Дарвинизмди Мусулмандаштыруу Аракеттери: Пассивдүү, Алсыз, Баш Ийүүчү Күрөштүн Бир Түрү

Дарвинизм менен илимий күрөшүүдөн качынгандардын орток психологиясы – бул алардын жеңилгендик сезими. Эволюция теориясы илимий табылгаларга таянат деп ойлогондор илимдин алдында алсызмын деп ойлошот. Эволюционисттер айткан пикирлердин туура экендиги илим тарабынан тастыкталган, ошондуктан буларга жооп берүү эч мүмкүн эместей элестетишет. Жооп берүү мүмкүн эмес деп ойлогондуктан, эң башынан эле «баш ийүүнү» кабыл алышат.

Чындыгында болсо, эволюция теориясы илимий бир теория деген жаңылыштык – бул багытта жүргүзүлгөн күчтүү пропаганданын бир натыйжасы. Телевизор кабарларында, гезит жана журнал макалаларында тынымсыз эволюциянын далилденген, андан баш тартууга эч мүмкүн болбогон бир теория экендиги сыяктуу көрүнүш жаратылат. Эволюция теориясын жактоо илимди жактоо, ал эми эволюциядан баш тартуу болсо илимге каршы чыгуу сыяктуу имидж пайда кылынат. Бирок илимий табылгалар бул пропаганданын тескерисин көрсөтүүдө. Илим эволюцияны тастыктаган жок, тескерисинче кыйратууда. Объективдүү абалда илимди жактаган бир адамдын эволюцияны жакташы чынында эч мүмкүн эмес. Эволюция теориясынын мынчалык активдүү пропаганда кылынышы илимий теория болгону үчүн эмес, материализм жана динсиздиктин таянычы болгону үчүн. Т.а., эволюция пропагандасы илимий себептерден улам эмес, идеологиялык максатта жасалууда. Кээ бир Мусулмандардын ичинен «Дарвинизм менен күрөшүү мүмкүн эмес» деп ойлошунун түпкүрүндө да ушул күчтүү пропаганданын таасири бар. Мындай пропагандалардын натыйжасында эч кандай чындык үлүшү болбогонуна карабастан, «эволюцияга каршы чыгуу – бул илимге каршы чыгуу» деген пикир пайда болот. Илимге каршы чыкпаш үчүн илимий деп кабыл алынган эволюция теориясы менен Ислам Дини арасында «орто бир жол» курууга аракет кылынат. Бирок түпкүрүндө бул дарвинизм менен илимий күрөшүүдөн качуунун жолун табуу аракети.

Себеби чын пейилден ойлонгон жана абийири менен аракет кылган бир адам эволюция теориясынын туура болушунун мүмкүн эмес экендигин оңой гана түшүнө алат. Абдан кылдат бир тең салмактуулук жана кемчиликсиз бир механизмге ээ жандуулардын сокур кокустуктардын чыгармасы болушу эч мүмкүн эмес. Дарвинисттер бир ууч акылсыз атом бир жерге чогулуп, жамгыр, чагылгандардын таасиринин натыйжасында ойлоно алган, сезе алган, маек кура алган, сонун бир табият көрүнүшүнөн ырахат алган, бир мышыктын баласына боорукердик кылган, кедейлерге мээрим көрсөтө алган, жаңы ачылыштар жасай алган, симфониялар, архитектуралык чыгармалар жарата алган адамды пайда кылды деп айтышат. Аң-сезимсиз атомдор түркүн түстүү гүлдөрдү, бири экинчисинен даамдуу, түрдүү мөмөлөрдү, бири экинчисинен айырмалуу кемчиликсиз системаларга ээ жаныбарларды жаратты дешет. Чынында болсо жаныбарлардын түзүлүшү бири бирин ээрчиген кокустуктар менен эч пайда боло албай турган деңгээлде комплекстүү жана кемчиликсиз. Алардын пайда болушу үчүн жогорку бир акыл керек. Жана илимий жетишкендиктердин баары жандуулардын жогорку акыл жана кудурет ээси бир Жаратуучунун, т.а. Раббибиз болгон Аллахтын чыгармасы экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө.

Andolsun onlara; "Gökleri ve yeri kim yarattı?" diye soracak ols an, tartışmasız; "Allah" diyecekler. De ki; "Hamd Allah'ındır."
Hayır, onların çoğu bilmezler.
(Lokman Suresi, 25)

Мындан тышкары илимий макала, китептерди үзбөй окуган бир адам да эволюция теориясынын чоң бир туңгуюктун ичинде экенин даана көрө алат. Илимий макала, китептер эволюционист илимпоздордун моюнга алуулары жана карама-каршылыктарына толо. Көптөгөн эволюционист дарвинизмдин жандуулардын пайда болушун түшүндүрө албашын ачык мойнуна алышууда. Болгондо да саны барган сайын көбөйгөн көптөгөн илимпоздор дарвинизмдин абалын түшүнүп, жаратылуу чындыгын жакташууда.

Ошондуктан, дарвинизм менен илимий, ачык жана так бир абалда күрөшүүдөн тартынуу үчүн эч кандай себеп жок. Илим эволюцияны тастыктайт деп ойлогондуктан, бул теманы жакыныраактан изилдегенде өздөрүнүн да бул пикирлердин таасиринде калып ыймандарынын алсызданышынан, дүйнөгө көз-карашынын өзгөрүшүнөн корккондордун тынчсыздануусу негизсиз. Илим дарвинизмди эмес, Жаратылууну (т.а. ааламдар жана жандуулардын Жаратуучусу бар экенин) көрсөтүүдө. Дарвинизм жактаган пикирлердин баары жүздөгөн илимий далилдер тарабынан кыйратылды. Мусулмандарга түшкөн милдет – бул мындай далилдерди да колдонуу менен дарвинизмди илимий тараптан толугу менен таасирсиз кылуу.

Дарвинизмди Пассивдүү Жана Баш Ийүүчү Бир Түшүнүк Менен Таасирсиз Кылуу Мүмкүн Эмес

Кээ бир Мусулмандар толугу менен спекулятивдик ыкмалар жана идеологиялык себептер менен жүргүзүлгөн пропагандалардан коркуп, буларды жеңе албайбыз деп ойлошуп, күчтүү каалоо жана толкундануу менен дарвинизм менен илимий күрөшүү ордуна, пассивдүү жана баш ийүүчү бир жолду тандашууда.

Мындай пассивдүү жана баш ийүүчү мамиленин эң жаман мисалдарынын бири, жогоруда да айтылгандай, дарвинизмди сөз жүзүндө Мусулмандаштырууга аракет кылуу. Мындай мамилелерине колдоо таба алуу үчүн Шумер коомдорунан калган путпарасттык (идолго сыйынуучу) ишенимдерди колдонуу аркылуу аалым деп атаган адамдардын сөздөрүн айтып, «Дин ушундай деп жатат» деген түшүнүктү жайууга аракет кылышат. Чынында болсо мунун дарвинизм менен илимий күрөштөн качынуу үчүн айтылган шылтоо экени анык. Пассивдүү, баш ийүүчү күрөштүн абдан жаман бир тарабы.

Бул адамдар коркуп, илимий жеңе албайбыз деп ойлошкондуктан, дарвинизмге карата ушундай ыкманы колдонуу менен жашыруун жеңилген бир күрөш жолун колдонушкан болот. Аллахка жүрөктөн ишенген, Анын жогорку күч-кудуретин баалай алган бир Мусулман үчүн мындай күрөш жолу абдан уяттуу көрүнүш. Салих бир Мусулмандын күрөшүнүн пассивдүү жана жеңилген абалда болушу эч мүмкүн эмес. «Биз да ушул эле нерсени жактап жатабыз» логикасы менен дарвинизмге каршы туруу эч мүмкүн эмес. Мусулман ыйман келтирген чындык – бул бүт нерсени Аллах жараткандыгы чындыгы. Ошондуктан бир Мусулмандын дарвинисттер менен бир эле пикирди жакташы мүмкүн эмес. Мусулман дарвинизмге карата ачык, жеңүүчү бир илимий күрөш ичинде болушу керек. Аллахтан чындап корккон бир Мусулмандын дарвинизм менен бир пикирди жана идеологияны жакташы эч мүмкүн эмес.

Дарвинизм коркунучун байкай албаган, анын Аллахка болгон ыйманга каршы күрөшүн түшүнө албаган мындай адамдардын туура эмес ыкмаларды колдонуу ордуна, бул темада эч сөз козгобошу бир канча эсе жакшы болот. Илимий күрөштөн коркуп, күчүбүз жетпейт деп ойлогон темаларда туура эмес жана акылсыз ыкмаларды колдонуу туура эмес иш-аракет. Дарвинизм – болгон мүмкүнчүлүк менен каршы туруп, толугу менен жараксыз кылына турган чоң бир коркунуч. Мындай чоң коркунучту байкабай дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн илимий күрөшкө тоскоол болуу – чоң жаңылыштык жана Аллахтын алдында чоң жоопкерчилик.

Дарвинизмди Ислам Менен Байланыштырууга Аракет Кылгандардын Аракеттери Натыйжасыз

Аллах Куранда жандуулардын жана ааламдын жаратылышы жөнүндө көптөгөн аяттарды түшүргөн. Бул аяттарда жандуулардын бири-биринен жаралганын, араларында эволюциялык бир байланыш бар экенин көрсөткөн эч кандай маалымат же ишарат жок. Албетте Аллах кааласа жандууларды эволюция жолу аркылуу да жаратышы мүмкүн эле. Бирок Куранда бул багытта эч кандай ишарат жок, эволюционисттер айткандай түрлөрдүн баскыч баскыч пайда болушун тастыктай турган бир да аят жок. Эгер мындай жаратылуу жолу болгондо, муну Куран аяттарында терең түшүндүрмөлөрү менен бирге көрмөкпүз. Бирок тескерисинче Куранда жандуулардын жана ааламдын Аллахтын «Бол» буйругу менен кереметтүү абалда жаратылганы билдирилүүдө:

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Эгер дарвинисттер айткандай, чындап эле Аз. Адамдан мурда жарым маймыл-жарым адам жандыктар жашаган болгондо, жандуулардын жаратылышында мутациялардын, табигый тандалуулардын таасири болсо, Аллах муну бизге Курани Керимде ачык, даана жана оңой түшүнө турган негизде кабар бермек эле. Бирок Курандын эч бир аятында мындай маалымат жок. Тескерисинче, көптөгөн аятта адамдын жоктон, эң сонун абалда жаратылганы билдирилүүдө:

Чынында, Биз адамды эң кооз келбетте жараттык. (Тин Сүрөсү, 4)

Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир келбет берди; жүзүңөрдү да сулуу кылды. Ага кайтарыласыңар. (Тегабүн Сүрөсү, 3)

Куран бүтүндөй каралганда, эволюциялык жаратылуу пикирин жактагандар жасаган түшүндүрмөлөрдүн такыр жараксыз экендиги апачык көрүнүүдө. Мурда Куран дарвинизмди жокко чыгарат аттуу китебибизде эволюциялык жаратылууну жактаган Мусулмандардын сөздөрүнө бир-бирден жооп берилген жана эволюциялык жаратылуу пикиринин далилсиз экени көрсөтүлгөн. (Бул тема жөнүндө караңыз Harun Yahya, Kuran Darwinizm'i Yalanlıyor, Araştırma Yayıncılık, 2005, о.э. www.harunyahya.org сайтынан кыргызча макаларды караңыз).

Кээ бир Мусулмандар маалымат жетишсиздиги себебинен эволюциялык бир жаратылуу болушу мүмкүн деген жаңылыштыкка кабылган болушу мүмкүн. Бирок бараткан жолунун туура эмес экенин көргөндө, чын ыкластуу бир Мусулмандын милдети – катадан баш тартуу жана туураны ээрчүү. Аллах Куранда ыйман келтиргендердин кылган каталарында кежирлик кылбашы керек экенин кабар берген:

...Жана алар кылган (жаман иштеринде) билип туруп көшөрбөгөндөр. (Али Имран Сүрөсү, 135)

Аятта билдирилген сонун ахлакты ээрчигендер дарвинизмди Мусулмандаштырууга аракет кылуунун канчалык туура эмес экенин байкап, ошол замат мамилелерин өзгөртүшү зарыл. Мындай мамиле өзгөртүүнүн эң сонун көрсөткүчү болсо дарвинизмге кыйыр жолдон колдоо көрсөтүүдөн качынуу, так жана ачык бир аракет менен дарвинизмге каршы туруу жана дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн илимий күрөшкө колдоо көрсөтүү болмокчу.

Дарвинизмди Өз Ойлорунда Мусулмандаштырууга Аракет Кылгандар Периштелердин Жана Жиндердин Жаратылышын Түшүндүрө Алышпайт

Улуу күч-кудурет ээси болгон Раббибиз каалаганын каалаган абалда жана убакта, өрнөк албастан жоктон бар кылуучу. Аллах бир нерсенин болушун каалаганда, ага «Бол» деген буйругун бериши гана жетиштүү:

Кандайдыр бир нерсени (жаратууну) каалаганыбызда сөзүбүз ага «Бол» деп айтуу гана; ал ошол замат болуп калат. (Нахл Сүрөсү, 40)

Аллах ар кандай кемчиликтен аруу, таза жана эч нерсеге муктаж эмес. Ошондуктан Аллах жаратуу үчүн эч кандай себепке, курал-жаракка, баскычка муктаждыгы жок. Бул дүйнөдө бүт нерсенин белгилүү себептерге, табият мыйзамдарына көз-каранды болушу эч кимди жаңылтпашы керек. Аллах – бүт бул себептердин Жаратуучусу катары булардан толугу менен аруу, таза.

Бирок бул чындыкты терең ойлонбогондор ар кандай жаңылыштыктарга кабылышы мүмкүн. Өз ойлорунда дарвинизм менен Ислам арасында бир келишим түзүүгө аракет кылгандар да ушундай үстүртөн ойлонуудан улам жаңылышууда. Аллахтын жогорку жаратуу кудуретин, жаратуу чеберчилигиндеги кемчиликсиздикти толук түшүнө албагандыктан «Исламдык эволюция» сыяктуу туура эмес жоромолдорду жасашууда. Адамдын эволюция жолу менен өнүккөнүн айткан бул адамдарга периштелер жана жиндер кандайча жаратылды деп суралганда болсо жооптору «Аллах жоктон жаратты» болот. Жиндерди жана периштелерди Аллахтын жаратканын кабыл алган бул адамдардын Аллахтын адамды да ошол сыяктуу жараткан болушун ойлоно албашы, буга акыл жүгүртө албашы абдан кызык абал. Периштени «Бол» буйругу менен бир заматта жараткан Улуу Раббибиздин адамды да ушундай эле жаратканын байкай албашы абдан таң калыштуу абал.

Аллах Куранда жиндердин адамдардан айырмаланып, оттон жаратылганын кабар берүүдө:

Адамды отто бышкан сыяктуу кургак бир ылайдан жаратты. Жиннди болсо «жалын-түтүнсүз бир оттон» жаратты. (Рахман Сүрөсү, 14-15)

Куранда кабар берилгендей, периштелердин жаратылышы да адамдын жаратылышынан такыр башкача. Аятта периштелердин жаратылышы мындайча билдирилүүдө:

Мактоолор асмандарды жана жерди жараткан, экиден, үчтөн жана төрттөн канаттуу периштелерди элчилер кылган Аллахка тиешелүү; Ал жаратууда каалаганын көбөйтөт. Шек жок, Аллах – бүт нерсеге Кудуреттүү. (Фатыр Сүрөсү, 1)

Аяттагы баяндан да байкалгандай, периштелер көрүнүшү жагынан да адамдардан такыр башкача. Ошондой эле, Куранда периштелердин да, жиндердин да адамдардан мурда жаратылганы кабар берилүүдө: Аллах алгачкы адам болгон Аз. Адамды жаратаарда мурда жараткан периштелерге жана бир жин болгон Иблиске Аз. Адамга сажда кылууларын буйрук кылган. Аятта мындайча билдирилүүдө:

Периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» деп айттык; Иблистен башка (калгандары) сажда кылышты. Ал жиндерден эле, ушинтип Раббиңдин буйругунан баш тартты. Андай болсо Мени койуп, аны жана анын урпактарын дос тутасыңарбы? Чындыгында алар – силердин душмандарыңар. (Бул) Залимдер үчүн канчалык жаман бир (тандоо) алмашуу. (Кехф Сүрөсү, 50)

Аллах үчүн жаратуу абдан оңой. Раббибиз – эч кандай себеп болбостон жоктон бар кылып, жаратуучу. Жиндерди жана периштелерди ар кандай келбетте жана жоктон бар кылган сыяктуу эле, адамды да эволюцияга муктаж болбостон, өзүнчө бир жандык катары жоктон жараткан. Ушул эле абал жаныбарлар жана өсүмдүктөр сыяктуу башка жандыктарга да тиешелүү. Куранда билдирилген апачык чындык мындай: Аллах бул жандыктардын эч бирин эволюция кылбастан, т.а. түрлөрдү башка түрлөргө айлантпастан бир заматта жоктон бар кылган.

Куранда Орун Алган, Аллахтын Себепсиз Жаратуу Мисалдары

Дарвинизм менен Ислам арасында «бир орто жол» түзүү жаңылыштыгына кабылгандардын мындай туура эмес логикага таянып түшүндүрө албаган темалардын бири – Куранда орун алган, Раббибиздин кереметтүү жаратуу мисалдары. Бул мисалдарда Аллах эч кандай себеп болбостон, кереметтүү бир абалда жараткан жандуулар жөнүндө айтылган. Шумер жомокторунун путпарасттык аңгемелерин илим деп ойлогондор бул мисалдар алдында чарасыз абалда калышат.

Аз. Иса Ылайдан Жасаган Канаттууга Жан Кириши

Куранда Аз. Иса ылайдан чымчыкка окшош бир нерсе жасап, кийин анын ичине үйлөгөндө, Аллахтын каалоосу менен, бул канаттууга жан киргени кабар берилген:

Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең. Сага Китепти, хикматты, Тооротту жана Инжилди үйрөттүм. Уруксатым менен ылайдан канаттууга окшош (бир нерсени) жасап (кайра эле) уруксатым менен ага үйлөгөнүңдө бир канаттууга айланган эле... (Маида Сүрөсү, 110)

Бул чымчыкка эч кандай себепке көз-каранды болбостон, Аллахтын каалоосу жана керемети менен, жан кирген. Жансыз бир нерседен жандууга айланган чымчык – Улуу Аллахтын өрнөксүз, себепсиз, улуу жаратуу мисалдарынын бири. Жана бул абалды өз ойлорунда дарвинизмди Мусулмандаштырууга аракет кылгандардын көз-карашы менен түшүндүрүүгө болбойт.

Өлгөн Чымчыктардын Аз. Ибрахимге Кайра Кайтып Келиши

Аллахтын жансыз нерселерге кереметтүү бир абалда жан бергенин көрсөткөн мисалдардын бири Аз. Ибрахим кыссасында кабар берилүүдө:

Ибрахим: «Раббим, мага өлүүлөрдү кандайча тирилткениңди көрсөт» деп айткан эле. (Аллах ага:) «Ишенбей жатасыңбы?» дегенде, «Жок (ишендим), бирок жүрөгүм канааттанышы үчүн» деди. «Андай болсо төрт канаттуу ал. Аларды өзүңө үйрөт, кийин аларды (майдалап) ар бир бөлүгүн бир тоонун үстүнө кой, кийин аларды чакыр. Сага ылдам келишет. Билгин, шексиз Аллах – улук жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси.» (Бакара Сүрөсү, 260)

Аятта кабар берилгендей, Аз. Ибрахим төрт чымчыкты майдалап, ар бир бөлүгүн бир тоонун үстүнө таштаган, бирок бул чымчыктарга андан соң кереметтүү бир абалда кайрадан жан кирип, Аз.Ибрахимге кайтышкан. Бул – Раббибиздин бардык себептерден аруу, таза экенин, эч кандай себепсиз жандууларды жоктон жаратаарын көрсөткөн бир мисал.

Аз. Зекериянын Төрөбөс Аялынан Балалуу Болушу

Куранда мисал берилген кереметтүү жаратуу мисалдарынын бири Аз. Зекериянын аялы төрөбөс кезинде балалуу болушу менен сүйүнчүлөнүшү. Аяттарда мындайча буйурулат:

(Аллах айтты:) «Эй Зекерия, шексиз Биз сага аты Яхья болгон бир баланы сүйүнчүлөөдөбүз; Биз мындан мурда ага эч кимди адаш кылган эмеспиз.» (Ал) Айтты: «Раббим, аялым төрөбөс (бир аял) болсо, мен кандайча балалуу болом? Өзүмдүн да абдан улгайган кезим.» (Ага келген периште:) «Мына ушундай» деди... (Мерйем Сүрөсү, 7-9)

Аяттарда билдирилгендей, Аллах үчүн жаратуу абдан оңой; Аллахтын эч кандай себепке муктаждыгы жок. Раббибиз ар кандай кемчиликтен аруу, таза.

Мындан тышкары, Куранда билдирилген кээ бир тирилүү мисалдары да Аллахтын каалаганын, каалаган убакта, каалаган абалда жоктон жаратканы сыяктуу, эч кандай себепке муктаж болбостон тирилтээрин көрсөтүүдө.

Ар бир адам өлүп топуракка аралашкандан кийин акырет күнү жаңы бир жаратылуу менен тирилтилет. Жана адамдын бул тирилүүсү алгачкы жаратылуусуна окшош абалда болот. Бул чындык аятта мындайча баяндалган:

Ант болсун, силерди алгачкы жолу жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир-бирден жана жападан жалгыз (бир абалда)» Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди артыңарга калтырдыңар... (Энъам Сүрөсү, 94)

Аятта адамдардын акыреттеги кайрадан жаратылышынын алгачкы жаратылышы сыяктуу болооруна көңүл бурулууда. Өлүп, чаң топуракка айланган адамга Раббибиздин тирилтиши менен кайрадан жан кирип, жансыз бир зат абалынан адам абалына келет. Кыямат күнү адамдардын денелерин жоктон жарата турган Аллах алгачкы адам болгон Аз. Адамды да жансыз бир зат болгон ылайдан жараткан:

Раббиң периштелерге: «Чынында Мен ылайдан бир адам жаратам» деп айткан эле. «Ага бир калып берип, ага Рухумдан үйлөгөнүмдө силер ал үчүн ылдам сажда кылгыла.» (Сад Сүрөсү, 71-72)

Демек адамдын алгачкы жаратылышы менен акыретте кайрадан жаратылышы бири-бирине окшош болууда жана бул баскыч баскыч эмес, бир заматта, кереметтүү абалда ишке ашууда.

Мындан тышкары, Аллах дүйнөдө да кээ бир пенделерине кереметтүү тирилтүү мисалдарын көрсөткөн. Мисалы, Раббибиз Аз. Мусанын коомуна өлүктөрдү кандайча тирилтээрин көрсөтүү үчүн бир өлүк денени мурдараак союлган бир уйдун бир бөлүк эти менен ургула деп билдирген. Жана бул коом Аллахтын керемети менен өлүк дененин тирилишине күбө болушкан. Бул кысса аяттарда мындайча баяндалат:

Силер бир адамды өлтүргөн элеңер жана ал (аны ким өлтүргөнү) жөнүндө бири-бириңер менен талаштыңар. Аллах болсо жашырганыңарды ачыкка чыгармак. Бул үчүн: «Аны (өлгөн адамдын денесин сойгон уюңардын) бир бөлүгү менен ургула» дедик. Ушинтип, Аллах өлүүлөрдү тирилтет жана силерге аяттарын көрсөтөт, силер акылыңарга келишиңер үчүн. Андан кийин жүрөктөрүңөр кайрадан катып калды; таш сыяктуу, ал тургай андан да катуу (болду). Себеби таштардын ушундайлары бар, алардан суулар атылып чыгат, ушундайлары да бар, (алар) жарылат, андан суулар чыгат, (жана) ушундайлары бар, Аллахтан коркконунан (ордунан) кулайт. Аллах силер жасаган иштерден кабарсыз эмес. (Бакара Сүрөсү, 72-74)

Бул жөнүндө Куранда берилген башка бир мисал болсо өлгөндөн кийин тирилүүгө ишенбеген бир адамдын абалы. Аяттарда билдирилгендей, Аллах бул адамды жүз жыл өлүү абалда калтырган жана андан соң тирилткен. Куранда бул окуя мындайча баяндалат:

Же асты үстүнө айланган, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени инсандарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди?» деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экенин билдим.» (Бакара Сүрөсү, 259)

Бул жөнүндө Куранда берилген мисалдардын дагы бирөөсү – бул Асхабы Кехф (Үңкүр Ээлери). Ыймандуу жаштардан куралган Асхабы Кехф, арасында жашаган коому Аллахка шерик кошуп, Аллахтан башка кудайлар тутунуп алгандыктан, коомдорунан алыстап, бир үңкүрдү башпаанек кылышкан. Аллах Асхабы Кехфке үч жүз жыл ашуун уйку берген жана аларды кереметтүү бир абалда үңкүрдө уктаткан. Кийин аларды бул уйкусунан ойготкон. Бул окуя Куранда мындай баяндалат:

Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). (Кехф Сүрөсү, 11)

Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана дагы тогуз (жыл). Айткын: «Канчалык турушканын Аллах жакшыраак билет. Асмандардын жана жердин кайып кабарлары Аныкы. Ал кандай жакшы көрүүдө жана кандай жакшы угууда. Андан башка алардын бир досу (велиси) жок. (Ал) Өз өкүмүндө эч кимди орток кылбайт.» (Кехф Сүрөсү, 25-26)

Кийин эки топтон кайсынысынын канча тургандыктарын жакшыраак эсептээрин көрсөтүү үчүн аларды ойготтук. Биз сага алардын кабарларын бир чындык (окуя) катары баяндап жатабыз. Чындыгында алар Раббилерине ыйман келтирген жаштар эле жана Биз алардын хидаяттарын арттырган элек. (Кехф Сүрөсү, 12-13)

Бул мисалдар Ислам менен дарвинизм арасында орто бир жол издегендердин жаңылганын дагы бир жолу көрсөтүүдө. Себеби андай адамдардын логикасы менен Куранда билдирилген бул мисалдардын эч бирин түшүндүрүүгө болбойт. Ал адамдар дарвинисттердин пикиринин негизин түзгөн натуралисттик догмадан таасирленгендиктен, жандуулардын жана адамдын жаралышын да табият мыйзамдарына ылайык түшүндүрүүгө аракет кылышууда. Чоң бир жаңылыштыкка кабылып, Аллах бул табият мыйзамдары менен чектелип, жандууларды жараткан деп (Аллахты аруулайбыз) ойлошууда. Ошондуктан, мутация, табигый тандалуу, түрдөшүү сыяктуу ойлоп табылган механизмдер менен бир түрдүн башка түргө айланышы жолу аркылуу жаратылуу болгон деп ойлошууда. Бир Мусулмандын мындай адашкан логикага кабылышы такыр туура эмес. Улуу күч-кудурет ээси Раббибиздин каалаганын каалаган абалда жаратууга күчү жетет. Ыкластуу бир Мусулман бардык кемчиликтерден аруу болгон Улуу Аллахты зарыл деңгээлде таанып билиши, кудуретин түшүнүшү керек жана эволюционист догмалардын, пропагандалардын, калптардын таасиринде эч калбашы керек.

O, gökleri ve yeri hak olarak yaratandır.
O'nun "Ol" dediği gün (herşey) oluverir, O'nun sözü haktır…
(Enam Suresi, 73)

Дарвинизмди «Маанисиз» Деп Ойлоо Чоң Бир Жаңылыштык

Дарвинизм менен жүргүзүлүшү керек болгон илимий күрөштүн маанилүүлүгү ачык көрүнүп турганына карабастан, кээ бирөөлөр дагы эле «Эмне үчүн дарвинизм темасы мынчалык маанилүү?» деп айтып өз ойлорунда бул илимий күрөштү маанисиз көрүшүүдө же «Ансыз деле Дарвинге эми ишенгендер жок, ошондуктан бул темада аракет кылуунун кажети жок» сыяктуу чындыкка туура келбеген логикаларды айтып Мусулмандардын дарвинизм менен күрөшүнө тоскоол болууга аракет кылышууда. Ушул жана ушул сыяктуу сөздөр түпкүрүндө дарвинизм менен илимий күрөшүүдөн качынуу үчүн айтылган шылтоолор.

Дарвинизм кандайдыр бир илимий гипотеза эмес, адамдарды Аллахтан баш тарттыруу үчүн ойлоп чыгарылган жана жакталган бир пикир системасы. Эволюциялык теория менен материалисттик философия бири-бирин толуктаган эки пикир системасы. Байыркы Грецияда пайда болгон бул «достук» 19-кылымдын өнүкпөгөн илим түшүнүгү ичинде кайрадан айтып чыгылган жана эволюция теориясы материализмге сөз жүзүндө бир колдоо көрсөткөндүктөн, илимий болуп болбошуна карабастан, материалисттер тарабынан ошол замат кабыл алынган.

1. 19 Şubat 2001 tarihli Newsweek. "Terör Globalleşiyor"
2. 22 Mart 2004 tarihli Newsweek, "Avrupa'nın 11 Eylül'ü"
3. 15 Eylül 2004 tarihli Paris Match, "Masumların Katliamı"
4. 26 Nisan 1999 tarihli Newsweek, "Gözyaşları ve Terör"

Yaşanan çatışmaların, anarşi ve terörün temelinde, insanların sözde hayvan oldukları ve ayakta kalabilmek için acımasız olmaları gerektiği iddiasında olan Darwinizm vardır.

Дарвинизмдин жана ага таянган материалисттик философиянын жайылышы менен бирге «Адам эмне өзү?» суроосуна бузуку жооптор бериле баштаганы талашсыз чындык. Мурда бул суроого «Адам – Аллах жараткан жана Ал үйрөткөн сонун ахлакка ылайык жашашы керек болгон бир жандык» жообун берген адамдардын бир бөлүгү көптөгөн алдамчы калптардын натыйжасында «Адам – кокустуктар натыйжасында пайда болгон, жашоо күрөшү менен өнүккөн бир жаныбар (айбан)» жаңылыштыгына кабылып башташкан

Эволюция теориясы кокустуктарды, убакытты жана жансыз заттарды кудай катары кабыл алып, бул алсыз, акылсыз (аң-сезимсиз) нерсе жана түшүнүктөргө өз алдынча жаратуучулук сыпатын берүүдө. Бир Мусулман мынчалык путпараст негиздерге таянган бир теорияны эч качан жактабайт. Ыймандуу бир адам Жаратуучубуз болгон Аллахтын бүт нерсени жоктон жаратканына ыйман келтирет жана бул ишенимге каршы келген ар түрдүү пикир жана ишеним менен илимий күрөш жүргүзөт.

Тараптарларынын пропагандаларына алданып, дарвинизмдин коркунучтарын көрмөксөн болуу чоң бир жаңылыштык. Дарвинизмдин канчалык коркунучтуу экенин түшүнө албаган бир адам белгилүү бир убакыттан кийин бул бузуку идеологияны кадыресе көрүп баштайт. Дарвинизмди кадыресе көрүү болсо атеизмди, динсиздикти, материализмди кадыресе кабыл алуу дегенди билдирет. Дарвинизм менен илимий күрөштөн качынуу атеизм менен, динсиздик менен күрөшүүдөн качынуу дегенди билдирет. Албетте бул – ыймандуу адам кабыл ала турган бир нерсе эмес.

Бул нерсени унутпаш керек: дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде миңдеген Мусулман, байкуш аялдар, жаш балдар, улгайган адамдар кабылган зулумдуктардын, башынан өткөргөн азап жана кыйноолордун түбүндө дарвинизм турат. Жүздөгөн күнөөсүз адамдын канынын төгүлүшүнө, адамдардын коркуу, тынчсыздануу ичинде жашашына себеп болгон террор дарвинизмдин бузуку пикирлерине таянууда. Фашизм жана коммунизм сыяктуу өткөн кылымга тамгасын баскан кандуу идеологиялар дарвинизмден колдоо алган. Көптөгөн коом башынан өткөргөн ахлактык чөгүү – дарвинисттик пропаганданын натыйжасы. (Кийинки бөлүмдөрдө бул темалар терең каралат).

Мусулмандардын милдети «жер бетинде фитна (бузукулук) калбаганга чейин» илимий күрөштү улантуу. Учурдун эң коркунучтуу жана эң чоң фитнасы болсо – бул дарвинизм. «Дарвинизм илимпоздордун темасы, бизге тиешеси жок» деген сыяктуу жаңылыштыктарга кабылуунун ордуна Мусулман жер бетинде чоң зулумдукка себеп болгон бул идеологияны илимий кыйратышы, таасирсиз кылышы зарыл. Муну кылбоо, т.а. күрөш жүргүзбөө - зулумдукка ыраазы болуу дегенди билдирет жана чындап ыйман келтирген эч бир адам мындай жоопкерчиликти мойнуна көтөргүсү келбейт.

Бул Чоң Илимий Күрөштөн Качынуунун Жоопкерчилиги

Ыкластуу момундар динди түшүндүрүү милдетин чоң бир толкундануу менен аткарышат жана дин ахлагынын жайылышы үчүн аракет кылышат. Бул аракетинде дин ахлагынын жайылышына жана жашалышына тоскоол болгон нерселерди да так аныктап, буларга каршы натыйжалуу бир илимий, акылдуу күрөш жүргүзүшөт. Материализмдин жана атеизмдин сөз жүзүндө илимий таянычы болгон дарвинизм бүгүнкү күндө адамдарды дин ахлагынан алыстаткан эң маанилүү кыймыл. Ушул себептен момундардын дарвинист пропаганда алдында үн-сөзсүз карап турушу такыр туура эмес.

Бир тараптан дарвинизм менен илимий күрөш жүргүзбөй, экинчи тараптан баштан өтүп жаткан кыйынчылыктардан, Мусулман элдер тарткан азаптардан, коомдук бузулуулардан тынчсызданып жатам деп айтуунун бир мааниси жок. Себеби кыйынчылык жана азап ичиндеги Мусулмандарга чын пейилден жардам бергиси келгендер, ачарчылык, жокчулук, адилетсиздикке тамырынан чечүү жолун табууну, согуштардын токтошун, тынчтыктын өкүмчүлүк кылышын, Мусулмандардын дүйнөдө сүйүү жана урмат көрүшүн, ыйык баалуулуктарыбыздын керектүү деңгээлде сакталышын талап кылгандар дарвинизм менен илимий күрөшүүгө мажбур. Себеби дарвинизм жок болмоюнча бул каалоолорунун ишке ашышы мүмкүн эмес. Дарвинизм турганда материализм жана атеизм таасирин улантат жана адамдар дин ахлагынан алысташат. Дин ахлагынан алыстаган коомдордо болсо жогоруда саналган маселелер сөзсүз орун алат.

Dünyanın dört bir yanında, Müslümanların yaşadıkları acı ve sıkıntılara çözüm oluşturmak, tüm iman edenlerin sorumluluğudur. Ancak, kalıcı bir çözüm oluşturmak için sivrisineklerle tek tek mücadele etmek yerine bataklığı kurutmak gerekir. Tüm dünyada acı, gözyaşı ve sıkıntıya neden olan bataklık ise Darwinizm'dir.

Чиркейлер менен күрөшүүдө эң негизгиси чиркейлердин мекени болгон саздакты кургатуу болгон сыяктуу эле, коомдук маселелердин чечүү жолу – бул дарвинизмдин илимий кыйратылышы. Каалаган адам чиркейлерди бир-бирден өлтүрүүгө аракет кылышы мүмкүн, бирок саздак кургатылмайынча, бир адам бүт күнүн чиркейлерди өлтүрүү менен өткөрсө да, эртеси күнү жаңы чиркейлер менен күрөшүшү керек болот.

1. Milli Gazete, 13.04.2005, a Turkish daily newspaper "Muslims Crying out under Chinese Oppression"
2. Birgün, 15 July 2005, a Turkish daily newspaper "Rise in Attacks on Muslims"
3. Akşam, 15 July 2005, a Turkish daily newspaper "Rise in Racist Attacks on Muslims"
4. Milli Gazete, 21 November 2004, a Turkish daily newspaper "Slaughter of Muslims in the Philippines"
5. Takvim, 25 September 2005, a Turkish daily newspaper "More Disorder in the Middle East"
6. Günboyu, 25 May 2004, a Turkish daily newspaper "Further Bloodshed in Kashmir"
7. Yeni Asya, 15 April 2005, a Turkish daily newspaper "China Oppressing the Uighurs"

Адилетсиздиктин, жакырчылыктын, коомдук теңсиздиктердин жоюлушу, уруштардын токтошу сыяктуу темаларда бир-бирден аракет кылуу албетте зарыл жана маанилүү. Бирок маселелерди тамырынан чечүү үчүн жана кааланган жыйынтыкка жете алуу үчүн дарвинизмди толугу менен таасирсиз кылуу шарт. Дарвинизмдин илимий кыйратылышы менен бул маселелер өзүнөн өзү жоголот, себеби бул маселелерди пайда кылган пикирдик, философиялык негиз жыгылган болот.

Бүт Мусулмандар муну түшүнүү менен дарвинизмге каршы илимий күрөшүүнүн канчалык чоң бир милдет экенин дагы бир жолу ойлоп көрүшү керек. Аллах Куранда кандайдыр бир маанилүү себеби болбостон ордунда отургандар менен болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп аракет кылгандардын Аллах Кабатында ала турган сыйлыгынын тең эмес экенин кабар берген:

Момундардан эч кандай маанилүү себепсиз отургандар менен Аллах жолунда малдары жана жандары менен жехд кылгандар (аракет кылгандар) бирдей эмес. Аллах малдары жана жандары менен жехд кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда даражасын бийик кылган... (Ниса Сүрөсү, 95)

Албетте ыкластуу момундар Аллахтын ыраазычылыгын эң көбүн каалашат. Ушул себептен болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, динсиздикке жана динсиздиктин таянычы болгон дарвинизмге каршы илимий күрөшүүгө милдеттүү.

Куранда «Чынында каапырлар (адамдарды) Аллахтын жолунан тосуу үчүн мал-мүлкүн каржашат; мындан кийин да каржай беришет...» (Энфал Сүрөсү, 36) аяты менен каапырлардын динсиздикти жайуу үчүн тынымсыз аракет кылаарына ишарат кылынган. Каапырлардын мындай аракети алдында ыймандуу адамдардын унчукпай турушу, коркунучка көз жумуп коюшу, пассивдүүлүктү тандашы, тартынышы эч туура эмес. Моюндарындагы чоң жоопкерчиликти байкаган ыкластуу Мусулмандар дарвинизм коркунучуна каршы активдүү жана эр жүрөктүүлүк менен бир илимий күрөш жүргүзүшөт жана эч качан ар кандай шылтоолорду айтып бул илимий күрөштөн качууга аракет кылышпайт. Себеби мындай күрөшкө көз жумуп коюунун акыреттеги жоопкерчилигинин абдан чоң болушу мүмкүн экенин билишет.

Мусулмандар Дарвинисттик Пропагандаларга Алданбашы Керек

Эволюция теориясы учурдагы илимий жетишкендиктер тарабынан болгон таянычтарынын баарынан айрылды. Молекулярдык деңгээлде жана ошондой эле биология, палеонтология тармактарында жасалган изилдөөлөр жандуулардын эволюциялык бир процесс натыйжасында жаралганы жөнүндөгү көз-карашты толугу менен жараксыз кылды. Бирок дарвинисттер демагогиялары, жасалма мисалдары, сөз оюндары, колдонгон туура эмес логикалары жана кээде алдамчылыктары менен элди алдоого аракет кылышат.

Дарвинисттик басмаларды жакшылап анализдегенде бул оюндарды көрүүгө болот. Кеңири тараган дарвинисттик тактика жана пропагандалардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

1. Эволюционисттер так далилдерди эмес, ойлоп чыгарылган жомокторду баяндашат:

Дарвинисттик эмгектерде дээрлик эч качан так илимий далилдерге таянган бир баян жок. Эволюция теориясынын чыга албас туңгуюктары бир канча сүйлөм менен үстүртөн айтып коюлат, ошол эле учурда табият тарыхы жөнүндө көптөгөн жомок сценарийлер жазылат. Алгачкы жандуунун кандайча пайда болгону, фоссилдердеги чоң боштуктар, жандуулардагы комплекстүү системалар сыяктуу негизги темалар жөнүндө эч сөз кылынбайт. Себеби бул темаларда баяндалган ар бир деталь эволюционисттердин максатына тескери жана теорияларынын алсыз, бош экенин даана көрсөтөт.

Мисалы дарвинисттер канаттуулардын келип чыгышын (жаралышын) түшүндүрүүдө динозаврлардын чымын кууп жүрүп канаттары өскөнүн узун узун баяндашат. Бирок секундасына дээрлик 500 жолу канат кага алган чымындын кандайча пайда болгонун эч качан түшүндүрө алышпайт. Же жандуулардын алгачкы пайда болушун түшүндүрүүдө дүйнөнүн ал доорлордогу шарттарын узун узун баяндашат, атмосферанын өзгөчөлүктөрүн тизмектеп санашат жана ысык суу жыйындысы ичинде жандуулардын түзүүчүсү (негизи) болгон клетканын пайда болгонун айтып өтүп кетишет. Бирок 21-кылымдын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен лабораторияларда да жасала албаган, абдан комплекстүү бөлүктөргө ээ клетканы акылсыз атомдордун кандайча пайда кылганын жана бул клеткадан миңдеген жандуунун кантип пайда болгонун эч түшүндүрө алышпайт. Археологиялык казуулардан алынган табылгаларды өздөрүнүн пикирлерине ылайык жоромолдошуп ойлоп чыгарылган адамзат тарыхынын эволюциялык графигин жасашат. Табылган бир канча сөөк бөлүкчөсү, таш буюмдарга карап ошол доордун адамдарынын үңкүрлөрдө үстүнө айбан терисин жамынып, алгачкы бир жашоону кандайча жашашканын узун узун баяндашат. Бирок жүз миңдеген жыл мурунку доорлого тиешелүү металл буюмдардын бөлүктөрүн, оң миңдеген жылдык кемчиликсиз чеберчиликтеги үңкүр дубалдарындагы сүрөттөрдү, калп таш доору адамдары деген адамдардын ийгиликтүү мээ операциясын жасаганын, өткөн маданияттардан сакталган чыгармалардагы искусствону, чеберчиликти, акылды түшүндүрө алышпайт. Дайыма бүт жандуулардын баскыч баскыч бири-биринен эволюциялашып өнүккөнүн айтышат. Бул көз-караш боюнча, тарыхта жарым сойлоочу-жарым канаттуу, жарым омурткалуу-жарым омурткасыз сыяктуу көптөгөн «ортоңку звено формаларынын» болушу керек эле. Жана мындай жандыктардын фоссилдерде мисалдары болушу керек. Деңиздер кургаган үчүн кургактыкка чыгууга мажбур болгон балыктардын сөз жүзүндө кандайча сойлоочуга айланганын узун узун баяндаган эволюционисттен «бул көз-карашыңды далилдей турган кандайдыр бир фоссил мисалы барбы» деп сурасаңыз, бул сурооңузга эч кандай жооп ала албайсыз. Себеби дарвинисттер 150 жылдан ашуун убакыттан бери ортоңку түрлөрдүн фоссилдерин издегенине карабастан, бир дагы мисал таба алышкан жок. Алар тапкан бардык фоссилдер жандуулардын бир заматта пайда болгонун, т.а. жаратылганын көрсөтүүдө. Бирок дарвинист эмгектерде бул чындык эч айтылбайт, мунун ордуна фоссилдер темасы башкага бурулат.

Evrimci yayınlar, hiçbir bilimsel değeri olmayan hikayelerle doludur. Bunlardan biri de dinozorların kuşlara dönüştüğü masalıdır. Bu iddia, bilimsel olarak lanse edilmesine rağmen, tek bir delil ile bile desteklenmemiştir. Darwinistlerin şimdiye dek ön plana çkardklar bütün dino-kuş sözde delilleri çürütülmüştür. Üstelik bunlarn bazlarnn sahtekarlk ürünü olduğu ortaya çıkarılmıştır.

Дарвинисттердин мындай услубу жакшылап ойлонбогон же жетиштүү маалыматка ээ болбогон адамдарда так далилдер менен далилденген бир теория жөнүндө сөз болуп жаткан сыяктуу пикир жаратышы мүмкүн. Бирок мындай пикир толугу менен туура эмес. Дарвинисттерге узатылган «эмне үчүн?» жана «кантип?» деген суроолор аларды жарга такайт. Себеби бул суроолорго бере турган илимий жооптору жок. Кыскача айтканда, эволюция теориясы бир гипотеза гана. Бир гипотеза илимий кабыл алынышы үчүн анын илимий текшерилиши же табылгалар менен тастыкталышы керек, бирок эволюция жомоктору бул критерийлерге эч туура келбейт.

2. Дарвинисттер Эволюция Теориясына Ишенүү Илимдин Шарты Деп Айтышат

Эң атактуу дарвинисттик пропагандалардын бири «эволюция теориясына ишенбеген догматик», «эволюция теориясына ишенбеген илимден чыгат» сыяктуу негизсиз ураандар. Дарвинисттердин мындай пропагандалары кээде кээ бир ыймандуу адамдардын да жыңылышына себеп болот.

Чынында болсо бул эволюционисттердин «илим» дегенде эмнени түшүнөөрү менен байланыштуу бир жоромол. Дарвинисттик көз-караш сөз кылган илим – изилдеген, анализ кылган жана табылгаларды эч тарапка тартпастан, нейтралдуу баалап, бул табылгалар көрсөткөн жыйынтыктарды кабыл алган бир илим эмес. Дарвинисттердин пикири боюнча илим алардын ишенимдерин жана пикирлерин тастыкташы керек жана алынган жыйынтыктар эволюционисттердин догмаларына туура келе турган абалда жоромолдонгондо гана кабыл алынат. Б.а., эволюционисттер табылгаларды эмес, тараптуу (материалисттик) жоромолдорун илим сыяктуу көрсөтүшөт. Дарвинисттик илим – бул чындыкты издөө аракети эмес, чындыкты бурмалоо жана өз максаттарына багыттоо аракети.

Дарвинисттик илимпоздордун догмалары боюнча илим материалисттик болушу керек. Бул абал илимге жүктөлбөшү керек болгон бир катар философиялык зордомолорду илимий изилдөөнүн стандарттары катары белгилөөнү максат кылат. Мындай бурмаланган пикир боюнча алынган ар бир жыйынтык материалисттик дүйнө көз-карашына ылайык жоромолдонушу керек. Ошондуктан, бул жаңылыштыкка ылайык, материалисттик болбогон жоромол – илимий эмес. Дарвинисттердин мындай жаңылыш пикирин Канзас мамлекеттик университетинде доктор болгон Скотт Тодд (Scott Todd) Nature журналында жарык көргөн бир катында «Бардык маалыматтар бир Жаратуучуга ишарат кылса да, бул илимде четке кагылат, себеби натуралист эмес.» сөздөрү менен билдирүүдө.1

Çeşitli yayın organlarında sürekli yer alan evrim haberleri bilimsel hiçbir değer taşımayan propagandadan ibarettir.

Илимдин дээрлик бардык тармактарындагы табылгалардын баары Жаратылуу чындыгын (Бүт нерселердин Жаратуучу тарабынан жаратылганын) көрсөткөнүнө карабастан, бул маалыматтардын медиада жетиштүү деңгээлде жарык көрбөшүнүн, илим чөйрөсүндөгүлөрдүн болгон аракети менен байкамаксан болушунун түпкүрүндө да кээ бир чөйрөлөрдүн «Илим материалист болушу керек» догмасы бар. Эгер дарвинисттер чын пейилден илим көрсөткөн чындыкка баш ийгилери келсе, анда илимдин алардын теориясын жокко чыгарганын кабыл алышы керек. Илим көрсөткөн чындыкты кабыл ала албагандардын болсо илимди жамынып пикирлер айтышынын, эмненин илимий, эмненин илимий эмес экендиги жөнүндө жоромолдор жасашынын эч кандай мааниси жок.

Ошондуктан Мусулмандардын дарвинисттердин мындай пропагандаларынан, догмаларынан таасирлениши такыр туура эмес. 21-кылымда илимдин жеткен чеги эволюция теориясына ишенбегендин эмес, ага ишенгендин илимге туура келбешин далилдеди.

3. Дарвинисттер эволюцияны кыйраткан илимий далилдерди сакташат же көрмөксөн болушат

Дарвинисттер теорияларын сактоо үчүн колдонгон ыкмаларынын арасында «жасалма далилдер чыгаруу жана чыныгы далилдерди сактоонун» маанилүү орду бар. Жасалма фоссилдерди чыгаруу, эксперименттерде көз бойомочулуктарды колдонуу, ойлоп чыгарылган сүрөттөрдү илимий далилдер сыяктуу көрсөтүү – бул эволюционисттер көп колдонгон тактикалар. Дарвинизмдин тарыхы мунун мисалдарына толо.

Bilim tarihi evrimcilerin sahtekarlıklarıyla doludur. Yaklaşık 150 yıldır devam eden kazılarda evrim teorisini destekleyen tek bir bulgu dahi elde edilmemiştir. Bu durum karşısında Darwinistler, sahte fosiller meydana getirmek, hayali çizimler yapmak gibi çeşitli hilelere başvurmuşlardır.

Piltdown ve Nebraska Adamları bu sahtekarlıkların en ünlülerindendir. Aşağıdaki resimde Piltdown Adamı skandalının doğum yeri olan Piltdown'da yapılan bir kazı ve kazıda elde edilen parça görülmektedir

Мисалы, 43 жыл бойу адамдын калп эволюциясын тастыктаган бир далил сыяктуу сунулган Пилтдоун адамы адам жана орангутандын сөөктөрүнүн бириктирилиши аркылуу жасалган жасалма бир фоссил эле. Бирок бир топ жылдар бойу Англия музейинде (British Museum) эволюциянын бир далили сыяктуу элге көрсөтүлдү. 1922-жылы табылган бир тишке таянып ойдон чыгарылган Небраска адамы да эволюционисттердин көз бойомочулуктарынын башка бир мисалы эле. Бир тишке таянуу менен жарым маймыл-жарым адам ойлоп табылган бир адам жөнүндө сөз кылынып жаткан эле. Бир убакыттан кийин ал тиштин жапайы доңузга тиешелүү экени аныкталды. Жылдар бойу немец биолог Эрнст Гегельдин (Ernst Haeckel) эмбрион сүрөттөрү, эволюция процессинин калп бир далили сыяктуу колдонулду. Чындыгында болсо Гегель бул сүрөттөрдө бурмалоолор жасап, эмбриондорго кээ бир ойдон чыгарылган органдар кошуп, кээ бирлеринен болсо алып салып, чоңдуктары абдан айырмалуу болгон эмбриондорду бирдей чоңдуктагы сыяктуу көрсөткөн эле. Гегельдин бул сүрөттөрдө көз бойомочулуктар жасаганы 20-кылымдын баштарында анык ортого чыкты, ал тургай Гегель өзү да муну мойнуна алды. Бул жерде бир канча гана мисал берилген көз бойомо, жасалмалыктардын дарвинисттик эмгектерде абдан көп мисалдары бар. Дарвинисттер адамдардын илимий маалыматынын аз болушунан пайдаланып, көптөгөн бурмаланган маалыматты эволюциянын калп далили катары сунушат. Башка тараптан болсо эволюция теориясын кыйраткан далилдерди көрмөксөн болушат жана этияттык менен сакташат. Мындай далилдер эч качан карапайым элге айтылбайт.

Haeckel'ın embriyo çizimleri yıllarca evrim teorisine delilmiş gibi lanse edilmiştir. Ancak daha sonra Haeckel'ın bu çizimlerde sahtekarlık yaptığı anlaşılmıştır. Buna rağmen, halkın konu hakkındaki bilgisizliğinden faydalanılarak, bu sahte çizimlerle kamuoyu günümüzde dahi yanıltılmaktadır.

Жаратылуу чындыгын далилдеген жүздөгөн сакталган фоссилдер элден абдан этиятык менен сакталган далилдерден. Бул фоссилдер миллиондогон жыл мурда жашаган жандыктар менен бүгүнкү күндөгү жандыктар арасында эч кандай айырма жок экенин, жандыктардын эч кандай эволюция болбогонун көрсөтүүдө. Бирок элдердин көпчүлүгү мындай фоссилдер бар экенин билишпейт. Себеби бул фоссилдер эволюционист музейлердин жер төлөлөрүндө, университеттердин палеонтология бөлүмдөрүнүн кампаларында сакталат. Көрүнөө жерге эч чыгарылбайт.

Дарвинисттердин чындыктарды жашыруу жана бурмалоо үчүн кылган аракети Мусулмандарга таасир этпеши керек. «Илимпоз адамдар, демек сөзсүз чындыкты сүйлөшөт» деп ойлоо жана ушул себептен эволюционисттердин ар бир сөзүнө ишенүү эч шексиз чоң бир жаңылыштык. Себеби эволюционист илимпоздор идеологиялары үчүн чындыктарды сактоодон, илимий маалыматтарды бурмалоодон, жасалма далилдерди чыгаруудан эч тартынышпайт.

1. Amber içindeki 24 milyon yıllık tırtıl fosili, tırtılların tarih boyunca hep aynı şekilde var olduklarının yani hiçbir evrim geçirmediklerinin bir delilidir.
2. 24 milyon yıllık arı fosili (Dominik amberi) (sağda)

Дарвинизмдин күчүнүн кыйратылыщы үчүн дарвинисттердин көз бойомочулук жана калптарынын ачыкка чыгарылышы абдан маанилүү. Мусулмандар дарвинисттердин тузактарын байкашы керек жана бул тузактарды ачыкка чыгарып, элди алдоолоруна тоскоол болушу зарыл. Мындай иш-аракет динсиздик себеп болгон балээлердин токтошу жана жер жүзүнө сонун ахлактын жайылышы үчүн керек.

1. 55-35 milyon yıllık yengeç fosili.
2. 210 milyon yıllık kemikli balık fosili.

3. 135 milyon yıllık bir tür denizyıldızı fosili.
4. 355-295 milyon yıllık örümcek fosili.

5. 300 milyon yıllık kaplumbağa fosili.
6. 33.7-53 milyon yıllık kurbağa fosili.

1. 40 milyon yıllık kertenkele fosili amberi. Amberin içinde kertenkelenin kafası, ön bacak kemikleri ve bazı dokular bulunuyor. Amber içindeki kertenkelenin tüm özellikleri, günümüz kertenkelelerininkilerle aynıdır.

2. Amber içinde 50 milyon yıllık akrep fosili.

3. Kurbağaların kökeninde de bir evrim süreci yoktur. Bilinen en eski kurbağalar, balıklardan tamamen farklıdır ve kendilerine has yapılarıyla ortaya çıkmışlardır. Ve günümüzdeki kurbağalarla aynı özelliklere sahiptirler. Dominik Cumhuriyeti'nde bulunan amber içindeki kurbağa fosili yaklaşık 25 milyon yıllıktır ve yaşayan örnekleriyle arasında hiçbir fark yoktur.

4. 25 milyon yıllık termit fosili.

1. 450 milyon yıllık atnalı yengeci fosili. Fosilin günümüzde yaşayan atnalı yengeçlerinden hiçbir farkı yoktur. Günümüzden yaklaşık yarım milyar yıl önce de aynı özelliklere ve aynı kompleks donanımlara sahiptir. Bu gerçek, Darwinistlere göre canlıların evrim geçirmeleri gereken bir dönemde evrimin hiçbir şekilde yaşanmadığını açıkça ispatlamaktadır.

2. 146-65 milyon yıllık Nautilus fosili ve altında günümüzde yaşayan Nautilus.

3. 300 milyon yllk hamam böceği fosili, günümüzde yaşayan hamam böcekleriyle tamamen aynı özelliklere sahiptir. 300 milyon yıllık bu yaşayan fosil, Darwin'in evrim teorisini kesin olarak reddetmektedir.

4. 120 milyon yıllık kuş tüyü fosili.

1. Yaklaşık 20 milyon yaşında bir tür çam kozalağı fosili.
2. Çınar (Macginitea) yaprağı fosili. 55 milyon yıllık.
3. Çuha çiçeği fosili ve yukarıda, günümüzde yaşayan çuha çiçeği.
4. 35 milyon yıllık Söğüt ağacı yaprağı.
5. Pecopteris miltani, 365-290 milyon yıl önce yaşamış olan bir bitkidir. Günümüzdeki örnekleriyle hiçbir farkı yoktur.

1. 125 milyon yıl önce yaşayan Ginko ağacı yaprağı fosili ve günümüzdeki hali.
2. Montana'da bulunan ve Paleosen devrinden (65-55 milyon yıl önce) kalma bu huş ağacı fosili üç boyutludur.
3. Birkaç milyon yıllık Akçaağaç yaprağının fosili ve günümüzdeki Akçaağaç yaprakları.

1. Mezozoik döneme ait (245-65 milyon yıl arası) vatoz fosili, günümüz denizlerinde yaşayan vatozların sahip olduğu tüm özelliklere sahiptir. Yaklaşık 250 milyon yıllık bu canlı, evrimsel süreç iddiasının tamamen bir hayal olduğunu açıkça göstermektedir.

2. 400 milyon yıllık denizyıldızı fosili.

3. 25 milyon yıllık Mantis böceği amberi.

4. «Көпчүлүктүн Эволюция Теориясына Ишениши Дарвинизмдин Туура Экенин Көрсөтөт» Калпы

Дарвинисттердин пропаганда ураандарынын дагы бири – бул «Теория илим дүйнөсүнүн көпчүлүгү тарабынан кабыл алынууда» деген калп. Башкача айтканда, эволюционисттер чөйрөсүндөгү адамдарга «биз көпчүлүкпүз» жана «көпчүлүк дайыма туура айтат» деген сыяктуу пикирлерди сиңирүүгө аракет кылышат. «Ушунча көп адам эволюцияны жактайт, университеттерде эволюцияга ишенген адамдардын үлүшү чоң, демек теория туура» деген сыяктуу чындыкка жатпаган бир логика менен көпчүлүктү психологиялык басымга алууга аракет кылышат. Мусулмандар мындай басымдан таасирленбеши керек жана дарвинисттердин мындай жалганына алданбашы зарыл.

Акыркы 20-30 жыл ичинде эволюция теориясынан баш тарткан илимпоздордун саны абдан ылдам өсүүдө. Булардын көпчүлүгү ааламдагы жана жандуулардагы кемчиликсиз жаратылууну көрүү менен дарвинизм догмасынан өздөрүн куткарышууда. Бул илимпоздордун эволюциянын жараксыз экенин ортого койгон сансыз эмгектери бар. Эң башта Европа жана Америка болгон, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү алдыңкы университеттерде эмгектенген бул адамдардын баары – биология, биохимия, микробиология, анатомия, палеонтология сыяктуу илим тармактарында адис, карьера ээси илимпоз, мугалимдер.

Эгер чындап эле эволюционисттер көпчүлүк болсо да мунун мааниси жок. Көпчүлүктүн түшүнүгүн «Сөзсүз туура» деп кабыл алуу туура эмес. Бул чындыкты дарвинизм менен илимий күрөшүүдөн качынган Мусулмандар да билиши керек. Куранда билдирилгендей, тарыхтагы көптөгөн каапыр коомдор Аллахтан жана динден баш тартуу үчүн өздөрүнүн көпчүлүк экенин айтуу менен, адамдарды туура жолдон тосууга аракет кылышкан. Аллах мындай туура эмес логикага карата ыйман келтиргендерге эскертүү берүүдө жана көпчүлүктү ээрчүүнүн адамдарды чоң алданууларга түртөөрү мүмкүн экенин кабар берүүдө:

Жер жүзүндөгүлөрдүн (адамдардын) көпчүлүгүн ээрчисең, сени Аллахтын жолунан адаштырып-жаңылтышат. Алар бир гана күмөндөрүн ээрчишет жана алар бир гана «күмөн кылышып жана божомолдошуп жалган сүйлөшөт». (Энъам Сүрөсү, 116)

Окугандарын же көргөндөрүн жакшылап анализ кылган, теманы дагы бираз терең ойлонгон адам өзү кабылган дарвинисттик пропаганданы байкай алат. Чындап ыйман келтирген Мусулмандардын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын баам-парасаттуу болушу, т.а. чындыкты калптан айырмалай ала турган бир түшүнүккө ээ болушу. Аллах Андан коркуп сактангандардын мындай сонун өзгөчөлүгүн Куранда төмөнкүчө билдирген:

Э й ыйман келтиргендер, Аллахтан коркуп-сактансаңар, силерге туураны туура эместен айырмалоочу бир нур жана түшүнүк (фуркан) берет, жамандыктарыңарды жашырат жана силерди кечирет. Аллах – Улук пазилет ээси. (Энфал Сүрөсү, 29)

Аллах коркуусу менен аракет кылган, абийиринин үнүн уккан адамдар, Аллахтын уруксаты менен, дарвинизмдин кандай коркунучтуу экенин, бул коркунучту кандайча таасирсиз кылууга болоорун оңой гана байкай алат. Маалымат жетишсиздиги, зарыл деңгээлде ойлонбоо, капылетке кабылуу сыяктуу себептер менен бул теманын маанилүүлүгүн байкай албагандар болсо аларга айтылганда чындыкты көрүп түшүнүүлөрү керек. Бир нерсени дагы бир жолу эске салуу керек: дарвинизм – ыймандуу адамдар кабыл ала турган, кадимки нерседей көрө турган бир идеология эмес. Дарвинизм – динсиздиктин дини. Жана чын пейилдүү ар бир Мусулман динсиздикке каршы илимий күрөшүүгө милдеттүү. Дүйнө жашоосундагы бул чоң милдетке көз жумуп койуу акыретте бушаймандыкка себеп болушу мүмкүн. Ушул себептен дарвинизм алдында чарасыз, пассивдүү, алсыз жана баш ийген бир мамиледе болуудан ылдам баш тартуу керек жана болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен дарвинизмге каршы илимий күрөшүү зарыл. Аллахтан баш тарткан бир идеологияга карата алсыз болуу Мусулмандарга жарашпайт. Чындап ыйман келтиргендердин илимий күрөшү башынан эле жеңген абалдагы бир күрөш экенин унутпаш керек. Момундар дарвинизм жана башка бардык баш тартуучу, каапыр идеологиялардын үстүнөн жеңишке жетишет. Аллах ыйман келтиргендерге Куранда мындай кубанычтуу кабар берген:

Ким Аллахты, Элчисин жана ыйман келтиргендерди дос (вели) кылышса, эч шексиз, жеңишке жетүүчүлөр – бул Аллах тараптарлары. (Маида Сүрөсү, 56)

... Аллах каапырларга момундардын зыянына эч качан жол бербейт. (Ниса Сүрөсү, 141)

Ошондуктан ыйман келтиргендер динсиздик менен жүргүзгөн илимий күрөштө өздөрүнүн өйдө экенин билип жана чындыкты жактоонун сыймык, урматы менен аракет кылышы керек. Аллахтын уруксаты менен дарвинизм фитнасы (бузукулугу) сөзсүз кыйрайт жана Раббибиз «чындыкты батылдын (жалгандын)» үстүнө өткөрөт. Ыйман келтиргендердин аракети болсо бул илимий жеңиштин сыйлыгын ала алуу үчүн болушу керек.

Дарвинизм Илим Тарабынан

Эволюция теориясы табияттагы 1,5 миллионго жакын жандык түрүнүн аң-сезимсиз табият окуялары натыйжасында пайда болгонун жакташат. Эволюционисттердин ою боюнча алгач жансыз заттын ичинде химиялык реакциялар менен жандуу бир клетка пайда болгон. (Мындай бир нерсенин ишке ашпай турганын көрсөткөн абдан көп илимий далилдер бар. Изилдөөчүлөр алгачкы дүйнө атмосферасында болгондугу аныкталган газдар менен ошол атмосфера шарттарын бириктирип, жасаган эксперименттерде жандуулуктун эң кичинекей элементин да ала алышкан эмес.) Адамдардын бүгүнкү күндүн технология жана илим деңгээлин колдонуп болгон аң-сезимдүү, акылдуу аракетине карабастан бир жандуу организмди пайда кылуу мүмкүн болгон жок. Андай болсо сокур кокустуктардын муну жасай алганын жактоо, албетте, акыл жана логикага эч сыйбайт. Эволюционисттердин жомогу боюнча, бул алгачкы клетка менен башталган жашоо бара бара татаалдашып, ар түрдүүлөшкөн; бактериялар менен башталган кыялдагы эволюция процесси эң аягында адамды жараткан. Кыскача айтканда, илимге сыйбас бул көз-караш боюнча табияттагы бир катар аң-сезимсиз механизмдер жандыктарды тынымсыз өнүктүрүшү керек. Дарвинисттер бул баскычта жактаган жана эволюцияны пайда кылганын айткан эки механизм бар: Табигый тандалуу жана мутациялар. Илимий табылгалар эки механизмдин тең эволюционисттер жактагандай бир күчүнүн жок экенин көрсөтүүдө

Табигый тандалуу аты айтып тургандай эле табигый тандалуу дегенди билдирет. Бул пикир боюнча, күчтүү болгондор жана табигый шарттарга ылайыкташа алгандар жашоосун улантат, башкалары болсо терилип жок болушат. Мисалы, бир аймакта климат шарттары өзгөрүп, бара бара сууп башташы ал аймакта жашаган жаныбар популяциялары арасында суукка чыдамсыздарынын өлүмүнө себеп болот. Узун мөөнөттө жалаң гана суукка чыдамдуулары калат жана популяциянын баары ушундайлардан куралат. Же болбосо сүлөөсүндөрдүн кол салуу коркунучу астында жашаган коендордон чөйрөгө эң ылайыкташа алгандары же эң ылдам качкандары жашоосун улантат. Бирок көңүл бурсак, бул жерде жаңы бир өзгөчөлөк пайда болгон жок, бул жаныбарлар башка бир түргө айланган жок, башка бир өзгөчөлүккө ээ болушкан жок. Дагы бир мисал берели. Бир арстандын кол салуусунан качкан кийиктер тобу арасында эң ылдам чуркагандары жашоосун улантат, жай чуркагандары болсо эленишет. Бирок ылдам чуркаган бул кийиктер эч качан атка же башка бир жаныбарга айланбайт, дайыма кийик бойдон калат. Ошондуктан табигый тандалуу механизминин эволюция кыла турган бир өзгөчөлүгү жок. Өзү да эволюционист болгонуна карабастан, Англиянын Табият тарых музейинин башкы палеонтологу Colin Patterson (Колин Паттерсон) бул чындыкты мындайча мойнуна алууда:

Bir aslanın kovaladığı sürüde en hızlı koşanlar hayatta kalır.Ama aslanın saldırısından kurtulanlar, yeni bir tür meydana getirmezler. Yani, doğal seleksiyon yeni bir tür meydana getirecek veya mevcut bir türü geliştirecek bir mekanizma değildir.

Эч ким табигый тандалуу механизми менен жаңы бир түр өндүрө алган жок. Эч ким мындай бир нерсеге жакындаша да алган эмес. Учурда нео-дарвинизмдин эң көп талаш жараткан темасы да ушул.2

Мутация болсо – бул жандыктардын гендеринде радиация сыяктуу тышкы факторлор же ДНКдагы копиялоо катасы натыйжасында пайда болгон бузулуулар. Мутациялар албетте өзгөрүүгө себеп болушу мүмкүн, бирок бул өзгөрүүлөр эч качан жакшы тарапка болбойт, дайыма кыйратуучу таасир берет. Б.а. мутациялар жандыктарды өнүктүрө албайт, тескерисинче дайыма жандыктарга зыян беришет. Бүгүнкү күнгө чейин байкалган бардык мутациялар көбүнчө зыяндуу, кээде гана таасирсиз болгон. Өнүккөн илим учурда миллиондогон зыяндуу мутацияны аныктап, булар себеп болгон ооруларды ортого койуп жатканда, эволюционист илимпоздордун генетикалык маалыматты көбөйтүүчү эч бир мутация мисалын көрсөтө албашы эволюция теориясын абдан чоң туңгуюкка такап жатат. Франция илимдер академиясынын (Academie des Sciences) мурдакы башчысы Pierre Paul-Grassé (Пьер Поль-Грассе)нин бул темадагы сөзү абалды так баяндайт. Грассе мутацияларды «жазылган бир текстти көчүрүү учурунда кетирилген тамга каталарына» окшоткон. Жана ар бир тамга катасы сыяктуу мутациялар да маалымат пайда кылбайт, тескерисинче бар болгон маалыматты бузушат. Грассе бул чындыкты мындайча түшүндүргөн:

Мутациялар убакыт аралыгында абдан башаламан абалда пайда болот. Бири-бирин толуктай турган бир өзгөчөлүгү жок жана бири-бирин уланткан урпактар арасында белгилүү бир багытты көздөй кумулятивдик (барган сайын өскөн) бир таасирлери болбойт. Мурда эле бар болгон түзүлүштү өзгөртүшөт, бирок муну толугу менен башаламан абалда жасашат... Бир жандуунун денесинде кичинекей болсо да бир башаламандык пайда болгондо болсо мунун натыйжасы өлүм болот. Жашоо менен анархия (башаламандык) арасында эч кандай жакындык жок.3

Mutasyonlar rastgele meydana geldikleri için hemen hemen her zaman mutasyon geçiren canlıya zarar verirler. Mutasyonlar hiçbir şekilde canlıya yeni bir organ ya da yeni bir özellik kazandırmazlar. Ancak bacağın sırttan, kulağın karından çıkması gibi anormalliklere sebep olurlar. Mutasyonların sebep olacağı değişiklikler ancak Hiroşima, Nagazaki veya Çernobil'deki insanların uğradığı türden değişiklikler olabilir: Yani ölüler, sakatlar ve hastalar...

Мутациялар убакыт аралыгында абдан башаламан абалда пайда болот. Бири-бирин толуктай турган бир өзгөчөлүгү жок жана бири-бирин уланткан урпактар арасында белгилүү бир багытты көздөй кумулятивдик (барган сайын өскөн) бир таасирлери болбойт. Мурда эле бар болгон түзүлүштү өзгөртүшөт, бирок муну толугу менен башаламан абалда жасашат... Бир жандуунун денесинде кичинекей болсо да бир башаламандык пайда болгондо болсо мунун натыйжасы өлүм болот. Жашоо менен анархия (башаламандык) арасында эч кандай жакындык жок.3

Мына ушул себептен мутациялар Грассе айткандай, «канчалык көп санда болсо да, эч кандай эволюция пайда кылышпайт.» Мутациялардын таасирин жер титирөөгө окшоштурууга болот. Бир жер титирөө бир шаарды өнүктүрүп, жакшыраак абалга алып келбегендей, тескерисинче аны кыйраткан сыяктуу эле, мутациялар да терс (зыяндуу) өзгөрүүлөргө себеп болушат. Демек эволюционисттердин мутацияларга таянган сөздөрү да толугу менен жараксыз.

Дарвинизмдин бардык жандуулардын бири-биринен келип чыккан пикирин кыйраткан далилдердин дагы бири – бул фоссил калдыктары. Мисалы эволюционисттер балыктардын деңиз жылдызчалары же деңиз курттары сыяктуу омурткасыз деңиз жандыктарынан эволюциялашып пайда болгонун айтышат. Андай болсо бул эки түрдүү жандуу тобу арасында баскыч баскыч бир эволюцияны камсыз кылган көп санда «ортоңку өткөөл форма» жашаган болушу керек. Т.а. балык өзгөчөлүктөрү менен деңиз жылдызчалары сыяктуу омурткасыз жандык өзгөчөлүктөрүнө бир эле учурда ээ болгон көп сандагы жандык түрүн фоссил калдыктарында жолуктурушубуз керек. Бирок чынында бүгүнкү күндө өтмүштө жашаган балыктар жана деңиз жылдызчаларына тиешелүү жүздөгөн фоссил табылганына карабастан, эволюционисттердин пикирин тастыктаган бир даана да ортоңку өткөөл форма фоссили табылган жок. Ортоңку формалардын жок болушу болсо «эволюциянын эч качан болбогонун» апачык көрсөтөт.

Лунд университетинен швед эволюционист ботаник профессор N. Heribert Nilsson (Н.Хериберт Нилссон) дарвинизмдин фоссил калдыктары тарабынан жеңилгенин мындайча мойнуна алат:

Эволюцияны 40 жылдан ашуун уланган далилдөө аракеттерим аягында ийгиликсиздик менен аяктады... Фоссил материалдары азыр ушунчалык толук. Жаңы класстарды пайда кылышы мүмкүн болгон жана өткөөл катарлардын табылбашын материал жетишсиздиги менен түшүндүрүүгө болбойт. (Фоссил калдыктарындагы) боштуктар чындык, эч качан толуктала албайт.4

Дарвинизм үстүртөн эле каралганда, жараксыз экени, чирик негиздерге таянганы ошол замат байкалат. Майда-чүйдөсүнө чейин каралганда, абал абдан так көрүнөт. (Эволюция теориясынын кыйрашы менен байланыштуу Харун Яхьянын башка эмгектерин караңыз. Harun Yahya, Evrim Aldatmacası, Araştırma Yayıncılık, Ekim 2005)

Эволюция Теориясынын Туңгуюкта Калганын Мойнуна Алган Илимпоздор

Эволюция теориясы жөнүндө теориянын куруучусу Чарльз Дарвиндин да абдан чоң шектенүүлөрү бар эле. Ч.Дарвин теориясынын жандуулардын пайда болушун түшүндүрө албастыгын байкап турган. Муну кээде эмгектеринин арасында, кээде каттарында мойнуна алган эле:

Окурман эмгегимдин (Түрлөрдүн келип чыгышы) бул бөлүмүнө жетүүдөн мурун бир катар кыйынчылыкка кабылат. Булардын кээ бирлери бүгүнкү күнгө чейин үстүндө бир топко токтобостон ойлоно албаганымчалык даражада чиелешкен.5

Теорияга карата багытталган туура каршы пикирлердин жана теория кабылган кыйынчылыктардын оордугу астында жылдар бойу жана алардын оордугунан шектене албай турганчалык көп эзилдим.6

Спекуляцияларымдын жарактуу илимдин чектеринен бир топ алыстаганын абдан жакшы билем.7

Чарльз Дарвинден кийин да эволюция теориясын тастыктай турган бир даана да илимий табылга таба албаган эволюционисттер чыга албай калган туңгуюк абалын көп жолу мойнуна алышты. Бирок булардын көпчүлүгү муну моюндарына алышканына карабастан, материализмден айрылгылары келбегендиктен чындыкты кабыл ала алышпады. Төмөндө дарвинизмдин жандуулардын пайда болушун түшүндүрө албашын мойнуна алган илимпоздордун кээ бирлеринин бир канча сөзүнө орун берилген. Көбүрөөк мисал үчүн Evrimcilerin İtirafları (Эволюционисттердин моюнга алуулары) аттуу китепти окусаңыздар болот. (Harun Yahya, Evrimcilerin İtirafları, Araştırma Yayıncılık, Ekim 2005)

Др. Роберт Миликан (Dr. Robert Milikan - Нобель сыйлыгын алган бир эволюционист):

Бул абал абдан өкүнүчтүү: Биз, илимпоздор, ушул күнгө чейин эч бир илимпоз далилдей албаган эволюцияны далилдөөгө аракет кылуудабыз.8

Жерри Койн (Jerry Coyne - Чикаго университети Эволюция жана экология бөлүмүнөн):

Нео-дарвинисттик көз-караш үчүн абдан аз далил бар экенин айтышыбыз керек: Бул көз-караштын теориялык негиздери жана эксперименталдык далилдери абдан алсыз.9

Проф. Фред Хойл (Prof. Fred Hoyle - Кэмбридж университетинен англиялык математик жана астроном):

Негизи, жашоонун акылдуу бир зат тарабынан жаратылганы ушунчалык апачык, адам бул апачык чындыктын эмне үчүн көпчүлүк тарабынан кабыл алынбаганына таң калат. Мунун (кабыл алынбашынын) себеби – илимий эмес, психологиялык.10

Профессор Стефен Жей Гоулд (Stephen Jay Gould – Гарвард университетинде Геология жана палеоантропология профессору жана 20-кылымдын экинчи жарымындагы алдыңкы эволюционисттерден):

Эгер бири-бири менен параллель бир абалда жашаган үч түрдүү хоминид (адам кейиптүү) сүрөтү бар болсо, анда биздин санжыра дарагыбызга эмне болду? Булардын биринин экинчисинен келбегени анык. Ал тургай, бири бири менен салыштырылганда эволюциялык бир өнүгүү тренди көрсөтпөөдө.11

Д.Л. Стерн (D. L. Stern - эволюционист зоолог):

Эволюциялык биологиянын эң эски маселелеринин бири кеңири масштабда чечилбеген бойдон турат. Кайсы мутациялар эволюциялык жактан пайдалуу болгон фенотип ар түрдүүлүгүн жарата алат? Булар кайсы түрдөгү молекулярдык өзгөрүүлөрдү талап кылат?12

Б.Г. Ранганатхан (B. G. Ranganathan):

Өтмүш фоссил калдыктарында эволюцияны далилдей турган ортоңку өткөөл формага тиешелүү органдары жарым пайда болгон бир жаныбар же өсүмдүк да, бүгүнкү күндө эволюциянын дагы эле уланганына ишарат кылган жарым өнүккөн бир жаныбар же өсүмдүк да табылган жок.13

Др. Альберт Флейшман (Dr. Albert Fleischman - зоолог):

Кыйрап бараткан Дарвиндин теориясы – табият ааламында далилдениши зарыл болгон жалгыз чындык эмес. Илимий изилдөөлөрдүн бир натыйжасы эмес, толугу менен кыялдануунун чыгармасы.14

Норман Макбет (Norman Macbeth):

Тилекке каршы, эволюция чөйрөсүндөгү түшүндүрмөлөрдүн көпчүлүгү жакшы эмес. Чынында буларды түшүндүрмө катары баалоо да абдан кыйын. Сунуш, алдын-ала сезимдер жана бош кыялдар, гипотеза деп атоо да туура эмес.15

Дарвинизмге Каршы Жүргүзүлгөн Илимий Күрөштү Көрмөксөн Болбоо

Kasım 2004 National geographic National Geographic dergisinde Darwinizm'e karşı yürütülen fikri mücadeleyle ilgili yer alan haber.

Дарвинизмге каршы илимий күрөшүүдөн качынгандар дарвинисттик коркунучту толугу менен аңдай албаган сыяктуу, жүргүзүлгөн илимий күрөшкө да көз жумууга аракет кылышууда. Чынында болсо өзгөчө өлкөбүздө (Түркияда) акыркы 20 жылдан бери дарвинизмге каршы кеңири масштабда бир илимий күрөш жүргүзүлүүдө. Бул илимий күрөш дүйнөдө да таасирин көрсөтүүдө. Мисалы, эволюционист макалалары менен таанылган National Geographic журналынын 2004-жылдын ноябрь санында англисче жана немисче басылмасында "Was Darwin Wrong?" (Дарвин жаңылган беле?) темалуу сырткы бет кабары орун алган. Бул кабарда эволюция теориясынын жаңылыштыктарын ортого койгон адам жана топторго көңүл бурулган жеринде Харун Яхья жана анын эмгектери жөнүндө да сөз кылынган. Харун Яхьянын эмгектеринин дарвинисттик чөйрөлөрдө чоң тынчсыздануу жаратканын апачык ортого койгон бул кабарда төмөнкүдөй сөздөргө орун берилген:

Куранда билдирилгендей, ааламдын алты күндө жаратылганы айтылган Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы) китебинин автору Ислам жаратылышчысы (креационисти) Харун Яхья эволюция теориясына мындай аныктама берет: Бул теория дүйнөлүк системаны башкарган күчтөр тарабынан бизге таңуулаганга аракет кылынган бир калптан башка нерсе эмес.

Дүйнөдө атагы чыккан New Scientist журналы болсо 2000-жылдын 22-апрелиндеги кабарында төмөнкү жоромолун жасаган:

Харун Яхья эл аралык бир баатыр абалына келди. Китептери Ислам дүйнөсүнүн төрт тарабына тарады.

22 Nisan,2000 New Scientist Bu haberde Harun Yahya "uluslararası bir kahraman" olarak nitelendirilmiştir.

Bir diğer ünlü bilim dergisi Science 18 Mayıs 2001 tarihli sayısında yayınlanan Robert Koenig imzalı ve "Creationism Take Root Where Europe, Asia Meet" (Avrupa ile Asya'nın Buluştuğu Yerde Yaratılışçılık Kökleniyor) başlıklı yazıda da, Harun Yahya'nın evrim teorisinin

aldatmacalarına karşı yaptığı bilimsel mücadeleye, Evrim Aldatmacası isimli kitabın uluslararası başarısına ve Türkiye'deki evrimcilerin çaresizliklerine geniş yer verilmiştir. Yazıda evrim teorisini bilimsel anlamda çürütmeyi hedefleyen bu geniş çaplı akademik hareketin "Kuzey Amerika dışında, dünyanın en kuvvetli anti-evrimci hareketi" olduğunun ve "diğer Müslüman ülkelere de hızla yayıldığının" altı çizilmektedir.

Дагы бир атактуу илимий журнал Science 2001-жылдын 18-майындагы санында жарык көргөн Robert Koenig (Роберт Коениг) кол койгон жана "Creationism Take Root Where Europe, Asia Meet" (Европа менен Азия жолуккан жерде жаратылышчылык (креационизм) тамырлап жатат) аттуу макалада болсо Харун Яхьянын эволюция теориясынын алдамчылыктарына каршы жүргүзгөн илимий күрөшүнө, Evrim Aldatmacası аттуу китептин эл аралык ийгилигине жана Түркиядагы эволюционисттердин чарасыздыктарына кеңири орун берилген. Макалада эволюция теориясын илимий жактан кыйратууну максат кылган бул кеңири масштабдуу илимий аракеттин «Түндүк Америкадан тышкары дүйнөнүн эң күчтүү эволюцияга каршы аракети» экендиги жана «башка Мусулман өлкөлөргө да ылдам жайылганы» айтылган.

Бул макалада токтолгон дагы бир тема – бул Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы)китебинин эл аралык ийгилиги жана кээ бир Түрк эволюционист илимпоздордун «бул китептердин өлкөнүн кээ бир аймактарында мектептерде окутулган окуу китептеринен таасирдүүрөөк экендигинен арызданышы». Түрк эволюционисттердин тынчсыздануулары макалада «...Бул жердеги көптөгөн (эволюционист) илимпоз эволюционисттердин эл көзүндө Түрк креационисттердин алдында кадыр-баркын жоготуусунан тынчсызданышууда» сүйлөмү аркылуу орун алган.

Дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн чоң илимий күрөштүн таасирин көрсөткөн дагы бир мисал Америка улуттук билим берүү борбору (NSCE) жарыялаган журналда жарык көргөн кабар. Америка илимдер академиясы тарабынан колдоо көргөн журнал түпкүрүндө эволюция тараптары болгонуна карабастан, 1999-ж. ноябрь-декабрь санын Харун Яхьянын эволюция теориясынын кыйрашы темасындагы эмгектерине арнаган. "Islamic Scientific Creationism in Turkey" (Түркияда Исламдык илимий жаратылышчылык (креационизм)) темасы менен сырткы бетте орун алган кабарда жасалган эмгектер терең анализ кылынган.

Булактар

1. Todd, S.C., Correspondence to Nature 401 (6752):423, 30 Eylül. 1999

2. Colin Patterson, "Cladistics", Brian Leek ile Röportaj, Peter Franz, 4 Mart 1982, BBC

3. Pierre-Paul Grassé, Evolution of Living Organisms, s. 97

4. Prof. N. Heribert Nilsson, Lund University, Sweden Famous botanist and evolutionist, As quoted in: The Earth Before Man, s. 51, http://www.netcentro.co.uk/steveb /penkhull/create3.htm

5. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, Onur Yayınları, Beşinci Baskı, Ankara 1996, s. 185

6. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s. 528

7. N.C. Gillespie, Charles Darwin and the Problem of Creation, 1979, s.

8. SBS Vital Topics, David B. Loughran, Nisan 1996, Stewarton Bible School, Stewarton, Scotland

9. H.A. Orr ve Jerry Coyne (1992), "The Genetics of Adaptation: A Reassessment", American Naturalist, 140, 726

10. Fred Hoyle-Chandra Wickramasinghe, Evolution from Space, New York, Simon & Schuster, 1984, s.130

11. S. J. Gould, Natural History, cilt. 85, 1976, s. 30

12. http://www.icr.org/headlines/darwinvindicated.html; Was Darwin Really "Vindicated"?, Frank Sherwin, Institute for Creation Research, April 30, 2001

13. Ranganathan, B. G. Origins?, Carlisle, PA: The Banner of Truth Trust, 1988, s. 20

14. http://www.rmplc.co.uk/eduweb/sites/sbs777/vital/evolutio.html

15. Norman Macbeth, Darwin Retried: An Appeal to Reason, Boston: Gambit, 1971, s. 147