Курандын кереметтери 1

2461

Аллах мындан 14 кылым мурда адамдарга жол көрсөтүүчү бир китеп болгон Куран-ы Керимди түшүрдү. Бүт адамзатты кутулууга жетишүүгө чакырды. Түшүрүлгөн күндөн кыяматка чейин адамзаттын жападан жалгыз жол көрсөтүүчүсү да ушул акыркы илахий китеп болот.

Курандын теңдешсиз калыбы жана терең акыл (хикмат) – анын Аллахтын сөзү экендигинин так далили. Муну менен бирге, Курандын Аллах кабатынан түшүрүлгөнүн тастыктаган көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүктөрү да бар. Бул өзгөчөлүктөрдүн бири – адамзат 20-кылымдын технологиясы менен араң жетишкен кээ бир илимий чындыктардын 1400 жыл мурун Куранда билдирилген болушу.

Албетте, Куран бир илимий китеп эмес, бирок анын ар кайсы аяттарында абдан нуска жана хикматтуу негизде билдирилген кээ бир илимий чындыктар 20-кылымдын технологиясы менен гана аныкталды. Куран түшүрүлгөн доордо илимий аныкталышы мүмкүн болбогон бул маалыматтар азыркы адамзатка Курандын Аллах сөзү экендигин дагы бир жолу далилдөөдө.

Тасманын узундугу: 50 мүнөт



БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр