1 - Бөлүм: Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад

kenar süsü

Аллах бир аятта Куранды төмөнкүчө сүрөттөйт:

... (Бул Куран) ойдон чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин «ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)

Аллах аятта апачык билдиргендей, «бүт нерсенин ар кандай абалда түшүндүрмөсү» болгон Куран жок нерселерге ишенген фанаттарга эч жетиштүү болгон эмес. Себеби алар Куран көрсөткөн жолду өздөрүнүн негизсиз дин түшүнүгүнө шайкеш көрүшпөйт. Ошондуктан тарых бою бир катар Куран өкүмдөрүн «жетишсиз» (Куранды аруулайбыз) жана «түшүндүрүү керек» деп чыгышкан. Мындан «Куранды хадистер* аркылуу гана түшүнө алабыз» деген логиканы чыгарышкан.

Бул жерде бир нерсени айта кетели: хадистер – бул Пайгамбарыбыздын (сав) сөздөрү катары бүгүнкү күнгө чейин келген сөздөр. Бир бөлүгү сахих, б.а. чындык болгону менен, бир бөлүгү кийинчерээк ойдон чыгарылган, бир бөлүгүнүн мааниси болсо убакыттын өтүшү менен өзгөртүлүп жиберилген. Бир хадистин чындап Пайгамбарыбыздын (сав) сөзү же жасаган иши экенин түшүнүүнүн болсо эки жолу бар: Куранга туура келиши жана ишке ашышы. Куранга карама-каршы келген бир сөздү же ишти Пайгамбарыбызга (сав) тиешелүү деп айтуу түздөн-түз Пайгамбарыбызга (сав) жабылган жалаа болот. Себеби Пайгамбарыбыз (сав) да бир гана Куранга моюн сунган.

«Куранды хадистер аркылуу гана түшүнө алабыз» деген логика Ислам дүйнөсүнө көп зыяндарды алып келди. Себеби бул логикага таянган бир катар мусулмандар динди жамынган ойдон чыгарылган хадистерге моюн сунуп башташкан. Ал тургай, белгилүү убакыттан соң Куранды бир четке таштап коюп, ошол хадистерди гана өздөрүнө диндин булагы кылып алышкан. Ойдон чыгарылган хадистер Куран аяттарына карама-каршы келгенде болсо, «бул хадис Куран өкүмүн жокко чыгарды (насх кылды)» дегенге чейин барышкан. Жүздөгөн ойдон чыгарылган хадистерден ар кандай диндер келип чыгып, Ислам дининин ичинде бири-бирине көп темаларда карама-каршы келген төрт башка мазхаб пайда болгон. Мазхаб аалымдары болсо өздөрүн мусулман дешкен, бирок баары башка башка нерселерди айтышкан. Ал тургай, бири-бирин динден чыкты деп ойлошкон.

Ислам ааламынын бул абалын Пайгамбарыбыз (сав) Куранда Улуу Аллахка төмөнкүчө арызданат:

Жана элчи айтты: «Раббим, чындыгында менин коомум бул Куранды ташталган (бир китеп) катары артка ташташты.» (Фуркан Сүрөсү, 30)

Чындап эле Ислам ааламынын көп бөлүгүнүн учурдагы көйгөйү – Куранды ташталган бир китептей бир четке таштап коюшунда.

Куран таштап коюлган соң кезек «ижмага» келген (ижма: кандайдыр бир доордо жашаган дин аалымдарынын салыштыруу далилдерине таянып шарият жөнүндө өкүм чыгарышы). Ал кишилердин да жол көрсөтүүчүсү Куран болбогону үчүн, миңдеген ойдон чыгарылган хадистер ичинде баштары айланып, «өкүмдөрдү Куран да, хадистер да түшүндүрө албайт» деген пикирге келишкен. Анан ал «дин аалымдары» Ислам атынан эрежелер чыгарып башташкан. Мазхабдар бир-бирине карама-каршы келгени аз келгенсип, эми ал мазхабдардын ичиндеги ижмалар да бир-бирине карама-каршы келе баштаган. Ар бир «дин аалымынын» чечмелөөсү өкүм катары кабыл алынып, ар бир жамаат ар кайсы жолго түшүп, чоң Ислам коому мазхабдарга, класстарга жана эң аягында майда топторго бөлүнүп баштаган. Куран болсо кабынын ичинде дубалга илинген бир кооздук бойдон ташталды. Натыйжада Ислам жамаатынын көп бөлүгү «Куранды таштап койду».

icma

The problem with much of the Islamic world today is that it has abandoned the Qur'an. Every pronouncement by people described as “leaders of the faith” has been adopted as a rule, and so every religious community has its own different practices.

Бир катар Исламга каршы чыккандарды караганыбызда алардын да жок нерселерге ишенген фанаттарга окшош жагдайга түшкөнүн көрөбүз. Алар да Исламды Курандан үйрөнүшпөйт. Фанаттар сыяктуу, алар да Исламды ойдон чыгарылган хадистер, салттар жана бир катар дин аалымдарынын көбүнчө Куранга туура келбеген ижмаларына карап баалашат. Алардын ою боюнча да, «Ислам» - бул жок нерселерге ишенген фанаттардын жашоосу жана иш-аракеттери. Алардын ою боюнча, «Ислам» - Курандагы дин эмес, тарыхчылардын фантазиялары. Алар Курандын эмес, ойлоп чыгарылган диндин шариятын «шарият» дешет. Куран билдирген баалуулуктардан, түшүнүктөрдөн, иш-аракеттерден кабарсыз, бирок жок нерселерге ишенген фанаттардын жасалма диндеринин бүт эрежелерин өтө жакшы билишет. Ал жасалма диндин эрежелерин сындаганда, өз ойлорунда Исламды сындап жатам деп ойлошот. Фанаттардын динин ушунчалык кабылдап алышкандыктан, «бул Ислам эмес» деп айтылса, ишенишпейт. Бул өтө чоң бир жаңылыштык.

Ал кишилер идеологиялык жактан динге каршы болгону үчүн Исламга каршы чыгып жатышпаган болсо, чындап фанаттык түшүнүктүн караңгылыгынан кутулуунун жолун издеп жатышса, анда буга ишенүүлөрү зарыл. Алардын дини Ислам эмес. Бир мусулманга Куран өзү жалгыз жетиштүү. Хадистер Куранга туура келсе, туура жана ишенимдүү болуп саналат. Куранга карама-каршы келген бир хадистин Исламда орду жок. Эгер бир мусулман Куранда Исламды таба албай жатса, анда башка бир дин издеп жаткан болот. Ал диндин шарияты болсо Ислам эмес.

Курандагы чыныгы шарият

Шарият сөзү «жол» деген маанини билдирет. Бир мусулман Куранды карап кандай «жолдо» жүрүшү керек экенин оңой гана түшүнө алат. Куранда арамдар (тыюулар) өтө аз жана так, ачык өкүмдөр менен кабар берилген. Аларды эч талашып-тартышуу мүмкүнчүлүгү жок. Мисалы, адам өлтүрүү, ойноштук кылуу, пайыз алуу, чочконун этин жеш, кан ичүү сыяктуу өкүмдөр Куран аяттарында апачык айтылган арамдар. Бул Курандын маанилүү бир өзгөчөлүгү. Аяттарды өз каалоолоруна жараша чечмелеп, арам чыгарганга аракет кылган адамдар дайыма бир нерселерди чыгарышат. Бирок Аллах арамдарга таптак өкүмдөр менен тыюу салган. Мобул аятта айтылгандай:

Ал силерге өлүмтүктү (тарпты), канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын аты менен (башкага аталып) союлган (жандык)ты толук арам кылды. (Бакара Сүрөсү, 173)

Аллах Куранда Ислам атынан арам жана адалдарды чыгара турган кишилердин болоорун төмөнкүчө кабар берет:

Тилдериңер менен калптарды чыгарып, бул адал, тигил арам дебегиле. Себеби Аллахка карата жалган чыгарган болосуңар. Күмөнсүз, Аллахка карата жалган чыгаргандар кутулууга жетишпейт. (Нахл Сүрөсү, 116)

Пайгамбарыбыздын (сав) доорунан соң, аятта айтылгандай Аллахка карата жалган ойлоп чыгарган көптөгөн топтор келип чыккан. Ал топтор Куранды жол башчы кылбаганы үчүн, каалаганын арам, каалаганын адал дегенге барышкан. Бирок, Аллах «адал кылынган кооздуктарды арам кылуучу» мүнөздүү бир топко өзгөчө басым жасаган. Раббибиз Куранда төмөнкүчө кабар берет:

Эй ыймандуулар, Аллах силер үчүн адал кылган кооз нерселерди арам кылбагыла жана чектен чыкпагыла. Күмөнсүз, Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. (Маида Сүрөсү, 87)

Дүйнөдө «шарият» деген ат менен жасалып жаткан, бирок чындыгында Исламга карама-каршы келген зомбулукчу системаны анализ кылганда, өздөрүнө адалдарды арам кылып алган, Курандан өтө алыс топтор жөнүндө сөз кылабыз.

Алгач Куран аяттарында айтылган чыныгы шариятты, б.а. Курандын туура жолун сүрөттөйлү:

Курандын шарияты сүйүү, урматтоо, ар кандай диндеги, ар кандай көз-караштагы адамга боорукердик көрсөтүп, ар кандай адамды коргоо дегенди билдирет. Курандын шарияты демократияны, сөз эркиндигин талап кылат. Курандын шариятында адамдар илим-билимдүү, тарбиялуу, ачык мүнөздүү, башка пикирлерди урматтаган, бактылуу, заманбап, сапаттуу, келечекке үмүттүү, искусство менен сулуулукка маани берген, биримдикти, достукту жана сүйүүнү баалаган адамдар болушат. Курандын шариятында жек көрүү, оройлук, урушуп-талашуу, мажбурлоо, зомбулук, коркутуу, бактысыздык, ачуулануу жана согуш жок. Куран жөнүндөгү бул сыпаттардын баарын алдыда Куран аяттарынан далилдерди келтирүү менен карап чыгабыз.

Kuran'daki şeriat

The Sharia of the Qur'an requires that a Muslim be modern, well-groomed, noble, wise, cultured, democratic, open-minded, respectful of all ideas and full of love. The Sharia of the Qur'an is based on brotherhood, peace and love. War, cruelty, hatred, anger and conflict are all forbidden to Muslims in the Qur'an. Those who wish to know the true Sharia must look to the Qur'an alone.

Бул сүрөттөөлөргө карасак, Курандын шариятына туура келген бир Ислам өлкөсү азыр дүйнөдө барбы? Албетте, жок. Бул шарият Пайгамбарыбыз (сав) доорунан соң турмушка ашырылган жок. Учурда шарият менен башкарылып жатабыз деген өлкөлөр же шарият алып келүүнү каалаган бир катар зомбулукчу топтор Исламдын ордуна чыгарылган фанаттык диндин шариятын жасап жатышат. Бир катар жалган хадистерди өздөрүнө жол башчы кылышууда. Куранды болсо артка таштап коюшкан. Профессор, илимдин доктору Йашар Нури Өзтүрк айткандай:

«Эмне үчүн Ислам дебей, «шарият» дешет. Себеби Ислам десе, айткандарын Куран менен далилдеши керек болот. Аллахтын атынан алдагандардын «дин» деген нерсесин Куран тастыктабайт. Шарият деп маселени ар тарапка созушуп, жооп таппай калганда болсо «уламанын айтканы ушундай, ижма ушул жолдо, ата-бабаларыбыз ушундай деп чечишкен, кылымдардан бери мусулмандар ушундай кылып келишкен» деп таңуулоого ыңгайлуу бир динди алдыга чыгарышууда.

Шариятты Исламга теңөөнү каалаган түшүнүк – көп нерселери Куранга жана заманга карама-каршы келгени көрүнүп турган үрп-адат, салттарды дин кылууну көздөгөн бир түшүнүк. Бул түшүнүк алгач шариятты динге теңеп, андан соң качан эскирип бүткөн фыкых (шарият) китептериндеги акылга жана Куранга туура келбеген бир катар эрежелерди дин деп элдин алдына коюп жатат.» (Yaşar Nuri Öztürk, Allah ile Aldatmak (Йашар Нури Өзтүрк, «Аллахтын атынан алдоо»), Yeni Boyut Yayınları)

Эмки бөлүмдөрдө «шарият» атынан чыккан, бирок башкаларды жек көрүп, зомбулук көрсөткөн топтордун андай шарияттын булагын кайдан алышканын көрөбүз. Аларга жол башчылык кылган бүт жалган хадистерди жана алардын жараксыздыгын бир-бирден карайбыз. Ал топтор чыгарган шарияттын Курандан канчалык алыс экенин жана аны эч качан Ислам шарияты деп атоого болбой турганын ачык далилдер менен көрсөтөбүз.

Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?

Бул дүйнөдө эгер чындап Исламдын шарияты менен жашаган бир өлкө болгондо кандай болмок? Илимде жана искусстводо өнүккөн, билим жана жашоо деңгээли өтө жогору, сапаттуу, тынчтыкчыл, сылык-сыпайы, бүт дүйнө элдери менен биригүүнү каалаган, тынчтыкка үндөгөн жана бир туугандыктын өрнөгү, иудейлерди, христиандарды, атеисттерди бооруна баскан, ар кандай идеологиядагы ар кандай адамды досундай көргөн жана аларга урмат көрсөткөн, дүйнөгө бейпилдик жана коопсуздук алып келүүнү көздөгөн, муктаждарды өзүнө караганда көбүрөөк ойлогон жана маселелерди чечкен, бакубат, бактылуу бир өлкө болмок. Ал өлкөнүн эли өтө сапаттуу, ультра модерн жана ультра демократиялык шарттарда жашамак. Ар ким өз оюн эркин билдирип, ар кандай көз-караш эч кысымчылыксыз айтылмак, бирок өз оюн айтууда акарат кылуу жана зомбулук сыяктуу нерселер эч качан болмок эмес. Байлык бир жерге чогулбай, Курандын жакырды коргоо жана «өз напсиңден мурда бир тууганыңдын напсисин ойло» деген чакырыгына таянган жашоо калыбы өкүмчүлүк кылмак. Ансыз да мындайда жакыр эч болмок эмес. Мындай система дүйнөдөгү бүт адамдар толук бейпилдикте жашаган, дүйнөдөгү бүт өлкөлөр бактылуу жана ыраазы боло турган кемчиликсиз бир система болмок.

Бул сүрөттөөнү учурдагы «Ислам мамлекети» деп аталган өлкөлөргө салыштырсак, ортодогу чоң айырманы ошол замат байкайбыз. Ушул күндө шарият деген ат менен өкүм сүрүп жаткан система эч Исламдын шарияты эмес. Ислам шарияты келиши үчүн бул дин ойдон чыгарылган нерселерден толук тазаланып, жогорудагы Куранда макталган бүт сүрөттөөлөргө туура келиши зарыл.

Ал үчүн Ислам менен башкарылган бир өлкөнүн башчысы ойдон чыгарылган нерселерге эмес, толугу менен Куранга карап иш алып барган бир лидер болушу шарт. Куранга моюн сунган мусулман бир лидердин үч негизги касиети бар: боорукер, демократ жана адилеттүү болуу. Ушул касиеттеринен улам мындай лидер дайыма ишенимдүү болот. Толугу менен Куранга таянган мусулман бир лидердин башкаруусу астында жашаган адамдар жер жүзүндө мурда эч болбогон бир эркиндикти көрүшөт. Эч кимге Исламдын талаптары жүктөлбөйт, ар ким өз ишенимине карап жашайт. Ар бир адам ар кандай сөздү айтуу укугуна ээ болот. Эч кимге өзгөчө мамиле жасалбайт, бүт адамдарга бирдей мамиле кылынат. Адилеттүүлүк бүт адамдарга тең болот. Кээде абал мусулмандардын зыянына болсо да, «Эй ыймандуулар, өзүңөрдүн, ата-энеңердин жана жакындарыңардын зыянына болсо да, Аллах үчүн күбө болуп адилеттикти сактагыла.» (Ниса Сүрөсү, 135) аятынын талабы боюнча, сөзсүз адилеттик өз ордун табат.

Мусулман бир лидердин талабы жана аракети дайыма сүйүүнү орнотууну көздөйт. Себеби диндердин түшүрүлүү себеби, адамдын жаралуу себеби, бейиштин жаралуу себеби – бул сүйүү. Сүйүү өкүмчүлүк кылган, эч кимдин ишеним эркиндиги чектелбеген, бүт адамдар бай-бардарчылыкта, бирдей мамиле көргөн бир коомдо талаш-тартышка эч себеп калбайт. Адилетсиздиктер, жаман көрүүлөр, душмандыктар жоюлганы үчүн, уруш-талаш, жаңжалдар да болбойт.

Ошондуктан шариятты түшүнүү үчүн учурда Ислам шарияты менен башкарып жатабыз деген өлкөлөрдүн иш-аракеттерине эмес, Куранга кароо керек. Ислам Куран менен келген. Ошондуктан Исламдын шарияты Куранда жана ал жерде баары апачык айтылган. Курандагы адилеттик, демократия жана эркиндик системаларын турмушка ашырбаган бир өлкөнү шариятка мисал келтирүүгө болбойт. Ошондуктан эч кимдин «бирок мобул өлкөдө ушундай кылынып жатат, демек Ислам бизге зомбулук алып келет» деп айтышы туура болбойт. Бул жерде ошол өлкө лидери жасап жаткан, Ислам атын жамынган туура эмес системаны айыптоо керек; Курандагы системаны эмес (Куранды аруулайбыз).

Жогоруда айтылган сонун нерселерди алып келе турган Курандагы чыныгы шарият системасы турмушка ашырылбай, анын ордуна зомбулуктун Ислам шарияты катары көрсөтүлүшү, албетте, жаман көрүнүш. Бирок муну Исламды айыптоо аркылуу чечүүгө болбойт. Исламды айыптагандар көбүнчө радикализмге, зомбулукка жалгыз чечүү жолу боло турган жолду тосууга аракет кылып, андан да көп зыян алып келишет. Чыныгы Исламды алсыздантууга аракет кылып, радикалдарга ан сайын жол ачышат. Бирок, радикализмди жана Исламды жамынган туура эмес ишенимдерди алардын айыптоолору же чыгарган куралдары эмес, бир гана туура Ислам түшүнүгү жок кылат. Бул жерде маселе туура эмес ишенимден келип чыгууда. Туура эмес ишенимдерди болсо ордуна туура ишенимдерди коюу менен гана жок кылууга болот; башка жолу жок.

çocuklar

Курандагы чыныгы жихад

cihad

“Waging jihad” in Islam means to educate the other side, to teach moral virtue and to strive to turn people away from evil. Those who murder in the name of jihad are not acting in the light of the Qur'an.

Жихад сөзү «жехд» деген сөздөн келип чыккан. Арап тилиндеги маанилери болсо төмөнкүдөй: 1. Иштөө, аракет кылуу, аракет, башкалар үчүн аракет кылуу. 2. Адамдын өз напсисин башкарышы. Бул маанилерге карап, Исламда жехд кылуунун башкаларга маалымат берүү, жакшы адеп-ахлакты үйрөтүү, адамдарды жамандыктан алыстатуу үчүн аракет кылуу деген мааниге келээрин түшүнөбүз. Ошондой эле, мусулман, экинчи тараптан, өз напсисин жакшы адеп-ахлакка тарбиялап, өзүн кекенүү жана жек көрүүдөн алыс бир адам кылып тарбиялашы керек болот. Б.а. жехд кылган бир мусулман бир тараптан өзүн тарбиялап, экинчи тараптан, жакшыны, туураны адамдарга үйрөтүү үчүн аракет кылышы зарыл. Сүйүүнү, тынчтыкты, боорукердикти жайылтуу жана адамдарды жамандыктан тосуу үчүн аларды башкаларды ойлоого тарбиялап, өзүнүн мүнөзү менен аларга өрнөк болушу керек.

Курандын эч бир жеринде жехд сөзү ушул маанилерден башка бир мааниде колдонулган эмес. Ошондуктан «биздин булагыбыз – Куран» деп чыгып, «жихад» деген ат менен адамдарды өлтүрүп жаткандар же калп айтышууда же туура эмес таалим алышкан.

Бүгүнкү күндө жихад деп адамдарды өлтүрүп жаткандар, өзүнө бомба байлап жардырып жаткандар, согушту күчөтүп жаткандар Куран боюнча күнөө кылышууда. Бирок алардын көпчүлүгү Куранга карама-каршы иштерди жасап жатканын билишпейт дагы. Себеби аларды диндин атын жамынып алдап коюшкан. Алар ишендирилип коюлган динде сүйүүнүн ордун жек көрүү; боорукердиктин ордун кекенүү; бир туугандыктын ордун душмандык; жакшылыктын ордун жапайылык; искусствонун, сулуулуктун, илимдин жана маданияттын ордун болсо сабатсыздык ээлеген. Мындай динге ишенген адамдын колуна курал карматуу оңой болот. «Бул эл сенин душманың, барып кол сал» деп айтуу оңой болот. Аны кекентүү оңой болот. Кыжырдуу топторду пайда кылуу оңой болот.

Эмки бөлүмдөрдө бул адамдар согушуу үчүн туура эмес чечмелеген Куран аяттарын жана зомбулукка негиз катары көрсөтүлгөн жасалма хадистерди терең карайбыз. Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске сала кетүү керек: радикалдардын абдан көбү сабатсыздык себептүү зомбулукчу болушат. Чыныгы динди билишпейт. Ал тургай, көпчүлүгү Куранды окуган да эмес. Ошондуктан адамдарды өлтүрүп «жихад» кылып жатам деп ойлогон бир адамды айыптоо, ага каргыш айтуу, аны коркутуу, түрмөгө камоо, сүргүнгө айдоо эч пайда бербейт. Анын андай болушунун себеби – бул Куран менен тарбияланбагандыгы, Аллахтын мыйзамын түшүнбөгөндүгү. Демек, туура эмес таалим-тарбия токтотулмайынча, эмне кылып жатканынан кабарсыз радикалдардын да боло берээрин кабыл алышыбыз керек. Маселенин мына ушунда экени кабыл алынса, анда жихад аты менен зомбулук көрсөтүп, террор жасап жаткандардын туура таалимге гана муктаж экени түшүнүктүү болот.

Исламда согуш жөнүндө туура эмес билингендер

Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү

Kurani Kerim

Мындай тема коюунун себеби – Исламга ойдон чыгарылган нерселерди киргизүүгө аракет кылган фанаттардын жана ал фанаттардын туура эмес түшүнүгүн колдонгон кээ бир Исламга каршы чыккандардын «Курандагы кээ бир аяттар башка аяттар тарабынан жокко чыгарылган (насх кылынган)» деген сөздөрүнүн туура эместигин көрсөтүү. Алар бул сөзүнө далил катары төмөндөгү аятты колдонушат:

Биз андан да жакшысын же ошого окшошун алып келгенге (чейин) эч бир аятты насх кылбайбыз (өкүмүн жокко чыгарбайбыз) же унуттурбайбыз. Аллахтын чындыгында бүт нерсеге кудуреттүү экенин билбейсиңби. (Бакара Сүрөсү, 106)

Куранды бурмалоого аракет кылган кишилер өздөрүнүн ойдон чыгаргандарын Курандын ордуна дин кылып жайылтуу үчүн бул аяттын туура эмес чечмеленишин далил катары колдонушкан. Бул аятты өздөрүнүн түшүнүгү менен чечмелеп, бир катар аяттардын өкүмүн жокко чыгарып, ал тургай, анын ордуна ойдон чыгарылган хадистерди кошууга болот деп ойлошкон. Бир катар Исламга каршы чыккандар да мас кыла турган ичимдиктер же согуш жөнүндө насх кылынган аяттар бар дешүүдө. Ошого таянып, мусулмандарды «өкүмдүн жокко чыгарылышына» ишенгендер жана ишенбегендер деп экиге бөлүшүүдө.

Бул жерде бул кишилер такыр туура эмес түшүнүгүнө далил көрсөтүүгө аракет кылган аяттын түшүндүрмөсү төмөнкүдөй: «эч бир аятты насх кылбайбыз» деген сүйлөмдөгү «аят» сөзү жекелик санда колдонулган. Аят сөзүнүн далил, керемет сыяктуу маанилери да бар, жана Куранда Куран аяттарын көрсөткөн «аят» сөзү эч качан жекелик санда колдонулбайт. Жекелик санда колдонулган «аят» сөзү дайыма «далил» маанисинде колдонулган жана башка бүт аяттарда ушул мааниде которулган.

Ошондуктан бул жерде «Куран аяттары» деген мааниде эмес, мурда келген «далилдер, эрежелер жана шарияттар» маанисинде айтылган. Ошондуктан бул Куран аятында Аллахтан акыйкат китептер келген мурдакы элдерге, б.а. иудейлерге жана христиандарга жүктөлгөн бир катар иш-аракет жана өкүмдөр убакыттын өтүшү менен унутулса, алар Куран аркылуу эске салынган же жокко чыгарылган. Анын ордуна болсо ошого окшош же андан да жакшы бир өкүм Куран аркылуу келген.

Бул жерде айтылган «унуттуруу» сөзүнө да токтолуу керек. Бир өкүм башка бир өкүмдү насх кылышы (жокко чыгарышы) үчүн башка өкүм «унутулган» болушу керек. Курандагы аяттардын баары 1400 жылдан бери өзгөрбөй турат, демек бир аяттын башкасын жокко чыгарышы мүмкүн эмес. Фанаттар жокко чыгарылган деген өкүмдөр унутулган эмес, Куранда дагы эле турат. Бул жерден да апачык көрүнүп тургандай, бул жердеги насх (жокко чыгаруу) аяттын башка бир аятты жокко чыгарышы жөнүндө эмес, мурдакы элдерге тиешелүү болуп, кийинчерээк унутулган өкүмдөр жөнүндө айтылган. Мурдакы элдерге түшүрүлүп, бирок «унуттурулган» өкүмдөрдүн ордуна алардан жакшыраак же ошого окшош өкүмдөр Куран аркылуу ал элдерге жөнөтүлгөн.

Куран «корголгон» бир китеп

Куран Раббибиз аятында апачык билдиргендей, «коргоого алынган» бир китеп:

Эч күмөнсүз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында Бизбиз. (Хижр Сүрөсү, 9)

«Корголгон» бир китепте өкүмдөрүн бүт мусулмандардын аткарышы шарт болгон аяттардын бир бөлүгүн жарактуу, бир бөлүгүн болсо жараксыз көрүү мүмкүн эмес. Курандын жалпысындагы кемчиликсиздик, математикалык жана илимий кереметтери, жол башчылык касиети жана Курандын коргоого алынганы жөнүндөгү көптөгөн аяттар ойдон чыгарылган нерселерге ишенгендердин жана бир катар Исламга каршы чыккандардын жогорудагыдай сөздөрүн жокко чыгарат:

Алар ал зикир (Куран) келгенде аны жалганга чыгарышты. Чындыгында, ал теңдешсиз улуу бир Китеп. Батыл (жалган) ага алдынан да, артынан да келе албайт. (Себеби Куран) Өкүмдар жана даанышман, көп макталган (Аллах)тан түшүрүлгөн. (Фуссилет Сүрөсү, 41-42)

Күмөнсүз, аны (Куранды) (жүрөгүңдө) топтоо жана аны (сага) окутуу Биздин колубузда(гы иш). Демек, Биз аны окуганыбызда, сен анын окулушун ээрчи. Анан сөзсүз аны түшүндүрүү Биздин колубузда(гы бир иш). (Кыямат Сүрөсү, 17-19)

Куран, аятта апачык айтылгандай, теңдешсиз бир Китеп жана жалган ага алдынан да, артынан да келе албайт. Бул Китеп Раббибиздин коргоосу астында. Ошондуктан «кээ бир өкүмдөр Куран аяттарынын өкүмүн жокко чыгарат» деген сөздөр апачык бир жалган жалаа.

Бул жерде Исламга жана Куранга мындай жалааны жапкан бир катар «аалымдардын» арасында насх кылынган (өкүмү жокко чыгарылган) аяттардын саны жөнүндө да өтө көп карама-каршылыктар бар экенин айта кетүү керек. Ар бири насх кылынган деп кабыл алган ар бир аятка өздөрүнчө жаңы бир өкүм чыгарып, натыйжада эрежелери ар кандай болгон жаңы диндерди чыгарышууда. Кээ бир «аалымдар» болсо хадистер аяттарды насх кылат (жокко чыгарат) дегенге чейин барышкан. Аллахтын «...Биз китепте эч нерсени кем калтырган жокпуз...» (Энъам Сүрөсү, 38) деген аятын бул адамдар көрмөксөн болушат. Куран аяттарын жокко чыгарып, ордуна бир бөлүгү толугу менен ойдон чыгарылган хадистерди коюшууда. Мына ушул акылсыздык Ислам атын жамынган радикалдуу кыймылдардын фундаментин түзүүдө. Эмки бөлүмдөрдө бул теманы терең карайбыз.

Ойдон чыгарылган нерселерге ишенгендер сыяктуу Исламга каршы чыккандар да аят жөнүндөгү туура эмес чечмелөөнү Ислам жөнүндөгү көптөгөн өкүмгө колдонууга аракет кылышкан. Бул кишилердин каерде ката кетиргенин жакшыраак түшүнүү үчүн алардын сөздөрүн карайлы:

Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар

Бир катар Исламга каршы чыккандар мелүүн (радикалдуу эмес) мусулмандарды «Мекке доору мусулмандары» дешет. Алардын ою боюнча, Пайгамбарыбыз (сав) Меккеде жашаган доор согушсуз, тынч доор болуп саналат. Пайгамбарыбыз (сав) Мединага хижрат кылган (көчкөн) соң, көп өтпөй согуштар башталган. Кээ бирлер ушунун негизинде Исламда согушту жактагандар Медина доорунда вахий кылынган аяттарды гана, тынчтыкты жактагандар болсо Мекке доорундагы аяттарды гана кабыл алышат дешет. Бул өтө сабатсыздык менен айтылган, эч логикасыз бир сөз.

Жогоруда да айтылгандай, бир мусулман «мусулман» боло алышы үчүн эң негизги шарт катары Куран аяттарынын эч бирин башкаларынан бөлбөй, баарына ишениши керек. Эгер бир эле аяттын өкүмүн кабыл албаса, Куранда айтылган мааниде «мусулман» сыпатынан ажырайт. Ошондуктан «мусулманмын» деген бир адам Куран боюнча, эч качан «бул аятты кабыл алам, муну болсо кабыл албайм» дей албайт.

Пайгамбарыбыз (сав) убагында Мекке доорунда согуш болбой, Медина доорунда согуштар болгону жана ал согуштар жөнүндө аяттар түшүрүлгөнү чындык. Мунун себебин түшүнүү үчүн Пайгамбырыбыз (сав) доорунун оор шарттарын түшүнүү керек.

Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу

Курандын Пайгамбарыбызга (сав) вахийи толук 23 жылга созулган. Анын алгачкы 13 жылында мусулмандар Меккедеги путпарасттардын (идолго сыйынуучулардын) өкүмчүлүгүндө азчылык болуп жашашкан жана өтө чоң кысымчылыктарга туш болушкан. Көп мусулмандар кыйноого алынып, кээ бирлери шейит кылынган, көпчүлүгүнүн үйү жана мал-мүлктөрү таланып-тонолуп, көптөгөн акарат жана коркутууларга кабылышкан. Ошого карабастан, мусулмандар күч колдонбой, тынч жашашып, путпарасттардан алыс болушкан жана аларды дайыма тынчтыкка чакырышкан.

Бирок путпарасттардын зомбулуктары токтогон эмес.

Курейштиктер башында Аз. Мухаммеддин (сав) пайгамбарлыгына маани бербегендей көрүнүшкөн. Ыйман кылышпаганы менен, путтарга (идолдорго) каршы сөз айтканга чейин, Аз. Пайгамбардын (сав) чакырыгына унчугушкан эмес. Болгону Пайгамбарыбызды (сав) көргөндө, ага сөз менен кысымчылык көрсөтүшкөн. Мусулмандарды өз ойлорунда шылдыңдап, басмырлашкан. Ошентип курейштиктердин «сөз менен кысымчылык көрсөтүү» доору башталган.

Куранда бул бизге төмөнкүчө кабар берилет.

Чындыгында, «кылмыш жана күнөө кылгандар» кээ бир ыймандууларды шылдыңдап өтүшчү.
Жандарына барганда, бир-бирине каш-көз ишараттарын кылышчу.
Өз жакындарына кайтканда болсо, күлүп кайтышчу.
Аларды көргөндө болсо: «Булар албетте жолдон адашкан-бузукулар» дешчү. (Мутаффифин Сүрөсү, 29-32)

Mekke

Muslims lived as a minority in the pagan society of Mecca and were exposed to much oppression. Many Muslims were physically tortured, some were martyred, most had their homes and possessions pillaged and they were subjected to constant insults and threats. Yet Muslims continued to live without resorting to violence, merely keeping their distance from the idolaters and calling on them to live in peace.

Мекке путка сыйынуучулардын борбору эле. Кааба менен анын айланасындагы путтарды зыярат үчүн келгендерге Мекке күн сайын толуп ташчу жана ушул себептен курейшке байлык да, аброй да келчү. Курейштиктер Меккеде мусулмандыктын жайылышын бир кооптуулук катары көрүшкөн, себеби кызыкчылыктарына зыян келип, башка уруулар бизге душман болот деп ойлошкон. Мындан тышкары, мусулмандыктын бүт адамдарды тең санаганын жана адамдарды уруусуна карап же бай-жакыр деп бөлбөшүн билишчү. Ошондуктан, курейштин алдыңкылары мусулмандыктын жайылышын токтотуу үчүн чара көрүү керек деп чечишкен. Бул максатта мусулмандарга кыйноо көрсөтүп, ал тургай, кылмыштарга да барышкан. (İbn Hişâm (Ибн Хишам), 1/287)

Ал доордун мушриктери Аз. Абу Бакр, Аз. Осман сыяктуу күчтүү, атак-даңктуу үй-бүлөлөргө тиешелүү мусулмандарга көп тийише алышкан эмес. Бирок багар-көрөрү жок, жакыр мусулмандарга тарыхта эч кездешпеген кыйноолорду жасашкан. Абу Фухайка, Хаббаб, Билал, Сухайб, Аммар, Ясир жана Сумаййа ошондой оор кыйноолорго кабылган барктуу мусулмандардан болгон.

Сафван б. Умаййанын кулу болгон Абу Фухайка мушрик кожоюну тарабынан күн сайын бутуна жип байлап, ысык шагыл жана кумдардын бетинде сүйрөлгөн.

Темирчи Хаббаб чокко айланган көмүрдүн үстүнө жаткырылып, көмүрлөр өчүп карарганга чейин көкүрөгүнө басып, кыйноого алынган.

Аммардын атасы Ясирди буттарынан эки төөгө байлап, төөлөрдү эки жакка айдап, бөлүп салышкан, күйөөсүнүн ушундай жырткычтык менен шейит кылынганына чыдабай мушриктерге каяша сөз айткан Сумаййа Абу Жахилдин аткан огу менен өлтүрүлгөн. (Zâdü'l-Meâd, 2/116; Asr-ı Saâdet, 1/254)

Халеф уулу Умаййа кулу Эфиопиялык Билалды күн сайын жылаңачтап ысык кумдардын үстүнө жаткырып, көкүрөгүнө чоң бир таш коюп, күндүн астында бир канча саат бою калтырып; Аз. Пайгамбарга (сав) каршы чыгып, мусулмандыкты ташташы үчүн кыйноого алган. Бир күнү колдору менен буттарын бекем байлап, мойнуна жип өткөрүп, аны ысык кумдун бетинде Мекке көчөлөрүндө сүйрөгөн. (Zâdü'l-Meâd, 2/116; Asr-ı Saâdet, 1/253)

Хашимилерден тартынганы жана агасы Абу Талибдин коргоосу астында болгону үчүн башында Пайгамбарыбыздын (сав) өзүнө тийише алышкан эмес. Кийинчерээк ага «жинди, бакшы, акын, сыйкырчы» деген сыяктуу жалааларды жаап башташкан. Эң аягында мүмкүнчүлүк тапканда, Пайгамбарыбызга (сав) акарат кылуудан, аны кыйнап, ага ар кандай жамандыкты кылуудан да тартынышкан эмес.

Mekke müşrikleri

The pagans of the time were unable to harm Muslims from powerful and prestigious families, such as Hazrat Abu Bakr and Hazrat Uthman. However, they barbarically mistreated and tortured poor and helpless Muslims, in a way never seen before.

Меккеде путпарасттардын кысымчылыгы күчөгөндө, мусулмандар эркинирээк жана мамилеси жылуураак болгон Ясриб (кийинки аты Медина) шаарына хижрат кылып, ал жерде өз башкаруусун курушкан. Бирок өздөрүнүн саясий түзүлүшүн курган соң да, меккелик путпарасттардын кол салуулары токтогон эмес. Курейштиктер жашаган аймагына чейин мусулмандарды кууп келип, кол салууларын улантышкан. Пайгамбарыбыз (сав) менен жанындагы мусулмандар болсо Меккенин зомбулукчу путпарасттарына эч согуш менен жооп кайтарышкан жок.

Дүйнөдө эч бир адам, эл же эч бир өлкө бир кол салуу болгондо жооп бербей койбойт. Сөзсүз «өзүн коргонуу» үчүн кол салгандарга жооп берет же жок дегенде өзүн коргонот. Минтип өзүн коргонгону үчүн болсо адамдарды соттор, өлкөлөрдү болсо эл аралык укук дайыма айыпсыз, б.а. туура кылган деп эсептейт. Себеби берки тарап жок жерден кол салып жаткан болот жана адамдын жанына, үй-бүлөсүнө, жакшы көргөндөрүнө; бир өлкөнүн элине, намысына, жерине коркунуч туулган болот.

Кадимки шарттарда бул нерсе Мекке доорунда Пайгамбарыбыз (сав) менен мусулмандарга да тиешелүү. Бирок ошого карабастан, толугу менен адилетсиз жана түздөн-түз адам өмүрүнө коркунуч туудурган кол салуулар уланса да, Аллах өлтүрүүгө тыюу салганы үчүн Пайгамбарыбыз (сав) менен мусулмандар эч жооп кайтарышкан эмес. Анын ордуна, аяттын өкүмүнө ылайык аларды дайыма тынчтыкка чакырып, тынчтык сунушунан майнап чыкпаган соң, зомбулук кылган элден –өз шаарларын, үйлөрүн таштап- көчүп кетишкен. 13 жылга жакын созулган Мекке доорунда жана Медина доорунун биринчи жылы мушриктерден көргөн ушунча зулумдукка, кыйноого жана адилетсиздиктерге карабастан, ыймандууларга сабырдуу болгула деп буйрулган.

«Раббиңдин жолуна акылмандык менен жана жакшы насаат менен чакыр жана алар менен эң жакшы жол менен күрөш» (Нахл Сүрөсү, 125) аяты аркылуу Аллахтын динине сылык, жакшы жол менен чакырууга буйрулуп, согушка уруксат берилген эмес. Мусулмандардан мындай зулумдукка жооп кайтаргысы келгендерге Пайгамбарыбыз (сав) төмөнкүдөй жооп берген:

«Азырынча согушка уруксат берилген жок, сабыр кылгыла, Аллахтын жардамы жакын, тарткан азаптарыңардын сыйлыгын аласыңар...»

Пайгамбарыбыздын (сав) өзүн жана элин коргонуусуна уруксат Мединага көчкөн соң төмөнкү аяттар аркылуу берилген:

Аларга зулумдук кылынганы үчүн, аларга каршы согуш ачылгандарга (ыймандууларга согушуу) уруксаты берилди. Күмөнсүз, Аллах аларга жардам берүүгө кудуреттүү. Алар «Раббибиз Аллах» дегени үчүн гана адилетсиздик менен мекендеринен сүрүлүп чыгарылышты... (Хаж Сүрөсү, 39-40)

Бул аяттардан соң «Раббибиз Аллах» дегени үчүн гана адилетсиздик менен мекендеринен сүрүлүп чыгарылган мусулмандар өзүн коргонууга даярданып башташкан. Аятта апачык айтылгандай, «согуш ачылган, кол салууга дуушар болгон мусулман калкка» өзүн коргонуу уруксаты берилген; башкаларга кол салуу буйругу эмес. Бул аяттан соң мусулмандар өздөрүн коргонуп баштап, аларга кол салгандарга каршы коргонуу согуштарын жасашкан. Андан соң согуш жана коргонуу жөнүндө түшүрүлгөн аяттар болуп жаткан согуш учурундагы абалдар жөнүндө сүрөттөөлөрдү камтыган. Башкача айтканда, ошол согуштагы ошол абал жөнүндө гана бир сүрөттөө жасалган. Ошондуктан Курандагы согуш жөнүндөгү аяттардын баары ал доордун оор абалын жана Пайгамбарыбыздын (сав) адилеттүүлүгүн түшүнө алышыбыз үчүн ошол кездеги кол салуулар жөнүндө гана түшүрүлгөн аяттар болгон.

Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?

savaşlar

Куранда сүрөттөлгөн согуштар жөнүндө эске сала кетчү маанилүү бир жагдай – бул, ал согуштардагы «каршылаштар». Бир катар диний жана тарыхый булактар Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы согуштар ошол кездеги иудейлерге (еврейлерге) каршы жүргүзүлгөн деп жазат. Ал булактарды окуган бир катар кишилер болсо Курандагы ошол кездеги согуштар жөнүндө түшүрүлгөн аяттарды иудейлер жөнүндө айтылган деп, Курандан кандайдыр бир мааниде антисемитизмди издешет. Чындыгында болсо, бул чоң бир алдамчылык.

Пайгамбарыбызга (сав) жана мусулмандарга ал зулумдуктарды мушриктер (Аллахка шерик кошкондор) жасашкан. Алардын көпчүлүгү путпарасттар болгон. Алар путтарына (идолдоруна) жана туура эмес ишенимине зыян келишине жол бербөөнү көздөшкөн. Бир бөлүгү болсо иудейлердин арасынан чыккан мүнафык (эки жүздүү) жана мушриктер болгон. Аларды иудейлер деп атоо өтө чоң жаңылыштык болот. Мусулман элдердин арасынан чыккан бир мушрикти же мүнафыкты «мусулман» деп айтууга болбогон сыяктуу, иудейлердин (еврейлердин) арасынан чыккан жана зомбулук кылган мушрик, мүнафыктарды да иудей дегенге болбойт. Чыныгы иудей согуш чыгарып, динчил адамдарды өлтүрбөйт.

Куран антисемитизмге наалат айтат. Ошондуктан Курандын ичинен еврей (иудей) душмандыгы жөнүндө сөздөрдү табууга аракет кылгандар дайыма эч нерсе таба алышпайт. Сөз болуп жаткан аяттарды иудейлерге каршы согушуу аяттары катары чечмелөөгө аракет кылгандар муну жакшы түшүнүшү керек. Пайгамбарыбыз (сав) ал доордун иудейлери менен дайыма өтө жакшы мамиле түзүп, аларды жакшы көрүп, аларга боорукердик кылган, жана ошол сыяктуу ал доордун чыныгы динчил иудейлери да Пайгамбарыбызды (сав) жакшы көрүп, урматташкан.

Пайгамбарыбыздын (сав) иудейлерге, Тооротко жана иудаизм динине болгон сылык мамилеси жөнүндө терең маалыматтар алдыда, китебибиздин Китеп берилгендер тууралуу бөлүмүндө берилмекчи.

Куранда согуштун сүрөттөлүшү

Куранда согуштун качан жана кантип жасалаары ачык айтылган:

Силер менен согушкандарга каршы Аллах жолунда согушкула, (бирок) чектен чыкпагыла. Албетте, Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. (Бакара Сүрөсү, 190)

Согуш МУСУЛМАНДАРГА КАРШЫ СОГУШКАНДАР менен гана жасалышы керек, б.а. бир КОРГОНУУ согушу болушу керек. Мусулмандардын башка элдерге эч себепсиз кол салышына Куранда толук ТЫЮУ САЛЫНГАН.

Мусулмандарга Аллах Куранда бир элге жасаган адилетсиздиктери жана зомбулуктары себептүү кыжырданып турсаңар да, аларга карата дайыма адилеттүү болгула деп буйрук берген. Аллах аятында мындай деп айтат:

Эй ыйман келтиргендер, адилеттүү күбөлөр болуп, Аллах үчүн акыйкатты жактагыла. Бир коомго болгон кекенүүңөр силерди адилеттиктен тосуп койбосун. Адилеттүү болгула. Ушул такыбаалыкка ылайыктуураак. Аллахтан коркуп (күнөөдөн) сактангыла. Күмөнсүз, Аллах кылгандарыңардан кабардар. (Маида Сүрөсү, 8)

Мисалы, Аллах аятында мусулмандардын Каабага киришине жолтоо болгон элдерге жаман мамиле жасоодон мусулмандарды тосуп, аларга жана бүт адамдарга жакшылык кылууну насаат кылган:

...Силерди Харам Мечитинен тоскону үчүн бир элди жаман көрүшүңөр силерди чектен чыгууга түртпөсүн. Жакшылык жана такыбалыкта (Аллахтан коркууда) көмөктөшкүлө, күнөө жана чектен чыгууда көмөктөшпөгүлө жана Аллахтан коркуп-тартынгыла... (Маида Сүрөсү, 2)

Атайылап ажылык ибадатына бут тосулуп, адилетсиздик кылынганына карабастан, мусулмандарга чектен чыкпагыла деп Улуу Раббибиз тарабынан эскертүү берилген. Аллах мусулмандарга ушундай шартта да адилеттүү болгула, ачууланбагыла жана жакшылык кылгыла деп буйруган. Мусулман, кандай гана шартта болбосун, Курандын бул өкүмүнө моюн сунууга милдеттүү.

Куранда согуштун жалгыз себеби катары коргонуу согушу гана сүрөттөлгөн аятта мусулмандарга согуш жөнүндө дагы бир шарт коюлган: чектен чыкпоо.

Мунун мааниси кол салуу учурунда мусулман өзүн коргонуп, чектен чыкпай, коргонуудан башка иш-аракет кылбашы керек. Б.а. Куранда кол салууга, зомбулукка жана чектен чыгууга тыюу салынган.

Кол салгандарга каршы коргонуу максатында гана согушуу керек экени башка аяттарда төмөнкүчө кабар берилген:

Аллах силер менен дин жөнүндө согушпаган, силерди мекендериңерден сүрүп-чыгарбагандарга жакшылык кылуудан жана аларга адилеттүү мамиле жасоодон силерди тоспойт. Себеби Аллах адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт. Аллах дин жөнүндө силер менен согушкандар, силерди мекендериңерден сүрүп-чыгаргандар жана сүрүлүп-чыгышыңар үчүн аракет кылгандар менен достошуудан силерди тосот... (Мүмтехине Сүрөсү, 8-9)

Бул жерде маанилүү айырма бар. Мусулмандар менен карама-каршы пикирде болгону менен, аларга кандайдыр бир кол салуу жасап, чектен чыкпагандарга кол салуу мусулмандарга тыюу салынган. Мусулман аларга сый-урмат менен жана адилеттүү мамиле кылууга милдеттүү. Бул аяттагы сүрөттөө боюнча, мусулмандарга ишеними себептүү зулумдук кылган жана аларга кол салган, б.а. согушту баштаган тараптын чабуулуна каршы коргонуу уруксаты гана берилген. Жогоруда да айтылгандай, албетте, ар бир адам ага бир кол салуу болгондо, өзүн коргонот. Бул ар бир адамдын, ар бир элдин, ар бир мамлекеттин укугу жана кадыресе көрүнүш.

Пайгамбарыбыздын (сав) согушууга уруксат берилген аят келгенге чейин эч коргонуу жасабашы – укмуш бир жан аябастык жана динчилдик. Ошол кезге чейин «...алар менен эң жакшы жол менен күрөш...» (Нахл Сүрөсү, 125) деген аяттын өкүмүнүн негизинде Пайгамбарыбыз (сав) сөз менен көндүрүү жана ынтымакка чакыруу ыкмасын гана колдонгон. Путпараст курейштиктердин бир гана кыргын жасоону көздөп жатканына карабастан...

Бул маанилүү жагдайга токтолгон соң, ойдон чыгарылган нерселерге ишенгендер жана Исламга каршы чыккандар Исламдын атын жамынып жасалып жаткан зомбулукка далил көрсөтүүгө аракет кылган Куран аяттарынын баарын карап чыгабыз жана бул жөнүндөгү жаңылыштыктардын баарын бир-бирден көрсөтөбүз.

Бул аяттарды карап жатканда, алгач Куранда сүрөттөлгөн бүт согуштардын ошол аймактагы белгилүү бир эл жөнүндө айтылганын, белгилүү шарттарда болгонун жана ал шарттардын аяттарда айтылганын билүү керек. Ал эл «келишим түзүлгөн» мушрик бир эл болгон. Ошондуктан ал согуштардын баары ошол элдин тынчтык жана достук келишимдерин бузуп, жасаган кол салууларына, кылган мамилелерине жараша жүргүзүлгөн. Ошондуктан түшкөн аяттар дал ошол кездеги абал менен байланыштуу болуп, ошол шарттарды сүрөттөгөн.

Бул чындыкты жакшыраак түшүнүү үчүн ал кездеги мушрик сүрөттөөсүн жана түзүлгөн келишимдерди тереңирээк карайлы:

Келишим түзүлгөн мушриктер

müşrikler

«Мушрик» сөзү ошол доорду баяндаган ар кандай тафсирлерде «Аллахка шерик (ширк) кошкон» деген мааниде гана каралганы менен, термин катары апачык Аллахка шерик кошкон; сансыз кудайларга ишенген; мусулман, иудей, сабии, христиан же межуси (отпараст) ЭМЕС; путтарга сыйынган путпарасттарга колдонулган.

Куранда Ислам дини чыккан кезде Арабияда бар болгон диндер жөнүндө сөз болгондо, мушриктер дайыма өзүнчө бир топ катары айтылган. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда китеп берилгендер (ахли китап) катары иудей жана христиандарга үйлөнүү жана алардын сойгон тамагы адал кылынып, межуси жана сабиилердин жана, ошондой эле, путпарасттардын кыздарына үйлөнүүгө жана алар сойгон тамактарды жегенге тыюу салынган.

Жогоруда да айтылгандай, Пайгамбарыбыз (сав) мушриктердин оор кысымчылыгы астында Мединага көчүүгө мажбурланып, көчкөн күндөн баштап ансар (Мединалык мусулмандар) менен мухажирлер (Меккеден Мединага көчүп барган мусулмандар) арасында бир туугандыкты бекемдеген. Мушрик коомдор менен жана ошол аймакта жашагандар менен көптөгөн келишимдерге кол коюп, мушриктердин жаман мамилелерине карабастан, тынчтыкты орнотуу үчүн дайыма аларды биримдикке чакырган.

Пайгамбарыбыздын (сав) Мединага келип, бир туугандыкты жана сүйүүнү бекемдеши расасы, дини жана тили ар кандай болгон адамдардын чогуу, бейпилдикте жашай алаарын да далилдеген. Анын тынчтыкка жана сүйүүгө чакырганын көрсөткөн эң чоң далилдердин бири – бул өзү жаздырган биринчи текстинин тынчтык келишими болушу. Аз. Мухаммед (сав) Меккени караткан соң, мурда мусулмандарды кыйноого алган мушриктерге да эркиндик берип, аларга өтө мээримдүүлүк көрсөткөн. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммеддин (сав) мындай бийик адеп-ахлагы мурда арап элдеринде эч болбогон бир көрүнүш болгон жана адамдарды өтө суктанткан.

Ал доордо каратылган чет өлкөлөрдө да чыныгы адилеттикти орнотууда Аз. Мухаммед (сав) бүт мусулмандарга өрнөк болгон. Пайгамбар Мырзабыз (сав) каратылган өлкөлөрдүн жергиликтүү калкына Куранда айтылган адилеттүүлүктү жасап, алар менен эки тарап тең ыраазы боло турган жана эч ким кичине да жапа чекпей турган келишимдерди түзгөн. Ошондуктан кайсы диндин же улуттун өкүлү болбосун, каратылган өлкөлөрдүн элдери Ислам алып келген адилеттүүлүккө дайыма ыраазы болушкан. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) менен жанындагы сахабалар «Биз жараткан калктардын арасында акыйкат менен туура жолго баштай турган жана адилеттүүлүктү орното турган бир үммөт бар.» (Аьраф Сүрөсү, 181) аятында айтылгандай, адамдар арасында адилеттүүлүктү орноткон бир үммөт болушкан.

Арап жарым аралынын түштүк тарабындагы христиан Нажран калкы менен түзүлгөн келишим да Пайгамбарыбыздын (сав) түшүнүк жана адилеттигинин эң сонун мисалдарынан.

Келишимдин бир пункту төмөнкүчө:

«Нажрандыктардын жана аймактагылардын жандары, мал-мүлктөрү, диндери, бары-жогу, үй-бүлөлөрү, чиркөөлөрү жана колундагылардын баары Аллахтын жана Аллахтын Пайгамбарынын кепилдиги (коргоосу) астына алынат.» (Majid Khoduri, İslam'da Savaş ve Barış, Fener Yayınları, İstanbul, 1998, s. 209-210)

Ал аймактагы бүт элдер менен келишим түзүлгөн соң, Пайгамбарыбыз (сав) Ислам тарыхындагы биринчи конституция болгон Медина документин даярдап, Медина мамлекетин курган. Медина документи тарыхтагы демократиялык жана көп пикирдүү конституциянын биринчи жана эң мыкты өрнөгү болгон. Бүгүнкү күндө эч бир демократиялык система Пайгамбарыбыз (сав) ишке киргизген Медина конституциясындай тартипти алып келе алган жок жана эч бири муну Пайгамбарыбыздай (сав) кылып турмушка ашыра алган жок.

Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи

Medine vesikasi

Жазуу түрүндөгү Медина мамлекетинин биринчи конституциясын түзгөн Медина документи аркылуу Пайгамбарыбыз (сав) ар кандай улут, дин жана уруулардан турган бир шаар калкына Арабистан жарым аралында мурда эч көрүлбөгөн бир демократиялык жана тынчтыкчыл түзүлүштү алып келген.

Ал конституция боюнча, Мединадагы бүт элдер тынчтыкта, чогуу жашашып, өздөрүнүн динине жана ишенимине жараша өмүр сүрүшөт, ошондой эле, өз уюмдары менен мыйзамдарын да иштетишип, аларды иштете турган күчтө да болушат. Ошол эле учурда, Мединадагы бүт элдер менен тынчтыкта жана биримдикте жашашат.

Медина документи мындан болжол менен 1400 жыл мурда, 622-жылы, ишенимдери ар кандай болгон элдердин талаптарына жооп берүү үчүн, Аз. Мухаммеддин (сав) жол башчылыгы менен жазылган жана кагазга түшүрүлгөн бир укуктук келишим катары турмушка ашырылган. Натыйжада 120 жыл бою бири-бирине душман болуп келген дини жана расасы ар кандай болгон элдер ушул келишимде орун алышкан. Аз. Мухаммед (сав) бул келишим аркылуу ар мүмкүнчүлүктө бири-бирине кол салган, бир-бирин душман көргөн жана ынтымакташа албаган элдердин арасындагы уруштардын токтошу мүмкүн экенин, баарынын эч кыйынчылыксыз, чогуу жашай алаарын көрсөткөн.

Медина келишими боюнча, бүт адамдар эч кысымчылыксыз каалаган динди, ишенимди, саясий же философиялык тандоо жасоодо эркин болгон. Көз-карашы туура келген адамдар менен бир бирикме түзө алат. Өз укугун турмушка ашырууда эркин. Бирок кылмыш кылган адамды эч ким коргобойт. Келишимге кирген топтор бир-бирине жардам берип, бир-бирине колдоо көрсөтүшөт жана Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммеддин (сав) коргоосу астында болушат. Тараптар арасындагы пикир келишпестиктерди Аллахтын Пайгамбарына алып барышат. Мушриктер дагы эң адилеттүү инсан катары дайыма Пайгамбарыбыздын (сав) өкүм чыгарышын тандашкан.

Пайгамбар Мырзабыз (сав) даярдаткан бул келишим баскыч баскыч менен 622-жылдан 632-жылга чейин турмушка ашырылган. Бул документ менен тууганчылыкка таянган уруу-уруу болгон түзүлүштөрдөн ары өтүлүп, географиялык, маданий жана этникалык тамыры толугу менен башка башка болгон адамдар чогулуп, биримдик түзүшкөн. Медина документинде дин жана ишенимге абдан кеңири эркиндик берилген. Мындай эркиндикти көрсөткөн пункттардын бири төмөнкүдөй:

«Бани Авф иудейлери ыймандуулар менен бирге бир үммөт, иудейлердин дини өздөрүнө, мусулмандардын дини да өздөрүнө.» (Muhammed Hamidulllah, İslam Müesseselerine Giriş, Düşünce Yayınları,İstanbul, 1981, s.128)

Медина документи 47 пункттан турат. 1-23-пункттар мусулмандар, 24-47-пункттар болсо Мединада отурукташкан иудей (еврей) уруулары жөнүндө болгон. Саны жагынан аз болсо да, христиандар жөнүндө да айтылышы ар кандай диндегилердин катышуусу жагынан маанилүү болгон.

Профессор Леонард Свидлердин (Leonard Swidler) «Көп пикирдүүлүк перспективасында Медина документин кайра карап чыгуу» аттуу отчетунда бул келишим жөнүндө төмөнкүдөй маанилүү пикирлер айтылган:

«Биздин оюбузча, Документ Аз. Пайгамбардын шаарды бириктирүү жана элге ачык жарыя кылынган укуктун негизинде чогултуу аракеттерин көрсөтүшү жагынан маанилүү бир документ. Бул укук боюнча ар бир адам бирдей укуктарга, дин тандоо эркиндигине жана мусулмандар менен бирге согушка катышып-катышпоо эркиндигине ээ болгон. Бирок кандай жагдайда болсо да шаардын душмандары менен келишим түзүүлөрүнө тыюу салынган, бул дагы Медина топторунун бир-бирине жакындыгын куруу аракетин көрсөтөт. Бул саясий жана диний текст теңдик жана эркиндик баалуулуктарынын тегерегинде жаңы бир коомду түзүү максатын көздөгөн. Документте да басым жасалгандай, укуктун бүт адамдардан жогору турушу диалог жана чогуу жашоо шартын түзүү максатына жетүү үчүн ташталган негизги кадам эле. Документтеги пункттар жалпысынан Мединадагы ар бир адамдын шаарды коргоодогу бирдей жоопкерчилигин да белгилеген. Мындан тышкары, адеп-ахлактык мүнөзүн көрсөткөн пункттардагы параллелдүү сөздөрдүн көп экенин да көрүүгө болот. Аягында, шаардагы ар кайсы топтордун аттарынын пункттарда бир-бирден аталганын ойлогонубузда, Документтин жана натыйжада Аз. Пайгамбардын шаардын бүт топторун легалдуу коомдор катары кабыл алганын жана аларды эске алганын көрө алабыз.»6

Бул конституцияда иудейлер жөнүндө өтө көп пункт болгону менен, бул конституциянын ал жерде жашаган путпараст топторду да камтыганын эске сала кетүү керек. Меккедеги мушриктердин Аз. Мухаммед (сав) менен мусулмандарга болгон душмандыгын апачык көрсөткөнүнө, аларды мекендеринен чыгарганына карабастан, Аз. Пайгамбардын (сав) Мединадагы путпарасттарга өтө боорукер, тынчтыкчыл жана ынтымактуу мамиле кылганы көрүнүп турат. Медина документинин тексти мусулмандардын мушриктердин акыларын жана укуктарын коргогонун көрсөтөт, жана, ошондой эле, алардан Мединаны коргоодо мусулмандар менен бирге болушун талап кылган. Мушриктерге жасалган мындай мамиле эч таң калыштуу эмес; себеби Куран боюнча, мусулмандар келишим түзгөн мушриктерди өз жанын аябастан коргоого милдеттүү (бул темага алдыда тереңирээк токтолобуз).

Medine vesikası

The Constitution of Medina was the first pluralist and the most democratic constitution in history, showing the protective attitude of Muslims toward the rights and laws of members of all other faiths and even idolaters.

Жыйынтыктасак, бул документтин биримдиктин жана ынтымактын, боорукердиктин жана сүйүүнүн, достуктун жана тынчтыктын данектерин өз ичинде камтыган өтө маанилүү бир тарыхый документ катары кабыл алынганы чындык, жана тар мааниде караганда мусулмандар менен иудейлер арасында, жалпылай караганда болсо бүт мусулман эместер менен диалог түзүүдө өрнөк болуп саналат. Пайгамбарыбыздын (сав) ошол кездеги мындай сүйүү жана ынтымак түшүнүгү Курандын негизинде болгон, бирок бүгүн мындай түшүнүктөгү мусулман элди жолуктуруу кыйын. Бул – тарыхтын эң демократиялык конституциясынын Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жазылып турмушка ашырылганын жана азыркы элдердин Курандан да, Пайгамбарыбыздын (сав) жолунан да алыстаганын көрсөткөн ачык жана маанилүү бир далил.

Ошондуктан китептин алдыдагы бөлүмдөрүн ушул маалыматтардын негизинде баалоо керек. Мушриктерди да коргогула деп буйруган, Ахли Китаптын (иудей жана христиандардын) болсо мусулмандар үчүн өзгөчө бир орду бар экенин белгилеген Курани Каримдин насааттары жана Курандын негизинде тынчтык менен демократияны көздөгөн Аз. Мухаммеддин (сав) кылган иш-аракеттери азыркы ойдон чыгарылган нерселерге ишенген мусулмандардыкынан такыр башкача. Азыркы туура эмес ишенимдеги мусулмандар Курандан согушка далил табууга аракет кылып жатканы менен, Куран дайыма тынчтыкка чакырат. Ошондуктан бул жөнүндөгү согуш аяттары чечмеленип жатканда, бул маанилүү чындыкты сөзсүз эсте тутуу керек.

Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү

Куранда согуштун кандайча сүрөттөлгөнүн карап чыккан соң, эми бир катар радикалдар тарабынан пайдаланылган жана бир катар Исламга каршы чыккандар тарабынан Исламды сындоо үчүн колдонулган согуш аяттарын карайлы:

Бакара Сүрөсүнүн 191-аяты

Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө жана силерди чыгарган жерден силер да аларды чыгаргыла. Фитна (бузукулук) – өлтүрүүдөн жаман. Алар силерге каршы согушканга чейин силер Харам Мечитинин жанында алар менен согушпагыла. Силер менен согушса, силер да алар менен согушкула. Каапырлардын жазасы мына ушундай.(Бакара Сүрөсү, 191)

Бул аят – мусулмандар оор кысымчылык жана зомбулукка кабылып, Меккеден чыгарылып Мединага көчүүгө мажбурланган соң түшүрүлгөн бир аят. Жогоруда терең сүрөттөлгөн шарттар түзүлүп, мушриктердин оор зулумдугуна жана түздөн-түз кол салууларына каршы мусулмандар өздөрүн коргонуу буйругун алышкан. Зулумдук кылууну токтотпогон, жакшы сөздү түшүнбөгөн жана тынчтык, ынтымак чакырыктарына кулак салбаган кишилерге өздөрүнүн ыкмасы менен жооп кайтаруу керек экени айтылган.

Бирок аятта Курандагы согуш укугу жөнүндөгү эскертүү да кайра кайталанган: «Алар силерге каршы согушканга чейин силер Харам Мечитинин жанында алар менен согушпагыла. Силер менен согушса, силер да алар менен согушкула.» Көрүнүп тургандай, согушуунун бир гана шарты бар: берки тараптын кол салышы. Алар согушмайынча же кол салмайынча, мусулмандарга согушууга эч уруксат берилген эмес.

Бул аятты өз ойлорунда бурмалаган радикалдардын да, Исламга каршы чыккандардын да аяттагы бул маанилүү өкүмдү көрмөксөн болушу, албетте, чоң күмөн туудурат. Аят мусулмандарга өздөрүн коргонуу эркиндигин гана берүүдө. Ошондуктан согуш жана кол салуу бул аяттын өкүмү эмес.

radikalizm

In verse 191 of Surat al-Baqara, Muslims are only given the right to defend themselves. This verse does not therefore legitimize war and aggression.

Аяттагы дагы бир маанилүү жагдай болсо төмөнкүчө кабар берилген: «Фитна (бузукулук) – өлтүрүүдөн жаман.» Адамдарды күүлөө, жек көрүүнү күчөтүү, ушак таратып жек көрүү, анархия жана террорду жайылтуу жана адамдарды бир-бирине касташтыруу «фитна чыгаруу» болуп саналат жана аятта айтылгандай мындай фитна чыгаруу адам өлтүрүүдөн да жаман. Мусулмандарга кол салгандар көрүнөө да, психологиялык жактан да, тымызын да ушундай фитна чыгарышат. Натыйжада чоң зыян келтиришет. Кол салууга өткөндө болсо мусулмандар, албетте, өздөрүн коргонушат.

Учурда бир катар фанаттар ар жерден уккан маалыматтарына же ойдон чыгарылган нерселерге алданып, адамдарды, элдерди, диндерди же өлкөлөрдү «фитна чыгаруучу» деп жарыялашы жана буга ушул Куран аятын далил көрсөтүүгө аракет кылышы болсо чоң бир акылсыздык. Фитна мусулмандарды бөлүп-жаруу, аларды ар кандай кыйынчылыктарга салып зыянга жана күнөөгө түртүү, андан соң массалык көтөрүлүштөргө негиз даярдоо, мусулмандарга колу менен же тили менен кол салуу сыяктуу бузукулукка жол ача турган кыймыл-аракеттерди камтыйт. Ошондуктан бир адамды «фитна» менен айыптоо үчүн ал адам ушул айтылган иштердин бир же бир канчасын жасаган болушу керек. Учурда «фитна чыгаруучу» деп мөөрлөп, өзгөчө иудейлерди (еврейлерди) же Израилди айыптаганга аракет кылгандар бул аятка толук карама-каршы келишет.

Куран боюнча, иудейлерди же Израилди толугу менен «фитна чыгаруучу» деп жарыялоо арам, б.а. мындайга тыюу салынган. Ар бир динде же өлкөдө фитна чыгарган адамдар болушу мүмкүн. Бирок араптарда, түрктөрдө же мусулмандарда фитна чыгаргандар болгону үчүн араптардын, түрктөрдүн же мусулмандардын баарын «фитна чыгаруучу» деп жарыялаганга болбогон сыяктуу, иудей жана израилдиктердин баарын да «фитна чыгаруучу» деп жарыялаганга болбойт. Куран боюнча, бир мусулман бир иудейдин үйүнөн тамак жей алат, ага конок жана дос боло алат, ал тургай, ага үйлөнө алат (бул жагдайлар китептин атайын ушул темага арналган бөлүмүндө терең каралат). Демек, бир мусулман бир иудейди эч негизсиз эле «фитна чыгаруучу» деп жарыялай албайт. Муну кылгандар, башында да айтылгандай, Куранды эч билбеген, фитна жөнүндө иудейлер жөнүндөгү сансыз ойдон чыгарылган хадистердин таасири астында чоңойгон сабатсыз (караңгы) адамдар. Бул хадистер жана Куран боюнча, ахли китаптын (христиан жана иудейлердин) абалы кийинки бөлүмдөрдө терең каралат.

Ниса Сүрөсүнүн 89, 90, 91-аяттары

Алар өздөрү динди тангандай, силердин да ыймансыз болушуңарды каалады. Ошентип бирдей болуп калмаксыңар. Демек, Аллах жолунда хижрат кылганга (көчкөнгө) чейин алардан дос тутпагыла. Эгер кайра жүз бурушса, анда аларды кармагыла жана каерде колго түшүрсөңөр өлтүргүлө. Аларды дос (вели) да, жардамчы да кылбагыла. (Ниса Сүрөсү, 89)

Бирок силер менен араларында келишими бар бир элге баш калкалагандар же силер менен да, өз коому менен да согушуу (каалабай мын)дан көкүрөктөрүн кыйноо басып силерге келгендер(ге тийүүгө болбойт). Аллах каалаганда, аларды силерге кол салдырып, ошентип силер менен согушушмак. Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса, анда Аллах силерге аларга каршы бир жол берген эмес.(Ниса Сүрөсү, 90)

Калгандарынын да силерден жана өз коомдорунан коопсуздукта болууну каалаганын көрөсүңөр. (Бирок) Фитнага кайра чакырылган сайын, ага болушунча чумкушат. Эгер силерден алыс турбай, тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырбаса жана колдорун тартышпаса, анда аларды каерде көрсөңөр кармагыла жана аларды өлтүргүлө. Силерге аларга каршы апачык «колдоочу бир далил» бердик.(Ниса Сүрөсү, 91)

Бул аяттарда мүнафыктар (эки жүздүүлөр) айтылып жатат. Мүнафык – өзүн мусулманмын деп, мусулмандар арасында жашаган жана алардан сыяктуу көрүнгөн, бирок чындыгында ичинен Аллахка жана Исламга душмандык сезип, мусулмандарга артынан кол салууга аракет кылган бир жандык. Аллах мүнафык бойдон көз жумгандардын тозоктун эң астыңкы кабатында болоорун кабар берип, аларды басмырлаган. Көрүнүп тургандай, мүнафык – эки жүздүү жана чыккынчы мамилеси себептүү, ыймансыздарга да, мушриктерге да окшобогон, өтө кооптуу жана өтө жаман бир адам модели.

Мусулмандарды жарым жолдо таштаган жана мусулмандардын да өздөрү сыяктуу ыймансыз болушун каалап, ошол багытта аракет кылган мүнафыктарды дос кылууга Ниса Сүрөсүнүн 89-аятында тыюу салынган. Алар менен согушууга уруксат берилген жагдай, б.а. «эгер кайра жүз бурушса» дегендин мааниси – бул мүнафыктардын мусулмандарга кол салышы. Муну кийинки аяттан да түшүнүүгө болот. 90-аятта «Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса» деп айтылгандай, кол салбаган бир коомго каршы согушууга жол берилген эмес. Өлтүрүү уруксаты берилген коомдун мусулмандарга согуш ачкан бир коом экени ачык. Бул жерден да мусулмандарга кол салуу болгондо өздөрүн коргонуу укугу берилгени апачык көрүнүп турат.

Ошондой эле, Ниса Сүрөсүнүн 90-аяты – Курандын адилеттүү, кечиримдүү, боорукер жана дайыма тынчтыкты сактаган стилинин дагы бир көрсөткүчү. Ошол кезге чейин мусулмандарга артынан кол салып, чыккынчылык кылганына карабастан, мүнафыктардын бир бөлүгүнө «Бирок силер менен араларында келишими бар бир элге баш калкалагандар же силер менен да, өз коому менен да согушуу (каалабай мын)дан көкүрөктөрүн кыйноо басып силерге келгендер(ге тийүүгө болбойт).» деген өкүмгө ылайык мусулмандарга тынчтыкчыл мамиле кылганы үчүн аяттын өкүмү боюнча тийүүгө болбойт. Ушул эле аятта Аллах «Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса, анда Аллах силерге аларга каршы бир жол берген эмес.» деп, аларга тийүүгө болбой турганын дагы бир жолу эске салууда. Бул болсо адилеттүүлүктүн дал өзү.

91-аятта да ушул эле шарттар айтылган. Ошол доордо согуш каалабаганын айтып, бушайман болгон мүнафыктардын бир бөлүгү кайра фитнага кирип, кайрадан мусулмандарга кол салып башташкан. Мына ошол жагдайда кайрадан Курандагы согуш өкүмү эске салынып, кол салмайынча аларга тийбей, кол салган болсо мусулмандардын өздөрүн коргоно алаары айтылууда.

Ошондой эле, бул аятта айтылган жагдайдын Ухуд согушу учурунда болгон бир окуя жана согуш талаасында чыккынчылык кылган мүнафыктар жөнүндө айтылганын да эске салуу керек.

Тообо Сүрөсүнүн 5-аяты

Арам айлар (мөөнөт берилген төрт ай) бүткөн (чыккан) соң мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө, аларды кармагыла, курчагыла жана алардын бүт өтө турган жолдорун тосуп-кармагыла. Эгер тообо кылып, намаз кылышса жана зекетти беришсе, жолдорун ачкыла. Чындыгында, Аллах кечиримдүү, боорукер. (Тообо Сүрөсү, 5)

Бул аяттагы шарттарды түшүнө алуу үчүн Тообо Сүрөсүн 1-аятынан баштап окуу керек. Ошондо кол салуу жообу жасала турган мушриктердин «бүт мушриктер» эмес, мусулмандарга зомбулук кылып, кол салган жана андан соң арам айларда согушпоо үчүн өз ара келишим түзүлгөн мушриктер экенин түшүнөбүз. Бул жерде «мусулмандар менен адилеттүү бир келишим түзүлгөнүн жана мусулмандардын арам айлар бою согушка кирбей турганын өтө жакшы билип туруп» мусулмандарды капыстан кармаганга жана тымызын кол салганга аракет кылып, арам айларда кол салууларын улантып, мусулмандарды өлтүрүүгө аракет кылган мушриктер жөнүндө айтылган.

Ошол шарттарда мусулмандарга ушул аят аркылуу зомбулук кылып, кол салгандарга каршы өздөрүн коргонуу укугу берилген. Аяттан көрүнүп тургандай, мушриктердин кол салуулары арам айларда болгонуна карабастан, мусулмандар Аллахтын өкүмүнүн негизинде арам айлар учурунда жооп бербей, ал мөөнөт бою сабыр кылып, арам айлар бүткөн соң коргонуп башташкан. Аятта, ошондой эле, коргонуу ыкмасы да сүрөттөлгөн: кармоо, курчоо жана бүт өтө турган жолдорун тосуу. Эл аралык укукка таянган согуштарда сөзсүз эң биринчи шарт курчоого алып, кармоо болуп саналат. Курчоо үчүн өтө турган жолдору тосулуп, душман тараптын алдыга жылышына бөгөт коюлат. Ошондуктан бул аятта учурдагы эл аралык укукта туура көрүлгөн ыкма сүрөттөлгөн. Ортодогу бир айырма: Курандын бул аятында мусулмандар кол салуу жасабайт, алар бир гана өздөрүнө кол салгандарды токтотконго аракет кылышат.

Müslümanlar

In verse 6 of Surat at-Tawba, Muslims are told to help an idolater who seeks shelter with them and asks for their help, even at the cost of endangering their own lives.

Ошондой эле, бул аят боюнча кол салууну токтотуп, тообо кылгандарга карата эч согуш жүргүзүлбөйт. Алар эркин койо берилишет.

Бул аяттан кийинки аятты караганда болсо, Курандын чыныгы сүйүү жана боорукердик рухун көрсөткөн сөздөрдү көрөбүз. Мына ушул аят – Исламга каршы чыккандардын бул темадагы мусулмандар жөнүндө айткан бүт сөздөрүн жокко чыгаруучу бир аят. Ал аят төмөнкүдөй:

Эгер мушриктерден бирөө сенден «амандык суранса», ага амандык бер; ошентип Аллахтын сөзүн уксун, анан аны «коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткир.» Бул алардын албетте билбеген адамдар болушу себептүү. (Тообо Сүрөсү, 6)

Бул аятта мусулмандарга аларга корголонуп, жардам сураган бир мушрикке «өз жаныңарды коркунучка салып» жардам бергиле деп айтылууда. Бул аят боюнча, бир мусулман мушриктерди коргоо үчүн ӨЗҮН ТОСУУДА. Башкача айтканда, бир мусулман Аллахты танган бир кишинин жанын коргоо үчүн өз жанын рискке салып, аны коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткирүүгө милдеттүү.

Бул Курандын өкүмү. Курандын өкүмү боюнча, бир адам Аллахка ишенбейт деп «өлтүрүлбөйт», тескерисинче мусулмандар аны өз жанын аябай коргошот. Ошондуктан согуштун шарты тигил тараптын Аллахка ишенип ишенбеши же башка динден болушу менен байланыштуу эмес. Согуштун шарты – тигил тараптын кол салып, мусулмандарды кыйнашы, өлтүрүшү.

Аят ишарат кылган дагы бир акыйкат болсо мындай: кол салып, чектен чыкпаган соң, динине, тилине, улутуна, ишенимине карабастан, бүт адамдар мусулмандар тарабынан коргоого алынышы керек. Бир мусулман башка мусулманды коргогон сыяктуу, ахли китапты да, ал тургай, атеистти да, коммунистти да коргоого милдеттүү. Бул мусулман болуунун бир талабы. Бул Курандагы мусулмандын мүнөзү. Бир адам «мен мусулманмын» десе, демек башкаларды коргошу керек.

Тообо Сүрөсүнүн 13-аяты

Andlarını bozan, elçiyi sürmeye yeltenen ve sizinle (savaşı) ilk defa başlatan topluluğa karşı savaşmayacak mısınız? Yoksa onlardan korkuyor musunuz? İnanıyorsanız asıl çekinmeniz gereken ALLAH’tır. (Tevbe Suresi, 13)

Bu ayet, Kuran’da savaşın hükmünü gösteren ayetlerden bir diğeridir. Müslümanlarla anlaşma yapmış olan, yani anlaşmaları gereği barış içinde yaşayan bir müşrik topluluk anlaşmasını bozup bozgunculuk ve saldırganlığa başladığında; Peygamberimiz (sav)’i kendi yaşadığı beldeden başka bir yere sürgün etmeye kalkıştıklarında; ve ayetin açık ifadesiyle savaşı İLK OLARAK BAŞLATAN OLDUKLARINDA, Müslümanların onlara karşı savaşma hakkı oluşmaktadır.

Maide Suresi 33. Ayetin İncelenmesi

Анттарын бузган, пайгамбарды сүрүп чыгарганга чейин барган жана силер менен (согушту) биринчи болуп баштаган коомго (элге) каршы согушпайсыңарбы? Же алардан коркосуңарбы? Эгер ишенсеңер АЛЛАХтан коркуп-тартынышыңар керек. (Тообо Сүрөсү, 13)

Бул аят Куранда согуштун өкүмүн көрсөткөн аяттардын дагы бирөөсү. Мусулмандар менен келишим түзгөн, б.а. келишим боюнча тынчтыкта жашаган бир мушрик коом келишимин бузуп, кол салып баштаганда; Пайгамбарыбызды (сав) жашаган жеринен башка бир жерге сүргүн кылууга аракет кылганда; жана аятта апачык айтылгандай согушту БИРИНЧИ БОЛУП БАШТАШКАНДА, мусулмандарга аларга каршы согушууга жол берилет.

Маида Сүрөсүнүн 33-аяты

Аллахка жана Пайгамбарына каршы согуш ачкандардын жана жер жүзүндө бузукулукка аракет кылгандардын жазасы – өлтүрүлүү, асылуу же колдору менен буттарынын кайчылаш кесилиши же (жашаган) жеринен сүрүлүү гана. Бул алардын дүйнөдөгү басмырланышы, акыретте алар үчүн чоң азап бар. (Маида Сүрөсү, 33)

Бүт согуш жөнүндөгү аяттарда өзгөчө баса белгиленген жагдайга бул аятта да көңүл бурулган. Бул жерде согушула турган элдин сыпаттары өтө терең баяндалган: Аллахка жана пайгамбарына түздөн-түз согуш ачышы жана жер жүзүндө бузукулук чыгарышы. Көрүнүп тургандай, андай адамдар мусулмандарга эле кол салып тим болбой, ошол эле учурда бүт жер жүзүндө да фитна чыгарышат. Б.а. бул аятта бүт дүйнөнүн башына балээ болгон, бүт адамдар бузуку экенин билген чектен чыккан, согушчаак бир коом айтылууда.

Мусулмандарга иш жүзүндө согуш ачкан бир коомго каршы согушканда –бүт согуштардагы сыяктуу- керек учурда өлтүрүү да, аларды турган жеринен сүрүп чыгаруу да болушу мүмкүн. Башкача айтканда, Куран аяттарында мусулмандарга кадимки шарттарда арам болгон (тыюу салынган) иштерге –адам өлтүрүү жана сүргүн кылууга- ушундай согуш учурунда гана уруксат берилген.

Анфал Сүрөсүнүн 57-аяты

Мындан улам согушта аларды кармасаң, ушундай талкала; алар менен артынан келе тургандар(ды коркутсун). Мындан сабак алышаар. (Анфал Сүрөсү, 57)

Бул аятты дагы жогоруда терең каралган жана далилдер келтирилген логиканын негизинде кароо зарыл. Пайгамбарыбызга (сав) бир катар аяттар түшүрүлгөн Медина доорунда өтө көп согуштар болгонун унутпаш керек. Ал согуштар «Алар «Раббибиз – Аллах» дегени үчүн гана адилетсиздик менен мекендеринен сүргүн кылып чыгарылышты...» (Хаж Сүрөсү, 40) деген аятта айтылгандай, мусулмандарга жасалган адилетсиз зулумдуктун натыйжасында гана келип чыккан. Ошондой эле, мусулмандар «Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса, анда Аллах силерге алардын зыянына жол бербейт.» аятына ылайык тигил тарап согушту токтоткондо, согушту токтотконго жана алардын зыянына эч нерсе жасабаганга милдеттүү.

Анфал Сүрөсүнүн 57-аятынан бир канча аят мурдасын карасак, кайра эле ошол кезде мусулмандар менен келишим түзгөн коом жөнүндө айтылганын түшүнөбүз. Коргонууга уруксат берген дээрлик бүт Куран аяттарында атайын белгиленгендей, бул коомдун да «келишимдерин бузган» жана натыйжада көп өтпөй кол салып баштаган бир коом экени айтылат.

Кайра кайра кол салган, эч бир сөздү укпаган жана дайыма түзүлгөн келишимдерге каршы чыгып, фитна чыгарган андай коомго карата сестенте турган күч көрсөтүү маанилүү. Себеби ошондо фитнаны адат кылып алган андай адамдардын фитнага күчү жетпей калат жана алардын артынан фитна чыгарууга жана кол салууга даярданган башка мушрик топтору да коркуп калышат. Бул ар түзүлгөн келишимге каршы чыгып, согуш баштаган андай адамдарга керектүү, маанилүү жана кийинки согуштарга бөгөт болуучу бир чара болуп саналат. Дүйнөнүн дээрлик бүт өлкөлөрүнүн конституциясында жана эл аралык укукта бүт жазалардын «сестентүүчү» болушуна көңүл бурулат. Максат – кылмыштын ошол эле киши же башка адамдар тарабынан жасалышына бөгөт коюу. Эл аралык укукта мындай чараларды туура көргөн жана укук мамлекеттер үчүн керектүү деп эсептегендердин Исламга келгенде муну Исламга каршы колдонууга аракет кылышы акылмандыкка, адилеттүүлүккө жатпайт.

Мухаммед Сүрөсүнүн 4-аяты

Демек, ыймансыздар менен согуш учурунда беттешкениңерде моюндарына ургула; аягында аларды «жакшылап кыйратып жеңишке жеткен соң» (туткундар үчүн) байлоону бекем кылгыла. Андан соң же берешендик кылып (аларды койо бергиле) же бир акы (алып койо бергиле). Ошентип согуш жүгүн таштасын (бүтсүн). Мына ушундай; эгер Аллах каалаганда, албетте алардан өч алмак. Бирок (согуш) силерди бир-бириңер менен сыноо үчүн. Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрдүн болсо (Аллах) эч качан кылган иштерин текке кетирбейт. (Мухаммед Сүрөсү, 4)

Башка аяттардагы сыяктуу, бул аятта да согуш шарттарына көңүл бурулган. Келишим бузулуп, мушриктер кол салууга өткөн жана ага жооп берүүдөн башка жол калган эмес. Бул аятта эл аралык согуш укугу сүрөттөлгөн. Болгондо да, эл аралык согуш укугунда иш жүзүндө жасалбаган бир иш-аракет бул жерде орун алган, жана бул аят боюнча согуш бүтөөр замат туткундар эркин койо берилет. Ал эми азыркы дүйнөдө болсо Афганистанга кийлигишүү бүткөнүнө карабастан, Гуантанамодо согуш туткундары дагы эле камакта жатышат жана БУУ, НАТО сыяктуу уюмдар муну кадыресе көрүнүш катары карашууда. Мына ушул укукту Куран туура көрбөйт. Ислам боюнча, согуш бүттү деп жарыяланышы үчүн туткундар сөзсүз эркин койо берилиши керек.

Согуш жөнүндөгү аяттардын ошол кездеги абал жана шарттарга жараша сүрөттөлгөн коргонуу согуштары экени, кол салууну баштаган зомбулукчу, фитна чыгаруучу, бузуку мушриктерге жана мүнафыктарга карата жасалганы негизи айдан ачык. Бул аяттардын маанилери өзгөртүлүп, радикалдардын жек көрүүчү саясаты үчүн колдонулушунун эң негизги себеби – бул жүздөгөн жалган хадистердин Исламга кошулушу жана бир катар тафсирчилердин (чечмелөөчү кишилердин) туура эмес көз-карашы. Куранды Исламга кийин кошулган жалган хадистерден жана ойдон чыгарылган нерселерден тазаланып, таптаза жана жарык бир мээ менен окуу керек. Ошол доордун согуш шарттарынын негизинде караганда аяттардын мааниси апачык түшүнүктүү болот.

guantanamo

Under Islamic law, war is only permissible for defensive purposes, and prisoners must be released when it is over. This is a practice not even found in the international law of war. Indeed, prisoners from past conflicts are still being kept under harsh conditions in prisons such as Guantanamo Bay.

Исламда согушка себеп жок

Исламды бир согуш дини дегендер негизи мындай көз-караштын Исламдын насааттарына толук карама-каршы келээрин түшүнүшү керек. Куранда бир тарапка кол салуу үчүн эч себеп жок. Куран демократия жана эркиндиктерди эң сонун сүрөттөйт. Демократия жана эркиндик болгон жерде болсо тигил тарап душман деп жарыяланбайт же анын оозун жабууга аракет кылынбайт. Себеби мындай шартта бүт адамдарга урмат көрсөтүлөт жана бүт адамдар эч тартынбай өз ойун айта алат. Ислам шарияты мына ушундай шартты сүрөттөйт. Ошондуктан Куранда согушка эч бир себеп жок. Бул чындыкты Куран аяттары менен түшүндүрөлү:

Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?

Согуш, күч колдонуу же кысымчылык жолу менен бир адамга Исламды кабыл алдыруу ыкмасын колдонгондор Куранга чыккынчылык кылган болот. Курандагы эң ачык өкүмдөрдүн бири – бул «динде мажбурлоо жок» өкүмү:

Динде мажбурлоо (жана кысымчылык) жок... (Бакара Сүрөсү, 256)

Бул ачык аят – Курандын өкүмү. Эч бир мусулман бул өкүмдүн сыртына чыгып, башка бирөөгө динчил болушу үчүн кысымчылык жасай албайт. Буга Куранда тыюу салынган.

Пайгамбарыбыз (сав) болгону бир насаатчы. Динди айтып берүү жана акыркы келген акыйкат дин болгон Исламды адамдарга таанытуу милдети гана жүктөлгөн. Ал доордо Ислам динин Пайгамбарыбыздын (сав) жана башка мусулмандардын оозунан уккандардын кээ бирлери ыйман кылса, кээ бирлери ыйман кылган эмес. Курандын ачык өкүмүнө ылайык Пайгамбарыбыз (сав) да, анын жанындагы мусулмандар да эч качан мажбурлоого барышкан эмес. Куранда Пайгамбарыбызга (сав) «Сен болгону бир насаатчы-бир эскертүүчүсүң. АЛАРГА «КЫСЫМ МЕНЕН БАСЫМ» ЖАСАБАЙСЫҢ» (Гашия Сүрөсү, 21-22) деп эскертилип, басым жасоого толук тыюу салынган. Куран боюнча, бүт башка мусулмандар да Исламды таанытууга милдеттүү. Бирок эч кимге «сен мусулман болосуң», «динчил болосуң» же «ибадаттарды жасайсың» деп басым жасай алышпайт. Курандын максаты – дүйнөгө сүйүү жана бейпилдик алып келүү. Ошондуктан басым жана кысымдын Куранга туура келбеши анык.

Куранда басымга апачык тыюу салынган башка кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

Жана айткын: «Акыйкат Раббиңерден; ЭМИ КААЛАГАН ЫЙМАН КЫЛСЫН (ИШЕНСИН), КААЛАГАН ЫЙМАН КЫЛБАСЫН (ИШЕНБЕСИН)... (Кехф Сүрөсү, 29)

Эгер Раббиң каалаганда, жер жүзүндөгүлөрдүн баары, чогуу ыйман кылмак. Демек, АЛАР ЫЙМАНДУУ БОЛГОНГО ЧЕЙИН АДАМДАРДЫ СЕН МАЖБУРЛАМАК БЕЛЕҢ? (Йунус Сүрөсү, 99)

Биз алардын эмне деп жатканын жакшыраак билебиз. СЕН АЛАРГА БИР МАЖБУРЛООЧУ ЭМЕССИҢ; ошондуктан, Менин анык эскертүүмдөн корккондорго Куран менен насаат бер. (Каф Сүрөсү, 45)

Эми сен насаат айтып-эскерт. Сен болгону бир насаатчы-бир эскертүүчүсүң. АЛАРДЫ МАЖБУРЛАП, БАСЫМ КӨРСӨТПӨЙСҮҢ. (Гашия Сүрөсү, 21-22)

Айткын: «Эй каапырлар. Мен силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Менин сыйынганыма силер сыйынбайсыңар. Мен да силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Силер да менин сыйынганыма сыйынбайсыңар. СИЛЕРДИН ДИНИҢЕР СИЛЕРГЕ, МЕНИН ДИНИМ МАГА.» (Кафирун Сүрөсү, 1-6)

Мажбурлоого жана басым жасоого Куранда тыюу салынгандыктан, согуш, кол салуу, душмандык жана кекенүү үчүн эч себеп калбайт. Эгер басым жасоо аркылуу динди кабыл алдырууга тыюу салынган болсо, мусулмандар мушрик коомдорду эмнеге мажбурлашат? Ошондуктан Курандагы Ислам боюнча, Исламды кабыл алдыруу эч качан согушка себеп болушу мүмкүн эмес.

Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?

Исламда ар кандай идеологияга, ар бир улутка, ар бир этникалык топко, ар бир көз-карашка, ар кандай динге урмат көрсөтүлөт. Ислам – бүт көз-караштарды тыңдаган, сөз эркиндигине болушунча жол ачылган бир дин. Ушундай демократия жана эркиндик болгон динде пикирдик кагылышуу же этникалык кагылышуу себебинен согуш болушу, албетте, мүмкүн эмес.

Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?

Жогоруда терең каралгандай, Куран боюнча, мусулман бир лидер башчылык кылган элинин арасындагы христиандарды, иудейлерди, атеисттерди, коммунисттерди, агностиктерди, буддисттердин жана ушул сыяктуу бүт башка көз-караш жана идеологияларды чогуу кучактаган бир лидер болушу керек. Сөз эркиндигин толук сакташы керек. Адамдарга толук эркиндик бериши зарыл. Эркиндик жок жерде уруштар, ызы-чуулар, акараттар жана эки жүздүү адамдар келип чыгат. Булардын баарына бөгөт коюп, Курандын талабын аткарышы керек. «Эй ыймандуулар, өзүңөрдүн, ата-энеңердин жана жакындарыңардын зыянына болсо да, Аллах үчүн күбө болуп адилеттикти сактагыла.» (Ниса Сүрөсү, 135) деген аяттын негизинде адамга, ишенимине, тамырына карабай, адилеттикти сактаганга милдеттүү. Өзүнүн зыянына болсо да.

3 din

Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?

islamofobi

The way that a faith that offers no justification for war is being portrayed as a religion of war is solely due to the practices of the peddlers of nonsense.

Исламда кантип «душман» болсун? Ислам дини – түпкүрүндө бүт адамдардын тең жана бир тууган болушу керек экенин жактаган бир дин. Ислам дини боюнча, өңү, тили, дини, расасы, өлкөсү жана социалдык абалы кандай гана болбосун, адам эң биринчиден адам болгону үчүн гана урмат көрсөтүлө турган бир жандык. Бүт акыйкат диндер кабар бергендей, бардык адамдар Аз. Адамдын (ас) балдары болгондуктан, бир тууган. Мындай бир туугандык принциби динчил болуунун бир талабы.

Ислам бир расаны жогору көргөн, адамдарды өрчүгөн жана примитивдүү (алгачкы) деп экиге бөлгөн бүт фашисттик идеология жана көз-караштарга, материалист жана дарвинист пикирлерге каршы. Ошондуктан мындай туура эмес идеологиялар себеп болгон кагылышуу, күрөш жана согуш түшүнүктөрү Исламда жок, Ислам буларга каршы илим жана акыл менен күрөш жүргүзөт.

Исламдагы ар бир адам сый-урматка татыктуу деген эреже адамдар арасындагы бүт мамилелердин да негизин түзөт. Туура эмес иштерди жасаган бир адам да Исламда дайыма жакшылыкка кайтышы ыктымалдуу бир адам катары каралат. Ошондуктан чыныгы мусулман эч кимди душман тутпайт. Ар бир мусулман башкаларга боорукер мамиле кылып, мыкты адеп-ахлакты түшүндүрүүгө милдеттүү; аны душман тутуп, жок кылууга эмес.

Куран аяттарында адамга кайрылганда жогорулук жөнүндө эч дискриминация жасалбай, «Адам балдары» деп айтылышы бүт адамдардын тең кылып жаратылганын көрсөтөт:

Ант болсун, Биз Адам баласын бийик кылдык; аларды кургактыкта жана деңизде (ар кандай унаалар менен) ташыдык, таза, мыкты нерселерден ырыскы бердик жана жараткандарыбыздын көпчүлүгүнөн жогору кылдык. (Исра Сүрөсү, 70)

Согуш үчүн эч себеп бербеген бир диндин бир согуш дининдей көрсөтүлүшү ойдон чыгарылган нерселерге ишенгендердин кылгандары себептүү гана болууда. Дүйнөдө бир катар кишилер Ислам жөнүндөгү бул нерселерди билбесе жана радикалдардын кылып жаткандарын гана көрүшсө, Ислам жөнүндө көбүнчө жаңылышышат. Радикалдуу көз-караштагы адамдардын Куранда жок, башка өкүмдөрдү жасап жатканын жана чындыгында Исламдан тышкары, башка бир динди кабыл алышканын билишпейт. Бул китепте мына ушуну көрсөтүү максат кылынган.

terörisler

VIOLENCE, HATRED AND LOVELESSNESS ARE CHARACTERISTICS OF RADICALS. THEY HAVE NO PLACE IN ISLAM.

Islam believes that all people are equal and must be brothers, and is the source of democracy and freedom.

Согушту кимдер каалайт?

Ислам атынан көп элдерге багыт берип жаткан бир катар «аалымдар» жөнүндө сөз кылганда, маанилүү бир жагдайды эске салуу керек: бир катар чөйрөлөр курал-жарак тармагынын дайыма иштеп турушун каалашат. Экономикалык кризис таасир тийгизбеген жалгыз тармак. Сунуш-талап бүтпөгөн, дайыма эң жаңылары рынокко чыгарылып турган активдүү бир тармак. Эмне үчүн активдүү? Себеби согуштар активдүү кармалат. Согуштарды активдүү кармоонун бир ыкмасы болсо төмөнкүдөй: өз динин согуш дини деп ойлогон, ошондуктан өлүүгө жана өлтүрүүгө даяр, сабатсыз бир калк массасын провокациялоо. Буга эң көп кимдин туура келээрин болжоо, албетте, кыйын эмес: Ислам атынан чыккан радикалдуу топтор.

Бир катар неокондор (неоконсерваторлор) жана Батыштагы башка Исламга каршы чыккан топтордун зомбулуктун ушундай радикалдар тарабынан дүйнөгө жайылып жатканы жөнүндөгү ойу туура. Бирок алар Усама бен Ладен сыяктуу кээ бир лидерлер жөнүндө жаңылышышат. Көбүнчө мындай калп лидерлер Ислам жана мусулмандык менен эч байланышы жок, ар кандай чалгындоо кызматтарынын контролунда даяр турган кишилер болушат. Бир жерде ызы-чуу чыгаруу керек болгондо, бир жерде согуш керек болгондо, ишке киргизилишет. Батыш өлкөлөрүнүн барларында, кафелеринде убакыт өткөрүп жүргөндө, буйрук келээр замат сакал коюп, кийими менен сөздөрүн өзгөртүп, кадимки бир Ортоңку Чыгыштык кебетесине келип, канча жылдан бери үйрөнгөн жалган ишенимдерди турмушка ашыруу үчүн ишке киришишет.

Usama Bin Ladin

Some supposed religious leaders are pawns set in motion when needed to create war and turmoil. They are supervised by various intelligence units and play a role in bringing about the war with which they are charged.

Бул нерсе дүйнөдө көп жолу жасалды. Усама бен Ладен алардын бирөөсү гана эле. Пайгамбар Мырзабыздын (сав) акыр замандагы эң чоң сүйүнчүсү болгон Аз. Мехдинин (ас) келиши жана мусулмандардын аны чындап ишенип күтүп жатканынан пайдаланышып, бир катар чөйрөлөр тарабынан Бен Ладен Аз. Мехди (ас) сыяктуу көрсөтүлдү. Көп адамдарды буга ынандырууга аракет кылышты. Бен Ладен менен башталган процесс бир эле Афганистанга эмес, бүт мусулман ааламына сокку урду. Сценарийдин эң аягында болсо Бен Ладендин өлгөн сүрөттөрү көрсөтүлмөк. Бул бүт пландын эң маңыздуу жери болмок. План боюнча, мусулман ааламы Мехдилеринин өлгөнүн көрүп, бүт күтүү жана үмүттөрүнөн айрылышмак. Бул Ислам ааламы алсызданып, мындан да көбүрөөк эзилиши үчүн түзүлгөн системалуу бир сценарий эле.

Радикалдуу көз-караштагылар мында, албетте, айыптуу, бирок аларды колдогон бир катар чөйрөлөрдү да унутпаш керек. Курал-жарак өнөр-жайы ушунчалык күчтүү жана пайдалуу болуп жатканда, согуш дайыма бирөөлөргө жагат. Согушка үгүттөлгөндөр – көбүнчө радикалдуу топтор, бирок согуш өздөрүнүн заалым кызыкчылыктары үчүн аны башкаргандарга керек. Буларды «башкаргандар» үчүн сабатсыз (караңгы), согушка даяр мындай топтор бычылган даяр кийим болуп саналат. Радикалдарды оңой гана согушка салып жибериле турган пешкадай көрүшөт.

Радикалдарды айыптаган америкалыктар же европалыктар башкаруучулардын өздөрүнүн жанында турганын унутпашы керек. Бул, албетте, радикалдуу топтордун жана ойдон чыгарылган нерселердин тузагына түшкөн жана мазхабдарга бөлүнүп, бири-бирин душман жарыялаган адамдардын күнөөсүн азайтпайт. Бирок, ошентсе да, бул маанилүү чындыкты да эске алуу керек. Өзгөчө мусулман өлкөлөрдөгү нааразылык митингдерин жана төңкөрүштөрдү апачык уюштуруп, башкарган ар кандай уюмдар бул максатын тартынбай ачык айтышууда.

usama bin ladin

“Puppet leaders are, from time to time, produced to keep war alive, and these leaders are generally selected from among radical movements.”

It is usually radical groups that are encouraged to wage war, but those who need war for their own evil ends manage them all. Ignorance is of vital importance to those “managers” in question. Ignorance gives them pawns to make use of.

Бөлүмдүн аягы:

Бул бөлүмдө Исламга каршы бир аргумент, далил сыяктуу колдонулган Курандагы согуш аяттарынын түшүндүрмөлөрүн жана чыныгы Исламда согуш жана жихад түшүнүктөрүнүн кандай экенин карадык. Кийинки бөлүмдөрдө болсо фанаттардын дининин булагы каралат. Ойдон чыгарылган хадистердин негизинде чыгарылган жаңы дин түшүнүктөрүнүн Куранга кандайча карама-каршы келээри көрсөтүлөт. Фанаттардын согушту, жек көрүүнү жана кекенүүнү каалаган дининин чыныгы Ислам дини менен эч байланышы жок экени бүт далилдери менен айтып берилет.

Айткын: «Чындык келди, жалган (батыл) жок болду. Эч күмөнсүз, жалган жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81)

boğaz köprüsü

John William Godward's oil painting “Lesbia with her Sparrow,” 1916

Айткын: «Чындык келди, жалган (батыл) жок болду.
Эч күмөнсүз, жалган жок болуучу.»
(Исра Сүрөсү, 81)