Жыйынтык

Илимпоздор күн сайын табиятта аныктаган теңдешсиз түзүлүштөр жана системалар алдында таң калууга кабылышууда жана аларга болгон таң калууларын адамзаттын пайдасына жаңы технологияларды өндүрүү үчүн колдонуу аркылуу көрсөтүшүүдө. Табияттагы кемчиликсиз системалардын, колдонулган кереметтүү ыкмалардын адамзаттын акыл жана илиминен бир топ жогору экендигин, көйгөйлөргө теңдешсиз чечүү жолдорун сунаарын байкаган илимпоздор эми жылдар бою эмгектенип чече албаган көп темаларда табияттагы долбоорлорго жардам сурап кайрылышууда. Мунун натыйжасында кыска мөөнөттө ийгиликтүү жыйынтыктарды ала алышууда. Мындан тышкары, табиятты тууроо менен бирге илимпоздор убакыт жана жумуш жагынан да, материалдык ресурстардын натыйжалуу колдонулушу жагынан да абдан маанилүү жеңиштерге жетишүүдө.

Табияттагы долбоорлордун улуулугунун кабыл алынышы менен бирге, албетте эволюционисттер жаңы бир көңүл чөгүү, жаңы бир үмүтсүздүккө кабылышты. Себеби эволюционисттердин «жандыктар убакыттын өтүшү менен жөнөкөйдөн татаалды көздөй бир өнүгүү ичинде болушат жана бул жандыктардагы долбоорлор да кокустуктун чыгармасы» деген илимге сыйбас догмаларынын жараксыз экендиги дагы бир жолу далилденди. Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө чейин долбоорлоруна таң калган, теңдешсиз чеберчилигин, илимин жана акылын суктануу менен мактаган Күчтүн кокустуктар боло албашын, булардын бир гана абдан Улуу Жаратуучубуздун чыгармасы болушу мүмкүн экендигин каалабаса да кабыл алууга мажбур болушту.

Ааламдардын Рабби болгон Аллах жандыктарда теңдешсиз кемчиликсиз системалар жаратуучу. Аллах бүт нерсени кемчиликсиз жаратуучу. Муну кабыл алгысы келбегендер акырет күнү орду толгус бир бушаймандыкка кабылышат.

Айтышты:
«Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)