Козу Карындар, Көк Дат Жана Ачыткылар

Козу карындар – ичинде хлорофилли жок жандыктар. Бир организмдин ичине киргенде көбүнчө инфекция пайда кылып, ооруга себеп болушат. Бирок ошол эле учурда жер жүзүндөгү жандыктардын азык жана минерал муктаждыгынын көпчүлүк бөлүгүн камсыз кылышат. Ошондуктан жер бетинде жашоонун уланышы үчүн керек. Микро ааламдын бул мүчөсүнүн болжол менен 90 000 түрү аныкталган. Кээ бир божомолдор боюнча, бул жандык белгилүү жана белгисиздери менен бирге 1,5 миллион түрдөн турат.82

forist, tree

Sizin için gökten su indiren O'dur; içecek ondan, ağaç ondandır (ki) hayvanlarınızı onda otlatmaktasınız.(Nahl Suresi, 10)

Козу карындар көбүнчө караңгыда, нымдуу жерлерде жана органикалык заттар бар бүт тарапта көбөйүшөт. Ысык жерлерди жактырышат. Суукта көп көбөйө алышпаганы менен, аларды тоңдуруп өлтүрүүгө болбойт. Суукта кандайдыр бир мааниде кышкы уйкуга жатышат жана кыймылдабастан ысык абалардын келишин күтүшөт.83 Адамдын денесинде кездешкен 55 козу карын түрүнүн арасынан 30га жакыны патогендүү, б.а. оору козгогуч болуп саналат. Калгандары болсо сапрофит, б.а. зыянсыз.84

Козу карын аткарган кызматы менен өзгөчөлүктөрүнө жараша көк датка жана ачыткыга айланат. Ферментация процессинде колдонулган ачыткылар, дары жана тамак-аш жасоодо колдонулган көк даттар негизи оору козгоп өсүмдүк менен жаныбарлардын өлүмүнө себеп болгон козу карындардын башкача версиялары болуп саналат. Козу карын жер жүзүнүн өтө кеңири аймагына тараган бир организм. Орегон штатынын университетинен Элейн Ингем (Elaine Ingham) бир токойдон алынган бир чай кашык топурактагы бүт козу карын жипчелерин биринин учуна экинчисин улаганда 1,5 миляга (болжол менен 2,5 км) созулаарын жана ошондой көлөмдөгү бир кашык бактериядан төрт миң эсе оор болоорун эсептеп тапкан. Нымдуу, деңиз деңгээлинин астындагы токойлордо болсо бир чай кашык козу карын тобу 65, ал тургай, 650 километрге созулат.85 Козу карындын жер жүзүндөгү мындай баскыны жашоонун уланышында өтө зор мааниге ээ. Муну өзүнчө карайлы.

Козу Карындар Жер Жүзүндөгү Жашоонун Уланышы Үчүн Керек

Козу карындардын маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Алар бөлүштүргүч организмдер. Анын мааниси мындай: бул организмдер табияттагы комплекстүү органикалык заттарды жөнөкөй органикалык кошулмаларга жана органикалык эмес молекулаларга айландырышат. Башкача айтканда, башка организмдер денесине киргизе албаган азыктарды майдалап жөнөкөй кошулмаларга айландырып, аларга беришет. Мында өздөрүнүн жашоосуна керектүү энергияны алууну көздөшөт. Бирок колдонгон ыкмасы өтө кызыктуу. Козу карындар башка организмдер сыяктуу азыктарды жеген соң сиңиришпейт. Алгач сиңирип, б.а. ээритип, анан жешет. Ал үчүн белгилүү бир фермент бөлүп чыгарып, жей турган тамагын майда бөлүктөргө бөлүштүрүшөт. Айланасындагы бүт нерселерди ушул ыкма аркылуу оңой гана майдалай алышат, себеби козу карындардын денеси «мицелий» деп аталган бутактарга бөлүнгөн, микроскопиялык ичке кылдардан турат. Азыкты сиңирүү үчүн бул клеткалар тездик менен узара алышат.

Муну микроскоптон да көрүүгө болот. Козу карындын созулган бутактары жегенге боло турган нерселердин баарын, ал тургай, катуу заттардын 100%ын майдалап сиңире ала турган ферменттерди бөлүп чыгарышат. Мындай ичке кылдардын диаметри 1 дюймдун (болжол менен 2,5 см) 100 миңден бирине барабар жана ар жарым саатта бир бутак пайда болот. Бул өтө жогору бир ылдамдык болгондуктан, мындай тездик менен чоңойгон бир споранын эки күндүк өрчүшүнүн натыйжасында пайда болгон клеткалардын жалпы узундугу жүздөгөн километрге жете алат.86

fungus, mycelia

Mantarlar, çevrelerindeki herşeyi rahatlıkla parçalayabilirler. Çünkü mantarların vücutları, mycelia denilen mikroskobik dallardan oluşmaktadır.

Козу карындын мындай бутактары анын ар тарапка жетишине шарт түзөт. Бул бутактар жана жогоруда айтылган фермент аркылуу жасалган майдалоо процесси козу карынды жашоонун эң негизги организмдеринин бирине айландырууда. Жер жүзүндө мындай ыкма менен органикалык молекулаларды жөнөкөй органикалык заттарга айландыра ала турган козу карындар менен бактериялардан башка организм жок. Мындай айландыруу процессинин эмне үчүн мааниси зор? Себеби кээ бир организмдер татаал органикалык заттарды денелерине киргизе алышпайт. Алар жөнөкөй бөлүктөргө бөлүнүшү керек. Козу карын мындай татаал заттарды жөнөкөй органикалык заттарга айландырып, башка организмдерге тартуулайт.

Бул төмөнкүдөй ыкма менен жасалат: козу карындын азык булагына берген ферменти ал затты майда молекулаларга айландырат. Жана андан соң козу карын өз азыгын ичине тартат. Бирок мындан фермент аркылуу майдаланган органикалык заттар артып калат. Козу карындар бул заттарды бөлүштүрүүдө көмүртек, азот, фосфор сыяктуу маанилүү химикаттардын бөлүнүп чыгышына шарт түзүп, аларды башка организмдер колдоно ала турган даяр абалга алып келишет. Бул бөлүштүрүү процессинде, ошондой эле, атмосферага фотосинтез жасаган организмдерге керектүү көмүр кычкыл газы бөлүп чыгарылат жана жашоо үчүн өтө маанилүү азык заттар болгон минералдар топуракка кайра кайтат. Бул бөлүштүрүү процесси өтө татаал. Козу карындар өлүү өсүмдүктөрдү, өлгөн жаныбарларды, бойокторду, бут кийимдерди, пластиктерди, кагаздарды, кийимдерди жана, ал тургай, бензинди да бөлүштүрө алышат.87

fungus_nematode_mite

1. Bakteri ve mantarlar
2. Nematodlar ve akarlar

Mantarlar, diğer mikroorganizmalarla birlikte toprak altında besinleri, hücre materyalleri haline getirmek için faaliyet halindedirler.

Мындай бөлүштүрүү болбогондо, эмне болмок? Мындай бөлүштүрүү болбогондо, жашоонун уланышына керектүү негизги азыктардын баары өлгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ичинде кала бермек. Ал азыктар эч качан бөлүнүп чыгып, жер жүзүнө кайра кайтмак эмес. Жашоого керектүү айлампалардын бири иштебей калгандыктан, жер жүзүндөгү жашоо белгилүү мөөнөттөн соң аягына чыкмак.88 Демек козу карындардын жер жүзүндө мааниси өтө зор. Балким өз курсактарын гана ойлоп жатышкандыр, бөлүп чыгарган ферментинин күчүн билишпейт да чыгаар. Бирок өздөрүнө азык чыгарууга аракет кылып жатып бүт организмдерге жашоо булагы болушат.

Козу карындар кээде жер семирткичтердин ичине жайгашып, ал жерде да бөлүштүрүү жумушун жасашат. Бул процесс өтө маанилүү. Козу карындар жер семирткичтин ичинде бөлүштүрүү процессин баштап, целлюлозаны коротушат. Целлюлозанын көпчүлүгү коротулаары менен бактериялар ишке киришет жана эми бөлүштүрүү кезеги бактерияларга келет.89 Жер семирткичтин өсүмдүккө пайда алып келишинин сыры мына ушунда.

Козу карын, ошондой эле, азыктарды жаңы клетка материалдарына айландырууда да адис. Эгер ал турган жерде сиңирүү керек болгон ашыкча көлөмдө азык бар болсо, ал азыктарды өз денесинде көптөгөн клеткадан турган бир массанын ичинде сактап койот. Ошентип азыкты өзү үчүн эле сактап койбостон, өз денесин кеңейтип башка жаңы кампаларды да пайда кылат. Азык муктаждыгы болбосо да, азыктарды Аллах ага илхам кылган бир ыкма аркылуу сактап коюу керек экенин билет.

Козу Карындар Өсүмдүктөр Менен Симбиоздук Мамиледе Болушат

Козу карын менен өсүмдүктөрдүн ортосунда эки тараптуу көмөктөшүүгө таянган бир байланыш бар жана бул кызматташтыкты түзгөн козу карын «микориза» деп аталат. Жер жүзүндөгү өсүмдүктөрдүн 90%ынан көбү козу карындар менен ушундай мамиледе. Кээ бир өсүмдүктөр козу карындардын көмөгү менен ансайын күчтөнүп жанданса, кээ биринин куурап калбашы толугу менен ушул козу карындардан көз-каранды.

Козу карындын топурактагы бөлүштүрүү иш-аракети өсүмдүккө минерал, б.а. азык даярдап берет. Ошентип даяр минералдар менен органикалык кошулмаларды сиңирген өсүмдүк кыска убакыттын ичинде өрчүп, мурдакысынан бир топ күчтүү болуп калат. Өсүмдүк, ошол эле учурда, ага азык даярдап берген бул коногун кант, аминокислота жана башка кээ бир органикалык заттар менен азыктандырат. Мындай мамиле бүт өсүмдүктөр үчүн абдан маанилүү. Мисалы, бул козу карындар менен биргелешип жашабаган орхидеялар жашай алышпайт жана көптөгөн токой дарагы акырындап куурап калышат. Бул дарактар өскөн аймакка ылайыктуу козу карындар жана козу карын споралары алып келингенде болсо дарактар кайрадан кадимкидей өсүп башташат.90 Башкача айтканда, козу карындар жашоонун эң негизги мүчөлөрүнүн бири болгон өсүмдүктөргө сөзсүз керек.

fungus_mycorrhizea

1. Dış uzantılar
2. Ectomycorrhizae
3. Arbuscular mycorrhizae
4. Kabarcık
5. Spor

6. Orchid Endomycorrhizae
7. Düğümler
8. Ericoid Endomycorrhizae
9. Arbutoid Ectendomycorrhizae
10. Kılıf

Bitkilerle simbiyotik ilişki içine giren mycorrhizea mantarının yapısı.

Дарактардын тамырларына жайгашып аларга азык берип турган микориза, бир тараптан, дарактардын таштуу жерлерге карманып турушу үчүн да керек. Мындан тышкары, бул козу карын карагайлардын тамырына жайгашып, аларды ар кандай тамыр ооруларынан да коргойт. Даракты бир жерге бекем орнотуп, аны ар кандай оорулардан коргогон жана аны менен бөлүшүү үчүн фосфорду, топурактагы башка азыктарды жана сууну соруп чыгарган бул акылдуу жана укмуш жөндөмдүү козу карын бул кызматтары үчүн болсо болгону бир аз гана кант алат.91

fungus_plant

Bitki köklerini sarmış olan ve bitkilere besin sağlayan mantarlar.

Эволюциянын ойдон чыгарылган механизмдеринин акылга сыйбастыгын ушул жана ушуга окшогон ар кандай биргелешкен жашоо мисалдарынан апачык көрүүгө болот. Эволюция теориясы боюнча, өзүнүн гана жашоосу үчүн күрөшүшү керек болгон бул организмдер, эволюция көз-карашынын тескерисинче, бири-биринин өмүрүн сактоого аракет кылышууда. Болгондо да, фотосинтез касиети, теңдешсиз бир маалымат базасы, б.а. уругу, кычкылтек жана суу айлануусунун эң негизги булагы болгон жалбырактары менен кемчиликсиз бир организм болуп эсептелген өсүмдүктүн жашай алуу үчүн көзгө көрүнбөгөн, кичинекей козу карын клеткаларына муктаж болушун да дарвинисттер түшүндүрө алышпайт. Туура эмес эволюция түшүнүгү боюнча караганда, өсүмдүктөр бүт жагынан дээрлик эч кемчиликсиз өзгөрүүлөргө дуушар болгонуна карабастан, эң негизги муктаждыгында башка организмдерден көз-каранды бойдон кала беришкен. Укмуш татаал системалары болгону менен, топурактан өз алдынча азык ала алышпайт. Ушунчалык татаал организмдерде пайда боло албаган бул өзгөчөлүк кантип бир микроорганизмде пайда болгон?

fungus_mycorrhizea

Resimlerde görülen bitkilerden canlı ve sağlıklı olanlar, mantarlarla ortak yaşam içinde olanlardır. Köklerinde mycorrhizae bulunmayanlar ise, büyüyememiş ve güçsüzleşmişlerdir.

Дарвинисттер аларга узатылган ушуга окшогон жүз миңдеген суроодогу сыяктуу бул суроого да акылга сыярлык бир жооп бере алышпайт. Дарвинисттер эч качан болбогон бир эволюция процессин жакташууда. Эч качан болбогон бир процесс жөнүндө жомокторду ойлоп табуу болсо, албетте, илимге туура келбейт. Чоң дарактар менен канчалаган түрдүү өсүмдүктөр жасай албаган нерсени көзгө көрүнбөгөн, кичинекей микроорганизмдердин жасашы болсо Жараткан Аллахтын теңдешсиз жана улуу акылын көрсөтүүдө. Аллах Куранда мындай деп кабар берген:

Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар. (Энъам Сүрөсү, 59)

Козу Карындар Ар Түрдүү Оорулардын Себеби

Cutinase enzimi

Козу карындар, бир жагынан, өсүмдүктөрдүн өсүп чоңоюшуна көмөкчү болгону менен, кээде организмдерди басып алып өлүмгө да алып барышы мүмкүн. Олжо катары белгилеген организмге достой көрүнүп акырын бир жерине жайгашып, тымызын гана аны басып ала баштайт. Эгер ал басып алган организм бир өсүмдүк болсо, анда ал өсүмдүктүн бүт клеткалары козу карындын азыгына айланат.

Козу карын бир жалбырактын үстүнө жеткенде ал жерге «хитиназа» аттуу бир фермент бөлүп чыгарат. Бул зат өсүмдүктөрдүн жалбырактары менен тулку боюнун бетиндеги мом сыяктуу катмарды ээритет. Ал ээриген соң козу карындын алдындагы эң негизги тоскоолдук жок кылынган болот жана бул организм эми өсүмдүктү эч кыйынчылыксыз басып ала алат.92 Козу карын атайын бул тоскоолдуктан өтүү үчүн денесинде иштеп чыккан бул фермент жөнүндө бир саамга ойлонуу керек. Козу карындын өсүмдүккө жетишине тоскоол болгон бул тосмону жок кылуу кадимки шарттарда бир микроскопиялык организмдин колунан келбейт. Анткен менен, бул микроскопиялык организм бул маселени чече ала турган бир катар өзгөчөлүктөр менен бирге жаратылган. Бир жалгыз клетканын ичинде химиялык процесстер жүрүп, пайда болгон химиялык кошулмалардан бир фермент келип чыгат жана ал фермент толугу менен ушул мом сыяктуу катмарды ээрите турган өзгөчөлүктө болот. Бөлүп чыгарылган бул фермент мом сыяктуу катмарды ээрите албай турганчалык күчсүз же жалбыракты толугу менен жок кыла турганчалык күчтүү болушу да мүмкүн эле. Бирок микроскопиялык организм иштеп чыккан бул фермент өз милдетин эч кынтыксыз аткарат. Андан соң козу карын ага берилген илхамдын негизинде өсүмдүктү азык катары колдонуу үчүн бутактары менен аны ороп баштайт.

Дагы бир мисал катары кызыл карагайдын бутактарынын бирин басып алган козу карын түрүн берүүгө болот. Бир козу карын спорасы жабышчаак бир кызыл карагайдын ийнесинин бетине жайгашкан соң бүчүр байлап бутактап, түйдөк жипке окшошуп калат. Ийне жалбырактардын биринин тешикчелеринен ичкери кирип, ал жерге микроб тобун таштайт. Козу карындын өлтүрүүчү бөлүгү жалбырактын ичине кирген соң жалбырактын тамыр кыртышын өзүнө каратып, бутакты көздөй жөнөйт. Бутакта козу карындын өсүндүлөрү төрт тарапка жайылып, жеткен жерлерин өзүнө каратат. Аягында бул козу карын түйдөгү дарактын бутагын бир кур сыяктуу ороп, азыктын жолун бөгөп салат.93 Азык келбей калган бутак кыска убакыттын ичинде өлөт жана толугу менен козу карындын азыгына айланат.

fungus_plant

Rutubetli bir çam iğnesi üzerine yerleşen mantar filizlenir ve gözeneklerden içeriye mikrop tüpünü bırakır. Kısa bir süre sonra bütün dal, mantarın besini haline gelerek ölür.

Бир токойдо өсүмдүктөр менен дарактарды орогон жүздөн эки жүзгө чейин козу карын түрү кездешет. Ал козу карындардын кээ бирлери дарактын тулку боюна же бутагына чабуул жасайт. Көпчүлүгү болсо дарак кандайдыр бир ооруга кабылганда же ар кандай себептерден улам куурап баштаганда даракты «жеш» үчүн даяр турган «бекерпоздор» болуп саналат. Топурактын астында жеш үчүн күтүп жаткан козу карындар да бар. Мисалы, «көлөкө козу карыны» дарактын бутагынын чирип жерге түшүшүн сабырдуулук менен күтөт.

Бирок кээ бир козу карындар дарак тирүү кезде эле иш-аракеттерин баштайт. Көбүнчө дарактарда 15 түрдүү ооруга себеп болчу козу карын түрлөрү болот. Бирок бул козу карындар себеп болгон оорулар дарактарды кууратпайт. Көбүнчө дарактарда көзгө көрүнөөр ооруларды пайда кылат, бирок кийин бир сасык тумоо сыяктуу өтүп кетет. Бирок, албетте, булар дагы ар кандай орду толгус натыйжаларга себеп болушу мүмкүн. Мисалы, бул козу карындардан тараган оорулар себептүү бир аймакта өскөн дарак түрлөрү көбөйбөй калышы жана натыйжада айланага тарай албай калышы мүмкүн.94

fungus_tree

Mantarlar yerleştikleri ağaç dallarını kısa bir süre sonra tümüyle istila ederler. Kimileri de ölmeye başlayan ağaçları yiyen fırsatçılardır.

Кээде козу карындар жашылча-жемиш, мөмө-чөмөлөрдүн пайда болушунда да көйгөй жаратышы мүмкүн. «Oomycota Phytophthora» аттуу козу карын түрү көбүнчө помидорлорду жана картофельдерди басып алат. Бул басып алуунун масштабы өтө чоң жана абдан олуттуу натыйжалары бар. 1845-1860-жылдардын арасында Ирландияда болгон чоң картофель таңсыктыгына ушул козу карындар себеп болгон.95

Oomycota Phytophthora mantarı, bir dönem İrlanda'da patates kıtlığına sebep olan oldukça etkili bir mantar türüdür.

Козу карындар кээ бир жаныбарларды да басып алуу жөндөмүнө ээ. Көпчүлүгүндө оору пайда кылса, кээ бирлеринин өлүмүнө да себеп болушу мүмкүн. Кээ бирлерин болсо азык катары колдонуу үчүн пландуу түрдө өлтүрүшөт. Мисалы, топурак сөөлжандарынан бир топ кичинекей болгон бир сөөлжан түрү, нематоддор козу карындардын кереметтүү тузагына кармалып, бул жандыктарга жем болушат. Козу карындар нематоддордун жакын бир жерде экенин «сезгенде», сөөлжандар жабышып кала турган жабышчаак тузактарды курушат. Мындай тузактардын эң жөнөкөйү дагы олжосун секунданын ондон биринде сезүүчү үч сезгич козу карын клеткасынан турат. Ал клеткалар борбордон бир басым сезгенде кысылып, жабылышат. Ошентип олжо тузактын ичинде калат. Козу карын клеткаларынан турган бул тузак олжонун бетин бир канча сааттын ичинде каптап, аны тездик менен сиңирүүчү бир торду пайда кылат. Тузакка түшкөн сөөлжандар бул илмектен кутулган күндө да, бир аз болсо да козу карын өсүндүлөрү алардын үстүндө калат жана ал өсүндүлөр бир күнү өсүп чоңойот. Аягында сөөлжан бир сааттын ичинде өлөт.96

Жырткыч (эт жегич) бир козу карындын болушу, албетте, таң калыштуу, бирок андагы тузак куруу жөндөмү мындан да таң калыштуу. Канчалык таң калыштуу болсо да, бир жаныбардын, ал тургай, бир өсүмдүктүн башка бир жандыкка тузак даярдашы, булар көзгө көрүнгөн жана белгилүү бир көлөмдөгү организмдер болгону үчүн, акылга сыярлык сезилиши мүмкүн. Бирок көзгө көрүнбөгөн, кантип пайда болгонун жана кантип жашаарын изилдөө үчүн сөзсүз технология талап кылынган козу карындар бир жаныбарга тузак кура турган акылды кайдан алган деген суроо өтө маанилүү бир суроо. Бул суроонун жообу айланасындагы чындыктарды көрүүнү каалаган жана акылын колдоно алган бир адамды Аллахтын бар экенин тастыктоого алып барат. «Эч кандай муктаждык болбогонуна карабастан», бир микроскопиялык организмдин белгилүү ыкмаларды иштеп чыгып акыл колдонушу Аллахтын ааламды кемчиликсиз бир гармонияда жараткандыгын көрсөтөт.

fungus_nematode

Üzeri mantar tarafından sarılmış olan nematod.

Козу Карындардын Коргонуу Ыкмалары

Бактериялар жана башка микроорганизмдер сыяктуу, козу карындар да өз жашоосун улантуу үчүн «акылдуу» чараларды көрүшөт. Бул организмдер температура тоңуу чегине жетээрде бир катар химикаттар аркылуу денелеринин айланасында муз кристаллдарды пайда кылышат. Жогоруда бактерия жана балыр сыяктуу микроорганизмдерде көргөнүбүз сыяктуу, бул организмдер да шарттардын алар үчүн оордошконун түшүнөөр замат атмосферанын үстүңкү катмарларына корголонуп, аба агымдары аркылуу ысыгыраак жерлерге көчүүнү чечишет. Ал үчүн муз кристаллына айланып, шамал аркылуу булуттарга өтүшөт. Өздөрүнө ыңгайлуу бир убакыт жана ыңгайлуу бир орун тапканда болсо жандуу бир ядро формасында жер жүзүнө кайра кайтышат. Ушундай акылдуу ыкма аркылуу козу карындар өздөрүн коргошот жана айланага эч кыйынчылыксыз тарай алышат.

fungus, ice crystal

Mantarlar, ısı donma noktasına ulaştığında vücutlarının çevresinde buz kristalleri oluşturarak atmosferin üst kısımlarına sığınırlar. Hava akımlarıyla sıcak bir yere taşınana kadar burada adeta bir kış uykusundadırlar.

Бир микроорганизмдин абанын тоңуу чегине жеткенин сезип, айланадагы химиялык заттарды колдонуу жөндөмүнө ээ болушу, албетте, теңдешсиз бир касиет. Колдонулган ыкма өтө пландуу. Бул организм булуттарда бир муз кристаллынын ичинде коргонууга болоорун «билиши» керек. Муну акырындап, жасап көрүп жаңылып отуруп үйрөнүшү, албетте, мүмкүн эмес. Биз сөз кылып жаткан жандык муну жасап көрүп үйрөнө турган акылы бар бир жандык эмес, бир канча клеткадан турган бир микроорганизм. Бул өзгөчөлүк дагы, башка далилдер сыяктуу, эволюция теориясынын логикасыздыгын жана дарвинисттердин чарасыздыгын апачык көрсөтөт. Эволюциянын эч бир механизми микроскопиялык бир жандыктын өзүн коргоо муктаждыгын сезип, ушунчалык оор бир ыкманы тандашын жана муну оңой гана ишке ашыра алышын түшүндүрө албайт.

Эч күмөнсүз, эволюционисттер бул чындыкты эч качан түшүндүрө алышпайт. Себеби бүт жандыктарды ар бир жөндөмү, ар бир кемчиликсиз өзгөчөлүгү менен бирге Аллах жараткан. Бул организмдердин аман калуу үчүн керектүү чараларды алдын ала билиши, жасап көрүү-жаңылуу ыкмасы менен аларды ойлоп табышы керек эмес. Себеби ал жандыктар аларды жараткан, аларды коргогон жана аларга ырыскы берген Аллах тарабынан башкарылып турушат. Бир гана Аллахтын айтканын кылып, бир гана Ага моюн сунушат.

Дагы Бир Козу Карын Түрү: Көк Дат

Көк дат – бир ядросу бар бир клеткалуу козу карын. Бөлүнүү аркылуу көбөйүүчү бул организмде ар бир бөлүнүп чыккан бөлүк кайра эле көк даттын ичинде чоңойот жана топтошуп бир колонияга айланат. Көбүнчө көк дат клеткалары бактериялардан чоң жана жумуртка формасында болушат. Бир жаныбар клеткасындагы органеллдердин көпчүлүгү буларда да бар.

Көк дат клеткалары, дал бактериялар сыяктуу, ыңгайлуу шарттарда өтө тез көбөйүп, адам ден-соолугуна кооптуулук туудура турган абалга келишет. Бул организмдердин кээ бирлери болсо тамак-аштарда «токсин» аттуу адамдардын жана жаныбарлардын ууланышына себеп болуучу уулуу заттарды иштеп чыгышат. Ал тургай, ал заттардын кээ бирлери ракка да себеп боло алат. Көк даттар бактерияларга салыштырмалуу азыраак азык заттарын талап кылгандыктан жана шарттар жагынан караганда начарыраак шарттарда өрчүй алгандыктан, бактерияларга салыштырмалуу көп чөйрөдө жакшыраак көбөйө алышат.

fruits_mold

Bizim için büyük birer nimet ve güzellik olan meyve ve sebzeler, mikroskobik organizmalar yüzünden tamamen nitelik değiştirebilirler. Küfler, salgıladıkları toksin adlı madde ile bir besini zehirli bir maddeye dönüştürebilirler.

Көк даттар айлана-чөйрөдөгү органикалык калдыктарды жана тирүү микроорганизмдерди да азык катары колдоно алышат. Мисалы, ак дат «Entomophtorales» топурактын астындагы сууларда жашоочу амебалар менен азыктанат. Айланасында бараткан бир амебаны көргөндө, тинтүүрлөрү менен аны кармап бүт клетканын ичин соруп алат да, бир гана кабыкчасын калтырат.97 Көк даттар бул жагынан жырткычтык касиетин да көрсөтүшөт.

Бирок көк даттар, албетте, жалаң гана зыян алып келүүчү организмдер эмес. Бул организмдер тамак-аштарды иштеп чыгуу, дары-дармектерди жасоо сыяктуу көптөгөн тармактарда колдонулуп, адамзатка кызмат кылууда. Көк даттар бир катар органикалык кислоталарды, иммундук системаны басаңдатуучу дарылар сыяктуу кээ бир дары-дармектерди жана пенициллин сыяктуу ар кандай антибиотиктерди жасоодо колдонулууда. Көк даттардын бул тармактагы пайдаларынын мааниси абдан чоң.

Көк Даттар Көптөгөн Дары-Дармектерди Жасоодо Колдонулат

Staphylococcus, Alexander Fleming

Sitafilokok bakterisi ve Alexander Fleming.

Микроорганизмдердин жашоого таасирлери ар кандай болушу мүмкүн. Биз кээде бир үзүм нандын бетинен көрө алган бир көк даттын негизи мааниси өтө зор жана жашообуздун көп бөлүгүнө таасир тийгизүүдө. Көк даттардын медицинада колдонулушу алардын бул таасирине жакшы бир мисал боло алат. Өтө олуттуу, ал тургай, өлүмгө да алып барышы ыктымал болгон кээ бир оорулар ушул микроорганизмдердин жардамы менен иштелип чыккан дарылар аркылуу айыктырылууда.

1928-жылы Александр Флеминг (Alexander Fleming) бактерияларга бир эксперимент жасап, көптөгөн экспримент идиштеринин ичине ар кайсы түрдөгү бактериялардан салган. Белгилүү убакыттан соң стафилококк бактериясы салынган идишдердин биринен көк даттардын өрчүгөнүн байкаган. Көк даттар көбөйгөн жерде бактериялар таптакыр жок болуп кеткен эле. Мунун себеби мындай: көк дат бактерия үчүн уулуу болгон бир зат бөлүп чыгарып, бактерияны жок кылган. Бактерияны жок кылган ал микроорганизм «Penicillium notatum» аттуу бир козу карын түрү болгон жана ал жандыкты тазалоодон «пенициллин» заты иштелип чыккан.

Учурда негизги бактерия инфекцияларынын эң күчтүү дарысы катары белгилүү болгон пенициллин ушул көк дат козу карынынын бактерияны өлтүрүү жөндөмүнүн аныкталышынын гана келип чыккан. Бул укмуш жөндөмдүү көк дат козу карыны болжол менен бир кылымдан бери адамдардын ар кандай ажалдуу оорулардан сактанышына мүмкүнчүлүк берип, дагы көптөгөн дарылардын иштелип чыгышында колдонулууда. Органдарды көчүрүү (трансплантация) операциясы жасалган бейтаптардын иммундук системасын басаңдатууда колдонулган бир дары «циклоспорин» да кайра эле эки козу карын түрүнөн иштелип чыгууда. Кээ бир козу карындар болсо каноону, кан басымын контрольго алуучу жана мигрень оорусун басаңдатуучу дарыларда колдонулууда.

Ферментация Аркылуу Тамак-Аш Жасоочу Ачыткылар

Ачыткылар – тоголок, овал жана цилиндр формасындагы бир клеткалуу козу карындар. Көлөмдөрү 7-17 микрон. Ошондуктан бир грамм ачыткыда болжол менен 15 миллион эркин клетка болот. Болжол менен 600 ачыткы түрү аныкталган.

baker’s yeast, fermentation

Üstte resimleri görülen ekmek mayası, oksijensiz ortamda fermentasyon yapar. Bu faaliyetinin sonucu ise birbirinden lezzetli besinlerdir.

Ачыткылар кант менен азыктанышат жана кычкылтексиз чөйрөдө канттан этил спирти менен көмүр кычкыл газын чыгара алышат. Бул процесс «ачытуу» деп аталат. Алардын бул жөндөмүнүн экономикалык жактан мааниси чоң. Бул организмдер көптөгөн тамак-аштарды жасоодо колдонулат. Нандын жасалышында негизги элемент болгон ачыткы тарабынан иштелип чыккан көмүр кычкыл газы камырдын ичинде көбүкчөлөр формасында сакталып, нандын формасын жана даамын калыптандырат. Ошондой эле, ачыткы соя буурчагынын ферментациясында да колдонулуп, соя соусун пайда кылат. Кадимки шарттарда төмөн калориялуу бир азык болуп эсептелген соя соусу менен тамактанган адамдар көп калория ала алышпайт, бирок ачыткы менен соя буурчагы экөөнөн келип чыккан пайдалуу аминокислоталарга ээ болушат. Ошондуктан ачыткылар бизге өтө тоюмдуу жана ошондой эле, пайдалуу азыктарды даярдоо аркылуу кызмат кылышат.

Козу Карындар Менен Балырлардын Биргелешип Жашоосунан Келип Чыккан Продукция: Эңилчектер

Кээ бир козу карындар балырлар менен биргелешип жашашат. Бул биргелешүүдөн келип чыккан жаңы организм болсо «эңилчек» (лишайники) деп аталат. Эңилчекти пайда кылган эки организм тең бири-биринен пайдаланышат. Козу карын балырдын фотосинтезинен азык алса, балыр болсо козу карындан алган суу жана минералдар себептүү куурабайт жана өзүнө кооптуу бир жерде өмүр сүрөт.

Эки микроорганизм биргелешип пайда кылган бул жаңы жандык минералдарды көбүнчө абадан жана жамгыр сууларынан алат. Бул жандык абанын ууландыруучу таасирине чыдамкай эмес, ошондуктан аба булганбаган жерлерде жашай алат. Бирок эңилчектин жашоосуна температура көп деле таасир тийгизбейт. Эңилчектер тропикалык аймактарда да, суук уюл аймактарында да жашай алышат.

lichen

Mantar ve alglerin ortak yaşam ürünü olan likenler.

Эңилчектер көбүнчө дарактарда, тоо чокуларында жана жылмакай аска таштарда жашашат. Булар аска таштарды басып алуучу өтө маанилүү организмдер. Эңилчектер топурактын пайда болушунда өтө маанилүү роль ойношот. Мында козу карындардын бөлүштүргүч касиети чоң жумуш аткарат. Эңилчек козу карындын бул касиетин колдонуп таштын бетин акырындан бөлүштүрөт да, аска таштын шамал жана жамгыр аркылуу майдаланышына себеп болот. Эңилчектердин кээ бирлери өтө катуу таштарды да майдалай ала турган күчкө ээ.98 Бул күч себептүү майдаланган таштардан топурак пайда болот. Табиятта мындай таштарды майдалай ала турган башка жандык жок.

lichen

Likenler genellikle temiz havada, ağaç gövdeleri, dağ tepeleri ve çıplak kayalıklarda yaşarlar. Mantar, algin fotosentez özelliği sayesinde besin elde ederken, algler de mantarın ayrıştırıcı özelliği sayesinde mineraller elde ederler. Bunun yanı sıra, emin bir yerde barınak da bulmuş olurlar.

Сиз тонналаган салмактагы өтө катуу бир ташты майда бөлүктөргө, андан ары минералдарга бөлүштүрүүнү кааласаңыз, албетте, өтө зор эмгек жумшашыңыз керек болот. Ташты майдалоо үчүн колуңузда бир катар күчтүү сындыргыч шаймандар болушу зарыл. Өтө чарчап ташты майдалап бүткөн соң андан минералдарды алуу үчүн аны белгилүү шарттарда бир катар химиялык процесстерден өткөрүшүңүз керек болот. Ошондо гана балким максатыңыздын бир бөлүгүнө жете аласыз. Бирок сизден ушунчалык зор күчтү талап кылган бул жумушту микроскопиялык организмдер турган жеринде эч казма-күрөксүз, атайын лабораторияларсыз тынч гана жасай алышат. Бул жерде өтө чоң айырма бар: бир тарапта акылдуу, аң-сезимдүү, план түзө алган жана керек учурда бүт мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алган бир адам, экинчи тарапта болсо өзүнүн бар экенин да билбеген, азык табуу менен көбөйүүдөн башка максаты жок микроскопиялык бир жандык. Мындай салыштыруу эволюционисттерди өтө тынчсыздандырат. Ушунчалык кичинекей жана аң-сезимсиз жандыктардын пландуу иштерди жасашы эволюционисттердин теориясына абдан карама-каршы келип, алардын көз-карашына өтө чоң сокку урат. Алар мурда эч маани бербеген бир микроскопиялык жандык эч күтпөгөн тараптан бүт теорияны жокко чыгарууда.

lichen_orchil_litmus

Likenlerde, algler sayesinde çeşitli pigmentler bulunur. Bunlardan orchil, yünlere renk vermek için, litmus ise laboratuvarlarda asit-baz inhibitörü olarak kullanılmaktadır.

Бул организмдердин өтө катуу жана өздөрүнөн тонналаган эсе оор таштарды майдалоодон башка дагы өзгөчөлүктөрү бар. Кээ бир эңилчектерде алардагы балырдан улам түстүү пигменттер болот. Ал пигменттердин бири, б.а. орсель жүндөргө түс берүү үчүн, экинчиси, б.а. лакмус болсо химия лабораторияларында кислота-шакар (PH) ингибитору (PH жөнгө салуучусу) катары колдонулууда.

Бул жерде эки мүчөсү тең өтө пландуу иш-аракеттерди жасаган жана өтө татаал өзгөчөлүктөрү бар бир жандык жөнүндө сөз болуп жатат. Бул жандык өз азыгын даярдай алат, ошондой эле, тирүү организмдер пайдалана турган жөнөкөй органикалык кошулмаларды пайда кылуу үчүн бөлүштүрүү жумушун да аткарат. Бул жандыктын көбөйүп таралышында да укмуш жөндөмдүүлүктү көрүүгө болот. Оор шарттарда же көбөйүүнү чечкенде эңилчектер микро денелеринен «соредий» аттуу бир бөлүктү үзүп салышат. Ал бөлүктө эки жандыктын тең бөлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү болот. Бул бөлүк көбөйүүгө ыңгайлуу бир жерге жайгашып, ал жерде жаңы эңилчектерди пайда кылат. Эгер эңилчек балырсыз калса же эңилчектин козу карын мүчөсү кандайдыр бир себептен шеригин алмаштырууну кааласа, анда козу карын спораларды пайда кылат. Ал споралар шамал аркылуу сапар тартып, учу-кыйырсыз аймактарда эч билбеген жана тааныбаган шарттарда өздөрүнө жаңы бир балыр табышат.99

Бул организмдердин кандай чечим менен жана эмне себептен биргелешип жаңы бир жандыкты пайда кылаары, эмне үчүн биргелешкен жашоону тандаганы белгисиз. Өз муктаждыктарын өздөрү камсыздап, өз алдынча деле жашай алган бул эки микроорганизм кандайдыр бир себептен биргелешип жашоону чечишкен. Эгер жер жүзүндөгү организмдердин баары эволюция процесси менен өзгөрүп алга жылганда, мындай биргелешкен жашоо да өтө чоң бир муктаждыктан келип чыгышы керек эле. Бирок бул жерде мындай муктаждык жок. Эки организм тең бири-бирине көз-каранды болууга мажбур эмес. Эки микроорганизмдин биргелешкен жашоосунан келип чыккан эңилчектер негизи толугу менен белгилүү бир долбоордун натыйжасы. Таштар майдаланып, топурак пайда болушу үчүн, эч пайда албаса да биргелешип жашоону чечишет. Себеби бул жандыктар Аллахка моюн сунуп, Анын илхамына баш ийишет. Аллах Куранда акылын колдонгон адамдар үчүн айланада жашаган жандыктарда маанилүү далилдер бар экенин төмөнкүчө кабар берген:

nature, trees

Ki O, yarattı, 'bir düzen içinde biçim verdi',Takdir etti, böylece yol gösterdi, 'Yemyeşil-otlağı' çıkardı. (A’la Suresi, 2-4)

Жаратууну баштаган, кийин аны кайтара турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу мисал Аныкы. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман.

Силерге өз напсиңерден (өзүңөрдөн) бир мисал берди: «Силерге ырыскы кылып берген нерселерибизде оң колуңар башкаргандардан силерге тең болуп өзүңөрдөн корккон сыяктуу алардан да корко турган (же тартынып сыйлаган) шериктериңер барбы? Биз акылын колдоно алган бир коомго аяттарды мына ушундайча бир-бирден чечмелеп беребиз.(Рум Сүрөсү, 27-28)

Булактар

82- L.M.Prescott- J.P.Harley- D.A.Klein, Microbiology, McGrawHill, International, 1999, sf. 524

83- Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978, sf. 72

84- http://www.uwc.ca/pearson/fungi/fahpbio.htm

85- Yvonne Baskin, Trouble at Timberline, Natural History, Kasım 1998, sf. 53

86- Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978, sf. 72

87- http://www.geocities.com/jw31645/fungi-n.html

88- E.P.Solomon, L.R.Berg, D.W.Martin, C.Villee, Biology, Saunders College Publishing, USA, 1993, sf.548

89- http://www.cfe.cornell.edu/compost/microorg.html – Cornell Composting – Science and Engineering / Compost Microorganisms by Nancy Trautman and Elania Olynciw

90- E.P.Solomon, L.R.Berg, D.W.Martin, C.Villee, Biology, Saunders College Publishing, USA, 1993, sf.548

91- Yvonne Baskin, Trouble at Timberline, Natural History, Kasım 1998, sf. 53

92- E.P.Solomon, L.R.Berg, D.W.Martin, C.Villee, Biology, Saunders College Publishing, USA, 1993, sf.560

93- Yvonne Baskin, Trouble at Timberline, Natural History, Kasım 1998, sf. 50

94- Yvonne Baskin, Trouble at Timberline, Natural History, Kasım 1998, sf. 53

95- http://www.geocities.com/jw31645/fungi-n.html – Mr. William's Biology

96- Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978, sf. 97

97- http://www.ogm.gov.tr/sites1/ETOBUR.htm

98- E.P.Solomon, L.R.Berg, D.W.Martin, C.Villee, Biology, Saunders College Publishing, USA, 1993, sf.556-558

99- E.P.Solomon, L.R.Berg, D.W.Martin, C.Villee, Biology, Saunders College Publishing, USA, 1993, sf.556-558