Жыйынтык

Илимий тараптан кыйраган дарвинизмдин материалисттер жана атеисттер тарабынан ыймансыздыктын пропагандасы катары колдонулганы жана ушул себептен жакталганы апачык бир чындык. Китеп боюнча бул чындык далилдери менен бирге ортого коюлду. Эмне үчүн дарвинизм менен илимий күрөш жасалганын түшүнө албагандар айткан шылтоо жана себептер бул чындыкты өзгөртпөйт.

Дарвинисттердин дүйнөнү кандай көргөнүн жана кандай бир дүйнө каалашарын эволюционист зоолог Ричард Доукинстин төмөнкү сөздөрү дагы бир жолу көз алдыбызга тартат:

Сокур физикалык күчтөрдүн жана генетикалык копиялоонун дүйнөсүндө кээ бир адамдар азап тартышат, кээ бир адамдар болсо жакшыраак жашашат. Жана мунун кандайдыр бир системасы же себеби же адилети жок. Биз жашаган аалам толугу менен биз күткөндөй өзгөчөлүктөргө ээ жана мунун түпкүрүндө кандайдыр бир план, максат, жакшылык же жамандык жок, бир гана сокур жана айоосуз бир кайдыгерлик бар.60

Доукинстин сөздөрүнөн да байкалгандай, дарвинисттик дүйнө көз-карашы «жашоо сокур кокустуктардын натыйжасы», «адамдын болсо, кандай гана баага турбасын, жашоосун улантуудан башка бир максаты жок» деген калптарды пропаганда кылууда. Бул батыл (негизсиз) пропагандалар боюнча, кээ бир адамдардын азап ичинде жашашы табигый нерсе, ошондуктан бул адамдарга жардам берип табияттын системасын бузуунун бир мааниси жок. Адилеттик күтүүнүн же адилеттүү болуунун да эч кандай мааниси жок. Эволюционисттердин жаңылыштыгы боюнча аалам кандай болгону белгисиз бир абалда пайда болгон, эң негизги нерсе – бул адамдардын бул ааламда эмнеден жана эмне үчүн жаралганын ойлонушу эмес, жашоосун улантуу үчүн таш боор болушу. Бүт нерсе калп кокустуктардын чыгармасы болгон мындай чөйрөдө жашоосунун эч кандай максаты болбогон адам жырткыч айбандар сыяктуу согушушу, урушушу, башкаларына кол салышы, өзүнөн башка эч кимди ойлобошу керек.

Эч шексиз мындай бузуку көз-карашты акыретте сурак берээрин билүү менен аракет кылууну, сонун иш-аракеттерди жасоону, Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү экенин унутпоону, сабыр кылууну, адамдарга баа берүүнү, өз мал-жанын аябай башкаларга жардам берүүнү, кичипейил болууну буйрук кылган Ислам ахлагы менен байланыштыруу эч мүмкүн эмес. Ушуга карабастан, дарвинизм менен Исламды байланыштырууга аракет кылгандар материалисттердин жана дарвинисттердин жашыруун бир оюнуна курал болушууда. Ыкластуу Мусулмандар, мурда бул оюнга алданган болсо да, чындыкты аңдап-түшүнүп, мындай калптын канчалык коркунучтуу натыйжаларга алып келээрин түшүнүүлөрү зарыл.

Биз жашап жаткан доор дарвинизмден күч-кубат алган идеологиялар себеп болгон азаптар жана кыйынчылыктарга толо бир доор. Дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн илимий күрөш себебинен бул доор жакынкы келечекте Аллахтын буйругу менен токтойт жана бүт адамзат бул чоң балээден кутулуунун бейпилдигин жана ырахатын жашашат. Раббибиз Куранда нурун сөзсүз толуктаарын убада кылган:

Ооздору менен Аллахтын нурун (динин) өчүрүүнү каалашууда. Бирок, Аллах, каапырлар каалашпаса да, Өз нурунун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкасын каалаган жок. (Тообо Сүрөсү, 32)

Материалисттер жана атеисттер болсо канчалык дин ахлагынын жайылбашы үчүн жана өз ойлорунда Аллахтын нуруна тоскоол болуу үчүн аракет кылышса да, алардын дүйнө көз-карашынын негизи болгон дарвинизм эми кыйрады. Дин ахлагынын жайылбашы үчүн кылган аракетинин эч кандай таянычы калган жок. Бул чындык күн өткөн сайын көбүрөөк адам тарабынан байкалууда жана дүйнөнүн төр тарабында адамдар ыйманга жана дин ахлагына багытталышууда. Аллахтын буйругу менен, абдан жакынкы бир келечекте адамдар топ топ болуп, акыйкат дин ахлагына багытталышат жана Раббибиз убада кылгандай, Аллахтын нуру бүт жер жүзүнө жайылып, өкүмчүлүк кылат.

Ыйман келтиргендердин милдети жана дубасы болсо каапырчылыкка каршы жүргүзүлгөн жана иншаАллах ийгилик менен натыйжалана турган бул улуу илимий күрөштө болгон мүмкүнчүлүктөрү менен акыйкат тарапта болуу, акыйкат үчүн аракет кылуу. Өз ойлорунда Ислам менен дарвинизм арасында орто бир жол табууга аракет кылгандардын да бул жоопкерчилигин унутпашын жана тандаган туура эмес жолунан эртерээк артка кайтышын үмүт кылабыз.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

Булактар

60. Micheal Ruse, The Evolution Wars, Rutgers University Press, New Jersey 2001, s. 279