Учурда бүт дүйнө жүзү чыгыштан батышка чейин каптаган радикализм балээси менен курчалып турат. Бул көйгөйдүн биринчи белгилери пайда болгондо, көп батыштык өлкөлөр муну оңой эле чечебиз деп ойлошкон эле. Бирок андай болгон жок. Себеби радикалдуу Ислам жалган хадистер менен азыктанган бир ишеним болуп саналат. Жана Ислам өлкөлөрү менен Ислам аалымдарынын көпчүлүгү –зомбулук жана согуштарды сындаганы менен- бул жалган хадистердин тууралыгына ишенишет. Ошондуктан радикалдуу Ислам маселесин мусулман өлкөлөр менен аалымдардын чечиши кыйын.
Радикализмди чечүү үчүн колдонулган аскердик кийлигишүү ыкмасы болсо – буга чейин көп жолу колдонулуп, ар жолкусунда ийгиликсиз аяктаган, миңдеген күнөөсүздөрдү өлтүрүп, миңдеген күнөөсүздөрдү үйсүз жана өлкөсүз калтырган, өлкөлөрдү андан да чоң туруксуздуктарга түрткөн өтө алсыз жана акылсыз бир ыкма. Куралдуу радикалдардын өзгөчөлүгү – алардын жакшы жоокер болушунда эмес, туура эмес идеологияны ээрчишинде. Алардын туура эмес идеологиясына эч көңүл бөлбөй, аларды өлтүрүү аркылуу гана маселени чечүүгө аракет кылуу дүйнөнү мындан да чоң балээлерге түртүп, радикалдарды мындан да күчөтүүдөн башка эч нерсеге жарабайт. Бүгүнкү күнгө чейин дал ушундай болду.
Дээрлик бүт Ислам аймагын каптаган бул үрөй учурарлык, коркунучтуу ишеним системасын жок кылуунун ЖАЛГЫЗ жолу – бул чыныгы Ислам. Башка эч бир ынандыруу ыкмасы, эч бир курал-жарак, эч бир опуза бул маселени чече албайт. Бул маселенин чыныгы Исламдан БАШКА ЭЧ КАНДАЙ ЧЕЧҮҮ ЖОЛУ ЖОК.
Радикализмди чындап чечкиси келгендер Исламды айыптаган иш-аракеттерден, эч бүтпөгөн күмөн саноолордон алыс болуу менен биринчи кадамды жасашы керек. Куран менен сүйлөгөн инсандарды угушу зарыл. Бул инсандар менен биримдик түзүп, чындыкты жеткирүүгө салым кошушу керек. «Күчүбүз жетеби?» деп бошошуп, үмүтсүздүккө түшпөй, радикалдуу топтордун социалдык медианы гана колдонуу менен дүйнөнүн төрт бурчунда туура эмес пикирлерин жайылтып, өздөрүнө тарапкер топтоп жатканын унутпашы зарыл. Чындыктын батыраак жайылаарын унутпастан, күчтүүрөөк бир идеологиялык жайуу стратегиясын эртерээк иштеп чыгуу керек. Кайрадан эске салалы: муну ойдон чыгарылган жана негизсиз ишенимдерден тазаланган чыныгы Исламды тутунган «Куран мусулмандары» менен гана кыла алышат.
Китептин башында айтылган маанилүү бир чындыкты кайрадан эске салалы. Биз жактаган Ислам кийинчерээк заманбап абалга келтирилген же жумшартылган бир Ислам эмес (Ислам динин аруулайбыз). Биз жактаган Ислам – Курандагы жалгыз чыныгы Ислам. Дүйнө жүзү тынчтыкка жана бейпилдикке жетиши үчүн Ислам аймагынын көп бөлүгү унутуп калган бул чыныгы Исламды кайрадан орнотушубуз керек. Зомбулукка зомбулук менен жооп бергендер же радикалдардын иш-аракеттеринен улам Исламсыз бир дүйнөнү кыялдангандар дайыма радикалдарга байкабастан колдоо көрсөтүп, андан да чоң зомбулукка туш болушат. Мындай адамдар бир нерсени билиши керек; дүйнө эч качан Исламсыз болбойт. Бул дүйнөгө адамзат эңсеген сүйүү менен тынчтык Ислам менен гана келет. Бул үчүн колубузда эч өзгөрбөгөн, Исламдын Аллахтан келген акыйкат китеби Куран бар. Болгону адамдарга Куран менен таалим берүү керек.
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)