Баш Сөз

Бул китептин «Аллах акыл менен таанылат» деп аталышынын маанилүү бир себеби бар. Адамдардын көпчүлүгү Аллахка ишенем, Аллахты билем дешет. Бирок чындыгында Аллахты чындап таанып түшүнө алышпайт. Ал үчүн «акылдуу» болуш керек.

Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске салуу керек: Аллахты түшүнүү, Аллахты чындап таануу үчүн акыл керек дегенде бул жерде «мээни» айтып жаткан жокпуз. Акыл менен мээ такыр башка башка эки түшүнүк. Мээ – бир адамдын биологиялык жөндөмү. Мээ көбөйбөйт да, азайбайт дагы. Акыл болсо ыймандууларга гана тиешелүү бир касиет. Аллахтан коркуп тартынган такыбалуу ыймандууларга Аллах Кабатынан чоң бир сый-жакшылык катары берилет. Акыл – Аллах чын ыкластуу кулдарына берген бир нур, бир түшүнүк. Жана адамдын такыбалыгына жараша бул түшүнүк, б.а. акыл деңгээли да жогорулайт.

Акылдуу адамдын эң негизги өзгөчөлүктөрү – бул Аллахтан коркуп тартынышы, дайыма абийирин угушу, ар бир окуяны, көргөндөрүнүн баарын Куран менен сүннөткө карап баалашы жана дайыма Аллахтын ыраазылыгын көздөшү.

Бир адам дүйнөнүн эң мээлүү, эң илимдүү, эң маданияттуу адамы болсо да, эгер мындай өзгөчөлүктөрү болбосо, «акылсыз» болот жана көп чындыктарды көрүп, түшүнө албайт.

Мээ менен акылдын арасындагы айырмага мындай мисал берүүгө болот: бир илимпоз дененин нерв системасы жөнүндө көп жылдар бою өтө терең изилдөөлөр жасаган болушу мүмкүн. Адам денесиндеги кереметтүү нерв байланыштары темасында дүйнөнүн эң илимдүү кишиси болушу да мүмкүн. Бирок эгер акылдуу эмес болсо, ал киши болгону нерв клеткалары арасындагы процесстер жөнүндө маалыматтарды билген бир адам болот. Б.а. ал билген маалыматтарынын артындагы маанилүү чындыкты түшүнө албайт. Ал эми акылдуу бир адам болсо нерв системасындагы кереметтүү өзгөчөлүктөрдү, кемчиликсиз майда-бараттарды көрүп, мынчалык укмуштуу бир түзүлүштүн сөзсүз бир улуу акылдуу Жаратуучусу болушу керек экенин түшүнөт. Мындай дейт «нерв системасын мынчалык кемчиликсиз жараткан күч – албетте, бүт жандыктардын Жаратуучусу Аллах. Жана өлүмдөн кийин акырет мекенин жаратууга да кудуреттүү.»

Бул китептеги маалыматтар Аллахтын бар экендигине акыл менен күбө болуу үчүн жазылган. Кээ бир адамдар Аллахтын бар экенине ишенишпейт, кээ бирлери болсо Аллахтын бар экенине ишенем дешет, бирок Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышпайт. Ойлонбогону жана акылын колдонбогону үчүн Аллахка анык бир илим менен ишенүүнүн талаптарын орундатышпайт. Ал эми акылдуу ыймандуулар болсо Аллахтын бар экенин жана жаратуу далилдерин акылдары менен көрүшүп, чексиз кудуреттүү Аллахтан ичи титиреп коркушат.

Аллах Куранда жаратуу далилдерин белгилеген соң буларда акылдуулар үчүн далилдер бар деп билдирет:

Силерге бир коркуу жана үмүт катары чагылганды көрсөтүшү жана асмандан суу түшүрүп өлүмүнөн соң жерди аны менен тирилтиши да Анын аяттарынан. Күмөнсүз мында акылын колдоно алган бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Рум Сүрөсү, 24)

Акылдуу Долбоор, Б.А. Жаратуу
Аллах жаратуу үчүн план түзүүгө муктаж эмес

Китепте колдонулган «долбоор, план» сөзүн туура түшүнүү өтө маанилүү. Аллахтын кемчиликсиз бир долбоор жаратканы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллахтын жаратуу үчүн эч кандай «долбоор, план» түзүүгө муктаж эмес экенин билүү керек. Аллахтын долбоорлошу менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, таза.

Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ал үчүн «Бол!» деп коюшу гана жетиштүү болот. Аяттарда мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)