Жер жүзүндө жашап жаткан бүт адамдар сыяктуу сиз да ар бир саат, ар бир мүнөт жана ар бир секунд өткөн сайын акырет жашооңузга улам жакындап баратасыз. Бул так бир чындык... Бир күнү өмүрүңүз бир себеп менен бүтөт жана Аллах Кабатында дүйнөдө кылгандарыңыз үчүн сурак бересиз.
Бүгүнкү күнгө чейин динди оор деп ойлогон үчүн динден алыс турган, Куран ахлагын жашабаган жана бир топ катачылыктарды кылган болушуңуз мүмкүн. Бирок мындан кийин эң маанилүүсү – бул чын жүрөктөн Аллахка тообо кылып, акыретиңиз үчүн эң жакшысын кылууңуз жана оңой жолго түшүшүңүз. Мындай чечимди алган соң азыркыга чейин көнгөн жашооңуздан такыр башка жана «сонун бир жашоого» жетээриңиз – Аллахтын уруксаты менен, чындык.
«Сонун бир жашоо» түшүнүгү адамдарга көбүнчө жат сезилет. Адамдардын көпчүлүгү эч качан азап, кайгы, коркуу, тынчсыздануу сезбеген бир жашоону эч кол жеткис бир кыял сыяктуу элестетишет. Чындап эле, мындай бир жашоо – динден алыс жашаган адамдар үчүн кол жеткис бир кыял.
Мындай бейпил жана кубанычтуу жашоону Аллахтын ыраазычылыгын, бейишин жана ырайымын өздөрүнө максат туткан, Аллахтан коркуп сактангандар гана жашай алышат. Бул Аллах ыймандуу пенделерине сүйүнчүлөгөн бир чындык:
Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)
Китеп боюнча да терең баяндалгандай, Аллах адамдар үчүн билдирген дин – абдан жеңил жана кыйынчылыксыз. Ошондой эле, адамдын жашоосундагы бардык кыйынчылыктарды, азаптарды кетирет. Динди жашаган адам Аллахтын коргоосунда болот, ар бир ишинде ийгиликке жана эң сонунуна жетет жана аятта билдирилгендей, эң сонун өмүр сүрөт.
Андай болсо, сиз да эң сонун жолду жана ошол эле учурда эң жеңил жашоону тандаңыз. Мындай жашоого Куран ахлагын жашоо менен оңой гана жете аласыз. Себеби Куран – бул ааламдагы бүт нерселер сыяктуу сизди да жараткан Аллахтын сөзү. Ушуга чейин коомуңуздан, чөйрөңүздөгү адамдардан, гезиттерден, телевизордон алган маалымат, пропагандаларды бир четке таштап, бир гана Аллахтын сөзү болгон акыйкат динге багытталыңыз жана Куран ахлагын жашоонун жеңилдигин ойлонуңуз.
Унутпаңыз; эгер дин ахлагын оңой гана жашай алаарыңызды көрмөксөн болуп, оңой жолду таштай турган болсоңуз, акыретте күтпөгөн жерден түбөлүк бир азапка кабылышыңыз мүмкүн.
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн
башка биздин эч кандай илимибиз жок.
Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.»
(Бакара Сүрөсү, 32)