1- Китеп: Илимий Далилдер Негизинде Жашоонун Жаралуу Акыйкаты

Кириш Сөз

Отурган жериңизден айланаңызды бир караңыз. Отурган бөлмөңүздөгү бүт нерсенин «жасалганын» көрөсүз. Дубалдар, төшөктөр, шып, отургуч, колуңуздагы китеп, столдун үстүндө турган чыны, санап бүткүс бардык буюмдар... Бирөөсү да өзүнөн-өзү пайда болуп бөлмөңүзгө келип калган жок. Эң жөнөкөй көрүнгөн бир килем чачысын да бирөө эмгектенип жасаган; ал чачы ал жерге өз чечими менен, кокустан келип жайгашып калган эмес.

Колуна бир китеп алган бир адам да анын бирөө тарабынан белгилүү максатта жазылганын билет. Эч качан бул китеп кокустан пайда болуп калган деген ойго келбейт. Ошол сыяктуу, бир айкелди көргөн адам анын бир чебер тарабынан жасалганынан эч күмөн санабайт. Сансыз искусство чыгармаларын өзүнөн-өзү пайда болгон деп ойлоо мындай турсун, үстү-үстүнө тизилген эки-үч кирпичтин да сөзсүз бирөөнүн белгилүү бир максатта алып келип койгонун эч ким тана албайт. Ошондуктан чоң же кичине болсун, белгилүү бир тартип бар жерде сөзсүз аны курган жана сактаган бирөө болушу керек. Бир күнү бирөө чыгып чийки темир менен көмүр кокустан болотту жасап, болот болсо кокустан Эйфель мунарасын куруп койгон десе, ал кишинин жана ага ишенгендердин акылы жайындабы деген күмөн туулбайбы?

Аллахты жокко чыгаруунун бирден-бир ыкмасы болгон эволюция теориясынын көз-карашы да мына ушундай. Эволюция теориясы боюнча, органикалык эмес молекулалар кокустан аминокислоталарды, аминокислоталар кокустан белокторду, белоктор болсо кокустан жандыктарды пайда кылган. Бирок жашоонун кокустан өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы Эйфель мунарасынын кокустан пайда болуп калышынан өтө аз бир ыктымалдыкка ээ. Себеби эң жөнөкөй бир клетка дагы адам жасаган кандайдыр бир нерседен алда канча комплекстүү.

Табияттагы кереметтүү гармония куралсыз көз менен да апачык көрүнүп турганда, бул тең салмактуулукту кокустан же өзүнөн-өзү пайда болгон деп кантип ойлогонго болот? Ар бир чекити Жаратуучунун бар экенин далилдеген ааламды өзүнөн-өзү пайда болгон деп айтуу логикасыздыктын жеткен чеги болот.

Денебизден баштап учу-кыйырсыз ааламдын эң четтерине чейин орун алган тең салмактуулуктун да бир ээси болушу керек. Бул нерселердин баарын өтө кылдат пландап пайда кылган Жаратуучу ким болду экен?

Ал ааламдын ичиндеги кандайдыр бир заттык нерсе болушу мүмкүн эмес. Себеби Ал бүт ааламдан мурда бар болгон жана бүт ааламды кийинчерээк жараткан бир эрк болушу керек. Бүт нерсе Ал себептүү бар болгон, жана Өзүнүн заты болсо түбөлүктүү, башы-аягы болбогон Улуу Жараткан...

Бар экенин акылыбыз аркылуу тапкан Жаратканды бизге дин тааныштырат. Ал бизге дин аркылуу билдиргендей, Ал – асмандарды жана жерди жоктон жараткан, Рахман жана Рахим Аллах.

Көп адамдар болсо бул акыйкаттан кабарсыз жашашат. Бирок колдорунда бул акыйкатты түшүнүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бир пейзаждын сүрөтүн көргөндө, эң алгач аны ким тартканын сурашат. Андан соң сүрөтчүнү ал эмгегинен улам өтө макташат. Бирок бүт тарапта ал сүрөттүн сансыз чыныгы көрүнүштөрүн көрүп турушуп, бүт бул сулуулуктардын жалгыз ээси Аллахты унутушат. Анын бар экенин түшүнүү үчүн көп изилдөө деле талап кылынбайт. Адам төрөлгөндөн баштап бир бөлмөдөн чыкпай жашаса, ал бөлмөдөгү сансыз далилдер да Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жетет.

Адамдын денеси канчалаган том энциклопедияга да батпай турганчалык көп санда жаратуу далилдерине толо. Абийирин колдонуп бир канча мүнөткө ойлонуу дагы Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жетет. Ааламдагы тартип Аллах тарабынан сакталып, Аллах тарабынан улантылууда.

Ой жүгүртүү керек болгон нерсе бир эле адам денеси эмес. Дүйнөдөгү ар бир миллиметр квадратта адам көргөн же көрө албаган бир жашоо өкүм сүрүүдө. Бир клеткалуу организмдерден өсүмдүктөргө, курт-кумурскалардан жаныбарларга, канаттуулардан сойлоочуларга чейин бүт жандыктар дүйнө жүзүн толук каптап турат. Колуңузга бир ууч топурак алып изилдегенде, ичинде ар кандай өзгөчөлүктөгү ар түрдүү жандыктар бар экенин көрө аласыз. Бул дем алып жаткан абаңызга да тиешелүү. Ал тургай, териңиздин бетинде балким сиз атын да эч укпаган жандыктар жашап жатышат. Бүт жандыктардын ичегилеринде тамак сиңирүүгө көмөк көрсөткөн миллиондогон бактерия же бир клеткалуу жандыктар жашайт. Ошондой эле, дүйнөдөгү жаныбарлардын саны адамдардын санынан канча эсе көп. Ага өсүмдүктөр дүйнөсүн да кошсок, дүйнөдө жашоосуз бош жер жок экенин түшүнөбүз. Миллиондогон километр квадраттык аймакты ээлеген бул жандыктардын ар биринин өзүнө тиешелүү дене системалары, жашоосу, жер жүзүндөгү тең салмактуулукка салымы сыяктуу сансыз өзгөчөлүктөрү бар. Булардын баарын себепсиз, максатсыз жана кокустан пайда болгон деп айтуу болсо акылсыздык, тантырактык гана болот. Себеби эч бир жандык өз чечими менен жана өз аракети менен жер жүзүнө келген эмес. Жана кокустук эч нерсени пайда кыла албайт.

Аллахтын бар экени жана улуулугу ааламдагы сансыз далилдерден көрүнүп турат. Негизи бул апачык чындыкты жүрөгүнөн кабыл албаган бир дагы адам жок. Бирок Куранда айтылгандай, адамдардын көпчүлүгү «абийирлери (жүрөктөрү) кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердик себебинен» (Немл Сүрөсү, 14)муну четке кагышат.

Бул китеп ушундай кишилердин кызыкчылыгыма туура келбейт деп ойлоп жүз бурган акыйкатты көрсөтүү жана алардын негизсиз көз-караштарын, акылсыз логикаларын көз алдыга тартуулоо үчүн жазылган. Бир канча ар кандай теманын каралышынын себеби ушунда.

Бул эмгекти окугандар Аллахтын бар экендигинин талашсыз далилдерин дагы бир жолу көрүп, күбө болушат;

Аллах бүт тарапты ороп курчап турат жана «акыл» муну билет.

Бүт тарапта өкүмчүлүк кылган бул тартипти жараткан да, аны дайыма сактап турган да Аллах.