Абдан майда-бараттарына чейин жасалган бир учак макети сатып алдыңыз дейли. Жүздөгөн кичинекей бөлүктөрдөн турган бул макетти кураштыруу үчүн кандай кыласыз? Албетте, бул үчүн эң алгач кутунун ичиндеги сүрөттөргө карап, ичиндеги кураштыруу боюнча маалыматтардан пайдаланасыз. Себеби бир макетти жасоодо монтаж буйруктарын аткаруу жасала турган жумуштун мөөнөтүн кыскартат, ал макеттин эң туура жана кемчиликсиз куралышын камсыз кылат.
![]() |
Учактын монтажы менен байланыштуу маалыматыңыз болбосо да, эгер колуңузда ага окшош бир модел бар болсо, макетти курай аласыз. Себеби сиз көргөн учак моделинин долбоору ага окшошту кураштырууда сизге маанилүү бир жол башчы болот. Ушул сыяктуу, табиятта бар болгон кемчиликсиз бир долбоорду өрнөк алуу да ага окшош функцияларга ээ бир технологиялык каражаттын долбоор жана монтажынын эң кыска жол менен жана эч кемчиликсиз ишке ашырылышын камсыздайт. Муну түшүнгөн көптөгөн илимпоз жана изилдөө-өнүктүрүү (R&D, НИОКР) адиси да ар бир изилдөөсүн жасоодон мурун мунун жандуулардагы өрнөгүн изилдешип, алардагы система жана долбоорлорду өрнөк алышып, аларды туурашууда. Б.а. илимпоздор Аллах табиятта жараткан жандууларды көрүп, анализ кылышууда жана алардан пайдалануу менен жаңы технологияларды иштеп чыгышууда.
Бул багыт жаңы бир илим тармагын пайда кылды: «биомиметика». «Табияттагы жандууларды тууроо» маанисине келген жана өзгөчө акыркы убактарда технология дүйнөсүндө көп сөз кылынган бул илим тармагы адамдарга маанилүү багыттарды ачты.
Жандуулардагы системалардын түзүлүшүн тууроо илими катары таанылган биомиметиканын ортого чыгышы учурда эволюция теориясын жактаган илимпоздор үчүн да абдан чоң бир жеңилүү болду. Себеби эволюция баскычынын эң өнүккөн жандуусу катары кабыл алынган адамдын өзүнөн примитивдүү (мурдакы, жөнөкөй) болушу керек болгон жандууларды туураганга аракет кылышы, алардан илхам алышы эволюционисттер тарабынан кабыл алынбай турган бир абал болмокчу.
Примитивдүү деп аталган жандуулардын өзгөчөлүктөрү жакшыраак өнүккөндөр тарабынан өрнөк алынып жаткан болсо, анда бул келечекте боло турган технологиялардын көпчүлүгү бул сөз жүзүндө примитивдүү жандуулардын долбоорлорунун негизинде жасалат дегенди билдирет. Бул болсо «чөйрөлөрүнө көнө албаган примитивдүү жандуулар жок болуп, калгандары өнүгөт» деген ойду жактаган эволюция теориясынын логикасына толугу менен карама-каршы келет.
Эволюция теориясынын жактоочуларын чыкпас бир айлампага камаган бул илим тармагы күн өткөн сайын өнүгүүдө жана технология дүйнөсүнө өкүмчүлүк кылууда. Бул багытта «биомимикрия» деп аталган жана «жандуулардын кыймыл-аракеттерин тууроо илими» маанисине келген жаңы дагы бир илим тармагы пайда болду.
Бул китепте биомиметика жана биомимикриянын табияттагы кемчиликсиз системаларды өрнөк алуу менен жеткен жетишкендиктер каралат. Мурда көп көңүл бурулбаган, бирок жандуулар жаратылгандан бери табиятта бар болгон теңдешсиз долбоорлор анализ кылынат. Ошол эле учурда эволюция теориясынын жактоочуларынын оозун жап кылган табияттагы абдан акылдуу механизмдердин баарынын ааламдардын Рабби болгон Аллахтын өрнөксүз жаратуу чыгармасы экендиги баяндалат.
«План (долбоорлоо)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын кемчиликсиз бир план менен жараткандыгы Раббибиз алгач план куруп (долбоорлоп), андан соң жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби болгон Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план, долбоор» жасоого муктаж эмес экендигин билүү керек. Аллахтын пландоосу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, улук.
Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын болушу үчүн бир гана «Бол!» деши жетиштүү. Аяттарда мындайча буюрулат:
Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага жалаң гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
![]() |
|
Janine M. Benyus / Biomimicry |
Биомиметика да, биомимикрия да – табияттагы моделдери анализдеп, андан соң бул долбоорлорду тууроо менен же булардан илхам алуу менен адамдардын маселелерин чечүүнү максат кылган жаңы илим тармактары.
Биомиметика – бул адамдар табияттагы системаларды тууроо аркылуу жасаган заттар, аспаптар, механизм жана системалардын баарын камтыган бир термин. Табияттагы долбоорлор өрнөк алынуу менен жасалган аспаптарга өзгөчө нанотехнология,1 робот технологиясы, жасалма мээ (AI), медицина өнөр-жайы жана аскердик каражаттар сыяктуу чөйрөлөрдө колдонуу үчүн муктаждык болууда.
Биомимикрия алгачкы жолу Монтаналык бир жазуучу жана илим изденүүчү Жанин М. Бенюз тарабынан айтылган бир түшүнүк. «Биотууроо» дегенди билдирген бул сөз кийинчерээк көп адамдар тарабынан жоромолдонгон жана иш жүзүнө ашырылган. Биомимикрия жөнүндө жасалган жоромолдордун бирөөсү мындайча:
Биомимикриянын негизги темасы – бул табияттан модель, өлчөө жана акыл катары үйрөнө турган көп нерсебиз бар экендиги. Бул изилдөөчүлөрдүн орток чекити – бул табияттагы долбоорго урмат көрсөтүшү жана адамдар кабылган көйгөйлөрдү чечүүдө буларды колдонуу менен илхам алуулары.2
Продукттун сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда табияттан пайдаланган фирмалардын бири Интерфейстин (Interface) продукт стратеги Давид Оаклей (David Oakley) болсо биотууроо жөнүндө мындай дейт:
Табият – менин жумуш жана долбоор темаларында акыл мугалимим, жашоо калыбым үчүн бир модел. Табияттын системасы миллиондогон жылдан бери иштеп келүүдө... Биотууроо – бул табияттан үйрөнүүнүн бир жолу.3
![]() |
Илимпоздор да бат тараган мындай пикирди кабыл алышып, алдыларындагы теңдешсиз жана кемчиликсиз моделдерди өрнөк алуу менен эмгектеринде жаңы күч-кубат алышты. Өзгөчө өнөр-жай тармагында табияттагы сыяктуу ылайыктуу чийки заттарды жана үнөмдүү системаларды иштеп чыгууну максат кылган илимпоздор жана изилдөөчүлөр эми баары биргеликте табиятты кантип туурай алуу жолдорун изилдешүүдө.
Табияттагы долбоорлор эң аз каражат жана энергия менен эң көп өндүрүмдүүлүккө жетиши, өзүн-өзү оңдоо өзгөчөлүктөрү, кайра иштетиле турган жана табияттын досу болушу, үнсүз иштеши, кооз, чыдамкай жана узун өмүрлүү болушу жагынан технологиялык эмгектерге өрнөк болушууда. High Country News аттуу бир гезитте биомиметикага илимий бир иш-аракет деген аныктама берилген жана мындай жоромол жасалган:
-Табигый системаларды модел алуу менен бүгүн колдонгонубуздан бир топ узун өмүрлүү технологияларды жасай алабыз.4
-Biomimicry аттуу китептин автору Жанин М. Бенюз болсо табиятта кезиккен кемчиликсиз системалар жөнүндө ой жүгүртүп, табияттагы моделдерди тууроо керек деген жыйынтыкка келген. Анын мындай көз-карашты жакташына түрткү болгон өрнөктөрдүн кээ бирлери төмөнкүлөр:
- Аары жегич канаттуунун 10 граммдан аз бир күйүүчү май менен Мексика Корфезунан өтө алышы,
- Ийнеликтердин эң мыкты вертолеттордон да жакшыраак маневр жасай алышы,
- Термит мунараларында жайгашкан температураны жөнгө салуу жана желдетүү системаларынын каражат жана энергия колдонушу жагынан адамдардын жасагандарынан жакшы болушу,
- Жарганаттын көп-жыштыктуу кабар жөнөтүүчүсүнүн адамдар жасаган радарлардан ийгиликтүү жана сезгичирээк иштеши,
- Жарык чыгарган балырлардын дене чырактарын күйгүзүү үчүн ар кандай химикаттарды бириктириши,
- Уюл балыктары жана бакалардын тоңгондон кийин кайрадан жашоого кайтуулары жана органдарынын муздан жабыркабашы,
- Хамелеондун жана сыя балыгынын жашаган чөйрөлөрүнө толук окшош абалга келе турган негизде терилеринин өңдөрүн, «саймаларын» заматта өзгөртүүлөрү,
- Аарылардын, ташбакалардын жана чымчыктардын колдорунда карталары болбостон, алыс жолго сапар кылуулары,
- Киттердин жана пингвиндердин кычкылтек түтүгүн колдонбостон сууга чөмүлүүлөрү,
-
ДНК спиралынын маалымат кампалоо сыйымдуулугу,
- Жалбырактардын фотосинтез процесси менен бир жылда 300 миллиард тонна шекер өндүрүп, дүйнөнүн эң ири химиялык процессин жасашы...
![]() |
Бул жерде болгону бир канча гана мисал берилген табияттагы таң калыштуу мындай механизм жана долбоорлор технологиянын көптөгөн тармактарын байытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Маалымат жыйнагыбыздын көбөйүшү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен бирге бул потенциал күн өткөн сайын жакшыраак көрүнүүдө.
Мисалы, 19-кылымда табиятты тууроо бир гана кооздук чөйрөсүндө жасалчу. Ошол доордун сүрөтчү жана архитекторлору табияттагы кооздуктардан таасирленип, жасаган эмгектеринде бул түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүштөрүн өрнөк алышкан эле. Бирок табияттагы долбоорлордун кереметтүүлүгү жана аларды тууроо адамдарга пайда алып келээри табияттагы механизмдердин молекулярдык деңгээлде изилденип башташы менен гана башталган. Себеби табияттагы кемчиликсиз система улам тереңирээк каралган сайын ошончолук таң калыштуу, кереметтүүлүгү өсүүдө.
Биомиметика менен жасалган каражат жана аспаптар келечекте да колдонууга боло турган түзүлүшкө ээ: жаңы солар клеткалар, өнүккөн роботтор жана космостук кемелердин каражаттары сыяктуу... Бул тараптан караганда табияттагы долбоорлор абдан алдыңкы бир технологияга жол ачууда.
![]() |
Табияттагы кемчиликсиз долбоорлор Раббибиз бизге берген абдан чоң жакшылыктар. Бул долбоорлорду тууроо жана өрнөк алуу болсо адамзатты дайыма жакшылыкка, туурага багыттай турган бир өзгөрүү болмокчу. Бирок илим чөйрөсү табияттагы долбоорлордун абдан улуу бир булак экенин жана күнүмдүк жашоодо колдонуу керек экенин акыркы жылдарда гана байкады.
Илимде кадыр-барктуу деп кабыл алынган көптөгөн басмаканалар да табияттагы улуу түзүлүштөрдөгү долбоорлордун адамдарга жол көрсөтүү жагынан өтө чоң бир булак экенин кабыл алышууда. Мисалы Nature илимий журналы бул чындыкты мындайча баяндаган:
Табияттагы механизмдер жөнүндө жасалган изилдөөлөр пилден протеинге чейин көптөгөн түзүлүштүн долбоордоочулар жана инженерлер үчүн бай бир пикир бассейнин түзөөрүн көрсөтүүдө. Болгондо да бул бассейндин тереңдигин артыруу мүмкүнчүлүгү да абдан жогору.5
Албетте, бул булакты туура колдонуу жана технологияга айлантуу адамзаттын абдан бат өнүгүшүн камсыздайт. Биомиметика тармагында адис катары таанылган Жанин М. Бенюз да табиятты туураганыбызда тамак-аш жана энергия өндүрүү, маалымат кампалоо, саламаттыкты сактоо сыяктуу көптөгөн чөйрөдө өзүбүздү өнүктүрө алаарыбызды айткан. Жанин Бенюз жалбырактардан өрнөк алып жасалган жана Күн системасы менен иштеген механизмдерди, клеткалар сыяктуу сигнал жөнөткөн компьютерлердин өндүрүшүн, седепти (перламутр – үлүл кабыктарынын (раковина) ички катуу катмары) тууроо менен жасалган бекем керамикаларды мисал катары берген.6
Байкалгандай, биомиметика төңкөрүшү күнүмдүк жашообузга жана өмүрүбүзгө терең таасир берип, адамдардын бейпилирээк жана ыңгайлуу шарттарда жашашын камсыздайт.
Учурда өнүккөн технологиянын Аллахтын жаратуу кереметтерин бир-бирден ачып жатканын жана «биомиметика» илиминдеги сыяктуу жандуулардагы кереметтүү долбоорлорду өрнөк алуу менен адамзатка кызмат кылып жатканын көрүп жатабыз. Бул темалар каралган көптөгөн илимий макалалардын бир канчасы төмөнкүлөр:
Жашоонун кереметтүү долбоорлорунан өрнөк алуу7
Биомиметика жакшыраак бир дүйнө убада кылууда8
Илим табиятты тууроодо9
Табияттагы долбоорлордон үйрөнүү10
Жашоонун долбоордогу сабактары11
Биомимикрия: көз алдыбызда жашырылган сырлар12
Биомимикрия: табият илхам берген ачылыштар13
Биомимикрия: бизди курчаган жогорку талант14
Биомиметика: табияттан жакшы дизайндар чыгаруу15
Биомиметика: табияттагы долбоорлордон материалдарды жасоо16
Инженерлер долбоор үчүн табияттан өрнөк алышууда17
Бул макалалар окулганда да илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын Аллахтын бар экендигинин далилдерин кайра кайра көрсөтүп жатканы көрүнөт.
His command when He desires a thing is just to say to it,
"Be!" and it is.
(Qur'an, 36: 82)
[God is] the Originator of the heavens and Earth.
When He decides on something, He just says to it, "Be!" and it is.
(Qur'an, 2: 117)
1 Nanoteknoloji, teknolojinin, büyüklüğü metrenin 100 milyon ile 1 milyarda biri arasında değişen malzemelerin üretimi, montajı ve kullanımı ile ilglinen bir koludur.
2 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html
3 http://www.bfi.org/trimtab/spring01/TrimtabSpring01.pdf
4 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html; Michelle Nijhuis, Hidgh Country News, July 06, 1998, Vol.30, No.13
5 Nature. 18 0cak 2001
6 http://www. biomimicry. org/faq. html
7 http://www. jehovantodistajat. fi/library/g/2000/1/22/article_01. htm
8 http://www. jehovantodistajat. fi/library/g/2000/1/22/article_01. htm)
9 Bilim ve Teknik Dergisi, Ağustos 1994, s.43
10 http://www. watchtower. org/library/g/2000/1/22/article_02. htm
11 http://www. nature. com/cgi-taf/DynaPage. taf?file=/nature/journal/v409/n6818/full/409413a0_fs. html&_UserReference=C0A804EF46B465AFF2C953AE40623B641423
12 http://www. natlogic. com/resorces/nbl/v06/n22. html
13 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html
14 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html
15 http://www. rdg. ac. uk/AcaDepts/cb/96vincent. html
16 http://www. the-scientist. com/yr1991/july/research_910708. html
17 NewYork Tımes,11 Aralık 2001