«Адам болуу» дини адамдын бир гана күнүмдүк кыймыл-аракеттерин эмес, бүтүндөй жашоосун жана көз-карашын да аныктайт: кимдер менен достошуу керек, адамдарды кантип бөлүү керек, адамдардын тууралары жана туура эместери эмнелер болушу керек сыяктуу... Лицейде окуган (б.а. 7-11-класс) убагы адам жашоосунда «адам болуу» дининин негиздери коюлган эң маанилүү доорлордун бири. Жаштарда «адам болуу» дини койгон түшүнүктөр, психологиялар, кыймыл-аракет калыптары, реакциялар жана ахлак түшүнүгү ушул доордо калыптанат.
Куранда дүйнө жашоосу «өз араңарда бир мактануу...» (Хадид Сүрөсү, 20) деп билдирилген, «адам болуу» дининин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон кызмат орду жана аброй амбициясы алгач лицейде окуган кезде күчтүү бир абалда ортого чыгат. Бул доордо окуучулар арасында бир атаандаштык чөйрөсү пайда болот. Сабакта жана конспект алууда атаандаштыкты үйрөнгөн адам муну кийинки жашоосунда кабылган окуяларда да колдонуп баштайт. Атаандаш болгон темаларда бири-бирин басмырлоо толук кадыресе кабыл алынат, бирок ошол эле адамдар менен орток кызыкчылыктар болгондо бири-бирин колдоо да ошончолук кадыресе болот. Мисалы, лицейден тышкаркы чөйрөгө карата орток бир биримдик маанайы пайда болот, бирок класстар арасында же бир класттагы топтор арасында күчтүү бир атаандаштык өкүм сүрөт.
«Адам болуу» дининин адамдарды кызыкчылыкка жараша топторго бөлүү адаты да лицей доорунда калыптанат. Лицейлерде эң көп байкалган көрүнүш – бул орток кызыкчылык топтору. Булар көбүнчө бирдей кирешелүү үй-бүлөгө тиешелүү балдардын же бирдей социалдык-маданий чөйрөлөрдөн келген окуучулардын же болбосо тырышчаактардын бир топко чогулушунан пайда болгон топтор. Башка класстарга же мугалимдерге каршы биригүү керек болгондо гана класс толугу менен биригет.
«Адам болуу» дининде кадыресе кыймыл-аракеттер – бул Куранда көрсөтүлгөн сонун ахлак өзгөчөлүктөрү (жөнөкөйлүк, чынчылдык, Аллахка баш ийүүчүлүк) эмес, эпчилдик, бой көтөрүү сыяктуу ахлак бузуктуктары. Мындай туура эмес ой жүгүртүү да алгач лицей кезинде өнүгөт. Лицейлерде көбүнчө популярдуу болгон, суктанылган адам байлыгы, сулуулугу же «алдыга суурулуучулугу» менен популярдуу болот. Бул адамдардын басышы, кийимдери, сүйлөө услуптары, колунун кыймылдары мектеп боюнча мода болот жана тууралат. Ар бир доордо лицейлердин өзүнө тиешелүү басуу, күлүү, кийинүү стилдери бар. Маани бербеген бир көрүнүш, кычкыл жана айланадагыларга маани бербеген бир мимика, бир далыда сумка, чайпалып жай жана көңүлкош басуу – кеңири белгилүү калып болуп саналат. Бийик добуш менен каткыруу жана сөгүнүп сүйлөө да бир кулк-мүнөз көрсөткүчү катары кадыресе кабыл алынат. Досторунун арасында сүйлөгөн темалары да көбүнчө белгилүү. Кыздар жактырган адамдары, кийимдер жана бойонуу жөнүндө сөз кылышса, эркектер кыздар, кийим, матч, мугалимдер жана сабактар жөнүндө сүйлөшүшөт.
Адамдарды кулк-мүнөз жана ахлагына карап эмес, байлыгы менен баалоонун да алгачкы мисалдары лицей доорунда ортого чыккан «адам болуу» дининин ооруларынын бири. Лицейлерде бай көрүнүү абдан маанилүү. Бул үчүн атайын аракет жасалат.
Көбүнчө бүт баары атактуу маркалардан кийинген бир топко жупуну кийимдүү бирөө жакындай албайт. Же көбүнчө жарашыктуулугу же сулуулугу менен атактуу бир топтун арасына сулуу эмес бирөө кошула албайт. Топко кошулуу үчүн сулуу же бай болуу шарт. Сулуу жана бай болгондордун эркеликтерине, көпкөндүктөрүнө көбүнчө көз жумулат. Себеби алар топтун мактаныч жана престиж себептери. Мектепке атайын лицей автобустары менен баруу да белгилүү бир жашка чейин байлыктын көрсөткүчү катары кабыл алынат. Бай көрүнүү үчүн мектеп формаларына мүмкүн болушунча кошумчалар жасалат. Кыздар сапаттуу, кымбат жасалгаларды тагуу аркылуу байлыктарын көрсөтүүгө аракет кылышат. Кыз-эркек дээрлик баарында атактуу маркаларга кызыгуу бар. Форманын үстүнө кийилген марка жемпирлер, байпактар, галстуктарга тагылган кошумчалар бай экенин далилдөө аракетинен келип чыгат. Ушул себептен бул доордо үй-бүлөнүн баласына кымбат маркалуу кийим сатып алышы аны абдан кубандырат. Материалдык абалы жакшы болбогондор да кыйынчылык менен акча чогултуп сатып алган бир канча марка кийимдери менен өздөрүн кабыл алдыруу жарышына киришет. Себеби эң негизги баалуулук – бул акча жана анын көрсөткүчтөрү. Айланадан урмат-сый көрүүнүн, «популярдуу» болуунун жолу акчада.
Жаман ахлак өзгөчөлүктөрү жакшыдай кабылданып, жакшы өзгөчөлүктөр болсо жамандалып баштайт. Жөнөкөйлүк, чынчылдык сыяктуу мүнөздөр жактырылбай баштайт. Аракетчилдикке да мектеп ичи мамилелерде гана маани берилет. Мектепте баа алуу, сабакты түшүнүү сыяктуу себептер кээ бир жакшы окуган, бирок коом менен байланышы начар адамдар менен достошууга мажбур кылат. Дос тандоодо аны эң көп күлдүрө турганды тандоо маанилүү. Биринчи планда ахлактык өзгөчөлүктөрү каралбайт. Эң алгач аны күлдүрүшү, «тамашалар» айтышы маанилүү. Ушул себептен достуктар дайыма убактылуу болот, бекем негиздүү эмес. Чыныгы кулк-мүнөздөр калыптанып баштаганда, бүт баары бири-биринен бөлүнүп баштайт. Себеби жаш өткөн сайын күлдүрүүдөн көрө күчтүүрөөк кызыкчылыктар зарыл болуп баштайт.
Бүт адамдардын «эң жакшы досу» сөзсүз бар. Ага сүйлөшкөн жигит же кызы экөө арасында болгондорду айтып берет, досунун бул жөнүндө билген маалыматтарынын көптүгү ага жакындыгын көрсөтөт, аны менен сырларын бөлүшөт. Бүт адамдар жөнүндөгү көз-караштарын бир гана ага айтат жана анын да айтып беришин күтөт. Бул бир сыр достугу. Экөө бири-биринин эч ким билбеген тараптарын билиши экөөнө тең бир ырахат берет. Башкаларды кызгандырып бир нерселерди билген болуп көрүнүү үчүн жакын достор бири-бири менен шыбырашышып, көпчүлүктүн арасында бири-бирин карап шыңкылдашат.
Достун сонун ахлактуу болушу, момун болушу, ыйманы, чынчылдыгы акылына да келбейт. Себеби мындай нерселердин мааниси лицей убагында көбүнчө билинбейт. Динчил окуучу караңгылык менен шылдыңдалат. Ушул себептен эч ким ишенимдери жөнүндө оңойчулук менен сөз козгобойт.
Кыз-эркек арасындагы мамилелер бири-биринен пайдаланууга таянат. Эркектер чын көңүлдүү жакындык шылтоосу менен тынымсыз кыздарга тийишкен тамашаларды кылышат. Дос чөйрөсүндө эң абройлуу кыла турган кыз менен достошууну каалашат. Кыздар үчүн да класстын эң байы, эң жрашыктуусу менен «жүрүү» достору арасында өзүнчө бир мактануу себеби болот. Кыздар менен эркектер түзгөн топтор арасында дос алмашуулар да болот. Бири-биринен тажашканда бөлүнүп башка бирөөнүн эски досу (кызы же жигити) менен «жүрүп» башташат. Ажыраганынын аркасынан да көбүнчө сөздөр чыгарышат.
Бүт баары дүйшөмбү эрте менен мектепке барганда айтып бере турган бир нерселери болсун үчүн жуманын аягында кыдырууга мажбур болот. Эгер ал дем алыш күндөрү эч жерге барбаган болсо жуманын башында андан басынбоо үчүн сценарийлер ойлоп чыгарат жана муну чындыктай айтып берет. Кыздар да, эркектер да кеңири услуп катары «сөз тийиштирүү» жана кыйшык сүйлөөнү тандашат. Бул башкалардын катуу сөздөрүнө каршы бир коргонуу абалында адамда калыптанат жана кадимки сүйлөө калыбына айланат. Мектептерде көбүнчө көпчүлүк психологиясы өкүмчүлүк кылгандыктан, түпкүрүндө абдан жоош бир маанайга ээ адам да мектепке барганда бир заматта ал топтун маанайына кирет. Эч кылбаган нерселерин кылып, эч айтпай турган сөздөрдү сүйлөп баштайт. Бир адамдын кылган туура эмес жана жаман бир кыймыл-аракети топ арасында жакшы кабыл алынат. Өзү жалгыз кылууга эрки жетпеген нерселерди топ менен бирге кылууга колу барат. Унаасын катуу айдайт, керек болсо тобу арасында абройлуу болуу үчүн жашоосун да коркунучка салат. Мугалимдери менен кайым айтышат, кыздарга сөз таштайт, ушундайча топ арасында калууга аракет кылат.
«Адам болуу» дининин эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон адамдардын ыраазычылыгына жетүүгө аракет кылуу да лицей жашы курагында үйрөнүлөт. Окуучуларда өзүн көрсөтүү аракети кеңири тараган. Окуучулар дайыма мугалимдерине, досторуна, үй-бүлөлөрүнө жагынууга аракет кылышат. Булардын баарын бир-бирден ыраазы кылуу керек болгондуктан, ар түрдүү кулк-мүнөздөргө ээ болушат. Натыйжада абдан өзгөрмөлүү бир кулк-мүнөз келип чыгат, «адам болуу» дининин адамга жана чөйрөгө жараша кулк-мүнөз өзгөртүү өзгөчөлүгү ушул жаштарда калыптанат. Адамдын кулк-мүнөзүн калыптандыруусунда өз эрки эмес, чөйрөсүнүн андан күткөнү негиз алынат. Ар бир адамдан жана ар бир чөйрөдөн ар кандай талап келгендиктен, туруксуз, өзгөрмөлүү бир ахлак келип чыгат. Бул – шексиз, бир гана Аллахка пенделик кылган, бир гана Анын ыраазычылыгына жетүүнү максат кылган, бир гана Аны ыраазы кылууга аракет кылган жана ушул себептен абдан бекем жана туруктуу бир кулк-мүнөзгө ээ болгон момун ахлагына толугу менен карама-каршы. Куранда момундар менен каапырлар арасындагы мындай айырма төмөнкүдөй билдирилет:
Аллах бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп ээлери бар бир адам менен жалгыз бир адамга баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн абалы бирдей болмок беле? Мактоолор Аллахка тиешелүү. Жок, алардын көпчүлүгү билишпейт. (Зүмер Сүрөсү, 29)
Окуучулардын арасындагы ар кандай түрдөгү кулк-мүнөздөрдү «адам болуу» дининин ар кандай версияларында жолуктурууга болот. Буларды төмөнкүдөй топторго бөлүүгө болот:
«Жулунган» тип: булардын эң негизги өзгөчөлүгү бүт нерсеге карата маани бербес жана баатыр «көрүнүүлөрү». Ар кандай маек, окуя жана чөйрөдө каршы чыккандыгы менен таанылышат. Мугалимдер менен айтышып, тынымсыз ар кимди шылдыңдашат, өздөрүнө ашыкча ишенишип, дайыма шылдың-тамашаларды айтышат. Бул типтер чындыгында көбүнчө сезимтал жана басынган болушат, бул басынгандыгын кыйшык жана «өзгөчөлөнүү» аракеттери менен жабууга аракет кылышат. Сыртка сезимталдыгын эч байкатпайт, катуу сөздөрдү сүйлөшөт жана сезимсиз сыяктуу көрүнүүгө аракет кылышат. Класстын алардан күткөн кыймыл-аракетти көрсөтүшү керек болгон үчүн эч качан коркконун жана капа болгонун байкатышпайт. Көбүнчө кечелерге мындайлар сөзсүз чакырылышат, себеби булар бүт адамдардын күлдүргөн, көңүлүн көтөргөн адамдар.
«Стресс» тип: дайыма стрессте, эч кайсы чөйрөгө көнө албаган, пессимист адамдар. Тынымсыз бүт нерсе жөнүндө арызданган бир кулк-мүнөзгө ээ. Эч нерсени жактырышпайт жана бүт адамдарда бир кемчилик табышат. Жабык жана ой-пикирлерин көп айтпаган бул адамдардын көбүнчө дос чөйрөлөрү көп болбойт. Көңүл көтөрө турган тараптары да көп болбогондуктан мындай адамдарга көп маани берилбейт.
«Билерман» тип: булар көбүнчө үй-бүлөлөрү бай болгон адамдар. Бүт жерде жана ар кандай учурда байлыгы менен алдыга чыккылары келет. Уруштарда, сабактардан баа алууда, сөз сүйлөгөндө үй-бүлөсүнө таянып маселени чечүү жолун тандашат. Кулк-мүнөзүн үй-бүлөлөрүнүн байлыгына карап калыптандырышат.
«Көп окугандар»: Өздөрүн ар кандай материалдык кемчиликтеринен улам курдаштарынын төмөн көрүшөт. Муну жабуу үчүн атайылап билимин көрсөтүү менен жана сабактарын көп окуу менен өзгөчөлөнүүгө аракет кылышат. Кээде атайын темаларда адистешип башкалардын көңүлүн бурууга аракет кылышат. Мотоциклдер, кино, электрондук, компьютер, коллекция кылуучулук ж.б. сыяктуу. Ар бир чөйрөдө бул темалар жөнүндө сөз баштоо жана билимдүүлүгүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн күтүшөт.
Лицей (же болбосо, 7-11-класстар) доору – бул жерде бир канчасы саналган топтордон турган жана «адам болуу» дининин баалуулуктары мээлерден орун алган бир доор. Күлдүргөн, бай, чогуу жүргөндө мактанууга мүмкүн болгон адам боло алуу сыяктуу факторлор – бул доордун эң негизги баалуулуктары болот. Бир өспүрүм башка адамдарды ахлактык өзгөчөлүктөрүнө (мисалы, чынчылдыгына, чын көңүлдүүлүгүнө, башкалар үчүн өз мал-жанын аябастыгына жана эң маанилүүсү ыйманына) эмес, ага алып келе турган кызыкчылыктарга жараша баа берүүнү ушул жерде үйрөнөт. Жаш өткөн сайын болсо лицейдеги күлдүрүү, көңүлүн көтөрүү, чогуу мактануу сыяктуу кызыкчылыктардан күчтүүрөөк кызыкчылыктар максат кылынып баштайт.
Себебин билбеген эрежелерге эч таразалабастан баш ийүү адатына ээ болгон адамдардын акыл жана абийир механизмдери да кийинки орунга ташталат жана бул өзгөчөлүктөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк эң жакшы болгон доордо булар тебеленет.