2- Китеп: Жашоонун Жаратылганын Четке Кагуу Жаңылыштыгы

Эволюция Жаңылыштыгы

Эволюция теориясы – жандыктардын пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрө алуу максатында ар кандай чындыкка сыйбас божомолдорду, гипотезаларды жана ойлоп табылган сценарийлерди чыгарган бир философия жана дүйнө көз-карашы. Бул философиянын тамыры байыркы доорлорго, байыркы Грецияга чейин созулат.

Жашоонун жаратылганын, б.а. бир Жаратуучунун бар экенин четке каккан бүт атеисттик философиялар сөзсүз түз же кыйыр түрдө эволюция көз-карашын кабыл алып, жакташат. Бул бүгүнкү күндө да бүт динге каршы идеология жана системаларга тиешелүү.

Эволюционист көз-караш акыркы бир жарым кылым бою өзүнчө жарактуу, туура көрүнүү үчүн илимди жамынып келди. 19-кылымдын ортолорунда илимий бир теориядай чыгарылган, бирок жактоочулары канчалык аракет кылса да, ушул күнгө чейин эч бир илимий ачылыш же эксперимент тарабынан тастыкталган жок. Натыйжада теория өтө үмүттөнгөн «илим» күн өткөн сайын теорияны тескерисинче кыйратып отурду.

Колдонулган бүт илимий ыкмалар ар жолкусунда мындай теориянын эч чындыкка коошкон тарабы жок экенин далилдеди: лаборатория эксперименттери жана ыктымалдык эсептөөлөрү жашоону түзгөн аминокислоталардын кокустуктар натыйжасында пайда боло албашын так көрсөттү. Жандуунун эң кичинекей бөлүгү болгон клетка болсо –эволюционисттер айткандай- алгачкы жана контрольсуз дүйнө шарттарында кокустуктар натыйжасында пайда болуу мындай турсун, 20 кылымдын миллиондогон долларлык, технология керемети лабораторияларында да синтезделе алган жок. Мындан тышкары, көп жылдарга созулган палеонтологиялык изилдөөлөрдө табылган фоссилдер (жандыктардын калдыктары) арасында, эволюция теориясы айткандай, жандыктардын жөнөкөй түрлөрдөн татаал түрлөргө, акырындап эволюциялашканын көрсөтүшү керек болгон ортоңку-өткөөл формалар эч жерде кездешкен жок.

Аягында эволюционисттер болгон аракети менен эволюцияга далил топтоого аракет кылып жатып, өз колдору менен эволюция деген нерсенин жок экенин далилдешти.

Charles Darwin

Charles Darwin

Учурдагы абалы менен эволюция көз-карашын биринчи жолу чыгарган киши үйрөнчүк бир англис биолог Чарльз Дарвин болгон. Дарвин эволюционист гипотезаларын 1859-жылы чыгарган «Түрлөрдүн келип чыгышы» (The Origin of Species) аттуу китебинде айтып чыккан. Дарвин бул китебинде эч бир илимий ачылышка таянбай туруп айткандары боюнча, жашап жаткан бүт жандыктардын тамыры бир эле жана табигый тандалуу аркылуу бир-биринен келип чыгышкан. Табигый шарттарга эң жакшы ыңгайлашкандар өзгөчөлүктөрүн кийинки урпактарга өткөрүп берген, жана натыйжада мындай пайдалуу өзгөрүүлөр акырындап чогулуп, индивидди аталарынан такыр башкача бир жандыкка айландырган. Адам болсо табигый тандалуу механизминин эң өнүккөн жемиши эле. Кыскасы, бир түр башка бир түрдөн келип чыккан эле.

Дарвиндин бул фантазиялары өзгөчө белгилүү саясий жана идеологиялык көз-караштагы чөйрөлөргө өтө жакты. Теория өтө популярдуу болгон. Себеби ал доордогу илим деңгээли Дарвиндин ойлоп тапкан сценарийлеринин чындыкка сыйбастыгын көрсөтүүгө жетиштүү эмес эле. Дарвин бул көз-караштарын айтып чыккан кезде генетика, микробиология, биохимия сыяктуу илим тармактарынын эч бири жок эле. Бул илим тармактары Дарвиндин гипотезаларынан мурда ачылган болгондо, Дарвин өз теориясынын илимге такыр туура келбешин көрүп, мынчалык маанисиз бир көз-карашты айтып чыга алмак эмес. Себеби түрлөрдү аныктаган маалыматтар гендерде жазылган жана табигый тандалуу гендерди өзгөртүп, жаңы түрлөрдү пайда кыла албайт.

Австриялык ботаник Мендель 1865-жылы тукум куучулук мыйзамдарын тапты. Мендельдин кылымдын аягына чейин көп угулбаган ачылыштары 1900-жылдардын башында генетика илиминин пайда болушу менен атактуу боло баштады. Жана ошол жылдары гендер жана хромосомалардын түзүлүшү аныкталды. 1950-жылдары генетикалык маалыматты сактаган ДНК молекуласынын ачылышы болсо теорияны өтө чоң кризиске салды. Себеби ДНКдагы эбегейсиз чоң маалыматты кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт эле.

Мындай илимий жетишкендиктерден тышкары, көп жылдарга созулган казуу иштеринде жөнөкөй түрлөрдүн акырындап өнүгүп эволюциялашканын көрсөтүшү керек болгон ортоңку-өткөөл формалар да эч табыла алган жок.

Бүт бул ачылыштар илимге туура келбеши белгилүү болгон Дарвиндин теориясын тарыхтын чаң баскан шкафтарына салышы керек эле. Бирок белгилүү чөйрөлөр өжөрдүк менен теорияны кайра карап чыгууга, жаңылоого жана кандай гана болбосун илимий платформага отургузууга аракет кылышты. Бүт мындай аракеттер теориянын артында илимий эмес, идеологиялык максаттардын турганын көрсөттү.

Бул ачылыштар натыйжасында туюкка такалган теорияны кандай гана болбосун сактап калуу керек деп ишенген кээ бир чөйрөлөр эч убакыт жоготпой жаңы бир модель ойлоп табышты. Ал жаңы модельдин аты нео-дарвинизм эле. Бул көз-караш боюнча, жандыктардын гендериндеги мутация деп аталган кичине өзгөрүүлөр менен түрлөр эволюциялашып, табигый тандалуу ыкмасы менен күчтүүлөр аман калышат эле. Бирок жандыктар пайда болушу үчүн кичине өзгөрүүлөрдүн жетишсиз экени, ошондой эле, нео-дарвинизм айтып чыккан механизмдердин жараксыздыгы түшүнүктүү болгондо, эволюционисттер жаңы модельдерди изденүүнү улантышты. Жана «үзүлмө эволюция» (punctuated evolution) деп аталган жаңы бир көз-карашты, эч бир илимий жана логикалык таянычы жок бир модельди чыгарышты. Бул көз-караш боюнча, жандыктар кокустан, бир заматта, эч бир ортоңку-өткөөл формасы жок эле башка бир түргө айланып кетет. Башкача айтканда, ошол күнгө чейин эч бир эволюциялык «аталары» жок түрлөр бир заматта пайда болуп калат. Негизи бул жашоонун жаратылганын сүрөттөйт, бирок эволюционисттер муну кабыл алгылары келген жок. Бул чындыкты акылга сыйбас сценарийлер менен жашырууга аракет кылышты. Мисалы, тарыхтагы биринчи канаттууну бир сойлоочунун жумурткасынан чыккан болушу мүмкүн деп чыгышты (мунун кандайча болгонун эч ким түшүндүрө албайт). Ушул эле теория боюнча, кургактыкта жашоочу жырткыч жаныбарлар кокустан, бир заматта толугу менен өзгөрүп, чоң киттерге айланып калган болушу мүмкүн эле.

Колдогу бүт генетика, биофизика жана биохимия эрежелерине карама-каршы келген мындай көз-караштар бакалардын принцтерге айланганын айтып берген балдардын жомогунчалык гана илимий эле. Бирок нео-дарвинисттик теориянын кризиске кабылышынан азап тарткан кээ бир эволюционист палеонтологдор андан качуу үчүн нео-дарвинизмден да логикасызыраак болгон ушул теорияга жабышышты.

Бул модельдин бирден бир максаты – нео-дарвинисттик модель түшүндүрө албаган фоссил боштуктарын түшүндүрүү эле. Бирок фоссил боштуктарын «канаттуулар сойлоочулардын жумурткаларынан кокустан чыгып калган» деп же ушул сыяктуу сөздөр менен түшүндүрүүгө аракет кылуунун өзү эле бир акылсыздык. Себеби бир түр башка бир түргө эволюцияланышы үчүн генетика маалыматында өтө чоң жана пайдалуу өзгөрүү болушу керек. Бирок эч бир мутация генетикалык маалыматты өнүктүрбөйт, ага жаңы бир маалымат кошпойт. Мутациялар генетикалык маалыматтын азайышына жана бузулушуна гана себеп болот. Үзүлмө эволюциянын жактоочулары кыялданган «чоң (гросс) мутациялар» болсо генетикалык маалыматта «гросс», б.а. чоң азайууга жана бузулууга алып келет.

Үзүлмө эволюция теориясы, бир караганда эле көрүнүп тургандай, бүтүндөй ойлоп табылган кыялдар эле. Бирок ошого карабастан, эволюция жактоочулары бул теорияга маани беришти. Себеби Дарвин айткан эволюция моделинин фоссил табылгалары менен эч далилдене албашы аларды ушуга мажбурлады. Дарвин түрлөр акырындап, жай өзгөргөн деп айткан эле. Бул үчүн болсо илгери жарым канаттуу-жарым сойлоочу, жарым балык-жарым сойлоочу сыяктуу түрү суук жандыктар жашап өткөн болушу керек эле. Бирок эволюционисттердин бүт изилдөөлөрүнө жана табылган жүз миңдеген фоссилдерге карабастан, мындай «ортоңку-өткөөл формалардан» бир даана да чыккан жок.

Эволюционисттер үзүлмө эволюция моделине ушул фоссил ийгиликсиздигин жаап-жашыра алуу үмүтү менен жабышышты. Бирок, жогоруда да айтылгандай, мунун бир фантазия экени апачык эле жана кыска убакыт ичинде өзүн жок кылды. Үзүлмө эволюция модели эч качан логикалуу бир модель катары айтылып чыккан жок, баскычтуу эволюция моделине туура келбеши апачык көрүнүп турган учурларда бир качуу жолу катары гана колдонулду. Учурда эволюционисттер жандыктардагы дээрлик баары комплекстүү түзүлүштөгү –көз, канат, өпкө, мээ ж.б. сыяктуу- органдардын баскычтуу (акырындап жүргөн) эволюция моделин жокко чыгараарын көрүшкөндүктөн, бул темаларда үзүлмө эволюция моделинин фантастикалуу түшүндүрмөлөрүнө качууга мажбур болушууда.

Эволюция Теориясын Тастыктаган Бир Дагы Фоссил Жок

Эволюция теориясы бир түр башка бир түргө миллиондогон жылдык убакыт ичинде акырындап жана этап этабы менен айланган дейт. Бул көз-караш болсо мындай өткөөл периоддо «ортоңку-өткөөл форма» деп аталган түрү суук жандыктардын жашап өткөн болушун талап кылат. Эволюционисттер бүт жандыктарды этап этабы менен бир-биринен келип чыккан дешкендиктен, мындай ортоңку-өткөөл формалардын түрлөрү жана саны миллиондогон болушу керек.

Эгер чындап мындай жандыктар жашаган болсо, фоссилдерден алардын калдыктары да табылышы зарыл. Себеби бул гипотеза боюнча, ортоңку өткөөл формалардын саны бүгүн жашап жаткан жаныбар түрлөрүнөн да көп болушу жана дүйнөнүн төрт тарабында фоссилдешкен абалда табылышы шарт.

Ошондуктан Дарвинден бери тынымсыз болгон аракет менен ушундай фоссилдер изделди, бирок эволюционисттердин үмүтү таш капты. Бул дүйнөдө эч жерде –бир материкте да, бир океандын түбүндө да- бир клеткалуу организмдер менен комплекстүү омурткасыздар арасындагы кандайдыр бир ортоңку өткөөл форма табыла алган жок.

Негизи Дарвин да мындай ортоңку өткөөл формалардын жок экенин билчү. Бирок ошентсе да ортоңку өткөөл формалар келечекте табылаар деп үмүттөнгөн эле. Бирок мындай үмүтүнө карабастан, теориясынын эң чоң туюгунун ушул экенин түшүнгөн. Ошондуктан мындай деп жазган:

Эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формаларга учурабай жатабыз? Эмне үчүн табият бир хаос абалында эмес, толугу менен белгиленген жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл форма болушу керек, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп катмарында көмүлүү таппай жатабыз... Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай формаларга толо эмес? Геология жакшы даражаландырылган бир процессти көрсөтбөй жатат жана балким бул менин теорияма айтыла турган эң чоң каршы чыгуу болот.55

Дарвиндин мындай тынчсыздануусунун жөнү бар эле. Себеби эволюционисттердин бүт үмүт жана аракеттерине карабастан, Дарвин убагында да, Дарвинден бери да дүйнөнүн эч бир жеринен –бир материктен да, океандын түбүнөн да- мындай ортоңку өткөөл формалар табылган жок. Белгилүү англис палеонтолог (фоссил изилдөөчү) Дерек Эйджер өзү эволюционист болсо да бул чындыкты төмөнкүчө мойнуна алат:

Көйгөйүбүз мындай: фоссилдерди жакшылап анализдегенде, түрлөр же класстар деңгээлинде болсун, дайыма бир эле чындыкты көрөбүз; баскычтуу эволюция менен өнүккөн эмес, бир заматта жер жүзүндө пайда болгон топторду көрөбүз.56

Фоссилдердеги мындай боштукту жетиштүү санда фоссил табылган жок жана бир күнү изделген фоссилдер табылып калаар дегендей сооротуу менен түшүрдүрүүгө да болбойт. Дагы бир эволюционист палеонтолог Т. Н. Джордж мунун себебин төмөнкүдөй түшүндүрөт:

Фоссилдердин (эволюциялык) алсыздыгын жойо турган бир жооп айтуу эми мүмкүн эмес. Себеби колубуздагы фоссилдер өтө көп жана жаңы ачылыштар менен жаңы түрлөрдүн табылышы мүмкүн эместей көрүнүүдө... Канчалаган фоссилдер табылса да, фоссилдер дагы эле (түрлөр арасы) боштуктардан турууну улантууда.57

Бүгүнкү күнгө чейин жасалган казуу иштеринде 100 миллиондон ашуун фоссил табылды. Ал фоссилдердин баары толук кандуу, кемчиликсиз жандыктарга тиешелүү. 100 миллион фоссилдин арасында жандык түрлөрүнүн этап этабы менен бир-биринен келип чыкканын, б.а. эволюциялашканын көрсөткөн бир дагы фоссил жок. 100 миллиондон ашык фоссил жашоонун жаратылгандыгынын талашсыз бир чындык экенин көрсөтүп, эволюциянын илимге сыйбас бир жомок экенин дагы бир жолу далилдөөдө.

hamamböceği ve trilobit fosili

The theory of evolution claims that species continously evolve into other species. However, when we compare living things to their fossils, we see that they have remained unchaged for millions of years.

A 320-million-year-old cockroach fossil (left).

A 360-million-year-old trilobite fossil (below).

Жер Жүзүндө Жашоо Бир Заматта, Бүт Түрлөрү Менен Бирге Пайда Болгон

Жер жүзүнүн катмарлары менен фоссилдер анализ кылынганда, жашоонун бир заматта пайда болгону көрүлөт. Тирүү жандыктардын фоссилдери табылган эң терең жер жүзү катмары 530-520 миллион жашта деп эсептелген «кембрий» катмары.

Кембрий дооруна тиешелүү катмарларда табылган жандыктар эч кандай эволюциялык аталарысыз бир заматта фоссилдерде кездешип башташат. Комплекстүү жандыктардан турган өтө көп жандык түрлөрү таң калыштуу абалда бир заматта пайда болушкан. Ошондуктан геологиялык булактарда бул кереметтүү окуя «кембрий жарылуусу» деп аталат.

Бул катмардагы жандыктардын көпчүлүгүндө көз сыяктуу өтө өнүккөн органдар же бакалоор системасы, кан айлануу сыяктуу татаал организмдерде кездешкен системалар болгон. Фоссилдерде бул жандыктардын аталары болгондугу жөнүндө эч кандай белги жок. Earth Sciences журналынын редактору Ричард Монестарски тирүү жандыктардын бир заматта пайда болгонун мындайча айткан:

Бүгүн биз көрүп жаткан өтө комплекстүү жаныбар формалары бир заматта пайда болушкан. Ал учур кембрий доорунун башына туура келет; деңиздер менен жер жүзүнүн алгачкы комплекстүү жандыктарга толушу ошол эволюциялык жарылуу менен башталган. Бүгүн дүйнөнүн бүт тарабына тараган жандык типтери кембрий доорунун башында эле болгон жана азыркыдай бир-биринен өтө айырмалуу болушкан.58

Archaeopteryx fosili Coelacanth balığı fosili

The Most Cherished Pieces of Evidence of Evolution are Proven to be Invalid

A one hundred and thirty-five million-year-old Archaeopteryx fossil, the alleged ancestor of birds, which is said to have evolved from dinosaurs (left). Research on the fossil showed it, on the contrary, to be an extinct bird that had once flown but later lost that ability.

A four hundred and ten million-year-old Coelacanth fish fossil (below). Evolutionists claimed that it was the transitional form proving the transition of this fish from water to land. the fact that more than forty living examples of this fish have been caught in the last fifty years reveals that this is still a perfectly ordinary fish and that it is still living.

Дүйнө кантип бир заматта мындай миңдеген жандык түрүнө толуп ташкан деген суроого жооп таба албаган эволюционист булактар кембрий доорунан мурдасына, ичинде жашоонун башталышы келип чыккан жана «белгисиз нерселер болгон» 20 миллион жылдык ойдон чыгарылган бир доор коюшат. Бул доор «эволюциялык боштук» деп аталат. Бирок ушул күнгө чейин эч ким бул эволюциялык боштуктун эмне экенин түшүндүрө алган жок.

1984-жылы Кытайдын Юньнань аймагынын түштүк тарабындагы Чэнду Цзянда көп санда комплекстүү омурткасыздар табылды. Алардын арасынан чыккан жана учурда тукум курут болгону белгилүү болгон трилобиттер жок дегенде учурда жашаган омурткасыздардай комплекстүү түзүлүштө эле.

Швециялык эволюционист палеонтолог Стефан Бенгтсон бул жөнүндө мындай дейт:

Эгер жандыктардын тарыхында кандайдыр бир окуя адамдын жаратылуусу мифине окшотула турган болсо, ал көп клеткалуу организмдер экологияда жана эволюцияда башкы актерго айланган океан жашоосундагы бир заматтагы (кокус) айырмалашуу доору. Дарвинди таң калтырган –жана уялткан- бул окуя бизди да дагы эле таң калтырууда.59

Ооба, чындап эле бул комплекстүү жандыктардын эч бир атасы же өткөөл формасы болбой туруп, бир заматта пайда болушу азыр да эволюционисттерди өтө таң калтырып, кыйнап келүүдө, 150 жыл мурда Дарвинди таң калтырып, кыйнаган сыяктуу. Себеби эволюционисттер 150 жылдан соң да бул табышмакка бир жооп табууда Дарвинден алга жыла алышкан жок.

Көрүнүп тургандай, фоссилдер жандыктардын эволюция айткандай жөнөкөйдөн татаалды көздөй бир процесстен өтпөй, бир заматта жана эч кемчиликсиз пайда болгонун көрсөтүүдө. Ортоңку өткөөл формалардын жоктугу кембрий дооруна гана тиешелүү жагдай эмес. Эволюционисттер айткандай, омурткасыздар-балыктар-жерде сууда жашоочулар-сойлоочулар-канаттуулар-сүт эмүүчүлөр кезеги менен алга жылган эволюция схемасын тастыктай турган бир дагы ортоңку өткөөл форма ушуга чейин табыла алган жок. Бүт жандык түрлөрү фоссилдерде бир заматта жана учурдагы кемчиликсиз көрүнүшүндө пайда болгон.

Башкача айтканда, жандыктар эволюция менен пайда болгон эмес, жаратылган.

Эволюция Көз Бойомочулуктары

Сүрөттөрдөгү алдамчылыктар

Эволюция теориясына далил издегендердин эң көп кайрылган булагы – бул фоссилдер. Көңүл коюп, эч тарапка жан тартпай анализделгенде, фоссилдердин эволюционисттер айткандын тескерисинче эволюция теориясын колдобой, кайра аны кыйратаарын көрсөтөт. Бирок фоссилдер эволюционисттер тарабынан бурмаланып жоромолдонгону жана элге бир жактуу чагылтылганы себептүү көп кишилер фоссилдер чындап эле эволюция теориясын колдойт деп ойлойт.

çizimlerdeki aldatmacalar
Yarı insan yarı maymun sahtekarlığı

Continuously running into such skilfully drawn half-man half-ape creatures in books or other publications, the public becomes convinced that man evolved from the ape or some similar creature. These drawings, however, are outright forgeries.

Фоссилдердеги кээ бир табылгалардын ар кандай чечмелөөгө ачык болушу эволюционисттердин эң ишине жараган жагдай. Табылган фоссилдер көбүнчө так бир жыйынтык айтууга жетишсиз болот. Алар кем жана чачыранды сөөк бөлүктөрүнөн турат. Ошондуктан колдогу маалыматтарды бурмалоо жана аларды каалаган багытта колдонуу өтө оңой. Эволюционисттер тарабынан фоссил калдыктарына таянып жасалган реконструкциялар (сүрөт же макеттер) толугу менен эволюционист гипотезаларды тастыктай турган багытта бурмаланып жасалат. Адамдар көргөнүнө көбүрөөк ишенгендиктен, максат аларды ойдон чыгарылып реконструкциясы жасалган жандыктардын чындап эле илгери жашап өткөнүнө ынандыруу.

Эволюционист изилдөөчүлөр көбүнчө бир тиш же бир жаак сөөгү же кол сөөгүнө таянып, адамга окшош ойдон чыгарылган жандыктарды тартышат жана аны адам эволюциясынын бир звеносу деп сенсация кылып элге жарыялашат. Мындай сүрөттөр көп адамдын оюндагы «алгачкы адамдар» имиджинин калыптанышында чоң роль ойногон.

Сөөк калдыктарына таянып жасалган мындай изилдөөлөрдө колдогу нерсенин жалпы өзгөчөлүктөрүн гана аныктоого болот. Бирок негизги сыпаттык майда-бараттар убакыт ичинде бат эле жок болуп кетчү жумшак кыртыштар болуп саналат. Ошондуктан жумшак кыртыштарды бурмалап жоромолдоо аркылуу реконструкцияны жасаган кишинин кыялдануу күчүнүн чегинде бүт баарын кылганга болот. Гарвард университетинен Эрнст А. Хутон бул жөнүндө мындай дейт:

Жумшак бөлүктөрдү кайра түзүп чыгуу өтө рисктүү иш-аракет. Эриндер, көздөр, кулактар жана мурун сыяктуу органдардын астындагы сөөк менен эч байланышы болбойт. Мисалы, бир неандерталецтин башын ушундай жол менен бир маймылга же бир философко окшотуп койсо болот. Байыркы адамдардын калдыктарына таянып жасалган сүрөттөрдүн дээрлик эч кандай илимий мааниси жок жана элди оюн бир багытка бурмалоо максатында колдонулат... Ошондуктан реконструкцияларга көп ишенбеш керек.60

Жасалма фоссил жасоо аракеттери

Эволюция теориясына фоссилдерде эч жарактуу далил таба албаган кээ бир эволюционисттер аягында өз далилдерин өздөрү ойлоп табууга киришишти. Эволюция көз бойомочулуктары деген ат менен энциклопедияларга да кирген мындай иш-аракеттер эволюция теориясынын мажбурлап сактап калууга аракет кылынган бир идеология жана жашоо философиясы экендигинин эң сонун далили. Мындай көз бойомочулуктардын эң белгилүүлөрү төмөнкүлөр:

Пилтдаун адамы көз бойомочулугу

Piltdown adamı sahtekarlığı

False fossil: Piltdown Man

Үйрөнчүк бир палеонтолог Чарльз Доусон 1912-жылы Англияда Пилтдаунга жакын бир чуңкурдан бир жаак сөөгү менен бир баш сөөгү бөлүгүн таптым деп айтып чыкты. Жаак сөөгү маймылдын жаагына окшогону менен, тиштер менен баш сөөгү адамдардыкына окшош эле. Бул мисалдар «Пилтдаун адамы» деп аталып, 500 миң жылдык деп аныкталды жана көптөгөн музейлерде адам эволюциясынын так бир далили катары көрсөтүлүп башталды. 40 жылдан ашуун убакыт бою ал жөнүндө көптөгөн илимий макалалар жазылып, жоромолдор айтылып, сүрөттөр тартылып, адамдын эволюциясына маанилүү бир далил катары көрсөтүлдү.

Бирок 1949-жылы фоссилди дагы бир жолу анализдеген адистер анын жасалма бир фоссил экенин, адамдын баш сөөгүнө бир орангутандын жаагын монтаж кылуудан келип чыкканын аныкташты.

Фтор ыкмасына таянып жасалган изилдөөлөр баш сөөгүнүн бир канча миң жылдык эле экенин көрсөттү. Орангутанга тиешелүү жаак сөөгүндөгү тиштердин болсо жасалма жол менен эскиртилгени, фоссилдердин жанынан табылган шаймандардын болот аспаптар менен жонтулган туурамчы шаймандар экени белгилүү болду. Оакли, Кларк жана Вайнер жүргүзгөн детальдуу анализдер менен бул көз бойомочулук 1953-жылы толук аныкталды. Баш сөөгү 500 жылдык бир адамга, жаак сөөгү болсо жаңы өлгөн бир маймылга тиешелүү эле. Тиштерди адамдыкындай көрсөтүү үчүн кийин атайын тизилип чыгып, бириккен жерлери да окшоштурулган эле. Андан соң бүт бөлүктөр эски көрүнүшү үчүн калий дихромат менен так түшүрүлгөн эле. Ал тактар сөөктөрдү кислотага салганда жоголуп кеткен. Көз бойомочулукту аныктаган топтон Ле Грос Кларк буга болгон таң калуусун жашыра алган эмес:

Тиштерди эскиргендей көрсөтүү үчүн жасалма өзгөртүлгөнү ушунчалык апачык көрүнүп турат; кантип бул белгилер байкалбай калган экен?61

Небраска адамы көз бойомочулугу

1922-жылы Америка табият тарыхы музейинин директору Генри Фэрфилд Осборн батыш Небраскадагы Жылан өрөөнүнө жакын жерден Плиоцен эрасына тиешелүү бир азуу тиштин фоссилин тапканын айтты. Ал тиш, анын айтуусу боюнча, адам менен маймылдын орток өзгөчөлүктөрүнө ээ эле. Өтө терең илимий талаштар башталып, кээ бирлери ал тишти питекантроп эректус десе, кээ бирлери адамга жакыныраак болгон дешкен. Чоң талаштарды жараткан бул фоссил «Небраска адамы» деп аталды. «Илимий» латынча аты да ошол замат коюлду: "Hesperopithecus Haroldcooki".

Көптөр Осборнго колдоо көрсөттү. Ошол жалгыз тишке таянып Небраска адамынын башы менен денесинин реконструкция сүрөттөрү тартылды. Ал тургай, үй-бүлөсү менен сүрөттөрү да жарыяланды.

Бирок 1927-жылы скелеттин калган бөлүктөрү да табылды. Табылган жаңы бөлүктөр ал тиштин маймылга да, адамга да тиешелүү эмес экенин көрсөттү. Тиштин Prosthennops аттуу жапайы америка доңузунун тукум курут болгон бир түрүнө тиешелүү экени аныкталды.

nebreska adamı sahtekarlığı

The above picture was drawn based on a single tooth and it was published in the Illustrated London News of 24th July 1922. However, evolutionists were extremely disappointed when it was revealed that this tooth belonged neither to an ape-like creature nor to a man, but to an extinct species of pig.

Адамдар Менен Маймылдар Орток Бир Атадан Келип Чыккан Эмес

Эволюция теориясынын илимге сыйбас көз-карашы боюнча, адамдар менен учурдагы маймылдардын аталары бир эле. Илгерки примитивдүү жандыктар убакыттын өтүшү менен эволюциялашып бир бөлүгү учурдагы маймылдарды, бир бөлүгү болсо учурдагы адамдарды пайда кылышкан.

Маймылдар менен адамдардын «алгачкы орток аталарын» эволюционисттер «Түштүк Африка маймылы» деген мааниге келген «австралопитек» деп аташкан. Чындыгында тукум курут болгон илгерки бир маймыл түрү гана болгон австралопитектердин көптөгөн түрлөрү бар. Алардын кээ бирлери чоң көлөмдүү, кээ бирлери кичинерээк, кээ бирлери ичкерээк түзүлүштөгү жандыктар.

Адам эволюциясынын кийинки этабын болсо эволюционисттер «хомо», б.а. адам классына киргизишет. Алардын ою боюнча, хомо сериясындагы жандыктар австралопитектерден көбүрөөк өнүккөн, азыркы адамдардан көп айырмасы жок жандыктар. Бул түрдүн эволюциясынын акыркы этабында болсо хомо сапиенс сапиенс, б.а. азыркы заманбап адамдар пайда болгон деп айтылат.

Мунун чыныгы жүзү болсо мындай: эволюционисттер ойлоп чыгарган сценарийинде австралопитек деп атаган жандыктар – тукум курут болгон чыныгы маймылдар, хомо сериясындагы жандыктар болсо илгери жашап өткөн жана учурда тукум курут болгон расаларга тиешелүү адамдар. Эволюционисттер бир «адам эволюциясы» схемасын түзө алуу үчүн ар кандай маймылдар менен адамдардын фоссилдерин көлөмүнө жараша катары менен тизип чыгышкан. Бирок илимий чындыктар ал фоссилдердин эч кандай эволюция процессин көрсөтпөшүн жана адамдын аталары деп көрсөтүлгөн жандыктардын бир бөлүгүнүн чыныгы маймылдар, бир бөлүгүнүн болсо чыныгы адамдар экенин көрсөттү.

Эми ойдон чыгарылган адам эволюция схемасынын биринчи баскычын түзгөн австралопитектерди карайлы.

Австралопитектер: тукум курут болгон маймылдар

Эволюционисттер австралопитектер азыркы адамдардын эң байыркы атасы болгон дешет. Алар – бети жана баш түзүлүшү учурдагы маймылдарга окшогон, мээ көлөмдөрү болсо азыркы маймылдардыкынан кичинерээк болгон илгерки бир түр. Бирок эволюционисттердин айтуусу боюнча, бул жандыктардын адамдардын атасы болушуна негиз түзгөн бир өзгөчөлүгү бар: бул алардын эки буттап басышы.

Маймылдар менен адамдардын кыймылдоо формасы өтө айырмаланат. Адамдар чыныгы мааниде эки буттап баскан жалгыз жандык. Башка кээ бир жаныбарлар болсо эки буттап белгилүү аралыкка гана кыймылдай алышат жана алардын скелети ийилген түзүлүшкө ээ.

Эволюционисттердин айтуусу боюнча, австралопитек аттуу бул жандыктар эки буттап баскан адамдардай тик баса алышпаса да, эңкейип баса алышкан. Ушундай белгилүү аралыкка басуу дагы эволюционисттерди бул жандыктарды адамдын атасы деп айтканга шерденткен.

Бирок эволюционисттердин австралопитектер эки буттуу болгон деген көз-карашын кыйраткан далил эволюция изилдөөчүлөрүнүн өздөрү тарабынан табылды. Австралопитектердин фоссилдерин терең изилдөө эволюционисттер тарабынан да алардын «ашыкча» маймылга окшошоорун кабыл алууга себеп болгон. 1970-жылдардын ортолорунда австралопитек фоссилдеринин анатомиясын терең изилдеген эволюционист Чарльз Окснард австралопитектердин скелет түзүлүшүн азыркы орангутандардыкына окшоткон:

Австралопитектердин далы, жамбаш, билек, бут, тизе жана колдор сыяктуу анатомиялык жерлерин изилдеген көптөгөн салыштырмалуу анатомиялык изилдөөлөр бар. Алардын баары мындай дейт: бул фоссилдердин азыркы адамга болгон жакындыгы чындык болбошу мүмкүн. Бүт фоссил бөлүктөрү адамдан да, шимпанзе жана гориллалардан да айырмаланат. Австралопитектер тобу менен анализ кылынганда өзгөчө бир орангутан түрүнө окшошушат.62

Бирок эволюционисттерди эң уят кылган нерсе австралопитектердин алар айткандай эки буттап жана эңкейип баса албагандыгынын аныкталышы болду. Эки буттап, бирок эңкейип баскан деген австралопитектин мындай түзүлүштө болушу физикалык жактан өтө ыңгайсыз болмок жана өтө ашыкча энергия талап кылмак. 1996-жылы компьютер адиси Робин Кромптон жасаган изилдөөлөрүндө мындай «аралаш» басуунун мүмкүн эместигин көрсөттү. Кромптондун тыянагы мындай эле: бир жандык же толук тик, же болбосо толук төрт буттап баса алат. Бул экөөнүн арасындагы бир басуу формасы энергия коротууну өтө ашыкча көбөйткөнү себептүү мүмкүн болбойт. Ошентип, австралопитектердин эңкейип, эки буттап баса албашы белгилүү болду.

Австралопитектердин эки буттап баспаганын көрсөткөн балким эң маанилүү эмгекти болсо 1994-жылы фоссилдешкен жандыктарда эки буттап басууну изилдеген Англия Ливерпуль университетинин Адам анатомиясы жана клетка биологиясы бөлүмүндө иштеген анатомист Фред Спур менен командасы жасады. Кулак үлүлчөсүндөгү аң-сезимсиз тең салмактуулук механизмине таянып изилдөөлөр жасаган илимпоздор австралопитектердин эч эки буттап баспаганын табышты. Ошентип австралопитектер адамга окшош болгон деген көз-караш жокко чыкты.

Хомо сериясы: чыныгы адам расалары

Ойдон чыгарылган адам эволюциясынын кийинки баскычы болсо «хомо», б.а. адам сериясы. Бул сериядагы жандыктар учурдагы адамдардан көп айырмаланбаган, расалык кээ бир айырмалары гана болгон адамдар. Эволюционисттер мындай айырмачылыктарды апыртууга аракет кылып, ал адамдарды учурдагы адамдардын бир «расасы» эмес, өзүнчө бир «түрү» деп чыгышкан. Бирок төмөндө каралгандай, хомо сериясындагы адамдардын баары негизи кадимки адам расалары гана.

Эволюционисттердин ойдон чыгарылган схемасы боюнча, хомо түрүнүн өз ичиндеги «эволюциясы» төмөнкүдөй: алгач хомо эректус, анан архаикалык хомо сапиенс жана неандерталь адамы, андан соң кроманьон адамы жана азыркы адамдар келип чыккан.

Хомо сериясындагы жогоруда саналган «түрлөрдүн» баары, эволюционисттер кандай дегени менен, чыныгы адамдар гана болушкан. Алгач эволюционисттер эң алгачкы (примитивдүү, жапайы) түр деп санаган хомо эректусту карайлы.

Хомо эректустун «примитивдүү» бир түр эмес экенин көрсөткөн эң күчтүү далил – эң байыркы хомо эректус калдыктарынан болгон «Туркана баласынын» фоссили. Туркана баласы фоссилинин ээсинин 12 жаштагы бир бала экени жана чоңойгондо боюнун 1,83 болоору болжолдонууда. Бул фоссилдин ээсинин тик скелет түзүлүшү учурдагы адамдан эч айырмасыз! Узун жана ичке скелет түзүлүшү учурда тропикалык аймактарда жашап жаткан адамдардын скелет түзүлүшүнө толук туура келет. Бул фоссил хомо эректустун азыркы адамдын бир расасы экендигинин эң маанилүү далилдеринен. Эволюционист палеоантрополог Ричард Лики хомо эректус менен азыркы адамды төмөнкүчө салыштырат:

Ар кандай адам айырмачылыктарды байкай алат: баш сөөгүнүн формасы, беттин бурчу, каш сөөгүнүн бодурдугу ж.б. Бирок бул айырмалар учурда ар кайсы аймактарда жашап жаткан адам расаларынын бир-бири арасындагы айырмачылыктардан көп эмес. Мындай вариация коомдор бир-биринен көп убакыт бою бөлөк бөлөк жашаганда келип чыгат.63

Б.а. Лики мындай деп жатат: хомо эректус менен биздин арабыздагы айырма, мисалы негрлер менен эскимостор арасындагы айырмадан көп эмес. Хомо эректустун баш сөөгүндөгү мындай өзгөчөлүктөр тамактануу формасы, генетикалык көч, башка адам расалары менен белгилүү убакыт бою аралашпоо сыяктуу окуялардын натыйжасында келип чыккан.

Хомо эректустун «примитивдик» бир түр эместигинин дагы бир күчтүү далили – алардын 27 миң жылдык жана, ал тургай, 13 миң жылдык фоссилдеринин табылгандыгы. Илим дүйнөсүндө өтө кызыгуу жаратып, илимий эмес бир журнал Time'да да жарык көргөн бир макала боюнча, Ява аралында жашынын 27 миң жылдык экени аныкталган хомо эректус фоссилдери табылган. Австралияда Ков сазында болсо 13 миң жылдык хомо сапиенс-хомо эректус өзгөчөлүктөрүнө ээ кээ бир фоссилдер табылган. Бүт бул фоссилдер хомо эректустун жакын жылдарга чейин жашаганын жана алардын биз билген адамдын тарыхта калган бир расасы гана экенин көрсөтүүдө.

Архаикалык хомо сапиенс жана неандерталь адамы

Архаикалык хомо сапиенс ойдон чыгарылган эволюция схемасынын азыркы адамдан мурдакы баскычын түзөт. Негизи бул адамдар жөнүндө эволюционисттер айта турган эч нерсе жок, себеби булар азыркы адамдан бир аз гана айырмаланышат. Ал тургай, кээ бир изилдөөчүлөр бул түрдүн өкүлдөрү азыр да жашап жатат дешип, Австралиянын жергиликтүү аборигендерин мисал көрсөтүшөт. Жергиликтүү аборигендер да ушул түр сыяктуу каш сөөгү чыккан, жаагы ичкери көздөй ийилген түзүлүштө болот жана мээлеринин көлөмү бир аз кичирээк. Мындан тышкары, жакында эле Венгрияда жана Италиянын кээ бир айылдарында бул адамдардын жашап өткөнү жөнүндө олуттуу табылгалар табылды.

Эволюционисттер архаикалык хомо сапиенс түрүнө эң негизги мисал катары Голландиянын Неандер өрөөнүнөн табылган, Неандерталь адамы деп аталган адам фоссилдерин көрсөтүшөт. Учурда көп изилдөөчүлөр неандерталь адамын азыркы адамдын төмөнкү бир түрү деп, «хомо сапиенс неандерталдык» деп аташууда. Бул расанын азыркы адамдар менен чогуу, бир убакта жана бир аймакта жашаганы анык. Табылгалар неандертальдардын өлгөндөрүн көмүшкөнүн, ар кандай музыка аспаптарын жасашканын жана ошол доордо жашаган хомо сапиенс сапиенстер менен чогуу алдыңкы бир маданиятта жашаганын апачык көрсөтүүдө. Неандерталь фоссилдеринин толугу менен заманбап баш сөөктөрү менен скелет түзүлүштөрү да эч кандай спекуляцияга (бурмалоого) мүмкүндүк бербейт. Бул темада маанилүү авторитет деп эсептелген Нью-Мексико университетинен Эрик Тринкаус мындай деп жазат:

Неандерталь калдыктары менен азыркы адам сөөктөрү арасындагы салыштыруулар неандертальдардын анатомиясында, же кыймыл-аракет, шаймандарды колдонуу, мээ деңгээли же сүйлөө жөндөмү сыяктуу өзгөчөлүктөрүндө азыркы адамдардан төмөн саноого боло турган эч нерсе жок экенин көрсөтүүдө.64

Буларга кошумча, неандертальдардын азыркы адамдарга караганда кээ бир артыкчылыктары бар. Неандертальдардын мээлеринин көлөмү азыркы адамдыкынан чоңураак жана алар дене түзүлүшү жагынан бекемирээк жана булчуң күчү жагынан бизден бир топ күчтүү болушкан. Ошондой эле, Тринкаус мындай дейт: «неандертальдардын өзгөчө түзүлүшү, тулку бой жана кол-бут сөөктөрүнүн жалпысынан өтө көлөмдүү болушу. Бүт жакшы сакталган сөөктөр азыркы адамдарда өтө сейрек кездешчү бир күчкө ишарат кылууда. Болгондо да, бул өзгөчөлүк бойго жеткен эркектерде эле эмес, бойго жеткен аялдарда, улгайгандарда жана, ал тургай, жаш балдарда да кездешүүдө.»

Кыскасы, неандертальдар бара бара жоголуп кеткен оригиналдуу бир адам расасы болгон.

Булардын баары эволюционисттер тарткан «адамдын эволюциясы» сценарийинин да толугу менен ойлоп табылганын, адамдардын дайыма адам, маймылдардын болсо дайыма маймыл болгонун көрсөтүүдө.

Жашоо Кокустуктар Менен Пайда Болбойт

Эволюция теориясы жашоо алгачкы дүйнө шарттарында кокустуктар натыйжасында пайда болгон бир клетка менен башталган дейт. Бирок 21-кылымга кирип жатканда да көп өзгөчөлүктөрү толук ачыла элек клетканын пайда болушун табигый шарттар менен кокустуктарга таяндыруунун канчалык акылсыздык экенин көрсөтүү үчүн клетканын түзүлүшүн жөнөкөй салыштыруулар менен сүрөттөөгө аракет кылалы:

Бир жандуу клеткасы бүт иштөө системалары, байланыш, транспорт жана башкаруу системалары менен чоң бир шаардай татаалдык даражасына ээ: клетка короткон энергияны өндүрүүчү станциялар; жашоо үчүн керектүү фермент менен гормондорду өндүрүүчү заводдор; өндүрүлө турган бүт продукциялардын маалыматтары жазылган маалымат банкы; бир аймактан экинчисине чийки заттар менен продукцияларды жеткирүүчү комплекстүү ташуу системалары, түтүк линиялары; сырттан келген чийки заттарды ишке жарактуу бөлүктөргө бөлүштүрүүчү алдыңкы лаборатория жана кайра иштетүүчү заводдор; клетканын ичине киргизиле турган же сыртына чыгарыла турган материалдардын кирип-чыгышын контрольдоочу адистешкен клетка мембранасы белоктору бул комплекстүү түзүлүштүн бир канчасы гана.

Түзүлүшү жана ичиндеги механизмдери менен ушунчалык комплекстүү бир клетка алгачкы дүйнө шарттарында пайда болуу мындай турсун, учурдагы эң алдыңкы технологиялуу лабораторияларда да жасалма жол менен синтезделе алган жок. Клетканын курулуш материалы болгон аминокислоталар жана алар түзгөн белоктор менен клетка мындай турсун, митохондрия, рибосома ж.б. ушул сыяктуу клетканын бир органеллин да жасоо мүмкүн эмес. Ошондуктан эволюция теориясы кокустан пайда болгон деген алгачкы клетка кыялдагы бир фантазия бойдон гана калды.

Белоктор кокустукту четке кагууда

Клетканы азырынча бир тарапка коюп туралы. Себеби клетка мындай турсун, клетканы түзгөн миңдеген түрдүү, комплекстүү белок молекулаларынын бир даанасынын да табигый шарттарда пайда болушу ыктымалсыз.

Белоктор – бул белгилүү сандагы жана түрдөгү аминокислоталардын белгилүү бир катарда тизилишинен келип чыккан чоң молекулалар. Бул молекулалар жандуу клеткалардын курулуш материалын түзүшөт. Эң жөнөкөйлөрү болжол менен 50 аминокислотадан турган белоктордун миңдеген аминокислотадан турган түрлөрү да бар. Жандуу клеткалардагы, ар бирине өзүнчө бир кызмат тапшырылган белоктордун түзүлүшүндөгү бир эле аминокислотанын кем болушу же ордунун өзгөрүшү же чынжырга ашыкча бир аминокислотанын кошулушу ал белокту ишке жараксыз бир молекула жыйындысына айландырат. Аминокислоталарды «кокустан пайда болгон» деген көз-карашка да жарактуу бир далил же түшүндүрмө көрсөтө албаган молекулярдык эволюция теориясы белоктордун пайда болушунда толук туюкка такалууда.

Белоктордун функционалдуу түзүлүшүнүн эч качан кокустан пайда боло албашын бүт адамдар түшүнө ала турган жөнөкөй ыктымалдык эсептеринен да оңой эле көрүүгө болот.

Мисалы, курамында 288 аминокислотасы бар жана 12 түрдүү аминокислотадан турган орточо көлөмдөгү бир белок молекуласындагы аминокислоталар 10300 түрдө тизиле алат. Бирок ал тизилүүлөрдүн «1» даанасы гана ал белокту пайда кылат. Калган бүт тизилүүлөр эч бир ишке жарабаган, ал тургай, кээде жандыктарга зыяндуу да боло турган маанисиз аминокислота чынжырларын пайда кылат. Башкача айтканда, жогоруда мисал келтирилген белок молекуласынан бирөөсүнүн эле кокустан пайда болуу ыктымалдыгы «10300дөн 1» ыктымалдыкка барабар. Мындай 1дин жанына 300 даана нөлдүн жазылышынан келип чыккан «астрономиялык» сандагы «1» ыктымалдык болсо иш жүзүндө эч ишке ашпай турган бир ыктымалдык болуп саналат. Болгондо да, 288 аминокислоталык бир белок жандыктардын денесиндеги башка 1000деген аминокислоталык ири белокторго салыштырганда, өтө жөнөкөй түзүлүштө болуп калат. Мындай ыктымалдык эсептөөлөрүн бул ири молекулалар үчүн жасаганда болсо «мүмкүн эмес» сөзүнүн да жетишсиз болуп калаарын көрөбүз.

Бир даанасы да кокустан пайда болбой турган мындай белоктордон орточо бир миллион даанасынын кокустан керектүү формада биригип, кемчиликсиз бир адам клеткасын пайда кылышы болсо миллиарддаган жолу мүмкүн эмес. Болгондо да, бир клетка эч качан бир белок жыйындысынан гана турбайт. Клетканын ичинде белоктордон тышкары нуклеиндик кислоталар, углеводдор, липиддер, витаминдер, электролиттер сыяктуу дагы көптөгөн химиялык заттар түзүлүшү жана функциясы жагынан белгилүү санда, белгилүү тартип жана долбоордо орун алышат. Ар бири көптөгөн ар кандай органеллдин ичинде курулуш материалы же жардамчы молекула катары кызмат кылышат.

Көрүнүп тургандай, эволюция бирден-бир «түшүндүрмөсү» болгон кокустук теориясы менен клетка мындай турсун, клеткадагы миллиондогон белоктун бир даанасынын пайда болушун да түшүндүрө албайт.

Түркияда эволюция көз-карашынын алдыңкы авторитеттеринин бири болгон профессор, илимдин доктору Али Демирсой болсо Kalıtım ve Evrim (Тукум куучулук жана эволюция) аттуу китебинде жашоо үчүн эң керектүү ферменттердин бири болгон Цитохром-Снин кокустан пайда болуу ыктымалдыгы жөнүндө мындай дейт:

Негизи бир Цитохром-Снин тизилишин алуу үчүн ыктымалдык нөл дей турганчалык аз. Б.а. жашоо эгер белгилүү бир тизилүүнү талап кылса, бул бүт ааламда бир жолу боло турганчалык аз ыктымалдыкка ээ дегенге болот. Же пайда болушунда биз сыпаттай албай турган табияттан жогору күчтөр кызмат кылган. Бул акыркысын кабыл алуу илимий максатка туура келбейт. Демек биринчи гипотезаны карап чыгуу керек.65

Демирсой жогорудагы саптарынан соң «илимий максатка көбүрөөк туура келгени» үчүн кабыл алган бул ыктымалдыктын канчалык чындыктан алыс экенин төмөнкүдөй мойнуна алат:

... Цитохром-Снин белгилүү аминокислота тизмегин алуу бир маймылдын басма машинасында эч ката кетирбей адамзат тарыхын жазуу ыктымалдыгындай төмөн, маймылдын клавишаларды туш келди басканын кабыл алуу менен.66

Жандыктардагы бир белок молекуласы пайда болушу үчүн керектүү аминокислоталардын туура катарда тизилиши эле жетиштүү болбойт. Мындан тышкары, белоктордун түзүлүшүндөгү 20 түрдүү аминокислотанын баарынын сол-жактуу гана болушу шарт. Химиялык жактан бир аминокислотанын оң-жактуу жана сол-жактуу болуп эки түрү бар. Алардын арасындагы айырма үч өлчөмдүү түзүлүшүнүн бир-бирине карама-каршы багыттуу болушунан келип чыгат. Бир адамдын оң жана сол колдорунун арасындагы айырма сыяктуу... Табиятта эки түрдүү аминокислота бирдей санда кездешет жана эки топтогу аминокислота тең бир-бири менен эч кемчиликсиз бириге алат. Бирок изилдөөлөр өтө кызыктуу бир чындыкты аныктады: жандыктардын денесиндеги белоктор сол-жактуу аминокислоталардан гана турат жана белоктун ичине кошулган бир эле оң-жактуу аминокислота да ал белокту ишке жараксыз кылып койот.

Бир саамга эволюционисттер айткандай, жашоо кокустуктар менен пайда болгон деп элестетели! Анда кокустуктар менен пайда болушу керек болгон аминокислоталардан табиятта оң жана сол-жактуулардан бирдей санда болмок. Белоктор кантип алардын арасынан сол-жактууларын гана бөлүп алган жана кантип араларына оң-жактуу аминокислота аралашпаган деген суроолор эволюционисттер эч жооп бере албаган темалардын бири бойдон калды. Бул жагдай эволюциянын эч далилсиз бир жактоочусу болгон Британия илим энциклопедиясында төмөнкүчө айтылат:

Жер жүзүндөгү бүт тирүү организмдердеги аминокислоталардын баары, белоктор сыяктуу татаал полимерлердин түзүлүшүндөгү блоктор бирдей асимметрия тибинде. Баары сол-жактуу сыяктуу. Бул бир жагынан миллиондогон жолу өйдөгө ыргытылган бир тыйындын дайыма бир тарабы менен түшүп, экинчи тарабы менен эч түшпөшүнө окшошот. Молекулалардын кантип сол-жактуу же оң-жактуу болоорун толук түшүнүүгө болбойт. Бул тандоо эч түшүнүксүз абалда жер жүзүндөгү жашоонун булагынан көз-каранды.67

Бир белок пайда болушу үчүн керектүү аминокислота түрлөрүнүн, керектүү сан жана катарда жана керектүү үч өлчөмдүү түзүлүштө тизилиши эле жетиштүү болбойт. Мындан тышкары, бирден көп колу бар аминокислота молекулалары белгилүү колдору менен гана бир-бирине туташышы керек. Бул байланыш «пептид байланыштары» деп аталат. Белоктор «пептиддик» байланыш менен байланышкан аминокислоталардан гана турат.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөр аминокислоталардын өз ара туш келди байланыштарынын эң көп 50%ынын пептиддик байланыш менен болоорун, калганынын болсо белоктордо кездешпеген башка байланыштар менен түзүлөөрүн көрсөттү. Ошондуктан бир белокту түзө турган аминокислоталардын бир гана сол-жактуулар арасынан тандалышы керек болгон сыяктуу, ар бир аминокислота да өзүнөн мурдакы жана кийинки менен жалаң гана пептиддик байланыш менен байланыш түзүшү шарт. Муну да эске алуу зарыл. Себеби табигый шарттарда оң-жактуу аминокислоталарды өзүнчө бир тарапка бөлө турган жана бүт аминокислоталар башкалар менен пептиддик байланыш түзүшү үчүн башында тура турган бир контроль механизми, албетте, жок.

Демек, мисалы, 500 аминокислоталуу орточо бир белок молекуласынын керектүү түр жана катарда тизилүү ыктымалдыгынан тышкары, курамындагы аминокислоталардын баарынын жалаң гана сол-жактуу болушу жана ал аминокислоталардын баарынын жалаң гана пептиддик байланыш түзүү ыктымалдыктарын да эске алганыбызда, чыккан жалпы ыктымалдык төмөнкүдөй болот:

- Талап кылынгандай тизилүү ыктымалдыгы = 1/20500 = 1/10650
- Сол-жактуулук ыктымалдыгы = 1/2500 = 1/10150
- Пептиддик байланыш ыктымалдыгы = 1/2499 = 1/10150
ЖАЛПЫСЫ = 1/10950 , б.а. 10950 дөн "1" ыктымалдык.

Көрүнүп тургандай, 500 аминокислоталуу бир белок молекуласынын пайда болуу ыктымалдыгы 1дин жанына 950 нөлдүн жазылышынан келип чыккан жана акылыбыз жетпеген астрономиялык сандан «1» ыктымалдыкка барабар. Бул кагаз бетиндеги гана бир ыктымалдык. Иш жүзүндө болсо мындай ыктымалдыктын ишке ашуу шансы «0». Математикада да 1050дөн аркы бир сан статистикалык жактан ишке ашуу ыктымалдыгы «0» болуп саналат.

10 950 =

100.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.
000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000

The probability of an average protein molecule comprising five hundred amino acids being arranged in the correct proportion and sequence in addition to the probability of all of the amino acids it contains being only left-handed and being combined only with peptide bonds is "1" divided by 10950. We can write this number, which is formed by putting 950 zeros after 1, as follows:

500 аминокислоталык бир белок молекуласынын кокустан пайда болбой турганын даана көрдүңүз, эми кааласаңыз мындан да ары баралы: өтө маанилүү бир белок болгон «гемоглобин» молекуласында жогорудагы мисал келтирилген белоктон да көбүрөөк, 574 аминокислота болот. Эми бекем туруңуз! Денеңиздеги миллиарддаган кызыл кан клеткаларынын бирөөсүндө болсо толук 280.000.000 (280 миллион) даана гемоглобин молекуласы болот. Бирок, бир кызыл кан клеткасы мындай турсун, анын бир белогунун да жасап көрүү-жаңылуу жолу менен пайда болушуна дүйнөнүн өмүрү жетпейт. Бул жерден мындай жыйынтык чыгат: эволюция теориясы бир даана белоктун пайда болуу этабында эле эч чыкпас туюкка такалат.

Жашоонун келип чыгышын эволюция менен түшүндүрүү мүмкүн эмес

Бүт бул чындыктарга карата атайын кайдыгер мамиле көрсөткөн эволюционисттер буга логикалуу бир жооп таба албашын билгендиктен, көз бойомой ыкмаларын улантуу жолун тандашты.

Жашоо кантип жансыз заттардан пайда болгон деген суроого «эволюционист» жооп табуу максатында бир катар лаборатория эксперименттерин жасашты. Алардын арасында эволюционисттер эң баалаган эксперимент – 1953-жылы америкалык изилдөөчү Стэнли Миллер тарабынан жасалган жана Миллер эксперименти же Юри-Миллер эксперименти деп аталган эксперимент.

Стэнли Миллер аминокислоталардын кокустан пайда боло алаарын далилдөө максатында алгачкы дүйнө пайда болуп жатканда бар болгон деп болжогон, бирок кийинчерээк туура эмес экени аныкталган бир атмосфера шартын лабораториясында куруп, изилдөөлөрүн баштады. Экспериментинде алгачкы атмосфера катары колдонгон аралашмасы аммиак, метан, суутек жана суу буусунан турган.

Миллер метан, аммиак, суу буусу жана суутектин табигый шарттарда бир-бири менен реакцияга кире албашын билчү. Буларды бир-бири менен реакцияга киргизүү үчүн сырттан энергия берүү керек экенин да билчү. Ошондуктан бул энергия алгачкы атмосфера шартында чагылгандардан келген болушу мүмкүн деген. Бул гипотезага таянып, экспериментинде жасалма бир электрдик разряд булагын колдонгон.

Миллер ал газ аралашмасын бир жума бою 100°C температурада кайнатып, экинчи тараптан ал ысык жерге электрдик заряд берген. Жуманын аягында Миллер банканын түбүндөгү аралашмадагы химикаттарды өлчөп, белоктордун курулуш материалдарын түзгөн 20 түр аминокислотанын үчөөсүнүн синтезделгенин байкаган.

Эксперимент эволюционисттерди өтө кубантып, өтө чоң ийгиликтей жар салынган. Бул эксперименттин алардын теориясын толук тастыктаганына ишенген эволюционисттер буга таянып ошол замат сценарийлерди чыгарып башташкан. Миллер аминокислоталардын өзүнөн-өзү пайда боло алаарын «далилдеген эле». Ага таянып кийинки этаптар да ошол замат ойлоп чыгарылды. Чийилген сценарий боюнча, алгачкы атмосферада пайда болгон аминокислоталар кийинчерээк кокустуктар натыйжасында керектүү тизмекте биригип, белокторду пайда кылышкан. Кокустан пайда болгон ал белоктордун кээ бирлери болсо өздөрүн «кантип болсо да» эптеп пайда болгон клетка мембранасына окшогон түзүлүштөрдүн ичине жайгаштырып, алгачкы клетканы пайда кылышкан. Клеткалар болсо убакыттын өтүшү менен бир жерге чогулуп, биригип тирүү организмдерди пайда кылышкан. Сценарийдин эң негизги таянычы болсо – Миллер эксперименти эле.

Бирок Миллер эксперименти жараксыздыгы көп тарабынан далилденген бир көз бойомочулук гана эле.

Миллер экспериментинин жараксыздыгы

Элүү жашка келип калган бул эксперимент көп тараптан жараксыздыгы далилденсе да, дагы эле жашоонун өзүнөн-өзү келип чыкканына эң чоң далил катары эволюционист булактарда орун алып келүүдө. Бирок Миллер эксперименти стереотиптүү жана бир жактуу эволюционисттик логика менен эмес, реалдуу бир көз менен каралганда, эч эволюционисттер үмүт кыла турган нерсе жок экени көрүлөт. Себеби максатын алгачкы дүйнө шарттарында аминокислоталардын өзүнөн-өзү пайда боло алаарын далилдөө деп белгилеген эксперимент көп тарабынан бул максатка туура келген эмес. Алар төмөнкүлөр:

• Миллер экспериментинде «муздак тузак» (cold trap) аттуу бир механизм колдонуп, аминокислоталарды пайда болоор замат ал чөйрөдөн изоляциялаган. Себеби, антпесе, аминокислоталарды пайда кылган чөйрөнүн шарттары ал молекулаларды пайда болоору менен жок кылмак.

Бирок ультра-кызгылт көк нурлар, чагылгандар, ар кандай химикаттар, кычкылтектин көп санда болушу сыяктуу шарттарды камтыган алгачкы дүйнө шартында мындай аң-сезимдүү кийлигишүү болгон деп ойлоого да болбойт. Бул механизм болбостон, кандайдыр бир түрдөгү аминокислота келип чыкса да, ал молекулалар ошол замат талкаланып кетишет.

• Миллер экспериментинде түзгөнгө аракет кылган алгачкы атмосфера шарты чындыктан алыс эле. Миллердин жасалма шартында болушу керек болгон азот менен көмүр кычкыл газын билмексен болуп, алардын ордуна метан менен аммиакты колдонгон.

Эмне үчүн эволюционисттер алгачкы атмосферада метан (CH4), аммиак (NH3) жана суу буусу (H2O) болгон деп өжөрлөнүшкөн? Жооп жөнөкөй эле: аммиак болбостон, бир аминокислота синтезделмек эмес. Кевин М. Кин Discover журналында жарыялаган макаласында муну мындайча айтат:

Миллер менен Юри дүйнөнүн илгерки атмосферасын метан менен аммиакты аралаштырып копиялашты. Алардын ою боюнча, дүйнө металл, таш жана муздун бир тектүү бир аралашмасы эле. Бирок акыркы изилдөөлөрдө ал кездерде дүйнөнүн өтө ысык болгону жана ээриген никель менен темирдин аралашмасынан турганы аныкталды. Ошондуктан ал кездеги химиялык атмосфера көбүрөөк азоттон (N2), көмүр кычкыл газынан (CO2) жана суу буусунан (H2O) турушу керек эле. Бирок булар органикалык молекулалар пайда болушу үчүн аммиак менен метандай ылайыктуу эмес.68

Көпкө созулган бир жымжырттыктан соң Миллер өзү да колдонгон атмосфера шартынын чындыктан алыс экенин мойнуна алган.

• Миллердин экспериментин жараксыз кылган дагы бир жагдай болсо – бул аминокислоталар пайда болгон деген доордо атмосферада аминокислоталардын баарын талкалай турган көлөмдө кычкылтектин болушу эле. Мынчалык көлөмдөгү кычкылтек болсо аминокислоталардын пайда болушуна толук жолтоо болмок. Бул кычкылтек эске алынбастан, жасалган Миллер экспериментин толугу менен жараксыз кылган. Эгер экспериментте кычкылтек колдонулганда, метан көмүр кычкыл газы менен сууга, аммиак болсо азот менен сууга айланмак.

Мындан тышкары, али озон катмары пайда боло элек болгондуктан, өтө көп көлөмдөгү ультра-кызгылт көк нурлардан коргоосуз калган жер бетинде эч бир органикалык молекула жашай алмак эмес.

• Миллер экспериментинин натыйжасында жашоо үчүн керектүү аминокислоталар эле алынган эмес, алардан алда канча көп санда жандыктардын түзүлүшү менен функциясын бузуучу касиеттеги органикалык кислоталар да пайда болгон. Аминокислоталар изоляция кылынбай, ал химиялык заттар менен бир жерде калтырылганда болсо, алар менен сөзсүз химиялык реакцияга кирип талкаланып, башка кошулмаларга айланышмак. Мындан тышкары, эксперимент натыйжасында оң-жактуу аминокислоталар да пайда болгон. Мындай аминокислоталардын пайда болушунун өзү эле эволюция теориясын өз логикасы ичинде кыйраткан. Себеби оң-жактуу аминокислоталар жандыкта колдонулбаган жана белоктордун курамына аралашканда аларды ишке жараксыз кылып койгон аминокислоталар эле.

Жыйынтыктасак, Миллер экспериментиндеги аминокислоталар пайда болгон шарттар жашоого ылайыктуу эмес, тескерисинче пайда боло турган пайдалуу молекулаларды талкалап, күйгүзүүчү бир кислота аралашмалуу шарттар эле.

Негизи бул эксперимент менен эволюционисттер кандайдыр бир мааниде эволюцияны өз колдору менен жокко чыгарышкан. Себеби эксперимент аминокислоталардын кокустан эмес, бүт шарттары атайын жөнгө салынган, контрольдуу бир лаборатория шартында, аң-сезимдүү кийлигишүүлөр менен гана алына алаарын көрсөткөн.

Б.а. жашоону пайда кылган күч аң-сезими жок кокустуктар эмес, жаратуу гана болушу мүмкүн. Ошондуктан жашоонун ар бир этабы бизге Аллахтын бар экенин жана күчүн далилдейт.

Кереметтүү молекула – ДНК

Жашоонун келип чыгышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясы клетка түзүлүшүнүн эң түпкүрүндөгү молекулаларга да логикалуу жооп таба албай жатканда, генетика илиминдеги өнүгүүлөр жана нуклеиндик кислоталардын, б.а. ДНК менен РНКнын ачылышы теорияга жапжаңы туюктарды алып келди.

1955-жылы Джеймс Уотсон менен Фрэнсис Криктин ДНК жөнүндө жасаган изилдөөлөрү биологияда жапжаңы бир чыйыр ачты. Көп илимпоздор генетика темасына багыт алышты. Көп жылдарга созулган изилдөөлөр натыйжасында учурда ДНКнын түзүлүшүнүн көп бөлүгү белгилүү болду.

dna

The molecule called DNA contains the complete construction plan of the human body.

Бул жерде ДНКнын түзүлүшү менен функциясы жөнүндө эң негизги бир канча маалыматка токтоло кетүү туура болот:

Денедеги 100 триллион клетканын ар биринин ядросунда жайгашкан ДНК аттуу молекула адам денесинин курулуш планын толук камтыйт. Бир адамга тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдүн маалыматы, сырткы көрүнүшүнөн ички органдарынын түзүлүшүнө чейин баары ДНКнын ичинде өзгөчө бир код системасы менен жазылган. ДНКдагы маалымат ал молекуланы түзгөн төрт өзгөчө молекуланын тизилүү катары аркылуу коддолгон. Нуклеотид (же база) деп аталган ал молекулалар аттарынын баш тамгалары болгон A, T, G, C менен белгиленишет. Адамдардын дене түзүлүшүндөгү бүт айырмалар ушул тамгалардын тизилүү катары арасындагы айырмадан келип чыгат. Бир ДНК молекуласында болжол менен 3,5 миллиард нуклеотид, б.а. 3,5 миллиард тамга болот.

Бир органга же бир белокко тиешелүү ДНКдагы маалыматтар ген аттуу атайын бөлүмдөрдө орун алат. Мисалы, көзгө тиешелүү маалыматтар бир катар өзгөчө генде, жүрөккө тиешелүү маалыматтар бир катар башка бир генде болот. Клеткадагы белок өндүрүшү да ушул гендердеги маалыматтарды колдонуп жасалат. Белокторду түзгөн аминокислоталар ДНКда үч нуклеотиддин катары менен турушу аркылуу көрсөтүлгөн.

Бул жерде маанилүү бир жагдай бар. Бир генди түзгөн нуклеотиддердин катарындагы бир катачылык ал генди толугу менен ишке жараксыз кылып койот. Адам денесинде 200 миң ген бар экенин эстесек, ал гендерди түзгөн миллиондогон нуклеотиддин туура катарда кокустан тизилип калышынын мүмкүн эместигин жакшыраак түшүнөбүз. Эволюционист бир биолог Солсбери (Salisbury) бул жөнүндө мындай дейт:

Орто көлөмдөгү бир белок молекуласы болжол менен 300 аминокислотадан турат. Аны контроль кылган ДНК чынжырында болсо болжол менен 1000 нуклеотид болот. Бир ДНК чынжырында төрт түрдүү нуклеотид болоорун эстесек, 1000 нуклеотиддик бир катар 41000 түрдүү комбинацияда болушу мүмкүн. Кичинекей бир логарифма эсептөөсү менен табылган бул сан болсо акыл чегинен өтө чоң.69

41000ден бир «кичинекей бир логарифма эсептөөсү» натыйжасында 10620дан бир деген мааниге келет. Бул сан 1дин жанына 620 нөлдүн жазылышы менен алынат. 1дин жанындагы 12 даана нөл 1 триллионду көрсөтөт, ал эми 620 даана нөлдүү бир сан болсо чындап эле акылга сыйбас бир сан болуп саналат.

Профессор Али Демирсой да бул жөнүндө мындай моюнга алуу жасаган:

Негизи бир белоктун жана ядро кислотасынын (ДНК-РНК) пайда болуу шансы божомолдордон өтө алыс бир ыктымалдык. Ал тургай, белгилүү бир белок чынжырынын пайда болуу шансы астрономиялык дегенге боло турганчалык аз.70

Бүт мындай ыктымалсыздыктардан тышкары, ДНК өтө кыйын реакцияга кире турган бир түзүлүшкө ээ. Себеби ДНК жуп чынжырдан турган бекем бир спираль формасында болот. Бул жагынан аны жашоонун негизи дегенге болбойт.

Болгондо да, ДНК бир катар ферменттердин жардамы менен гана жупташа алат, жана ал ферменттердин синтези болсо ДНКдагы маалыматтар негизинде гана жасалат. Экөө тең бир-биринен көз-каранды болгондуктан, ДНК жупталышы үчүн экөө тең бир учурда бар болушу шарт. Же экөөнөн бирөөсү мурда «жаратылган» болушу керек. Америкалык микробиолог Гомер Якобсон бул жөнүндө мындай дейт:

Алгачкы жандык пайда болгон кезде көбөйүү пландары, айланадан зат жана энергия алуу, чоңойуу кезеги жана маалыматтарды чоңойууга айландыра турган механизмдердин бүт баарына тиешелүү буйруктар ошол учурда, чогуу болушу керек. Булардын баарынын комбинациясы болсо кокустан пайда боло албайт.71

Жогорудагы сөздөр 1955-жылы, б.а. Джеймс Уотсон менен Фрэнсис Крик тарабынан ДНКнын түзүлүшү ачылгандан эки жылдан соң жазылган. Бирок илимдеги ушунча жетишкендиктерге карабастан, бул маселе эволюционисттер үчүн чечилбеген бойдон калууда. Кыскасы, көбөйүүдө ДНКга болгон муктаждык, көбөйүү үчүн кээ бир белоктордун талап кылынышы жана ал белоктордун да ДНКдагы маалыматтардын негизинде өндүрүлүү мажбурдугу эволюционист гипотезаларды толук четке кагат.

Мисалы, немец илимпоздор Юнкер жана Шерер да химиялык эволюция үчүн керектүү молекулалардын баарынын синтезинин өз-өзүнчө шарттарды талап кылаарын жана теориялык жактан да алынуу ыкмасы ар кандай болгон көптөгөн заттын бир жерге чогулуу шансынын такыр жок экенин төмөнкүчө айтышат:

Ушул күнгө чейин химиялык эволюция үчүн керектүү бүт молекулалар алына турган бир эксперимент белгисиз. Ошондуктан ар кандай молекулалар ар кайсы жерде эң ыңгайлуу шарттарда өндүрүлүп, гидролиз жана фотолиз сыяктуу зыяндуу факторлордон корголуп, жаңы бир реакция аймагына жеткирилиши керек. Бул жерде кокустуктан сөз кылууга болбойт, себеби мындай нерсенин өз алдынча ишке ашуу ыктымалдыгы жок.72

Кыскасы, эволюция теориясы молекулярдык деңгээлде ишке ашкан деп айтылган эволюциялык процесстердин эч бирин далилдей алган жок. РНК молекуласы кантип өзүнө бир клетка мембранасын таап, андан соң клетка органеллдерин кантип пайда кылган деген сыяктуу көптөгөн суроолор жоопсуз бойдон күтүп турушат.

Бул жерге чейин айтылгандарды кыскача жыйынтыктай турган болсок, аминокислоталар да, алардан турган жана жандыктардын клеткаларын түзгөн белоктор да «алгачкы атмосфера» деп аталган шарттарда эч качан өндүрүлө алган жок. Ал турсун, белоктордун өтө татаал химиялык түзүлүштөрү, оң-жак, сол-жак өзгөчөлүктөрү, пептиддик байланыштардын келип чыгышындагы кыйынчылыктар сыяктуу факторлор белоктордун келечекте да мындай эксперименттерде өндүрүлө албашын көрсөтүүдө.

Болгондо да, белоктор кокустан пайда болду деп элестетсек дагы, бул эч нерсеге жарабайт, себеби белоктордун өз башынча эч кандай мааниси жок. Анткени белоктор өздөрүн көбөйтө алышпайт. ДНК жана РНК молекулаларында коддолгон маалыматтын негизинде гана белок синтезделе алат. ДНК менен РНК болмоюнча, бир белокту көбөйтүү мүмкүн эмес. ДНКда коддолуп жазылган 20 түрдүү аминокислотанын белгилүү бир формада тизилиши денедеги ар бир белоктун түзүлүшүн аныктайт. Бирок, жогоруда да айтылгандай, ДНК менен РНКнын кокустуктар натыйжасында пайда болуу ыктымалдыгы жок.

Жашоонун Жаралуу Акыйкаты

Эволюция теориясы бүт тармактарда кыйраган соң учурда микробиологиянын белгилүү ысымдары жашоонун жаратылганын кабыл алып, бүт нерсе Аллах тарабынан кереметтүү жаратылган деп жактап башташты. Бул четке кагылгыс бир акыйкат. Мындай илимпоздордун алдыңкыларынан Майкл Бихи Аллахтын бар экенин кабыл алаарын жана бул чындыкты четке каккандардын жоопсуздугу жөнүндө мындай дейт:

Клетканы изилдөө аракеттеринин баары апачык, болгон үнү менен бир гана жыйынтыкты берип жатты: «дизайн!» Бул жыйынтык ушунчалык даана көрүнүп тургандыктан, илим тарыхындагы эң маанилүү ачылыштардын бири катары кабыл алынышы керек эле... Бул жеңиш он миңдеген адамдын «эврика» кыйкырыктары менен бул улуу ачылышты майрамдашына жол ачышы керек эле...

Бирок эч кандай майрамдоо болгон жок, эч кубанган сөздөр айтылган жок. Тескерисинче, клеткада табылган татаалдыктан улам уялыңкы бир жымжырттык өкүм сүрдү. Бул тема жөнүндө элге ачык бир жерде сөз болгондо, көп илимпоздор мындан тынчсызданышат. Жеке диалогдордо болсо бир аз өздөрүн кенен сезишет; көпчүлүгү тапкан апачык чындыкты кабыл алат, бирок анан жерди карап башын чайкашат жана эч нерсе болбогондой жүрүүнү улантышат. Эмне үчүн? Эмне үчүн илим дүйнөсү өзү ачкан улуу чындыкты жактап даңктабайт? Эмне үчүн аныкталган ачык дизайн (долбоор) интеллектуалдык мээлейлер менен чекесинен кармалууда. Себеби бул, кааласа каалабаса, Аллахтын бар экенин кабыл алууну эстетүүдө, аларга.»73

Бирок жашоону түзгөн тең салмактуулуктар, бул китептин башка бөлүмдөрүндө да каралгандай, ушунчалык так жана сан жагынан да ушунчалык көп болгондуктан, аларды «кокустан» пайда болгон деп айтуу такыр акылга сыйбайт. Бул логикасыздыктын ичинен эч чыгып кутула албагандар канчалык аракет кылышпасын, асмандарда жана жерде Аллахтын бар экендигинин далилдери апачык көрүнүп турат жана аларды эч тануу мүмкүн эмес. Аллах асмандардын, жердин жана бул экөөнүн арасындагылардын Жаратуучусу. Анын бар экендигинин далилдери бүт ааламды курчап турат.

sarı laleler

Bilješke

55. Charles Darwin, The Origin of Species: By Means of Natural Selection or the Preservation of Favoured Races in the Struggle for Life, London: Senate Press, 1995, s. 134.

56. Derek A. Ager. "The Nature of the Fossil Record". Proceedings of the British Geological Association, vol. 87, no. 2, (1976), s. 133.

57. T. N. George. "Fossils in Evolutionary Perspective", Science Progress. vol. 48, (January 1960), s. 1, 3

58. Richard Monestarsky, Mysteries of the Orient, Discover, Nisan 1993, s.40.

59. Stefan Bengston, Nature 345:765 (1990).

60. Earnest A. Hooton, Up From The Ape, New York: McMillan, 1931s. 332.

61. Stephen Jay Gould, Smith Woodward's Folly, New Scientist, 5 Nisan 1979, s. 44.

62. Charles E. Oxnard, The Place of Australopithecines in Human Evolution: Grounds for Doubt, Natura, Sayı 258, s 389.

63. Richard Leakey, The Making of Mankind, London: Sphere Books 1981, s. 116.

64. Eric Trinkaus, Hard Times Among the Neanderthals, Natural History, Sayı 87, Aralık 1978, s.10; R. L. Holoway, "The Neanderthal Brain: What Was Primitive?", American Journal of Physical Anthrophology Supplement, Sayı 12, 1991, s. 94.

65. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara: Meteksan Yayınları 1984, s. 61.

66.Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara: Meteksan Yayınları 1984, s. 61.

67. Fabbri Britannica Bilim Ansiklopedisi, Cilt:2, sayı 22, s. 519.

68. Kevin McKean, Bilim ve Teknik, (Discover'dan tercüme) Sayı 189, s. 7.

69. Frank B. Salisbury, Doubts About the Modern Synthetic Theory of Evolution, s. 336.

70. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara: Meteksan Yayınları 1984, s. 39.

71. Homer Jacobson, Information, Reproduction and the Origin of Life, American Scientist, Ocak 1955, s. 121.

72. Reinhard Junker, Siegfried Scherer. "Entstehung Gesiche Der Lebewesen". Wegel, 1986. s. 89

73. Mıchael J.Behe, Darwin's Black Box, New York: Free Press, 1996, s. 232-233.