Дарвинизм Аллахтын бар экендиги жана жалгыздыгын, адамдардын Раббибиздин алдында жоопкерчиликтүү экенин жокко чыгарат. Материализмдин жана дин ахлагына туура келбеген агымдардын таянычы. Ушул себептен илим тарабынан кыйратылганына карабастан, идеологиялык себептерден улам сактап калууга аракет кылынууда.
Аалам жана адамдар сокур кокустуктардын чыгармасы деген жаңылыштыкты жактаган дарвинист-материалист агымдар калп бир жаныбар түрү деп санаган адамдардын арасындагы байланыштар да айбандардыкындай болушу керек дешет. Бул адашкан көз-караш өзүмчүлдүктү, таш боордукту, урушту, согушту, адам өлтүрүүнү өз ойлорунда туура көрүшөт. Мээрим, сүйүү, боорукердик, урматтоо сыяктуу сезимдерди болсо калп эволюция процессин артка тарткан тоскоолдуктар катары кабыл алышат. Дарвинисттик пикирлердин аң-сезимге сиңирилиши натыйжасында адамдарга болгон сүйүүдөн алыс, заалым, зөөкүр, өзүмчүл адамдар калыптанат.
Дарвинизм 150 жылдан ашуун убакыттан бери динсиздикти, ахлаксыздыкты, анархияны, урушту жана согушту коомдорго сиңирүүдө жана дарвинизмдин мындай пропагандалары чоң коомдук балээлерге себеп болууда. Согуш, адам өлтүрүү, анархия жана террор окуяларына толгон 20-кылым – бул абалдын бир далили. Башка улуттарды сөз жүзүндө эволюция процессин аяктай албаган бир жаныбар (айбан) катары көргөн, алдыга жылуу согуш, күрөш менен гана мүмкүн болот деп ойлогон, адамдар арасында да жырткыч табият мыйзамдары иштейт деп ишенгендер дүйнөнү канга булашты.
Бүгүнкү күндө да дарвинисттик пропаганда болгон күчү менен улантылууда. Жаштарга жоопкерсиздик аң-сезими сиңирилүү менен алар адеп-ахлаксыздыкка, башка адамдар маанисиз деп айтылуу аркылуу айоосуздук менен аларды эзүүгө, күрөш кадимки нерседей көрсөтүлүп уруш-талашка, анархияга жана террорго чакырылууда. Көп өлкөлөр дарвинизмден келип чыккан коомдук маселелер менен күрөшүүдө.
Мындай абалда адамзаттын дарвинизмдин коркунучтарына жана калптарына карата эскертилиши жана мынчалык коркунучтуу бир аң-сезимдин илимий тараптан таасирсиз абалга алып келиниши абдан чоң мааниге ээ. Бирок дарвинизмди жана ал себеп болгон коркунучтарды түшүнө албаган адамдар дарвинизмге каршы жүргүзүлгөн илимий күрөштүн да маанилүүлүгүн түшүнө алышпоодо.
Мындай адамдар дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн ордуна бул күрөшкө көз жумуп койуу жана мындай күрөштөн качуу үчүн ар кандай жолдорго барышууда. Кээ бирлери «дарвинизм негизи анчалык маанилүү бир тема эмес» деп айтуу менен бул илимий күрөштү маанисиз көрүүгө жана көрсөтүүгө аракет кылат. Кээ бирлери болсо Ислам менен эволюция теориясы арасында «орто бир жол» жасоону максат кылат. Бул үчүн өз ойлорунда дарвинизм менен Исламды байланыштырууга аракет кылышат. «Дарвинизмди Мусулмандаштыруу аракети» деп атоого боло турган мындай мамиле абдан чоң ката жана жаңылыштыктарга толо. Дарвинизм менен Ислам Дини арасында өз ойунда бир «макулдашуу» издөө Мусулмандын оюна да келбеши керек. Ортого чыгуу себеби Аллахтан жана жаратылуудан (креационизмден, т.а. бүт ааламдарды, бүт нерселерди Аллах жаратканынан) баш тартуу болгон бир теория менен «макулдашуу» чын ыкластан ыйман келтиргендер үчүн эч мүмкүн эмес. Болгондо да, Куран аяттарында да, Пайгамбарыбыздын (сав) хадистеринде да эволюцияга ишарат кылган бир дагы сөз жок.
Бул китепте дарвинизм менен илимий күрөшүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылынат жана ошондой эле, мындай улуу илимий күрөштөн качынгандардын айткан себептерине жооп берилет. Маалымат жетишсиздиги же бул тема жөнүндө керектүү деңгээлде ойлонбоонун натыйжасында пайда болгон «себептердин» жоготулушу, Аллахтын уруксаты менен, динсиздикке каршы жүргүзүлгөн илимий күрөштүн күчүн жана таасирин жогорулатат. Бир маанилүү жагдайды дагы бир жолу эскерте кетүү керек: ыйман келтирген адамдардын жаратылуу чындыгына толугу менен каршы чыккан бир теорияны коркунучсуз жана зыянсыз көрүшү, анын өнүгүшүн карап отурушу дарвинизмдин коомдо барган сайын жайылышына жана натыйжада атеизмдин күчөшүнө кыйыр түрдө жардам берет. Ушул себептен ыймандуулар эволюция теориясынын түпкүрүндөгү философияны жакшы түшүнүшү керек: эволюция теориясы – бул материалисттик философиянын калп «илимий» көрүнгөн бир услуп менен баяндалышы гана. Материалисттик философия болсо «динсиздиктин дини».
Куранда «…жер бетинде бузукулуктун алдын ала турган пазилеттүү адамдар болушу керек эмес беле?...» (Худ Сүрөсү, 116) аяты аркылуу жер жүзүндө бейпилдик жана тынчтыктын бузулушуна себеп болгон нерселерге каршы илимий күрөш жүргүзүүнүн маанисине ишарат кылынууда. Бүгүнкү күндө адамзаттын бейпилдигин бузган, коопсуздук жана тынчтык чөйрөсүнүн өкүм сүрүшүнө тоскоол болгон агымдардын түбүндө дарвинизм турат. Чын ыкластан ыйман келтирген Мусулмандардын бул чындыкты байкашып, бул коркунучту көрмөксөн болуунун ордуна болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып бул коркунучту илимий кыйратуу үчүн аракет кылышы зарыл.