Дарвинизмге каршы жүргүзүлө турган илимий күрөштүн абдан кеңири көлөмдүү болушу жана дүйнөлүк масштабда жүргүзүлүшү шарт. Себеби дарвинизм бүт коомдорду максат кылууда, адамдарды чоң балээлерге түртүүдө. Гезит жана журнал макалалары, документалдуу тасмалар, телевизор программалары аркылуу тынымсыз улантылган дарвинизм пропагандасына каршы бул бузуку идеологиянын илимий эч кандай баалуулугу жок экендиги жана кандай коркунучтарды камтыганы бүт адамдарга түшүндүрүлүшү керек. Эволюция теориясынын илимий кыйраганын, дарвинисттик пропаганданын ичи бош сөздөрдөн гана тураарын байкагандардын саны көбөйгөн сайын дарвинизм балээсинин таасири азайат. Адамдарды ыймансыздык жана атеисттикке түрткөн дарвинизмдин илимий кыйратылышы менен бирге дин ахлагы ылдам жайылып, дүйнө жүзүнө тынчтык, бейпилдик жана бакубаттык жайылат.
Улуу Ислам аалымы Бедиүззаман Саид Нурси да эмгектеринде дарвинист жана материалист философияларга каршы жүргүзүлө турган илимий күрөш жөнүндө сөз кылган. Өзгөчө акыр заманда бул илимий күрөштүн бир топ маанилүү болооруна көңүл бурган. Акыр замандын эң чоң фитнасы болгон Дажжальдин (тажаалдын) дарвинист жана материалист агымдардын лидери абалында болоорун айткан Бедиүззаман бул жөнүндө Мусулмандарды мындайча эскеркен:
Табииййун (табиятчылык, дарвинизм), маддиййун (материализм) философиясына таянган бир Немрудане жарайаны (каапыр агым) барган сайын акыр заманда фелсефе-и маддийе (материализм философиясы) аркылуу күчтөнүп кубат алып, улухиятты (Аллахтын бар экенин) жокко чыгара турган бир даражага келет... Жана алардын башына келген эң чоңдору испиртизма жана манйетизманын хадисаты невинден (гипноз кылуучу жана сыйкырлоочу) таң калыштуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон Дажжаль болсо чектен ого бетер чыгып, зомбулукка таянган өкмөтүн бир жогорулук деп ойлоп...54
![]() |
Табииййун (табиятчылык, дарвинизм), маддиййун (материализм) философиясына таянган бир Немрудане жарайаны (каапыр агым) барган сайын акыр заманда фелсефе-и маддийе (материализм философиясы) аркылуу күчтөнүп кубат алып, улухиятты (Аллахтын бар экенин) жокко чыгара турган бир даражага келет... Жана алардын башына келген эң чоңдору испиртизма жана манйетизманын хадисаты невинден (гипноз кылуучу жана сыйкырлоочу) таң калыштуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон Дажжаль болсо чектен ого бетер чыгып, зомбулукка таянган өкмөтүн бир жогорулук деп ойлоп...54
Бедиүззаман да айткандай, дарвинизм – дажжалияттын эң негизги куралы. Дажжалияттын дини абалында. Адамдарды каапырлыкка, атеисттикке, ахлаксыздыкка түрткөн дажжалият бул иш-аракетин ишке ашырууда динсиздиктин калп илимий көрүнүшү болгон дарвинизмди колдонот. Мындай абалда кээ бир Мусулмандардын дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн илимий күрөштү керексиз деп айтышы дажжалият менен күрөшүүнүн кереги жок деп айткандай мааниге келет; муну болсо эч бир Мусулман өзүнө ылайык көрбөшү керек. «Дарвинизм менен күрөшүүнүн эмне кереги бар?» деп айтуу «Дажжаль каалагандай фитнасын жайсын, бизди кызыктырбайт» маанисине келет. «Дарвинизм анчалык маанилүү бир тема эмес» деп айтуу дажжалиятка көз жумуу, аны жашыруу дегенди билдирет. Ыкластуу бир Мусулман дажжалиятты өз колу менен жашырбайт. Тескерисинче, болгон оюндарын жана тузактарын ачыкка чыгарып, дажжалиятты илимий кыйратууну максат кылат.
Мусулмандардын дажжалият жана дажжалияттын куралы болгон дарвинизм менен болгон күрөштөрү болсо сөзсүз түрдө илимий болушу керек. Дарвинизм курал-жарак, кол салуу, согуш менен жок болбойт. Илимий далилдер менен түшүндүрүү аркылуу таасирсиз абалга келет. Пайгамбарыбыз (сав) бир хадиси шерифинде дажжалияттын акыр заманда «туздун сууда ээриши» сыяктуу ээрип, жок болоорун билдирген. Дажжалиятты «тузга», дажжалиятты илимий жок кыла турган системаны болсо «сууга» окшоткон:
Мына ошол тушта Аллахтын душманы болгон ДАЖЖАЛЬ МЕСИХ, Аз.Исаны көргөндө ТУЗДУН СУУДА ЭЭРИШИ СЫЯКТУУ ЭЭРИП ЖОК БОЛОТ..55
Акыр заманда дажжалиятты ээритип, жок кыла турган суу – бул илим. Тузду атып, бомбалап ээритүүгө болбойт. Бир гана сууда ээрийт. Дарвинизм да лицейлерде, университеттерде, билим берүү мекемелеринде эволюция теориясынын бардык догмаларынын жараксыз экени түшүндүрүлгөндө, туздун сууда ээриши сыяктуу жок болот. Дарвинизмдин жеңилиши менен бирге коммунизм, фашизм, расизм, терроризм, анархия сыяктуу бардык зөөкүр жана радикалдуу агымдар да тараптарларынан айрылат. Жер жүзүндө хаоско жана бузукулукка себеп болгон дажжалият илимий-пикирдик тараптан жок болот. Дажжалияттын фитнасын таасирсиз кылгысы келген ар бир Мусулман дарвинизмге каршы илимий күрөшүшү керек. Бул үчүн эволюция теориясын кыйраткан далилдердин тынымсыз түшүндүрүлүшү, көбөйтүлүп таратылышы керек. Жалгыз бир протеиндин да кокустан пайда болушунун эч мүмкүн эмес экенин, жандуунун жансыз заттан өзүнөн өзү пайда боло албашын, клетканын жана бөлүктөрүнүн комплекстүү түзүлүшүнүн кокустуктар менен түшүндүрүлө албашын, жандуулардын бири-биринен келип чыкканын көрсөткөн бир даана да фоссил жок экенин, мутациялардын жана табигый тандалуунун жаңы бир жандуу түрү жарата албашын үйрөнгөн бир адамдын дарвинизм калпына ишениши эч мүмкүн эмес.
Дүйнөлүк масштабда жүргүзүлө турган мындай көлөмдүү бир илимий күрөш, Аллахтын буйругу менен, кыска мөөнөттө өз таасирин көрсөтөт. Мусулмандардын Аллах ыраазычылыгы үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, динсиздикке каршы жүргүзө турган илимий күрөшү бүт адамзат үчүн эң сонун абалда натыйжаланат. Биримдик жана достукта, ыкластуулук менен жүргүзүлө турган аракеттер Раббибиз Кураны Керимде убада кылгандай «Акыйкаттын жеңип, батылдын жок болушуна» себеп болот. Улуу Аллахтын бул убадасы бүт ыйман келтиргендерде чоң бир кубаныч жана толкундануу жаратат:
Жок, Биз акыйкатты жалгандын (батылдын) үстүнө таштайбыз жана ал анын мээсин талкалайт. Бир карасаң ал (жалган, батыл) жок болуп кеткен болот. (Аллахты) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге «уайл» (тозок) болсун. (Энбия Сүрөсү, 18)
![]() |
Darwin canlılığı, 19. yüzyılın ilkel araçları ile incelemiş ve bu nedenle yaşamın kompleksliğinin farkına varmamış, canlılığın kör tesadüflerin eseri olabileceği gibi büyük bir yanılgıya kapılmıştı. |
Биз жашап жаткан доордогу технологиялык мүмкүнчүлүктөр Мусулмандар үчүн абдан чоң бир немат-жакшылык. Бул нематтар туура пайдаланылганда, дарвинизм жана материализмге каршы жүргүзүлө турган илимий күрөш абдан оңой жана ылдам болот. Эң маанилүүсү эч кимдин «Мен эмне кыла алмак элем?», «Менин аракетим эмнени өзгөртмөк эле?» деген сыяктуу туура эмес ойлорго кабылбашы. Бүт адамдардын мүмкүнчүлүктөрү канчалык болбосун, муну канчалык колдонгону, чын пейилден канчалык аракет кылганы маанилүү. Натыйжаны Улуу Аллах жаратат. Аллах чын жүрөктөн аракет кылгандардын аракеттерин эң сонун натыйжаландырат. Бүт адамдардын кылган аракетинин натыйжасын кемчиликсиз алаары Куранда мындайча кабар берилген:
Шексиз, адамга өз эмгегинен башка эч нерсе жок. Шексиз, өз эмгеги (же аракети) көрүнөт. Кийин ага эч кемчиликсиз акысы берилет. Албетте эң аягында Раббисине кайтат. (Нежм Сүрөсү, 39-42)
Бүт адамдар арасында Куран ахлагынын жайылышы үчүн аракет кылуу – ыймандуу жана абийирдүү бүт адамдардын милдети. Аллах Курандын «Силердин араңарда сооп иштерге чакырган, жакшылыкты (маруфту) буйурган жана жамандыктан (мүнкерден) тоскон бир жамаат болсун. Кутулууга жетишкендер дал ушулар.» (Али Имран Сүрөсү, 104) аяты аркылуу бул милдетин ыйман келтиргендерге билдирген. Куран ахлагын түшүндүрүп жайуунун эң маанилүү баскычы – бул адамдарды Куран ахлагынан алыстаткан философиялык пикирлерди жок кылуу. Дин ахлагынын жашалышы жана жайылышына тоскоол болгон идеологиялар илимий-пикирдик жактан таасирсиз кылынганда, адамдардын чындыкты көрүшү жеңилирээк болот. Дагы бир аятта болсо Аллах бардык ыйман келтиргендерге «...Эми жакшылыктарда (сооп иштерде) жарышкыла. Баарыңар Аллахка кайтасыңар...» (Маиде Сүрөсү, 48) деп буйурган. Биз жашап жаткан доордо материализм жана атеизмдин илимий жеңилиши – эң сооптуу иш-аракеттердин бири. Аллахтын буйругу менен мындай аракет атеисттикти токтотуп, дин ахлагынын дүйнө жүзүнө жайылып, өкүмчүлүк кылышына себепчи болот. Ушул себептен ар бир Мусулман колундагы мүмкүнчүлүктөр деңгээлинде дарвинизмди илимий кыйратууга, Куран ахлагынын жайылышына көмөк көрсөтүүгө аракет кылышы керек.
Бул багыттагы туура эмес ойлордун бири – бул «Мүмкүнчүлүктөрү болгондор ансыз деле колдорунан келгенин кылып жатышат, менин башка бир нерсе кылышымдын кереги жок» деген түшүнүк. Чынында болсо ар бир адам Аллах Куранда билдирген өкүмдөрдү аткаруу, ахлакты жашоо, милдеттерди аткаруу боюнча бир гана өз кылгандарынан милдеттүү. Бир адам башка бир адам кетирген каталардан, кылган күнөөлөрдөн – керектүү эскертүүнү жасагандан кийин – милдеттүү болбогон сыяктуу эле, башка бирөөнүн кылган жакшы иш-аракеттеринен да – эгер өзүнүн бул иштерге көмөгү болбосо – бир үлүш ала албайт. Акырет күнүндө болсо бүт адамдар бир-бирден Раббибиздин алдына чыгып, кылып, кылбагандары боюнча өзү жалгыз сурак берет. Бул чындык Куранда мындайча билдирилген:
Ант болсун, силерди алгач жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир бирден, жападан жалгыз (абалда) Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди аркаңарда калтырдыңар... (Энъам Сүрөсү, 94)
Ар бир Мусулман, башка иш-аракеттери сыяктуу эле, каапырчылыкка каршы жүргүзгөн илимий күрөштөн, бул багытта канчалык аракет кылганынан, дин ахлагынын жайылышы үчүн кандай аракет кылганынан да өзү жалгыз сурак берет. Андай болсо, напсиси сунуштаган шылтоолорго алданбастан, колдон келген нерсенин эң көбүн кылуу, атеизмдин токтошу үчүн күчү жеткенче аракет кылуу керек. Аллах жолунда чын пейилден, ыкластуулук менен аракет кылгандарга Аллах сөзсүз жол көрсөтүп, аларды жардамы менен колдойт. Раббибиз момундарга мындай сүйүнүчтүү кабар берген:
... Аллах Ага (Анын динине) жардам бергендерге сөзсүз жардам берет. Шексиз, Аллах – Кудуреттүү, Азиз (Улук). (Хаж Сүрөсү, 40)
![]() |
Bir şeyi dilediği zaman, O'nun emri yalnızca: |
Дарвинисттер теорияларын калп илимий көрсөтүшүүдө жана тынымсыз ушундай пропаганда кылышууда. Мындай абалда Мусулмандардын дарвинизмге жообу да илимий болушу керек жана илимге жамынып айтылган догмалардын илим менен кыйратылышы маанилүү.
Дарвинизмге каршы илимий бардык жетишкендиктер изилденип, бул жетишкендиктер ортого койгон чындыктар топтолуп, ачык жана так далилдер сунулуу аркылуу күрөш жүргүзүлүшү керек. Жетиштүү маалымат жана далил сунбастан, «Адамдар маймылдардан келген болсо, анда эмне үчүн дагы эле маймылдар бар, алар эмне үчүн адамга айланбай жатат» сыяктуу жылдар бою айтылып келген мисалдарды берүү менен дарвинизмди пикирдик жактан жеңүүгө болот деп ойлоо бул теманын масштабын терең ойлонбоодон келип чыгууда. Ар түрдүү булактан тынымсыз дарвинизм пропагандасына кабылган бир адамдын жөнөкөй жана көнүмүш мисалдар менен калыптанып калган ойлонуу калыбын өзгөртүүгө болбойт. Ушул себептен илим эволюция теориясын тастыктайт деп ойлогон адамдарга түздөн-түз илим ортого койгон жыйынтыктарды сунуп, эволюциянын илимге туура келбешин көрсөтүү керек.
Табигый тандалуунун эволюция кылуучу күчү жок экендиги, жылдар бойу эволюцияга калп далил сыяктуу көрсөтүлгөн көпөлөктөр темасынын эволюционист догмаларды колдобошу, камбриен доорунун табылгаларын эволюция менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес экендиги, мутациялардын жандуулардын түзүлүшүнө зыян берээри, аларды өнүктүрүп алдыга жылдырбашы илимий далилдери менен ортого коюлушу керек. Фоссил калдыктарынын жандуулардын баскыч баскыч бири-биринен келип чыкпаганын көрсөткөндүгү, мисал катары көрсөтүлгөн фоссил мисалдарынын жасалма экендиги, фоссил калдыктарында миллиондогон жылдар бойу жандуулардын дене түзүлүшүндө кичинекей да өзгөрүү болбогонунун аныкталгандыгы, жашаган фоссилдердин эволюция теориясы үчүн бир туңгуюк (тупик) экендиги, адамдын ойлоп чыгарылган санжырасынын жүздөгөн далил менен кыйратылгандыгы, протеинди, клетканы, ДНКны, РНКны кокустуктар менен түшүндүрүү мүмкүн эмес экендиги ачык жана так түшүндүрүлүшү зарыл. Жансыз зат жыйындысынын жандууну жарата албашы, аң-сезимсиз, акылсыз атомдордун бир жерге чогулуп, ойлонгон, сүйгөн, сүйүүнү жактырган, мээрим көрсөткөн, күлгөн, сындоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бир жандыкты жарата албашы, көз жана кулак сыяктуу органдардагы кемчиликсиз системанын баскыч баскыч пайда боло албашы акылдуу мисалдар менен түшүндүрүлүшү керек. Көп түрдүүлүктүн эволюциялык бир далил эмес экендиги, антибиотик тирешүүнүн эволюцияга далил боло албашы, керексиз абалга келген органдар деген нерсенин жок экендиги, жандуулардагы окшоштуктун дарвинизмди колдобогондугу, молекулярдык гомологиянын (окшоштуктун) жараксыз бир догма экендиги, эволюция теориясынын эмбриологиялык бир таянычынын жок экендиги сыяктуу темалар далилдери менен сунулушу керек.
Адамдардын көпчүлүгү жогоруда саналган чындыктарды билбегендиктен, дарвинизмдин пропагандаларына алданышууда. Бул чындыктар мисалдар, илимий табылгалар, далилдери менен бирге түшүндүрүлгөндө, көп адамдар чындыктарды көрүшөт. Ушул себептен Мусулмандар эптеп, тартынган жооп берип, түшүнкүсүз түшүндүрмөлөр кылуу ордуна, илимий далилдери менен дарвинизмди кыйратышы керек. Башка жол менен дарвинизмди жеңүү мүмкүн эмес. Далилдери менен түшүндүрүлгөндө болсо дарвинизмди жеңүү абдан оңой.
Ошондуктан, Мусулмандардын бул темада өздөрүн өнүктүрүшү, маалыматтарын көбөйтүшү да маанилүү. Бир атеист, материалист, дарвинист айткан догмаларды эң акылдуу абалда кыйрата ала турган маалыматка ээ болгон бир адамдын дарвинисттер менен илимий күрөштөн качынышы үчүн эч кандай себеп калбайт. Пассивдүүлүк жана алсыздык көрсөтүшүнө, өзүн басынтышына, тартынышына, тынчсызданышына негиз болгон бүт себептер жоголот. Ыкластуу бир Мусулманга жараша турган абалда, дарвинизмге каршы ачык, жеңүүчү бир илимий күрөш ичинде болот. Мына ошондо Аз.Мусанын асасынын сыйкырчылардын бүт тузактарын жутуп жок кылышы сыяктуу, ортого коюлган далилдер дарвинизмдин бүт калптарын таасирсиз кылып, кыйратат. Жана Аллахтын буйругу менен, Раббибиз Куранда билдиргендей, акыйкат апачык ортого чыгат жана каапырлар чоң бир жеңилүүгө дуушар болушат:
Ошентип акыйкат ордун тапты, алардын бардык кылгандары жараксыз болду. Ал жерде жеңилишти жана уят болушуп, жүздөрүн тескери бурушту. (Араф Сүрөсү, 118-119)
![]() |
İlkel bilim seviyesinin ürünü olan Darwinizm, özellikle 20. yüzyılın ikinci yarısında elde edilen bilimsel bilgi ve bulgularla yıkılmıştır. |
Дүйнө жашоосунда жаратылган бир сыноонун зарылчылыгы катары шайтан тынымсыз адамдарды Аллах жолунан тосуу үчүн аракет кылат жана момундарды алсыздандырып, алардын толкундануу жана чечкиндүүлүгүн сындыруу, натыйжада күрөш күчүн азайтуу үчүн болгон күчү менен аракет кылат. Шайтандын дүйнөдөгү максаты – куру кыялдар жана азгырыктар шыбырап, адамдарды ичинен жаңылтуу жана ушундай жол менен кыйроого түртүү. Куранда шайтандын бул багытта жасаган аракети «Аларды, кандай болбосун, адаштырып-жаңылтам, эң болор-болбос куру кыялдарга салам...» (Ниса Сүрөсү, 119) аяты менен кабар берилген. Шайтан бардык адамдарга болгон сыяктуу эле, ыйман келтиргендерге да ар түрдүү жолдор менен жакындоого, сооптуу жана жакшы иштерди аларга жамандык сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылат. Кээ бир окуяларды чечүүгө болбой тургандай көрсөтүп, жарым жолдон артка кайтарууну, сооптуу иштерди жарым таштатууну каалайт. Окуяларды оор көрсөтүп, адамдарды алсыздыкка түшүрүүгө, үмүтсүздүккө түртүүгө аракет кылат. Жалкоолукту күчөтүп, кыймылдашын «оор» кылууну, адамдардын эрксиз болушун каалайт.
Шайтандын Мусулмандарды алсыздатууга аракет кылган нерселердин бирөөсү – бул дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн илимий күрөш. Дарвинизмди калп илимий көрсөтүп, илимий жеңүү эч мүмкүн эместей азгырыктарды берип, Мусулмандарды керексиз коркууларга түшүрүү аркылуу дарвинизм менен болгон илимий күрөштөн аларды тосууну каалайт.
Бирок Куранда шайтандын болгон аракеттеринин жана тузагынын чынында абдан алсыз экенине көңүл бурулган:
... Эч шексиз, шайтандын тузак айласы абдан алсыз. (Ниса Сүрөсү, 76)
Ыймандуулар да бул чындыктарды дайыма эсинде тутуп, шайтандын азгырыктарынын өздөрүнө таасир беришине жол бербеши керек. Акылын жана абийирин толук колдонгон бир адам дарвинизм менен илимий күрөшүүдөн качынбайт. Тескерисинче, ыкластуу бир момун эң натыйжалуу, эң күчтүү, эң акылдуу жана эң хикматтуу ыкмалар менен, чоң бир чечкиндүүлүк жана каалоо менен мындай күрөшүн жүргүзөт.
Момундар дарвинизмдин калптарына каршы, Аллахтын бар экенин жана жалгыз экенин түшүндүрүшүп, Аллахтын жаратуу чеберчилигинин далилдерин ортого койушууда жана абдан сыймыктуу кызматты аткарышууда. Ушул себептен, дарвинизм менен болгон илимий күрөштө Мусулмандар сооптордо жарышуунун кубанычы менен аракет кылышы керек жана сөзсүз жеңээрин ойлоп, чечкиндүү жана күчтүү болуп, Раббибиздин убадасын эч унутпоолору зарыл:
Алсырабагыла, кайгырбагыла; эгер (чындап) ыйман келтирген болсоңор, эң жогору (жеңүүчү) болгон силерсиңер. (Али Имран Сүрөсү, 139)
Мындай көлөмдүү бир илимий күрөштүн натыйжалуу болушу үчүн Мусулмандардын биримдик жана достук руху ичинде аракет кылышы чоң мааниге ээ. Аллах Куранда Мусулмандардын каапыр ахлагына каршы жүргүзө турган пикирдик күрөштө биримдикте болушу керек экенин билдирген. Бир аятта Мусулмандар биримдикте аракет кылбаган учурда жер бетинде бузукулук чыгаары төмөнкүчө кабар берилген:
Каапырлар бири-биринин досу. Эгер силер да андай кылбасаңар (бири-бириңерге жардам берип, дос болбосоңор) жер жүзүндө бир фитна жана чоң бир бузукулук (фесат) болот. (Энфал Сүрөсү, 73)
Динсиздик дүйнөнүн көп аймагына жайылган учурда, террор жана анархия бүт адамдарды коркутуп жатканда, көптөгөн алсыз жана күнөөсүз адам зулумдук жана кысымчылык астында эзилип жатканда, чын жүрөктөн ыйман келтиргендердин милдети – бул болгон мүмкүнчүлүктөрдү аягына чейин колдонуп, дарвинизм менен илимий күрөшүү. Себеби динсиздик жана атеизмдин таянычы – бул дарвинизм. Мусулмандардын араларындагы ой-пикир айырмачылыктарын айтып, бириге албашы жүргүзүлүшү керек болгон бул улуу илимий күрөштө күчтөрүнүн азайышына себеп болот. Азыркы шарттар ой-пикир айырмачылыктарын бир четке коюп, дин ахлагынын жайылышы үчүн биримдик курууну зарыл кылууда.
Аллах Куранда момундарга «өз ара талашып-тартышпашын» (Энфал Сүрөсү, 46) буйрук кылууда жана мунун Мусулмандарды алсыздата турган бир абал экенин билдирүүдө. Дагы бир аятта болсо мындай буйрук кылынат:
Аларга апачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп майдаланган жана пикир келишпестикке кабылгандар сыяктуу болбогула. Дал ошолор үчүн чоң бир азап бар. (Али Имран Сүрөсү, 105)
Кээ бир ыйман келтиргендердин динсиздикке каршы жүргүзүлгөн илимий күрөштө биримдик кура албашынын түбүндө алардын Аллах буйрук кылган ахлакты керектүү деңгээлде жашабашы турат. Бул ахлак кичи пейилдикти негиз алат. Кичи пейилдиктен алыстагандар өздөрүн жана өз пикирлерин туура деп ойлошот жана өздөрүнөн башкача ойлонгондорду басынтып, аларга ачууланышат. Өз көз-караштарынын туура экенинен эч шектенишпегендиктен, өздөрүн эч качан сындашпайт жана натыйжада андан да жакшы болуп, алдыга жыла алышпайт. Бир гана өз пикирлеринин угулушун, жайылышын жана түшүндүрүлүшүн каалашат. Ошол багытта аракет кылгандарга колдоо көрсөтүшпөйт, бул аракеттерди байкамаксан болушат. Көбүнчө өз ойлорунда башкалардын аракеттерин басынтышат, ал тургай бул аракеттерге тоскоол боло турган мамиле да кылышы мүмкүн. Бир гана өздөрүнүн пикирин жактырып, муну менен мактангандардын абалына Куранда «... алар иштерин өз араларында (ар түрдүү) китептер абалында бөлүштү; ар бир топ өз колдорундагыга ыраазы болуп сүйүнүшүүдө.» (Мүминун Сүрөсү, 53) аяты менен көңүл бурулган.
Бул – Аллахтан коркуп тартынгандардын жана акырет күнү сурак берээрине ишенгендердин болгон күчү менен сактанып өздөрүн коргошу керек болгон бир абал. Бул теманын маанисин байкагандардын башка момундарды да бул катага түшүүдөн эскертүүлөрү, Мусулмандардын Куран ахлагында жана динсиздикке каршы жүргүзүлгөн илимий күрөштө биримдик куруу үчүн аракет кылуулары зарыл болууда.
Дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн илимий күрөштө ар бир Мусулман өзүнө милдет алышы керек. Бардык Мусулман жарандык коомдор, уюмдар, фонддор жана бирикмелер биримдик сезими менен аракет кылышы керек жана «Бул биздин уюмубуздун иш-аракети эмес» же болбосо «Бул биздин фондубуздун эмгеги эмес» деп ойлонбостон, дарвинизм менен болгон күрөшкө жардам бериши зарыл. Тиешелүү болгон фонддун, бирикменин, уюмдун иш-аракеттеринен башка бардык иш-аракеттерди көрмөксөн болуу, «Биздин жамаатыбыздан эмес, ошондуктан пикирине да маани бербейбиз» деген пикирде болуу Мусулманга эч жарашпайт.
Дүйнөнүн төрт тарабында Мусулмандардын азап тартып жатышы, болуп жаткан согуштар, азаптар, анархия жана террор себеп болгон коркуу жана тынчсыздануу чөйрөсүнүн өкүм сүрүшү дин ахлагынын жайылышына болгон муктаждыктын абдан чоң экенин көрсөтүүдө. Мындай шартта ар кандай шылтоолорду айтып, дарвинизм менен илимий күрөштөн качынуу, биримдик жана достук руху менен аракет кылбоо дүйнөдө да, акыретте да жоопкерчилиги болгон бир мамиле болушу мүмкүн. Ыкластуу Мусулмандардын мындай катага түшүүдөн сактанышы абдан маанилүү.
Жашоосу боюнча динсиздикке каршы илимий күрөш жүргүзгөн улуу Ислам аалымы Бедиүззаман Саид Нурси эмгектеринде динсиздиктин дарвинизм жана материализмден күч алганын айткан. Ушул себептен бул идеологиялар менен жүргүзүлгөн илимий күрөштүн маанисине көңүл бурган.
Бедиүззаман бир сөзүндө каапырлардын ага жана чөйрөсүндөгүлөргө каршы курган тузактарда материализмдин таасирин мындайча түшүндүргөн:
Жана салисен (үчүнчүдөн): Маддиййун (материализм) философиясынын жана маданиятынын жазибедар (өзүнө тартуучу) сефахат (ойноп-күлүү) жана уктатуучу ширин уулары менен бузуу аркылуу араларындагы достукту бузуу жана устаттарын кыянаттыктар менен жыгуу жана кызматтарын илимдин, философиянын кээ бир эрежелери менен көңүлдөрүнөн өчүрүү...56
Бедиүззаман да айткандай, каапырлар алардын күрөшүн таасирсиз кылуу үчүн материалисттик маданияттын натыйжасы болгон убактылуу жана дүнүйөлүк каалоо, жыргалдар аркылуу ыйман келтиргендерди алдоого аракет кылышкан, ошондой эле материалисттик маданияттын пропагандалары менен ыйман келтиргендердин биримдик жана достугун бузууну көздөшүп, Бедиүззаманга ар кандай жалааларды жабышкан. Бирок бул пландарында ийгиликке жете алышкан эмес.
Бедиүззаман баяндарында өзгөчө акыр заманда дарвинизм жана материализмдин күчөөрүн, каапырчылыктын бул күчтөн колдоо алып жайылаарын, бирок Аз.Иса жана Аз.Мехдинин илимий күрөштөрү натыйжасында бул фитналардын токтоорун айткан. Аз.Мехдинин биринчи кызматынын дарвинизм жана материализмди илимий таасирсиз абалга алып келүү экенин айтып кеткен. Бедиүззаман да айткандай, Аз.Мехди бул кызматын толугу менен аткарып, дарвинизм жана материализмди илимий жокко чыгарып, адамдардын ыйманынын кутулушуна себепчи болот:
Биринчиси: Илим жана философиянын таасири менен жана маддиййун жана табииййун тауну (дарвинизм жана материализм оорусу) адамдардын арасында жайылышы менен, баарынан мурда философияны жана маддийун пикирин (материализмди) толугу менен оозун жаптыра турган бир абалда ыйманды куткаруу.57
Бедиүззаман дарвинизмдин жана материализмдин дажжалияттын таянычы экенин, Аз.Исанын бул фитнага каршы чоң бир күрөш жүргүзөөрүн жана таасирсиз кылаарын болсо мындайча баяндаган:
Шахсы (киши, адам) Иса Алейхиссаламдын кылычы менен өлтүрүлгөн шахсы (киши, адам) дажжаль курган кыйратуучу маддийунлук (материализм) жана динсиздиктин бой көтөргөн айкелин жана шахсы маневисин (руханиятын) өлтүрөт жана Аллахты жокко чыгарган каапырчылык аракетин кыйратат...59
Байкалгандай, Бедиүззаман Саид Нурси каапырчылыктын жана дин ахлагынан алыстоонун түбүндө дарвинизм жана материализм турганын айтууда. Аз.Мехди жана Аз.Иса башчылык кылган Мусулмандардын бул эки бузуку идеологияга каршы чоң бир илимий күрөш жүргүзүшөөрүн баса белгилөөдө. Аллахтын буйругу менен, Аз.Иса жана Аз.Мехдинин лидерлиги астында бул идеологиялар жок кылынат жана Ислам ахлагы жер жүзүнө жайылып, өкүмчүлүк кылат.