Вирустар

Вирус деп аталган микроскопиялык жандык адам денесинин эң чоң душманы. Вирус адамдын денесиндеги кандайдыр бир клетканы өзүнө бир башпаанек катары колдонуп, ал жерде көбөйөт жана кээде адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Бир вирус белоктон түзүлгөн бир кабыкчадан жана кабыкчанын ичиндеги ал вируска тиешелүү маалыматтарды камтыган генетикалык коддордон (ДНК жана/же РНК) турат. Өз алдынча жашоонун (тирүүлүктүн) белгилерин көрсөтүүчү бир функциясы же органелли болбойт. Энергия өндүрө турган же белок синтездей ала турган бир системасы болбойт. Ошондуктан бул негизги функцияларды аткара турган жандуу бир клеткага муктаж. Ушул себептен бир вирус миллиондогон жыл бою эч бузулбастан, жансыз бир нерседей болуп бир жерде тура алат. Бул күтүү учурунда түзүлүшү өзгөрбөйт жана бузулбайт. Узак мезгил күткөн соң бир организмге жолукканда, ошол замат жан кирип, кыймылга келет. Андан соң ал план түзүп, стратегияларды иштеп чыккан, акылын колдонгон аң-сезимдүү бир жандыкка айланат. Мындай кереметтүү өзгөрүүнүн бир гана себеби бар: Аллах бул жандыкка «кыймылга кел» деп илхам кылып, ага жашоо берет. Эч күмөнсүз, башка эч бир күч, эч бир илим, эч бир технологиялык механизм мындай кереметтүү кыймыл-аракеттерге себеп боло албайт.

bacteriophage

Sağda bakterileri enfekte eden virüs, bakteriofaj görülüyor.

Бир вирус абдан көп убакыт бою жансыз бир кристаллдай болуп тура берет. Ойгонуу үчүн ага, ичине кирип инфекция кыла ала турган, коргоосуз бир клетканын жылуулугу менен нымдуулугу гана керек болот. Клетканын ичине жайгашканда кээде бир сааттын ичинде өзүн 100 эсе көбөйтө алат. Кээде өзүнүн генетикалык түзүлүшүн өзгөртүп, бир жылдын ичинде 20 миллион адамды өлтүрө турганчалык өзгөрө алышы мүмкүн. Таасири ушунчалык күчтүү болгону менен, көлөмү өтө кичинекей; 1018 (10дун он сегизинчи даражасы) даана вирус бириксе, бир теннистин тобундай гана болот. Эгер аалам башталгандан бери бир теннис тобунун ичине ар секунда сайын бирден вирус ташталып турганда, азыр топтун жарымы гана араң толмок. Албетте, бүт вирустардын көлөмү бирдей болбойт. Кээ бирлери биз мисал келтирген вирустардан миңдеген эсе чоң, аларга бир теннис тобун толтуруу үчүн 30 миллион жыл талап кылынат; кээ бирлери болсо 80 эсе кичинекей жана топту 2 триллион жылда да толтура алышпайт.64

Вирустардын түзүлүшүн тереңирээк изилдегенде, кемчиликсиз долбоордо жаратылганын көрөбүз. Вирустун кабыкчасын түзгөн молекулалар вирустун көрүнүшүн асыл таштай кылып көрсөтөт. Ар бир вирус түрү өзгөчө геометриялык дизайны менен таң калыштуу формаларды пайда кылат. Табияттагы бүт нерселер сыяктуу, вирустар дагы белгилүү эрежелер жана чен-өлчөмдөр менен жасалган. Вирустардагы бул долбоордун эрежелери «кубдук симметрияга» таянган. Көптөгөн илимпоздор бул архитектура долбоорунун эрежелери менен түзүлүшүн түшүнүү үчүн көп жылдар бою изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Бул геометриялык эрежелердин негизинде пайда болгон формалар «икосаэдр» (icosahedron) деп аталууда. Мындай форманын тең жактуу үч бурчтуктан турган 20 бети (граны) болот.

Вирустардын сырткы кабыкчасы түрүнө жараша алты бурчтук, беш бурчтук сыяктуу ар кандай, көп беттүү (грандуу), симметриялуу геометриялык формалардан турат. Кээ бир вирустар болсо түтүк же цилиндр формасында болушат. Мындай вирустар спиралдык симметрия эрежелерине баш ийет.

Жаңы табылган вирустарды рентген анализи жана башка татаал ыкмалар аркылуу микроскоп астында изилдөө 30 жылдык убакытты алды. Башкача айтканда, өзүнүн ыкмалары аркылуу бүт организмдерге таасир тийгизген, адамдардын массалык өлүмүнө себеп болгон, бирок болгону клетка мембранасы менен ДНКдан гана турган бул жандык өткөн кылымда гана табылып, андан бери 30 жыл бою изилденип келди. Бирок ал ортодо миңдеген адамдар ар кандай формада бул микро-жандыктардын өлтүрүүчү же оору козгоочу таасирине туш болушту. Башкача айтканда, бул микро-жандыктар, адамзат алардын бар экенин да билбеген кезде, миллиондогон жылдар бою таң калыштуу ыкмаларды колдонуп, өз ара кызматташып келишкен. Бул – Аллахтын чексиз илиминин бир көрүнүшү.

Вирус Адамдын Денесине Кантип Жайгашат?

bacteriophage

En büyük boyutlardaki virüslerin bile, bir pinpon topunu doldurmaları (evrenin başlangıcından beri saniyede bir virüsün pinpon topunun içine atıldığını kabul edersek) 30 milyon yılı gerektirir.

Вирустун бир клеткага кирип, анын иштөө тартибин өзгөртүп өзүнө кызмат кылдыруу жөндөмү бар. Клеткалардын бирине кирээрден мурда вирус буттары менен ал клетканын өзүнө ылайыктуу же ылайыктуу эмес экенин аныктайт. Эгер клетка ылайыктуу болсо, өзүнүн ДНКсын, же тагыраак айтканда, «өзүн» клетканын ичине киргизип жиберет. Клетка ичине кирген бул жаңы ДНКны көбүнчө жат катары көрбөйт. Ошондуктан анын чоочун зат экенин да билбейт. Анын чоочун экенин билбегени үчүн ага согуш да жарыялай албайт. Клетка вирустун ДНКсын клеткадагы ДНК жайгашчу жерге, б.а. түздөн-түз ядронун ичине алып барат. Вирус ал жерде клетканын ДНКсына кошулат. Андан соң клетка «белок өндүрүп жатам» деп ойлоп, жаңы вирус ДНКсын көбөйтүп баштайт.

Клетканын ичине жашынган бул ДНК молекуласын байкоо чындап эле оор. Бул 20 томдук бир энциклопедиянын кандайдыр бир жерине жайгаштырылган жарым саптык бир маалыматты издөөгө окшошот. Ошондуктан клетка эч тынымсыз вирусту өндүрө берет.

Клетка кылдат тең салмактуулуктарга таянып, аяр иш-аракеттерди жасаган бир организм. Кылдат түзүлүшүнө башка бир ДНКнын кошулушу анын бүт тартибин бузат. Ал өз милдеттерин эч кемчиликсиз аткарууну улантат, бирок андан чыккан натыйжа дененин бүт системасын астын-үстүн кылат. Эгер бузулуулар көп маанилүү эмес болсо, ичинде вирусу бар клеткалар вирустун ядро бөлүгүн өз хромосомаларына кошуп, башка формада бөлүнүп башташат. Бул клетканын ээнбаш (контрольсуз) көбөйүшү деген мааниге келет жана клеткалар кыска убакыт ичинде рак клеткаларына айланышат.65 Мындай тартипсиздик кээде адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Кээде болсо вирустар эч байкатпастан адамдын клеткасына жайгашып, ал жерде тынч гана күтүп тура беришет. Ал жерде эч бир иш-аракет кылбай, өздөрүн сездирбей бир канча күн, ал тургай, бир канча жыл жашынышат. Вирустун мындагы максаты иммундук системанын алсызданышын күтүү болуп саналат. Дене туруштук бере албай турган абалга келгенде, вирус клетканын ичинде тымызын иш-аракетин баштайт.

bacteriophage

Virüslerin sahip oldukları ikosahedron adı verilen yapılar, eşkenar üçgen şeklindeki 20 yüzeyden oluşmaktadır.

Эң таң калыштуусу, өзүнүн ДНКсынан башка эч бир чоочун заттын өтүшүнө жол бербеген клетка сыяктуу бир органелл кантип бир вируска алданып калат, вирус мында кайсы күч жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат? Вирус клетканын ичине кирип өзүнө орун таап эле тим болбостон, клетканын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп көбөйүп да баштайт. Вирустун мындай пландуу иш-аракеттерин илимпоздор дагы эле түшүнө албай келишүүдө.

Клетка ичине кирген вирустун таасири менен өлүмдү көздөй бет алат, бирок өмүрүнүн акыркы көз ирмемине чейин бүт энергиясын ушул чоочун затка коротот. Аягында клетка өлүп талкаланганда, көбөйүп абдан күчтөнгөн вирус башка клеткаларды көздөй жайылат.

Басып алуунун ылдамдыгы чындыгында таң калыштуу. Кээ бир эпидемиялар адамдарды эле эмес, массаларды да бир канча күндө жок кыла турганчалык күчтүү вирустардан келип чыккан. Мисалы, 1918-жылы чыккан бир сасык тумоо (грипп) эпидемиясында оорунун биринчи белгилери пайда болгондон кийин бир канча сааттын ичинде 20 миллиондон ашуун адам каза тапкан.66

Бир даана вирус себеп болгон бул окуя жөнүндө бир аз ойлонуу керек. Вирус деп аталган, бир сырткы кабыкча менен ДНКдан гана турган бир жандык миллиондогон жылдар бою тынч жаткан соң, кайдан буйрук алып, өз ишин баштоону кантип жана качан чечип, клетканын ичине кирет? Бир таштай жансыз турган вирус клетканын ичинде кантип жан кирип, көбөйүп баштайт? Канчалаган жылдар бою жансыз турган кезде аны эмне коргойт? Бир вирус адамдын денесиндеги бир клеткага кирип, бүт денени басып ала турган бир маалыматты кайдан алган болушу мүмкүн? Бул маалымат ал жандыктын кайсы жеринде сакталган? Бул жандык ал маалыматты кантип колдонот?

Бул жандыктын өзүндө мындай басып алуу жөндөмү менен акыл системасынын болушу, албетте, мүмкүн эмес. Аллах аны ушул иш-аракеттерди кылышы үчүн кемчиликсиз кылып жараткан. Бир аятта мындай деп айтылат:

Чындыгында түн менен күндүздүн кезек менен келишинде жана Аллах асмандарда жана жерде жараткан нерселерде коркуп-тартынган бир коом үчүн албетте аяттар бар. (Йунус Сүрөсү, 6)

farkli Virusler farkli Virusler

Farklı virüsler, çeşitli geometrik şekilleri kullanarak çok yüzeyli ve simetrik dış kabuklara sahip olmaktadırlar. Tek bir mikro canlıdaki bu simetri ve sanat Allah'ın üstün yaratmasının örneklerindendir.

Вирустардын Түрлөрү Абдан Көп

farkli Virusler

A. Tütün Mozaik Virüsü
B. Grip Virüsü
C. Adenovirüs

1. RNA Gövdesi
2. Kapsül

3. RNA Gövdesi
4. Kapsül

5. Fosfolipid Zarf
6. Virüs Proteini

7. DNA gövdesi
8. Kapsül
9. Glikoprotein

10. DNA Gövdesi
11. Kapsül

Farklı virüsler, çeşitli geometrik şekilleri kullanarak çok yüzeyli ve simetrik dış kabuklara sahip olmaktadırlar. Tek bir mikro canlıdaki bu simetri ve sanat Allah'ın üstün yaratmasının örneklerindendir.

Вирус генетикалык түзүлүшү бар бир организм, бирок генетикалык маалыматын өз алдынча иштете албайт. Ошондуктан өз алдынча турганда «тирүү организм» болуп эсептелбейт. Тирүү организм категориясына кошуу үчүн белгилүү шарттар талап кылынат, бирок бул организмдин гендик түзүлүшүнүн укмуш көп түрү бар. Вирустун геному, б.а. ДНК түзүлүшү өтө көп сандагы тамгадан турат. Мындан да кызыгы, ар бир вирус геному башкаларга окшобой, уникалдуу болот.

Вирустардын тамгаларынын тизилиши көлөмүнө жараша ар түрдүү болот. Мисалы, гепатит В вирусу 3200 нуклеотидден, б.а. тамгадан турат. ВИЧ (АИВ) вирусунун нуклеотиддеринин саны 10000. Учук чыгарган герпес сыяктуу чоңураак вирустардын ДНКларын түзгөн нуклеотиддердин саны болсо болжол менен 100 миңдин тегерегинде. Көлөмү бир канча микрондон турган бул жандык жалгыз органелли болгон ДНКсындагы бул тамгалар аркылуу көбөйүп, башка бир клеткага кирип жашашы керек экенин түшүнөт. Вирустун бүт өзгөчөлүктөрү ДНКсындагы ушул коддордо жазылган.

Укмуш жөндөмдүү болгондуктан, вирустар кыска убакыттын ичинде өзүнүн генетикалык сыпаттарын өзгөртө алышат. Бир эле оору вирустардын сыпатынын өзгөрүшүнөн улам ар кандай формага айланып кетиши мүмкүн жана мындай өзгөрүүлөр себебинен ал ооруларга карата чара көрүү мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Чара көрө албашыбыздын себеби вирус жаңы көрүнүшү менен өзүн сездирбестен клеткага кире алат. Кадимки шарттарда мурда пайда болгон вирустарды дененин таанышына шарт түзгөн жана вирустарга карата бирден-бир чара болуп эсептелген вакциналар вирус өзүн өзгөрткөндө натыйжасыз болуп калат. Вакцина аркылуу денеге тааныштырылган бир вирус денеге оору пайда кылуу үчүн киргенде, иммундук система тарабынан «душман» катары кабыл алынып, эң башынан эле жок кылынат. Бирок вакциналар ошол эле ооруга алып келе турган, бирок өзүнүн генин өзгөрткөн жаңы вирусту тааныбай калууда. Ошондуктан, мисалы, сасык тумоо үчүн иштелип чыккан бир вакцина кийинки жылы эч бир ишке жарабайт, себеби сасык тумоого себеп болгон вирус жыл сайын өзгөрүп турат. Бул көрүнүш, албетте, СПИДге себеп болуучу ВИЧ (АИВ) вирусуна да тиешелүү. Бирок ВИЧ вирусу өзүн ушунчалык бат жаңылап тургандыктан, иштелип чыккан вакцинанын өмүрү бир күнгө да жетпейт.

farkli Virusler

1. Radyoaktif DNA
2. Radyoaktif Olmayan Kılıf
3. Faj
4. Radyoaktif Kılıf
5. Radyoaktif Olmayan DNA
6. Enjeksiyon
7. Virüs Başlarının Ayrılması
8. Radyoaktif Olmayan
9. Merkezden Ayrılma
10. Radyoaktif
11. Yavru Virüsler

Farklı virüsler, çeşitli geometrik şekilleri kullanarak çok yüzeyli ve simetrik dış kabuklara sahip olmaktadırlar. Tek bir mikro canlıdaki bu simetri ve sanat Allah'ın üstün yaratmasının örneklerindendir.

Бул жерде вирустун теңдешсиз жана акылман жөндөмү таң калтырбай койбойт. Бир вирустун көбөйүү жана өзүн өзгөртүү ылдамдыгы укмуш жогору болгондуктан, бул микроскопиялык жандыкты жеңүүгө адамзаттын акылы менен технологиясы жетишсиз болууда. Орточо ылдамдыктагы бир вирус бир күндө 10000 вирус чыгара алат. Эгер биринчи күнү денеңизде бир вирус болсо, экинчи күнү 10000, анан 10000х10000, андан соң 10000х10000х10000, б.а. 1000 миллиард вирустуу болосуз. Мисалы, ВИЧ вирусу денеге киргенде, вирустардын жарымынан көбү иммундук система тарабынан 5 күндөн азыраак убакыт ичинде жок кылынат. Бирок бул убакыт аралыгында дагы ошончо жаңы вирус пайда болот. Арасынан жок дегенде бирөөсү иммундук система тарабынан таанылганда, калгандары өзгөрүп кетет. Организмдин чабуулдарына туруштук берип, келечектеги вирус популяциясынын алгачкы мүчөсүнө айланат.

Эволюция теориясы жагынан караганда, вирус жоопсуз суроолорго дагы бир суроо кошот. Ойдон чыгарылган эволюция дарагында вирустун ойдон чыгарылган бир «орду» бар. Бул жандыктардын фоссили (калдыгы) болбогондуктан, качан жана кантип пайда болгону белгисиз, ошондуктан эволюция сценарийлеринде болжолдоп эле бир жерге жайгаштырылып коюлат. Эволюционисттерди кыйнаган нерселердин башында вирустун комплекстүү түзүлүшү турат. Чындыгында, эволюционисттер вирустарды бактерия сыяктуу «примитивдүү» бир клеткалуулар классына кошууну каалашат, бирок бактериялар менен вирустардын түзүлүшү бири-бирине такыр окшобойт. Бактериялардын көпчүлүгүнүн хромосомалары клетканын ичинде эркин сүзүп жүрүүчү айлана формасында болсо, арасына вирустар жана адам да кошулган эукариоттук клеткаларда чыбык формасындагы хромосомалар ядронун ичинде сакталат. Бул жагынан караганда вирус, өзгөчө чечек (котон жара: сифилис) тобундагы вирустар, бактериялар киргизилген прокариоттор тобуна караганда эукариотторго жакыныраак. Мындан тышкары, вирусту түзгөн ДНК жана РНК пакеттери түзүлүшү жагынан бактерияларга такыр окшошпойт.

Кайсы күч-кудурет вирустарды ушундай өзгөчө кылып, аларга бул жөндөмдү берген?

Бул суроону эволюция менен түшүндүрүүгө аракет кылгандар дайыма карама-каршылыктардын ичинде калышат. Мунун себеби «ар түрдүү иштеген эволюция механизмдери» дешип, ар кандай теорияларды чыгарышат. Мындагы кемчиликсиз тартипти көрүп туруп, танышат. Танган сайын ушул жана ушул сыяктуу суроолор топтолот жана дарвинисттер айласыз калптарды издеп, теорияларды ойлоп чыгарууну улантышат. Бүт өмүрүн ушул максатка короткон бардык эволюционисттер сыяктуу, жаңы көз-караштарды чыгаргандар да эч бир натыйжага жете албастан бул дүйнөдөн өтүшөт жана ушул күнгө чейин айтылган бүт эволюционисттик көз-караштар сыяктуу, жаңы көз-караштар да далилсиз жана колдоосуз кала берет. Аягында кээ бирлери Дарвинден бери келген эрежелерден эч бир майнап чыкпай турганын жана чындыктарга каршы тирешүүнүн маанисиз экенин түшүнсө, кээ бирлери өмүрүн жалаң калптарга таянган бир теорияга арнап өткөрө беришет. Адамдын 100 триллион клеткасынын бирөөсүнө теңдешсиз ыкмалар менен кирип, абдан кичинекей болгонуна карабастан, чоң бир адамдын, ал тургай, массалардын өлүмүнө себеп болгон бир вирустун Аллахтын өтө улуу бир керемети экендигинде эч күмөн жок. Ал Аллахтын чексиз акылын көрүүбүз үчүн жаратылган. Аллахтын каалоосу менен, адамдын көзгө көрүнбөгөн бир вирустун алдында өзүнүн канчалык алсыз болуп калаарын көрүшү үчүн жаратылган. Жер жүзүндөгү бүт кемчиликсиз чыгармалар сыяктуу, бул жандык дагы Жаратуучусунун кудуретин жар салат. Адамдар кабыл алса да, албаса да, бул анык бир чындык. Аллах муну төмөнкүчө кабар берет:

Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)

Hepatit B Herpes HIV Virus

A. Hepatit B virüsü
B. Herpes virüsü
C. HIV virüsü kendisini öyle hızlı yeniler ki, geliştirilen aşının etkisi bir gün bile sürememektedir.

Булактар

64- Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978, sf. 159

65- Büyük Larousse Sözlük ve Ansiklopedisi, Cilt 23, Milliyet, İstanbul, 1986, sf. 12222

66- W.G.L., N.B. and R.G.W, What Accounts for Virulence?, Scientific American, Ocak 1999, sf. 64