Адам Денесинен Жаратуу Мисалдары

Адам денесиндеги системалар менен органдарды, алардын түзүлүшүн жана функцияларын канчалык терең, майда-баратына чейин изилдеген сайын, кемчиликсиз жаратуу далилдерине ошончолук жакындан күбө болобуз.

Алдыда адам денесиндеги кээ бир орган менен системалардын укмуштуу өзгөчөлүктөрүн карайбыз. Албетте, денебиздеги жаратуу кереметтери булар менен эле чектелбейт. Бар болушубуздун канчалык так эсептерге жана жаратуу кереметтерине таянганын көрүү үчүн бул мисалдар бир башталгыч гана болушу мүмкүн.

Karaciğerdeki Akıl

Курсактын үстүңкү оң жагында жайгашкан боор дене үчүн өтө маанилүү бир орган. Дененин башка көптөгөн органы сыяктуу боордун жок болушу же өз кызматын аткара албашы адамдын өлүмүнө себеп болот. Б.а. бүт органдары менен системалары өз ордунда болгон бир адамдын бир эле боору кем болсо, ал адам жашай албайт.

Бул жерде төмөнкү чындык дагы бир жолу көрүнөт: эволюционисттер айткандай, адамдар менен жаныбарлар баскыч баскыч эволюциялашып пайда болгон болсо, алар жашай алышы үчүн эң башында боор да кошо бүт өтө зарыл органдары менен системалары бир учурда, кемчиликсиз пайда болгон болушу керек эле. Ал тургай бул дагы жетиштүү эмес; баарынын бир-бири менен болгон кемчиликсиз гармония менен байланыштары да бир учурда пайда болгон болушу шарт. Мындай бир системаны болсо кокустук менен эч түшүндүрүүгө болбойт. Бул аң-сезимдүү, пландуу бир жаратуу менен гана пайда болушу мүмкүн.

Эми бул аң-сезимдүү жаратуунун анык мисалдарынын бири болгон боор аткарган жана ар бири өзүнчө бир адистикти талап кылган кызматтардын кээ бирлерин карайлы:

◉ Кан айлануу ичинде кемчиликсиз бир фильтр кызматын аткарат: сууда ээрий турган, дененин калдыгы болгон жөнөкөй заттар бөйрөктө тазаланса, дарылар менен гормондор сыяктуу татаал химиялык түзүлүштөгү калдыктарды боор гана тазалайт. Боор болбогондо же ушул өзгөчөлүгү эле болбогондо, ал химиялык калдыктар денеде олуттуу ууланууларга себеп болмок.

◉ Дененин энергия булактарын өндүрөт: боордун өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири – бул дененин эң негизги энергия булагы болгон глюкозаны өндүрүшү. Кадимки тамактануу учурунда алынган глюкоза гликогенге айлантылып боордо кампаланат. Боор кандагы глюкоза көлөмүн тынымсыз текшерет. Тамактардын арасында азык келбей, кандагы глюкоза көлөмү төмөндөп баштаганда, боор кампалап койгон гликогенди кайрадан глюкозага айлантып канга берет. Ошентип кандагы глюкозанын ашыкча азайышынын алды алынат. Боор, мындан тышкары, май кислоталары менен амино-кислоталардан да глюкоза өндүрө алган сыяктуу, энергия өндүрүүдө колдонуу мүмкүн эмес болгон башка углеводдорду да глюкозага айланта алат. Дененин жетиштүү энергияга ээ экенин өтө кылдат текшерет. Бул үчүн өзгөчө бир байланыш системасына ээ. Денедеги бүт органдар боор менен байланышта.

◉ Иммундук (коргонуу) системаны логистикалык жактан колдойт: боор азыктануу жана зат алмашуу калдыктары үчүн фильтр эле болбостон, мындан тышкары, иммундук заттар болгон глобулиндерди жана тамыр оңдоо топтору болгон энзимдерди да өндүрөт. Бул заттар адам денеси үчүн өтө зор мааниге ээ.

◉ Канды кампалайт: боор кеңейип же кичирейе алчу касиетке ээ. Мындай касиети урматында кан тамырларындагы канды кампалай алат жана койо бере алат.

Боор ден-соолугу чың бир денеде жалпы кандын 10%ын, б.а. 450 мл канды өзүндө кармайт. Кээ бир учурларда, мисалы, жүрөк жетишпестиги болгондо денеде айланган кандын көлөмү жүрөктүн иштөө темпине ашыкча болуп калат. Мындай учурда боор канды кармоо көлөмүн дагы эки эсеге көбөйтүп, кошумча 1 литр канды кампалайт. Ошентип жүрөктүн көтөрө ала турган бир темпте иштешине мүмкүндүк берет.

Денеде кан муктаждыгы жогорулаганда болсо (мисалы, оор машыгуулар учурунда) боор өзүндө кампалап койгон канды айланууга чыгарып кан муктаждыгын камсыз кылат.

◉ Бактерияларды тазалайт: боордогу Купфер клеткалары ал жерден өткөн, өзгөчө ичегилерден келген кандагы көп сандагы бактерияларды жутушат. Купфер клеткалары кандагы бөлүкчөлөр же башка кошумча продукттар көбөйгөн учурда аларды кандан фильтрлөө үчүн өздөрүнүн санын көбөйтүшөт.

◉ Үнөмдүү иштейт: булчуңдарда глюкоза сарпталганда, зат алмашуунун калдыгы болгон сүт кислотасы чыгат. Сүт кислотасы булчуңда турган кезде аны оорутуп, иштешине тоскоол болот. Боор бул кислотаны булчуңдардан топтоп, кайрадан глюкозага айланта алат.

◉ Өлгөн эритроциттердин жаңыларын өндүрөт: боор менен көк боор – бул өлгөн эритроциттердин ордуна жаңылары өндүрүлчү, протеиндин көп бөлүгү майдаланчу жана амино-кислоталар катары кайрадан башка максаттар үчүн колдонулчу жерлер.

◉ Дененин эң башкы кампасы: бүт минералдарды, протеиндерди, аз санда майды жана витаминдерди боор кампалайт. Боор, ошондой эле, денеде маанилүү функциялары бар темир дагы кампаланчу орган. Муктаждык болгондо кампалаган затын эң кыска жолдон керектүү жерге берет.

◉ Өзүн өзү оңдой алат: боордун өзүн өзү оңдоо касиети бар. Бир бөлүгү жабыркаса, калган башка клеткалар ошол замат көбөйүп кем жерин толуктайт. Ал тургай, органдын үчтөн экиси алынса дагы, калган бөлүгү боорду толук толуктай ала турган касиетке ээ.

Боор өзүн өзү оңдоп жатып, өлгөн жана жабыркаган клеткаларын ал жерден алыстатат жана ордуна жаңыларын койот.

Бул саналгандар боордун функцияларынын бир канчасы гана. Демейде бир боор клеткасы болжол менен 500дөн ашык операция жасоо жөндөмүнө ээ. Бул операцияларды биринин артынан экинчисин эмес, көбүнчө бир учурда жасай алат.

Бул жерде абдан «акылдуу» бир органды көрүп турганыбыз анык. Боор абдан өнүккөн бир компьютер сыяктуу дене тең салмактуулуктарын тынымсыз текшерет жана ар кандай кийлигишүүлөр менен сактап турат. Мынчалык акылдуу бир органдын андан жогорку бир акыл тарабынан жаратылган болушу керек экени да анык. Бир компьютер жогорку маалымат жана жөндөмдөргө ээ компьютер инженерлери тарабынан жасалган сымал, боор да «жасалган» болушу керек. Бул органдын кокус жана туш келди мутациялар натыйжасында пайда болгонун жактаган эволюция теориясы болсо «бир компьютер бир катар жер титирөөлөр, чагылгандар сыяктуу факторлор натыйжасында пластмасса, жез, алюминий, айнек жана ушул сыяктуу заттардан пайда болгон» деп айткан адамдай чоң бир тантык пикирди жактаган болот.

Болгондо да, боор денебиздеги жүздөгөн комплекстүү орган менен системалардын бирөөсү гана.

İnsan Derisi ve Özellikleri

Боор жана башка өтө маанилүү органдар сыяктуу тери дагы – ансыз адам жашай албаган абдан маанилүү бир орган. Теринин бир бөлүгүнүн эле жабыркашы адамдын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Себеби бул денеде маанилүү бир суу жоготуусуна жана андан соң өлүмгө жол ачат. Бул жерден да көрүнүп тургандай, тери өзү жалгыз эле эволюция теориясын кыйратуучу бир орган. Себеби бүт нерсеси бар, бирок териси али эволюциялашпаган же терисинин бир бөлүгү эле пайда болгон бир жандык өмүр дагы сүрө албайт, урпагын да уланта албайт. Кыскасы, адамдар дагы, жаныбарлар дагы бүт бөлүктөрү кемчиликсиз жана толук абалда, денелери болсо бүтүндөй тери менен капталган абалда пайда болушкан, кыскача айтканда, жаратылышкан.

Тери адам денесинде бир бөлүктөн турган эң кенен орган. Бир жагынан бекем, экинчи жагынан ийкемдүү бир кыртыш. Керектүү учурда жылышыбызды, керек болгондо болсо салкындашыбызды камсыз кылат. Дененин оорулардан коргонушунун биринчи жана эң негизги баскычы болгон тери тынымсыз өзүн жаңыртат. Баарыбыз теринин сезүү касиетинен пайдаланып кыймылдарыбызды жөнгө салабыз.

Тери бул функцияларын атайын даярдалган түзүлүшү урматында аткарат.

Тери бир-биринен толук айырмалуу түзүлүштөрдөн турат. Астыңкы тарабында майдан турган бир катмар бар. Бул май катмары изоляция кызматын аткарат. Бул катмардын үстүндө териге ийкемдүүлүк касиетин берген жана көп бөлүгү протеинден турган бөлүм бар. Май катмарынын үстүндөгү биринчи катмар астыңкы тери, анын үстүндөгү болсо үстүңкү тери деп аталат. Бул катмарларды теринин микроскопиялык көрүнүшүнөн көрө алабыз: астыңкы тери, үстүңкү тери жана май...

Manzara
A. Deri (Tüysüz)
B. Deri (Tüylü)

1. Epidermis
2. Yüzeysel arteriyövenöz ağı
3. Dermis
4. Ciltaltı/hipodermis
5. Gözenekli dermis
6. Ter kanalı
7. Derin arteriyövenöz sinir ağı
8. Ciltaltı yağ tabakası
9. Alt deri sinir lifleri
10. Eccrine ter bezleri

11. Saç, tüy
12. Ter Kanalının Açılması
13. Deri Kabarcıkları
14. Kaldırıcı Kas
15. Yağ Bezi
16. Saç Folikülü
17. Ekrin Ter Kanalı
18. Ekrin Ter Bezi

Deri birçok tabakadan oluşan, içinde algılayıcı sinirler, dolaşım kanalları, havalandırma sistemleri, ısı ve nem ayarlayıcıları, bulunan, gerektiğinde güneşe karşı kal- kan üretebilen oldukça karmaşık bir organdır.

◉ Дененин суу тең салмактуулугунун бузулушунун алдын алат: үстүңкү теринин эки тарабы тең суу өткөрбөс касиетке ээ. Сырттан денеге, денеден сырткы суу өтпөйт. Теринин мындай касиети урматында денебизге сырттан кире турган нымдуулук себебинен денедеги суу көлөмүнүн ашыкча жогорулашынын, натыйжада дене тең салмактуулугунун бузулушунун алды алынган болот.

◉ Чыдамкай жана ийкемдүү: үстүңкү теринин бетиндеги клеткалардын көпчүлүгү өлүү. Астыңкы териге тийип турган кан тамырларына жакын бөлүктөр тирүү клеткалардан турган катмар. Ал клеткалар бөлүнүп көбөйөт. Жана жаңы клеткалар эскилерди жогору түртүп астыңкы териден алыстатышат. Үстүңкү тери клеткалары түздөлүп, клетка сыпатын жоготуп башташат жана кератин деп аталган катуу бир затка айланышат. Кан ташуучу азыктардан алыста калып өлгөн ал клеткаларды кератин бирге кармап турат жана дене суусун сыртка чыгарбаган, сырттан да ичкериге эч нерсе киргизбеген бир соотко айланат.

Бир караганда абдан жумшактай көрүнгөнү менен, тери сырттан келе турган сокку жана терс таасирлерден бизди коргой турганчалык бекем. Мындан да катуураак жана калыңыраак болгондо коргоочу касиети өсмөк деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок бул жаңылыштык. Эгер бир пилдин же носорогдун терисиндей катуу жана калың терилүү болгонубузда, абдан кыймылдуу болгон денебиз бул жөндөмүн жоготмок жана эпсиз, далдайган болуп калмак.

◉ Өзүн өзү жаңырта алат: үстүңкү терини караганыбызда бекемдигинин себеби эмне экенин түшүнөбүз. Дененин ичине кирген татаал бир түзүлүшкө ээ. Ар бир катмар экинчиси менен тыгыз байланышта. Бирок бирөөсүнүн жабыркашынын башкаларына зыяны тийбейт. Ансыз да терибиздин бир бөлүгү түшүп турат. Өзгөчө терибизди катуу жерлерге сүргөнүбүздө көбүрөөк түшөт. Ушундайча кемиген бөлүктөрдүн ордун толтуруу үчүн үстүңкү теринин эң астыңкы кабатындагы клеткалар тынымсыз жаңы клеткаларды өндүрүшөт.

◉ Катмарларынын биригип турушун камсыз кыла турган түзүлүштө: терини капталынан караганда үстүңкү тери менен астыңкы тери арасындагы чектин дөң-сай бир көрүнүштө экени көрүнөт. Бул одур-бодурлар эки катмардын бир-биринин бетинде жылмышышына жана бөлүнүшүнө тоскоол болот.

◉ Денени зыяндуу нурлардан коргойт: үстүңкү теринин эң астында жашаган бир клетка “меланин” деп аталган бир өң-түс затын өндүрөт. Теринин өңүн аныктоочу бул зат терини күндөн келген ультра-кырмызы нурлардын зыяндуу таасирлеринен коргойт.

◉ Дененин тышкы дүйнө менен байланышын камсыздайт: астыңкы теридеги нервдер денеден тышкы дүйнөгө ачылган терезелер сыяктуу. Тери биз турган чөйрөнүн шарттарын тынымсыз изилдеп туруучу, денебиздин эң кенен жана эң негизги органы. Кулактан, мурундан, ал тургай, көздөн да мааниси чоң. Башка сезүү органдарыбызсыз жашай алабыз. Бирок терисиз адам жашай албайт. Себеби адам денесинин эң негизги суюктугу болгон суу тери болмоюнча денеде сактала албайт. Дененин абдан аз санда эле суу жоготушу заматта өлүм менен аяктайт. Жогорку даражадагы күйүк алуу окуяларынын өлүм менен бүтүшүнүн себеби дагы – бул теринин маанилүү бөлүгүнүн жок болушунан улам дененин суу жоготушу.

◉ Ысыкта дененин салкындашын камсыздоочу механизмдерди камтыйт: теринин дагы бир функциясы – бул дене температурасын тең салмакта сакташы. Адамдар ысыкта тердешет жана терилерине кан толот. Бул механизм дененин салкындашына алып келет.

Астыңкы терини абдан майда капиллярлар ороп турат. Булар теринин азыктанышы үчүн эле эмес. Ошол эле учурда теридеги кандын көлөмүн да текшеришет. Дене температурасы жогорулаганда тамырлар кеңейип талап кылынгандан ысыгыраак болгон кандын дененин салыштырмалуу салкын болгон тышкы бөлүгүнөн өтүшүн жана температурасын сыртка чыгарышын камсыздайт. Денени салкындатуучу экинчи механизм – бул тер. Адам териси «тешикче» деп аталган көптөгөн тешиктерге толо. Тешикчелер тер бездери жайгашкан астыңкы териге чейин созулушат. Ал бездер кандан алган сууну тешикчелерден өткөрүп, дененин тышына чыгарышат. Сыртка чыгарылган суюктук (б.а. тер) буулануу үчүн дененин температурасын колдонот. Натыйжада буулануу учурунда теридеги жылуулук колдонулгандыктан ал аймакта бир салкындоо болот.

◉ Суукта дене температурасын сактайт: тери суук абаларда бул жолу дененин жылуулугун сактайт. Суукта тер бездери иштешин жайлатат, кан тамырлар кысылат. Ушундайча тери астында кандын айланышы жайлатылат. Натыйжада дене жылуулугунун сыртка чыгышына мүмкүн болушунча жолтоо болунат.

Булардын баары бизге адам терисинин анын жашоосун жеңилдетүү үчүн атайын пландалып жасалган кемчиликсиз бир орган экенин көрсөтөт. Тери коргойт дагы, “кондиционер” кызматын да аткарат жана ийкемдүүлүгү урматында дененин эркин кыймылдашын камсыз кылат. Болгондо да, абдан көзгө жагымдуу.

Мындай теринин ордуна катуу, калың жана морт бир терилүү да болушубуз мүмкүн эле. Ийкемсиз жана натыйжада бир аз семиргенибизде жарака кетип, айрыла турган бир терилүү да болушубуз ыктымал эле. Же болбосо, терибиз жайында ысыктан эсибизди жоготушубузга, кышында оңой гана тоңушубузга себеп боло турган бир түзүлүштө да болушу мүмкүн эле. Караганда жийиркене тургандай түрү суук бир тери менен капталган болушубуз да ыктымал эле. Бирок бизди жараткан Аллах эң “комфорттуу”, эң ыңгайлуу жана эң сулуу тери менен денебизди орогон. Себеби Ал “жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, “калып жана келбет” берүүчү”. (Хашр Сүрөсү, 24)

Eldeki Tasarım

sitokrom-c, protein

Чыныдагы чайды аралаштыруу, китеп беттерин барактоо сыяктуу эң жөнөкөй көрүнгөн операцияларды жасаган колубуз – чынында улуу бир долбоор керемети.

Колдун эң негизги өзгөчөлүгү – бул анын бүтүндөй стандарттуу түзүлүштө болгонуна карабастан, өтө башка башка тармактарда абдан натыйжалуу иштей алышы. Адам колу муштум түйүлбөгөн абалда дагы кандайдыр бир нерсеге 45 кг салмагындагы бир күч менен сокку ура алат. Бираз машыгуу менен бул күчтү оңой гана 60 килого чыгарууга болот. Башка тараптан, колубуз баш бармак жана сөөмөй менен кармаган миллиметрдин ондон бириндей ичке бир кагазды сезе алат.

Мына ушул күч менен сезгичтикке кошумча андагы зор маневр жөндөмү адамдын колун теңдешсиз кылат. 27 сөөк жана аларга багыт берүүчү кемчиликсиз бир булчуң жана нерв системасына ээ колубуздун бүт жандыктар дүйнөсүндө бир теңдеши жок. Булардын баары бул органыбыздын абдан функционалдуу колдонула турган абалда жаратылганы себептүү.

Колубузду уучубуздан төмөн жана жогору көздөй 180 градуска кыймылдата алабыз. Айбанаттар ааламында жырткыч канаттуулардын баштары гана ушундай теңдешсиз бир бурулуу бурчуна ээ. Колдун өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири – бул баш бармактын башка манжалардын ар бирине тийе ала тургандай ийкемдүү болушу. Албетте, баш бармак башка манжалардын тушуна келе алышы үчүн ийкемдүү болушу эле жетиштүү эмес. Ошол эле учурда керектүү узундукта жана оңтойлуу жерде болушу да шарт.

Баш бармак башка манжаларды башкаруучу бир кызматты аркалайт жана кармаганда “күчтү жөнгө салуучу” өзгөчөлүгүнө ээ болот: бул китептин бир бетин барактаганыңызда колуңуздун бир канча ишти бир учурда жасаганын билчү белеңиз? Барактын оң үстүңкү жагынан кармаңыз. Бир бетти аныктап барактап жатканда, сөөмөй менен ортомуңуз баш бармагыңызга басым жасайт. Ошентип байкабастан бетти барактап, койо бересиз.

sitokrom-c, protein

Eldeki tasarım o denli kusursuzdur ki, modern teknoloji ile üretilen robotlar asla insan elini taklit edememektedirler. Hiç bir robot el, insan elinin yaptığı işlerin hepsini birden yapamaz.

Баш бармаксыз бир кол кадимки бир кол жасай алчу иштердин көпчүлүгүн жасай албайт. Кылгандарынын натыйжалуулугу болсо кадимки колго салыштырмалуу төмөн болот.

Колдун өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири – бул бир жагынан күчтүү, экинчи жагынан сезгич болушу. Көп санда булчуң менен нервдерге ээ болгон колдорубуз шартка жараша колубуздун бекем же акырын кармашын камсыздашат. Колубуз булчуң менен нервдерден тышкары кээ бир кичинекей түзүлүштөрдү да камтыйт. Манжаларыбыздын учундагы тырмактар керексиз бир аксессуар эмес. Жерге түшкөн бир ийнени алып жатканда, манжаларыбыз менен кошо тырмактарыбыздан да жардам алабыз. Терибизде манжа издерибизди түзгөн бырыштар менен тырмактар урматында кичинекей нерселерди оңой гана кармай алабыз. Эң негизгиси, тырмактар манжалардын кармаган нерсесине жасашы керек болгон кылдат басымынын жөнгө салынышында зор роль ойношот.

Колубуз менен нерселерге тийип, алардын ордун, формасын өзгөртүп, салмагын аныктайбыз, температурасын, бекемдигин ченейбиз, нерселердин катуу же жумшактыгын сезебиз.

Колубузду башка органдарыбыздан айырмалаган дагы бир өзгөчөлүгү – бул чарчабашы. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө орточо бир адамдын өмүр бою колун жок дегенде 25 миллион жолу ачып жумаары аныкталган. Бул эч бир шайман жете албай тургандай чоң бир рекорд.

Медицина менен илим дүйнөсүнүн күчтүү аракеттеринин бирин жасалма колду жасоо түзөт. Бул үчүн жасалган бүт робот колдордун орток өзгөчөлүгү болуп алардын күч жагынан адам колу менен бирдей мүмкүнчүлүктө болушу саналат. Бирок тийүүдөгү кылдаттык, кемчиликсиз маневр жөндөмү жана ар түрдүү иштерди жасай алуу багытында жагдай андай эмес.

Көп илимпоздор адам колунун бүт функцияларына ээ робот колду жасоо мүмкүн эмес деп санашат. Алардын бири “Karlsruhe колу” деп аталган робот колду жасаган инженер Ганс Шнебели (Hans J. Schneebeli). Шнебели бул жөнүндө мындай дейт:

Робот колдор багытында канчалык көп эмгектенген сайын, адамдар ээ болгон колдорго ошончолук көп таң калуудамын. Адам колу жасаган иштин бир бөлүгүнө эле жете алуубуз үчүн дагы көп убакыт өтүшү керек.

Кол демейде көз менен чогуу иштөөчү бир орган. Көздүн кабылдагандары мээге жеткирилет жана мээден келген жаңы бир буйрук менен кол жасай турган ишине жараша кыймылдайт. Албетте, булар абдан кыска убакытта жана биздин бул иш үчүн бир аракетибизди талап кылбастан ишке ашат. Тийүү учурунда өзгөчө кырдаал бар болсо манжа учундагы нервдер мээге кайрадан сигнал жөнөтүшөт. Бул жаңы сигналга жараша анализ жасалат жана колдун кыймылы кайрадан жөнгө салынып, ишке кириштирилет.

Роботтор болсо көрүү же тийүү өзгөчөлүгүн негиз тутуу менен гана кыймылдай алышат. Мындан тышкары, робот колдор ар түрдүү функцияларды жасай алышпайт. Мисалы, пианино ойной алган бир робот кол балканы кармай албайт. Балка кармаган робот болсо жумуртканы сындырбастан кармай албайт.

Булардын баарына адамда эки колдун бирге иштешин, кыймылдардын мээ тарабынан башкарылып жасалаарын жана бул башкаруунун нерв системасы аркылуу ишке ашаарын кошсок, колдун иштешин түшүнүүнүн эле канчалык көп аракетти талап кылаары жакшыраак түшүнүктүү болот.

Мынчалык жогорку долбоорго ээ болгон колдун сөзсүз бир «долбоорчунун» колунан чыкканы анык. Заманбап технология толук туурай да албаган бир долбоор, албетте, эволюция теориясы жактагандай кокустуктар натыйжасында пайда боло албайт.

El, önkolda bulunan çok sayıdaki kasın uyumlu çalışması sayesinde işleyen ku sursuz bir makinadır.

Apaçık Olan Yaratılış

Жогоруда денедеги бир канча органдын иштешин карадык. Көңүл бурулган болсо, денедеги бул кемчиликсиз механизмдер көбүнчө бизге сезилбестен иштешет. Жүрөгүбүздүн согушу, боордун функциялары, теринин өзүн жаңыртышы жана ушул сыяктуу миңдеген, ал тургай, клетка деңгээлине түшкөнүбүздө миллиондогон процесс биз билбестен, өз алдынча жүрөт. Бөйрөктөрдүн каныбызды сүзгүдөн өткөргөнүн, ичегилердин жеген азыктарыбызды сиңиргенин, өпкөлөрдүн кандагы көмүр кычкыл газын тазалаганын, уйку бези чыгарган секрецияларын сезбейбиз дагы. Клеткаларыбызда секундасына миллиондогону ишке ашкан протеин синтездеринен, клеткалардын көбөйүшүнөн, ДНКлардын копияланышынан, иммундук системанын секунда сайын бүт денебизди сканерлеп жат организмдерди жок кылганынан кабарыбыз да болбойт.

Адам ага берилген бул дене аттуу кемчиликсиз механизмдин баркын ооруганда, бир органы өз функциясын аткара албай калганда гана түшүнүүдө.

Биз ичинде жашап жаткан бул кемчиликсиз механизм кантип пайда болгон? Акылы жана абийири бар бир адам үчүн бул дененин “жаратылганын” түшүнүп сезүү кыйын эмес.

Себеби эволюционисттер кокустуктар чогулуп бир организмди пайда кылды дешет. Чынында болсо адам денеси, башында да айткандай, бүт органдары бир учурда бар болгондо гана иштей алат. Бөйрөгү, өпкөсү, боору, жүрөгү, ичегиси же нерв системасы жок бир адам жашай албайт. Бул органдар бар болсо дагы, эгер кызматтарын толук аткара албаса, адам жашай албайт.

Ошондуктан адам денеси жашай алуу жана урпагын уланта алуу үчүн толугу менен, кемчиликсиз пайда болгон болушу шарт. Адам денесинин “бир заматта, толугу менен, кемчиликсиз пайда болушунун” башкача айтылышы – бул “жаратылган болушу”. Куран бул чындыкка мындайча басым жасайт:

Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан манини (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? Силердин араңарда өлүмдү аныктоочу Бизбиз жана силерге окшошторду алып келип-алмаштырууда жана силерди азыр билбеген абалыңарда жасоодо Биздин алдыбызга эч ким өтө албайт. (Вакыа Сүрөсү, 57-61)