2 - Бөлүм: Фанаттардын жасалма дини

Пайгамбар Мырзабыз (сав) Куранды эң сонун турмушка ашырган. Өмүр бою Курандын негизинде жашаган жана мусулмандар үчүн эң сонун өрнөк. Бүт кылган иштери жана сөздөрү, албетте, Куранга толук туура келет жана алардан бүгүнкү күнгө чейин жеткендери бар. Хадис деп аталган ал сөздөрдүн бир бөлүгү Курандын турмушка ашырылышын чагылдырат. Ошондуктан алардын Пайгамбарыбызга (сав) тиешелүү экени анык жана алар сахих (ишенимдүү). Өзгөчө акыр заманга ишарат кылган көп хадистер эч өзгөрбөй сакталган жана ал хадистерде келечекте боло турган кереметтүү окуялар кабар берилген. Ал хадистерде айтылгандар бүгүнкү күндө бир-бирден болуп жатат. 1400 жыл мурда кабар берилген Лулин кометасынын (куйруктуу жылдыздын) өтүшү, Афганистандын басып алынышы, Ирак согушу, 11-сентябрь 2001-ж. теракты сыяктуу адамзат тарыхында бир жолу гана болгон окуялар болуп өттү (тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: Аз. Иса (ас) жана Аз. Мехди (ас) ушул кылымда келет, Харун Яхья). Ошондуктан Пайгамбарыбыздын (сав) айткан сүйүнүчтүү кабарлары биз үчүн өтө баалуу, жана бул хадистердин сахихтерин (ишенимдүүлөрүн) бир сүйүнчү жана жакшылык катары көрүшүбүз керек экенин, бүт баарын жокко чыгарууга болбой турганын көрсөтөт.

Бирок, хадис китептерине кийин кошулган, Пайгамбарыбыздын (сав) сөздөрү жана кылгандары менен эч байланышы жок бир катар сөздөрдүн учурдагы хадис китептеринен орун алганы чындык. Ал сөздөрдү сахих хадистерден айырмалай турган өзгөчөлүгү – бул алардын Куранга толук карама-каршы келиши. Куранга карама-каршы келген бир сөздүн же иш-аракеттин Пайгамбарыбызга (сав) тиешелүү болушу мүмкүн эмес.

Ошондуктан Ислам дининен башка бир дин болгон фанаттардын динин карап жатканда, хадистер жөнүндөгү кээ бир чындыктарды билүүбүз зарыл. Себеби фанаттардын дини Исламдын жападан жалгыз китеби болгон Куранда жок. Андай болсо бул жасалма дин каерде?

Фанаттардын дини үрп-адат, салттарда, ооздон оозго тараган сөздөрдө, бирок негизинен көп бөлүгү Пайгамбар Мырзабызга (сав) тиешелүү деп жалган жалаа жабылган, ойдон чыгарылган хадистерде.

Куран түшүрүлгөндөн кийинки кылымдарда Пайгамбарыбыздын (сав) кээ бир иш-аракеттери менен сөздөрү хадис катары чогултулган. Хадистер хижрий (мусулман календарынын) 2-кылымдан баштап жазылып баштаган деген божомол бар. Ал хадистердин бир бөлүгү сакталып калган. Бир бөлүгү болсо туура эмес өткөрүлгөн же бурмаланган же болбосо толугу менен ойдон чыгарылган.

Жогоруда айтылгандай, бир хадистин чындап эле Пайгамбарыбыздын (сав) сөзү же кылган иш-аракети экенин билүү үчүн Куранды карашыбыз керек. Эгер бир хадис Куранга шайкеш келсе, анда туура болот. Эгер келечек жөнүндө кабар берген бир хадис ишке ашса, анда ал хадис да туура болот. Бирок эгер ал хадис Куранга карама-каршы келсе, анда эч арсар болбош керек: ал хадисти эч качан туура деп кабыл алууга болбойт.

Негизи хадистер бир мусулманга керекпи? Эң биринчиден бир мусулмандын эң негизги, бирден бир булагы – бул Куран, жана Курандын өзү эле бир мусулман үчүн жетиштүү болот. Улуу Раббибиздин өкүмүнө ылайык ар бир мусулман Курандан гана суракка алынат. Бирок, албетте, Пайгамбарыбыздын (сав) Курандын негизинде жасаган иш-аракеттерин же кереметтерин билүү да өтө жакшы болот. Хадистерге моюн сунуу бир мусулман үчүн парз (сөзсүз аткарыла турган өкүм) эмес, бирок Пайгамбарыбыздын (сав) сөздөрү жана кылгандары, келечек жөнүндө айткан кубанычтуу кабарлары маанилүү бир жол башчы болот. Ошондуктан туура сөздү туура эмесинен айырмалап, бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен чыныгы хадистерди аныктап, түшүнүү абдан маанилүү.

Бир катар мусулман калктардагы негизги маселе болсо; алар Куранды бүтүндөй таштап коюп, анын ордуна ойдон чыгарылган хадистерди жол башчы кылышууда. Мындай ойдон чыгарылган хадистерди «жалган хадистер» темасы менен карайбыз:

Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер

hadis külliyatı

«Мавзу (жалган) хадис» термининин сөздүктөгү мааниси: «Аз. Мухаммед (сав) айтпаган бир сөздү жалган жалаа менен ага ыйгаруу». Б.а. «мавзу хадис» Аз. Мухаммеддин (сав) хадиси болбогон, ал айтпаган бир сөздү анын хадиси сыяктуу айтуу деген мааниге келет.

Жалган (мавзу) хадистер китептин мындан кийинки бөлүгүнүн негизги темасы болот, себеби ал хадистер азыркы бир катар мусулман калктарда Курандын ордун ээлеп, жаңы жана жасалма бир диндин келип чыгышына себеп болгон негизги булактар болууда. Мындай жалган хадистердин эң ачык жана эң кеңири тарагандарын бир-бирден карап чыгабыз. Мындагы максат – бул туура эмес Ислам түшүнүгүнүн кайсы нерселерге таянганын түшүнүү жана анын туура эместигин Курандан көрсөтүү. Натыйжада Исламды туура эмес тааныган көп адамдар фанаттардын дининин жөн гана туура эмес түшүнүүдөн келип чыкпаганын, бүтүндөй жасалма бир системанын үстүнө курулганын түшүнө алышаар деген үмүттөбүз. Ошондой эле, өздөрүнчө Исламды жана Куранды сындаганга аракет кылгандар да жаңылып жатканын, «мусулманмын» деген көп адамдардын чыныгы Ислам жана Куран менен дээрлик эч байланышы жок экенин көрө алышаар. Жана, бул жердеги түшүндүрмөлөр ниети түз болуп, бирок фанаттык түшүнүктүн ичинде жашаганга мажбур калып, аны бирден бир системадай көргөн жана аны туура деп ойлогон адамдардын да Сырат-ы Мустакимди, б.а. Курандын туптуура жолун көрө алышына бир себепчи болот деген үмүттөбүз.

Жалган хадистер кантип келип чыккан?

The hadiths claimed to have been narrated from our Prophet (saas) were first written down two or three centuries after his death.

Пайгамбарыбыздан (сав) алынган деген сөздөр (хадистер) жана Пайгамбарыбыздын (сав) кылган иш-аракеттери деп кабыл алынган риваяттар биринчи жолу Пайгамбарыбыз (сав) көз жумгандан бир канча кылымдан кийин гана жазылган. Белгилүү алты хадис китебинен турган Кутуб ас-Ситтаны жазгандардан Бухари хижрий (мусулман календарынын) 256-жылы, Муслим 261-жылы, Тирмизи 279-жылы, Абу Давуд 275-жылы, Насаи 303-жылы, Ибн Маджа 273-жылы көз жумган. Шииттердин хадис китептери болсо башка, жана бир катар сунниттер менен шииттер бири-биринин хадис китептерин жараксыз дешет. Шииттердин хадис китептери андан да кийин жазылган. Белгилүү шиит хадисчилеринен Кулани хижрий 329-жылы, Бабувай 381-жылы, Жафар Мухаммед Туси 411-жылы, аль-Муртаза 436-жылы көз жумган.

Тарыхый булактардан жана бизге келип жеткен алгачкы хадистерден Пайгамбарыбыз (сав) жана төрт халифа доорунан эч бир жазылуу хадис жок экени белгилүү. Харави бул жөнүндө мындай дейт: «Сахаба (Пайгамбарды көргөндөр) да, табиун (Пайгамбарды көрбөгөн, бирок сахабаны көргөндөр) да хадистерди жазышчу эмес. Ооздон оозго гана айтылчу. Жөнөкөй жазылган бир канча тексттен тышкары бүт баары ушундай болгон. Бул жөнүндө айтылып калгандар жоголуп кетпеши үчүн Өмер бин Абдулазиз Абу Бакр аль-Хазмга бир кат аркылуу хадистерди изилдеп, жазууну буюрган.» Йезид бин Абдулмалик болсо Өмер бин Абдулазиз көз жумган соң Абу Бакр аль-Хазмды жана аны менен иштегендерди бул кызматтан алып койгон. Кийинки халифа Хишам аз-Зухри хадистерин биринчи болуп чогулткан киши деп кабыл алынат. Бул болсо Пайгамбарыбыздын (сав) көзү өткөндөн 2-3 кылым кийинге туура келет.

Бухариден мурда хадистерди тууралык даражасына карап бөлүү аракети да болгон эмес. «Сахих» жана «алсыз» деп хадистерди бөлүү аракети Бухари менен башталат. Хадистерди караганда болсо бул аракеттин керектүү натыйжаны бербегенин көрөбүз. Алсыз мындай турсун, толугу менен ойдон чыгарылган хадистер Ислам атынан жайылтылып, саны барган сайын өскөн.

Ал кезде буга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Себеби Пайгамбарыбыздын (сав) көзү өткөндөн хадис китептери жазылганга чейин 6-7 урпак өткөн эле жана ал хадистерди алган белгилүү хадис китептери аларды 6-7 адам бири-бирине айткан деген чынжырлар менен жеткиришкен. Ал хадистер жазылган кезде Пайгамбарыбыздан (сав) кийинки урпактан кийинкисинен кийинкиси да көз жумган эле. Б.а. хадисчилер хадисти жеткирген адамдардын чынчыл же чынчыл эмес экенин тастыктай турган кишилердин көзү тирүү эмес эле.

Хадис аалымдары да муну билишкен. Муслим сахих, б.а. анык туура деп ынанган хадистердин баарын китебине киргизбегенин айтат (Муслим, 1-том). «Хадистер – диндин булагы» деген Бухари 600 миң хадис билип, 6000-7000 даанасын, б.а. 1%ын гана китебине киргизген. Калган 99%ын болсо ишенимдүү эмес деп ынанып, китебине киргизген эмес. Ошондуктан бул жерде бүт Ислам ааламы үчүн хадистер белгилүү кишилердин пикиринин негизинде аныкталган деген жыйынтык чыгат; бул болсо хадистерди «диндин булагы» деп кабыл алгандар үчүн абалдын оор экенин көрсөтөт. Себеби башкалар үчүн сахих деп саналган, бирок Муслим керек эмес деп китебине киргизбеген башка хадистер жөнүндө эч качан маалымат ала алышпайт. Бул жерде эске сала кетели; мындай иликтөөлөр учурунда Исламдын сахих, корголгон жана өзгөрбөгөн эң сонун китеби Курани Карим бир четке таштап коюлган.

Египеттик ойчул Ахмед Амин хадис ойлоп табуунун масштабын көрсөткөн төмөнкүдөй акылдуу ойду айтат:

«Кызыгы, эгер хадистерди түшүндүрө турган абалда колго алсак, пирамида формасында экенин көрөбүз. Пирамиданын башы Аллахтын элчисинин (пайгамбарынын) доору болуп төмөн түшкөн сайын пирамиданын туурасы чоңойот. Пирамиданын түбүнө жеткенде Пайгамбар (сав) доорунан канчалык кенен экенин байкайбыз. Чындыгында болсо, тескерисинче болушу керек эле. Себеби Пайгамбардын (сав) жанындагылар хадистерди эң көп билгендер эле. Кийин алар көз жумган соң хадистерди билгендердин саны азайып, натыйжада жогорудагы пирамида тескери формада болмок. Бирок биз Омейяддар доорундагы хадистердин бул доордогулардан көбүрөөк экенин көрөбүз.» (Ahmed Emin, Duhaul İslam)

Ludwig Deutsch's oil painting “Scholars of the al-Azhar University,” 1901

Натыйжада бири-биринен айырмалуу, ал тургай, кээ бирлери башкаларына карама-каршы келген жүз миңдеген хадистин болушу жана сахихтиги бир катар хадис аалымдары арасында да пикир келишпестиктерге себеп болгон. Мисалы, Икрима Бухари жана белгилүү көптөгөн хадисчинин ою боюнча, өтө ишенимдүү бир риваятчы болсо, Муслим аны жалганчы деп айыптаган. Мындай мисалдар толтура. Алардын балким эң кызыгы; Исламдын эң белгилүү хадис китебинин автору Бухари төрт мазхабдын эң чоңу болгон Ханафи мазхабынын башчысы Абу Ханифаны «гайри-сика», б.а. «ишенүүгө болбой турган киши» деп жарыялап, андан бир дагы хадис алган эмес. Эң белгилүү хадисчинин ою боюнча, эң белгилүү мазхабдын негиздөөчүсү ишенимсиз адам болгон; бирок мусулман ааламынын өтө көп бөлүгү аларды эң ишенимдүү эки хадис аалымы деп кабыл алат. Башкача айтканда, хадис жеткиргендердин ишенимдүүлүгү жөнүндөгү талаш-тартыштарда карама-каршы пикирлер хадистердеги карама-каршылыктардай эле көп.

Пайгамбар Мырзабыздан (сав) алынган жана Курандын рухун чагылдырган көп сандагы сонун хадистин арасына көптөгөн ойдон чыгарылгандардын аралашып кеткенинен тышкары, хадистердин өткөрүлүшүндө да маселелер бар. Көп адамдар хадистерди Пайгамбарыбыздын (сав) оозунан түздөн түз алынган сөздөр деп ойлошот, бирок бул туура эмес. Аларды хадис аалымдары да түз Пайгамбардан (сав) алынган сөздөр деп айтышпайт. Бухари баш болуп, көптөгөн хадисчилер хадистин маанисинин гана өткөрүлүшү жетиштүү, сөздү толук жаттоо шарт эмес деп кабыл алышкан. Бул болсо өткөрүлгөн сөздөргө, албетте, көптөгөн башка пикирлердин кошулуп кетишине, туура эмес түшүнүп калынган нерселердин туурадай жеткирилишине жана сөздү толук түшүнбөгөндөрдүн туура эмес айтып калтырышына себеп болгон.

Хадисти мааниси менен эле ала берүүгө болот деп кабыл алынган соң, кээде хадистин башын же аягын укпай калуу да маанисинин такыр бузулуп кетишине себеп болгон. Мисалы, Абу Хурайрадан «Каражолтойлук үч нерседе болот; үй, аял жана атта» деп Пайгамбарыбызга (сав) хадис ыйгарылганын уккан Аз. Айша: «Аллахка ант болсун, Аллахтын элчиси (пайгамбары) эч качан минтип айткан эмес. Ал мындай деп айткан. «Караңгы (жахилия) адамдар мындай дешчү: Каражолтойлук үч нерседе болот; үй, аял жана атта.»» деген.

Төрт мазхабдын негиздөөчүлөрү – албетте, өтө барктуу мусулмандар жана баалуу Ислам аалымдары. Бирок төрт мазхабдын курулушунда да ушул хадистердин чоң роль ойногонун билүү керек. Төрт мазхабдын негиздөөчүсү тең өзү тандаган хадистерди өз мазхабдары үчүн негиз тутушкан.

Төрт имам Кутуб ас-Ситтаны, б.а. алты белгилүү хадис китеби жыйнагын жазган хадис имамдарынын критерийлеринин сыртына чыгып, өз мазхабдарын курушкан. Жогоруда да айтылгандай, алардын эң чоң мазхабы болгон Ханафи мазхабынын негиздөөчүсү Абу Ханифага Бухари баш болгон көп хадис имамдары тарабынан «хадис илими күчтүү эмес жана көбүнчө өз пикирлерин алдыңкы планга чыгарган» деген сын айтылган.

Хадис аалымдары менен мазхабдар сахих (ишенимдүү) деп эсептеген хадистер арасында чыккан ушунча карама-каршылыктарга карабастан, хадистерди эч танууга болбойт дегендер да пайда болгон. Ал кишилердин башчылыгы менен, мисалы Бухари жана Муслимдеги «бир эле хадисти жокко чыгарган адам каапыр болот» деген туура эмес, тантырак түшүнүк жайылган. Андан да ары кетип, кийинки бөлүмдөрдө терең каралгандай, хадистер Куран аяттарынын өкүмүн жокко чыгарат дегендер да чыккан. Фанаттардан турган караңгы, сабатсыз топтордун келип чыгышынын чыныгы себеби мына ушундай туура эмес түшүнүктөр болууда.

Ар кандай жалган (мавзу) хадистер кантип Ислам дининде бири-биринен айырмалуу өкүмдөрдү камтыган мазхабдарды пайда кылганын чогуу көрөлү.

Osman Hamdi Bey's oil painting “Theologist,” 1907

Osman Hamdi Bey's oil painting “Girl Reciting Qur'an,” 1880

The founders of the four schools are of course worthy Islamic scholars. However, the foundation of the four schools was in fact based on mutually conflicting hadiths. Each school based itself on the hadiths it preferred.

МАЗХАБДАР АРАСЫНДАГЫ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР

ЖАГДАЙЛАР

ХАНАФИ

МАЛИКИ

ШАФИИ

ХАНБАЛИ

1

Өлгөн жаныбардын териси адалбы?

Арам

Адал

Арам

Адал

2

Угорь (жылан кебетелүү балыктын бир түрү) жегенге болобу?

Адал

-

-

Арам

3

Эркектин кызыл кийим кийишинин өкүмү кандай?

Mekruh

Адал

Арам

Макүрөө

4

Эркектин сары кийим кийишинин өкүмү кандай?

Арам

Адал

Арам

Арам

5

Рабап (байыркы чертме музыкалык инструмент), флейта (най), барабан, керней, сурнай, добулдас ойноого болобу?

Mekruh

Адал

Адал

Арам

6

Карганын этин жегенге болобу?

Арам

Адал

Арам

Арам

7

Аттын этин жегенге болобу?

Арам

Адал

-

-

8

Моллюскаларды жегенге болобу?

Арам

Адал

-

-

9

Устрица жегенге болобу?

Арам

Адал

-

-

10

Чабалекей жегенге болобу?

Адал

Адал

Арам

Арам

11

Бүркүттүн этин жегенге болобу?

Арам

Helal

Арам

Арам

12

Намаз окуп жаткан адамдын алдынан өтүүгө болбой турган аралык канчалык?

40 кулач (саржан)

1 кулач (саржан)

3 кулач (саржан)

3 кулач (саржан)

13

Намазда унутуп калып сүйлөө намазды бузабы?

Ооба

Жок

Жок

Ооба

14

Намазда «ах» же «оф» деш намазды бузабы?

Ооба

Жок

Ооба

Ооба

15

Даараттын парздары канчоо?

4

7

6

7

16

Дааратты белгилүү бир кезек менен алуу парзбы?

Жок

Жок

Ооба

Ооба

17

Дааратты токтобой алуу парзбы?

Жок

Ооба

Жок

Ооба

18

Дааратты бузган нерселердин саны канчоо?

12

3

5

8

19

Намазда каткырып күлүү дааратты бузабы?

Ооба

Жок

Жок

Жок

20

Төөнүн этин жесе жана жаназаны жууса даарат бузулабы?

Жок

Жок

Жок

Ооба

21

Даарат күмөн менен бузулабы?

Жок

Жок

Жок

Ооба

22

Бир жердин канашы дааратты бузабы?

Ооба

Жок

Жок

Hayır

23

Гусул дааратын алууну зарыл кылган себептердин саны канчоо?

7

4

5

6

24

Гусул дааратынын парздары канчоо?

11

5

3

-

25

Камырабастыктан же жалкоолуктан улам намаз окубагандын өкүмү кандай?

Камалып, кан акканга чейин сабалат, өлтүрүлөт

Тообо кылбаса өлтүрүлөт

Үч күн ичинде тообо кылбаса өлтүрүлөт

Үч күн ичинде тообо кылбаса өлтүрүлөт

26

Намаздын аягында канча жолу салам берүү парз?

Парз эмес

1 тарапка берүү парз

1 тарапка берүү парз

2 тарапка берүү парз

27

Рамазан айындагы орозо үчүн күн сайын өз-өзүнчө ниет кылуу шартпы?

Ооба

Жок

Ооба

Ооба

28

Кан алдыруу орозону бузабы?

Hayır

Жок

Жок

Ооба

29

Эркек менен аялдын зыйнат (кооздук) буюмдарынан зекет бериши парзбы?

Ооба

Жок

Жок

Жок

30

Аял жанында күйөөсү болбостон, ажыга бара алабы?

Жок

Ооба

Ооба

Жок

31

Ажылыктын шарты канчоо?

2

4

5

4

32

Жибектин үстүнө отуруу, сүйөнүү, жаздык кылып колдонуу, дубалга асуу арамбы (күнөөбү)?

Жок

Ооба

Ооба

Ооба

33

Сакал алуу арамбы (күнөөбү)?

Ооба

Ооба

Жок

Ооба

34

Нарда ойноо арамбы (күнөөбү)?

Жок

Ооба

Ооба

Ооба

35

Шахмат ойноо арамбы (күнөөбү)?

Ооба

Ооба

Жок

Ооба

36

Жыныстык зордуктоого кабылган жаныбардын өкүмү кандай?

Өлтүрүлөт, этин жегенге болбойт

Өлтүрүлөт, этин жегенге болот

Өлтүрүлөт, этин жегенге болот

Өлтүрүү керек

37

Шарап жана башка мас кылуучу заттарды ичүүнүн жазасы канча балак?

80

80

40

80

38

Динден кайтканы үчүн өлтүрүлгөн бир адамдын мүлкүн мураскорлоруна берүүгө болобу?

Ооба

Жок

Жок

Жок

39

Динден кайткан аял өлтүрүлөбү?

Жок

Ооба

Ооба

Ооба

40

Бир аял соттук кылса (сот болсо) болобу?

Ооба

Жок

Жок

Жок

41

Ит балит (таза эмес) бир жаныбарбы?

Жок

Жок

Ооба

Ооба

Ludwig Deutsch At Prayer

Ludwig Deutsch's oil painting “At Prayer,” 1923

Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек

Ойдон чыгарылган, туура эмес жеткирилген, бурмаланган, адамдар өз каалоосуна жараша чечмелеген миңдеген хадистер учурда Ислам дининин эң негизги булагы катары кабыл алынууда. Ислам дини төрткө бөлүнүп, төрт башка мазхаб, тагыраак айтканда, бири-бирине толук карама-каршы келген төрт башка дин пайда кылынган.

Көп мусулман бир туугандарыбыз чыныгы дин ушул деп ойлоп, билбей буларды жасашууда жана сахих (ишенимдүү) болбогон көп хадистерди чыныгы хадис деп ойлошууда. Учурда көп согуштардын негизги себеби болгон мындай ойдон чыгарылган нерселер хадистер жөнүндө бир пикирге келе албаган бир түшүнүктүн натыйжасы. Жогоруда айтылган жана бул китепте көп жолу кайталана турган маанилүү бир чындыкты кайра эске салалы; Куранда Пайгамбарыбыздын (сав) Раббибизге айткан бир гана арызы – бул Ислам ааламынын Куранды ташталган бир Китеп катары бир тарапка таштап коюшу:

«Раббим, чындыгында менин коомум бул Куранды ташталган (бир Китеп) катары артка ташташты.» (Фуркан Сүрөсү, 30)

Эгер Раббибиз каалаганда, албетте, Пайгамбарыбыздын (сав) сөздөрүнүн баарын коргоого алмак жана 1400 жылдык ал сөздөр –дал Куран аяттары сыяктуу- эч өзгөрбөй бүгүнкү күнгө чейин келмек. Бирок толук Ислам менен жашаганга Курандын бир эле өзү жетиштүү. Ансыз да Пайгамбарыбыздын (сав) бүт кылган иш-аракеттери Куранда турат.

Ошондуктан Раббибиз Куранды коргогон жана бул мусулмандар үчүн жетиштүү. Куран корголгону жана өзгөрбөгөнү үчүн ойдон чыгарылган нерселерге ишенгендер эч качан Куранды өздөрүнө таяныч катары колдоно алышпай, кыйындатканга аракет кылган Ислам динине Курандан эч бир далил келтире алышкан эмес. Ошондуктан ойдон чыгарылган нерселерине дайыма жалган (мавзу) хадистерден далил келтирүүгө аракет кылышкан. Себеби Куранда бүт мусулмандар бириге турган жалгыз жол, жалгыз багыт жана жалгыз акыл бар.

Kuran'ı terkettiler

Куран мусулмандарга жол башчы жана мээрим катары түшүрүлгөн:

...(Бул Куран) ойдон чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин «ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)

Куранда Аллахтын аяттарын өздөрүнчө жетишсиз же өкүмсүз көрүп (Аллахты жана Куранды аруулайбыз), жалган сөздөрдү ээрчий тургандардын бар экени да кабар берилген:

Булар Аллахтын аяттары; сага буларды чындык катары окуп жатабыз. Демек, алар Аллахтан жана Анын аяттарынан соң кайсы сөзгө ыйман кылышат? (Жасия Сүрөсү, 6)

Аллах карама-каршылыктарга толо жалгандар жөнүндө Аллахтын өзгөрбөгөн өкүмү жана Ислам дининин акыйкат китеби болгон Куран менен ойлонууга чакырат:

Алар дагы эле Куранды жакшылап ойлонбой жатышабы? Эгер ал Аллахтан башкасынын кабатынан болгондо, шек жок ичинде көптөгөн карама-каршылыктарды (дал келбестиктерди) табышмак. (Ниса Сүрөсү, 82)

Куран таштап коюлган соң, Курандагы Ислам жетишсиз көрүлгөн соң (Куранды аруулайбыз) жана жаңы бир дин издеп башталган соң, башаламандыктар, пикир келишпестиктер, душмандыктар да бири-бири артынан келе баштаган. Куранга өздөрүнчө сын айтып, өздөрү чыгарган динди кабыл алдырууну каалагандар болсо кайра эле ойдон чыгарылган нерселер аркылуу өздөрүнчө келечек урпактарды да Курандан алыстата турган чараларды көрүшкөн.

Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу

el yıkama, abdest

Мусулмандардын бир бөлүгү көп жылдар бою кайра эле жалган (мавзу) хадистерге жана бир катар «аалымдар» динге кошууга аракет кылган калптарга таянып Курандан системалык түрдө алысташкан. Ал жалган хадис жана ижмалар (кээ бир Ислам аалымдары берген орток шарият өкүмдөрү) аркылуу көптөгөн Куранда жок нерселер жайылтылган. Ал нерселер ушунчалык оор жана жол тосуучу болгондуктан, көп адамдар Куранды «кол тийгизбес» Китеп катары көрө башташкан. Мисалы;

• «Куранды дааратсыз кармаганга болбойт» деген калп аркылуу Куран окуу оордоштурулган.

• Даарат Куранда бир гана аятта апачык түшүндүрүлүп, опоңой болгонуна карабастан, фанаттардын ойдон чыгарган нерселеринде дааратты буза турган –канчалаган том китептен турган- миңдеген себептер бар. («Фанаттардын оор дини» бөлүмүндө бул жагдай терең каралат.) Ошондуктан Куранга тийүү дээрлик эч мүмкүн болбой калган.

• Куран көбүнчө окулбайт, бир баштыктын ичинде бийик жерге илинип коюлат жана эч качан ал жерден түшүрүлбөйт.

Kurani Kerim saklama kabı

According to the fabricated hadiths and agreements of scholars, the Qur'an is not generally to be read, only to be placed somewhere high up and never taken down again.

• Куран бир мусулмандын жашоосунун эң негизги бөлүгү болушу керек; ал эми бул ойдон чыгарылган нерселер боюнча, Куранды Рамазан айы, айт күндөрү, жаназалар сыяктуу кээ бир учурларда, анда да бир гана арап тилинде окууга болот. Бир адамдын Куранды өзүнүн тилинде окушуна болсо толук тыюу салынган. Бул туура эмес ишенимде көп адамдар өз тилинде Куран окуганда күнөө болот деп ойлойт. Ошондуктан арап тилин билбеген элдердин көп бөлүгү Курандын мазмунун да билишпейт.

• Туура эмес ишеним себептүү дүйнөдө миллиондогон мусулмандар Куранда эмне жазылганын да билишпейт.

• Жоолук (башты жабуу) Куранда парз кылынбаганына (бул жагдай эмки бөлүмдөрдө каралат) жана «Куранды дааратсыз кармаба» деген сыяктуу бир шарт болбогонуна карабастан, бир аялдын жоолуксуз жана дааратсыз Куранды кармашына бул ойдон чыгарылган динде тыюу салынган. Ошол сыяктуу, эркектерге да көптөгөн оор эрежелер аркылуу Куранды кармашына бөгөт болуучу көптөгөн туура эмес өкүмдөр чыгарылган.

• Куранды окууга бөгөт коюу үчүн чыгарылган эң белгилүү жомоктордун бири болсо – бул «Курандын өзүн гана окусаң түшүнбөйсүң, аны түшүнүү үчүн аалымдардын чечмелөө жана тафсирлерин кароо керек» деген көз-караш. Бул пикирге сугарылган бир катар мусулмандар Аллахтын «...Биз бүт нерсени жетиштүү деңгээлде түшүндүрдүк» (Исра Сүрөсү, 12) деген аятына карабай, Куранда жетиштүү деңгээлде түшүндүрмө таба албайм деп ишенишип, аларга таңууланган жалган (мавзу) хадистерди чыныгы жол көрсөтүүчү катары көрүшүүдө.

Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз

Kuran okuyan kadın

Куран – жашоонун ар бир көз ирмеминде, бүт жерде окуу керек болгон бир жол башчыбыз; бирок жогоруда айтылган эрежелер натыйжасында бир мусулман Куранды колуна да ала албоодо.

Чындыгында болсо, «Үйлөрүңөрдө окулуп жаткан Аллахтын аяттарын жана даанышмандыкты эстегиле...» (Ахзаб Сүрөсү, 34) деген аят аркылуу дайыма окулуп туруучу жана даанышмандыгы эсте кала турган бир Куран сүрөттөлгөн. Дагы бир Куран аятында болсо Аллах «Бул – эч күмөн болбогон, такыбалар (Аллахтан корккондор) үчүн жол көрсөтүүчү бир Китеп.» (Бакара Сүрөсү, 2) деп белгилейт. Бир китеп жол башчы болушу үчүн анын ичиндеги жол көрсөтүүчү акылмандыктарды билүү керек. Курандын, ошол эле учурда, бир жол башчы, жолду жарык кылуучу бир нур, туураны туура эместен айырмалоочу бир өлчөм, карама-каршы пикирдегилерге карата бир далил, бир керемет, жүрөктөрүндө руханий мааниде оорусу барларга дары, кыйналып жаткан ыймандууларга бир сүйүнчү, бүт адамдар үчүн бир насаат жана эскертүү, бүт жагдайларды терең түшүндүргөн бир мыйзам, ой жүгүртүүнү өстүрүүчү бир жол көрсөткүч, бүт нерсенин ар кандай абалда түшүндүрмөсү, акылын колдонгондор үчүн бир эскертүү, бири-бири менен пикири келишпеген адамдарды бириктирүүчү бир себепчи экени Курандын аяттарында кабар берилет. Бул нерселердин баары Куранды окуп, ичиндеги насааттарды билип, түшүнүү натыйжасында гана турмушка ашат. Бирок фанатизмди жайылтууну көздөгөндөр эң башта Куранга жетүү жолуна бөгөт коюшкан.

Куранга жетүүгө бөгөт коюлганда, бир мусулман үчүн туураны туура эместен айырмалай турган жол да тосулган болот. Хадистердин тууралыгын Куранга карап түшүнүү мүмкүнчүлүгү да калбайт. Анын ордуна ойдон чыгарылган нерселер менен жалган хадистер коюлганда болсо, Курандан башка, жапжаңы бир дин чыгарылган болот. Фанатизм дини мына ушундай ыкмалар менен Ислам дүйнөсүнө жайылтылды.

Kurani Kerim

Is it not enough for them that We have sent down to you the Book which is recited to them? There is certainly a mercy and reminder in that for people who have iman.
(Quran 29:51)

You who have iman! do not make haram the good things Allah has made halal for you, and do not overstep the limits. Allah does not love people who overstep the limits. (Quran 5:87)

Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат

beyaz çiçek

«Насих» (жокко чыгаруу) темасын мурдакы бөлүмдөрдө карадык. Бир аят башка бир аяттын өкүмүн жокко чыгарат деген сөздүн туура эмес экенин бүт далилдери менен көрсөттүк. Бул жердеги маселе болсо – бир катар «улама» жана «аалым» сөрөйлөрдүн кээ бир хадистер аяттардын өкүмүн жокко чыгарат дегенге чейин барышы.

Бул сөздү айткандар негизи Пайгамбарыбызга (сав) жалаа жапкан болушат. Пайгамбарыбызды (сав) сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде Куран аяттарынын сыртына чыгып, Курандан тышкары башка нерселерди жасаган деп адамдарды тымызын ишендирүүгө аракет кылышууда. [Пайгамбарыбыз (сав) мындай нерселерден алыс]

Пайгамбарыбыз (сав) Куранга карап өкүм берип, бир гана Куранга карап жашаган. Пайгамбарыбыздын (сав) Курандан сырткары бир нерсени адал же арам кылуу укугу эч эч жок, ансыз да пайгамбардыгы жана Аллахтан өтө корккону себептүү мындай нерсени эч качан жасабайт. Улуу Аллах мунун Анын каарына себеп болоорун аяттарда төмөнкүчө белгилейт.

Эч күмөнсүз, ал (Куран) кадырлуу бир элчинин чындык сөзү. Ал бир акындын сөзү эмес. Канчалык аз ишенесиңер? Бир көзү ачыктын да сөзү эмес. Канчалык аз насаат алып-ойлоносуңар. Ааламдардын Раббисинен түшүрүлгөн. Эгер ал Бизге карата кээ бир сөздөрдү оюнан чыгарып айткан болгондо. Сөзсүз анын оң колун (бүт күч-кудуретин) алып коймокпуз. Анан анын күрөө тамырын, албетте, үзмөкпүз. Ошондо силерден эч ким ортого кирип аны мындан тосуп, куткара алмак эмес. (Хакка Сүрөсү, 40-47)

Куран аятта айтылгандай «бүт нерсенин ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана корголгон Китеп. Аллах аятында мындай деп кабар берет:

... (Бул Куран) ойдон чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин «ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)

Куранда «Эй Пайгамбар, жубайларыңдын ыраазылыгын көздөп, Аллах сага адал кылгандарды эмне үчүн арам кылып жатасың? Аллах өтө кечиримдүү, өтө боорукер.» (Тахрим Сүрөсү, 1) аятынан апачык көрүнүп тургандай, Пайгамбардын (сав) өзүнүн жеке жашоосунда да адал кылынгандарды арам кылуу укугу болгон эмес. Мындан тышкары, көп аяттарда «Өкүм бир гана Аллахтын колунда» (Энъам Сүрөсү, 57) жана «Өз өкүмүндө эч кимди шерик кылбайт.» (Кехф Сүрөсү, 26) деп Аллах бир гана Өзүнүн өкүм койоорун апачык белгилеген. Аллахтын өкүмү болсо Куранда.

Ошондуктан Аллах бербеген бир өкүмдү Пайгамбарыбыздын (сав) бериши мүмкүн эмес.

Куранга жетүүнүн жолу тосулуп, Курандын өкүмдөрү хадистер тарабынан жокко чыгарылган дегенге чейин жеткен соң; жапжаңы бир динди ойлоп чыгарып, бүт адамдарды ал динге түртүү да өтө оңой болгон. Бул жаңы жана Курандагы Исламдан такыр башка динди түшүнө алуу үчүн жалган (мавзу) хадистердин кээ бирлерин карайлы.

Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү

Фанаттык түшүнүккө сын айткан батыштыктар негизи бул түшүнүктүн чектерин көбүнчө жакшы билишпейт. Жалган сөздөр, жасалма аалымдар жана ойдон чыгарылган нерселер аркылуу келип чыккан бул диндин эрежелери алар билгенден алда канча үрөй учурарлык. Бир радикалдын чектен чыгышынын көрсөткүчү бомба байлап өзүн жардырышы менен эле чектелбейт. Бир фанаттын жашоосунун ар бир көз ирмеминде коркунучтуу бир түшүнүк орун алат. Жашаган жеринен үй-бүлөлүк жашоосуна, аялга болгон көз-карашынан бүт жаныбарларга болгон көз-карашына, тазалык түшүнүгүнөн бакыт түшүнүгүнө чейин бүт тарабы караңгылыктарга толо.

Бул жерде бул көз-карашты көрсөтүүдө радикалдардын булагы болгон жалган хадистерди көңүлүңүздөргө сунабыз жана аларга Куран аяттары менен жооп беребиз. Мындагы максат – радикализмдин булагын көрсөтүү жана анын Ислам дини менен эч байланышы жок экенин жеткире алуу. Ар этапта айтыла турган эскертүүнү бул жерде башынан айта кетели:

Бул жерде карала турган жалган өкүмдөрдүн эч бири Куранда жок. Бул жалган хадистер менен иш-аракеттер Курандын мазмунуна жана рухуна бүтүндөй карама-каршы келет. Баары Куранга карама-каршы келет, ошондуктан Ислам динине тиешелүү эмес. Бул нерселер мусулмандарга дайыма зыянын тийгизип келди. Ушул себептен ойдон чыгарылган калптардын жүзүн апачык көрсөтүү керек жана натыйжада бул коркунучка карата кандай чара көрүү керек экени да белгилүү болот.

bağnazlar

It is various false and fabricated hadiths that represent the source of violence in the name of Islam. These hadiths and practices are diametrically opposed to the content and spirit of the Qur'an. These hadiths that represent the basis of superstition must therefore be identified and precautionary measures be set out in a rational manner.

Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү

Ичимдик ичүүгө бешинчи жолу баргандарды өлтүргүлө.» (1643-Ebû Dâvud-Tirmizî (Абу Давуд-Тирмизи))

Куранда такыр жок бул өкүм мына ушул жалган аркылуу Исламга киргизилген. Ал эми Куран аяттарында болсо ичимдик ичкен мусулмандардын, ал тургай, ибадаттарын кылган адамдардын бар экени айтылган. Аятта мындай деп айтылат:

Эй ыймандуулар, мас кезиңерде сүйлөгөн сөзүңөрдү билгенге жана жунуб кезде болсо –сапарда жүргөнүңөрдөн тышкары- гусул кылганга чейин намазга жакындабагыла. (Ниса Сүрөсү, 43)

Бул аятта маанилүү бир өкүм бар. Бир мусулман ичимдик ичкенде күнөөгө кирет, бирок Исламдан чыкпайт, каапыр болбойт. Аятта апачык айтылгандай, мусулмандар арасында да ката кетирип, ичимдик ичкендер болушу мүмкүн, бирок аларга намаз окуганда соолуккан абалда болгула деп айтылууда. Намаздай күчтүү бир концентрацияны талап кылган, адам Аллахты эстеп жатканда эмне айтып жатканын билип, түшүнүшү керек болгон бир ибадатта Аллах мас адамдын акылы ордунда болбогону үчүн ошол учурда намаз кылышына тыюу салган. Бирок аятта айтылгандай, адам мас абалынан чыгып, соолуккан соң кайра намаз ибадатын аткарууну улантат. Б.а. кандай болгон күндө да ал адам – бир мусулман.

Куран ушундай ачык бир өкүм аркылуу адамдарга ката кетирсеңер да, динден чыкпайсыңар деп билдирсе, ойдон чыгарылган хадистин жалган өкүмү болсо бир кылмышка чакырууда. Негизги маселе болсо, радикалдуу дүйнөдө көп адамдар бул хадисти жатка билип, Курандагы чыныгы өкүмдү эч билишпейт.

Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү

«Куран окуп туруп сакал-мурутун алгандарды өлтүргүлө.» (4816- Buhâr-i Müslim- Muvatta-Nesâî-Ebu Dâvud (Бухари, Муслим, Муватта, Насаи-Абу Давуд))

Бухари жана Муслим сыяктуу кадыр-барктуу жана сахих хадистер да орун алган булактарда болушу ушул сыяктуу жалган хадистерди фанаттардын дүйнөсүндө көбүрөөк өтүмдүү кылган. Эң биринчиден, Куран тазалыкты жана өзүн каранууну мактаган. Ошондуктан сакалдын –узун же кыска- ар кандай кылып алынып, кыскартылышы Куранга толук туура келген бир тазалык жана өзүн карануу түшүнүгү болуп саналат. Мындан тышкары, сакал алуу жөнүндө Куранда БИР ДАГЫ ӨКҮМ болбогонуна карабастан, жалган хадис аркылуу мындай өкүмдүн чыгарылышы адамды шок кылат.

«Ким бир жанды, ал башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч күнөөсүз жерден) өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот...» (Маида Сүрөсү, 32) деген эң сонун динибизде сакалын алды деп бир адамды өлтүрүүнүн мүмкүн эмес экени айдан ачык. Бул жөнүндө Куранда бир дагы аят болбогонуна карабастан, муну шылтоо кылып «өлтүрүүнү» кантип туура нерседей көрсөтүүгө болот?

Албетте, чыныгы Ислам түшүнүгүндө мындай нерсе мүмкүн эмес. Бул жерде мусулман дүйнөсүнүн өтө чоң бөлүгүнүн өзүн каранып, сакал-мурутун алып жүргөнүн да эске салуу керек. Бул өкүм боюнча, мусулман эркектердин дээрлик 80%ын өлтүрүү керек болот. Бирок учурда бул өкүмдүн чыныгы экенине ишенген өтө көп санда радикалдуу мусулман жер бетинде жашап жатат жана алардын көпчүлүгү башка мусулмандарды сакал алганы үчүн гана «өлтүрүү важып» деп ишенишүүдө. Ал кишилер Куранга карабай, ушундай коркунучтуу бир түшүнүктө жашашууда.

Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү

John William Waterhouse Thisbe

John William Waterhouse's oil painting “Thisbe,” 1909

False hadiths on the practice of stoning to death were fabricated in order to include the commandment of the Torah about the stoning of adulterers in Islam and to justify such a revolting practice.

Ойноштук (никесиз байланыш) кылгандарды өлтүргүлө. [1623-Tirmizî (Тирмизи)] (1601)

Үй-бүлөлүү болуп туруп, ойноштук кылгандарды ташбараң кылып (реджм кылып) өлтүргүлө. (1111-Buhârî] [1606-Buhari-Müslim-Tirmizi-Ebu Davud-Nesai-İbn Mace (Бухари-Муслим-Тирмизи-Абу Давуд-Насаи-Ибн Маджа))

Бул жалган хадистер Тоороттогу ойноштук кылганды ташбараң кылып өлтүрүү өкүмүн мусулмандыкка киргизүү жана реджм (ташбараң кылуу) сыяктуу бир жапайылыкты кадимки нерседей көрсөтүүгө аракет кылуу максатында ойлоп чыгарылган. Бул жалганды хадистерге кошуу үчүн бир катар жалган «аалымдар» башка жалган хадистерди ойлоп табуудан да тартынышкан эмес. Төмөндө бир канчасы мисал келтирилген бул хадистер ташбараң кылуу жазасын кадыресе нерседей көрсөтүү үчүн Пайгамбарыбызга (сав), халифаларга жана сахабаларга карата айтылган жалган жалааларга толо:

«Ойноштук кылган үй-бүлөлүүлөрдү ташбараң кылып өлтүрүүгө буйруган аят Аз. Айшанын төшөгүнүн астындагы баракта жазылуу болгон. Пайгамбар көз жумган соң Аз. Айша аны жайга коюу иштери менен алектенип жүргөндө, үйдүн ачык эшигинен ичкери кирген бир эчки ал баракты жеп койгон. Ошентип ташбараң кылып өлтүрүү жазасы Курандан чыгып калган. Бирок өкүмү уланууда.» (İbn-i Mace (Ибни Маджа) 36/194; Hanbel (Ханбал) 3/61,5/131)

«Эчки жеп койгону үчүн Курандан чыгып калган ташбараң кылуу аятын Өмер (Умар) Куранга кайра киргизгиси келген; бирок адамдардын ушагынан корккону үчүн буга эрки жеткен эмес» (Buhari (Бухари) 53/5; 54/9; 83/3; 93/21; Muslim, Hudud (Муслим, Худуд) 8/1431; Ebu Davut (Абу Давуд) 41/1; Itkan 2/34).

«Улуу Аллах Мухаммедди (с.а.с) акыйкат менен жөнөтүп, Ага Китепти түшүргөн. Реджм аяты да Ага түшүрүлгөн аяттардан эле. Биз ал аятты окуп, жаттап, түшүндүк. Расулуллах (с.а.с) реджмди жасады, андан соң биз да жасадык». Убакыт өткөн соң кээ бирлер чыгып «Биз Аллахтын китебинен реджмди көрө алган жокпуз» деп, Аллах түшүргөн бир парзды таштап коюп, жолдон адашышат деп корком. Эч күмөнсүз, реджм Аллахтын китебинде үй-бүлөлүү болуу, күбө, бойго бүтүү же моюнга алуу шарты менен, ойноштук кылган адамга берилчү бир акыйкат жаза.» (Müslim, Hudûd, 15)

recm

Халифа Өмердин (Умардын) реджмди минбардан жарыялашы, арасында көптөгөн сахабалар турган жамааттын эч биринин ага каршы чыкпашы реджмдин бар экенин көрсөтөт. (Sahih-i Müslim Tercüme ve Şerhi (Сахихи Муслимдин котормосу жана чечмелениши), Ahmed Davudoğlu, Istanbul 1978, VIII, 350). es-Serahsî (ö. 490/1097)

Исламга, Куранга, Пайгамбарыбызга (сав) жана сахабаларга айтылган сансыз жалааларга толо болгон жогорудагы жалган хадистерди бир-бирден карайлы:

Эң биринчиден, Аллах аяттары аркылуу Курандын Өзүнүн коргоосу астындагы бир китеп экенин апачык айткан:

Эч күмөнсүз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында Бизбиз. (Хижр Сүрөсү, 9)

Албетте, бул – бир Курани Карим. Сакталып-корголгон бир Китепте (жазылуу). (Вакыа Сүрөсү, 77-78)

Күмөнсүз, аны (Куранды) (жүрөгүңдө) топтоо жана аны (сага) окутуу Биздин колубузда(гы иш). (Кыямат Сүрөсү, 17)

recm cezası, İran

The penalty of stoning to death applied in countries such as Iran, Afghanistan and Saudi Arabia under the name of “Islamic Sharia,” is both a violation of Islam and the Qur'an and murder. The picture to the side shows stoning in Iran.

Аллах Куранды коргой турганын, аяттарды бириктирип Өзү сактай турганын аяттарында апачык белгилеген. Акыркы түшүрүлгөн вахий болгон Курандын Аллахтын коргоосу астында экенин кайра эле Курандын өзүнөн биле алабыз. Себеби Куран акыркы Китеп болгону үчүн кыяматка чейин адамдардын хидаят табышына (туура жолго түшүшүнө) себепчи болот. Ошондуктан акыркы вахий Аллах тарабынан коргоого алынган.

Муну Улуу Раббибиз Пайгамбарыбызга (сав) «Сага окутабыз, сен болсо унутпайсың.» (Аъла Сүрөсү, 6) аяты аркылуу вахий кылган. Бул аят да кабар бергендей, Аллах Пайгамбарыбызга (сав) окутулган эч бир аятты унуттурган эмес. Ошондуктан Куранда унутулган же кем болуп калган бир аят болушу мүмкүн эмес.

Ойноштук (зынаа) жөнүндөгү аятты эчки жеген деген «риваятта» болсо Аллах аятында «сакталган жана корголгон» бир китеп деп сүрөттөгөн Курандан бир аят чыгып калган, башкача айтканда, Аллах аятты коргой алган эмес деп айтылууда (Аллах мындай кемчиликтен алыс). Бул жогорудагы Куран аяттарын четке кагуу, Аллахтын сөздөрүнөн күмөн саноо жана динден чыгуу деген мааниге келет.

Болгондо да, жалган хадистер аркылуу халифа Аз. Өмерге (Аз. Умарга) апачык жалаа жабылууда. Ал жалган жалаа аркылуу, Аз. Өмер жөнүндө «Куранда жок бир өкүмдү билип, Куранда болбогонуна карабастан Медина минбарында аны бир аят катары жарыялап, ага эч бир сахаба каршы чыккан эмес, Аз. Өмер болсо ушактан «корккону» үчүн аны Куранга кошо алган эмес» деп айтылууда.

Албетте, Пайгамбарыбыздын (сав) халифасынын Куранда жок бир өкүмдү «негизи бул Куранда бар эле» деп айтышы мүмкүн эмес. Бул Аз. Өмердин Курандын корголгон китеп экенин четке кагышы деген мааниге келет; бул болсо Аллахтын өкүмүнө каршы чыгуу болуп саналат (Аз. Өмер мындайдан алыс). Бул, албетте, жалган хадистер аркылуу Аз. Өмерге карата айтылган өтө жаман жана чоң бир жалаа.

Ошондой эле, Курандагы бир аятты корголбой калган деп минбарда айтылышына эч бир сахаба каршы чыккан эмес деп сахабаларга да чоң жалаа жабылууда. Мындай нерсеге сахабалардын баарынын Курандан далил көрсөтүп, өтө каршы чыгаары анык.

Аз. Өмерге бул жалган хадистер аркылуу «Куранда бар деп ойлогон бир өкүмдү ушактан корккону үчүн айта алган эмес» деген дагы бир жалаа жабылган. Бул жогорудагы хадисти ойлоп чыгарган жалганчы аалымдардын Аллахка, Пайгамбарыбызга (сав), халифаларга жана сахабаларга болгон көз-карашынын канчалык бузуку экенин апачык көрсөтүүдө. Аз. Өмер Пайгамбарыбызды (сав) өрнөк алган, өмүр бою Аллах үчүн жашаган, ал үчүн канчалаган кыйынчылыктарга туруштук берген, Аллахка, Пайгамбарга (сав) жана Куранга ишенүү жана аларды коргоодо өлүмгө тике караган, чын ниеттүү бир мусулман болгон. Өмүр бою эч кимдин сын сөзүнөн, өлүмдөн, согуштардан, коркутуулардан эч тартынбаган, Аллахтан башка эч кимден коркпогон бул куттуу инсанды «ушактан корккону үчүн Курандан чыгарылган бир аятты айтуудан тартынган» деген сөз – Ислам менен эч байланышы жок, «оорулуу» бир мээ ойлоп тапкан бир жалган жалаа.

Мындан тышкары, ойноштук жөнүндөгү өкүм Куранда болушунча терең берилген жана реджм (ташбараң кылуу) деп аталган зомбулук Куранда такыр жок. Эгер реджм ал «аалымдар» ойлоп чыгаргандай Куранда бар болсо, ойноштук жөнүндө кантип эки башка өкүм айтылышы мүмкүн? Албетте, мындай нерсе мүмкүн эмес. Бул дагы алардын жалганчылыгынын бир далили. Эми болсо ойноштук жөнүндө Куранда Раббибиз берген жалгыз жарактуу өкүмдү аяттар аркылуу баяндайлы:

recm

The claim the fanatics make by means of fabricated hadiths, that a goat ate the verse about adultery, implies that, may God forbid, God was unable to protect the verse (surely God is beyond that). That is equivalent to rejecting the verses in question, doubting the word of God and abjuring the faith.

Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү

Ойноштук жөнүндөгү өкүм Куранда төмөнкүдөй:

Ойноштук (зынаа) кылган аял менен ойноштук кылган эркектин ар бирине жүздөн таяк (желде) ургула. (Нур Сүрөсү, 2)

Аяттагы «желде» - жоон бир таяк эмес, ичке бир чыбык. Жана Пайгамбарыбыз (сав) доорунда бул өкүм жүз чыбыкты чогултуп байлоо аркылуу, б.а. ойноштук кылган адамга бир топ кылып байланган жүз чыбык менен бир жолу уруу аркылуу орундатылган.

Мындан тышкары, бул жерде баса белгилөө керек болгон бир чындык бар; Курандагы бул жөнүндөгү башка аяттардан бул таяк жазасынын да коркутуу максатында экени, иш жүзүндө мунун көп мүмкүн болбой турганы көрүнүп турат:

Коргонгон (намыстуу) аялдарды (ойноштук менен) айыптап, анан төрт күбө алып келбегендерге болсо сексен таяк ургула жана алардын күбөлүктөрүн өмүр бою кабыл албагыла. Алар бузукулар (фасык). (Нур Сүрөсү, 4)

Аяттан да көрүнүп тургандай, бир аялды ойноштук менен айыптоо үчүн аны ойноштук учурунда көргөн төрт күбө болушу шарт. Ал төрт адамдын ойноштуктун мурдасын же кийинин эмес, дал ойноштук учурун көрүшү аларды күбө кылат. Себеби ойноштуктун мурдасын же кийинин көрдүм деп айтып чыгуу кайра эле күмөн болуп саналат. Иш жүзүндө ойноштук учуруна төрт адамдын күбө болушу мүмкүн болбогондуктан, мунун коркутуучу бир жаза экени ачык көрүнүп турат.

Бул аятта, мындан тышкары, ойноштук менен айыптап күбө алып келбегендерге сексен таяк жазасынын болушу да бул жөнүндөгү жалаалардын алдын алуучу өтө коркутуучу бир өкүм. Дагы бир аятта бир аялды ойноштук менен айыптап, күбө алып келбеген адамдардын Аллах Кабатында калпычылар деп саналаары белгиленген:

Ага карата төрт күбө менен келиши керек эмес беле? Күбөлөрдү алып келбегенине караганда, эми алар Аллах Кабатында жалганчылардын дал өзү болушат. (Нур Сүрөсү, 13)

Көрүнүп тургандай, күбө алып келе албаган адам жалаа жапты жана калп айтты деп айыпталат. Ошондуктан ал адамдын чындыкты айтып жатканы далилдениши үчүн аны менен бирге ойноштукка күбө болгон 4 адам болушу шарт. Антпесе анын сөзү жарабайт.

Куранда ойноштуктун өкүмү ушундай. Бул өкүм болушунча терең жана ачык, жана ошондой эле, реджм (ташбараң) эмес, такыр башка ыкма сүрөттөлгөн. Аяттын ушундай ачык өкүмүнө карабай, Исламга ар кандай калптар аркылуу реджм зомбулугун кошууга аракет кылгандар өтө чоң жалаа жапкан болушат. Учурда «Ислам шарияты» деген ат менен Иран, Афганистан, Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө жасалып жаткан реджм (ташбараң кылуу) жазасы Исламга жана Куранга эч туура келбейт жана кылмыш. Бул өлкөлөрдө мындай иш-аракет аркылуу Исламдын атын колдонуп апачык кылмыш кылынууда.

Vasily Polenov’un “Zina ile suçlanan kadın ve Hz. İsa verdiği karar” adlı yağlı boya tablosu, 1888

Vasily Polenov's oil painting titled “Jesus and the Woman Taken in Adultery,” 1888

Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү

Albert Samuel Anker’in “Old age ” adlı yağlı boya tablosu

Albert Samuel Anker's oil painting “Old age,” 1885

The killing of those who persist in stealing is another product of fabricated hadiths that has no place in the Qur'an. This is also murder.

Уурулукту токтотпогондорду өлтүргүлө. (1631-Ebû Dâvud-Nesâî (Абу Давуд-Насаи))

Уурулукту токтотпогондорду өлтүрүү – Куранда такыр болбогон жана, албетте, дагы бир жалган хадистен келип чыккан бир өкүм. Жана чоң бир кылмыш.

Куранда уурулук кылган адамдар жөнүндөгү өкүм төмөнкүдөй:

Ууру эркектин жана ууру аялдын (уурдап) тапканы үчүн Аллахтан «кайталанышынын алдын алуучу анык бир жаза» катары колдорун кескиле. Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Маида Сүрөсү, 38)

Бул аятта «кесүү» этиши үчүн колдонулган сөздүн арапчасы «иктауу». Бул сөз «катаа», б.а. кесүү этишинин көптүк түрү. Куранда «катаа» этишинин кандай кесүүнү сүрөттөгөнүн бул этиш колдонулган төмөндөгү аяттан түшүнө алабыз:

(Аял) Алардын кылгандарын укканда, аларга (бир чакыруучу) жөнөтүп, отуруп сүйөнө турган орундар даярдады жана ар биринин колуна (алдыларындагы мөмөлөрдү аарчуу үчүн) бычак берди. (Йусуфка болсо:) «Чык, аларга (көрүн)» деди. Ошентип алар аны (укмуш сулуулугун) көргөндө (адамзаттан жогорку бир заттай) өтө жогору көрүп, (таң калгандан) колдорун кесип алышты жана: «Аллахты аруулайбыз, бул бир адам баласы эмес. Бул жогору бир периште» дешти. (Йусуф Сүрөсү, 31)

Бул жерде колдоруна мөмөлөрдү аарчуу үчүн бычак берилген аялдардын таң калгандан колдорун кесип, үзүп салбаганы анык. Бул жерде колдон тайып кеткен бычактын терини кесип кеткени жөнүндө сөз болуп жатканы көрүнүп турат. Ошондуктан бул сөздүн маанисин эске алганыбызда, «кесүү» сөзүнүн «кесип, жулуп салуу» деген мааниде эмес, коркутуу максатында же ал адамдын уурулук кылганы белгилүү болсун үчүн жана кайра кайталанбашы үчүн териге сызык калтыруу маанисинде колдонулганын көрөбүз.

hırsızlık

Уурулук өкүмү жөнүндө Куранды караганыбызда, бүт кылмыштардагы сыяктуу, мында да кечирүүнүн алдыңкы планга коюлганын көрөбүз. Куранда уурулук жөнүндөгү өкүм билдирилген Маида Сүрөсүнүн 38-аятынан кийинки аятта бул ишти жасаган адамды кечирүү жөнүндө айтылган. Албетте, мында уурулук кылган адамдын тообо кылып, өзүн оңдошу шарт коюлат. Аятта бул апачык белгиленген:

Бирок, ким күнөө кылгандан кийин тообо кылып, кылган иштерин оңдосо, шек-күмөнсүз Аллах анын тообосун кабыл кылат. Аллах кечиримдүү, боорукер. (Маида Сүрөсү, 39)

Бул жерде айта кетчү дагы бир жагдай; уурулук кылуу үчүн себеп болушу керек. Уурулук жөнүндөгү Курандагы бул өкүм ишке ашырыла турган элдер, албетте, Куран шарияты менен жашаган Ислам калктары болот. Куран шарияты менен жашаган бир мусулман элде болсо бир тарапта байлар, экинчи тарапта кедейлер болбойт. Себеби Куранды негиз туткан бир элде садака системасы эң мыкты турмушка ашырылат. Б.а. материалдык мүмкүнчүлүгү барлар мүмкүнчүлүгү жокторду дайыма коргошот жана мал-мүлкүнөн дайыма кедейлерге берүүгө милдеттүү. Бул жөнүндөгү аяттар төмөнкүдөй:

Жүзүңөрдү чыгышка жана батышка бурушуңар жакшылык эмес. Жакшылык – Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга (эркиндиги үчүн) берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруганда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор – чынчылдар, жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 177)

yoksula yardım

It is impossible in a society that abides by the genuine Sharia of the Qur'an for there to be rich people as well as poor ones. The rich always protect those in need and have a responsibility to give to the poor.

Сенден эмнени садака кылууну сурашат. Айткын: “Жакшылык катары ата-энеге, жакындарга, жетимдерге, жакырларга жана жолдо калгандарга садака кылгыла. Жакшылык катары кылгандарыңардын баарын, Аллах, албетте, билет.» (Бакара Сүрөсү, 215)

Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип (мындай дешет): «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.» (Инсан Сүрөсү, 7-11)

Тууганга акысын бер, жакырга жана жолдо калганга да. Ысырап кылып чачпа. (Исра Сүрөсү, 26)

Эми мындай суроо берели: уурулук эмне үчүн жасалат?

Биринчи себеп – муктаждык. Бир адам оор абалда калып, карызы көбөйүп, жакырчылыкта кыйналганы үчүн жаңылып уурулукка барышы мүмкүн. Курандын коргоосу астындагы мындай элде оор абалда калган, карызга баткан, жакырчылыкта кыйналган бир адам болушу мүмкүн эмес. Жакырлар материалдык мүмкүнчүлүгү барлар тарабынан корголсо, оор абалдагы адамдардын карыздары жөнүндөгү өкүм болсо Куранда «...(Карызды) Садака кылып кечип жиберүү болсо силер үчүн жакшыраак; эгер билсеңер.» (Бакара Сүрөсү, 280) аяты аркылуу апачык билдирилген.

yoksul

Уурулуктун ыктымалдуу экинчи себеби болсо психологиялык оорулар болушу мүмкүн. Бул ансыз да ал адамдын дарылануусун талап кылган өзгөчө жагдай жана ал адам кылмышкер эмес, оорулуу болуп саналат. Бул экөөнөн тышкары адамдарды уурулукка түртө турган иш жүзүндө бир себеп жок. Ошондуктан бул себептердин жоюлушу натыйжасында Ислам элдеринде уурулук сыяктуу бир кылмышка эң башынан бөгөт коюлат.

Булардын баарын унуткан фанаттар Исламды өлүм жана зомбулук дининдей көрсөтүүгө аракет кылгандыктан, бул жерде да Куранга бүтүндөй карама-каршы бир өкүм чыгарышкан. Уурулук күнөө; бирок көбүнчө уурулук кылган адамдын муктаждык ичинде болгону же оорулуу болгону үчүн ушундайга бардыбы деген суроолор аларды кызыктырбайт. Чындыгында болсо, муктаж адам да, оорулуу да мусулмандардын жоопкерчилигине жүктөлгөн. Фанаттар бул жоопкерчиликти көрбөй, жогорудагы фанаттык өкүмдүн негизинде зөөкүрдүк менен кылмышка да барышууда. Бул жалган өкүмдү ойлоп чыгаргандар өздөрүнчө Куранды жактырбай, өздөрүнүн бузуку түшүнүшүгүнө туура көрбөй, Курандын адилеттүүлүк системасынын ордуна өздөрүнүн адилеттүүлүк системасын курууну каалашууда. Куранды караганда болсо мындай зөөкүрдүктү эмес, дайыма сүйүү менен кечиримдүүлүктү көрөбүз.

Динден кайткандардын өлтүрүлүшү

Динден кайткандарды өлтүргүлө. (1585-Muvatta] [1558-Ebu Dâvud-Nesâî] [676-Nesâî] [1586-Ebu Dâvud-Nesâî)

«Исламды таштаган кайсы эркек болбосун, аны кайра Исламга чакыр. Кайтпаса, башын кесип сал.» (Taberani)

Курандан тышкары, жасалма шарият системалары менен башкарылган өлкөлөрдүн таш боордугунун жана зомбулукчу болушунун эң негизги булактарынын бири – ушундай жалган хадистер. Ислам дининин маңызына карама-каршы келген, эң чоң калптардын бири болгон мындай өкүм Куранда такыр жок, жана Куран мындай фанаттык логикага түп-тамырынан тыюу салып, бул логикага каргыш айтат. Куранда сөз жана ишеним эркиндигин жактаган аяттардын кээ бирлери төмөнкүчө:

Динде мажбурлоо (жана басым жасоо) жок... (Бакара Сүрөсү, 256)

«Силердин диниңер силерге, менин диним мага.» (Кафирун Сүрөсү, 6)

...Сен алардын үстүндө бир мажбурлоочу эмессиң... (Каф Сүрөсү, 45)

Жана айткын: «Акыйкат Раббиңерден; эми каалаган ыйман кылсын, каалаган ыймансыз болсун... (Кехф Сүрөсү, 29)

Эгер Раббиң каалаганда, жер жүзүндөгүлөрдүн баары бирдей ыйман келтирмек. Ошондуктан, алар ыймандуу болгонго чейин адамдарды сен мажбурламак белең? (Йунус Сүрөсү, 99)

Эми сен насаат айтып-эскерт. Сен болгону бир насаатчы-бир эскертүүчүсүң. Аларга «кысым көрсөтүп, басым» жасабайсың. (Гашия Сүрөсү, 21-22)

Куранда сүрөттөлгөн Ислам дининде бүт адамдар ишенүү же ишенбөөдө эркин. Курандагы динде мусулманга жакшы адеп-ахлакка чакыруу милдети гана жүктөлгөн. Хидаят (туура жолго салуу) Аллахтын колунда. Мусулман киши ишенсе да, ишенбесе да ар бир адамга боорукер мамиле кылууга милдеттүү. Мусулманды бир киши өлтүргүчтөй көрсөтүүгө аракет кылгандар Курандагы бул чындыктарды жаап-жашырууга аракет кылышат.

Куранда сүрөттөлгөн Ислам дининде бир мусулман өзүнүн, ата-энесинин же жакындарынын зыянына болсо да, адилеттүүлүктү жактаганга милдеттүү (Ниса Сүрөсү, 135). Бул аят боюнча, кандай динде, кандай ишенимде болбосун, бүт адамдардын укугун жактап, аларга адилеттүү мамиле кылышы шарт.

Ошондой эле, бул китепте жогоруда да айтылган жана көп жолу айтыла турган бир аятта Аллах мусулмандарга өздөрүн тосуп, бир мушрикти, б.а. ыймансыз бир адамды коргогула деп буйруган:

Эгер мушриктерден бирөө сенден «амандык суранса», ага амандык бер; ошентип Аллахтын сөзүн уксун, анан аны «коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткир.» Бул алардын албетте билбеген адамдар болушу себептүү. (Тообо Сүрөсү, 6)

Бир ыймансызды коргогонго милдеттүү кылынган мусулмандардын кандай дин түшүнүгүндө болушу керек экени белгилүү. Аллах Пайгамбарыбызга (сав) каапырларга төмөнкүчө кайрылуу керек экенин Куран аркылуу кабар берип, ачык демократиялык системаны сүрөттөгөн:

Айткын: «Эй каапырлар. Мен силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Менин сыйынганыма силер сыйынбайсыңар. Мен да силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Силер да менин сыйынганыма сыйынбайсыңар. Силердин диниңер силерге, менин диним мага.» (Кафирун Сүрөсү, 1-6)

«Айткын» деп башталган бул аяттар Пайгамбарыбызга (сав) эң мыкты демократиялык системаны жана ал демократиялык системада колдонула турган ыкманы сүрөттөөдө. Бул сүрө «Силердин диниңер силерге, менин диним мага.» деген өкүм менен бүтүүдө; б.а. бир мусулман өз дини менен жашап, башкалардын ишенимине кийлигишпейт, аларга кысымчылык, басым жасабайт, мусулман болбой жатат деп башкаларга зулумдук кылбайт. Аларга «силердин диниңер силерге» деп урмат көрсөтөт жана кийлигишпейт, «менин диним мага» деп алардан да сый-урмат талап кылат. Кысымчылык жана басым жасоого жол берилбеген, мушриктерди өз жанын аябай коргогон, ыймансыздар (атеисттер) жөнүндө да адилеттүү өкүм берилген жана демократия толук жана эң мыкты сүрөттөлгөн Куран – чыныгы мусулмандардын жол башчысы.

islamofobi

In the Islam described in the Qur'an, everyone is free to believe or not believe, as they so choose. However, because of the false conception of Islam given by radicalism, Western magazines frequently carry reports concerning Islamophobia.

Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү

Намазды таштагандарды өлтүрүүгө болот. (2117-Ebû Dâvud)

Бул – Исламды таштагандарды өлтүргүлө деп өкүм берген жогорудагы жалган хадиске окшогон дагы бир хадис. Ибадаттарда жана эч нерседе мажбурлоо жасалбайт деп апачык айтылган бир динде бир адамдын басым жасалып, намаз кылганга мажбурланбашы да айдан ачык. «...Сен алардын үстүндө бир мажбурлоочу эмессиң...» (Каф Сүрөсү, 45) деп буйруган бир динде кайсы өкүмдүн негизинде мындай зомбулукту кылганга болот? Албетте, эч кайсы. Куранды карасак, бир мусулмандын намаз кылган же кылбаган ар бир адамга урмат жана боорукердик көрсөтүшү керек экенин апачык көрө алабыз.

Китептин башында да айтылган маанилүү бир чындыкты кайра эске салалы: мажбурлоо менен жасалган бир ибадат ибадат болбой калат, жана ошондой эле, жек көрүүгө, ачууланууга да себеп болушу мүмкүн. Бир адам намазга мажбурланганда, мажбурлоо менен мусулман болуп калбайт. Эч каалабай, мажбурлоо менен намаз кылган бир адам эки жүздүү бир мүнафыкка, дин душманына айланышы ыктымал. Намазды таштасам өлтүрүлөм деп ойлогон бир адам өлтүрүлүүдөн коркуп динчил болуп көрүнүп, эки жүздүүлүк кылат жана андай жашоосун, жана ага таңууланган динди тынымсыз жек көрөт. Бир мүнафык пайда кылынганда болсо Исламга эң чоң зыян келтирилген болот. Ошондуктан басым, зулумдук жана өлүм менен коркутуу аркылуу сакталган бир динчилдик эч качан чыныгы динчилдик болбойт. Бул бир гана Исламга зыян алып келет.

namaz

Alphons Leopold Mielich's oil painting “Prayer at the Muhammad Ali Mosque”

Nobody can obviously be forced to pray in a faith in which there can be no compulsion on any subject.

Эгер бир адам акылы, ден-соолугу жайында туруп, намазды таштаган болсо, анын ар кандай себептери болушу мүмкүн. Ал адам жетиштүү деңгээлде динчил болбошу ыктымал, Аллах жүрөгүнө күчтүү ыйман койбогон чыгаар же жетиштүү деңгээлде Аллахтан коркпой жаткан чыгаар. Хидаят (туура жолго салуу) Аллахтын колунда жана бирөөнү туура жолго сала турган эч качан бир адам эмес. Намаз кылбай жатышы ал адамды динден чыгарбайт. Намазды таштаган эртең бир күнү кайра намазын башташы мүмкүн; бул ал үчүн чоң бир утуш болот. Же баштабашы мүмкүн, бирок жакшы жана пайдалуу бир адам болоор; же булардын эч бири болбошу мүмкүн. Динди толугу менен таштаса да, ал адам мусулмандар тарабынан боорукер мамиле көрүшү зарыл. Куран ушуну талап кылат. Бүт адамдардын өкүмү Аллахтын Кабатында.

Ушундай бир себеп менен бир адамды өлтүрүү болсо чоң бир кылмыш болот. Жана мунун Куранда эч орду жок.

Убакыттын өтүшү менен хадистерге жана ар кандай итикаттарга карап чыгарылып, Ислам динине кошулган төрт мазхаб көп жагдайда бири-бирине карама-каршы келген төрт башка дин сыяктуу. (Төрт мазхабдын арасындагы чоң айырмачылыктар жогоруда бир-бирден каралды.) Төрт мазхаб жалкоолук себебинен намазды таштагандарга ар кандай жазаларды жүктөп, бул өкүмдө да бири-бирине каршы келишкен. Мисалы, ханбали мазхабы боюнча, намазды жалкоолуктан улам таштагандын өкүмү өлүм. Ханафилерде болсо жалкоолуктан улам намазды таштаган адам каапыр болбойт жана өлтүрүлбөйт. Бирок намаз кылганга чейин камап, канатканга чейин сабаш керек деп кабыл алынат (Reddil Muhtar Haşiyesi 1/62). Бирок булардын эч бири Куранда жок.

Курандын сыртынан бир дин издегенде, мына ушундай карама-каршылыктар, зомбулук өкүмдөрү жана динге туура келбеген иш-аракеттер келип чыгат. Курандан тышкары бир дин менен жашаганда, мына ушундай зомбулукчу адамдар пайда болот. Фанаттардын дини – Курандын өкүмдөрүн танган жана жетишсиз көргөн адамдардын дини (Куран мындай кемчиликтерден аруу, таза).

Алдыда фанатизм дининдеги «намаз кылбаган жаш балдарды уруу, зекет бербегенди жана мас адамды өлтүрүү» деген сыяктуу зөөкүр иш-аракеттерге токтолобуз. Ислам аты менен жасалып жаткан ушул сыяктуу зөөкүрдүктөрдүн себептерин карап жатканда, бир чындыкты эч качан унутпаш керек:

Куранда булардын эч бири жок. Фанаттардын дини – бул адамдардын ойлоп чыгарган дини.

istanbul

Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү

10 жашында намазды таштаган балдарыңарды ургула. (2336-Ebû Dâvud, Tirmizî (Абу Давуд, Тирмизи))

Ибадат Аллахты сүйүүнүн бир көрүнүшү катары, өз каалоосу менен жана жакшы көрүп жасалуучу бир иш-аракет; мажбурлап, коркутуп таңуулануучу эмес. Бул ойдон чыгарылган хадистин негизинде болсо бир баланы он жашка чыга электе намазга мажбурлоо керек болот. Али Аллахты тааный элек, бул дүйнөдө эмнелер бар экенин билбеген, Жаратуучунун жана жаратылуунун сырларын түшүнбөгөн бир баланы парз экенин эч билбеген бир өкүмгө мажбурлоо ага кандай пайда алып келет? Бир бала динчил болушу үчүн аны бир ибадатка мажбурлоо эмес; ага Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын көрсөткөн далилдерди сунуу аркылуу, анын Аллахты түшүнүп, сүйүп жана динди жакшы көрүшүнө шарт түзүү зарыл. Буларды түшүнгөндө бала өзү эле Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү экенин түшүнүп, Ага дайыма шүгүр кылат жана Аллахка ибадатты ырахаттануу менен жасап баштайт. Ошондо ибадат чын жүрөктөн, сүйүп жасалган бир ибадат болот.

Али Аллахты тааный элек бир бала билбеген бир диндин максатын түшүнө элек ибадаттарын жасаганга мажбурланып, анан аны кылбаганы үчүн таяк жесе, ал бала кийинки өмүрүндө ал динди жана ибадаттарды тымызын жек көрүп жашашы мүмкүн. Балким өмүрүнүн калган бөлүгүн туура эмес стереотип менен өткөргөнү үчүн Аллахты да туура эмес таанып, туура өкүмдөрдү көрүп, түшүнүүгө аракет кылбашы ыктымал. Акылы али көп нерсеге жакшы жете элек бир баланы сүйүү жана жакшы жол менен Аллахка жакындатуунун ордуна, уруп-согуп ибадаттарды кылууга мажбурлоо Ислам атын жамынып Исламга каршы адамдарды пайда кылуу деген мааниге келет; бул болсо Ислам дүйнөсүнө зыян алып келет. Бирок Курандан алыстаган фанаттар муну түшүнө алышпайт.

Мындай жек көрүү негизи турмушта да болуп жатат. Өтө фанаттык маанайда жашаган кээ бир үй-бүлөлөрдүн кээ бир балдары чоңойгондо же динге душман болуп калышат же болбосо эл арасында аз кездешчү бир адеп-ахлактык бузулуу сазына кирип кетишет. Дээрлик ар бир сөзүндө Ислам жөнүндө тамаша айтып же жаман сөздөрдү сүйлөшөт. Көп атеисттер да динге урмат көрсөтсө, алар болсо динди урматтабай, жек көрүп калышат. Буга Куранда жок «ибадатка мажбурлоо» өкүмүнүн, кысымчылык кылып, басым жасоонун «Ислам» атынан жаш кезинен аларга таңууланышы эң негизги себеп болот.

Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү

Зекет бербегенден мажбурлап алуу, каршылык кылса согуш ачуу жана өлтүрүү: Абу Бакр радийАллаху анх: «Аллахка ант болсун, ким намаз менен зекетти бирдей көрбөсө аны менен согушам. Себеби зекет мал-мүлктүн акысы. Аллахка ант ичем, булар Расулуллахка берген бир эле улакты менден аяшса, ал үчүн сөзсүз алардын башын кесем.» деди. (Buhari, Müslim (Бухари, Муслим))

Зекет – Куранда кабар берилген бир ибадат. Башка ибадаттар сыяктуу эле мусулмандарга парз кылынган жана Аллахтын сүйгөнү үчүн чын жүрөктөн жасалат. Бир мусулман абийиринин үнүн угуп башка бир адамдын кыйналышына жол бербей, өз мүлкүнөн ага да берет. Бул ансыз да мусулмандыктын бир талабы катары чын жүрөктөн жасалчу нерсе.

Ибадат ибадат болушу үчүн ал чын жүрөктөн, өз каалоосу менен жасалышы керек. Аллах бүт адамдарды каалагандай байытууга, аларга каалаганда каалаган ырыскысын берүүгө кудуреттүү, бирок кээ бир адамдарга кедейлик берип, байдын да, кедейдин да бул сыноого болгон мамилесин сынайт. Кедей киши сабыр кылып, кандай болсо да Аллахка кайрылып, ага шүгүр кылууга, бай болсо берилген жакшылыктар үчүн Аллахка шүгүр кылып, кедейге да көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Аллах Куранда Аллахка жана акырет күнүнө ишенгендердин зекет берээрин белгилейт. Ошондуктан зекет да, бүт ибадаттар сыяктуу, Аллахка чын жүрөктөн ишенип жасала турган бир ибадат; өлүм менен коркутуу аркылуу эмес:

...Намазды туптуура кылгандар, зекетти бергендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенгендер; мына ошолор, Биз аларга чоң бир сыйлык беребиз. (Ниса Сүрөсү, 162)

Кедейди тойгузуу – Куранда мусулманга жүктөлгөн эң негизги милдеттердин бири. Бирок бул жоопкерчиликти орундатуунун өкүмү жогорудагы ойдон чыгарылган хадистеги сыяктуу эмес:

Хадисте айтылышынча, кандайдыр бир себеп менен зекет бергиси келбеген бир адамга бул ибадат мажбурлап жасатылып, мал-мүлкүнүн жарымы күч менен алынышы керек болууда. Эң биринчиден, мал-мүлкү күч менен тартып алынган бир адам ибадат кылган болуп саналбайт. Адам өз абийири, өз эрки менен жасабаган бир нерсе ибадат деп аталбайт. Андан мажбурлоо аркылуу бир ибадатты кыл деп талап кылуу болсо Куранга бүтүндөй карама-каршы келет. Бул, ошол эле учурда, анын динге жана динчилдерге ачууланышына да себепчи болуп, мусулмандарга зыянын тийгизет.

Бирок, албетте, чыныгы зөөкүрдүк – бул зекет бергиси келбеген адамды өлтүрүү өкүмү. Куранда такыр орун албаган бул өкүм да бир кылмыш. Куран динде мажбурлоого тыюу салган. Ошондой эле, Куран бир адамды өлтүрүүгө да –коргонуу сыяктуу учурдан тышкары- тыюу салган. Курандагы өкүм боюнча,

...Ким бир жанды, ал башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч күнөөсүз жерден) өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот... (Маида Сүрөсү, 32)

Көрүнүп тургандай, адам өлтүрүү Исламда чоң күнөө. Демек, адам өлтүрүү сыяктуу оор бир кылмышты диндин өкүмүнө айлантып, аны жасагандар Исламга жана Пайгамбарыбызга (сав) чоң жалаа жапкан болот жана өтө чоң күнөө кылган болушат. Ошондой эле, бул жалган хадис дагы ойдон чыгарылган хадистер менен Ислам дининин Курандагы чыныгы өкүмдөрүнүн бири-бирине канчалык карама-каршы келээринин маанилүү бир далили.

Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу

Орозону атайылап таштаган адам каапыр болбойт, аны камап, тамак жана суу бербей коюу керек. (Eş-Şerh-is Sagir 1/239) (Kıfeyet-it Tafib 2/252) (El-Mugni- 2/408)

Бул жалган хадис да жогоруда айтылган себептерден улам динге карама-каршы келет:

1. Чын жүрөктөн жакшы көрүп жасалышы керек болгон бир ибадат мажбурлап жасатылууда,

2. Динде мажбурлоо жана басым жасоо жок деген аятка бүтүндөй карама-каршы келүүдө,

3. Диндеги боорукердиктин ордуна зомбулукту негиз алууда,

4. Диндин негизги максаты болгон Аллахты жана ибадатты сүйдүрүүнүн ордуна, дин жана ибадатты жек көрүүгө түртүүдө.

Мындан тышкары, орозо – кээ бир адамдардын күчү араң жеткен, оорулуу адамдар болсо жоопкерчиликтүү кылынбаган (бошотулган) бир ибадат. Аллах орозо жөнүндөгү Курандагы аяттарда бул маанилүү шартты апачык белгилеген:

(Орозо) Саналуу күндөр. Силерден ким ооруп калса же сапарда болсо, кармай албаган күндөрдүн санынча башка күндөрү (кармасын). Араң чыдагандардын мойнунда бир кедейди тойгуза турганчалык садака (бар). Ким чын көңүлдөн бир жакшылык кылса, бул өзү үчүн жакшы болот. Орозо кармоо –эгер билсеңер- силер үчүн жакшыраак. (Бакара Сүрөсү, 184)

...Демек ким бул айга күбө болсо (жашаса) анда аны (орозо) кармасын. Ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрү кармабаган күндөрүн толуктасын (кармасын). Аллах силерге жеңилдик каалайт, оордук каалабайт... (Бакара Сүрөсү, 185)

Орозо өкүмү апачык көрсөтүлгөн бул эки аятта Рамазан айында ооруп калган же сапарда жүргөн адам кармай албаган күндөрүнүн санынча башка күндөрү кармашы керек, эгер оорулуу же араң чыдоо сыяктуу себептерден улам орозо ибадатын эч аткара албаса, анда анын акысы катары бир кедейди тойгузушу керек деген өкүмдөр орун алган. Жана Аллах аятында: «Аллах силерге жеңилдик каалайт, оордук каалабайт.» деп билдирет.

Оорулуу жана араң чыдагандар жөнүндө ушундай жеңилдетүүчү, ачык бир өкүм турганда, ал кишилердин орозо кармоого аракет кылышы өздөрүнө зулумдук кылуу деген мааниге келет. Куранда мусулмандардын өзүнө зыян тийгизе турган иш-аракеттерди жасашына болсо тыюу салынган.

Курандагы ушунчалык ачык бир өкүмдү толугу менен өзгөртүп, Куранга карама-каршы, жасалма хадистер аркылуу зулумдук системасын түзүү фанаттык түшүнүктөгүлөрдүн иш-аракеттеринин кандайлыгын даана көрсөтөт. Алар Курандагы боорукердикти өздөрүнчө жактырбай (Аллахты жана Куранды аруулайбыз), өздөрүнүн караңгы дүйнөсүнө ылайык бир дин чыгарууга аракет кылышат. Мындай зулумдукка таянган нерселерди динге кошууга аракет кылышынын себеби мына ушунда.

Бир адам оорулуу болушу же орозону көтөрө албашы мүмкүн. Албетте, эч кимдин денеси башкалар менен бирдей болбойт. Көп адамдар бул дүйнөдө ар кандай оорулар менен сыналышат. Аллах боорукердиги менен ушундай бир өкүм аркылуу оорулуу жана араң чыдагандарга жеңилдик берсе, кээ бир өлкөлөрдө учурда да ушул жалган хадистерге таянып мажбурлап орозо карматылууда. Оорулуу болгону үчүн орозо кармай албаган бир адамдын ушул жалган хадиске таянып, суу, тамак бербей бир жерге камап коюлганын элестетели. Анда, албетте, кыска убакытта оорусу күчөп, белгилүү мөөнөттөн соң көз жумат. Фанаттык түшүнүк мына ушундай адамдын өмүрүнө зыян тийгизе турган бир зулумдукту кабыл алдырууга аракет кылууда.

Мастын өлтүрүлүшү

Ludwig Deutsch'nun

Ludwig Deutsch's oil painting “The Chess Game,” 1896

«Мастын динден баш тартуусу кабыл болот. Бирок мас соолукмайынча жана тообого чакырылбастан, өлтүрүлбөйт.» (İmam Şafii el-Um c: 6 s: 148 -El-İnsaf c:10 s: 331-332 -Muğnil Muhtac 4/137 - Haşiyetül-Desuki 4/363 -İbn Kudame el-Muğni 9/25-26)

Бул жалган (мавзу) хадис боюнча, ичимдик ичип мас болгон адам эгер өзүн билбеген кезинде динден баш тартса, динден чыкты деп кабыл алынат. Бул өтө кооптуу нерсе. Мас кезде бир адамдын акылынын ордунда болбошу, эмне айтып жатканын билбеши анык. Айткандары жана кылгандары үчүн жоопко тартууга болбойт. Ал эми фанаттык түшүнүк болсо бул жалган хадистин негизинде ал адамды өлтүрүүгө өкүм чыгарат. Жана Куранда такыр жок нерсе өкүмгө айландырылып, өлүм чечими чыгарылат.

Мындай караңгы түшүнүктү Куран четке каккан. Аллах «Эй ыймандуулар, мас кезиңерде сүйлөгөн сөзүңөрдү билгенге жана жунуб кезде болсо –сапарда жүргөнүңөрдөн тышкары- гусул кылганга чейин намазга жакындабагыла.» (Ниса Сүрөсү, 43) аятында «ыймандууларга» кайрылууда. Демек, ыймандуулардын арасында ичимдик ичип мас болгондор да болгон. Бул кишилер намаз кылган адамдар. Булар аяттан апачык көрүнүп турат. Намаз учурунда адам эмне деп жатканын билип, акылы ордунда болушу керек жана Аллах менен терең байланышка өтүшү керек; мас кезде болсо адам оюн топтой албайт. Ал адамды кылгандары жана сүйлөгөндөрүнөн жоопкерчиликке тартууга болбойт, ошондуктан Аллах мас кезде адамдын намаз кылуусуна тыюу салган. Аятта «...сүйлөгөн сөзүңөрдү билгенге чейин» деп болсо мас кезде адамдын өзүн, «эмне айтып жатканын» билбей турганына көңүл бурулган. Ошондуктан соолукканда гана намазын улантышы керек экени көрүнүп турат.

Мас болуп өзүн билбеген кезде бир адам динден чыктым деши мүмкүн же такыр акылсыз сөздөрдү да айтышы ыктымал. Адамдын соолуккан кездеги кылгандары менен сөздөрүн кароо керек. Ал тургай, бир адам чындап динден чыгып, аны ачык айтышы да мүмкүн. Муну бир өлтүрүү себебине айлантуу – бир тараптан Куранга айтылган жалаа болсо, экинчи жагынан аты айтып тургандай, фанатизм. Куран мындай жапайы түшүнүккө каргыш айтат.

Улуу Аллах Куранда мас болуу жөнүндө атайын ушундай бир өкүмгө орун берип, бир адамдын күнөө кылышынын анын мусулман катары Аллахты сүйүшүнө жана ибадат кылышына жолтоо болбой турганын кабар берүүдө. Бул аят Исламдын ар бир адамга болгон боорукер жана жакшы мамилесинин да бир көрсөткүчү. Бирок ар бир мүмкүнчүлүктө өлүм каалаган фанаттык түшүнүк болсо Курандагы өкүмгө карабай, өзүнүн жасалма өкүмдөрүн чыгарып алган.

Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү

«Пайгамбарды сөккөн адам тообого чакырылбай ошол замат өлтүрүлөт.» (İbni Teymiye)

Ибни Мунзир мындай деди: Илимдүүлөрдүн баары Расулуллах саллАллаху алейхи ва салламды сөккөн адамды өлтүрүү жөнүндө бир пикирге келишкен. (2. hadis kaynak: Enverşâh, el-Keşmîrî, “İkfâru’l-Mulhidîn”, sf. 64. “Tenbihu’l Ğafilîn ila Hükmi Şatimillahi ve’d-Dîn” adlı eserden naklen. Bkz. sf. 14)

Абдуллахтын риваятында мындай дейт: Тообого чакырылбай өлтүрүлөт. Халид б. Валид Наби саллАллаху алейхи ва салламды сөккөн бир адамды өлтүрдү жана тообого чакырган жок. (İbni Teymiye)

Бир адамдын Аллах, Пайгамбарлар, руханий баалуулуктар жөнүндө ылайыксыз сөздөрдү сүйлөшү, албетте, кабыл алынбай турган нерсе. Бирок, албетте, бүт адамдар бирдей эмес. Кээ бири ыймансыз болот, кээ бири ар кандай себептерден улам дин жөнүндө стереотиптүү болот, кээ бирлер жек көрүү менен чоңойгон, кээ бирлери караңгы, кээ бири болсо Куран жөнүндө эч нерсе билбейт... Ошондуктан ар кандай себептерден улам адамдарда дин жөнүндө стереотип болушу мүмкүн, өзгөчө бүгүнкү күндө бүт нерсени жек көрүп, кыжырдуу жашаган көп адамдар бар.

Биз сыноо үчүн келген бул дүйнөдө ар кандай көз-караштагы, ар кандай пикирдеги адамдар болот жана сынообуз ошол көз-караштар, пикирлер жана ал адамдар менен бирге уланат. Мусулман киши алдындагы адам канчалык стереотиптүү, ачуулуу болсо да, ага Курандагы жакшы адеп-ахлакты сылык түрдө айтып берип, чечимди ага калтырууга милдеттүү. Кээде мындай сылык мүнөз ал адамга таасир берип, ал кетирген катасын түшүнүп өзүн өзгөртүшү мүмкүн. Бул чындык да Куран аятында кабар берилген:

Жакшылык менен жамандык тең эмес. Сен эң сонун бир жол менен (жамандыкты) алыстат; ошондо, сени менен араңарда душмандык болгон адамдын ысык бир досуң болуп калганын (көрөсүң). (Фуссилет Сүрөсү, 34)

Аятта мусулмандарга жаман мамилеге жакшылык менен жооп берүү буйрулган. Жана мунун натыйжасы төмөнкүчө кабар берилет: «...сени менен араңарда душмандык болгон адамдын ысык бир досуң болуп калганын (көрөсүң).»

Ошого карабастан, ал адам эгер дагы эле жаман мамиле кылып, жаман сөздөрдү сүйлөй берсе, анда да Куранда эмне кылуу керек экени айтылган:

Алар Рахман (болгон Аллах)тын пенделери, жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт жана наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «Салам» дешет. (Фуркан Сүрөсү, 63)

Ал силерге Китепте: «(бирөөлөрдүн) Аллахтын аяттарын танып жатканын жана аларды шылдыңдап жатканын укканыңарда, алар башка бир сөзгө өткөнгө чейин алар менен отурбагыла, болбосо силер да алар сыяктуу болуп каласыңар» деп түшүргөн... (Ниса Сүрөсү, 140)

Көрүнүп тургандай, Куранда мындай наадан (сабатсыз) адамдарга жолукканда алар менен отурбай, ал жерден кетип калууга жана аларга «Салам» деп гана жооп берүүгө, б.а. аларга тынчтыкты эскертүүгө өкүм берилген.

Аяттарда көңүл бурулган эки жагдай бар. Бул адамдар сөзгө келбей турган караңгы жана балким көп жолу эскертилип, бирок туураны кабыл албаган адамдар. Себеби туурага, жакшылыкка чакырууга милдеттүү болгон бир мусулман бул жолу ал адамдарга эч нерсе дебей, алардын жанынан басып кетүүдө.

Аятта көңүл бурулган экинчи жагдай болсо «алар башка бир сөзгө өткөнгө чейин» алар менен отурбоо. Ошондуктан бул адамдар балким бир мусулмандын дайыма жакын чөйрөсүндө жүргөн, дайыма көрүшүп, сүйлөшүп турган адамдар болушу мүмкүн. Башка сөзгө өткөндө алар менен мамилеси уланууда.

Демек, мусулман жогорудагы жалган хадисте айтылган зөөкүр жолго барбайт. Кээ бир адамдар ылайыксыз сөз сүйлөгөндө алардын жанынан алыстоо керек, бирок насаат алса мүмкүн болушунча аларга туураны айтып берүү зарыл.

Бул жөнүндөгү жалган хадистердин Куранга карама-каршы келээринин дагы бир маанилүү далили болсо – бул «тообого бөгөт коюшу». Аллах Куранда адамдарды дайыма тообого чакырганына; тообо адамдын өзү менен Аллахтын ортосунда экенине; Аллах «кечиримдүү» экенин аяттарында көп жолу белгилегенине; Куранда тообо кылгандар дайыма макталганына карабай, кантип бир адамдын тообо кылышына бөгөт коюуга болот? Адамдын Аллахтын кечиримин суроо мүмкүнчүлүгүн кантип алып койгонго болот? Раббибиздин «...тооболорду кабыл кылуучу, боорукер.» (Бакара Сүрөсү, 37) аятын көрмөксөн болуп, бир адамдын кылганына бушайман болуу жана Аллахтын кечиримин суроо укугун кантип алганга болот?

Албетте, эч кимдин эч качан мындайга акысы жок.

Раббибиз бир аятында мындай деп билдирет:

Бирок тообо келтиргендер, өздөрүн жана башкаларды оңдогондор, жана түшүрүлгөндү жеткиргендер болсо; эми алардын тооболорун кабыл кылам. Мен – тооболорду кабыл кылуучумун, коргоочумун (боорукермин). (Бакара Сүрөсү, 160)

Аллахтын «тооболорду кабыл кылуучумун, коргоочумун (боорукермин)» деген өкүмүн өздөрүнчө четке кагып, туура эмес иш-аракеттерин жалган хадистерге таяндырууга аракет кылгандар Куранга апачык каршы келишүүдө.

Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк:

Аңчылык, кой жана чабан иттерден башка иттерди өлтүргүлө. (4949-Buhârî-Müslim-Muvatta-Tirmizî-Nesâî)

«Бүт кара иттерди өлтүргүлө. Себеби алар шайтан» (Hanbeli 4/85, 5/54)

Эшек шайтан көргөнү үчүн аңгырайт деп айтылат. (Müslim)

Чычкандын негизи еврей экени, ошондуктан төөнүн сүтүн ичпеши дагы бир хадис. (Müslim Zühd)

Карганын бузуку (фасык) экени да хадис. (Buhari 59/16; Hanbeli, Müsned 2/52)

Көгүчкөн шайтан. (5331-Ebu Davud-İbnu Mace)

Кескелдирик фасык (күнөөкөр). (Müslim 2239/145, İbni Mace 3230, Ebu Davud 5262)

Кескелдирикти бир урушта өлтүргөн адам үчүн жетимиш сооп бар. (Ebu Davud 5264, Müslim 2240/147)

«Зынаа (ойноштук) кылган» маймылдардын ташбараң кылып өлтүрүлүшү... (Buhari 63/27) – (зынаа кылган бир маймылдын кармалып ташбараң кылып өлтүрүлгөнү жана сахабалардан бирөөнүн маймылды реджм кылуу окуясына катышканы дагы бир жалган хадис.)

golden

«Шайтан көргөн эшек, еврей чычкан, бузуку карга, шайтан көгүчкөн, зынаа кылган маймыл, өлтүрүү керек болгон байкуш кара иттер жана кескелдириктер»...

Булар фанаттык түшүнүктүн Курандан канчалык алыс жана коркунучтуу бир жашоого чакырганын таамай көрсөтөт. Бул кызыктай түшүнүк аңчылык жана чабан иттеринен башка иттердин баарын өлтүргүлө деп буйруган бир динге тиешелүү. Бул дин дүйнөнүн эң сүйкүмдүү жандыктарынын бири болгон, Аллах ар түркүн кылып жана укмуш коргоо сезими менен жараткан үй иттеринин, кооздук иттеринин, сакчы иттердин баарын өлтүрүүгө буйруйт. Ал эми Куранда болсо «Жети асман, жер жана алардын арасындагылар Аны тасбих кылат; Аны мактоо менен тасбих кылбаган эч нерсе жок, бирок силер алардын тасбихтерин түшүнө албайсыңар. Күмөнсүз, Ал жумшак, кечиримдүү.» (Исра Сүрөсү, 44) аятында айтылгандай, биз түшүнө албаган бир жол менен Аллахты тасбих кылган, Аллах сүйкүмдүү кылып бейиш үчүн атайын жараткан бул жандыктар кантип бузуку же шайтан болушу мүмкүн? Бир чычкан кантип еврей болушу мүмкүн жана еврей болуу кантип бир кылмыш болушу мүмкүн?

Бир маймыл кантип зынаа (ойноштук) кылышы мүмкүн? Бир маймылды ойноштук менен айыптагыдай, анын эмне адеп-ахлактык баалуулуктары, үй-бүлөсү, аларды түшүнө турган бир аң-сезими жана андан келип чыккан бир жоопкерчилиги барбы? Бул өтө караңгы бир түшүнүк. Анткен менен, фанаттар ушундай бир калпка сахабаларды да кошуу аркылуу өздөрүнчө жалаа жабууга аракет кылышууда.

Албетте, булардын баары ойдон чыгарылган, жалган хадистер жана мындай заалым өкүмдөрдүн Куранда болушу мүмкүн эмес. Куранда Аллах мактап баян кылган Кехф жана Раким элинин жанында иттеринин бар экени айтылат:

Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң, бирок алар (терең уйкуда) уктап жатышат. Биз аларды оң тарапка жана сол тарапка айлантып турдук. Иттери болсо эки колун сунуп жаткан... (Кехф Сүрөсү, 18)

(Кийин келген урпактар) Айтышат: «Үчөө эле, алардын төртүнчүсү иттери.» Жана: «Бешөө болчу, алардын алтынчысы иттери» дешет. (Бул) Белгисизге (кайыпка) таш атуу. «Жетөө, алардын сегизинчиси иттери» дешет. Айткын: «Раббим алардын санын жакшыраак билет, аларды аз гана (адамдан) башка эч ким биле албайт.»... (Кехф Сүрөсү, 22)

Аяттардан да апачык көрүнүп тургандай, мусулмандардын жанында коргоочу жана дос катары ит болушу мүмкүн. Иттерден башка Куранда айтылган башка жаныбарлар да бар.

1. Куранга таянсак, жаныбарларды жакшы көрүп, боорукердик кылуу керек:

Ал (Сулайман) болсо мындай деген эле: «Чындап мен мал-мүлк (же ат) сүйүүсүн Раббимди зикир кылуу үчүн тандадым.» Аягында ал аттар (чуркап, чаң) пардасынын артына жашынышты. «Аларды мага кайра алып келгиле» (деди). Анан (алардын) буттары менен моюндарын сылап баштады. (Сад Сүрөсү, 32-33)

Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска: «Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди. (Сулайман) Бул сөзүнөн улам жылмайып күлдү жана: «Раббим, мага, апа жана атама берген нематыңа (жакшылыгыңа) шүгүр кылууну жана (Сен) ыраазы боло турган, чын ыкластуу бир иш-аракет кылуумду илхам кыл жана мени мээримиң менен салих кулдарыңдын арасына кош» деди. (Немл Сүрөсү, 18-19)

2. Куранда жаныбарлар Аллахтын бир чыгармасы, ойлонуу керек болгон ыйман акыйкаты катары мисал берилет:

Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын? (Гашия Сүрөсү, 17)

Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)

Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. (Хаж Сүрөсү, 73)

at, develer

God cites in the Qur'an various kinds of animal as intelligent and glorious examples of Creation that remember Him, and He praises the prophets' love and affection for animals.

3. Куранда жаныбарлардын акылдуу экенине көңүл бурулат:

Анан Аллах ага жерди казып бир тууганынын денесин кантип көмөөрүн көрсөткөн бир карга жөнөттү. «Шорум курусун» деди. «Ушул каргадай болуп бир тууганымдын денесин көмүүгө да жараган жокмунбу?» Эми ал бушайман болгон эле. (Маида Сүрөсү, 31)

4. Аллах Куранда жаныбарлардын вахий менен иш-аракет кылаарын кабар берет:

Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

5. Куранда жаныбарларда жаратуу далилдери бар экени кабар берилет:

Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)

6. Жаныбарлардын бир кооздук катары ар түркүн кылып жаратылганы кабар берилет:

Адамдардан, жаныбарлардан жана майда мүйүздүү жандыктардан (кой-эчки сыяктуу) да ар кандай түстөгүлөрү бар. Кулдарынын арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат». Күмөнсүз, Аллах – улук жана кудуреттүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 28)

Колдорубуздун жасагандарынан алар үчүн канчалаган жаныбарларды жаратканыбызды көрбөй жатышабы? Ушундайча аларга кожоюн болушууда. (Йасин Сүрөсү, 71)

7. Жаныбарлардын Аллахка сажда кылаары жана Аны тасбих кылаары кабар берилет:

Чындыгында, асмандардагы жана жердегилер, күн, ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана адамдардан көпчүлүгүнүн Аллахка сажда кылып жатканын көргөн жоксуңбу. Көпчүлүгү азапка татыктуу болушту. Аллах кимди басмырласа, эми аны эч ким көтөрбөйт. Күмөнсүз, Аллах каалаганын кылат. (Хаж Сүрөсү, 18)

Асмандардагы жана жердегилердин жана тизилип учкан куштардын чындыгында Аллахты тасбих кылып жатканын көргөн жоксуңбу. Ар бири өзүнүн дубасын жана тасбихин, албетте, билет. Аллах алардын кылып жаткандарын билүүчү. (Нур Сүрөсү, 41)

Көрүнүп тургандай, Куранда Аллах ар кандай жаныбарларды Аны тасбих кылган, акылдуу, кереметтүү бир жаратуу мисалдары катары мисал келтирип, пайгамбарлардын боорукер мамилесин кабар берген. Фанаттардын жаныбарларды жек көргөн туура эмес дин түшүнүгү Курандын эч бир жеринде жок.

Курандын турмушка ашыруучусу болгон Пайгамбарыбыздын (сав) жашоосунан да жаныбарларды баалап, аларды жакшы көрүүнүн мисалдарын көрөбүз. Пайгамбарыбыз (сав) фанаттык түшүнүктүн дооматтарына эч жол бербей тургандай жаныбарларды жакшы көрүп, боорукердик көрсөткөн. Мына Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларга болгон күчтүү боорукердигин көрсөткөн иштери:

Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көрүшү

Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган

Пайгамбарыбыз (сав) динге чакырып баштаган кезде эл арасындагы караңгылык жаныбарларга болгон мамиледе да көрүнчү; тирүү жаныбарларды жаа атууда бутага коюшуп, өз жаныбарларына белги коюу үчүн кулак жана куйруктарын кесишкен, ал тургай, күйгүзүшкөн. Чөлдө курсактары ачканда тирүү төөнүн өркөчүн жарып, майынан алып, анан кайра тигип коюшчу.

Пайгамбарыбыз (сав) караңгы элдин мындай жаман адаттарын да бүтүндөй токтоткон. Жаныбарлардын да мээримге муктаж экенин үйрөткөн. Жаныбарларга зулумдук кылган бүт иш-аракеттер Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан токтотулган.

Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган

Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарлардын ашыкча иштетилишине да бөгөт койгон. Канчалаган кылымдан бери уланып келген жаныбарлардын үстүндө отуруп алып ыр айтышууларга тыюу салынган. Кожоюндарына ат-төөлөрүн чыныгы муктаждыгынчалык гана минишине уруксат берилген. Пайгамбарыбыз (сав): «Жаныбарларыңардын үстүн минбар (орундук) кылып албагыла. Албетте, жөө өтө кыйналып бара турган жериңерге силерди алып барышы үчүн Аллах аларды силерге кызматчы кылды. Жерди болсо силерге (орундук) кылды, демек (турган жаныбардын үстүндө эмес) жер үстүндө отургула.» [Ebu Davud, Cihad 61, (2667)] деп эскерткен

Дагы бир хадис болсо төмөнкүдөй: «Жаныбарларыңарды аларды чарчатпай жакшы мингиле жана (колдонбогон кезиңерде болсо) жакшылап койо берип, эс алдыргыла! Аларды жолдогу, көчөдөгү маегиңер үчүн орундук кылбагыла (үстүнө отуруп алып сүйлөшпөгүлө).» (Ahmed, III, 439)

Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу

Пайгамбарыбыз (сав) иштетилген жаныбарларга адамдар сыяктуу эс алуу укугун берип, сапар учурундагы эс алууларда эң алгач жаныбарлардын муктаждык жана эс алуусун камсыздоо керек деген.

Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган

Пайгамбарыбыз (сав) «Аллахтын жок жерден бир таранчыны өлтүргөн адамдан кыямат күнү сурак алаарын» (Ebu Davud, 2/11) кабар берип; «Куштардын уяларын бузбагыла, жумурткаларын жана балапандарын албагыла» (Buhari Edebü’l-Müfred, 139) деп буйруган.

Пайгамбарыбыз (сав) минип бараткан жаныбарынын жүзүнө катуу чапкан бирөөнү көргөндө токтотуп, бул кылганынын Аллахтын укугун тебелөө деген мааниге келээрин белгилеп, «Аллах жаныбарларды мындай кылуу үчүн жараткан эмес» (Ahmed, Müsned, 4/131) деген.

Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги

köpek

Пайгамбарыбыз (сав) согуш учурунда он миң кишилик аскери менен баратып, жолунда жаңы тууган ургаачы бир ит менен балдарын көрөт. Пайгамбарыбыз (сав) Сурака уулу Жуайлды чакырып буйрук берет. «Эне менен балдарынын жанында туруп, аскерлердин баары өткөнгө чейин аларга күзөтчүлүк кылып, тебелеп кетүүдөн коргойсуң.» (eş-ŞÂMÎ, Sübülü'l-hüda ve'r-reşâd, VII, 51) Пайгамбарыбыз (сав) боорукердиги менен ургаачы ит менен күчүктөрүнүн тынчын албоо үчүн он миң кишилик аскеринин жолун өзгөрткөн.

Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»

«Бир гана пайдалуу иттер эмес, зыяны тийбеген, кол салып, жырткычка айланбаган бүт иттердин жаны барктуу, аларга тийүүгө болбойт.» (Haşyetu'l-Beycermî Ala'l-Menhec-el-Mektebetu'ş-Şamile, I/474)

Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»

Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгынын аты Мүезза болгон. Пайгамбарыбыз (сав) мышыгы Мүеззаны ушунчалык жакшы көргөндүктөн, бир күнү Мүезза диванда отурган Пайгамбарыбыздын (сав) кийиминин чекесин басып уктап калганда, аны ойготкусу келбей Пайгамбарыбыз (сав) кийимин кыркып дивандан турган.

Кошумча маалымат: Пайгамбарыбыздан (сав) хадистер риваят кылган Абу Хурайра «мышыктын атасы» деген мааниге келет.

kediler

Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги

«Аллахтын Пайгамбары менен чогуу элек. Жанында эки балапаны бар таранчыга окшогон бир чымчыкты көрдүк. Балапандарын кармап алдык. Энеси чырылдап канаттарын каккылап баштады, Аз. Расулуллах бурулуп кылганыбызда көргөн соң: «Муну балапанынан ким ажыратты? Балапандарын тапшыргыла (ордуна койгула)» деди. Биз аларды койо бердик.» (Ebu Davud, "Edeb", 163-164)

Эчкинин улагы

Пайгамбарыбыз (сав) бир эчкини саап жаткан бир адамга жолукканда ага мындай деген: «Сааганда улагы үчүн да сүт калтыр.» (Mecmua'z-Zevaid, 8:196)

Ачка коюлган төө жана кожоюну

Пайгамбарыбыз (сав) мединалык мусулмандардын бирөөсүнүн багында бир төөнүн ачкадан бакырып жатканын көрүп, андан тынчсызданган. Төөнүн жанына барып аны сылап, кожоюну ким деп сурап тактаган соң: «Жаныбарларга жасаган мамилеңерде Аллахтан коркпойсуңарбы?» (Ebû Davud, "Cihad", 44) деп төөнүн кожоюнуна эскертүү берген. Башка бир хадисте болсо Пайгамбарыбыз (сав): «Сүйлөй албаган бул жаныбарлар жөнүндө Аллахтан корккула!» (Ebû Dâvûd, Cihâd, 44/2548) деп айткан.

Уктап жаткан жейрен

Пайгамбарыбыз (сав) бир сапар учурунда ысыкта бир көлөкөдө буралып уктап жаткан бир жейренди көрүп, бир сахабасына бүт баары өткөнгө чейин ал жерде туруп, эч кимге ал жейрендин тынчын алышына жол бербе деп буйруган. (Muvatta, Hacc, 79; Nesâî, Hacc, 78)

Жүзү куйкаланган эшек

Азрети Пайгамбар (сав) бир күнү жолдо жүзү куйкаланган бир эшекти көрүп: «Муну куйкалагандарга Аллахтын каргышы болсун!» (Müslim, Libâs, 107) деген. Белги коюу үчүн күйгүзгөндө жаныбарлардын оорутпай турган жерлерине белги койгула деп кеңеш берген.

Жаныбарларга жакшылык кылуу

Бир киши сапарда баратып суусап, бир кудук таап, ага түшүп суу ичет. Андан чыкканда суусап тилин чыгарып турган бир итти көрөт. Ал киши: «Бул ит да мендей болуп суусаптыр!» деп, кудукка түшүп маасы менен суу алып чыгып итке ичирет. Ал үчүн Улуу Аллах анын күнөөлөрүн кечирген. Сахабалар: «Эй Аллахтын Пайгамбары, жаныбарларга кылгандарыбыз үчүн бизге сооп барбы?» деп сураганда, Расулуллах (с.а.с): «Ар бир жандыкка кылынган жакшылыктын сөзсүз бир сообу бар.» деген. (Buhârî, "Şürb", 9; "Mezâlim", 23; Müslim, "Selâm", 153)

Жолдоштору: «Жаныбарларды сугарсак бизге да сооп барбы?» деп сураганда Расулуллах минтип жооп берген: «Жашап жаткан кандай жандыкты болсо да сугарсаңар, сооп бар» (Tecrit, c. vii, s. 223)

Бул хадистерди сахих далил катары беришибиздин себеби, булар Куранга туура келет. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларга мынчалык боорукер болушуна Курандан алган тарбиясы себеп болгон. Пайгамбарыбыз (сав) Аллахтын ар түркүн, бири-биринен кооз, бири-биринен жөндөмдүү жана бири-биринен өзгөчөлөнгөн жандыктарды бир далил, сулуулук, мээрим катары жаратканын, албетте, эң жакшы түшүнгөн инсан болгон. Ошондой эле, Аллахтын Рахман (Мээримдүү) жана Рахим (Ырайымдуу) ысымдарынын, Аллахтын сүйкүмдүүлүк чеберчилигинин жандыктардагы чагылуусун көрө алган. Сүйүүнү мактаган Курандагы мээрим жана боорукердик насааттарынын бир мусулманда кандайча чагылаарын Пайгамбарыбыз (сав) өз иш-аракеттери аркылуу көрсөткөн. Муну Пайгамбарыбыздын (сав) мээримдүүлүк жөнүндөгү насааттарынан да көрүүгө болот:

«Асмандагылар да силерге мээримдүүлүк кылышы үчүн жер жүзүндөгүлөргө мээрим көрсөткүлө!» (Tirmizî, Birr, 16/1924)

«Рыфктан (жумшактык жана жакшы мамиледен) алыс адам ар кандай жакшылыктан ажырайт...» (Müslim, Birr, 76)

Ошондуктан фанаттардын Ислам дининен же Пайгамбарыбыздын (сав) кылгандарынан жаныбарларга карата зомбулукту издеп, бул жөнүндө ар кандай калптарды ойлоп чыгарышынан эч майнап чыкпайт. Куран – адамга, жаныбарга жана өсүмдүккө болгон эң жогорку сүйүү сүрөттөлгөн китеп, жана Пайгамбарыбыз (сав) да өмүр бою Курандын негизинде жашаган.

Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү

«Урейне жана Укейле урууларынан бир топ Мединага келип мусулман болушту. Мединанын абасынан сыркоолоп калганда, Пайгамбар аларга төөнүн сийдигин ичкиле деп кеңеш берди.» (Buhari Tıp5/1, Hanbel 3/107, 163)

«Силерден бирөөнүн ичип жатканынын (же тамагынын) ичине чымын түшүп кетсе, анда ал чымынды толук матырып, анан алсын (ыргытсын). Себеби чымындын эки канатынын бирөөсүндө оору, экинчисинде болсо шыпаа бар...» (Diyanet Yayınları, Cilt 9, s.70 ve d. Hadis no. 1365))

Ибну Аббас радыйАллаху анхума айтат: «Расулуллах алейхиссалату вассалам мындай деди: «Бирөөңөр тамак жегенде, жаламайынча же жалатмайынча колун (кол аарчыга) аарчыбасын.»» (Buhari, Et'ime 52; Müslim, Eşribe 129, (2031); Ebu Davud, Et'ime 52, (3847)).

Расулуллахтан (сав) майга түшүп кеткен чычкан жөнүндө сурашты. Алейхиссалату вассалам: «Аны жана айланасындагы бөлүктү алып салып, майыңарды жей бергиле!» деди. [Buhari, Vudu 67, Zebaih 34; Muvatta, İsti'zan 20, (2, 971, 972); Ebu Davud, Et'ime 48, (3841, 3843)]

Бул жерде бир канчасы гана мисал келтирилген мындай жалган хадистер фанаттык түшүнүктүн адамдарды канчалык жийиркеничтүү жашоого чакыраарын көрсөткөн маанилүү далилдерден. Мындайğ ойдон чыгарылган хадистер аркылуу фанаттар Пайгамбарыбызга (сав) да жалган жалаа жапканга чейин барышат. Мындай жалган, бирок фанаттар тарабынан колдонулган хадистер, ошол эле учурда, алардын тазалык, адамдык түшүнүктөрүн да даана көрсөтүүдө.

temizlik

According to the Qur'an, Muslims have a responsibility to be clean, to keep their homes clean, to wear clean clothes and to eat clean food. According to the Qur'an, Muslims are clean but idolaters are dirty. Fanatics who live their lives outside the Qur'an, who abide by a faith other than that sent down by God and who therefore ascribe equals to Him certainly meet that definition.

Мындай жийиркеничтүү нерселерге Аллах эч качан уруксат берген эмес. Куран боюнча, мусулмандар таза болууга, үйлөрүн таза кармоого, таза кийинүүгө жана таза тамактарды жегенге милдеттүү. Куран боюнча, мусулмандар таза, ал эми мушриктер болсо ыпылас. Куран менен жашабаган, Аллах түшүргөндөн башка бир дин чыгарып алган жана ошондуктан ширк ичинде жүргөн фанаттар да, албетте, мушрик болуп эсептелет. Аллах мындай деп кабар берген:

Эй ыймандуулар, мушриктер бир ыпыластык гана... (Тообо Сүрөсү, 28)

...Аллах акылы жетпегендерге жийиркеничтүү бир ыпыластык берет. (Йунус Сүрөсү, 100)

kaliteli hayat

Көрүнүп тургандай, Аллах аяттарда «акылы жетпеген» бир коом жөнүндө сөз кылууда. «Акылын колдоно албаган коом» Курандагы акыйкаттарга карабастан, жалган өкүмдөргө ишенген фанаттарды эң жакшы сыпаттайт. Колдорунда Куран турса да, башка бир дин чыгарган, жана эч далилсиз, жалган экенин билип туруп, акылдарын колдонбой ал жалгандарга моюн сунган коомдорго Аллах «жийиркеничтүү бир ыпыластык» берет. Бул чындап эле ушундай болуп, фанат коомдор акылсыз болгону үчүн жогорудагы жалган хадистерде айтылган жийиркеничтүү нерселерге ишенип, ыпылас өмүр сүрүшүүдө.

Албетте, араларында сабатсыздыктан, билбестиктен улам, каалабаса да, ушундай өмүр сүргөн адамдар да болот, жана алар көпчүлүктү түзүшөт. Аларды мындай акылсыз фанат коомдон бөлүп кароо керек. Алар туура жолду көрүшү үчүн бул китептеги терең маалыматтар, б.а. Курандан далилдер келтирилген бир таалим керек.

Куранда Аллах мусулмандардан өтө тыкан жана кемчиликсиз бир тазалыкты талап кылат. Куранда мусулмандарды тазалыкка чакырган аяттардын бир канчасы төмөнкүдөй:

Кийимиңди тазала. Ыпыластыктан алыс бол. (Мүдессир Сүрөсү, 4-5)

Эй адамдар, жер жүзүндөгү нерселерди адал жана таза абалда жегиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Чынында ал силер үчүн апачык бир душман. (Бакара Сүрөсү, 168)

...Биринчи күнүнөн баштап такыбалык үстүнө курулган мечит сенин анда (намазга жана башка иштерге) турушуңа ылайыктуураак. Анда дене жана руханий жактан тазаланууну чын жүрөктөн каалаган адамдар бар. Аллах тазалангандарды сүйөт. (Тообо Сүрөсү, 108)

Эй ыймандуулар, силерге ырыскы кылып бергендерибиздин тазаларынан жегиле жана бир гана Ага кулчулук кылсаңар, (бир гана) Аллахка шүгүр кылгыла. (Бакара Сүрөсү, 172)

Ыйман кылып чын ыкластуу иштерди жасагандарды астынан суулар агып турган, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар... (Ниса Сүрөсү, 57)

Сенден аларга эмненин адал кылынганын сурашат. Айткын: «Бүт таза нерселер силерге адал кылынды...» (Маида Сүрөсү, 4)

Бүгүн силерге таза нерселер адал кылынды... (Маида Сүрөсү, 5)

Айткын: «Аллах кулдары үчүн чыгарган зыйнатты жана таза ырыскыларды ким арам кылган?» Айткын: «Булар дүйнө жашоосунда ыймандуулар үчүн, кыямат күнү болсо бир гана ошолор үчүн.» Билген бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден түшүндүрөбүз. (Аьраф Сүрөсү, 32)

Ал адамдар сабатсыз (үмми) кабар алып келүүчү (неби) болгон элчиге (расул) баш ийишет (ээрчишет). Ал ушундай элчи: аны өздөрүнүн Тоорот, Инжилдеринде (келээри) жазылуу экенин табышат. Ал аларды жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза, пакиза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылат... (Аьраф Сүрөсү, 157)

Биз Ибрахимге Үйдүн (Каабанын) ордун белгилеп даярдаганда (мындай деп буйруганбыз:) «Мага эч нерсени шерик (ширк) кошпо, таваф жасагандар, кыямга тургандар, руку жана саждага баргандар үчүн Үйүмдү таптаза карма.» (Хаж Сүрөсү, 26)

temizlik

Мусулмандарга тазалык буйрук кылынган аяттар Куранда өтө көп. Бул жерде бир канчасын гана мисал келтирдик. Аьраф Сүрөсүнүн 32-аятында болсо өзгөчө көңүл бурулган бир жагдай бар: мусулмандарга зыйнат-кооздуктарды арам кылгандар (тыюу салгандар) болгон сыяктуу, таза ырыскыларды да арам кылгандардын бар экени. Чындап эле тазалыкты мусулмандарга тыюу салгандардын да кайра эле фанаттык түшүнүктөгү адамдар экенин көрүүгө болот.

Куран боюнча, бир мусулман эң таза, эң өзүн каранган, эң таза жана эң заманбап кийинген, таза тамактарды жеген, жашаган жерин таза кармаган инсан болушу керек. Б.а. бүт тарабы таза болушу керек. Пайгамбарыбыз (сав) өтө таза болгон. Ушунчалык таза Пайгамбарыбызга (сав) жогорудагыдай жалган хадистер аркылуу жалаа жабууга аракет кылуу Аллах Кабатында, албетте, чоң бир кылмыш болот. Бирок фанаттар бул чындыкты билмексен болушат.

Жогорудагы хадистердин жалган экенин көрсөтүү үчүн Пайгамбарыбыздын (сав) чыныгы иш-аракеттерин карайлы. Пайгамбарыбыздын (сав) тазалыгы жана тазалыкка өтө маани бергени жөнүндөгү кээ бир сахих хадистер төмөнкүдөй. (Бул хадистер Куранга туура келгени үчүн сахих катары кабыл алынууда):

«Мусулмандык таза, кирсиз. Силер да таза болгула, тазалангыла. Себеби бейишке тазалар кирет.» (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 1. Cilt, / Deylemi)

Ыймандуу ыпылас болбойт. (Buhari, Gusul/276)

Бүт нерсени жакшылап тазалагыла! Тазалык ыйманга, ыйман болсо бейишке алпарат. (Taberani)

Тазалык ыймандын жарымы. (Müslim)

Аз. Селман (р.а.) айтат: «Тоороттон окудум; «Тамактын берекеси тамактан соң (кол менен оозду) жуушта» деп айтылыптыр. Аны Расулуллахка (сав) айттым эле: «Тамактын берекеси тамактан мурда жана кийин жуушта!» деди.» (Ebu Davud, Et'ime 12, (3761); Tirmizi, Et'ime 39, 1847)

temiz yiyecekler

Сарымсак жеген жыты кетмейинче мечитибизге жакындабасын, адамга жакпаган нерселер периштелерге да жакпайт. (Taberani)

Кийимдериңерди жуугула, ашыкча түктөрүңөрдү тазалагыла, тиштериңерди тазалагыла, таза, тыкан кийингиле! Таза болгула! (İbni Asakir)

Сарымсак же пияз жеген киши бизден жана мечиттерибизден алыс болсун, үйүндө отурсун.» (Buharî, Edeb, 76)

Намаздын ачкычы тазалык. (Tirmizi)

Жакшы кийингиле; Аллахтын силерге берген жакшылыктары көрүнсүн! (Taberânî)

(Бахр-үр-раык) мындай дейт: Сулуу жүз түрү сууктукту кетирүү, сындуу болуу жана шүгүр кылуу үчүн жакшылыкты көрсөтүү дегенди билдирет. Аллах Таала сулуу болууну мактайт. Сулуу болуу үчүн таза, жарашыктуу кийинүү керек. (Oruç bahsi)

Аллах бир кулуна байлык бергенде, ал байлыктын ал кулдун үстүндө көрүлүшүн жакшы көрөт. [Taberânî]

Абу Суфйан радыйАллаху анх айтат: «Мага Абу Аййуб аль-Ансари, Жабир Ибну Абдиллах, Анас Ибну Малик кабар беришти; Тообо сүрөсүнүн 108-аяты түшкөндө, анын мааниси мындай: «Ал жерде дене жана руханий ыпыластыктардан тазаланууну жакшы көргөндөр бар. Аллах көп тазалангандарды жакшы көрөт», Расулуллах: «Эй ансар жамааты! Аллах силерди тазалыкта мактады, (бул мактоого себеп болгон) тазалыгыңар кандай?» деп сурады. Алар болсо: «Биз намаз үчүн даарат алабыз, жунубдукта жуунабыз» дешти. Алейхиссалату вассалам: «Мына ушул үчүн макталдыңар! Мунуңарды уланткыла!» деди.» (Kütüb-i Sitte, 6066)

Аз. Энес (радыйаллаху анх) айтат: «Мага аял жана жагымдуу жыт сүйдүрүлдү, көзүмдүн нуру намазда кылынды.» (Nesâî, İşretu'n-Nisâ 1, (7, 61))

Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү

bağnaz görünüm

Фанаттардын жалган хадистеге таянып ар кандай ыпыластыктарды кадыресе көргөн жана ыпыластыкты сиңирген жашоо калыбы үрөй учурарлык бир сапатсыздыкка да себеп болот. Ошондуктан бир катар мусулман калктарда бүт тарапка жайылган бир сапатсыздык модасы бар. Мындай сапатсыз түшүнүк боюнча, бир мусулман көрүнүшү жагынан кир, өзүн каранбаган, сулуулук жана сыпайылыктан алыс, корс, кооздук жана сылыктыкка маани бербеген, ал тургай, буларды түшүнбөгөн бир адам болот. Көңүл буруп карасак, мындай коомдордо «мусулман» дегенде ушундай көрүнүштү жайылтууга көп маани берилет.

Бул адамдардын Ислам түшүнүгүн караганыбызда, мындай сапатсыз жана үрөй учурарлык жашоо калыбынын келип чыгышы эч сюрприз болбойт, албетте. Аялдардын кашын теришине да тыюу салган (бул кийинки бөлүмдө терең каралат), тамактан соң колун жууштун ордуна колун жалаткан, ичине чымын түшүп кеткен тамакта шыпаа бар деген түшүнүктөн, албетте, эч кандай сапатты күтүүгө болбойт. Жалган хадистерден келип чыккан бул жасалма дин түшүнүгү ушунчалык кеңири тарагандыктан, бир мусулман сулуу жана сапаттуу көрүнсө, бул кишилер аны сындашат.

Ислам атын жамынган бул оюн бүт Ислам дүйнөсүн кандайдыр бир деңгээлде ороп алган жана бул көрүнүш, албетте, башка элдерди тынчсыздандырууда.

Ал эми Куранда болсо укмуштуу бир сапат бар. Пайгамбарыбыз (сав) Курандын эч кемчиликсиз турмушка ашыруучусу катары өз доорунун эң сапаттуу жана эң акылдуу инсаны болгон. Дайыма таза жүрүп, эң сапаттуу жана эң таза кийимдерди кийип, адамдарга эң сылык мамиле жасаган. Пайгамбарыбыз (сав) азыр жашаганда, албетте, азыркы замандын эң сапаттуу инсаны болмок. Себеби Пайгамбарыбыздын (сав) жол башчысы – Куран, жана Куран дайыма эң жогорку сапатка чакырат.

Бир нерсени өзгөчө белгилөө керек: сапат акча менен, мал-мүлк менен же марка кийимдер менен жетишиле турган нерсе эмес. Сапат – тазалык, тыкандык, сулуулукка жана кооздукка маани берүү, эң мыкты мамиле жана кыймыл-аракет, боорукердик жана акылмандык, сый-урмат жана жакшы адеп-ахлак менен жетишиле турган бир касиет. Бир адам күн сайын бир эле кийимди кийиши мүмкүн, бирок аны күн сайын таза жана тыкан кийгенде сапаттуу болот. Бир адам башка бирөөнүн пикирине кошулбашы мүмкүн, бирок анын пикирин сыйлап, ага боорукер мамиле кылганда сапаттуу болот. Адамдын сапатын көрсөткөн эң негизги касиеттердин бири – бул анын кыймыл-аракеттери; ыпыластыктан, ач көздүктөн, сапатсыз кыймыл-аракеттерден алыс адам, албетте, сапаттуу болот. Сулуу сүйлөгөн, сулуулукту мактаган, искусствону бийик туткан, башкаларды барктаган адам сапаттуу болот.

Сапатты талап кылган бул касиеттердин баары мусулман элдердин көпчүлүгүндө унутулуп калды. Буга кайра эле бир катар мусулман элдердин эң чоң катасы болгон Куранды таштап коюу себеп болду. Натыйжада сапатка эмес көбөйүүгө, сүйүүгө эмес жек көрүүгө, тазалык жана өзүн каранууга эмес ыпыластык жана одонолукка маани берген элдер пайда болду. Мунун бир гана дарысы бар: Куран. Курандан далилдер келтирип Мусулмандын бийик сапаттуу болоорун бул элдерге көрсөтүү учурдагы эң маанилүү зарылдыктардан. Курандан далил бермейинче, бул элдер демократиядан алыстап, көптөрдү жек көрүүнү, сапатсыздыкты жайылтып, искусство жана тазалыкка маани бербөөнү улантышат. Бул болсо күн өткөн сайын күчөй берчү олуттуу бир балээ.

kalite

Quality is not a condition to be met through money, possessions or designer clothes. Quality is a feature that can be acquired through cleanliness, care, valuing beauty, immaculate behavior, affection, rationality, respect and moral virtue. The true Islam of the Qur'an requires this conception of quality. The world of the fanatics, on the other hand, is as filthy and low quality as it can be. This is a consequence of defying the Qur'an.