Чаң Кенелери

Буга чейин каралган микроорганизмдер ичибизде, сыртыбызда, айланабызда, кыскасы бүт тарапта өтө көп санда кездешип, эбегейсиз чоң бир ааламды түзүшөт. Бул чоң ааламга кирген жана башка организмдер сыяктуу бүт тарапта кездешкен дагы бир жандык бар. Чаң кенелери деп аталган бул организмдер кандайдыр бир курт-кумурска, чымын-чиркейдегидей өзгөчөлүктөргө, өтө татаал жана комплекстүү бир түзүлүшкө ээ, бирок ошентсе да микроскоптон гана араң көрүнөт. Жашаган үйүбүздүн бүт тарабында, жаткан керебетибизде, жердеги килемде, дем алган абабызда, кыскасы, жашообуздун бүт тарабында кездешишет. Көлөмү 5-50 микрондун арасында болгон бул организмдер бизге көрүнбөйт. Эгер көрүнгөндө, албетте, абдан таң калмакпыз. Буттары жана кыпчуурлары менен бир жөргөмүшкө окшоп кеткен бул организмдер жашаган жерибиздин ар бир сантиметр квадратын каптап турушат.

home, decoration

Akarlar, yaşadığımız evin her yanında, yattığımız yatakta, yerdeki halıda, soluduğumuz havada, kısacası yaşamımızı geçirdiğimiz her yerde bulunmaktadır. Kuşkusuz bu canlıların görünmez oluşları, Allah'ın hikmetli yaratışının bir örneğidir.

Бул жандыктар өлгөн тери клеткалары жана кабыктары менен азыктанышат. Ошондуктан адамдар жашаган жерлерде болушат жана адамдар аркылуу башка жактарга тарашат. Алардын азыгы болсо көбүнчө төшөк жана жаздыктарда, эмерек жана килемдерде чогулат.

Кадимки шарттарда адамдар көрүнүшү кызыктай болгон бул жандыктарды көрүп байкаганды каалашпайт. Албетте, бул жандыктардын көзгө көрүнбөшү Аллахтын бүт нерсени даанышмандык менен жараткандыгынын бир мисалы. Бул организмдердин айланаңыздагы саны ушунчалык көп болгондуктан, жаткан төшөгүңүз канчалык таза болбосун, анда орточо 10000 даана чаң кенеси болот. Бул организмдер бөлүп чыгарган белокко карата аллергияңыз болбосо эле сизге зыяны тийбейт; сизди тиштебейт, чакпайт, оору жуктурбайт.

Бирок кээ бир жандыктарга зыяндуу. Мисалы, паразит катары бир аары тобунун ичинде жашаса, аарылардын үстүңкү өлгөн терилерин тешип, дене сууларын соруп жок кыла алышат. Ушул сыяктуу дагы көптөгөн чымын-чиркей, курт-кумурскаларга, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян тийгизиши мүмкүн. Кээ бирлери зыян менен бирге, ар кандай пайда да алып келиши ыктымал. Мисалы, курт-кумурска, чымын-чиркей чаң кенелери алардын өлүмүнө же ооруп калышына себеп болушат, бирок ошол эле учурда калдыктарды пайда кылып топурактын түшүмдүүлүгүн бир топко жогорулатышат. Кээ бирлери болсо бир катар жандыктардын соргучу болуп саналат. Кээ бир жаныбарлардын кулак каналдарында, өпкөлөрүндө жана ичегилеринде жашашат. Ошондуктан чаң кенелери башка чөйрөлөрдө жана адамдан башка жандыктарда да жашай алышат.

Чаң кенелери түрүнө жараша ар кандай жерлерде кездешиши мүмкүн. Эверест тоосунун 5000 метр бийиктиктеги боорлорунда да, Түндүк Тынч океандын 5200 метр тереңинде да жашай алышат. Бир эле Антарктидада 50дөн ашык кургактыкта жашаган чаң кенелеринин түрү белгилүү. Мындан тышкары, чаң кенелери курорттук аймактар (спа), үңкүрлөр, чөлдөр жана тундралар да кошо, көп жерлерде кездешет. 10 метр тереңдиктеги кендерде, муздак жана жылуу (термикалык) булактарда, 500C чейин жогорку температуралуу жер астындагы сууларда, бассейн жана көлдөрдө жашай алышат. Ар кандай чөйрөлөрдө жашай алган чаң кенеси түрлөрүнүн санынын 500000ден ашаары аныкталган.100

mite

Evlerde, özellikle de halılarda yaşayan akarlar.

Чаң кенелеринин өмүрү жалпысынан төрт этаптан өтөт. Жумуртка, личинка, нимфа этабы жана жетилген доор. Жетилгендер бир жолу терилерин алмаштырышат. Жумурткадан жетилген доорго чейинки период болжол менен 1 айга созулат. Жумурткалоочу ургаачылардын саны болсо жумасына 25-30 эсе көбөйөт. Жетилген чаң кенелери чөйрөнүн нымдуулук деңгээли менен температурасына жараша 2 айдай жашай алышат.

mite, mount everest

Akarlar, Everest'in yüksek tepelerinde yaşayabildikleri gibi, okyanusların derinliklerinde de bulunabilmektedirler.

Чаң кенелери суу ичишпейт, бирок абадан жана чөйрөсүнөн алган нымды сорушат. Ошондуктан чөйрөсүнүн нымдуулугу алар үчүн маанилүү. 70-80% сыяктуу өтө жогорку деңгээлдеги нымдуулукту жана болжол менен 27ºС жылуулукту жактырышат.101 Ушундай ыңгайлуу чөйрөнү тапканда санын аябай көбөйтө алышат. Мисалы, жарым гектарлык бир жайыт жердеги мүчөлөрүнүн саны 6000000го чейин жетиши мүмкүн.102

mountain

Ve (kötülük yapmamaları için) sağlam kementlerle birbirine bağlanmış diğerlerini.(Sad Suresi, 38)

Чаң Кенелеринин Дене Түзүлүшү Өтө Татаал

groundwater_mite

Akarlar, 500C'ye kadar yüksek ısıya sahip yeraltı sularında, havuz ve göllerde yaşayabilirler.

Чаң кенелери – бизге көрүнбөгөн бир ааламда жашоочу организмдер. Көзүбүзгө көрүнбөгөн жана бар экенин микроскопсуз далилдөөгө мүмкүн болбогон бул организмдин денеси кандай болду экен? Денеси бир клеткадан турабы? Же бир канча клетка жана органеллдерден түзүлгөнбү? Мынчалык кичинекей болгонуна караганда башка бир майда-чүйдөсү, өзгөчөлүгү же органы болбошу керек. Кадимки шарттарда көзгө көрүнөрлүк белгилүү бир көлөмү да болбогон бир организмде бир бактерия клеткасына салыштырмалуу көбүрөөк өзгөчөлүктүн болушу мүмкүн эместей сезилет. Андай болсо карап көрөлү: бир чаң кенесинин денеси башка микроорганизмдерден өзгөчөбү?

Чаң кенеси деп аталган организм адамдын башына окшоп кеткен бир денеден турат. Денесинде сейрек санда түктөр болот. Оозу денесинин алдына чогулган жана тешүүгө ыңгайлуу түзүлүштө. Чаң кенеси бул өзгөчө түзүлүшүнөн улам өзүнө ыңгайлуу азыктарды майда бөлүктөргө бөлүп, жей алат. Чаң кенесинин денеси сүйрү болот жана ичке сызыктар менен капталган. Бул сүйрү денеден сегиз кичинекей бут чыгат. Сегиз бут болсо өтө өзгөчө долбоордо жаратылган. Буттун тамандары чаң кенелеринин килемдин жиптеринин арасына жана төшөктөрдүн терең ичине кире алышына шарт түзүүчү жабышчаак бир зат менен капталган. Бул сегиз бут эң күчтүү чаң соргучтардын соруу күчүнө да туруштук бере алат.

Бул жерге чейин бул микроскопиялык жандыктын тышкы көрүнүшүн гана карадык. Көзгө көрүнбөгөнү менен ар дайым бүт тарабыбызда жашап жаткан бул жандыктын денесинин «ичи» да бар. Буга чейин балким эч кабарыңыз да болбогон бир чаң кенесинин өтө татаал «ички органдары» бар:

Чаң кенелеринин кээ бирлери кургактыкта да, сууда да жашай алышат. Кургактыкта жашай алган чаң кенелери «кекиртеги» (дем алуу каналы) аркылуу дем алышат.103 Кекиртегинин жанында «тамак каналы» жайгашкан. Кээ бир чаң кенелеринин тамактануу органдары өсүмдүк клеткаларын теше ала турганчалык курч болот. Чаң кенелери бул органы аркылуу азыктардын маңызындагы сууну эч кыйынчылыксыз соро алышат.104 Кээ бир чаң кенелеринде тамак каналын өтө өнүккөн бир «нерв системасы» ороп турат. Мээнин бир бөлүгүнөн тараган нерв тизмеги «буттардагы», «нерв системасындагы», «булчуң системасындагы» жана «көбөйүү органдарындагы» нервдерди стимулдайт. Ооз бөлүгүндөгү нервдер болсо мээнин башка бир бөлүгү тарабынан башкарылат. Кыскасы, көзгө көрүнбөгөн чаң кенесинин «мээси» бар.

mite, misroscope

Sadece mikroskop altında görebileceğimiz akarlar, son derece kapsamlı bir vücut yapısına sahiptirler. Bu canlıları oluşturan detaylar, yeryüzündeki kompleks yaratılışı gözler önüne serer.

Системалар жана органдар булар менен эле чектелбейт. Чаң кенесинин жегендерин сиңире турган «тамак сиңирүү системасы» да болушу керек, албетте. Тамак сиңирүү системасынын алдыңкы тарабы булчуңдуу бир «кулкундан», узун, ичке бир «тамак каналынан», бир «ашказандан», кыска бир «ичегиден» жана арт жагы «ичеги көңдөйүнөн» турат. Карынчанын ашказанга тиешелүү жуп баштыкчалары бар, алар белгилүү деңгээлде азык кампасы катары кызмат кылып, кээ бир чаң кенелеринин бир топко чейин тамактанбай жашай алышына шарт түзөт.

Чаң кенесинин арткы ичегиге чыкчу «бөлүп чыгаруу органдары» да бар. Алар дене көңдөйүндөгү калдык заттарды чогултуп, аны «гуанин» деп аталган органикалык бир кошулманын ичине өткөрүшөт. Бөлүп чыгаруу органына чейин жеткен бул өткөрүү процесси бизге көп деле бейтааныш болбогон бир жол менен жүргүзүлөт: «кан айлануу». Кан жүрөк же ар кандай булчуңдардын кыймылы аркылуу дененин ичинде айланат.105 Башкача айтканда, көзгө көрүнбөгөн бир чаң кенесинин «жүрөгү» бар.

Чаң кенелеринин «көбөйүү органдары» да бар. Сперманы өткөрүү же түздөн-түз, же болбосо «сперматофора» деп аталган пакеттердин ичинде ишке ашат. Эркек спермасын эркектин жупталуу органы аркылуу түздөн-түз ургаачынын жыныстык органынын ичине таштайт. Кээ бир эркектер спермаларынан турган бир пакетче иштеп чыгышат. Ал пакет же түздөн-түз, же эркектин ооз бөлүгү аркылуу, же болбосо кыйыр түрдө жашаган жердин үстүңкү бетиндеги тунма аркылуу ургаачынын жыныстык аймагына жеткирилет.106 Ошентип ургаачы көп өтпөй жумуртка чыгарат.

mite

Akarlar, oldukça gelişmiş iç organlara, sinir ve kas sistemine sahip bacaklara, hatta bir beyne sahiptirler.

Бул бир канча абзацта эгер бир адамдын же жаныбардын денесинен сөз кылып жаткан болгонубузда, бул айтылган органдар менен системалардын болушу кулагыбызга кадимки көнүмүш нерседей угулушу мүмкүн эле. Бирок бул маалыматтарды окуган соң кайрадан эске салуу туура болот. Бир чаң кенеси сиз билген же көргөн эң кичинекей курт-кумурскадан, ал тургай, сиз көрө алган бир чекиттен да кичинекей. Сиз болгон жерлерде сиз менен бирге миллиондогон чаң кенелери жашайт. Сиз менен бирге жашап, саны ушунчалык көп болгонуна карабастан, бул организмдердин дайыны да билинбейт. Бул Аллахтын бар экенин апачык айгинелеп, Анын чеберчилик кереметин көрсөтөт.

Бар экени эч сезилбеген бул жандыктын денесине Аллах бири-биринен татаал, ар түрдүү жана ошол эле учурда комплекстүү органдарды орноткон. Алардын эч биринин бири-бири менен болгон байланышы унутулуп калган эмес, бул организмдин жашоосуна керектүү системалардын баары анын микроскопиялык денесинде эч кемчиликсиз жаратылган. Дагы жүздөгөн майда-бараттардан турган бул системалардын бирөөсүн эле, мисалы бир ашказанды же нерв системасынын бир эле микроскопиялык тармагын жалганчы эволюциянын ойдон чыгарылган механизмдери пайда кыла алабы? Албетте, пайда кыла албайт. Ошондуктан кичинекей бир чаң кенесинин ар бир өзгөчөлүгү дагы бир жолу эволюция теориясына чоң сокку урууда.

mite, field, garden

Tarla ve bahçelerde yaşayan akarlar, bitkiler için son derece faydalı işler gerçekleştirirler. Bitkilere zarar veren böcekleri ortadan kaldırır ve ortamın temizlenmesine yardımcı olurlar.

Бул жерде балким оюбузду төмөнкү суроо ээлеши керек: бир микроорганизмдин дене системаларына, кан айдаган жүрөгүнө же нерв тармактарынан турган мээсине таң калышыбыз керекпи, же булардын эч бири жок туруп дүйнөгө азык менен кычкылтек тартуулаган, бири-бири менен кызматташып өзүнө азык даярдаган жана кээде денебизди уулануудан коргоп, кээде болсо топуракка минерал өндүрүп берген бир клеткалууларгабы? Булардын баары улуу жаратуучубуз Аллахтын чексиз акылынын, чексиз чеберчилигинин, чексиз илиминин теңдешсиз көрсөткүчтөрү. Күн өтүп, технология менен илим өнүккөн сайын, бул искусство чыгармаларына жаңылары кошулуп, азырынча белгисиз болгон жаңы ачылыштар жасалган сайын бүт нерсени Аллахтын жаратканы тастыкталат. Ар бир илимий ачылышта дарвинисттер эволюция теориясын кыйрата турган жаңы далилдерге жолугушат. Аллах Куранда мындай деп билдирген:

Жаратуучу – эч жаратпаган сыяктуубу? Эми сабак алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын нематтарын (сый-жакшылыктарын) санайбыз десеңер, аларды топтоштуруу менен да санап бүтүрө албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, ырайым кылуучу. (Нахл Сүрөсү, 17-18)

Чаң Кенелери Тазалык Кызматын Аткарышат

mite

Akarlar, genellikle bulundukları ortamı temizleme görevini üstlenirler. Besinlerini; pullar, salgılar, mantar sporları, polen taneleri ve bitki lifleri oluşturur.

Pyemotes tritici, mite

Resimde görülen Pyemotes tritici, genellikle depolanmış olan tahıllarda, kurutulmuş tanelerde üremektedir. Akarlar sayesinde bu bitkilerde böceklerin yaşaması imkansız hale gelir.

Чаң кенелери болгон жерлерде үйдүн чаңы, кездеменин жиптери, адам терисинин кабырчыктары, жаныбарлардын күкүмдөрү жана түктөрү, бактериялар, көк даттын споралары, тамак-аш күкүмдөрү жана башка органикалык жана синтетикалык материалдар болушу керек. Ушуларды жеп азыктанышат. Дайыма адамдар менен чогуу жашашынын себеби ушунда. Бул жагынан караганда бул кичинекей жандыктардын көпчүлүк бөлүгүнүн дүйнөнү тазалап тураарын түшүнөбүз. Бул организмдер тери күкүмдөрүн, бөлүп чыгарууларды, чаңдарды, козу карын спораларын, чаңча бүртүкчөлөрүн жана өсүмдүк жипчелерин (булаларын) жок кылышат.

Чаң кенелеринин саны айланабызды тазалай ала турганчалык көппү? Алардын саны чындап эле абдан көп. Үйдөгү чаңдын 1 чай кашыгына (1 грамм) 1000 даанадай чаң кенеси туура келет.107 Ушунчалык көп сандагы чаң кенесинин тынымсыз иш-аракетинен улам айланабыз тазаланып турат. Эгер чаң кенелери болбогондо, бул микро-калдыктар тынымсыз көбөйүп отуруп, дүйнө адам жашагыс бир жерге айланмак.

Чаң кенелеринин жер жүзүнө салымы муну менен эле чектелбейт. Кээ бир чаң кенелери өз курсагын ойлоп жатып байкабастан айлана-чөйрөсүнө пайда алып келишет. Мисалы, «Pyemotes tritici» түрүнө тиешелүү чаң кенелери көбүнчө сактап коюлган дан азыктарында, кургатылган дан жана буурчактарда, чөпканаларда жана кургатылган чөптөрдө көбөйүшөт. Бул организмдер айлана-чөйрөсүнө абдан пайдалуу, себеби кампага сактап коюлган дан азыктарын жана ошого окшогон азыктарды жей турган курт-кумурскаларды шал кылып, жок кылышат.

Чаң Кенелери Пландуу Иш-Аракет Жүргүзүшөт

mite, clover

Yonca akarı.

Чаң кенелери оор абалда калганда, башка организмдер сыяктуу өздөрүнө коргонуу ыкмаларын иштеп чыгышат. Мисалы, беде чаң кенелери климат шарттары начарлаганда, кышкы уйкуга же жайкы уйкуга жатышат. Температуранын алардын жашоосуна ыңгайлуу болгон белгилүү аралыктан жогорулап же төмөндөп кеткенин байкаганда, бир коркунуч туулганын түшүнүшөт. Ага карата чара көрүп денелеринин кээ бир функцияларын жайлатып, уйку абалына өтүшөт. Өлгөн организм сыяктуу болуп калгандыктан, айлана-чөйрөнүн жагымсыз шарттарынан зыян көрүшпөйт жана аба-ырайы жашоого ыңгайлуу температурага келгенде, кайрадан мурдакы абалына кайтып жашоосун улантышат.

Кээ бир чаң кенелери болсо башка жерлерге көчүү үчүн чымын-чиркейлерди жана жөргөмүш сымалдарды пайдаланышат. Мисалы, «Dinogamasus» түрүндөгү чаң кенелери кээ бир аарылардын курсак бөлүгүндөгү атайын баштыкчанын ичинде жашашат жана ошондуктан азык таба ала турган, каалаган тарапка көчө алышат.108 Ал үчүн, эң биринчиден, аарылардын курсак бөлүгүндө чаң кенелери үчүн атайын долбоорлонгон бир баштыкча болушу зарыл. Чаң кенелери бул долбоорду билиши керек жана башка жерлерге жетүү үчүн бул ыкманы колдоноюн деп ойлонушу зарыл. Бирок бул жандыктарда мындай эки тараптуу келишим түзө турган мээ жана акыл жок. Кадимки шарттарда бул нерсеге муктаждык дагы болбошу керек. Чаң кенелери дүйнөнүн бүт тарабында кездешкен жана өтө оңой көбөйө алган организмдер. Дарвинизм боюнча, «жашоо үчүн күрөшүшү» керек болгон бир жандыктын эч акысыз башка бир жандыкка жардам көрсөтүшү эч логикага туура келбейт. Эволюциянын кандай алдамчылык экени бул мисал менен дагы бир жолу далилденүүдө.

bee, dinogamasus

Dinogamasus türündeki akarlar, arıların karın bölgesinde bir kesede yaşarlar. Kendilerine barınak bulan akarlar, bu sayede istedikleri yerlere de kolaylıkla ulaşabilmektedirler.

Бул жандыктардын бири-бирине берген мындай жардамынын себебин түшүндүрүү эволюционисттерге чындап эле оор келет. Бул жандыктардын адамдар сыяктуу өз ара келишимге келүүгө же бири-бирине көмөктөшүүгө аң-сезимдери жетпейт. Табияттагы ушул жана ушуга окшогон мисалдар жер жүзүндөгү бүт нерсенин жалгыз жана улуу бир Жаратуучусу бар экенин толук далилдейт. Бүт баары улуу Жаратуучу Аллахтын буйругуна жана Ал аныктаган тагдырга баш ийет. Эч күмөнсүз, «Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок» (Худ Сүрөсү, 56). Бир аятта мындай деп айтылат:

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)

Булактар

100- Acari General Features, Encycyopedia Britannica 2002 Interaktif Versiyon

101- http://www.ristenbatt.com/dustmite.htm – Remowing Allergens From Your Home

102- Acari Natural History, Encycyopedia Britannica 2002 Interaktif Versiyon

103- http://encarta.msn.com/find/Concise.asp?ti=02C3E000

104- Acari Natural History, Encycyopedia Britannica 2002 İnteraktif Versiyon

105- Acari Form and Function, Encycyopedia Britannica 2002 İnteraktif Versiyon

106- Acari General Features, Encycyopedia Britannica 2002 İnteraktif Versiyon

107- http://www.ristenbatt.com/dustmite.htm – Remowing Allergens From Your Home

108- Acari Natural History, Encycyopedia Britannica 2002 CD