун. (Sahih-i Buhari)
Парик кийген, кийгизген, каштарды терген, каштарын тердирген, татуировка жасаган жана татуировка жасаткан каргышка калган. (Ebu Davut, Tereccul, 5)
Фанаттык түшүнүктүн мусулман аялдарды көрксүз, жагымсыз, кароосуз жана экинчи катардагы жандыктардай көрсөтүү аракеттери мына ушул жалган хадистерге таянат. Бүт дүйнөдө мусулман аялдардын көпчүлүгүнүн такыр өзүн каранбаган, ал тургай, адам кейпинен чыгып, сулуулук, тазалык, жакшы сөздү билбеген адамдардай көрүнүшүнө фанаттардын динди жамынган ушундай түшүнүгү себеп болду.
Жогорудагы жалган хадистер талап кылган мусулман аял көрүнүшү аялдын коомдук жашоого аралашышына мүмкүндүк бербей турган бир модель. Себеби бул модельде бир аял эгер мусулман болсо, анда сулуу, таза болуп, өзүн карана албайт. Мындай модельди Аллахтан коркуунун бир белгисиндей көрсөткөн фанаттык түшүнүк, бир тараптан, аялды тышкы көрүнүшүнөн улам эл арасына чыга албай турган кылып койсо, экинчи тараптан, ушул эле себептен улам динди башкаларга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн колунан алып койгон.
Бир ойлоп көрүңүз. Өзүн карана албаган, тазалыгына эч маани бербеген, сабатсыз, бетиндеги түктөрдү тазалоого да акылы жетпеген жана ошол кейпи менен адамдардын арасына кирүүдөн уялбаган бирөөнү мусулман аял деп көрсөткөн мындай модельди кайсы аял кабыл алгысы келет? Же ким мындай бирөөнүн ага динди айтып беришин каалайт? Дин мага «жакшы, таза, өзүн каранган, сулуу» болууну тыюу салган деп ишенген, антпесе Аллахтын каргышына калам деп ойлогон бир аял кантип мындай динге жакындашы мүмкүн? Мусулман болбосо да, Исламды жана мусулмандарды кантип жакшы көрө алат?
Өзгөчө Батыш элдеринде Исламдын алыс туруу керек болгон караңгы бир диндей кабыл алынышынын түпкү себептеринин бири мына ушунда. Фанаттар кээ бир мусулман аялдарды Куранда такыр жок, толугу менен ойлоп чыгарылган бир модельдин ичине камап, алардын чыныгы Ислам менен жашап, чыныгы Исламды адамдарга таанытышына бөгөт коюшкан. Бир мусулман аял Курандагы сонун мүнөздү, тынчтыкты, сүйүүнү сөз менен айтып берүүгө жана ошол эле учурда өзүнүн көрүнүшү, кыймыл-аракети менен көрсөтүп, үлгү болууга да милдеттүү. Мусулмандыктын сулуулук экенин айтып берип жатканда сулуу көрүнүп, мусулмандыктын сүйүү экенин айтып берип жатканда сүйүүнү өзү чындап сезиши керек. Диндин сонун экенин түшүнүүгө чындап муктаждык сезген бир адам бул диндин адамга бүт сулуулуктарды алып келээрин билип, муну өз көзү менен көрүшү керек. Куранда ансыз да ушундай талап коюлган. Куранда мусулмандардын кийиминин өтө кооз жана таза болоору, бир жерге чогулганда эң кооз, эң жарашыктуу кийимдерди кийип, эң мыкты жасалгаларды колдоноору айтылат.
Эй Адам урпактары, Биз силердин жаман жерлериңерди тосо турган бир кийим жана силерге «кооздук бере турган бир кийим» түшүрдүк (жараттык)... (Аьраф Сүрөсү, 26)
Эй Адам урпактары, ар мечиттин жанында зыйнаттарыңарды (жасалгаларды) тагынгыла... (Аьраф Сүрөсү, 31)
Мындан тышкары, Куранда бейиш элинин; өзгөчө бейиш аялдарынын тазалыгы, тыкандыгы, сулуулугу жана кийимдеринин жарашыктуулугу да аяттарда укмуш терең баяндалат.
Алар сакталган бир жумуртка сыяктуу (сулуу жана жылмакай). (Саффат Сүрөсү, 49)
... ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана өтө кылдат жасалган атластан жашыл көйнөктөр кийишет... (Кехф Сүрөсү, 31)
... ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат; ал жердеги кийимдери жибек(тен). (Хаж Сүрөсү, 23)
Алардын үстүндө жука жибек жана абдан токулган атластан жашыл кийимдер бар. Күмүш билериктер тагынышкан... (Инсан Сүрөсү, 21)
Бул жерде каралган бир канча аяттан да апачык көрүнүп тургандай, Аллах аялдын сулуулугун, терилеринин түксүз жылмакай абалын «сакталган бир жумуртка сыяктуу (сулуу жана жылмакай)» деп сулуулуктун бир чен-өлчөмү катары берип, бейиш аялдарынын ушундай болоорун айткан. Демек, Аллах жылмакай жана таза бир терини сулуу көрөт. Аллах сулуулукту, тазалыкты, жарашыктуулукту, жасанууну, кооз кийимди жакшы көрөт жана кулдарын ушундай көргүсү келет. Аллах жакшы көргөн нерселерди Пайгамбарыбыздын (сав) да өтө жакшы көрөөрү жана мусулман аялдарды ошого чакырып, ошого үгүттөөрү анык.
Сулуулуктан тышкары, мажбурлуктан улам да мындай ыкмаларга барууга мажбур калган аялдардын болушу мүмкүн экенин унутпаш керек. Мисалы, аялдар кээде химиотерапия сыяктуу кээ бир оор дарылануулардан соң парик кийүүгө мажбур болушу мүмкүн. Бул өтө кадыресе, ал тургай, керектүү, мындай аялдар үчүн өтө мыкты бир өзүн карануу ыкмасы. Бирок, фанаттар бул жеңилдик жана сулуулукка да жалган хадистер аркылуу бөгөт коюуга аракет кылышат.
Ошол сыяктуу, теринин астына татуировка жасатуу, каштын эки жагы эки башка болгондо аны татуировка менен түзөтүү же беттеги түктөрдү тазалоо жөнүндө бир тыюу Курандын эч бир жеринде жок. Мындай тыюу Курандын рухуна туура келбейт. Жакшынакай бир жаш кызды бетиндеги ашыкча түктөрү менен сыртка чыгууга мажбурлаган, аны адамдардын арасында уят кылган, аны сулуулаштыруунун ордуна сулуу эмес болушу үчүн аракет кылган фанаттар мына ушул себептен эч качан сулуулуктун өкүлү боло алышпайт. Ал эми Аллах болсо ыймандуулардын өзүн каранышы, сулуулугу, жарашыктуулугу жана тазалыгына аяттарда өзгөчө көңүл буруп, мусулмандарды буга үндөгөн.
Muslims always being wellgroomed, clean, elegant and attractive are features specially emphasized in verses. |
Бир киши аялын төшөккө чакырып, бирок аялы качканы үчүн күйөөсү ачуусу менен уктаса, периштелер ал аялга таң атканга чейин каргыш айтат. (Sahih-i Buhari, 9/36)
«Бир аял күйөөсүнүн төшөгүн (шылтоосу жок жерден, таарынып) таштап, (башка бир жерде) уктаса, таң атканга чейин периштелер ага каргыш айтат.» (Nehc-ül Fesaha, S.36, Hadis: 187)
Эй аялдар! Эгер күйөөлөрүңөрдүн силерге болгон акыларын билгениңерде, буттарынын чаңын жүзүңөргө сүртмөксүңөр. (Hafız Zehebi, Büyük Günahlar Sayfa 187)
Күйөөсүнүн денесин ириң каптаган болуп, аялы аны жалап тазаласа да, баары бир күйөөсүнүн акысынан кутула албайт. (İbni Hacer El Heytemi 2/121, Ahmed b. Hanbel, Müsned, V, 239)
Бир аял күйөөсү менен ажырашса, ал аялга бейиш жыты арам болот. (Kadınlara Dini Bilgiler, s. 61)
«Бир аял тили менен күйөөсүн кыйнаса, аны өзүнөн ыраазы кылганга чейин, Аллах анын эч бир тообосун, садакасын жана жакшы иштерин кабыл албайт; ал тургай, күндүздөрүн орозо жана түндөрүн ибадат менен өткөрсө дагы.» (Bihar-ül Envar, C.103, S.244)
«Бир аял күйөөсүнүн акысын төлөмөйүнчө, Аллахтын да акысын төлөй албаган болот.» (Mekarim-ül Ahlak, S.247)
Имам Муса-и Казымдан (а.с) күйөөсүн ачууланткан аялдын абалын сурашканда, мындай дегени айтылат: «Күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналат.» (Kısar-ul Cümel, C.2, S. 258)
John William Godward's oil painting “A Souvenir,” 1920 |
In the mentality of the fanatics, women have an obligation to abide by the ignorant idea of “performing wifely duties” for their husbands, even if they are not happy with their treatment and moral values. |
Бул хадистерди бир-бирден карайлы;
Эй аялдар! Эгер күйөөлөрүңөрдүн силерге болгон акыларын билгениңерде, буттарынын чаңын жүзүңөргө сүртмөксүңөр. (Hafız Zehebi, Büyük Günahlar Sayfa 187)
Күйөөсүнүн денесин ириң каптаган болуп, аялы аны жалап тазаласа да, баары бир күйөөсүнүн акысынан кутула албайт. (İbni Hacer El Heytemi 2/121, Ahmed b. Hanbel, Müsned, V, 239)
John William Godward's oil painting “A Tryst,” 1912 |
Бул эки жалган хадис (Улуу Раббибизди, Куранды жана Ислам динин аруулайбыз) Ислам динин аялды экинчи катардагы, күйөөсүнүн тизгининде жашоого мажбур кылынган бир заттай көргөндөй чагылдырат. Бул шайтандык түшүнүк боюнча, күйөөсүнүн аялына болгон акысы ушунчалык көп болгондуктан, аял күйөөсүнүн буттарынын чаңын жүзүнө сүрсө да, ириңдүү, ыпылас терисин жаласа да, ал карызын төлөй албайт. Ошого карабастан, эч ким күйөөсүнүн аялына эмне үчүн мынча көп акысы бар деп сураган эмес жана бул жалган ишеним эч негизсиз тамырлай берген. Натыйжада көп мусулмандар бул акылсыз түшүнүктү кадыресе көрүп калган.
Бул ыпылас түшүнүктө аялдар аларга болгон мамилесинен ыраазы болушпаса да, күйөөлөрүнө болгон «аялдык милдети» деген караңгы түшүнүктү орундатууга мажбур кылынышкан. Антпесе, басмырланып жаман мамиле көрүшкөн жана колдорундагы аз гана укугу да чектелген. Ошентип экинчи катардагы, алсыз, эзиле турган жандыктарсыңар деген ишеним аларга мажбурлап кабыл алдырылып, бул түшүнүк Ислам элдеринде тамырлап жайылган.
Канча кылымдан бери эч ким чыгып, «Куранда мындай түшүнүк, мындай ишеним жок. Аял-эркек тең. Аллах аялдарга Куранда өтө көп укуктарды жана эркиндиктерди берген.» дей алган эмес. Тескерисинче, караңгы түшүнүк кылымдардан бери «дин ушундай талап койот, кылбаганга Аллах менен периштелери каргыш айтат, күнөөкөр болот, Аллахтын ыраазылыгына жете албайт, бейишине кире албайт...» деген сыяктуу Аллахтын жана диндин атын жамынган калптары менен кээ бир сабатсыз мусулмандарды Куранга туура келбеген нерселерге мажбурлашкан. Көп мусулман аялдардын кулк-мүнөзү фанаттык түшүнүк менен тарбияланган күйөөлөрү тарабынан эзилип, жок кылынган. Себеби фанаттардын дининде аял күйөөсү эмне десе аны угуп, моюн сунууга мажбур. Аялдардын көпчүлүгүнүн окушуна, иштешине, коомдук жашоого аралашышына, ал тургай, терезеден карашына да уруксат берилбейт. Ошондуктан материалдык жана руханий жактан күйөөлөрүнөн көз-каранды кылып коюлгандыктан, элдин салты, үрп-адаттары да мындай фанаттык түшүнүккө колдоо көрсөткөндүктөн, аялдар өздөрүн мындай кысымчылыктан дээрлик эч куткара алышпайт.
Бул жерде суроолор туулат: фанаттык коомдордо аялдар эч акысын төлөй албагыдай эркектер кайсы өзгөчөлүгү үчүн мынчалык өйдө болушат? Куран боюнча, жогорулук такыбага жараша гана болот жана мунун акысы Аллахтан гана үмүт кылынат. Ыпылас ириңин жаласа да акысын төлөй албагыдай бир эркектин аялга кандай акысы болушу мүмкүн? Ким жана эмне аны мынчалык акысынан кутулгус кылып койгон? Ага мындай жогорулукту такыбасынан башка кайсы өзгөчөлүгү бериши мүмкүн? Аллах ага мындай артыкчылык берген эмес, ошондуктан мындай артыкчылык Куранда да жок. Анда бул артыкчылыкты кайдан алган? Динчил же динсиздигине, мушрик же мүнафыктыгына, күнөөкөр же заалымдыгына карабай, эмнесине карап «күйөөлөрдүн баары» мындай даражага жеткен?
Аларды мындай жалган даражага фанаттык түшүнүк Исламга киргизген жогорудагы жалган хадистер жеткирген. Куранда жок, Аллах каргыш айткан мындай түшүнүктү алар диндин атынан жайылтып, турмушка ашырышкан. Учурда көп мусулман элдер, ал тургай, ал элдерде ушундай тарбия менен чоңойгон аялдар да мындан башка бир түшүнүктү билишпейт. Фанаттык диндин дүйнөгө алып келген эң чоң балээлеринин бири мына ушул.
Куранда аялдарга берилген акы жана укуктар фанатизмдин таасири астында калган элдерде такыр жок. Ал тургай, ал элдерде жашаган аялдардын мындай укук жана эркиндиктердин бар экенинен эч кабары болбойт. Мындай коомдогу аялдар Курандан бүтүндөй алыс таалим-тарбия алышат. Натыйжада көпчүлүгү тамга да тааныбай калышат. Ошондуктан алар жашап жаткан диндин Ислам дини эмес, фанаттардын жалган дини экенин билүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бирок бул байкуш аялдар эле эмес, дүйнөдөгү башка өлкөлөр да канча кылымдан бери келе жаткан фанаттык иш-аракеттердин булагын Куран деп ойлошууда. Куранда айтылган динде аял ушунчалык барксыз, сабатсыз көрүлүп, басмырланышы жана бүт укуктары колунан алынып, эркектердин тизгининде болушу керек деп ойлошууда (Куранды аруулайбыз). Мындай жалган жалаалардын бирөөсү да Куранда жок.
Куранда болбогон, бирок жалган хадистер негизинде Ислам дининин бир бөлүгү кабыл алынган аялдар жөнүндөгү жалааларга жооп берүүнү уланталы:
Frederic Leighton's oil painting “Wedded,” 1882 |
Бир аял күйөөсү менен ажырашса, ал аялга бейиш жыты арам болот. (Kadınlara Dini Bilgiler, s. 61)
Эң биринчиден, жубайлардын ажыраша алаары жана ажырашуунун шарттары жана укугу Куранда ачык, так баяндалган. (Муну бир аздан соң терең карайбыз.) Аллах ажырашуу укугун эки тарапка тең берген. Анткен менен, жогорудагы хадистерде ажырашкан аял бейишке кире албайт деп так айтылууда. Бул – хадистин толугу менен ойдон чыгарылгандыгынын апачык далили. Пайгамбарыбыздын (сав) Аллах адал кылган нерсени арам кылышы (б.а. Аллах уруксат берген нерсеге тыюу салышы), Аллахтын өкүмүнө толук карама-каршы келген бир өкүмдү чыгарышы эч мүмкүн эмес. Ошондуктан аял ажырашкысы келсе, Аллах бул эркиндикти Куранда ага берген. Ажырашуудан мурда жана кийин аялды материалдык жана руханий жактан коргой турган сансыз чаралар сүрөттөлгөн аяттар аркылуу ажырашуунун шарттары да кабар берилген. Ошондуктан бул жалган хадистеги ажырашкысы келген «аялга бейиштин жыты арам болот» деген сөз толугу менен ойлоп табылган бир калп жана жалган жалаа. Ислам дини менен эч байланышы жок шайтандык бир логиканын натыйжасы.
Бир нерсени баса белгилөө керек: Ислам дини адамдын табиятына, акылына, рухуна толук туура келген, Аллахтын өкүмдөрүнөн турган бир дин. Аллахтын Курандагы бүт аяттары адамдардын үстүндөгү кыйынчылыктарды алып салган, кысымчылыктарга бөгөт койгон, чечимди адамдын жеке эрки менен акылына калтырган, табиятына толук туура келген өкүмдөрдү камтыйт. Бул өкүмдөр аялды да, эркекти да басым же кыйынчылыкка салбайт. Тескерисинче, адамдар арасындагы пикир келишпестиктерди, адилетсиздиктерди жана теңсиздиктерди чечет. Үстүлөрүндөгү оор чынжырларды алып салат. Адамдардын көңүлдөрүнө бейпилдик берет. Адамдар арасында душмандык, жек көрүү эмес, тескерисинче, күчтүү достук мамилелерин курат. Эң негизгиси, Аллахка толук моюн сунган, мыкты мүнөздүү, терең ыймандуу, асыл бир адам моделин пайда кылат.
Бул жалган хадистердеги үй-бүлө модели болсо Курандан такыр башка бир түшүнүктү чагылдырууда. Куран боюнча, үй-бүлөлүү жуптар арасында эч качан мажбурлоо жана кысымчылык болбошу керек. Эгер бир пикир келишпестик бар болсо, ал Куран өкүмдөрүнүн негизинде оңдолот. Эң негизгиси, үй-бүлөдө эки тарап тең, аял жана эркек мусулман катары Куранга толук туура келген мүнөздө болуп, мүмкүн болушунча мамилени оңдоого аракет кылышы зарыл. Бирок ошентсе да, пикир келишпестик чечилбесе, анда эки тарапта тең ажырашуу укугу бар.
Ажырашканда болсо эки тараптын тең Аллахтын коргоосу астында болоору аятта кабар берилген:
Эгер экөө ажыраша турган болсо, Аллах экөөнө тең «молчулук (ырыскы жана берешендик) булактарынан» берет (муктаждыкта калтырбайт). Аллах (мээрими) кенен, өкүмдар жана даанышман. (Ниса Сүрөсү, 130)
Көрүнүп тургандай, Куранда аял да, эркек да өз эрки менен ажырашуу чечимин алып, анан өмүрүн эркиндикте уланта алат. Аял күйөөсү менен ажырашканы үчүн бейишке кирбейт деген нерсе Куранда бир дагы аятта жок.
John William Godward's oil painting “Dolce Far Niente,” 1889 |
According to the Qur'an, the man and the woman in a marriage must both be select, noble and virtuous people who fear God. That is the basis of marriage in the Qur'an. |
Имам Муса-и Казымдан (а.с) күйөөсүн ачууланткан аялдын абалын сурашканда, мындай дегени айтылат: «Күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналат.» (Kısar-ul Cümel, C.2, S. 258)
Дагы бир хадис улуу Расулуллахтан (с.а.а), мындай деген: «Бир аял күйөөсүнүн акысын төлөмөйүнчө, Аллахтын да акысын төлөй албаган болот.» (Mekarim-ül Ahlak, S.247)
«Бир аял тили менен күйөөсүн кыйнаса, аны өзүнөн ыраазы кылганга чейин, Аллах анын эч бир тообосун, садакасын жана жакшы иштерин кабыл албайт; ал тургай, күндүздөрүн орозо жана түндөрүн ибадат менен өткөрсө дагы.» (Bihar-ül Envar, C.103, S.244)
Бул жалган хадистердеги аялдын «күйөөсүн ыраазы кыла албашы же акысынан кутула албашы» да Куран аяттарына толук карама-каршы келет. Мусулман аял күйөөсүнө Куранга туура келбеген мамиле жасаса, күйөөсүнүн эмес, Аллахтын ыраазылыгынан ажырайт. Бир мусулман үчүн эң негизгиси – бул Аллахтын ыраазылыгына жетүү. Ошондуктан эң негизги максат – жубайынын эмес, Аллахтын андан ыраазы болушу. Куран боюнча, мусулман аял катасын оңдоп Аллахтын ыраазылыгына жеткен соң күйөөсүнүн же башка адамдардын андан ыраазы болуп-болбошунун ал үчүн эч мааниси болбойт. Ансыз да, эгер мусулман болсо, Аллахтын ыраазы болоору үмүт кылынган бул жыйынтыктан ал да ыраазы болот.
Бирок бул хадистердеги түшүнүк Аллахты жана Курандын өкүмдөрүн негиз албаган, толугу менен ширкке таянган караңгы үй-бүлө түшүнүктөрүн чагылдырууда. Жогоруда да айтылгандай, Курандын негизинде үй-бүлө курууда аял менен эркектин экөө тең Аллахтан корккон, асыл, бийик мүнөздүү адамдар болушу керек. Курандагы үй-бүлө куруу ушул негизге таянат. Үй-бүлөлүк мөөнөт бою бири-бирине болгон сүйүү, урматтоо, мээрим, туруктуулук жана бекемдик сезимдери андан да күчөйт.
Аллах Курандагы үй-бүлөдө ортодо сүйүү, мээрим, бейпилдик, сылыктык болоорун төмөнкүчө кабар берет:
Жана Анын белгилеринен – алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде ой жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилер бар. (Рум Сүрөсү, 21)
Ошондуктан жогорудагы жалган хадистерде айтылган уруштар, пикир келишпестиктер, басмырлоо жана кысымчылыктар жасалган үй-бүлө модели менен Курандагы үй-бүлө модели арасында өтө чоң айырмачылыктар бар. Муну унутпаш керек: Ислам дининде жакшылык адамдардан бир нерсе күткөн үчүн эмес, Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалат жана мусулман кылган жакшы иштеринин сыйлыгын бир гана Аллахтан үмүт кылат. Аятта Аллах мындай мүнөздү төмөнкүчө кабар берет:
Анын жанында эч кимдин акысы бериле турган бир сый-жакшылыгы (карызы) жок. Улуу Раббиңдин ыраазылыгына жетүү үчүн гана (берет). Сөзсүз ал да келечекте ыраазы болот. (Лайл Сүрөсү, 19-21)
Ошондуктан Куран боюнча, аял бир гана Аллахты ыраазы кылганга аракет кылат, Аллахка шүгүр кылат жана Аллахтын ыраазылыгын көздөйт. Ага бир гана Улуу Раббибиздин акысы бар, күйөөсүнүн эмес. Ушул себептен, аялдын күйөөсүнүн «акысын төлөй албаганы» үчүн ар кандай шерменделиктерге барышын талап кылган бул түшүнүк Куранга толугу менен карама-каршы келет.
Расул-и Экремден (с.а.а) мындай деп риваят кылынган: «Аял зыян көрүүгө ыңгайлуу бир зат; шайтан анын жолун адаштырып жиберет. (Ошол үчүн же сыртка чыкпашы керек, же болбосо чыкканда өтө этият болушу зарыл.)» (Mizan-ül Hikme, C.2, S.259)
Аял – элдин тиреги, сулуулугу, жасалгасы. Аялдын болушу, эл арасында сөзүнүн өтүшү, көзөмөлчүлүк кылышы, чечим механизмине катышышы, пикиринин суралышы бир коомго көп жакшылыктарды алып келет. Ошондуктан аял Аллах тарабынан атайын майда-чүйдөлөрдү байкай алган, татаал маселелерди жакшы чече алган, бүт чараларды алдын ала ойлонгон, көрөгөч, акылман кылып жаратылган. Ошондуктан Ислам дининде аял өтө баркталат. Муну адамдар толук түшүнгөндө Ислам динин бүт дүйнө чындап түшүнгөн болот.
Мына ушул себептен ички жана тышкы күчтөр канчалаган кылымдан бери өзгөчө аял темасы аркылуу Ислам динин бузууга аракет кылышкан. Бул үчүн ойдон чыгарылган, жалган хадистерди да, элдердин, Куранга такыр туура келбеген, үрп-адат, салттарыбыз деп атаган эрежелерин да калкан кылышкан. Исламда аял экинчи катардагы, басмырланган, сыйланбаган, баркталбаган, жагымсыз, күнөөгө түртүүчү, мээси оңой алдана турган кооптуу бир жандыктай көрүлөт деген түшүнүктү жайууга аракет кылышкан.
Мисалы, жогорудагы жалган хадисте аял уятсыз иштерге оңой бара турган, өзүн башкара албаган, эрки алсыз, ыйманына ишенбеш керек болгон, шайтанга оңой азгырыла турган бир жандыктай көрсөтүлүүдө. Ошол үчүн аял мүмкүн болушунча көчөгө чыгарылбай, коргоо астында болушу керек; эгер чыкса уятсыз иштерге баруу ыктымалдыгы жогору, ошондуктан ар бир кыймыл-аракетин текшерип туруу зарыл деп айтылууда.
Бул калптардын Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан айтылбаганы анык. Аялдар менен кеңешип, согуштарда өз коопсуздугун камсыз кылууда аялдарга кызмат берген, чогулуштарда аялдарга кеңири орун бөлгөн, убактысынын көп бөлүгүн аялдар менен маектешип өткөргөн, аларды өтө урматтап, жакшы көргөн Пайгамбарыбыздын (сав) атынан калптарды ойлоп тапкандар – бул аялдарды душман көргөн фанаттар.
Пайгамбарыбыз (сав) доорунда, жогоруда айтылгандай, аялдар согуштарга катышып, коомдун бүт тармактарына аралашып, соода менен алектенип, динди түшүндүргөн алдыңкы мужахиддер арасында болушкан. Куран аяттарында да аял үйдөн чыгарылбай турганчалык кооптуу жана акылы төмөн бир зат деп кыйытма мааниде да айтылган эмес. Тескерисинче, Куранда Аллах фанаттык түшүнүктүн аял жөнүндөгү көз-карашынын психопаттыгын жана бул түшүнүктүн Пайгамбарыбыз (сав) доорунда да шайтандык иш-аракеттерин жүргүзгөнүн кабар берген:
Бирок, алардын бири Ал Рахман (Аллах) жөнүндө берген мисал менен (кыздуу болоору жөнүндө) сүйүнчүлөнгөндө, жүзү түнөрүп катуу каарданат. (Зухруф Сүрөсү, 17)
(Кыямат күнү) Жана тирүүлөй топуракка көмүлгөн байкуш кыздан суралганда: «Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрүлдү?» (Таквир Сүрөсү, 8-9)
Алардын бирөөсүнө кыз (наристе) сүйүнчүлөнгөндө, ичинен катуу ачууланып-жүзү капкара болуп түнөрөт. Айтылган сүйүнчүнүн жамандыгынан улам коомунан жашынат; аны басмырланып сактап калабы, же топуракка көмөбү? Карачы, берген өкүмдөрү кандай жаман? (Нахл Сүрөсү, 58, 59)
Бул аяттар фанаттардын аялга болгон үрөй учурарлык көз-карашын эң сонун сүрөттөп, Аллахтын мындай түшүнүккө канчалык чоң каргыш айтаарын бизге көрсөтүүдө. Кыздуу болгону үчүн ачууланып түнөргөн, аялды ушунчалык жек көргөн, андан да ары кетип аны тирүүлөй топуракка көмүп салган түшүнүк тарыхта болгон жана алардын баары жогорудагы Таквир Сүрөсүнүн 8- жана 9-аяттарында айтылгандай, акыретте кылганынан сурак беришет. Аялга болгон мындай душмандык Аллах Кабатында чоң каарданууга себеп болот.
The devilish attitude to women of the fanatical mentality that is filled to overflowing with hostility toward women and hatred has remained unchanged for hundreds of years. |
Көрүнүп тургандай, аялды душман көрүп, абдан жек көргөн фанаттык түшүнүк кылымдардан бери аялдарга болгон шайтандык мамилесин эч өзгөрткөн жок. Курандын алардын мындай келесоо түшүнүгүн эч колдобошун билгени үчүн, жалган хадистер аркылуу бурмалоого аракет кылышкан. Өзгөчө аялдар жөнүндө ушунчалык кооптуу жалган хадистердин болушунун негизги себеби ушунда.
Бул жөнүндөгү башка жалган хадисте болсо фанаттар аялдарды өлбөй турганчалык ачка коюп жана аларга жакшы кийимдерди кийгизбей тарбиялоону көздөшөт. Бул түшүнүк боюнча эгер аялды ачка коюп, ага жаман жана эски кийимдерди беришсе, аял сыртка көп чыккысы келбей калат. Бул жалган хадисте мындай деп айтылат:
Аялдарды зыян бербей турганчалык ачка, чектен чыкпай турганчалык кийимсиз калтыргыла. Себеби аялдар жакшылап тоюп, жакшы кийинсе, алар үчүн сыртка чыгып кыдыруудан жагымдуураак эч нерсе жок. Ал эми алар бир аз ачка, бир аз кийимсиз калса, алар үчүн үйдө отуруудан жакшыраак нерсе болбойт. (İbnül Cevzi, Mevzuat, II/282283; Suyuti, Leali, II/154 İbn Arrak, Tenzihü’ş Şeria, II/212213)
Аялдарыңарга үйлөрүнүн эшигинде отурбашы үчүн жаңы кийим кылдырбагыла, себеби кийимдери кооз жана жаңы болсо, көңүлдөрү сыртка чыгууну каалайт. (İmamı Gazali-Kimyayı Saadet sayfa:178 İbn Ebi Şeybe, Musannaf, IV/II, 420)
Араңардан бирөө жашы өтүп, оозундагы тиштери түшүп, көрүнүшү жагынан да жагымсыз болуп калышы мүмкүн, жана аялы болсо жаш жана сулуу болушу мүмкүн. Ал жаш жана сулуу аял базарга чыккан соң же чакырылган той же коноктон үйүнө кайткан соң сыртта көргөн жарашыктуу эркектер менен тиштери түшкөн күйөөсүн салыштырып күйөөсүнүн жүзүн да карагысы келбей калат. Балким күйөөсүнүн аны өбүшүн жана жыныстык байланышта болушун да каалабайт. Жаш аялдын эркектер көп болгон базар, той-топур жана эл чогулган жерлерге барышынын аялга болгон таасири жок дегенде ушундай болот. (İmam Şarani, Uhudül Kübra)
Бул жалган хадистердеги сүрөттөө барган жеринде өзүн башкара албаган, Аллах коркуусу жана ыйманы менен эмес, инстинкттери менен жүргөн жана ошондуктан ар кандай чаралар аркылуу камакта тутуу керек болгон бир макулукка, бир айбан сыяктуу жандыкка ишарат кылууда. Мындай түшүнүккө фанаттын аял жөнүндөгү көз-карашы себеп болууда.
Бизди болсо фанаттын эмес, Курандын көз-карашы кызыктырат. Куранда сүрөттөлгөн мусулман аял Аллахтан коркот. Ошондуктан кандай шартта кантип кийинүү керек экенин, намысын кантип коргошу керек экенин, базар, той-топур жана эл чогулган жерлерде кандай жүрүү керек экенин өтө жакшы билет. Муну билиши үчүн Куран ага жетиштүү болот. Муну билиши үчүн бир эркектин ага эмне кылаарын айтып беришине, аны кийгизип, тамак жедиришине муктаж эмес. Муну эркек чечпейт, муну Аллах чечкен. Курандын эч бир жеринде бир эркекке бул жөнүндө бир уруксат, бир укук берилген эмес. Курандын эч бир жеринде эркектин «менин ушундай укугум бар» дей ала турган бир артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү жок. Аллах Куранда ыймандуу эркектер менен бирге ыймандуу аялдарга да кайрылган, демек аял ага Раббибизден келген кайрылууну Куранда бир жакшына көрүп, түшүнөт жана аны эч кемчиликсиз орундатууга аракет кылат.
Курандагы адеп-ахлакта болуу үчүн бир аялга Аллахтан коркуу жетиштүү болот. Эркек аялды кайтарып жүрүшү керек дегендер бул жалган хадистердин туткунунда калган фанаттар гана.
Мындан тышкары, Аллах Куранда мусулмандарды аял болсун, эркек болсун, ысырап кылбастан, адал болгон бүт нерседен жеп ичкиле, мечиттерге эң жакшы кийимдериңер менен келгиле, жасалгаларыңарды тагынгыла, таза жана өзүңөрдү каранып жүргүлө деп билдирген.
Эй Адам урпактары, ар мечиттин жанында зыйнаттарыңарды (жасалгаларды) тагынгыла. Жегиле, ичкиле жана ысырап кылбагыла. Себеби Ал ысырап кылгандарды сүйбөйт. (Аьраф Сүрөсү, 31)
Аялдар көчөгө чыкпаш керек деген бир дагы аят жок, жана тескерисинче, Аллах ыймандуу аялдарга жүктөгөн коомдук жоопкерчиликтерден улам аялдардын коомдук жашоодо активдүү болоору да аяттардан апачык көрүнүп турат. Ошондуктан бул жалган хадистерде айтылгандар да Куран аяттарына толук карама-каршы келет.
John William Godward's oil painting “On the Balcony,” 1911 |
A woman must learn how to live, not from a man, but from the Qur'an. |
John William Godward's oil painting “Nerissa,” 1906 |
Despising women, whom God says He has created in the finest form, and comparing them to dogs, asses and pigs, and describing them as a misfortune is totally incompatible with the moral values of the Qur'an. Muslim women are saintly people who are praised in the Qur'an, cited as role models, who are loved and respected and who are blessings. |
«Расулуллах (сав) айтты: «Бирөөңөр сажда кылган жердин алдына чыбык койбой, намаз окуса мобулар (алдынан өткөн болсо) намазын бузат: эшек, чочко (доңуз), еврей, мажуси (отпараст, путпараст), аял... (Buhari, Salat 90, İlm 18, Ezan 161, Cezau’s-Sayd 25; Müslim, Salat 254, (504); Muvatta, Kasru’s-Sala)
Намазды бузган нерселер кара ит, эшек, чочко (доңуз) жана аялдар. (Sahih-i Müslim, Salat 265; Tirmizi Salat 253/338 Ebu Davud, Salat, 110/720)
Каражолтойлук үч нерседе бар: аялда, үйдө жана атта. (Ebu Davud, Tıb, 24/3922; Müslim, Selam, 34/115 Buhari, Nikah, 17/4805)
«Бир нерседе (каражолтойлук) болгондо, ал атта, аялда, үйдө болмок.» (Buhârî, Cihad 47, Nikah 17, Tıb 43,54; Müslim, Selam 119, Müslim, Tıb 117-120, (2226); Muvattâ, İsti’zân 21)
Бул жалган хадистерди да жогоруда айтылгандардын негизинде баалоо керек. Аллах «эң сулуу келбетте жараттым» деген аялдарды «кара ит, эшек, чочко (доңуз)» деген сыяктуу салыштыруулар менен басмырлап, «каражолтой» деп сыпаттоо Куранга эч туура келбейт. Мусулман аялдар Куранда макталган, өрнөк көрсөтүлгөн, сый-урмат көрүп, жакшы көрүлгөн, Аллах жакшылык катары жараткан өтө куттуу инсандар.
Мындан тышкары, ит жана ат сыяктуу өтө сүйкүмдүү жана, ошондой эле, адамдарга жакшылык катары берилген күнөөсүз жандыктарды да ибадатты бузуучу балээлүү жана каражолтой жандыктардай көрсөтүлүшү да фанаттык түшүнүктүн чыгарганы.
Ошондой эле, Ислам дининде акжолтой-каражолтой деген түшүнүктөр да жок. Бул түшүнүктөр ширктен келип чыккан түшүнүктөр. Жакшылык да, жамандык да Аллахтан келет. Жаратылган эч бир нерсе адамга акжолтойлук же каражолтойлук алып келе албайт жана эч нерсенин өз алдынча бир күчү жок. Каражолтойлукка ишенүү мушрик (Аллахка шерик кошкон) мүнөзгө тиешелүү жана Аллах ушундай түшүнүктөгү адамдардын өзүнүн каражолтой экенин кабар берген.
«... Кабарыңар болсун, Аллах Кабатында чыныгы каражолтойлор өздөрү, бирок алардын көпчүлүгү билишпейт.» (Аьраф Сүрөсү, 131)
Мурдакы бөлүмдөрдө каралган маанилердин бурмаланып кетиши жөнүндөгү эң ачык мисалдардын кээ бирлерин ушул хадистерден көрө алабыз.
Маанисине карап хадисти жеткирүүгө болот деп кабыл алынганда, кээде хадистин башын же аягын укпай калуу анын маанисин толук өзгөртүп жиберген. Мисалы, Абу Хурайрадан «Каражолтойлук үч нерседе болот; үй, аял жана атта» деп Пайгамбарыбызга (сав) хадис ыйгарылганын уккан Аз. Айша: «Аллахка ант болсун, Аллахтын элчиси (пайгамбары) эч качан минтип айткан эмес. Ал мындай деп айткан. «Караңгы (жахилия) адамдар мындай дешчү: Каражолтойлук үч нерседе болот; үй, аял жана атта.»» деген.
John William Godward's oil painting “Idleness,” 1900 |
How can someone who lives by the fanatical mindset feel anything other than hatred for his wife, the person who should be the closest to him of all in this world? |
Аял сегиз сыпаттуу: 1- Кийимди жакшы көргөнү үчүн маймыл. 2- Жакыр болууга ыраазы болбогону үчүн ит. 3- Күйөөсүнө жана башка адамдарга бой көтөргөнү үчүн жылан. 4- Түнү-күнү ушакчылык кылганы үчүн чаян. 5- Үйдөн буюм сатканы үчүн чычкан. 6- Эркектерге тузак курганы үчүн түлкү. 7- Күйөөсүнө моюн сунганы үчүн кой. (İmamı Gazali, İhya-u Ulumuddin)
Бул жерде мындай бир суроо узатуу керек: бул жалган хадиске ишенген бир эркектин бир аял жөнүндөгү көз-карашы кандай болот? Аялын кантип сүйүп, аны кантип урматтай алат? Ал адам дүйнөдө эң жакыны боло турган аялына жек көрүүдөн башка эмне сезиши мүмкүн? Өз аялын бир айбандай көрсө, кантип аны жакшы көрө алат? Ага карата Куранда эң басым жасалган сүйүү сезимин кантип сезе алат? Албетте, сезе албайт. Ал эми, Куранда болсо Аллах жубайлар арасындагы өзгөчө бир сүйүү жана мээрим жөнүндө кабар берген:
Жана Анын белгилеринен – алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде ой жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилер бар. (Рум Сүрөсү, 21)
Муну дагы бир аз тереңирээк карайлы:
Жалпы эле аялдар жөнүндө ушундай көз-карашта болгон бир адамдын өз апасына, эже-карындашына, өз кызына көз-карашы да, албетте, ушул сыяктуу болот. Аларга болгон жакшы көрүү жана сыйлоо сезими кемчиликтүү болуп, кааласа каалабаса аларга болгон көз-карашы аларды басмырлоого таянат.
Бул жалган хадис адамдарды сүйүүгө эмес, жек көрүүгө түртөт. Бул жалган хадистерде сүрөттөлгөн аялды сыйлоо дээрлик эч мүмкүн эмес. Сүйүү жөнүндө ансыз да эч нерсе айтылган эмес. Аллах Куранда негизги шарт катары белгилеген бул кереметтүү сезим, Аллахтын ааламды жаратуу максаты болгон сүйүү дээрлик толук унутулуп калган. Мынчалык душманы көп жана эң негизги душмандарынын бири аялдар болгон бул кандай дин?
Мындай бир дин, албетте, Курандагы акыйкат дин эмес.
John William Godward's oil painting “The Love Letter,” 1913 |
Fabricated hadiths encourage hatred rather than love. |
Ошондой эле, муну да белгилөө керек: Куранда «хүсн-ү зан», б.а. жакшы күмөн менен кароо негиз тутулган. Далилсиз, күбөсүз күмөн саноо күнөө болот. Ошондуктан бир адамды аял болгону үчүн эле «ал чыккынчы, кийимди өтө жакшы көрөт, уурулукка жакын, тымызын пландар курат, текебер» деп ойлоо жана ушундай чечим чыгаруу Куран боюнча «суи зан», б.а. жаман күмөн болуп саналат. Ошондуктан калп жана күнөө болот. Бир адамды алдамчы дей алуу үчүн чындап анын алдамчылык кылганына күбө болушубуз керек. Бир адамды ууру деш үчүн ал адамдын бирөөнүн мүлкүн уурдаганын далилдешибиз керек. Далилдери, күбөлөрү жок туруп, бир адамды аял болгону үчүн эле минтип айыптоо Куран боюнча жалган жалаа болуп эсептелет. Жалаа жапкан адам заалым болот. Бирок фанаттар Курандын өкүмдөрүнөн кабарсыз, такыр башка бир жалган дин менен жашагандыктан, жалган хадистердеги мындай туура эмес түшүнүктөрдү көрө алышпайт.
Эмки бөлүмдө аялдарды чектөө жана басмырлоо үчүн өз ойлорунда Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандардын сөздөрүнө жооп берилет.
Бир маанилүү жагдайды сөзсүз белгилөө керек. Куранда Пайгамбарыбыздын (сав) аялдары жөнүндө түшүрүлгөн аяттар бар. Пайгамбарыбыз (сав) жашаган доордо фитнанын алдын алуу жана ыктымалдуу түшүнбөстүктөргө бөгөт коюу үчүн Аллах Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарын башка аялдардан өзүнчө туткан. Куранда мындай деп айтылат:
Эй Пайгамбардын аялдары, силер катардагы аялдардын бири (сыяктуу) эмессиңер; эгер тартынсаңар, анда сөздү жагымдуу кылып сүйлөбөгүлө, жүрөгүндө (руханий) оорусу бар адамга жаман ой келип калат. Сөздү демейки абалда сүйлөгүлө. Үйлөрүңөрдө кадыр-барктуу отургула (үйүңөрдө болгула), мурдакы караңгы (аялдар) кооздуктарын көрсөткөн сыяктуу, силер да кооздуктарыңарды көрсөтпөгүлө; намазды туптуура кылгыла, зекетти бергиле, Аллахка жана элчисине моюн сунгула. Эй Ахли Байт, чындыгында Аллах силерден кирди (күнөө жана жамандыкты) кетирүүнү жана силерди таптаза кылууну каалайт. (Ахзаб Сүрөсү, 32-33)
Бул аяттарда Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарына жашоо калыбы, сүйлөө, кийинүү сыяктуу жагдайларда өзүнчө милдеттер жүктөлгөн. Куран аяттарын чечмелегендер кээде бул аяттарды бүт мусулман аялдар жөнүндө айтылган аяттар деп чечмелешет. Чындыгында болсо, бул аяттар бүт мусулман аялдар жөнүндө эмес, Пайгамбарыбыздын (сав) аялдары башка аялдардан өзүнчө тутулган.
Аялдар жөнүндөгү жалган хадистерди бир катар мусулман элдерде кандай туура эмес ишенимдин жайылганын жана бул туура эмес ишенимдин негизги булагын көрсөтүү максатында ушул бөлүмдө карадык. Буларды окуган соң Ислам атынан буларды жасагандар же булардан улам Ислам динине каршы чыккандар аялдарга зулумдук кылган бул системанын чындыгында Куранда эч жок экенин көрө алышат.
Бирок кээ бирлер аялдарды басмырлоого өздөрүнчө Курандан далил келтирүүгө аракет кылышат. Бул кээ бир Куран аяттарынын туура эмес тафсир кылынышынан, кашаанын ичине жазылган жеке пикирлер аркылуу туура эмес чечмеленишинен жана көбүнчө аяттардын жогоруда айтылган жалган хадистердин негизинде чечмеленишинен келип чыгат. Бирок бир гана Куранды караганыбызда, фанаттардын өз каалоосуна ылайык таап чыгууга аракет кылган чечмелөөлөрдүн эч бирөөсүн Курандан таба албайбыз.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн канчалаган жылдан бери «аялдарды үйгө камоо, уруу, жарым адам деп эсептөө» деген сыяктуу түшүнүктөргө далил келтирүүгө аракет кылынган аяттарды карайбыз. Бир фанаттын эмес, Куранга моюн сунган динчил бир мусулмандын көз-карашы менен каралганда, аяттардын чыныгы маанилери түшүндүрүлгөндө, фанаттардын жасалма дини аралашпаганда, аялзаты эң көп баркталган системанын чындыгында Курандагы система экенин ар бир адам апачык көрө алат.
Белгилүү болгондой, фанаттык дин эң көп айткан нерселердин башында аялдардын жамынуусу турат. Диндин көп өкүмдөрүнө дээрлик эч көңүл койбогон, негизги ибадаттарды да жасабаган, бирок сүннөттө –б.а. хадистерди орундатууда- өтө такмын деген көп адамдар дин жана ыйман жөнүндө көбүнчө «жоолук = дин» деген түшүнүктө болушат. Ал кишилер диндин бирден-бир символундай көргөн жоолук негизи Куранда барбы?
Көп аалымдар жоолук жана жамынуу жөнүндөгү өкүмдү Курандан алдык дешет жана кээ бир аяттарды буга мисал көрсөтүшөт. Анткен менен, Куранда жоолук сөзү кездешкен бир дагы аят жок. Ошондуктан алгач Курандын тафсирлерде жана Куран маанилеринин котормолорунда кандай чечмеленээрин жана туура чечмелөөнүн кандай экенин көрүү керек.
Ыймандуу аялдарга да айт: «Көздөрүн (арамды кароодон) алып качышсын жана намыстарын сакташсын; кооздуктарын көрсөтүшпөсүн, бирок өзүнчө көрүнгөндөрдөн тышкаркысын. Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын. Кооздуктарын өз күйөөлөрүнөн же аталарынан же балдарынан же күйөөлөрүнүн балдарынан же өз бир туугандарынан же бир туугандарынын балдарынан же кыз бир туугандарынын балдарынан же өз аялдарынан же кол астындагылардан же аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылардан же аялдардын уяттуу жерлерин али биле элек жаш балдардан башкасына көрсөтүшпөсүн. Жашырган кооздуктары билинсин деп буттарын жерге урушпасын. Баарыңар чогуу Аллахка тообо кылгыла эй ыймандуулар, ошондо кутулууга жетээрсиңер.» (Нур Сүрөсү, 31)
Дээрлик бүт Куран маанилеринин котормосунда аяттагы «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деген сүйлөмдө негизи «жоолук» деген сөз кездешпейт. Бул жерде колдонулган сөз «жамынчы». Аяттагы сөздөрдүн арапча маанилерин караганыбызда муну апачык көрө алабыз:
«...Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын...» (Нур Сүрөсү, 31)
«Ве кул лил муъминати йагдудне ве йахфазне фуружехунне, ве ла йубдине зинетехуннеилла ма захера минха, вел йадрибне би хумурихинне альа жуйубихинне, ве ла йубдине зинетехунне илла ли буулетихинне эв абаихинне эв абаи буулетихинне эв эбнаихинне эв эбнаи буулетихинне эв ывханихинне эв бени ыхванихинне эв бени эхаватихинне эв нисаихинне эв ма мелекет эйманухунне эвит табиине гайри улил ирбети минер рижали эвит тыфлиллезине лем йазхару альа авратин нисаи, ве ла йадрибне би эржулихинне ли йуълеме ма йухфине мин зинетихинн(зинетихинне), ве тубу илаллахи жемиан эййухел муъминуне леаллекум туфлихун(туфлихуне).»
Йадрибне:«Дарабе» этишинен келип чыккан, «уруу, согуу, таштоо, жабуу, тосуу» маанисинде.
Хумурихинне:«Хамара» сөзүнөн келип чыккан. «Хамрү» «шарап, мас кылуучу» деген мааниге келет. Бул сөз бул аятта «жамынчы» маанисине келет. Көбүнчө «ар кандай жамынчы, парда, тосмо; шылтоо» сыяктуу маанилер берилет.
Жуйубихинне:«Жүйуб» сөзүнүн көптүк түрү. Көкүрөк, жака, чөнтөк, коюн, мончок сыяктуу маанилери да бар.
Эми аяттын «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деп которулган «вел йадрибне бихумурихинне аъла жуйубихинне» деген бөлүгүн сөздөр боюнча карап чыгалы:
Жоолукка далил катары колдонулган «Хумур» сөзүнүн өтө көп маанилери бар, бирок жалпысынан «жамынчы» деген мааниге келген «хымар» сөзүнүн көптүк түрү жана «жабуу» деген мааниге келген «хамр» уңгусунан келип чыккан.
Сөздүктөрдө «хымар» жалпы мааниси жагынан «жамынчы» деп которулат, сөз «кандайдыр бир нерсени жабуу» деген мааниге келет.
Ошондуктан аятта «жоолуктарын» деп которулган сөз чындыгында «жамынчы» деген гана сөз жана «баш» деген (баштагы жоолук маанисине келчү) сөз аятта эч орун алган эмес.
Аяттагы бул этиш жоолукту Курандын бир өкүмү катары көрсөтүүгө аракет кылгандар тарабынан «түшүрүшсүн, салышсын» деп которулат. Мунун себеби, башта ансыз да жоолук бар болгон деген көз-карашын туура көрсөтүү үчүн «жоолуктарын көкүрөгүнө түшүрүшсүн» деген сүйлөмдү колдоно алуу. Чындыгында болсо бул этиштин мындай мааниси жок жана анын колдонулушу төмөнкүдөй:
«Йадрибне» этиши «дарабе» уңгусунан келип чыккан. Дарабе «уруу, согуу, таштоо, жабуу, тосуу» деген маанилерге келет. Аяттагы колдонулушунда, б.а. «жамынчылары менен (бихумурихинне) көкүрөктөрүнө (жуйубихинне) урушсун (лийадрибне)» деп жамынчы менен көкүрөк аймагын жабуу керек экени айтылган.
Куранда «салышсын, түшүрүшсүн» деген мааниде «фелйүднине» деген сөз колдонулат. Бул этиш болсо аятта такыр кездешпейт.
Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
«Жуйуб» деген сөз «жеп» (чөнтөк) деген сөздүн көптүк түрү (көйнөктө чөнтөк ачуу, чөнтөгүнө салуу, чөнтөгүнөн чыгаруу деген сыяктуу маанилерде колдонулат). Мындан тышкары, «көкүрөк, жака, коюн, тешик, оюк, мончок, майда акча салган сумка, ачыктык, жарык, моюн» деген сыяктуу маанилери да бар.
«Жуйуб» сөзү Куранда 3 жолу кездешет. «Жуйуб» сөзү Нур Сүрөсүнүн 31-аятында колдонулат, сөздүн жекелик түрү, б.а. «жейб» болсо Аз. Муса (ас) окуясы баяндалган эки аятта кездешет. Бул сөз ал эки аятта болсо төмөнкүчө колдонулган:
«Жуйуб» сөзүнүн жекелик түрү, б.а. «жейб» Аз. Муса (ас) окуясында эки жолу кездешет:
«Колуңду койнуңа (фи жейбике) сал, анан ал укмуш апакай болуп чыксын... (Немл Сүрөсү, 12)
Колуңду койнуңа (фи жейбике) сал. Укмуш апакай болуп чыксын. ... (Касас Сүрөсү, 32)
Көрүнүп тургандай, жогорудагы эки аятта тең «жуйуб» сөзү Аз. Муса (ас)дын «көкүрөгү/ койну» деген мааниде колдонулган. Буларды караганыбызда, «жуйуб» сөзү «хымар», б.а. «жабуу» сөзү менен чогуу колдонулганда, көкүрөктүн жабылышы деген мааниге келээри ачык. «Башты жабуу (жоолук салуу)» деген сыяктуу бир маани болсо аяттын эч бир жеринде жок.
Ошондуктан «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деп тафсир кылынган бөлүктүн чыныгы мааниси «жамынчыларын көкүрөктөрүнүн үстүнө жабышсын» болот. Аятта башты эмес, көкүрөктү жабышсын деп өкүм кылынган.
The word “juyub” in verse 31 of Surat an-Nur means “breast” and the word “khumur” means to cover. The verse is referring to covering the breasts. There is nothing in the verse about covering the head. |
«Жоолук» деген өкүмдү чыгара алуу үчүн Нур Сүрөсүнүн 31-аяты кээ бир тафсирчилер тарабынан кээде бурмаланган кээ бир сүйлөмдөрдү колдонуп которулган. Андагы максат аятты төмөндө келтирилген хадистерге тууралоо болгон (аятты аруулайбыз). Негизги бурмалоо болсо «жоолуктарын салышсын» деп туура эмес которуу аркылуу жасалууда.
Kuran‘ın hiçbir yerinde başörtüsü ifadesi geçmemektedir. Buna rağmen bazı tefsirciler, bir kısım mevzu hadislere uyum gösterebilmek için Kuran‘dan zorlama bir şekilde başörtüsü hükmü çıkarmaya çalışmışlardır. |
Аяттын «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деп тафсир кылынган бул бөлүгүндө жогоруда ар бир сөзү арапча маанилеринен карап чыгылгандай, «баш жоолугу» деген сөз да, «салынышсын» деген сөз да жок. Ошого карабастан, аятты ушундай тафсир кылгысы келген кишилер Куранга карама-каршы келгени үчүн, бул тафсирлерин түшүндүрүүдө маанисиз жана парадоксалдуу абалга түшүшөт. Көпчүлүгү «ансыз да баштарында бар болгон жоолукту жакаларына салышты» деген сыяктуу таң калыштуу сөздү айтып, ага чейин эле аялдардын башында бир жамынчы болгон дешет. Ал кездеги мусулман аялдардын «ансыз да баштарында бир жамынчы» болушу үчүн бул жөнүндө Куран менен келген бир шарт, бир өкүм талап кылынат. Бирок Курандын эч бир жеринде жоолук жөнүндө эч сөз болбойт. Ошондуктан ал доордогу аялдардын бир өкүмдүн негизинде баштарында бир жоолук менен жүрүшү мүмкүн эмес. Ушул себептен «ансыз да бар болгон бир жоолук» деген түшүндүрмө маанилүү бир логикасыздыкты көрсөтөт. Эми бул логикасыз түшүнүктөрдү карайлы:
1- «Ансыз да башта бар болгон бир жамынчы» дегенди түшүндүрүү үчүн кээ бир тафсирчилер Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятында айтылган «жилбаб», б.а. хиджаб жөнүндөгү аятты Нур Сүрөсүнүн 31-аятынан мурда түшүрүлгөн, ошондуктан мусулман аялдардын баштарында ага чейин эле бир жамынчы бар болгон дешет. Өтө чоң логикасыздыктын бирөө ушул жерде келип чыгат. Жилбаб ансыз да, бир аздан соң терең каралгандай, бүт денени баштан ылдый жапкан бир кийим, б.а. хиджаб. Максаты ансыз да денени жабуу. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында аялдарга көкүрөктөрүңөрдү жапкыла деп өкүм кылынганын эстесек, жилбаб, б.а. хиджаб менен жүргөн бир аялдын көкүрөгүнүн ачык болуу ыктымалдыгынын жок экенин, ошондуктан бул аяттын бүт денеси менен башын хиджаб менен жапкан аялдарга кайрылбаганын да түшүнөбүз. Бул пикирди айтып чыккандар бул маанилүү жана негизги жагдайды унутушкан.
2- Ал доордо араптарда аялдар жылаңач жүрүшкөн. Аят ошонун негизинде түшүрүлгөн. Бул аяттан соң мусулман аялдар ачык жүргөн көкүрөктөрүн жаап башташкан. Аятта айтылган «жуйуб» сөзүнүн көкүрөк деген мааниге келээрин жана бул аяттагы сүйлөмдүн чыныгы маанисинин «жамынчыларын көкүрөктөрүнүн үстүнө жабышсын» деген мааниге келээрин кайра эске салалы.
3- «Ансыз да бар болгон жоолук» деген жаңылыштыкты жактаган кээ бир тафсирчилердин ою боюнча, ал аялдардын баштары жоолук менен «ага чейин эле» жабылган, бирок бул логика боюнча кандайдыр бир себептен көкүрөктөрү ачык жүрүшкөн! Бул логика боюнча, аялдар баштарын жабууга акылы жетип, бирок көкүрөктөрүн жабууга баштары жеткен эмес (мусулмандарды аруулайбыз). Баштарындагы жоолукка өтө маани беришип, бирок денелери жылаңач жүрүшкөн. Бул тафсирчилердин «ансыз да бар болгон жоолугу» деген түшүндүрмөсү ушул жыйынтыкка алып келет. Бул кишилер бул чечмелөөсү аркылуу «көкүрөктөрү ачык, бирок баштары жабык» болгон ал аялдарга баштарыңардагы жоолукту төмөн көздөй салынып, көкүрөктөрүңөрдү да жапкыла деп насаат кылынган дешүүдө. Бул чоң логикасыздык «башыңарды жапкыла» деген өкүмдү мажбурлап Куранга киргизүү аракетинен келип чыккан бир жыйынтык.
4- Бул кызыктай чечмелөө боюнча, «башта ага чейин эле бар болгон жоолук» ушунчалык узун болгондуктан, аны көкүрөктү эки тараптан толук жаба турганчалык төмөн түшүрүүгө болот. Ошондуктан бул түшүнүк боюнча, жылаңач жүргөн ал кездеги аялдардын башында «ансыз да» бир жоолук болгон, жана ал хиджаб сыяктуу узун болгон. Аятты «жоолуктарын салышсын» деп туура эмес чечмелөө андай тафсирди жасагандарды ушунчалык чоң логикасыздыкка алып барууда. Бул мааниси апачык турган бир аятка башка маани берүүгө аракет кылуунун бир натыйжасы.
Аятка жоолукту кошуу үчүн ойдон чыгарылган хадистердин чечмелөөлөрү болсо мындан да чоң логикасыздыктарды камтыйт. Бул кийинки бөлүмдөрдө каралат.
Арапча бир текстти толук түшүнүү үчүн, б.а. туура котормо жасоо үчүн көңүл буруу керек болгон кээ бир жагдайлар бар:
Аялдардын кийими жөнүндөгү критерийлерди толук белгилөө үчүн «жамынчы» сөзүнүн арап тилинде кандай колдонулаарына да көңүл буруу керек.
Жалпысынан арап тилинде «жамынчы» сөзү «жабыла турган» нерсе менен чогуу колдонулат. Мисалы, «жабуу» сөзүнүн жанына «стол» сөзү келгенде «столго жапкыч» болуп калат, ошол сыяктуу «жабуу» («хымар») сөзүнүн жанына «баш» («реъс») сөзүнүн келиши менен «хымарү-реъс», б.а. «башка салынчу жоолук» сөзү келип чыгат. Эгер Куранда аялдардын баштарын жабышы буйрулганда, колдонула турган сөздөрдүн бири ушул, б.а. «хымарү-реъс» болмок. Бирок антип айтылган эмес.
Куранда даарат алуу жөнүндөгү Маида Сүрөсүнүн 6-аятында баштын масх кылынышында «баш» сөзүнө «реъс» менен басым жасалган.
Эй ыймандуулар, намазга турганыңарда жүздөрүңөрдү жана чыканакка чейин колдоруңарды жуугула, баштарыңарды масх кылгыла жана эки томукка чейин буттарыңарды да. (Маида Сүрөсү, 6)
Арапча окулушу: Йа аййуха аллазийна амануу иза кумтум ила ассалати фа игсилуу вужухекум ва айдийакум ила альмарафики ва имсахуу би руусикум.
Апачык көрүнүп тургандай, эгер Аллах аялдарга башыңарга жоолук салынгыла деп буйрук бергенде, бул буйрук Куранда ачык жана так билдирилмек. Бирок аялдардын кийимдери жөнүндөгү аяттарды караганыбызда баш жөнүндө мындай басым жасалбаганын көрөбүз.
Куранда бир жагдайды иликтөөдө ал сөздүн аяттагы башка сөздөр менен кантип колдонулганын жана башка аяттарда ал сөздүн кандай мааниде колдонулганын да кароо керек.
Нур Сүрөсүнүн 31-аятындагы «хымар» («жамынчы») сөзүнүн жанында колдонулган жана анын маанисин тактаган сөз «жуйуб» сөзү; бул сөз жогоруда каралгандай, бүт башка аяттарда да «көкүрөк» аймагы деген мааниде колдонулган. Ошондуктан көкүрөктү жабыш керек экени айтылган.
Арап тили башка көптөгөн тилдерге салыштырмалуу сөзгө бай, ичиндеги маанилери жагынан өтө кенен бир тил. Өтө аз сөз менен өтө көп нерсени айтууга болот жана бир сөз көп түрдүү колдонулуп, бир сөздүн бир канча мааниси болушу мүмкүн. Ошондуктан аяттагы маани апачык болуп турса да, көп тафсирлерде кашаанын ичинде түшүндүрмөлөр, кошумчалар жасалып, котормочунун жеке чечмелөөлөрүнө жараша багыт берилүүдө.
Бул жерде эскерте кетели, Куран котормолорун жасаган кишилердин кээ бирлери салттык Ислам түшүнүгүндөгү кишилерден тургандыктан же көбүнчө ошондой кишилердин котормолору негиз алынгандыктан, аят котормолорундагы жеке чечмелөөлөр да көбүнчө салттык кабыл алынган хадистерге таянып жасалууда. Кашаалар же чечмелөөлөр аркылуу котормочулар –билип же билбей- аяттын маанисин ал темадагы хадистердин маанисине ылайык өзгөртүшүүдө.
Нур Сүрөсүнүн 31-аятын Куран маанилеринин котормолорунан караганыбызда, аяттын эч бир жеринде «жоолук» сөзү кездешпесе да, тафсирчилер тарабынан кашаанын ичинде же түздөн-түз тексттин өзүндө «жоолук» деген сөздүн колдонулганын көрөбүз. Аятта «баш», б.а. «реъс» деген сөз эч болбогонуна жана «жамынчы» сөзү «көкүрөк» деген сөз менен чогуу колдонулганына, б.а. жабуу керек болгон жер –көкүрөк- апачык белгиленгенине карабастан, «кандайдыр бир жамынчы» маанисине келген «хымар» сөзү жанында «баш» деген сөз тургандай, «баш жоолугу» деп которулууда. Ошондуктан аяттагы өкүм өзгөртүлүп, өзгөртүлгөн өкүм жайылтылып салтка айландырылууда жана мындан аялдар башын жабышы керек деген бир жыйынтык чыгарылууда.
Чындыгында болсо, тафсирчилер тарабынан кийин кошулган бул чечмелөө алып салынганда, аяттын апачык көкүрөк аймагын жабууга ишарат кылганы көрүнөт. Аятты түз окуган ар бир адам ушул маанини гана түшүнөт.
Some people who translate the Qur'an from a traditional conception of Islam tend to produce changes in meaning, either through the use of parentheses or directly in the text itself. Although verse 31 of Surat an-Nur says nothing about a head-covering, these people have not hesitated to refer to the headscarf either in parenthesis or directly in the text. Yet once this interpretation is done away with, the verse clearly refers to covering up the chest. |
Ыймандуу аялдарга да айт: «Көздөрүн (арамды кароодон) алып качышсын жана намыстарын сакташсын; кооздуктарын көрсөтүшпөсүн, бирок өзүнчө көрүнгөндөрдөн тышкаркысын. Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын. Кооздуктарын өз күйөөлөрүнөн же аталарынан же балдарынан же күйөөлөрүнүн балдарынан же өз бир туугандарынан же бир туугандарынын балдарынан же кыз бир туугандарынын балдарынан же өз аялдарынан же кол астындагылардан же аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылардан же аялдардын уяттуу жерлерин али биле элек жаш балдардан башкасына көрсөтүшпөсүн. Жашырган кооздуктары билинсин деп буттарын жерге урушпасын. Баарыңар чогуу Аллахка тообо кылгыла эй ыймандуулар, ошондо кутулууга жетээрсиңер.» (Нур Сүрөсү, 31)
Нур Сүрөсүнүн 31-аятында Аллах көңүл бурган дагы бир жагдай – бул аялдардын «кооздуктары». Аяттагы «жашырган кооздуктары билинсин деп» деген сүйлөм аркылуу да аялдын баш бөлүгүнүн эмес, көкүрөгүнүн жабылышы керек экени түшүнүктүү болууда.
Бирок кээ бир хадистерде жана кээ бир Куран тафсирлеринде кашаанын ичиндеги кошумчалар аркылуу же сөздөрдүн маанисин өзгөртүү аркылуу бул такыр башкача чагылдырылууда. Буларды карап чыгалы:
Бул аятта колдонулган «зийнетехунне» деген сөздүн чыныгы мааниси кыргыз тилинде колдонулган «зыйнат», б.а. «кооздук» дегенди билдирет жана сөздүн аягындагы «хунне» мүчөсү аркылуу аялдар жөнүндө сөз болуп жатканы белгилүү болууда.
Кээ бир аалымдар өз пикирлери боюнча «аялдын денеси кооз жана өзүнө тартат, ошондуктан аятта бүт дене айтылган» жана ошондуктан аял бүт денесин жабышы керек дешет. Бирок аятта эч мындай нерсе айтылган эмес.
Кээ бирлери болсо кайра эле Курандагы мааниден такыр башкача чечмелөө жасап, «зыйнаттар деп зер буюм-мончоктор тагылган жерлер айтылган, ошондуктан бул зыйнаттар тагылган жерлерди кароо күнөө (арам)» дешет. Кээ бирлери андан да ары кетип, «аялдын кесилген чачына, тырмагына кароо күнөө» дешкен. Буга таянып кээ бирлери «бир аз кароо көбүнчө адамды баарын кароого түртөт» (Ибн Хажер, Зеважир) деген таң калаарлык кызыктай логикаларды чыгарышкан.
Көңүл бурулган болсо, аят апачык болуп турганына карабастан «жашырган кооздуктары билинсин деп» деген сүйлөмдөн чыгарылган сансыз, бир-биринен айырмалуу, кызыктай чечмелөөлөр булар. Чечмелөөлөр кишилердин түшүнүгүнө жараша өзгөрүп, кээде кишилердин аялдарга болгон көз-карашына жараша өзгөргөн. Аялды жаап-чүмкөөгө, пассивдештирүүгө, сулуулугун жок кылып коомдон жана адамзаттан алыстатууга аракет кылган, аны экинчи катардагы адамга айландырып, Аллах үчүн эмес, эркек үчүн жашай турган бир жандыкка айлантууга аракет кылган көз-караштар аяттагы бир гана «кооздук» сөзү менен аялды толук жок кылууну көздөшкөн. Куран аяттарын бурмалап чечмелөө боюнча жасалган аракеттер натыйжасында көп адамдар Курандын өзүнөн алыстап, Куранды түшүнүксүз бир китептей көрүшкөн, жана бул кошумчалар хадистер менен бирге чечмеленгенде болсо, Курандагыдан такыр башка бир дин түшүнүгү келип чыккан.
Чындыгында болсо аяттагы «жашырылган кооздуктар» деген сөздүн мааниси апачык жана жашырылган эки жер; б.а. жыныстык орган менен көкүрөктөр айтылууда.
Кээ бирлери болсо аятта «зыйнат» сөзү аркылуу «мончок, зер буюмдары сыяктуу кооздук буюмдары» айтылган дешет, бул болсо кээ бир жалган хадистерге таянып жасалган чечмелөөлөрдүн туура эместигин түшүнүү жагынан маанилүү. Бул таң калыштуу көз-караш боюнча, эркек ушунчалык жапайы бир инстинкт менен жашайт жана бир мончокту кароо дагы анын контрольдон чыгышына жетиштүү болот. Ошондуктан бул түшүнүк боюнча, өтө жапайы бир жандык «эркекти» тизгиндей алуу үчүн тезинен мончокторго тыюу салынат!
Бул үрөй учурган логика негизи фанаттардын мусулман бир эркекке болгон көз-карашын да көрсөтөт. Чындыгында болсо, мусулман бир эркек Аллахтан коркот. Күнөө (арам) иштерди эл арасында бир нерселерге тыюу салынганы үчүн эмес, Аллах каалабаганы үчүн жасабайт. Мусулман бир эркек ачык бир аялды же бир мончокту көргөнү үчүн өзүн жоготуп, контрольдон чыгып кеткен, айбандык инстинкттер менен жашаган бир жандык эмес. Бул мусулман бир эркекке айтылган өтө чоң бир акаарат.
Мындай чечмелөөлөр негизи фанаттардын жапайы түшүнүгүн аңдап-түшүнүү жагынан өтө маанилүү. Фанаттардын чечмелөөлөрүн бир тарапка коюп, бир гана Куранды негиз тутканда болсо аятта колдонулган «зыйнат» сөзүнүн эмне мааниге келээрин апачык түшүнөбүз.
Фанаттык логиканын кооздуктарга тыюу салуу, шуру, сөйкө сыяктуу зер буюмдарына бөгөт коюу логикасынын тескерисинче, Аллах Курандагы аяттарда кооздук буюмдары менен зер буюмдарын ыймандуулар үчүн түшүргөнүн/чыгарганын, ал тургай, мечиттерге кооз жана жарашыктуу кийимдер менен баруу керек экенин билдирет:
Эй Адам урпактары, ар мечиттин жанында зыйнаттарыңарды тагынгыла... (Аьраф Сүрөсү, 31)
Аллах бир аятында: Айткын: «Аллах кулдары үчүн чыгарган зыйнатты жана таза ырыскыларды ким арам кылган?» (Аьраф Сүрөсү, 32) деп, Аллах адал кылган зер буюмдарына да тыюу сала турган бир түшүнүктүн пайда болоорун кабар берет. Аяттын уландысында болсо «...Айткын: «Булар дүйнө жашоосунда ыймандуулар үчүн, кыямат күнү болсо бир гана ошолор үчүн.» Билген бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден түшүндүрөбүз. (Аьраф Сүрөсү, 32) деп зыйнат, зер буюмдары жана кооздуктардын мусулмандарга дүйнөдө берилген сонун бир сый-жакшылык экенине басым жасалып, акыретте болсо бир гана мусулмандарга тиешелүү болоору белгиленип, бул кооздуктарга эң көп ыймандуулардын ылайык экени айтылууда. Аллах бул кооздуктарды ыймандууларга ылайык көргөнүнө карабастан, фанаттардын муну мусулмандарга тыюу салууга аракеттениши алардын Курандын түшүнүгүнө канчалык карама-каршы келээринин дагы бир далили.
Зыйнат сөзү кооздук катары колдонулган башка бир аят болсо мындай:
Эй Адам урпактары, Биз силердин жаман жерлериңерди тосо турган бир кийим жана силерге «кооздук бере турган бир кийим» түшүрдүк (жараттык). Такыбалык менен оронуп-жабдынуу болсо бул жакшыраак. Бул Аллахтын аяттарынан. Насаат алып-ойлонушат чыгаар. (Аьраф Сүрөсү, 26)
Жогоруда «кооздук» деген сөз колдонулган аяттарда Аллах зыйнаттар, б.а. зер буюмдары менен сулууланууну айтууда. Бирок Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар сөзүнүн зер буюмдары, бермет, мончок менен байланышы жок. Бул жерде аялдардын үй-бүлө ичиндеги жашоосу мисал келтирилип, аялдарга үй-бүлө ичинде кандай эркиндик берилгени көрүнүп турат. Эми аяттын «кооздуктар» менен байланыштуу бөлүгүн ар бир сөздүн мааниси боюнча талдап көрөлү:
...Кооздуктарын өз күйөөлөрүнөн же аталарынан же балдарынан же күйөөлөрүнүн балдарынан же өз бир туугандарынан же бир туугандарынын балдарынан же кыз бир туугандарынын балдарынан же өз аялдарынан же кол астындагылардан же аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылардан же аялдардын уяттуу жерлерин али биле элек жаш балдардан башкасына көрсөтүшпөсүн. Жашырган кооздуктары билинсин деп буттарын жерге урушпасын. Баарыңар чогуу Аллахка тообо кылгыла эй ыймандуулар, ошондо кутулууга жетээрсиңер.» (Нур Сүрөсү, 31)
Аяттын жүрүшүнөн бул жердеги «кооздук» сөзүнүн мончок же зер буюмдарына эмес, уяттуу жерлерге ишарат кылганы ачык көрүнүп турат. Аятта «кооздуктар» көрсөтүлбөшү керек болгон кишилер саналган. Ал кишилердин арасында аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылар менен аялдардын уяттуу жерлерин билбеген жаш балдар бар. Өзгөчө аялдардын уяттуу жерлерин билбеген жаш балдар маалыматынын берилгени «кооздук» сөзүнүн уяттуу жерлерди айтып жатканын так көрсөтүүдө.
Куранда өтө сылык, өтө кемчиликсиз баян колдонулган. Ошондуктан сөздөр өтө кылдат, терең изилденгенде, бул түшүнүктүү болот. Уяттуу жерлер Курандагы бул укмуш сылыктыкка жана адабий чеберчиликке ылайык сүрөттөлүп, кооздук деп айтылган.
Бир катар тафсирчилердин Нур Сүрөсүнүн 31-аятынан мажбурлап «жоолук» чечмелөөсүн чыгаруу үчүн кайрылган эң чоң таянычы – албетте, бул жөнүндөгү хадистер. Ал жалган хадистер аятка ушунчалык ачык карама-каршы келгендиктен, муну оңой эле түшүнүүгө болот. Эми бул хадистердин кантип Куранга карама-каршы келээрин, бул жалган хадистердин кантип Ислам жамаатын жоолук жөнүндө туура эмес багыттаганын жана ичиндеги логикасыздыктарды карайлы:
Some commentators have attempted to make verse 31 of Surat an-Nur compatible with fabricated hadiths by making additions or through misleading translations in an attempt to include the concept of the headscarf. The false hadiths in question maintain that when the verse was revealed, Muslim women cut up their skirts and covered their heads with them. According to this illogical claim, a woman's breasts and legs remained uncovered, but she had her head covered. |
Бүт далилдери менен көрүнүп тургандай, Куранда жоолукка далил катары көрсөтүүгө аракет кылынган Нур Сүрөсүнүн 31-аятында жоолук деген сөз такыр кездешпейт. Бирок бул жаңылыштык бир катар хадистердин Ислам адабиятына киргизилиши аркылуу жайылтылып, бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Фанаттар ойлоп чыгарган жасалма хадистер укмуш логикасыздыктарга толо. Эми булардан бир канча мисал келтирели:
Аз. Айша (р.а): «Аллах биринчи мухажир аялдарды рахматына бөлөсүн, Улуу Аллах: «Ыймандуу аялдар жоолуктарын жакаларынын үстүнө салышсын» деген аятын түшүргөндө, алар этектеринен (юбкаларынан) кесип алып, аны менен баштарын жабышкан.» дейт. (Бухари, Тафсир, Тафсир-у Сүретиън-Нур, 13 (V, 13) Эбу Давуд, Либас, 33 (IV, 3577; Бейхаки, VII, 88)
Азрети Айша энебиз айтат: Биринчи мухажир аялдарды Аллах рахматына бөлөсүн! Башты жабуу аяты түшкөндө, ошол замат жибек этектерин (юбка) айрып, баштарын жабышты. [Бухари, Несаи]
Сафиййе бинти Шейбе мындайча айтып берет: Биз Айша менен бирге элек. Курайш аялдарынан жана алардын жогорулугунан сөз кылып жатканбыз. Аз. Айша: «Албетте, Курайш аялдарынын бир катар артыкчылыктары бар. Бирок мен, Аллахка ант болсун, Аллахтын китебин көбүрөөк тастыктаган жана бул китепке күчтүүрөөк ишенген ансар аялдарынан жогорураагын көргөн жокмун. Нур Сүрөсүндөгү аялдар жоолуктарын жакаларынын үстүнө жабышсын аяты түшкөндө, алардын эркектери бул аяттарды окуп үйгө кайтышты. Ал эркектер жубайларына, кыздарына, кыз бир туугандарына жана туугандарына аларды окушту. Ал аялдардын баары этек (юбка) кездемелеринен Аллахтын китебин тастыктап жана ага ыйман кылып жоолук даярдашты. Эртеси эрте менен Аз. Пайгамбардын артында баштарын жапкан абалда эрте мененки намазга турушту. Алардын баштарынын үстүндө каргалар тургандай эле.» (Бухари: Тафсиру Сура 24/12 – Эбу Давуд: Либас 29 – Ахмед б. Ханбел: VI 188) (Ибни Кесир, Хадистер менен Курани Карим тафсири, том: 11, 5880-бет)
Көрүнүп тургандай, бул хадистердин баарында Нур Сүрөсүнүн 31-аяты түшкөн соң мусулман аялдар ошол замат этектеринен (юбка) кесип алып, баштарын жабышкан деп айтылат. Эң чоң логикасыздык мына ушул жерде башталат. Эми бул хадистердеги логикасыздыктарды жана кантип Куранга карама-каршы келээрин бир-бирден карайлы:
Аятта «...жамынчыларын жакаларынын үстүнө коюшсун...» деп жогоруда терең каралгандай, аялдардын көкүрөктөрүн жабышы айтылган. Бирок бул хадистерде бул аят түшүрүлгөн соң мусулман аялдардын ошол замат кийимдеринен кесип алып, көкүрөктөрүн эмес, баштарын жапканы айтылат. Анткен менен, аятта башты жабуу жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Бул хадистердин эч биринде мусулман аялдардын аяттын чыныгы өкүмүн кантип орундатканы, б.а. көкүрөктөрүн жапканы жөнүндө эч сөз болбойт.
Бул жерде айтылышы боюнча, аялдар өз этектеринен кесип алышып, аны менен аяттын өкүмү болгон көкүрөктөрүн жабуунун ордуна, жоолук кылып баштарына жабышкан. Жогоруда айтылган «жоолуктарын түшүрүшсүн» деген жаңылыш тафсирди туура көрсөтүү үчүн хадиске кошулган бул сүйлөм боюнча, башты да, көкүрөктү да жаба алгыдай болушу үчүн этектен кесилген бөлүк ушунчалык чоң болушу керек.
Бул жерде, албетте, биринчи эле ойго кесилген этектин абалы келет. Баш менен көкүрөктөрдү жаба турганчалык чоң бөлүктүн этектен (юбкадан) кесилип алынышы этекти бир мини-этекке (мини-юбкага) айландырат жана натыйжада аялдын буттары ачылып калат. Бул жерде айтылышы боюнча, ал аялдын көкүрөгү менен буттары ачык калган, бирок башын жапкан болот. Бирок бул бөлүмдүн башынан бери далилдери менен айтылып келе жаткандай, Нур Сүрөсүнүн 31-аяты аялдардын бир гана көкүрөк тарабын жабышы үчүн түшүрүлгөн бир аят.
«Жоолуктарын түшүрүшсүн» дегенди жактаган бир катар тафсирчилердин өз ойлорун туура көрсөтүү үчүн «башта ага чейин бар болгон бир жоолук» деп чечмелешээрин айткан элек. Алар аятта «жоолук» деген сөз бар экенин далилдөө үчүн ушундай ойду айтышат жана аятта сөз болуп жаткан аялдардын ага чейин эле башында жоолук (жамынчы) бар болгон дешет. Бирок хадистерде болсо бул аят түшкөндө аялдардын өз этектерин (юбкаларын) кесип, башына жоолук кылганы айтылууда. Бул тафсирчилердин эң чоң таянычы болгон бул хадистер кантип алардын сөздөрүнө ушунча карама-каршы келүүдө?
Карама-каршы келет, себеби Куранда жок жасалма өкүмдөрдү чыгарууга аракет кылгандардын диндери ушунчалык логикасыздыкка толо болот. Ар кандай ойдон чыгарылган өкүм Куранга карама-каршы келгени үчүн ичинде укмуш карама-каршылыктар болот. Нур Сүрөсүнүн 31-аяты өтө түшүнүктүү жана апачык бир аят болгонуна карабастан, «жоолукту» бул аяттан чыгара алуу үчүн алдамчы чечмелөөлөрдүн жасалышы өтө маанилүү жагдай. Бул хадистердин негизинде жасалган чечмелөөлөр менен алардын жыйынтыктары болсо үрөй учурат:
Шафи жана Ханбали мазхабдарында аялдын бүт денеси дайыма жабык жүрүшү керек (жүзү менен колдору да кошо). Ханафи жана Малики мазхабдарында колдор менен бет, ал да фитна жок шарттарда гана ачык болушу мүмкүн (Сабуни, Тафсирул Айатил Ахкам 2/154,155). Ас Судди: «Аял көздөрүнүн бирин жана жүзүнүн ачык калган көз тарабын жабат. Бир көз гана ачык калат.» Абу Хаййан: «Андалусияда салт ушундай эле. Аялдын бир көзүнөн башка эч жери көрүнчү эмес» (Абу Хаййан, Аль Бахрул Мухит). Шафи имамдары аялдын алынган тырмактарына кароого да тыюу салышкан (Ибни Хажер Аль Хайтами, Исламда адал жана арамдар 2). Кеңири тараган көз-караштардын бири боюнча, Ислам аялга парз кылган жамынуу аялдын жүзүн да камтыйт (Фыкхус Сийре). Башка бир булакта аялдын эркекти кантип карашы керек экени мындайча айтылган: «Аялдын чоочун бир эркектин көкүрөгүнө, далысына, бутуна аны каалап кетүү коркунучу болбосо да карашы туура болбойт. Жүз болсо фитна жагынан буттан, чачтан жана буттардан алдыда турат. Бул тараптарга кароонун күнөө (арам) экенин баары айтышат, демек жүзүн кароого да эң башта тыюу салынышы керек» (Сабуни, Реваи 2/156).
Мына ушундай үрөй учурарлык деңгээлге жеткен фанаттык түшүнүк аялды чүмкөп эле тим болбоодо. Кээ бирлери үчүн бул дагы жетишсиз, алардын ою боюнча бүт тарабын чүмкөгөн аял өзүн да үйгө камашы керек. Куранда аялга эркиндик берген, аялдын кимдердин жанында эркин боло алаарын, кимдердин жанында уяттуу жерлерин жабышы керек экенин баяндаган апачык бир аяттан мындай фанаттык, үрөй учурарлык чечмелөөлөрдү негизи чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок бул багыттагы хадистер аларга бул жолду ачып, аятка өз ойлорун кошо турганчалык алга кетишип, аялды башынан бутуна чейин жамынган, алынган тырмактары да күнөө болгон бир элеске айландырышкан. Фанаттык түшүнүктүн масштабын көрүү үчүн берилген бул мисал көп нерсени түшүндүрөт.
Бул жерде муну да эске салалы: хадис жыйнагында Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар менен эркектердин бир идиштен даарат алганы да айтылат (караңыз: Бухари, Вуду 43; Абу Давуд, Тахарет 39; Ибни Маджа, Тахарет 36; Насаи, Тахарет 56). Дааратта буттар, чыканакка чейин колдор, бет жана баш жуулат, демек бул хадистен аялдар менен эркектердин чогуу жана баштары ачык жүргөнү көрүнүп турат. Бирок фанаттардын бир өзгөчөлүгү, иштерине жарабаган хадистерди карашпайт.
Биз Куранды негиз тутабыз жана Курандагы баяндар апачык, аялдар менен эркектердин бир жерде баштары ачык жүрүшү Куранга туура келет.
«Аялдын алынган тырмактары да күнөө» деген өкүмдү чыгарган фанаттык түшүнүктү кароодо төмөнкү маанилүү жагдайга токтолуу зарыл. Аллах Куранда арам (күнөө) жана адалдарды өтө так жана апачык кылып бизге билдирген. Мусулмандар, мисалы чочконун этинин арам экенин «Ал силерге өлүктү (тарпты), канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын атына союлган (мал)ды толук арам кылды...» (Бакара Сүрөсү, 173) аяты аркылуу билишкен. «Толук арам кылды» өкүмүндө бир мусулман күмөнгө түшө турган, чечмелөө жана тафсирлерге карап тыянактар чыгара турган, кайчы пикирде кала турган эч нерсе жок. Дагы бир мисал болсо пайыз мисалы. «...Аллах сооданы адал, пайызды арам кылды...» (Бакара Сүрөсү, 275) аяты аркылуу пайыз мусулмандарга ачык, даана тыюу салынган. Бул аятка карабастан, эч ким муну талкуулап, «пайыз менен сооданын айырмасы жок» деген тыянак чыгара албайт.
Ошондуктан биз арамдарды (тыюуларды) бир катар тафсирчилердин жеке күмөндөрү менен чыгарган тыянактарынан, аяттарга кошкон кашаанын ичиндеги чечмелөөлөрүнөн же хадистерден эмес, түздөн-түз аяттын өзүнөн түшүнөбүз. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында да жогоруда айтылгандай көздөлгөн маани апачык берилген. Бирок бир катар тафсирчилердин аяттардын ичине кашаанын ичинде өз оюн кошуу катасы өзгөчө ушул аятта өтө көп жасалган. Мисалы, кээ бир тафсирчилер өз оюна жараша өкүмдөрдү чыгарган мазхаб имамдарынын таасиринде калышып, бул аятка кашаанын ичинде «жүз жана кол сыяктуу көрүнгөн бөлүктөрдөн тышкары» деген кошумчаны кошушкан. Бирок, эгер Исламда аялдардын «кол менен жүзүнөн тышкары бүт тарабын жабышы» керек болгондо, албетте, мындай маанилүү нерсе толугу менен, апачык Куранда айтылмак. Жана Улуу Раббибиз мунун арам (күнөө) экенин ачык жана так белгилемек. Биз чочконун этинин, пайыздын же зынаанын (никесиз байланыштын) күнөө экени жөнүндө эч күмөнгө түшпөгөн сыяктуу, муну да Куранда таптак көрмөкпүз. Бирок Куранда мындай кийинүү формасы сүрөттөлгөн эмес. Бул бир катар тафсирчилердин чечмелөөлөрүндө гана бар.
Эмнегедир фанаттардын Куран боюнча чечмелөөлөрү, хадистердин да таасири менен дайыма аялды үйгө камоо же аялдын денесин чүмкөөгө багытталган. Эң негизги себеп катары болсо дүүлүктүрүүнү көрсөтүшөт. Аял денеси эркектер үчүн канчалык өзүнө тартуучу болсо, эркек денеси да аялды дал ошондой өзүнөн тартат. Куранда эки жыныс арасында эч кандай айырма көрсөтүлгөн эмес, демек эркектердин дүүлүгүүдөн коркуп аялдарды чүмкөөгө же жок кылууга аракет кылышынын эч мааниси жок. Эгер маселе эркектердин дүүлүгүшүндө болсо, анда эркектердин өзүн үйгө камашы же сыртка айлананы көрбөй тургандай бир жамынчы менен чыгышы туурараак болот. Өздөрүнүн дүүлүгүү ыктымалдыгы себебинен аялды чүмкөөнүн ордуна, мындай рискти толук жоюу жолун тандашы керек.
Муну бул тема менен байланыштуу бүт багытта колдонууга болот. Мисалы, аялдын үнү кээ бирлери тарабынан дүүлүктүрүүчү катары көрүлүп, ошондуктан сүйлөшүнө бөгөт коюлуп жатса, бул эркектерге да тиешелүү. Эгер аялдын үнүн, ырдаган ырларын укпаш керек болсо, анда аялдардын да эркектин үнүнөн дүүлүгүшү мүмкүн экенин эске алып, мындай чектөөнү эркекке да киргизүү керек. Эгер фанаттык логика чыгарган эрежелерди жарактуу деп жарыялап, адамдарды буга ынандыргылары келсе, анда ошол эле нерселерди эркектерге да жасашы керек болот.
Бирок, албетте, Исламда Куран гана негиз алынат жана Курандын логикасында мындай чектөө жок. Фанаттар чыгарган мындай чектөөлөр болсо – эркиндикти жок кылуу максатында ойлоп табылган, коомду туюкка түртүп, өздөрүн да, алар жашаган коомдорду да балээге алып бара турган эрежелер.
Аял менен эркек бүт тарапта тең болгон сыяктуу, намыс темасында да тең. Аялга зына (никесиз байланыш) күнөө болгон сыяктуу, эркекке да күнөө. Ахзаб Сүрөсүнүн 35-аятында «намыстарын коргогон эркектер жана (намыстарын) коргогон аялдар» деп апачык белгиленгендей, аял кандай адеп-ахлактуу болуп, намысын, уятын коргошу керек болсо, эркек да ошондой адеп-ахлактуу болуп, намысын, уятын коргоого мажбур. Бирок мунун жолу – адамдарды чүмкөө, сыртка чыгарбай коюу, жолуктурбай, сүйлөштүрбөй коюу эмес. Мунун жолу – Курандын адеп-ахлагын аң-сезимге сиңирүү. Адам – инстинкттери менен жашаган, каалоолору аны каякка айдаса, ошол жакка барган жапайы бир айбан эмес. Адам – акылы, аң-сезими жана эң негизгиси Аллах ага үйрөткөн адеп-ахлагы менен Аллах коркуусу жана сүйүүсү менен туураны туура эместен айырмалай алган жана адам касиетин алган бир жандык.
Ошондуктан бир адамдын намысын коргоп-коргобошун башкалардын ачык кийинип, чачын канчалык көрсөткөнү эмес, анын Аллахтан болгон коркуусу жана адеп-ахлагы аныктайт. Аллах бир аятта «...Көрүнбөгөн жерде кимдин Андан (Аллахтан) коркоорун аныктоо үчүн (Маида Сүрөсү, 94)» деп адамдарды эч ким көрбөгөн шарттарда да сынаарын кабар берген. Ошондуктан адамдарды кыйнап, үйлөргө камап, бөгөт коюп, күч колдонуп дин менен же адал-арамдарга ылайык жашаганга мажбурлоого болбойт. Ыйман, адеп-ахлак, ибадат жүрөк менен гана болот.
Men and women are equal in terms of chastity in the Qur'an, as in all other matters. The criterion for chaste behavior is not how loosely one dresses or how much hair can be seen, but rather fear of God and moral virtue. |
Жогорудагы айтылгандардын баарынан көрүнүп тургандай, Нур Сүрөсүнүн 31-аяты көптөгөн тафсирчилердин бурмаланган чечмелөөлөрү жана бир катар хадистердин да таасири менен дээрлик бир табуга айланган «жоолукка (башты жабууга)» бир далил катары колдонулууда. Ичинде «жоолук» деген сөз кездешпеген, баш жөнүндө эч кандай маалымат берилбеген, көкүрөктү жабуу керек экенин билдирген апачык бир аяттын кантип ушунчалык башка бир чечмелөө үчүн колдонулганы таң калтырбай койбойт.
Таң калаарлык дагы бир жагдай болсо, Куранда эч айтылбаган «жоолук» темасын диндин жалгыз шартындай көргөн көп кишилер апачык хиджабды билдирген Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятын эч сөз кылышпайт. Куранда жок жоолукту бир өкүмгө жана табуга айландырышып, Куранда болгон хиджаб өкүмүн болсо такыр көрмөксөн болушкан.
Эми болсо Ахзаб Сүрөсүндө хиджаб өкүмүнүн кантип айтылганын жана эмне үчүн бул аятты жоолукту жактагандар көрмөксөн болоорун карайлы:
Эй Пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына сырткы кийимдериңерден (жилбаб) үстүңөргө кийгиле деп айт; алардын (эркин жана намыстуу) таанылышы жана кысымга кабылбашы үчүн эң туура жол ушул. Аллах абдан кечиримдүү, абдан боорукер. (Ахзаб Сүрөсү, 59)
«Жилбаб» баштан аяк толук жапкан ар кандай жамынчы, кийим деген мааниге келет. Ошондуктан Ахзаб Сүрөсүнүн бул аятында апачык жилбаб, б.а. баш менен бүт денени жапкан хиджаб сүрөттөлүүдө. Мындай кийимди кийүү үчүн болсо аятта белгиленген маанилүү бир шарт бар: мусулман аялдардын эркин жана намыстуу экендигинин билиниши.
Мунун мааниси мындай, кээ бир чөйрөлөр аялдардын эркин жүрүшүнө же эркин кийинишине ыңгайлуу жерлер эмес. Жалпы элдин абалы жана ал жердеги адамдардын адеп-ахлак түшүнүгү кээде маданий деңгээлден артта болот. Кээ бир коомдор ар бир ачык аялды көздөрү менен «көзөшөт» жана аларга сөз менен же физикалык кол салууга чейин барышы мүмкүн. Кадимки шарттарда мусулман аялдар мажбур болбосо, ансыз да мындай коомдордун арасына барышпайт. Бирок барышы керек болгондо, бир мусулман аял чара көрүп, айланадагы адамдарга мусулман жана намыстуу бир аял экенин көрсөтүп, ыктымалдуу бир кысымчылыктан качынышы керек болот. Ушундай учурда мусулман аялдар хиджаб кийүү аркылуу буга чара көрүшөт.
Бул, албетте, бир аялдын жеке оюна коюлган нерсе. Көбүнчө биз жашаган демократиялык жана заманбап коомдордо мындай кооптуу чөйрө кездешпейт. Ошондуктан батыш өлкөлөрүндө аялдар өздөрүн коопсуздукта көрүшүп, хиджаб кийүүгө мажбур сезишпейт. Бирок кээ бир аялдар үчүн ал коомдордо да коркунуч туудура турган кишилер болушу мүмкүн. Ошондуктан бир мусулман аял эгер өзүн коопсуз сезбей жатса, эркин бир батыш өлкөсүндө да хиджаб кийиши мүмкүн. Аяттагы шарт – бир мусулман аялдын кийиминен улам туура эмес кабыл алынып, кысымчылыкка кабылышына бөгөт коюу.
Бул жерден жоолук темасына келе турган болсок, кааласа бир аял «жоолук Куранда бар жана мен муну Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынан көрдүм» деп башын жамынышы мүмкүн. Хиджабдын ордуна жоолукту тандаган болот жана жамынууну ушундай түшүнгөн болот. Бирок бир адам «жоолук Куранда бар жана бул Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган» десе, туура эмес сүйлөгөн болот. Мына ушул бир коркунуч. Себеби Раббибиз адалдарды арам кылган же Куран аяттары жөнүндө «тилдерин ойноткондордун» өкүмүн билдирген. Куран аятында болбогон бир өкүмдү –туурасын билип туруп- бар деп айтуу Аллах Кабатында чоң бир күнөө болушу мүмкүн.
Таң калыштуусу, кээ бир кишилер жоолукту диндин негизги бир символундай кабыл алып, болгон күчү менен жакташат, бирок Курандагы хиджаб (жилбаб) өкүмүн эч айтышпайт.
Чындап эле ыймандуулуктун критерийин жоолуктан издеп, Аллах такыбалыкты жогору койсо, алар жоолукка карап даража берген кээ бир кишилер эмнегедир Куранда чыныгы өкүм болгон жилбабдан эч сөз кылышпайт. Чындыгында, Куранда жоолук жөнүндө эч бир өкүм болбогонуна, жилбаб жөнүндө болсо ачык бир өкүм турганына карабастан, Куранда жок бир өкүмдү жактоо жолун тандашат. Жоолук жөнүндө ушунча көп айтылып, жалпы дүйнөлүк масштабда жилбабдын эч айтылбашы чындап эле таң калаарлык көрүнүш.
If she so wishes, a woman can say, “The practice of head-covering does appear in the Qur'an and I can see it in verse 59 of Surat al- Ahzab,” and choose to cover her head. She may prefer the headscarf to covering the whole body and interpret covering up in that way. However, it is untrue to say that this is what verse 31 of Surat al-Ahzab commands because the Qur'an says nothing about the headscarf. The reference to wearing “jilbab” in verse 59 of Surat al-Ahzab is entirely at the discretion of the Muslim woman. Since women feel safe in democratic and civilized societies, they do not generally feel the need to wear the jilbab and cover up entirely. |
Some women, however, may not feel at ease even in such communities and may prefer to cover up entirely. The important thing is to prevent a woman from being misunderstood or harassed because of the way she dresses. |
Бул жерде дагы бир маанилүү жагдайга өзгөчө басым жасап кетүү керек: мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин өтө жакшы билет. Ал үчүн бир эркектин аялдарга эмнени кантип кийээрин сүрөттөп бериши кажет эмес. Бир эркектин бир аялдын кантип кийинээрине кийлигишип, ага жол көрсөтүүгө же сындоого укугу да жок. Бул укукту ага Аллах берген эмес. Демек буга укугум бар дей албайт. Бул учурда өзгөчө мусулман өлкөлөрдө айтылып, ашкере кылынышы керек болгон бир акыйкат.
Бир аял кааласа башын жабат, кааласа хиджаб кийет, кааласа башы ачык же декольте жүрөт. «Мен мусулманмын» дегенде эч бир адамдын аны сындаганга укугу жок. Кайсынысынын Аллахтан көбүрөөк коркоору Аллах Кабатында гана белгилүү. Динде чен-өлчөм кийим эмес, дайыма чын ниеттүүлүк болот. Хиджаб кийген бир аял эки жүздүү болуп тозокко кирип, декольтелүү бир аял болсо бейишке кириши мүмкүн. Буга бир гана Аллах өкүм берет.
Курандан башка нерселер жол башчы кылынганда, ар бири ар башка, адам табиятына туура келбеген, адамды материалдык-руханий бүт тараптан кыйнай турган көйгөйлөр келип чыгат. Болгондо да, алар жеке адамдарга эле көйгөй жаратпастан, жалпы элди азапка, кыйынчылыктарга салышы мүмкүн. Бул бөлүмдө сөз болгон, башы жабык-башы ачык, декольтелүү-хиджаб кийген деген сыяктуу чен-өлчөмдөрдүн негизинде кийим дискриминациясынын жасалышы да Куранда жок, туура эмес бир көз-караш жана өлкөдө бейпилдиктин бузулушуна жол ачат.
Аллах Куранда жогорулуктун тышкы көрүнүш-кийимде эмес такыбалыкта (Аллахтан коркуп жашоодо) экенин аятында кабар берет:
Эй Адам урпактары, Биз силердин жаман жерлериңерди тосо турган бир кийим жана силерге «кооздук бере турган бир кийим» түшүрдүк (жараттык). Такыбалык менен оронуп-жабдынуу болсо бул жакшыраак. Бул Аллахтын аяттарынан. Насаат алып-ойлонушат чыгаар. (Аьраф Сүрөсү, 26)
Ыйман жүрөктө болот жана турмушка ашырылат. Ыйман бир адамдын жакшы мүнөзү аркылуу, сылыктыгы аркылуу, боорукердиги аркылуу, жоомарттыгы аркылуу, ак пейилдүүлүгү аркылуу, кечиримдүүлүгү аркылуу, сапаты аркылуу, маданий деңгээли аркылуу, акылмандыгы аркылуу, искусство түшүнүгү аркылуу, илим түшүнүгү аркылуу, кыскасы, бүт тараптан өзүн көрсөтөт. Ошондуктан адамдарды тышкы көрүнүшүнө карап эмес, кулк-мүнөзүнө, адеп-ахлагына карап баалоо керек.
Тышкы көрүнүшүнүн кандайлыгы эч маанилүү эмес, «мен мусулманмын» деген адамдардын баары бирдей, нурдуу, баалуу мусулмандар. Эч кимисин бөлүп коюу, дискриминация кылуу туура болбойт. Эч кимдин дискриминация кылганга укугу да жок.
Кээ бир кишилер тарабынан Исламга каршы далилдей колдонулган жана туура эмес түшүнгөн жагдайлардын бири болсо – бул «аялдын акысы эркектин акысынын жарымына барабар» деген көз-караш. Исламга каршы чыккан бир катар кишилер «бир эркектин күбөгө өтүшү жана акысы эки аялга барабар» деген түшүнүктү айтышкан. Фанаттар бул туура эмес чечмелөөдөн пайдаланып, аны ошол замат турмушка ашырышып, аялга «жарым адам» деген мөөрдү басышкан. Чындыгында болсо, Ислам душмандары да, фанаттар да көп жагдайда жаңылгандай, бул жерде да жаңылышкан.
Аллах Куранда аял менен эркектин күбөгө өтүшүн бирдей туткан. Курандын эч жеринде «бир эркектин күбөгө өтүшү эки аялга барабар» деп айтылган эмес. Мисалы, зынаны (ойноштукту) далилдөөдө 4 күбө керек, жана Куранда бул күбөлөр 4 аял же 2 эркек, 4 эркек же 8 аял дебестен, 4 күбө деп айтылат. Б.а. аял же эркек, ким болсо да 4 адам күбө болсо жетиштүү болот, аял-эркек деп бөлүнбөйт.
Күбөлөр карама-каршы келгенде болсо, бул жагдайда да Куранда аял жогору коюлуп, аялдын сөзүнө ишенилген. Мисалы, бир аял зынаа (никесиз байланыш) менен айыпталганда, аял менен күйөөсүнүн күбөлүгү бири-бирине карама-каршы келгенде аялдын күбөлүгү жогорураак коюлат. Натыйжада аял берген күбөлүгүнө ылайык күнөөсүз деп кабыл алынат. Бул жөнүндөгү аяттар төмөнкүчө:
Өз жубайын (зынаа менен) айыптап, өзүнөн башка күбөсү жоктор болсо, алардын ар биринин күбө болушу – Аллах атына төрт (жолу ант) менен өзүнүн эч күмөнсүз туура айтып жатканына күбөгө өтүү. Бешинчи (анты) болсо – эгер калп айткан болсо, Аллахтын каргышынын сөзсүз өзүнө болушу(н кабыл алышы). Анын (аялдын) болсо төрт жолу Аллах атына (ант ичип) аны (күйөөсүн) эч күмөнсүз калп айтып жатат деп күбөгө өтүшү аны жазадан куткарат. (Нур Сүрөсү, 6-8)
Аялдын Куранда күбөгө өтүү жагынан эркектен жогору коюлганы – көптөр билбеген, өтө маанилүү бир чындык. Бул Курандын маңызын жана аялга болгон көз-карашын көрсөтөт. Бирок Исламга каршы чыккандар менен фанаттар болсо муну такыр башкача билишет. Аялдын күбөгө өтүшү жана мурас укугу жөнүндө аялды жарым көргөн фанаттар өз ойлорунда далил катары колдонгон аяттарды карап, ал өкүмдөрдүн чыныгы маанилерин көрөлү:
John William Godward's oil painting “Endymion,” 1893 |
Аялдын күбөгө өтүшү маселесинде Куранда белгилүү убакытка карыз алуу темасы гана бөтөнчө каралган. Бул жердеги бөтөнчө жагдайды түшүнүү үчүн карыз алуу темасы баяндалган Бакара Сүрөсүнүн 282-аятын карайлы:
Эй ыймандуулар, белгилүү бир мөөнөткө карыз алганыңарда аны жазгыла. Араңардан бир катчы туура жазсын, катчы Аллах ага үйрөткөндөй жазуудан качпай, жазсын. Үстүндө акы бар (карыздар) да жаздырсын жана Рабби Аллахтан тартынсын, андан эч нерсени кемитпесин. Эгер үстүндө акы болгон (карыздар) акылы кем же алсыз же өзү жазганга күчү жетпесе, велиси (дос-тууганы) туптуура жаздырсын. Эркектериңерден экөөнү күбө кылгыла; эгер эки эркек жок болсо, күбөлөрдөн ыраазы боло турган бир эркек менен бири адашканда экинчиси ага эстете турган эки аял (да болот). Күбөлөр чакырылганда качышпасын. Аны (карызды) аз болсо да, көп болсо да, мөөнөтү менен бирге жазуудан эринбегиле. Бул Аллах Кабатында эң адилеттүүсү, күбөгө өтүү үчүн эң ишенимдүүсү, күмөн санабашыңар үчүн да эң жакшысы. Бирок араңарда айланып турган жана алдын-ала төлөп жүргүзгөн соодаңар башка; аны жазбай койсоңор да болот. Соода-сатык кылганыңарда да күбө туткула. Жазганга да, күбөгө да зыян тийгизилбесин. (Тескерисин) Кылсаңар, ал өзүңөр үчүн фыск (зулумдук жана күнөө) болот. Аллахтан тартынгыла. Аллах силерге үйрөтүүдө. Аллах бүт баарын билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 282)
Карыз алуунун өкүмү баян кылынган бул аятта «карыздарды жазгыла жана катчы менен күбөлөр бул милдеттен качпасын» деп айтылууда. Ошондой эле, аяттын аягында «жазганга жана күбөлөргө зыян тийгизбөө керек экени» айтылган. Көрүнүп тургандай, материалдык кызыкчылыктарга келгенде адамдар күбөгө өтүүдөн качып, мындай жоопкерчиликке аралашкысы келбейт. Аллах болсо бул милдетти толугу менен эркектерге жүктөп, карыз алуу учурунда «эки эркек күбө табууну» талап кылган. Көңүл бурулган болсо, аятта «эки эркекти же төрт аялды күбө катары тапкыла» деп айтылган эмес, түз эле «эки эркек күбө тапкыла» деп айтылган. Рисктүү, машакаттуу жана көптөр качкан бул жоопкерчилик түздөн-түз эркектерге жүктөлгөн. Ошентип, кысымчылыкка көп чыдай албаган аял бул милдеттен корголгон.
Аяттын өкүмү боюнча, эки эркек табылбай, бир эле эркек болгондо гана «бир эркек жана эки аял табуу» шарты коюлган. Бул карыз алуу сыяктуу материалдык кызыкчылык жана эсептешүүлөрдөн келип чыга турган рисктүү абалда аялдын жалгыз калбашына шарт түзөт. Терс бир жагдай келип чыкканда, бир эркек менен бир аялдын карама-каршы келип калышына эң башынан бөгөт коюлуп, аял коргоого алынат.
Responsibilities concerning money are risky matters, especially in present- day society, that can easily result in a person being defamed, accused of wrongdoing or becoming the object of suspicion. |
Мисалы, карыздын суммасы же төлөөнүн шарттары жөнүндө кандайдыр бир түшүнбөстүк келип чыкты дейли. Эки күбө эки башка нерсени айтып жаткан болсо, аял менен эркек беттешип калат жана эки тараптын бирөөсүнүн жалганчы экени анык болуп турган мындай шартта аял катуу стресс жана басымдын астында калат. Аллах Куранда бүт тышкы басымдардан коргоого алган аялды мындай кырдаалга туш болуудан да коргогон. Аялдын жанында ага колдоо көрсөтө турган экинчи бир күбөнүн болушу мындай басымга бөгөт койот. Бир эркек менен эки аял күбө болгондо, күбөлөрдүн саны үчкө чыгып жоопкерчилик азайганы үчүн күбөнүн стресси азайат жана басым жасагысы келген ниети бузук адамдар эми эки адамдын бирөөсүн эмес, үч адамдын экөөсүн алдашы керек болгондуктан, иши оордойт.
Белгилүү болгондой, карыз маселеси өзгөчө азыркы заманда бир адам башкасына жалаа жабышы, уялбай тигил тарапты күнөөлөшү, күмөн астында калтырышы ыктымал болгон, өтө рисктүү маселе. Ошондуктан бул жерде аялды коргоо үчүн алынган чара көп тараптан аял үчүн бир жеңилдик болот. Кээ бир адамдар аялдарды алсыз көрүп, оңой эле жалаа жаап кириши мүмкүн. Акча маселеси менен байланыштуу жагдайларда да мындайлар аялды айыптап, жалган жалаа жабышы ыктымал. Эки аялдын бирге күбө болушу мындай жалган жалаа рискине бөгөт койот.
Бул ошол эле учурда аялга психологиялык жактан да жеңилдик берет. Карыз маселесине күбө болууда карыздын суммасы, алуучу-берүүчү сыяктуу жагдайларды унутуу өтө рисктүү болушу мүмкүн. Өзгөчө мусулмандарга адилеттүү күбөгө өтүү милдети жүктөлгөндүктөн, карыз жөнүндөгү майда-чүйдөлөрдүн баарын толук билип, аларды унутпаганга милдеттүү. Аялдардын ушундай жоопкерчилиги экиге бөлүнгөн болот. Аял эске тутуусу күчтүү болуп, унутуп калбоо үчүн керектүү чараларды көрсө да (негизи аялдар эркектерге караганда дайыма кылдатыраак болушат), дагы бирөөнүн бар болушу аны психологиялык жоопкерчиликтен куткарат.
Мындай психологиялык жоопкерчилик жана унутуу ыктымалдыгы, албетте, эркекке да тиешелүү. Бирок Куранда психологиялык жана материалдык жактан коргоого алынган тарап дайыма аялдар болгон. Раббибиз аялдарды өзгөчө майда-чүйдөлөргө көп маани берген, кичинекей жоопкерчиликтерге да өтө олуттуу караган, кылдат, жоопкерчиликтүү кылып жараткан. Ошондуктан өзгөчө карыз маселесинде аялдын мойнундагы жүк табияты жагынан өтө оор болот. Мына ушул жүктү азайтуу, аны коргоо жана психологиялык басым астында калышына бөгөт коюу үчүн Улуу Аллах ушундай жеңилдик чарасын жараткан. Бул дагы Раббибиздин аялды канчалык барктуу кылганын көрсөткөн бир өкүм.
Куранда мамлекетти башкарган бир аял –Саба ханышасы- мисал келтирилип, анын чечимдерди алган күчтүү бир инсан болгонуна басым жасалганын унутпаш керек. Мунун мааниси Куран боюнча, аялдар мамлекет башкара ала турганчалык акылман жана кулк-мүнөзү жагынан күчтүү. Ошондуктан карыз маселесинде аялдарды коргогон бул аятты «аялдардын акылы кем» деп чечмелеген кишилер Курандагы өкүмдү көрмөксөн болуп, аятты өздөрү каалагандай чечмелешүүдө. Биз болсо бир гана Куранга таянабыз.
God regards men and women as enjoying equal status as witnesses in the Qur'an. Nowhere does the Qur'an say, “One male witness is equal to two female witnesses.” |
Мурас укугунда аялга эркектин жарымынчалык үлүш берилишин да көбүнчө көп адамдар туура эмес чечмелешет. Курандын рухун, Исламдын негиздерин жана Раббибиздин аялдарга болгон боорукердигин, айоосун түшүнө албаган кээ бир кишилер мурастын бөлүштүрүлүшү жөнүндөгү аятты бүт Курандын негизинде карабай, өзүн жалгыз алып, өздөрүнүн түшүнүгүнө далил көрсөтүүгө аракет кылышат. Чындыгында болсо, мурас укугу да Куранда аялдын канчалык корголгондугунун бир көрсөткүчү.
Куранда аялдын мурастагы үлүшү жөнүндөгү аяттар төмөнкүчө:
Эне жана атанын жана туугандардын калтыргандарынан эркектер үчүн бир үлүш бар; эне жана атанын жана туугандын калтыргандарынан аялдар үчүн да бир үлүш бар. Анын азынан жана көбүнөн парз кылынган бир үлүш бар. (Ниса Сүрөсү, 7)
Балдарыңар жөнүндө Аллах эркекке эки аялдын үлүшүндөй кеңеш кылат. Эгер алар экиден көп аял болсо (өлгөндөн мураска) калгандын үчтөн экиси алардыкы болот. Аял (же кыз) бирөө болсо, анда жарымы аныкы болот. (Өлгөндүн) Бир баласы болсо, андан калгандын эне жана атанын ар бири үчүн алтыдан бир, баласы жок болуп, эне жана атасы ага мураскор болсо, анда энеси үчүн үчтөн бири берилет. Анын бир туугандары бар болсо, анда энеси үчүн алтыдан бири. (Бирок бул өкүмдөр өлгөндүн) Айткан осуяты же (бар болсо) карызы кемитилген соң. Аталарыңар, балдарыңар, силер алардын кайсынысынын пайдасы жагынан силерге жакыныраак экенин билбейсиңер. (Булар) Аллахтан бир парз. Эч күмөнсүз, Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Ниса Сүрөсү, 11)
Исламда мурас биринчи аяттан көрүнүп тургандай, аялдын да, эркектин да акысы. Экинчи аятта болсо мурастын кандайча бөлүштүрүлөөрү кабар берилген жана анда мурас адамдардын муктаждык жана жоопкерчилигине карап бөлүштүрүлгөн.
Куранды жалпылай караганда, эне, жубай, кыз бала же кыз бир туугандын өзүн-өзү багууга милдеттүү эмес экенин; эркек бала, күйөө, ата же эркек бир туугандын жоопкерчилигине берилгенин көрөбүз. Бул ар бир аялга өмүр бою тиешелүү бир өкүм. Б.а. эркек бала, күйөө, ата же эркек бир тууган коргоосу астындагы аялды өмүрүнүн аягына чейин багууга милдеттүү.
The fact that the financial support of a woman is the responsibility of a man does not significantly restrict that woman. The precaution here is a symbol of the value attached to women. |
Мисалы, үйлөнүп жатканда эркек аялга мехир (калың) берет. Мехир Куран боюнча аялдын үй-бүлөсүнө эмес, түздөн-түз аялга берилет. Үйлөнгөн соң болсо аялды жана балдарды багуу толугу менен эркектин мойнунда болот. Алдыда карала тургандай, ажырашканда да, багып, материалдык колдоону улантуу керек болот. Ошондуктан аялга жүктөлбөгөн чыгымдардын баары дайыма эркектин мойнунда.
Аялды материалдык жактан багуунун эркекке жүктөлгөнү аялды чектөө деген мааниге келбейт. Бул аял буга муктаж деген мааниге да келбейт. Мындай чара аялга берилген кадыр-барктын символу жана аял өмүр бою кыйналбашы үчүн алынган бир чара. Аял каалагандай жашаганга, иштеп же иштебегенге, акча таап же таппаганга, ишкер болгонго, ишкана же, ал тургай, мамлекет башкарганга эркин. Материалдык мааниде дайыма бир эркектин коргоосу астында болушу аялдын социалдык жашоосун чектөө, эркин жашашына бөгөт болуу же аны үйгө камоо деген мааниге келбейт. Бир эркектин коргоосу астында болушу ал эркек ал аялды башкарат деген мааниге да келбейт. Курандын эч бир жеринде эркек аялды башкарат деп айтылган эмес. Куранда өтө кылдат корголгон аял өмүр бою кыйналбашы үчүн эркекке материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн.
Бирок Куран боюнча, аялдын эч кимдин алдында мындай жоопкерчилиги жок. Аял башкаларды багууга жана, ал тургай, өзүн багууга да милдеттүү эмес. Каалабаса иштебейт, бул аялдын мойнундагы бир милдет эмес.
Мындан тышкары, аялдын өзүнүн мал-мүлкүн каалагандай колдонуу укугу бар. Аял бай болсо да, үй-бүлөсүнүн чыгымдарына көмөк көрсөтүүгө мажбур эмес. Балдарын багууга да милдеттүү эмес. Аял эркектен байыраак болсо да, баары бир материалдык жоопкерчилик эркектин мойнунда болот.
Аял мурастан алган үлүшүн кааласа иштете алат, кааласа өзүнө корото алат, кааласа сактап койо алат. Ал эми эркек болсо мурас укугу боюнча алган үлүшүн аялды бакканга коротууга милдеттүү. Аялынын, балдарынын, эгер бар болсо кыз бир тууганынын да жакшы, кыйналбай жашашы анын жоопкерчилигинде болот. Кайра эске салалы: бул аял буга муктаж болгону үчүн эмес, аял өмүр бою кыйналбашы үчүн.
Куранда ачык айтылган чындыктардын негизинде караганыбызда апачык бир акыйкатты көрөбүз: эгер мурас укугунда аял менен эркекке бирдей үлүш берилгенде, үлүштөрү бирдей болгонуна карабастан, эркек үй-бүлөнү багып, аялдын болсо мындай жоопкерчилиги болбогону үчүн тең салмактуулук эркектин зыянына бузулмак.
Аятта айтылган маанилүү бир жагдай – бул «(Бирок бул өкүмдөр өлгөндүн) Айткан осуяты же (бар болсо) карызы кемитилген соң.» деп айтылгандай осуяттын биринчи кезекке коюлаары. Эгер өлгөн киши мурас калтырса, биринчи кезекте осуятты караш керек. Ал мураста өлгөн киши бүт мал-мүлкүн аялга калтырып, үй-бүлөнүн эркектерине эч нерсе бербеген болушу да мүмкүн. Анда аяттын өкүмү боюнча осуят негиз алынат жана бүт мурас аялга калат.
Аллахтын эркектин мойнуна аялдын материалдык жоопкерчилигин жүктөшүнүн терең маанилери бар. Эгер Аллах каалаганда, эркекке мындай жоопкерчилик жүктөлмөк эмес жана аялдын эч материалдык кепилдиги болмок эмес жана, ал тургай, балдарын өзү багууга милдеттүү болушу мүмкүн эле. Бирок бул бир аял үчүн чоң бир жүк, психологиялык басым жана оор бир жоопкерчилик болмок. Материалдык мааниде мындай оор жүк Куранда эч качан аялга жүктөлгөн эмес.
Ажырашуу жөнүндө бул жерде айта турган биринчи жагдай мындай: аялга ажырашуу укугун бербеген бир катар фанаттардын кылганы туура эмес. Бул түшүнүк боюнча, аял канчалык бактысыз болсо да, азап тартса да, эркек менен ажыраша албайт. Аялдарды эзип, эркектерди өйдө көрсөтүүгө аракет кылган фанаттык түшүнүктүн мындай иш-аракети учурда Иран жана Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө иш жүзүндө жасалууда.
Мындай түшүнүк Куранда такыр жок, жана Куранга карама-каршы келет. Курандын эч бир жеринде «эркек гана аялы менен ажыраша алат» деген өкүм жок, жана Бакара Сүрөсүнүн 228- жана 241-аяттарында «ажырашкан аялдар» жөнүндө сөз кылынат. Ажырашуу укугу эркекке да, аялга да бирдей берилген.
Бирок, бир катар Куран тафсирлерин же котормолорун караганыбызда «ажырашкан аялдар» деген сөздүн башына кашаанын ичинде «күйөөсү тарабынан» деп кошуп коюлганын көрөбүз. Бул жаңылыштык бир катар тафсирчилердин фанаттык Ислам түшүнүгүнөн кутула албай, Курандын айтканын өздөрүнчө жетишсиз көрүп, аяттарды фанаттык түшүнүккө тууралоо аракетинен келип чыгууда. Мурдакы бөлүмдөрдө аяттарга кашаанын ичине кошумчалар жасоонун негизинен Куранды фанаттык түшүнүккө тууралоо аракетинин бир бөлүгү экенин айтып өттүк. Бул жерде да аятты өз каалоолоруна жараша өзгөртө албашын билген кээ бир кишилер кашааларды пайдаланышууда. Бирок, бул кашаанын ичиндеги жоромолдорду алып салганда, Куран аяттарынын апачык бир жагдайды айтып жатканын көрөбүз.
Under the fanatical mindset, women are regarded as second- class beings needing to be locked away or imprisoned. Frightening practices of the fanatical mindset, which seeks to oppress women and depict men as superior to them, are currently applied in practice in such countries as Iran and Saudi Arabia. Yet that terrible mindset is the diametric opposite of the Qur'an, and is totally incompatible with the true Islam. |
Куранда аялдын жогорулугун көрүүдө аялдын ажырашкандан кийин багып-каралышы өтө маанилүү бир далил болот. Улуу Раббибиз аялдын ажырашкан кезде да укуктарын коргоп, аны өмүр бою кепилдик астына алган. Бир эркек, ажырашса да, аялды өмүр өткөнчө коргоп, аны багууга милдеттүү, аял буга муктаж болбосо дагы.
Ажырашуу напсилеринин каалоосуна карап жашаган кээ бир адамдар үчүн экинчи тарап менен болгон бүт кызыкчылык байланыштарын үзүү деген мааниге келет. Мындай кишилер кызыкчылык байланыштары бүткөн жерде берки тарапты бапестеп, ага көңүл буруунун кажети жок деп ойлойт. Көбүнчө ажырашкан адамына болгон бүт сүйүү жана сыйлоо сезимдерин да жоготкондуктан өз кызыкчылыктарын гана көздөп, анын оор, муктаж абалда калышын көрмөксөн болуп коюшу мүмкүн. Улуу Раббибиз Куранда болсо ажырашкан соң аялдарга боорукердик жана мээрим менен, жакшы мамиле кылуу керек экенин мындайча сүрөттөгөн:
Аялдарды ажырашканда, күтүү мөөнөтүн аяктаган болсо, аларды же жакшы мамиле кылып алып калгыла же жакшы мамиле менен жибергиле...» (Бакара Сүрөсү, 231)
Эй ыйман кылгандар, ыймандуу аялдарды никелеп, анан аларга тийбестен ажырашсаңар, анда силер үчүн санай турган бир иддет (күтүү убактысы) жок. Анан (ылдам) аларды пайдаландыргыла (аларга жете турган көлөмдө бергиле) жана жакшы мамиле менен аларды жибергиле. (Ахзаб Сүрөсү, 49)
Көңүл бурулган болсо, бул эки аятта тең «жакшы мамиле» кылгыла деп айтылууда. Ал тургай, ажырашкан соң да, эгер керек болсо аялды «жакшы мамиле менен алып калуу» да эркектин милдети. Аял иштебей, материалдык таянычы же жашай турган жери жок болушу мүмкүн. Бул аят ушундай кырдаалда ажырашкан аялды кепилдикке алып, эркекке же аны жакшы мамиле менен алып калуу же кеткиси келсе жакшылап аларды жиберүү жолдорун сунуштаган.
Кандай болсо да, эркек аялга жакшы мамиле кылышы керек.
Ажырашкан бир аялдын кароосуз, коргоосуз, материалдык жактан таянычсыз ташталышына Куранда тыюу салынган. Ажырашкан соң аял бай же жакыр болсун, сөзсүз Ислам боюнча материалдык кепилдикке алынышы керек. Ажырашкан күйөөсү ага бул шартты түзүп берүүгө милдеттүү.
Куранда ажырашкан аялды материалдык кепилдикке алуу шартын койгон аяттар төмөнкүдөй:
Ажырашкан (аял)дардын жакшы (шариятка ылайык) пайдалануу (жана күнүн өткөрүү)лөрү бар. Бул (Аллахтан коркуп) тартынгандарга бир акы (милдет). (Бакара Сүрөсү, 241)
... Аларды пайдаланткыла, бай адам өз күчүнө, жакыр адам да өз күчүнө жараша жакшы (шариятка жана салтка ылайык) абалда пайдалантсын. (Бул) жакшылык кылуучулардын мойнундагы бир акы (милдет). (Бакара Сүрөсү, 236)
Мүмкүнчүлүгү көп адам төлөмдү (алиментти) кеңири мүмкүнчүлүгүнө жараша берсин. Ырыскысы чектүү киши болсо Аллахтын ага бергенине жараша берсин. Аллах эч бир жанга ага бергенинен ашыкча жоопкерчилик жүктөбөйт. Аллах бир кыйынчылыктын артынан бир жеңилдик жасап-берет. (Талак Сүрөсү, 7)
Аяттардан көрүнүп тургандай, бай адам да, жакыр адам да ажырашкан аялын коргоого милдеттүү кылынган. Өмүр бою ал кишини көрбөй турган, материалдык жана моралдык эч кандай кызыкчылык албай турган болсо да, ажырашкан аялын материалдык жактан коргоого жана ага сыпайы мамиле кылууга милдеттүү. Улуу Аллах муну сөзсүз чын көңүлдөн, каалап кылуу керек экенин аяттарында белгилеген:
«Аялдарга мехирлерин (калың) чын көңүлдөн каалап (жана бир акысы катары) бергиле, бирок алар өз көңүлүнөн силерге андан бир нерсени кечсе, аны бейпил көңүл менен жегиле.» (Ниса Сүрөсү, 4)
There are verses of the Qur'an that impose the duty to assume financial responsibility for a divorced woman. Even if he has divorced her, a man has a responsibility to protect and take care of her until the end of her life, even if she has no need of that. |
Улуу Раббибиз аяттарында ажырашканда эркектин чогуу жашаган кезде аялына берген эч нерсени кайра албашы керек экенин билдирген:
«Бир аялды койо берип ордуна башка бирөөгө үйлөнгүңөр келсе, алардын бирөөсүнө (мурдакыга) өтө көп (мал-мүлк жана акча) берген болсоңор да, андан эч нерсе албагыла. Ага доомат кылып жана апачык бир күнөөгө кирип бергениңерди аласыңарбы? Аны кантип аласыңар, бир-бириңерге кошулган (кошулуп жакын болгон) элеңер. Алар силерден анык бир кепилдик (күчтүү бир убада) да алышкан эле.» (Ниса Сүрөсү, 20-21)
... Аларга (аялдарга) берген бир нерсеңерди кайра алышыңар силерге адал эмес... (Бакара Сүрөсү, 229)
Аллах аяттарда эркекке үйлөнгөндө аялга бир сөз жана кепилдик берилгенин эске салууда. Ошол убада себептүү аялга «өтө көп мал-мүлк жана акча» берген болсоңор да, баары бир аларды кайра талап кылбагыла деп билдирүүдө. Куранга моюн сунган бир мусулман бул убаданын Аллахка берилгенин билет. Ошондуктан бул багыттагы милдетин эң жакшы орундатат. «Аларга (аялдарга) берген бир нерсеңерди кайра алышыңар силерге адал эмес» деген аятта да берилген нерселерди кайра алууга Аллах тарабынан тыюу салынганы ачык көрүнүп турат.
Улуу Аллах ажырашкан соң аял оор абалда калбашы жана жетиштүү деңгээлде корголушу үчүн эркекке аны жакын жерде кармашын кеңеш кылат. Ал тургай, бул бир коркунуч учурунда көз кулак боло тургандай аралыкта болушу керек. Ажырашкан соң өзүнө жашай турган ылайыктуу бир орун тапканга чейин аялга мүмкүнчүлүк түзүп берүү, ага кандайдыр бир зыян тийишине жол бербөө – ыймандуу адамдын абийирине жүктөлгөн маанилүү бир жоопкерчилик:
«(Ажырашкан) Аялыңарды күчүңөргө жараша жашап жаткан үйүңөрдүн бир тарабына жашаткыла, аларды «кыйынчылык жана азапка салуу максатында» зыян тийгизбегиле. Эгер алар кош бойлуу болгон болсо, жүктөрүн таштаганга (төрөгөнгө) чейин аларга төлөм (алимент) бергиле. Эгер силер үчүн (баланы) эмизсе, аларга акыларын төлөгүлө. (Абал жана мамилеңерди) Өз араңарда жакшы (Исламга ылайык) отуруп-сүйлөшкүлө. Эгер кыйынчылыкка түшсөңөр, анда (баланы) ал (атасы) үчүн башка бирөө эмизсе болот.» (Талак Сүрөсү, 6)
Бул жерде маанилүү болгону үчүн дагы бир жолу айтып кетүү керек: аяттарда айтылган мындай коргоо чаралары, албетте, аял өзүн бага албаганчалык алсыз деген мааниге келбейт. Бул – кээ бир стереотиптүү кишилердин Ислам динин сындоо максатында чыгарган тантырак пикирлери. Аяттарда бийик бир адеп-ахлактан сөз кылынууда. Бул жерде сылык бир мүнөз, аялды бийик тутуу жана барктоо жөнүндө сөз болуп жатат. Аялды колдоо анын өтө барктуу жана баалуу экенин сездирүү үчүн жасалат. Бул Аллахтын аялга берген маанисин жана боорукердикти иш жүзүндө көрсөтүү. Аятта айтылгандай, аялдарга «кыйынчылык жана азапка салуу максатында» зыян тийгизүүгө катуу тыюу салынган. «(Абал жана мамилеңерди) Өз араңарда жакшы (Исламга ылайык) отуруп-сүйлөшкүлө» деп айтылгандай, Аллах ажырашкан жубайлардын ортосунда жакшы мамиле болушун каалайт. Учурда жалпысынан бүт эле өлкөлөрдө аялдын үй-бүлөлүк жашоосунда же андан кийин туш болгон оор абалын эске алсак, Куранда насаат кылынган бул чаралардын канчалык керектүү жана маанилүү экенин жакшыраак түшүнө алабыз.
Куранда аялдын корголушу менен байланыштуу жоопкерчиликтердин бири – бул аялдарга мажбурлуу мураскор болбоо. Аллах аятында мындай дейт:
«Эй ыйман кылгандар, аялдарга мажбурлуу мураскор болууга аракет кылышыңар адал болбойт. Апачык «жаман бир уятсыздык» кылбаса, аларга бергендериңердин бир бөлүгүн кетирүү (кайра алуу) үчүн аларга кысымчылык кылышыңар да (адал эмес.) Алар менен жакшы мамиледе болгула...» (Ниса Сүрөсү, 19)
Аллах бул аят аркылуу болсо аялга кысымчылык кылуудан жана материалдык жактан аны кыйын абалга сала турган бир иштен тоскон.
Энелик даражасы Куранда макталган. Эне-атаны урматтоо, аларга жакшы мамиле кылуу, аларды дайыма, улгайганда да коргоп-колдоо Куранда өзгөчө салих (чын ыкластуу) ыймандуулардын мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликтер жана бул жөнүндө өтө көп аят бар. Бул аяттардын кээ бирлери мындай:
Биз адамга апасы менен атасына (карата) жакшылыкты (эреже тутушун) насаат кылдык... (Анкебут Сүрөсү, 8)
Раббиң Андан башкага кулчулук кылбагыла жана ата-энеге жакшы мамиле кылгыла деп буйруду. Эгер алардын бири же экөө сенин жаныңда картайса, аларга: «Уф» деп да айтпа жана аларга сүйлөнбө; аларга жакшы сөз айт. (Исра Сүрөсү, 23)
Куранда ата-энеге урмат көрсөтүп, жакшылык кылуу Мусулмандарга насаат кылынган. Бирок эненин өзгөчө кадыр-баркы болот. Аллах аяттарында төмөнкүчө билдирген:
Биз адамга апасы менен атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) насаат кылдык. Апасы аны кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен (курсагында) көтөргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде. «Мага да, апаң менен атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.» (Локман Сүрөсү, 14)
Чындап эле ар бир эне баласын дүйнөгө алып келүү үчүн көп ай бою өтө көп машакат тартат. Аллах аятта билдиргендей, кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен наристесин курсагында көтөрүп, андан соң аны кыйынчылык менен дүйнөгө алып келет. Жана анан өтө кыйналып баласынын бейпилдигин камсыз кылып, аны карайт. Ал тургай, буларды кылып жатканда эч кандай бир кызыкчылык күтпөйт, тескерисинче өз муктаждыктарын экинчи планга койот. Аллах бул чындыктарды биздин эсибизге салып, энелерибиздин өтө баалуу экенине көңүл бурган.
Кээ бир кишилер өздөрүнчө эркектин аялдан жогору экенине жана аялды урууга Курандан далил келтирүүгө аракет кылып, төмөнкү аяттарды мисал көрсөтүшөт:
Аллах кээ бирин кээ биринен жогору кылышы жана алар өз мал-мүлкүнөн сарпташы себептүү эркектер аялдардын «жооптуу кароочусу». Чын ыкластуу (салиха) аялдар чын көңүлдөн (Аллахка) моюн сунгандар, Аллах кандай коргогон болсо көрүнбөгөндү коргоочулар. Аялыңардын чектен чыгышынан корксоңор (алгач) насаат айткыла, (анан аларды) төшөктөрдө жалгыз калтыргыла, (ал да жетпесе акырын) ургула. Силерге моюн сунса, алардын зыянына бир жол издебегиле. Чындыгында Аллах улуу, бийик. (Аялы менен күйөөсүнүн) Мамилелеринин бузулушунан корксоңор, анда эркектин үй-бүлөсүнөн бир калыс, аялдын үй-бүлөсүнөн да бир калыс жөнөткүлө. Алар (ортолорун) оңдогулары келсе, Аллах да ортолорунда ийгилик берет. Эч күмөнсүз, Аллах билүүчү, кабардар. (Ниса Сүрөсү, 34-35)
Ниса Сүрөсүнүн 34-аятында «Аллах кээ бирин кээ биринен жогору кылышы» деген фразадагы «беедхум» деген сөздүн маанисин караганыбызда, бул жерде эркек жана аялдардан турган аралаш бир топко кайрылуу жасалганын көрөбүз. Ошондуктан бул жердеги аяттын чыныгы мааниси төмөнкүдөй: «Аллах эркектер менен аялдардын кээ бирлерин кээ бирлеринен жогору кылган». Мунун мааниси Аллах ар бир адамга ар кандай жөндөм жана өзгөчөлүктөрдү берген.
«Аллах кээ бирин кээ биринен жогору кылышы жана алар өз мал-мүлкүнөн сарпташы себептүү эркектер аялдардын «жооптуу кароочусу».» деп которулган бөлүктө болсо эркектердин аялдардан жогору экенине эмес, «дене түзүлүшүнүн айырмалуу экенине» гана басым жасалууда жана «алар өз мал-мүлкүнөн сарпташы себептүү» деп –жогоруда терең каралгандай- эркектин материалдык жактан аялды карап-багуу милдети эскертилүүдө. «Эркектер аялдардын «жооптуу кароочусу»» (же кээ бир котормолордо «кароочу» деп айтылат) деп которулган фразанын арапчасы болсо «эррижалү каввамуне аленнисаи».
Мунун чыныгы котормосу болсо төмөнкүчө: «Эркектер аялдарды карайт» же «Эркектер аялды багууга милдеттүү».
Аяттагы «Каввам» сөзү көп Куран маанилерин которгондор тарабынан башчы деп которулууда. Бирок бул сөз кездешкен башка бүт аяттарда «каввам» деген сөз бир гана маанини берүүдө: кароо жана коргоо. Эсиңизде болсо, мурдакы бөлүмдөрдө арап тилинин өтө бай экенин жана аяттардагы сөздөрдүн колдонуу формасын жана маанилерин түшүнүү үчүн ал сөздүн башка аяттарда кандайча колдонулганын кароо керек деген элек. Бул «каввам» сөзүнө да тиешелүү.
«Каввам» деген сөз «квм» уңгусунан келип чыгат. Бул уңгудан келип чыккан сөздөр кездешкен бүт аяттарды караганыбызда эч жерде «башчы» деген маанини таба албайбыз. Куранда башчы жана өкүмдарлар жөнүндө «Хүккам» деген сөз колдонулат. Мындан бул аятта бул сөздүн «кароо-коргоо» деген мааниде колдонулганын оңой эле түшүнүүгө болот.
Куранды жалпылай караганыбызда муну жакшы түшүнөбүз. Жогоруда да айтылгандай, Куранда аялдардын жогору коюлганын, эркин экенин, бирок ошол эле учурда кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылбашы үчүн коргоого алынганын көрөбүз. Аялдарды коргоо, материалдык жактан колдоо көрсөтүү, кыйынчылыкка түшпөшү үчүн чара көрүү милдети болсо эркектерге жүктөлгөн (мурдакы бөлүмдөрдө муну терең карадык). Ошондуктан бул аятта да «каввам» сөзү аркылуу апачык айтылгандай, эркектерге аялдарды дайыма жана ар кандай шартта коргоо милдети жүктөлгөн. Бир катар фанаттар эркектердин жогорулугуна далил катары көрсөтүүгө аракет кылган бул аят негизи аялдардын жогорулугун көрсөткөн бир аят.
16-year-old Malala Yousafzai was shot in the head and neck on her way home from school because of her blog in which she described the oppression of the population by the Taliban. Thankfully, Malala was restored to full health after lengthy treatment and is still fighting for the education rights of young girls. |
Ниса Сүрөсүнүн 34-аятындагы «Аялыңардын чектен чыгышынан корксоңор (алгач) насаат айткыла, (анан аларды) төшөктөрдө жалгыз калтыргыла, (ал да жетпесе акырын) ургула.» деген сүйлөмдө көп котормолордо «аялдарды ургула» деп которулган сөздүн арапчасы «идрибухунне» деген сөз. Бул сөз болсо «дарабе» этишинен келип чыккан.
«Дарабе» деген сөз арап тилинде балким эң мааниси бай сөз болушу керек. «Дарабенин» «уруу» деген мааниси да бар, «акча басуу» деген мааниси да бар. «Ишташтоого, митингге чыгуу» дагы «дарб» сөзү менен айтылат. Муну, мисалы, кыргыз тилиндеги «кагуу» деген сөзгө салыштырсак болот. Бирөө «эшик кагылып жатат» десе, бирөө келип эшикке мык кагып жаткан экен деп ойлобойбуз көбүнчө. Бир конок келип эшикти ачышыбызды күтүп жатат деген мааниге келет. Ошондуктан көп мааниси бар сөздөрдү колдонууда анын колдонуу формасына, сүйлөмдүн маанисине жана сөздүн чыныгы маңызына акыл менен кароо керек.
«Дарабе» сөзүнүн эң кеңири колдонулган маанилеринин бири болсо – бул саякат кылуу жана сыртка чыгуу. Куранда саякат кылуу, сапарга чыгуу, бир жерден белгилүү убакытка кетүү деген мааниге келген аяттарда «дарабе» этиши колдонулган. Мисалы;
«Жер бетинде сапарга чыкканыңарда (дарабтүм), каапырлардын силерге бир жамандык кылышынан корксоңор, намазды кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок...» (Ниса Сүрөсү, 101)
«Ант болсун, Биз Мусага вахий кылган элек: «Кулдарымды түнкүсүн жолго алып чык, аларга деңизде кургак бир жол ач, жетип алышат деп коркпо жана тынчсызданба.» (Таха Сүрөсү, 77)
(Садакалар) Өздөрүн Аллах жолуна арнаган кедейлер үчүн; алар дын жер жүзүндө кыдырууга күчтөрү жетпейт... (Бакара Сүрөсү, 273)
Эй ыймандуулар, каапырлар менен жер жүзүндө кыдырып жүргөндө... (Али Имран Сүрөсү, 156)
Жер жүзүндө сапарга чыкканыңарда... (Ниса Сүрөсү, 101)
Бул аяттардагы «дарабе» сөзүн, албетте, эч качан «уруу» деген мааниде колдонууга болбойт. Бул Ниса Сүрөсүнүн 34-аятына да тиешелүү. «Дарабе» сөзүн бул аят боюнча караганда сөздүн үч башка маанисине токтолушубуз керек болот:
1- Аларды үйдөн чыгаргыла, 2- Аларды турган жеринен кетүүгө мажбур кылгыла, 3- Аларды ургула.
«Дарабе» сөзүнүн Ниса Сүрөсүнүн 34-аятындагы колдонулушун түшүнүү үчүн аяттын башындагы фразага, «Аялыңардын чектен чыгышынан (нүшуз) корксоңор» деген фразага кайтуу керек. Бул жердеги «нүшуз» деген сөз көп Куран маанилеринин котормосунда «моюн сунбастык, баш көтөрүү» деп которулган. Аялды басмырлоо түшүнүгүн аялдар жөнүндөгү аяттарга эптеп кошууну көздөгөн кээ бир Куран котормочулары фанаттык түшүнүктүн шарты болгон «эркекке моюн сунуу» түшүнүгүн же кашаанын ичинде же болбосо бурмаланган котормолор аркылуу бергенге аракет кылышкан. Чындыгында болсо, «нүшуз» деген сөз «бир аялдын күйөөсүнөн башка бир киши менен флирттен башталып, никесиз жыныстык байланышка чейин созулган туруксуздугу» деген мааниге келет. Ошондуктан аяттын уландысында күйөөсүнө туруксуздук кылган бир аялга күйөөсүнүн кандай мамиле кылышы керек экени сүрөттөлгөн.
Эркек алгач аялына мындай кылба деп насаат бериши керек. Ал пайда бербесе, күйөөсүнө төшөгүн бөлүп салышы кеңеш кылынган. Бирок аял ошого карабай, никесиз мамилесин улантып, зынаага (ойноштукка) чейин барса, анда эң жакшы чара катары аялды үйдөн кетирип жиберүү жолун колдонуп көрүү сунушталган.
Аял өтө кылдат коргоого алынган Куранда «аялды уруу» жөнүндөгү өкүмдүн болбошу анык. Акыл жүгүртүп көрсөк деле, канчалаган эскертүүгө карабастан күйөөсүн алдаган бир аялды уруу ансыз да туруксуз болуп калган бир аялды ачууландырышы гана мүмкүн, бул эч маселени чечпейт жана, ал тургай, башка маселелерди да пайда кылат. Ал эми кетирип жиберүү болсо маселени чечиши мүмкүн. Аял үйүнөн алыста калган мөөнөт ичинде акылдуураак ойлонуп, кылганына бушайман болушу жана акылына келиши мүмкүн. Катасынан кайтса, күйөөсүнүн анын зыянына бир жол издебеши керек экени да аятта айтылган.
«Силерге моюн сунса, алардын зыянына бир жол издебегиле.» деп которулган сүйлөмдө да «эркекке моюн сунган аял» деген түшүнүктүн негизинде бурмалоо жасалган. Аяттын чыныгы маанисинде болсо «берген насаатыңарды угуп, туруктуу болушса» деген маани айтылууда. Бул жердеги критерий аялдын эркекке моюн сунушу эмес, үй-бүлөлүк жашоодо эки тараптын тең өз жоопкерчилигине «бекем (туруктуу) болушу».
Although there are campaigns aimed at raising awareness of violence against women in the press and broadcasting media, it has to date proved impossible to prevent across the world. The reason for that is there is no activity on the level of ideas and based on the Qur'an against the fanatical mindset that represents the foundation of such violence. |
Куранда аялдар жөнүндө көп адамдар туура эмес билген нерселердин бири – бул Аз. Адам (ас) менен жубайы жөнүндөгү жагдайлар. Курандын эч бир жеринде жубайы Аз. Адамды (ас) алдап, күнөөгө киргизген деп айтылбайт. Аьраф Сүрөсүн 11-аятынан 28-аятына чейин окуганыбызда, Аз. Адам (ас) менен жубайы экөөсүн тең шайтандын алдаганын көрөбүз.
Ошол сыяктуу, аял эркектин кабырга сөөгүнөн жаратылган деп дагы Курандын эч бир жеринде айтылган эмес. Бул жалаанын булагы болгон жалган хадис мурдакы бөлүмдөрдө каралган.
Адамдар туура эмес билген нерселердин дагы бири; алар Куран эркектер жөнүндө гана сөз кылат деп ойлошот. Чындыгында болсо, Курандын 90%ынан көбү аял-эркек баарын камтыган жалпы адамдарга, «Адам урпактары» деп бүт адамдарга же «ыймандуулар» деп Аллахка ишенгендерге кайрылат. Жалаң эркектерге кайрылган аяттар да, жалаң аялдарга кайрылган аяттар да бар. Курандагы кээ бир аяттар болсо түздөн-түз бир гана Пайгамбарыбызга (сав) кайрылган.
Nonsense such as the Prophet Adam (pbuh) being deceived by his wife or woman being created from a man's rib are slanders that are nowhere in the the Qur'an. Yet much of the Islamic world is ignorant of the Qur'an. |
Албетте, бир аялдын Исламдагы кадыр-баркын түшүнүүдө биздин жол башчыбыз Куран. Пайгамбарыбыз (сав) Куран менен гана жашаган, демек Пайгамбарыбыздын (сав) Куранга туура келген иш-аракеттерин баян кылган хадистердин тууралыгынан күмөн санабайбыз. Мындай хадистер аялдар жөнүндө үрөй учурарлык бир түшүнүктү жактаган жана Куранга эч туура келбеген жалган хадистерге карама-каршы маанилерди камтыйт. Куранга туура келгени үчүн сахих болуу ыктымалдыгы жогору болгон хадистердин кээ бирлери төмөнкүдөй:
Дүйнөңөрдөн мага үч нерсе сүйдүрүлдү: жагымдуу жыт, салиха (чын ыкластуу) аял, көзүмдүн нуру намаз. [Nesâî, İşretu'n-Nisâ 1, (7, 61).]
Аялдарды мырза, акылман адам гана барктайт. Аларды начар, төмөн адамдар гана кор кылат... (İ. Asakir)
«Силердин эң жакшыңар аялдарына эң жакшы мамиле кылгандар.» (İ. Asakir )
Аялдарыңарды капа кылбагыла. Алар Аллах Тааланын силерге аманаты. Аларга жумшак болгула, жакшылык кылгыла! (Müslim)
Аялы менен жакшы жашап тамашалашканды Аллах Таала сүйөт, ырыскысын көбөйтөт. (İ. Lâl)
Эң жогорку ыймандуу адам – аялына эң жакшы, эң берешен мамиле кылган, мыкты мүнөздүү адам. (Tirmizi)
Эң жакшы мусулман аялына эң жакшы мамиле кылганы. Араңарда аялына эң жакшы мамиле кылган менмин. (Nesai)
Аялына күлүмсүрөп караган эркектин дептерине бир кулду боштондукка чыгаргандай сооп жазылат. (R. Nasıhin)
Аялын урган Аллахка жана Пайгамбарына баш көтөргөн болот. Кыяматта анын душманы мен болом. (R. Nasıhin)