Жоктон Бар Болуу

Биз ичинде турган учу-кыйырсыз ааламдын кантип пайда болгону, кайда баратканы, ичиндеги тартип менен тең салмактуулукту сактаган мыйзамдардын кантип иштээри бүт доорлордо адамдарды кызыктырып келген. Илимпоздор, ойчулдар кылымдар бою бул темада сансыз изилдөөлөрдү жасап, көптөгөн теорияларды чыгарышкан.

20-кылымдын баштарына чейин ааламдын көлөмү чексиз, чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө тура берет деген көз-караш өкүмчүлүк кылып келди. «Статикалык аалам модели» деп аталган бул жаңылыш көз-караш боюнча, ааламдын башталышы да, аягы да жок эле.

Материалисттик философиянын да негизин түзгөн бул жаңылыштык ааламды туруктуу, стационардуу жана өзгөрүлгүс бир заттар жыйындысы деп кабыл алып, Аллахтын бар экенин акылсыздык менен четке каккан.

Материализм – «затты абсолюттук нерсе» деп санаган, «заттан башка эч нерсе жок» деген жалган бир көз-караш системасы. Тарыхы байыркы Грецияга чейин созулган, бирок өзгөчө 19-кылымда кеңири тараган бул көз-караш системасы Карл Маркстын диалектикалык материализми менен атагы чыккан.

19-кылымдагы туруктуу (статикалык) аалам модели, жогоруда айтылгандай, материалисттик философияга пайдубал болгон эле. Материалист философ Жорж Политцер бул илимге туура келбеген аалам моделине таянып «Философиянын баштапкы принциптери» аттуу китебинде «аалам жаратылган эмес» деген жаңылыш пикирди айтып, мындай деген:

Аалам жаратылган бир нерсе эмес. Эгер жаратылган болгондо, анда аалам Теңир тарабынан белгилүү бир учурда жаратылып, аалам жоктон пайда болгон болушу керек эле. Жаратууну кабыл алуу үчүн эң биринчиден аалам жок болгон бир учурдун бар экенин, анан жоктуктан бир нерсенин пайда болгонун кабыл алуу керек. Бул болсо илим кабыл албай турган нерсе.1

Политцер аалам жоктон пайда болгон эмес деген көз-карашты айтканда, 19-кылымдын статикалык аалам моделине таянган жана ошондуктан илимий көз-карашты айтып жатам деп ойлогон. Бирок 20-кылымда өнүккөн илим менен технология материалисттерге пайдубал болгон статикалык аалам модели сыяктуу примитивдүү түшүнүктөрдү тамырынан кыйраткан. Биз жашап жаткан 21-кылымда ааламдын бир башталышынын бар экени, жоктон чоң бир жарылуу менен бир кезде жаратылганы заманбап физика тарабынан көптөгөн эксперимент, байкоо жана эсептөөлөр менен далилденди.

Мындан тышкары, ааламдын материалисттер айткандай туруктуу жана стационардуу эмес экени, тескерисинче тынымсыз кыймылдап, өзгөрүп тураары, кеңейип баратканы аныкталды. Учурда бул чындыктарды бүт илим дүйнөсү кабыл алууда.

Ааламдын бир башталышынын болушу аалам жоктон бар кылынган, б.а. жаратылган деген мааниге келет. Эгер (мурда жок туруп...) жаратылган бир нерсе бар болсо, анын сөзсүз бир Жаратуучусунун да болушу керек экенин оңой эле түшүнөбүз. Жоктон пайда болуу адам акылына сыйбас бир нерсе. Ошондуктан жоктон бар кылуу (искусство эмгектери же технологиялык ачылыштар сыяктуу...) бир нерселерди бириктирип, жаңы бир нерселерди жасоодон такыр башка. Себеби жаратылган нерсенин эч өрнөгү жок кезде, ал тургай, жаратуу үчүн убакыт менен мейкиндик да жок кезде бир заматта, бир жолкуда кемчиликсиз пайда болушу – Аллахтын жаратуу далилдеринин бири.

Ааламдын жоктон пайда болушу анын жаратылгандыгынын эң чоң далили. Бул акыйкатты терең ойлонгондо, көп нерсе өзгөрөт. Адамдардын жашоонун маанисин түшүнүшүнө жана ошого жараша көз-караштарын жана максаттарын аныкташына себеп болот. Ошондуктан, тарыхта кээ бир адамдар –далилдерин даана көрсө да- толук түшүнө албаган жаратуу акыйкатын көрмөксөн болушкан. Башка адамдардын да оюн чаташтыруу максатында бир катар альтернативдүү пайда болуу теорияларын ойлоп табышкан. Бирок илимий далилдер кыска убакытта бул көз-караштарды толук кыйратты.

Эми ааламдын кантип пайда болгону жөнүндөгү илимий ачылыштарды кыскача карайлы.

Ааламдын Кеңейиши

Atom

Edwin Hubble, next to his giant telescope.

1929-жылы Калифорния Маунт-Вилсон обсерваториясында (байкоо үйүндө) америкалык астроном Эдвин Хаббл астрономия тарыхынын эң чоң ачылыштарынын бирин жасады. Хаббл ири телескобу менен асманды изилдеп жатып, жылдыздардын алыстыгына жараша кызыл түстү көздөй жылган бир нур чыгараарын аныктады. Бул ачылыш илим дүйнөсүндө чоң резонанс жаратты. Себеби белгилүү физика мыйзамы боюнча, байкоо жасалган чекитти көздөй кыймылдаган нурлардын спектри кызгылт-көк өңдү көздөй, байкоо жасалган чекиттен алыстаган нурлардын спектри болсо кызылды көздөй жылат. Хабблдын байкоолорунда болсо жылдыздардын нурларында кызылды көздөй жылуу байкалган. Б.а. жылдыздар бизден тынымсыз алыстап баратышкан эле.

Хаббл көп өтпөй дагы бир өтө маанилүү ачылыш жасады: жылдыздар менен галактикалар бизден эле эмес, бир-бирлеринен да алыстап баратышкан эле. Бүт баары бир-биринен алыстап бараткан бир аалам жөнүндө бир гана тыянак чыгарууга болот: аалам тынымсыз «кеңейип баратат».

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн ааламды үйлөп жаткан бир шардын бетине окшотууга болот. Шардын бетиндеги чекиттердин шар үйлөнгөн сайын бир-биринен алысташы сыяктуу, ааламдагы телолор да аалам кеңейген сайын бир-биринен алысташууда.

galaksilerin uzaklıkları ile kızıla kaçış oranları

Here, the difference in the remoteness of various galaxies and the extent to which they tend towards red are shown. the vertical line at the top indicates a certain point on the spectrum. in other spectra, this point tends towards the right as far as the horizontal arrows go. the tendency towards red, which is an indication of remoteness, increases as a galaxy moves farther away from the earth.

Негизи бул чындык мурда эле теориялык жактан ачылган эле. Кылымдын эң чоң илимпозу деп саналган Альберт Эйнштейн теориялык физика тармагында жасаган эсептөөлөрү менен «аалам туруктуу болушу мүмкүн эмес» деген тыянакка барган. Бирок ал доордо кеңири тараган статикалык аалам моделине карама-каршы келбеш үчүн бул ачылышын бир четке таштап койгон. Эйнштейн бул кылганын кийин «карьерамдын эң чоң катасы» деп атаган. Кийинчерээк Хабблдын байкоолору менен ааламдын кеңейип баратканы тастыкталды.

Ааламдын кеңейип бараткандыгынын ааламдын пайда болушу темасы менен кандай байланышы бар?

Аалам кеңейип бараткан болсо, демек убакыттан артты көздөй барсак ааламдын бир чекиттен башталганын көрөбүз. Жүргүзүлгөн эсептөөлөр ааламдын бүт затын ичине камтыган бул «бир чекиттин» «көлөмүнүн нөл» жана «тыгыздыгынын чексиз» болушу керектигин көрсөттү. Аалам көлөмү нөл болгон ошол чекиттин жарылышынан пайда болгон. Ааламдын башталышы болгон бул чоң жарылуу англисче мааниси менен «Big Bang» (Биг Бенг) деп аталды жана бул теория ошол ат менен эскериле баштады.

Бул жерде муну айта кетүү керек; негизи «көлөмү нөл» деген сөз мунун теориялык айтылышы. Илим адам акылына сыйбас «жоктук» түшүнүгүн «көлөмү нөл болгон чекит» деп гана сүрөттөй алууда. Чындыгында болсо «көлөмү нөл болгон бир чекит» «жоктук» деген мааниге келет. Аалам жоктуктан пайда болгон. Башкача айтканда, жаратылган.

Белгилүү болгондой, Биг Бенг теориясы башында ааламдагы бүт телолордун чогуу болгонун жана кийинчерээк бөлүнгөнүн көрсөткөн. Биг Бенг теориясы көрсөткөн бул чындык да мындан 14 кылым мурда адамдар аалам жөнүндө өтө аз нерсе билген кезде Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)

Бул аяттарда да айтылгандай, бүт нерселер, ал тургай, али жаратыла элек «асмандар менен жер» дагы бир чекитте турганда чоң жарылуу менен жаратылган жана бир-биринен бөлүнүп ааламдын азыркы абалын пайда кылышкан.

Аятта айтылган маалыматты Биг Бенг теориясына салыштырганыбызда ага толук төп келээрин көрөбүз. Бирок Биг Бенг илимий теория катары 20-кылымда гана чыгарылган.

Ааламдын кеңейиши Чоң жарылуу теориясынын, б.а. ааламдын жоктон жаратылгандыгынын эң негизги далилдеринин бири. Аалам жаратылгандан бери уланып келген бул чындык заманбап илим тарабынан ушул кылымда гана ачылганы менен, Куран бул чындыкты да мындан 14 кылым мурда кабар берген:

Биз асманды «улуу бир күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)

Bıg Bang Көптөгөн Далилдер Менен Далилденди

Atom

Research has shown that stars and galaxies move away both from us and from one another, that is, the universe expands. This suggests that when moved backwards in time, the universe proves to have started from a single point.

Апачык көрүнүп тургандай, Чоң жарылуу теориясы ааламдын «жоктон жаратылганын», б.а. Аллах тарабынан жаратылганын көрсөткөн далил эле. Ошондуктан материалисттик философияны жактаган астрономдор Биг Бенгге (Чоң жарылууга) каршы чыгып, статикалык абал теориясын сактап калууга аракет кылышты. Мындай аракеттин себеби белгилүү материалист физиктерден А. С. Эддингтондун «философиялык жактан табият бир кезде башталган деген көз-караш мага жакпайт» деген сөзүнөн түшүнүктүү болгон.2

Чоң жарылуу теориясынан тынчсыздангандардын башында астроном Сэр Фред Хойл турган. Хойл кылымдын ортолорунда «туруктуу абал» (steady-state) деген ат менен, 19-кылымдагы статикалык аалам түшүнүгүнө окшош бир теория чыгарды. Туруктуу абал теориясы «аалам чен-өлчөм жана убакыт жагынан чексиз» деп жактаган. Бирден-бир максаты материалисттик философияга колдоо көрсөтүү болгон бул теория «ааламдын башталышы бар» экенин көрсөткөн «Чоң жарылуу» теориясына толук карама-каршы эле.

Туруктуу абал теориясын жактагандар көпкө чейин Чоң жарылууга тирешишти. Бирок илим алардын зыянына иштеди.

1948-жылы Георгий Гамов Чоң жарылуу жөнүндө жаңы бир көз-караш айтып чыкты. Анын пикири боюнча, аалам Чоң жарылуу менен пайда болгон болсо, ааламда ал жарылуудан калган бир радиация да болушу керек эле. Болгондо да бул радиация ааламдын бүт тарабында бирдей болушу зарыл эле.

«Болушу керек болгон» бул далил көп өтпөй табылды.

Маанилүү Бир Далил: Космостук Фон Радиациясы

1965-жылы Арно Пензиас жана Роберт Уилсон аттуу эки изилдөөчү бул толкундарды кокустан таап алышты. «Космостук фон радиациясы» деп аталган бул радиация жергиликтүү эмес, ааламдын бүт тарабына тараган бир радиация эле. Ошентип көп убакыттан бери ааламдын бүт тарабынан бирдей өлчөмдө келген жылуулук толкунунун Чоң жарылуунун алгачкы доорлорунан калгандыгы аныкталды. Пензиас менен Уилсон бул ачылышы үчүн Нобель сыйлыгын алышты.

1989-жылга келгенде болсо Америка космосту изилдөө бөлүмү NASA Космостук фон радиациясын изилдөө үчүн космоско COBE спутнигин жөнөттү. Бул спутникке орнотулган өтө сезгич сканерлердин Пензиас менен Уилсондун өлчөөлөрүн тастыкташы сегиз мүнөткө гана созулду. COBE ааламдын башталышындагы чоң жарылуунун далилдерин тапкан эле.

Бүт доорлордун эң чоң астрономиялык ачылышы деп аталган бул ачылыш Чоң жарылуу (Big Bang) теориясынын апачык бир далили эле. COBE спутнигинин артынан космоско жөнөтүлгөн COBE 2 спутнигинин табылгалары да Чоң жарылууга таянып жасалган эсептөөлөрдү тастыктады.

Bigbang büyük patlama

Чоң жарылуунун дагы бир маанилүү далили болсо космостогу суутек жана гелий газдарынын көлөмү болду. Бүгүнкү күндө жасалган өлчөөлөр натыйжасында ааламдагы суутек-гелий газдарынын катышы Чоң жарылуудан калган суутек-гелий катышынын теориялык эсептөөлөрүнө туура келди. Эгер ааламдын бир башталышы болбогондо жана аалам түбөлүктөн бери бар болгондо, ичиндеги суутек толук күйүп бүтүп, гелийге айланып кеткен болоор эле.

Бүт мындай ачык далилдер Чоң жарылуу теориясынын илим дүйнөсүндө толук кабыл алынышына жол ачты. Чоң жарылуу модели илимдин ааламдын пайда болушу жана башталышы жөнүндө жеткен акыркы чеги эле.

Фред Хойл менен бирге көп жылдар бою туруктуу абал теориясын жактаган Деннис Сиама биринин артынан экинчиси келип, Чоң жарылууну далилдеген бүт бул далилдер алдында өздөрүнүн түшкөн абалын төмөнкүчө айтып берет:

Туруктуу абал теориясын жактагандар менен аны текшерген (тест кылган) жана менимче аны кыйратууну үмүт кылган байкоочулар арасында бир кездерде өтө күчтүү талаш бар эле. Ал кезде мен да ал талашка аралашканмын. Себеби чындык экенине ишенгеним үчүн эмес, чындык болушун каалаганым үчүн «туруктуу абал» теориясын жактагам. Теориянын жараксыздыгын көрсөткөн далилдер чыгып баштаганда Фред Хойл ал далилдерди тосуп алууда лидер ролун аткарды. Мен болсо анын жанында, бул душман далилдерге кантип жооп берүү жөнүндө ой жүгүрттүм. Бирокдалилдер чогулганда эми оюндун бүткөнү жана туруктуу абал теориясын бир тарапка таштоо керек экени белгилүү болду.3

Калифорния университетинен профессор Джордж Абель болсо «бүгүнкү колдогу далилдер ааламдын миллиарддаган жыл мурда Чоң жарылуу (Big Bang) менен башталганын көрсөтүүдө. Чоң жарылуу теориясын кабыл алуудан башка чарабыз жок» дейт. Чоң жарылуунун бул жеңиши менен бирге материалисттик философиянын пайдубалы болгон «түбөлүктүү зат» түшүнүгү да тарыхка айланды. Андай болсо, Чоң жарылуудан мурда эмне бар эле жана «жок» ааламды бул чоң жарылуу менен «бар» кылган күч эмне эле? Албетте, бул суроо Артур Эддингтон айткан материалисттер үчүн философиялык жактан жакпаган чындыкты, Жаратуучунун бар экенин жана «ааламдын жаратылганын» көрсөтүүдө. Бир кездерде атеист болуп, бирок кийин Аллахтын бар экенине ишенгенин айткан философ Энтони Флю бул жөнүндө мындай дейт:

Моюнга алуу адам маанайына жакшы таасир берет дешет. Мен да бир нерсени моюнга аламын: Big Bang (Чоң жарылуу) модели бир атеистке абдан азап берет. Себеби илим диний булактар тарабынан жакталган бир көз-карашты далилдеди: ааламдын бир башталышы бар деген көз-карашты. Ааламдын бир аягынын жана башталышынын жок экенин кабыл алганда гана ааламдын азыркы турушун абсолюттук бир жооп катары жактай алабыз. Мен дагы эле ушул жоопко ишенем, бирок муну Чоң жарылууга каршы жактоонун оңой эмес экенин моюнга алышым керек.4

Өзүнө сөзсүз атеист болуу шартын коюп албаган көп илимпоздор болсо ааламдын жаратылуусунда чексиз кудуреттүү бир Жаратуучунун бар экенин кабыл алышууда. Ал Жаратуучу затты да, убакытты да жараткан, б.а. экөөсүнөн тең көз-карандысыз бир Зат болушу керек. Белгилүү америкалык астрофизик Хью Росс муну мындайча түшүндүрөт:

Эгер убакыт менен зат жарылуу менен пайда болгон болсо, анда ааламды пайда кылган себеп ааламдагы убакыт менен мейкиндиктен толук көз-карандысыз болушу керек. Бул бизге Жаратуучунун ааламдагы бүт чен-өлчөмдөрдөн жогору экенин көрсөтөт. Ошондой эле, Жаратуучунун кээ бирлер айткандай ааламдын өзү эмес экенин жана ааламды курчап тураарын, ааламдын ичиндеги эле бир күч эместигин далилдейт.5

Зат менен убакыт бүт бул түшүнүктөрдөн көз-карандысыз, чексиз кудуреттүү бир Жаратуучу тарабынан жаратылган. Ал Жаратуучу – асмандардын жана жердин Рабби Аллах.

Космостогу Өтө Так Тең Салмактуулуктар

Чындыгында Чоң жарылуунун материалисттерге берген кыйноосу Энтони Флюнун жогорудагы моюнга алуусунун алда канча чоң. Себеби Чоң жарылуу ааламдын жоктон жаратылганын эле эмес, ошол эле учурда өтө пландуу, тартиптүү жана контрольдуу жаратылганын да көрсөтүүдө.

Чоң жарылуу ааламдын бүт заты менен энергиясын өзүнө камтыган чекиттин жарылышы жана чоң бир ылдамдык менен космоско жайылышы натыйжасында ишке ашкан. Укмуш бир ылдамдыкта бүт тарапка тараган заттан галактикалар, жылдыздар, күн, жер жана бүт асман телолорун камтыган улуу бир тең салмактуулук келип чыккан. Болгондо да, адамдар «физика мыйзамдары» деп атаган, ааламдын бүт тарабында бирдей болгон, өзгөрбөгөн мыйзамдар келип чыккан. Булардын баары Чоң жарылуудан соң улуу бир тартиптин келип чыкканын көрсөтөт.

Бирок жарылуулар тартипке алып келбейт. Биз билген бүт жарылуулар бар болгон тартипти бузуп, талкалап, жок кылышат. Мисалы, атом жана суутек бомбаларынын жарылышы, метан газынын жарылышы, вулкандык жарылуулар, табигый газдын жарылуусу, күндөгү жарылуулар... Кандай гана жарылуу болбосун, ал дайыма кыйратуучу таасир жаратат.

Эгер бир жарылуудан соң өтө пландуу бир тартип келип чыкса, мисалы жердин астындагы бир жарылуу укмуш сонун искусство чыгармаларын, чоң сарайларды, кооз имараттарды пайда кылса, анда ал жарылуунун артында бир Акыл бар, жарылуу натыйжасында тараган бүт бөлүкчөлөр чындыгында өтө контрольдуу кыймылдаган деген тыянакка барабыз.

Чоң жарылуу теориясына көп жылдар бою каршы чыккан соң катасын кабыл алган Сэр Фред Хойлдун сөздөрү муну сонун түшүндүрөт:

Чоң жарылуу (Big Bang) теориясы аалам бир чоң жарылуу менен башталган деп кабыл алат. Бирок биз билген жарылуулар затты чачыратып, тартибин бузат. Ал эми Чоң жарылуу болсо өтө табышмактуу абалда тескери бир таасир жараткан: затты бир-бири менен бириге турган жана галактикаларды пайда кыла турган кылып койгон.6

Хойл Чоң жарылуунун тартиптүүлүктү пайда кылышын парадоксалдуу көрүнүш дегенде, албетте Чоң жарылууну материалисттик бир көз-караш менен чечмелөөдө, б.а. аны «контрольсуз бир жарылуу» деп кабыл алууда. Бирок бир Жаратуучунун бар экенин кабыл албаш үчүн ушундай сөздөрдү айтуу менен чындыгында өзү парадоксалдуу абалга түшкөн. Себеби жарылуунун натыйжасында укмуш бир тартип келип чыкса, анда «контрольсуз (ээнбаш) жарылуу» көз-карашын четке кагып, жарылуунун өтө контрольдуу болгонун, б.а. ал жарылууну Улуу Аллах кылганын кабыл алуу керек болот.

Чоң жарылуудан соң ааламда келип чыккан бул укмуш тартиптин дагы бир тарабы болсо – бул «жашоого ыңгайлуу бир ааламдын» пайда болгондугу. Жашоого ыңгайлуу бир планета пайда болушу үчүн талап кылынган шарттар ушунчалык көп болгондуктан, аны кокустан пайда болгон деп кабыл алууга такыр болбойт.

Белгилүү теоретик-физик, профессор Пол Дейвис бир эле Чоң жарылуудан кийинки кеңейүү ылдамдыгынын канчалык «тактык менен жөнгө салынганын» эсептеп, таң калаарлык бир тыянакка барган. Дейвистин айтуусу боюнча, Чоң жарылуудан кийинки кеңейүү ылдамдыгы эгер миллиард жолу миллиарддан бирге эле башкача болгондо, жашоого ыңгайлуу бир жылдыз тиби пайда болмок эмес жана ааламда жашоо келип чыкмак эмес. Дейвис мындай дейт:

Эсептөөлөр ааламдын кеңейүү ылдамдыгынын өтө критикалык бир деңгээлде болгонун көрсөтүүдө. Эгер аалам бир аз жайыраак кеңейсе, тартылуу күчү себебинен өз ичине чөкмөк, эгер бир аз ылдамыраак кеңейсе космостук материал бүтүндөй чачырап кетмек. Бул эки кырсыктын арасындагы тең салмактуулук канчалык «так эсептелген» деген суроонун жообу өтө кызыктуу. Эгер жарылуу ылдамдыгы чыныгы ылдамдыгынан болгону миллиард жолу миллиарддан бирге эле башкача болгондо, бул керектүү тең салмактуулукту жок кылганга жетмек. Ошондуктан Чоң жарылуу – кандайдыр бир жөнөкөй жарылуу эмес, бүт тарабынан өтө так эсептелген жана тартипке салынган бир кубулуш.7

Чоң жарылуудан келип чыккан физика мыйзамдары арадан өткөн 15 миллиард жылдык убакыт аралыгында эч өзгөргөн эмес. Болгондо да, бул мыйзамдар ушунчалык так эсептерге таянгандыктан, азыркы чоңдугунан миллиметрге эле өзгөрсө, бүт ааламдын түзүлүшү менен тартибин жок кылганга жетиштүү болот.

Белгилүү физик, профессор Стивен Хокинг Zamanın Kısa Tarihi (Убакыттын кыскача тарыхы) аттуу китебинде ааламдагы тең салмактуулуктардын негизи биздин акылыбыздын жеткен чегинен алда канча так эсептерге жана тең салмактуулуктарга таянганын айтат. Хокинг ааламдын кеңейүү ылдамдыгы жөнүндө мындай дейт:

Ааламдын кеңейүү ылдамдыгы ушунчалык критикалык деңгээлде болгондуктан, Чоң жарылуудан кийинки биринчи секундада бул чоңдук эгер жүз миң жолу миллион жолу миллиондон бирге азыраак болгондо, аалам азыркы абалына келбей, өз ичине чөкмөк.8

Пол Дейвис болсо бул кереметтүү тактыктагы тең салмактуулук менен эсептөөлөр натыйжасында келип чыккан тыянак жөнүндө мындай дейт:

Өтө кичинекей сандык өзгөрүүлөргө сезгич ааламдын азыркы түзүлүшүнүн өтө ынталуу бир аң-сезим тарабынан жаратылганына каршы чыгуу өтө кыйын... Табияттын эң негизги тең салмактуулуктарындагы өтө так сандык тең салмактуулуктар космостук бир пландын бар экенин кабыл алууга өтө күчтүү бир далил болот.9

Бул чындык жөнүндө америкалык астрономия процессору Джордж Гринштейн болсо The Symbiotic Universe аттуу китебинде мындай деп жазат:

Далилдерди изилдеген сайын кайра кайра маанилүү бир акыйкатты көрөбүз. (Ааламдын пайда болушунда) бир табият-үстү Акыл кийлигишкен болушу керек.10

Бул Акыл – улуу күч-кудуреттүү Аллах. Аллах бүт баарын кереметтүү бир тартип менен жана кемчиликсиз бир өлчөм менен жараткан.

Заттын Жаратылуусу

Чоң жарылуудан соң заттын негизги материалы болгон атом келип чыккан. Андан соң ал атомдор чогулуп, ичинде жылдыздары менен, жери жана күнү менен ааламды пайда кылышкан. Жана андан соң кайра эле ошол атомдор дүйнөдөгү жашоону түзүшкөн. Айланада көргөн нерселериңиздин баары; денеңиз, отурган креслоңуз, колуңуздагы китеп, терезеден көрүнгөн асман, топурак, бетон, мөмө-чөмөлөр, өсүмдүктөр, бүт жандыктар жана оюңузга келген заттардын баары Чоң жарылуудан соң пайда болгон атомдордун биригишинен түзүлгөн. Бирок, албетте, булардын баары аң-сезими жок атомдордун өзүнөн-өзү биригишинен эмес, Аллахтын жаратуусу менен келип чыккан. Аллах атомдо да, атомдордон турган бүт нерселерде, б.а. бүт ааламда да укмуш бир тартипти жана кереметтүү тең салмактуулукту орноткон.

Бүт нерсенин негизги материалы болгон атом эмнеден турат жана анын түзүлүшү кандай?

Атомдордун түзүлүшүн анализ кылганда, ар биринин укмуш бир тартипте экенин көрөбүз. Жалпысынан караганда, ар бир атомдун бир ядросу, ядронун ичинде белгилүү санда протондору жана нейтрондору бар. Мындан тышкары, ядронун айланасында эч өзгөрбөс орбиталарда секундасына 1000 километр ылдамдыкта айланган электрондор бар.11 Бир атомдогу электрон менен протондордун саны дайыма бирдей болот, себеби оң заряддуу протон менен терс заряддуу электрон дайыма бир-бирин тең салмактап турат. Эгер бирөөнүн саны башкача болсо, атомдун электромагниттик тең салмактуулугу бузулгандыктан, атом деген нерсе да пайда боло албайт. Атомдун ядросу, ядронун ичиндеги протон менен нейтрондору жана айланасындагы электрондору тынымсыз айланып турат. Булар өз окторунда жана бир-биринин айланасында эч тынымсыз белгилүү ылдамдыкта айланышат. Ал ылдамдыктар да бир-бирин тең салмактап, атомдун бар болушуна шарт түзө турган чоңдукка ээ. Эч качан бир тартипсиздик, өзгөрүү, бузулуу келип чыкпайт.

Жоктуктун ичинде келип чыккан чоң бир жарылуудан соң ушунчалык тартиптүү жана тең салмактуу нерселердин пайда болушу адамды таң калтырбай койбойт. Себеби Чоң жарылуу материалист илимпоздор айткандай контрольсуз, туш келди бир жарылуу болгондо –бул негизи такыр мүмкүн эмес-, анда сөзсүз ээнбаш нерселер пайда болмок жана пайда болгон нерселердин баары өтө башаламандык менен ар тарапка чачырап кетмек.

Бирок пайда болгондон бери бүт тарапта толук тартиптүүлүк өкүмчүлүк кылып келүүдө. Мисалы, баары ар кайсы тарапта жана ар кайсы убакытта пайда болсо да, бир-бирин билгендей жана бир заводдон чыккандай болуп өтө тартиптүү атомдор келип чыккан. Алгач электрондор өздөрүнө бир ядро таап, анын айланасында айланып башташат. Анан атомдор чогулуп затты пайда кылышат жана андан соң белгилүү максатты көздөгөн буюмдар келип чыгат. Башаламан, ишке жараксыз, анормалдуу жана максатсыз нерселер болсо пайда болбойт. Эң кичинесинен эң чоңуна чейин бүт нерселер өз ордунда жана баарынын максаты бар...

Булардын баары улуу кудуреттүү Жаратуучубуз Аллахтын бар экендигинин анык далили, бүт нерсенин Ал каалагандай жана Ал каалаган убакытта пайда болгондугунун апачык көрсөткүчү. Аллах Куранда мындай деп билдирет:

Ал асмандарды жана жерди акыйкат менен жараткан. Ал «Бол» деген күнү (бүт баары) болуп калат, Анын сөзү акыйкат... (Энъам Сүрөсү, 73)

Чоң Жарылуудан Соң

Atom

The order in the structure of the atom rules the whole universe. with the atom and its particles moving in a certain order, the mountains are not scattered, lands do not break apart, the sky is not split asunder and, in short, matter is held together and is constant.

Бирок ааламдын сөзсүз бир максаты бар экенин көрсөткөн бир окуя бар; ал ааламдын кокустан ал жерде туруп калбагандыгы. Кээ бир адамдардын ою боюнча, «аалам ал жерде турат, болгону ошол.» Жөн гана ал жерде турууда. Биз болсо кокустан ошол нерсенин ичинде болуп калдык. Бул көз-караштын ааламды түшүнүшүбүздө өтө натыйжалуу болушуна же көмөкчү болооруна ишенбейм. Менимче, аалам жана анын түбүндө бүгүн али биз көп сезе элек алда канча терең нерселер жашырылган.12

Ааламдын келип чыгышы жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жасаган физик Роджер Пенроуздун жогорудагы сөздөрү өтө маанилүү. Бул сөздөрдө айтылгандай, көп адамдар аалам бүт кереметтүү тең салмактуулугу менен «жөн гана пайда болгон» жана «мен ал ааламдын ичинде жөн гана жашап жатам» деген туура эмес пикирде болушат.

Бирок учурда илим чөйрөлөрү тарабынан ааламдын пайда болуу формасы катары кабыл алынган Чоң жарылуудан соң өтө кемчиликсиз жана таң калаарлык бир тартиптин келип чыгышы негизи эч жөнөкөй көрүнүш эмес.

Кыскасы, ааламдагы кереметтүү системаны изилдегенде, ааламдын пайда болушунун жана иштешинин туш келди себептер менен түшүндүрүүгө болбой турган комплекстүү бир тартипке жана өтө так тең салмактуулуктарга таянганын көрөбүз. Апачык көрүнүп тургандай, мындай тең салмактуулук менен тартиптин чоң бир жарылуудан соң өзүнөн-өзү, кокустан келип чыгышы, такыр мүмкүн эмес. Чоң жарылуу деген бир жарылуудан соң мындай тартиптин келип чыгышы Аллахтын жаратуусу менен гана болгон.

Ааламдагы бул теңдешсиз тартип затты жоктон жараткан жана анын ар бир саамын башкарып турган чексиз илимдүү, чексиз кудуреттүү жана чексиз акылдуу бир Жаратуучубуз бар экенин дагы бир жолу далилдөөдө. Ал Жаратуучу – асмандардын, жердин жана экөөнүн арасындагы бүт нерселердин Рабби Аллах.

Бул чындыктардын баары бизге бир 19-кылым догмасы болгон материалисттик философия көз-караштарынын 20-кылымдын илими тарабынан кантип жокко чыгарылганын да көрсөтүүдө.

Учурдагы илим ааламдагы улуу тең салмактуулук менен тартипти ачып көрсөтүп, бүт нерселерди жараткан жана башкарып турган бир Жаратуучунун, б.а. Аллахтын бар экенин дагы бир жолу далилдеди.

Кылымдар бою көп адамдарды алдаган, ал тургай, бир кездерде «илимий» болуп да көрүнгөн материализм болсо «заттан башка эч нерсе жок» деп, затты жоктон жараткан жана жөнгө салган Аллахтын бар экенин акылсыздык менен четке каккан жана натыйжада чоң жаңылыштыкка түшкөн. Эми болсо акылга жана илимге туура келбеген примитивдик жана негизсиз бир ишеним катары тарыхта калат.

Bilješke

1. Georges Politzer, Felsefenin Başlangıç İlkeleri, Sosyal Yayınlar, İstanbul, 1989, s.84

2. S. Jaki, Cosmos and Creator, Regnery Gateway, Chicago, 1980, s. 54

3. Stephen Hawking, Evreni Kucaklayan Karınca, Alkım Kitapçılık ve Yayıncılık, 1993, s. 62-63.

4. Henry Margenau, Roy Abraham Vargesse, Cosmos, Bios, Theos, (La Salle IL: Open Court Publishing, 1992) s. 241

5. Hugh Ross, Cosmos and the Creator, 1993, s. 112

6. Fred Hoyle, The Intelligent Universe, 1984, s. 184-185

7. Paul Davies, Superforce: The Search for a Grand Unified Theory of Nature, 1984, s. 184

8. Stephen Hawking, A Brief History Of Time, Bantam Press, London: 1988, s. 121-125.

9. Paul Davies, God and the New Physics, New York: Simon & Schuster, 1983, s. 189

10. George Greenstein, The Symbiotic Universe, New York, 1988, s. 27

11. A Dorling Kindersley Book - The Science, Published in the United States by Dorling Kindersley Inc., s. 24.

12. Stephen Hawking, Evreni Kucaklayan Karınca, Alkım Kitapçılık ve Yayıncılık, 1993, s. 143.