6-Бөлүм: Жаныбарлардан Үйрөнгөндөрүбүз

Жаныбарлардын ар бири адамдарды таң к алтырган көптөгөн жаратылуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Кээ бирлери сууда кыймылдашын камсыз кылган эң идеалдуу калыпка (гидродинамикалык) ээ болсо, кээ бирлери биз үчүн абдан жат болгон сезимдерди колдонушат. Булардын көпчүлүгү адамдар алгачкы жолу кез келген, т.а. эми байкаган нерселер. Биомимикрия илими урматында ачылган мындай кереметтүү түзүлүштөрдүн тууралышы натыйжасында пайда болгон продукттардын келечекте жашообузда бир топ көп колдонулаары шексиз.

Акуланын Терисинен Өрнөк Алынып Жасалган Купальниктер Жана Суунун Беттик Каршылыгы

Dalgalar

1/100 секунда алтын медальды аныктаган олимпиадалык жарыштарда жарышуучулар үчүн суунун денелеринде пайда кылган сүрүлүү каршылыгы абдан маанилүү. Ошондуктан, көп сүзүүчүлөр сүрүлүү каршылыгын минимум кыла турган купальниктерди тандашууда. Бул купальниктер сүзүүчүдө болушунча көп жерди каптайт жана денеге бекем жабышат. Купальниктин кездемеси тик смола ленталары үстүнө акула терисинин өзгөчөлүктөрүнө ээ бир токуудан куралган.

Акулаларды электрондук микроскоп менен изилдешкенде анын терисинде ленталардын бар экени байкалган. Ленталар тик суу турбуленттерин же суу спиралдарын пайда кылып, сууну балыктын денесине көбүрөөк жабыштырат жана суунун сүзүүгө болгон каршылыгын азайтат. Ленталардын мындай таасири «Ribblet таасири» катары белгилүү жана бул темада НАСАнын Langley изилдөө борборунда Ribblet тери изилдөөлөрү жасалууда. Акыркы он жылдан бери бул таасир купальниктерге колдонулууда.

Жаңы жипчелер жана жаңы токуу ыкмалары менен жасалган купальниктер сүзүүчүнүн денесин ороп, сууга эң аз каршылык көрсөтө турган абалда өндүрүлүүдө. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр мындай купальниктердин башка купальник түрлөрүнө салыштырмалуу сүрүлүү каршылыгын 8%га азайтканын көрсөткөн.95

The U-shaped channels on a shark's skin generate tiny vortexes, bringing the water closer to the body and reducing drag. The large picture above shows a scanning electron microscope image of shark skin. ("Fizik, Teknoloji ve Olimpiyatlar" (Physics, Technology and Olympics), Bilim ve Teknik, 77.)93 At the Sydney Olympics, all gold-medal-winning swimmers like the Australian Ian Thorpe, wore swimsuits with the same properties as shark skin. This important development led to a new sphere of business activity. Firms such as Speedo, Nike and Adidas, well known bathing suit manufacturers, hired many experts in the fields of biomechanics and hydrodynamics.94

Америка Коргонуусунда Бир Жылан Түрлөрүн Өрнөк Алууда

Pit (пит) деп аталган оюк органдарга ээ, «Pit Viper» деп аталган жылан түрү бар. Техас университети Электр жана компьютер инженериясы бөлүмүнүн профессору Др. Джон Пирс (John Pearce) пит жыландары катары таанымал болгон «Crotaline»дерди изилдеген.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө бул жыландардын көздөрүнүн алдында жайгашкан жана көп санда нервди камтыган кичинекей чуңкурлардын жылуу кандуу олжолорунун ордун аныктоодо колдонулаары аныкталган. Пит деп аталган бул оюк (чуңкур) органдар абдан комплекстүү бир жылуулук-кабылдоочу системага ээ. Бул система ушунчалык сезгич болгондуктан, бир топ метр алыстагы чычканды чымкый караңгыда да кабылдай алат.96

Изилдөөчүлөр бул жыландын аныктоо жана жок кылуу механизминин сырларын түшүнүүгө мүмкүн болгондо, жылан колдонгон ыкмаларды өлкөнү душман ракеталарынан коргоодо бир топ кеңири масштабда пайдаланууга болоорун айтышууда. Ошондой эле, коркунучтуу милдеттерде учуу жасаган учкучтардын да душман куралдарынан качышына жардамчы боло турган системаларды иштеп чыгууга болот. Др. Джон Пирс «Аба күчтөрү биологиялык системаны туурап, жакшыраак ракета детекторун (аныктагычын) жасай алабы?» суроосун узатууда.97 Мындан тышкары, бул максатта жүргүзгөн изилдөөлөрүндө жыландын сезгичтигине жетише албай кыйналганын мындайча баяндайт:

Биз негизи жыландын органынын сезгичтигин өрнөк алуудабыз. Нерв сигналдарын өлчөй аласыз, бирок маселе бул сигналдардын эмне мааниге келгендигинде. Муну бизге айтышы үчүн сандык бир модел колдонуп жатабыз: органга тийген ультра-кызыл канчалык көп болсо, ошончолук көп нерв сигналы болууда.98

Жыландын пит органында кан-тамырлар жана нерв түйүндөрүнө бай, абдан ичке бир кабыкча бар. Илимпоздор изилдей алышы үчүн бул кабыкча жөнөткөн сигналдар токтогон бир учурду кармай алышы керек. Бирок бул кабыкча ушунчалык сезгич жана реакцияларынын түрлөрү да ушунчалык кыска болгондуктан, сигналдарды кармап, аларды изилдөө абдан оор. Пит органынын иштешин түшүнүү үчүн назик сезгич өлчөөлөрдү жана микро-графикалык сүрөттөрдү анализ кылуу керек.

Бул мисалдан да байкалгандай, табияттагы жандыктар абдан жогорку бир акыл жана технологияны көрсөтүшүүдө. Табияттагы долбоорлордон өрнөк алган изилдөөчүлөр да мунун урматында көп жылдарын ала турган долбоорлор үчүн теңдешсиз моделдерди алышууда жана кыска убакытта натыйжага жетишүүдө.

Хамелеондор Жана Түсү Каалоого Жараша Өзгөргөн Кийимдер

The technology in color-changing clothes and the chameleon's ability to change color may appear similar, but are in fact very different. Even if this technology can change color, still it entirely lacks the chameleon's camouflage ability that lets it match its surroundings in moments.

Хамелеондордун чөйрөгө жараша түстөрүн өзгөртүшү абдан таң калыштуу жана абдан кооз бир кубулуш. Хамелеон ушунчалык жогорку бир камуфляж өзгөчөлүгүнө ээ, жана анын муну жасоодогу ылдамдыгы менен адамды таң калтырат.

Хамелеон терисинин астындагы кызыл жана сары түстү алып жүрүүчүлөрүн, көк жана ак чагылтуучу катмарды жана эң маанилүүсү түсүн коюулаткан «хроматофор» клеткаларын абдан усталык менен колдоно алат.99

Мисалы, бир хамелеонду сапсары бир чөйрөгө койгонуңузда, денесинин түсүнүн да абдан бат сары түскө айланганын көрөсүз. Болгондо да хамелеон жалгыз бир түскө эмес, ала-була түстөргө да толук ылайыкташа алат. Муну кыла алышынын сыры болсо – бул камуфляж устасынын терисинин астындагы түс клеткаларынын көлөмүнүн чоңойушу жана ылдам орун которуп, чөйрөгө ыңгайлашышы.

АКШда MIT лабораторияларында хамелеондогу сыяктуу түс өзгөртүү өзгөчөлүгүнө ээ кийим, бут кийим жана сумкалар жасоону максаттаган эмгектер жасалууда. Изилденип жаткан бул технология атайын бир силикон материалдын кичинекей бир электрон жүктөлүшү менен кааланган түскө айланышын камсыздайт. Натыйжада кездеме жана ага окшош материалдан өндүрүлгөн ар түрдүү кийим буюму жана кооздук жасалгалардын бир канча секунда ичинде түс жана саймасынын өзгөрүшү мүмкүн болот. Бул жумуш үчүн кичинекей бир электрондук аппаратты колдонуу керек.

God has created the chameleon's body with a system that lets it change color to match its surroundings, endowing it with a considerable advantage. Yet the reptile itself is unaware of this ability.

Батарея менен иштеген бул аппаратка андагы бир баскыч аркылуу кааланган түстүн кодунун киргизилиши жетиштүү. Бирок бул технология учурда абдан кымбат. Мисалы, бир эркек костюмунун чыгымы 10 миң долларга жетет.100

Бирөө сизге келип бир костюм көрсөтүп, мындай десе: «Бул костюмдун түс өзгөрмөй өзгөчөлүгү бар. Бирок костюмду да, анын түс өзгөрмөй өзгөчөлүгүн да эч ким жасаган эмес. Баары өзүнөн өзү болду.»

Оюңузга эмне келээр эле? Муну айткан адамды «жинди» же «абдан сабатсыз экен» деп ойлойт болушуңуз керек. Себеби костюмду тиккен бир тигүүчүнүн жана түс өзгөрмөй өзгөчөлүгүн жасаган илимпоздордун бар экени апачык.

Андай болсо, хамелеон эч кемчиликсиз болгон мындай өзгөрүүнү кантип жасоодо? Бул иштердин баарын өзү жасап, өзгөрүүнү камсыздаган системаларды өзү долбоорлоп, денесине жайгаштырып жаткан болушу мүмкүнбү? Албетте, булардын баарын хамелеон өз эрки менен жасап жатат деп айтуу акылга сыйбайт. Бир адамдын да мындай өзгөрүүнү жасай алышы мүмкүн эмес болсо, бир сойлоочунун өз денесинин көрүнүшүн аныкташы, ал тургай көрүнүшүн өзгөртө турган бир системаны денесинин ичине жайгаштырышы эч мүмкүн эмес. Мындай жогорку бир жөндөмдү кокустан пайда болду деп айтуу да ушул сыяктуу толугу менен логикага сыйбас жана маанисиз бир догма.

Табияттагы эч бир механизм мынчалык кемчиликсиз бир жөндөмдүүлүктү пайда кылуу жана аны муктаж болгон жандыкка берүү күчүнө ээ эмес.

Хамелеондорду Аллах жараткан. Аллах жаратуу чеберчилигиндеги теңдешсиздикти бизге ушул сыяктуу мисалдар менен көрсөтүүдө. Аллах Улуу жана Күчтүү.

Асмандарда жана жердегилердин баары Аллахты тасбих кылышууда. Ал – Улуу жана Күчтүү (Азиз), өкүм жана хикмат ээси. Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Хадид Сүрөсү, 1-2)

515 Миллион Жаштагы Оптикалык Долбоор

АКШнын атактуу илимий журналдарынан New Scientist'те жарык көргөн бир макалада бир илимпоздун бир музейге болгон зияраты учурунда 515 миллион жылдан бери бир янтарь ичинде сакталып, бүгүнкү күнгө чейин жеткен бир чымын фоссилин изилдөө мүмкүнчүлүгүнө жеткени жөнүндө сөз болот. Бул илимпоз чымындын көздөрүндөгү бал челегине окшош түзүлүштөрдү жана бул түзүлүштөр урматында өзгөчө ийилген бурчтардагы нурду жакшыраак кабылдаганын байкаган. Андан кийин жасалган изилдөөлөрдө бул гипотеза тастыкталган.

Илимпоздор учурда мындай ачылыштар урматында спутниктерди энергия менен камсыздоо үчүн колдонулган күн панелдеринен бир топ көп натыйжа алууга шарт түзүштү. Себеби күн панелдеринде эң көп натыйжа панелдер жылуулук жана нур толкундарын эч чагылтпаганда алына алат. Чымындын карегин изилдеген илимпоздор жаңы бир анти-рефлектор заттын бар экенин аныкташкан. Нурдун чагылышына тоскоол болгон бул зат күн панелдери үчүн абдан ыңгайлуу түзүлүшкө ээ жана болгондо да бул панелдерди тынымсыз күндү көздөй буруу ишин аткарган кымбат жабдыктарга болгон муктаждыкты да жок кылды.101

Космос технологиясы бул долбоорду жаңы эле таап көчүрүп (туурап) жатса, чымын бул өзгөчөлүккө миллиондогон жылдан бери ээ. Абдан кескин, көп түстүү көрүүнү камсыздаган мындай теңдешсиз долбоор чымындын канчалык улуу бир жаратылуу мисалы экенин көрсөтөт. Бирок бул мисалдар бир гана акылын колдоно алган жана жаратылган ар бир жандыктын Аллахтын башкаруусунда экенин түшүнө алган, б.а. ыйман кылган адамдар үчүн түшүнүктүү болот.

Бир аятта ушуга окшогон мисалдардын каапырлар үчүн эч мааниси жок экендиги мындайча баяндалат:

Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)

Толук Уюштурулган Бир Суу Топтоо Элементи: Стенокара Коңузу

Жандык түрлөрү аз жашаган чөл шарттарында да адамды таң калтырган долбоорлорго ээ жандыктар бар. Булардын бири стенокара коңузу. Nature журналынын 2001-жылдын 1-ноябрындагы санында жарыяланган бир кабарда Намибия чөлүндө жашаган бул коңуздун өмүр сүрүшүндө абдан маанилүү болгон сууну кантип топтоору жөнүндө сөз болгон.

Стенокара коңузунун суу топтоо системасы негизи жонунун атайын долбооруна таянат. Бул коңуздун жону көптөгөн кичинекей дөңчөлөрдөн турган бир катмарга ээ. Бул дөңчөлөрдүн араларындагы боштуктардын бети бир бал муму түрү менен капталса, дөңчөлөрдүн чокуларында бал муму жок. Бул коңуздун сууну натыйжалуу топтошуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Коңуз чөл шарттарында абада абдан сейрек болгон нымды шамалдардан бөлүп, ичет. Бул жерде бүт адамдардын көңүлүн бурган жагдай – бул Стенокара коңузунун абада учкан майда суу тамчыларын кантип бөлүп алышы жана муну чөл шарттарында кантип ишке ашырышы. Себеби суу тамчылары чөлдөгү жогорку температура жана шамалдар натыйжасында абдан бат бууланат. Оордугу дээрлик нөлгө барабар болгон мындай кичинекей суу тамчылары чөл шамалдарынын таасири менен жерге параллель учат. Коңуз муну билген сыяктуу кыймылдайт жана шамалга карата ийилген бир абалда турат жана жонундагы атайын долбоор урматында абадагы суу тамчылары жонунун төбөсүндө чогулуп, коңуздун оозун көздөй тоголонот.102

Nature журналында Стенокара коңузундагы улуу долбоор жөнүндө мындай жоромол жасалган:

Биомиметика тармагы үчүн потенциалдуу болгонуна карабастан, тамчыларды абадан бөлүп алган жана чоң тамчылар абалына алып келген бул механизм али түшүнүлө элек.103

Бул коңуздун жонунун түзүлүшү электрондук микроскоп менен изилденген жана илимпоздор коңуздардагы мындай түзүлүштөрдүн суу муздаткычтарына, суу моторлоруна жана имарат сырттарына сонун бир модел болоорун айтышкан. Мындай комплекстүү долбоорлор өзүнөн өзү же табият окуялары натыйжасында пайда боло албайт. Мынчалык кереметтүү долбоорго ээ системаны кичинекей бир коңуздун долбоорлогон болушу да, албетте, мүмкүн эмес.

100% Натыйжалуулук Менен Жарык Өндүргөн Жылдыз Курттар

Жылдыз курттар курсак бөлүгүндө жашыл-сары жарык өндүрүшөт. Жылдыз курттарда жарык өндүргөн клеткалар кычкылтек жана «люцифераз» деп аталган бир химикат менен реакцияга кирген «люциферин» аттуу бир химикатка ээ. Курт клеткаларына дем алуу түтүктөрү жардамында камсыздаган аба көлөмүн жөнгө салуу аркылуу жарыктын жанып өчүшүн башкарат. Кадимки электрдик чырактар (лампочка) 10% натыйжалуулук менен иштешет, 90%ы болсо жылуулук катары сыртка чыгат. Ал эми жылдыз курттар 100%дык бир натыйжалуулук менен жарык чыгарышат. Жылдыз курттардын мындай ийгиликтүү электр энергиясы өндүрүшү илимпоздорго өрнөк болууда.104

Жылдыз курттарды мынчалык натыйжалуу бир өндүрүш жасоого багыттаган күч кайсы күч? Эволюционисттердин ою боюнча, бул күч – аң-сезимсиз атомдор, кокустуктар же эч бир мажбурлоочу күчү болбогон сырткы факторлор. Бирок бул саналгандардын эч бири мынчалык натыйжалуу иштөөнү баштата турган күчкө ээ эмес. Аллахтын чеберчилиги теңдешсиз жана чексиз. Аллах Курандагы абдан көп аятта акылын колдонгон адамдардын жаратылган нерсе, жандыктарды ойлонуп сабак алышы керек экенин айтат. Ошондуктан адамдын милдети – бул жаратылуу кереметтери жөнүндө ойлонуу жана бир гана Аллахка багытталуу.

sonar operatörü

Чегирткелерден Жол Көйгөйүнө Чечүү Жолу!

Жыл сайын миллиондогон адамдын өмүрүнө тете болгон жол кырсыктарына чечүү жолун издеген илим дүйнөсү эми чегирткелердин бул көйгөйгө чечүү жолун суна алаарына ишенишүүдө. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө чегирткелердин миллиондордон көп болушуп топтор абалында жүргөнүнө карабастан, бири-бири менен кагылышпаары аныкталган. Чегирткелер мындай ийгиликке кантип жете алат деген суроонун жообу болсо илимпоздорго жаңы жол ачты.

Жүргүзүлгөн эксперименттерде чегирткелердин аларга келе жаткан нерсеге алгач электрондук сигнал жөнөтөөрү жана ордун аныктап ылдам өзүнүн багытын өзгөртөөрү байкалган.105 Адамдар жылдардан бери чече албаган бир темада чегирткелердин ыкмалары жол маселелерин чечүү жолу катары ишке ашырылууга аракет кылынууда. Бул жандыктар да жаратылуунун апачык далилдеринен.

Ыкчам Поезддер Үчүн Канаттуулардын Учуу Ыкмалары Өрнөк Алынууда

Жапон инженер жана илимпоздор «500 сериясы» деп аталган ыкчам поезддерди долбоорлоп жатышканда, маанилүү бир көйгөйгө кабылышкан: бийик үн (шум). Чечүү жолун канаттуулардын кемчиликсиз долбоорунан издеген Жапондор көп өтпөстөн издегенин табышкан жана аны ийгиликтүү колдонушкан.106

Бир Бай Уулунун Учушу Жана Ыкчам Поезддин Бийик Үнү

Жапондор өндүргөн ыкчам поезддерде «коопсуздук» эң маанилүү жагдайлардын бири. Экинчиси болсо Жапония айлана-чөйрө стандарттарына ыңгайлуулугу. Жапония дүйнөдөгү темир жол ишканалары арасында эң оор «добуш (шум) стандартарына» ээ. Учурда технологияларды колдонуп ылдамыраак жүрүү абдан оңой. Бирок муну менен бирге тынч (үнсүз) жол жүрүү болсо салыштырмалуу кыйын. Жапония Айлана-чөйрө министрлигинин жөнгө салуулары боюнча, калк жайгашкан борборлордо бир темир жолдун 25 метр алыстыгындагы үн деңгээли 75 децибелден жогору болбошу керек. Кызыл чыракта токтогон унаалар жашыл чыракта бирдей кыймылдаганда пайда болгон үн 80 децибелден ашпашы зарыл. Бул көрсөткүчтөр менен жасалган салыштыруу «Shinkansen» деп аталган ыкчам поезддин канчалык үнү акырын чыгышы керек экенин көрсөтүүдө.

evren

1. Owl feather
2. Serrations
3. Pantograph

Поезддин белгилүү бир ылдамдыкка жеткенге чейин чыгарган добушунун себеби дөңгөлөктөрдүн рельстер үстүндөгү кыймылы. Бирок ылдамдыгы 200 км/саат болгондо, үндүн негизги булагы поезддин абадагы кыймылы натыйжасында пайда болгон аэродинамикалык шум болуп калат.

Аэродинамикалык шумдун пайда болушундагы эң негизги фактор болсо – бул жогорудагы зымдардан ток алуу үчүн колдонулган же ток алуучулар. Кадимки колдонулган тик бурчтуу формадагы пантографтар менен шумдун азайбашын түшүнгөн инженерлер ылдам бирок үнсүз кыймылдаган жандыктарды көбүрөөк изилдеп башташкан.

Бай уулу бардык канаттуулар арасында эң добушсуз учат. Бай уулунун акырын үн менен учушунун сырларынын бири – бул канаттарындагы бүгүлүүлөр. Бай уулулардын канаттарында башка канаттууларда жок тегиз болбогон түктөр бар. Буларды көз менен да көрүүгө болот. «Аэродинамикалык үн» аба агымында пайда болгон айлампалардан келип чыгат. Айлампалар көбөйгөн сайын үн да жогорулайт. Бай уулунун канатында көптөгөн түз эмес соройгондор бар болгондуктан, чоң айлампалар ордуна кичинекей айлампалар пайда болот жана бай уулу абдан акырын үн менен учат.

Жапон инженер жана долбоорчулар толо бир бай уулуну шамал тунелинде эксперимент кылышканда, бул канаттуунун канат түзүлүшүндөгү кемчиликсиз долбоорду дагы бир жолу байкашкан. Аягында поезддин үстүндөгү үндү бай уулу ээ болгон тегиз болбогон түк принцибине окшош канат абалындагы пантографтарды колдонуу аркылуу натыйжалуу азайтууга жетише алышкан. Натыйжада Жапондор табияттан таасирленип, туураган пантографка окшош система «жумушун эң акырын үн менен жасоочу» наамына ээ болгон.107

Балыкчы Чымчыктын (Зимородок) Сууга Чумкушу Жана Ыкчам Поезддин Тунелге Кириши

To catch its prey, the kingfisher dives from low-resistance air into high-resistance water. Just as the bird's beak facilitates such a dive, it also prevents its body from harm. But the kingfisher still needs to be able to see its prey as it dives into the water. God has created the bird with a protective mechanism to protect its eyes without hindering its ability to see and seize its prey underwater. When one bears in mind the fact that underwater objects appear to be somewhere else than where they really are when one looks at them from above the water, the importance of this becomes even clearer.

Ыкчам поезд жүргөн линияда тунелдер да бар. Бул абал инженерлер үчүн дагы бир көйгөй жараткан. Поезд тунелге чоң бир ылдамдык менен киргенде аба басымы өсөт жана келип-кайткан суу толкундары сыяктуу толкундарга айланып, тунелдин аягына үн ылдамдыгы менен жетет. Чыга беришке жеткен соң толкун артка кайтат. Басымдын бир бөлүгү тунелдин чыга беришинде бош койо берилет жана кээде бир жарылуу болгондой үн чыгат.

Толкундардын басымы аба басымынын миңде биринен төмөн болгондуктан, «микро басым толкундары» деп аталат. Толкундардын пайда болушу болсо сүрөттөгү сыяктуу.

Басым толкунунун таасиринен пайда болгон добуш адамдардын бейпилдигин буза турганчалык катуу чыгат. Тунелдерди абдан кенен жасоо менен мындай добушту азайтууга болот, бирок тунелдердин туурасын чоңойтуу оор жана чыгымы да көп.

Инженерлер бул көйгөйдү поезддин туурасын азайтып, мурун тарабын сүйрү жана жылмакай кылуу менен чечүүгө болот деген ойго келишкен. Бир эксперимент поездине бул пикирлерин жасашкан, бирок бул экспериментте поезд себеп болгон микробасым толкундарын жок кыла алышкан эмес.

Табиятта ушуга окшош абалдар болушу мүмкүн деп ойлогон инженер жана долбоорчулардын эсине «балыкчы чымчык» аттуу канаттуу келген. Балыкчы чымчык да сууга чумкуп жатканда, поезд тунелге киргенде аба каршылыгы себебинен башынан өткөргөн кокус өзгөрүүлөрдөй өзгөрүүлөргө кабылат. Себеби балыкчы чымчык аңчылык кылуу үчүн каршылыгы аз болгон абадан каршылыгы көп болгон сууга чумкуйт.

Демек 300 км/саат ылдамдык менен жүргөн поезддер да балыкчы чымчыктын тушмугу сыяктуу чумкушун жеңилдеткен бир мурунга жана алдыңкы бетке ээ болушу керек.

Жапон темир жолдору техникалык изилдөө институту жана Kyushu университетинде жасалган изилдөөлөрдө тунелдин микро басымын басуу үчүн «айлампа параболоиддин» эң идеалдуу калып экендиги аныкталган. Балыкчы чымчыктын тумшугу тереңирээк изилденгенде, астыңкы жана үстүңкү тумшуктун туурасынын да кудум ушундай экендиги байкалат. Балыкчы чымчык чымчыгындагы мындай теңдешсиз долбоор жалгыз бир мисал гана. Табияттагы бардык жандыктар өмүрлөрүн улантышына шарт түзгөн кемчиликсиз долбоорлору менен адамдарга өрнөк боло турган абалда жаратылышкан.

1. Train
2. Approach
3. Tunnel

4. Compressed wave
5. Exit
6. Micro-pressure wave

Канаттуу Түктөрү Жана Өзүнөн Өзү Өзгөрүүчү Тактайлар (Доска)

Канаттуу түктөрүндөгү кератин протеини менен табигый бойок заты меланиндин биригиши жарыктын биз көрө ала турган абалда сынышын камсыздайт; түктөрдө биз көргөн ачык, коюу түстөр болсо ушул кератин протеининин жалгыз бир багытта болушунун себебинен болууда. Канаттуу түктөрүндөгү абдан жандуу түстөр түктөрдүн ушундай түзүлүштүк өзгөчөлүгүнөн келип чыгат.

Бул долбоордон таасирленген бир Жапон фирмасы кайрадан колдонууга мүмкүн болгон көрсөткүч тактайларын өндүргөн; бул тактай беттеринин UV нурлары астында түзүлүшү өзгөрүүдө. Тактай үстүнө түшкөн UV нурлары материалдын кристалдык катарын өзгөртөт жана керек болгон ишаратты көрсөтүшү үчүн белгилүү түстөрдүн «иштебешин» камсыздайт. Мындай тактайларды кайра кайра колдонууга болот же үстүнө жаңы сүрөттөрдү басууга болот. Натыйжада жаңы тактай өндүрүү чыгымынан кутулушту, ошондой эле бул өндүрүш үчүн керектүү болгон зыяндуу бойоктор колдонулбай калды.108

Көпөлөктөн Компьютерге Жол

Учурда компьютерлер жашообуздун ар бир секундасына аралашкан абалда. Үйүбүздө, жумуш ордубузда, ал тургай унааларыбызда... Күнүбүздүн жыйырма төрт саатын компьютерлерде отуруп өткөрө алабыз. Мынчалык көп колдонулган компьютерлердеги технология да күн сайын чоң ылдамдык менен өнүгүүдө. Жашоо деңгээлинин көтөрүлүшү компьютерлердин иштөө ылдамдыгынын да бат өнүгүшүн талап кылууда. Натыйжада компьютерлер күн өткөн сайын ылдамдоодо. Жаңы чыккан модельдер баш айлантуучу ылдамдыктарга оңой гана жете алууда. Компьютерлердин ылдамдыгын аныктаган чиптердин ылдамыраак болушу көбүрөөк процессти кыскараак убакытта жасай алышы дегенди билдирет. Бирок бул чиптер ылдамдаган сайын көбүрөөк электрдик энергия талап кылууда жана мындай ылдам процесстердин натыйжасында чип ашыкча ысып кетүүдө. Компьютер чипинин эрибеши үчүн болсо муздатылышы керек. Бирок колдогу желдеткичтер акыркы модель чиптерди муздатууга эми жетише албай калды. Мындай ысынуу көйгөйүнө жаңы чечүү жолун издеген чип долбоорчулары табияттан даяр чечүү жолун табышканын айтышты.

«Көпөлөк канаттары долбоорлорунда кемчиликсиз бир түзүлүштү да алып жүрөт. Tufts университетинде жүргүзүлгөн изилдөө көпөлөктүн канаттарында бир муздаткыч (салкындаткыч) системасы бар экенин аныктады. Мындай салкындаткыч системасынын компьютер чиптериндеги салкындатуу системасына салыштырмалуу бир топ жогорку өзгөчөлүккө ээ экендиги айтылууда. Бул тема менен байланыштуу Америка улуттук илимий уюмунан машина инженери Проф. Др. Питер Вонг (Peter Wong) жетектеген бир изилдөө тобу курулган.

Көпөлөктөр муздак кандуу жандыктар болгондуктан, дене температурасын эң натыйжалуу жол менен, тынымсыз жөнгө салууга мажбур. Бул абдан чоң бир көйгөй. Себеби учуп баратканда сүрүлүү натыйжасында көп өлчөмдө ысыктык пайда болот. Бул ысыктыкты ылдам муздатуу керек. Болбосо көпөлөк өмүрүн уланта албайт. Бул көйгөй кандын канаттардагы абдан ичке пленкага окшош кыртыштардан өткөрүлүшү аркылуу чечилет. Ушундайча денеде пайда болгон ысыктык жок кылынат.»109

Мындай жаңы салкындатуу ыкмасынын чип өндүрүүчүлөрдүн кызматына жарашы үчүн эмгектер улантылууда. Көпөлөктөрдөгү мындай теңдешсиз долбоордун алар алгач жаралгандан бери бар экенин унутпаш керек. Антпесе, көпөлөктөр жашай алмак эмес. Көпөлөк канаттарынын ушундай кемчиликсиз бир чечүү жолу менен бирге жаратылган болушу бизге Жаратуучубуз болгон Аллахтын улуу илим жана кудуретин көрсөтүүдө.

Бележки

92 http://www. sciam. com/2001/0601issue/0601dickinson. html; Michael Dickinson, Scientific American, Solving the Mystery of Insect Flight, June 2001

93 Bilim ve Teknik, TÜBİTAK Yayınları, No.395, Ekim 2000, s.77

94 news. bbc. co. uk/. . . /athletics-track/ newsid_935000/935260. stm

95 Bilim ve Teknik, TUBİTAK Yayınları, No.395, Ekim 2000, s.77

96http://www. utexas. edu/admin/opa/oncampus/01oc_issues/oc010627/oc_vipers. html; On Campus, Vol.28, No.08, 27 June 2001

97 http://www. utexas. edu/admin/opa/oncampus/01oc_issues/oc010627/oc_vipers. html; On Campus, Vol.28, No.08, 27 June 2001

98 http://www. utexas. edu/admin/opa/oncampus/01oc_issues/oc010627/oc_vipers. html; On Campus, Vol.28, No.08, 27 June 2001

99 International Wildlife, September-October 1992, s. 34

100 "Üzerinizdeyken isteğe göre rengi değişen elbise geliyor", Mustafa Kutlay, Hurriyet Gazetesi, 26 Aralık 2000

101 http://www. rdg. ac. uk/Biomim/00parker. htm; [Parker, A.R. , Light-reflection strategies, American Scientist (1999a) 87 (3), 248-255. ]

102 Parker, A. R. et al. Water capture by a desert beetle, Nature 414, 33-34 (2001) Brief Communications

103 Parker, A. R. et al. Water capture by a desert beetle, Nature 414, 33-34 (2001) Brief Communications

104 Stuart Blackman, BBC Wildlife, "Fatal Flasher", April 1998, vol.16, no.4, s.60

105 http://www. milliyet. com. tr/2001/07/31/yasam/yas07. html

106 http://www. wbsj. org/bird/contribution/97_910E. html

107 http://www. wbsj. org/bird/contribution/97_910E. html

108 http://www.bfi.org/trimtab/spring01/TrimtabSpring01.pdf

109 http://www.mercek.org/s2/s02.php?sayi=s2