Аллах ар бир адамды бул дүйнө жашоосунда сынайт. Жана ар бир адамдын бул сыноо учурунда көрсөткөн ахлагына жана ыйманына жараша чыныгы жашоосунун бейиште же тозокто болоору аныкталган болот. Аллахтын пенделери үчүн жараткан бул сыноосу болсо абдан оңой жана жеңил. Мурдакы темаларда да айтылгандай, адамдын милдети – бул Аллах Куранда билдирген жана адамга дүйнө жашоосунда да бакыт жана бейпилдик алып келген жашоону жашоо. Аллах бул сыноо ичинде болсо ыйманга каршы негативдүү бир күч катары шайтанды жараткан. Аллах аяттарында билдиргендей, шайтан адамдардын ойлоруна азгырык берүү менен, аларга ыймансыздыкты пропагандалоо менен, же кээ бир адамдардын кыймыл-аракет жана сөздөрү аркылуу адамдарды динден, Аллахтын буйруктарынан жана сонун ахлактан кайтаруу үчүн аракет кылат. Бул үчүн ар кандай жолду кылып көрөт, адамдарга ар түрдүү тузактарды курат. Шайтандын адамдын бир душманы экенин Аллах бир аятында мындайча кабар берүүдө:
Эй ыйман келтиргендер, баарыңар тобуңар менен «тынчтык жана бейпилдикке (Силмге, Исламга) киргиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Себеби ал - силерге апачык бир душман. (Бакара Сүрөсү, 208)
Бирок, Аллах аяттарында да билдиргендей, шайтандын адамдар үчүн даярдаган тузактары абдан алсыз жана ыйман көзү менен караган адам шайтандын тузактарын ошол замат көрөт жана бузат. Аллах Куранда шайтан курган тузактардын абдан алсыз экенин жана шайтандын адамдарды мажбурлоочу күчү жок экенин мындайча кабар берген.
Курандагы «Өкүм чыгарылып бүткөндө, шайтан айтат: «Чынында, Аллах силерге чыныгы убаданы убада кылды, мен да силерге убада бердим, бирок силерге калп айттым. Менин силерге карата мажбурлоочу бир күчүм жок эле, болгону силерди чакырдым, силер да мага жооп бердиңер (мени ээрчидиңер). Демек, мени айыптабагыла, өзүңөрдү айыптагыла. Мен силерди куткара албайм, силер да мени куткара албайсыңар. Чындыгында, мурда мени шерик кошконуңарды да мойнума албайм. Чынында, заалымдарга кыйноочу азап бар.» (Ибрахим Сүрөсү, 22) аятында билдирилгендей, мажбурлоочу күчү болбогондуктан, момун күчтүү бир абалда болот. Бул абдан чоң бир жеңилдик.
Иблистин өз алдынча бир күчүнүн жок экендиги башка аяттарда мындайча кабар берилет:
Ант болсун, иблис алар жөнүндөгү күмөнүн чындыкка чыгарды, натыйжада ыйман келтирген бир топтон башка (баары) аны ээрчишти. Чынында болсо анын аларга карата эч кандай мажбурлоочу күчү жок эле; бирок Биз акыретке ыйман келтиргенди, андан күмөн санагандан айырмалоо үчүн (ага мындай чакыруу мүмкүнчүлүгүн бердик). Сени Раббиң бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Себе Сүрөсү, 20-21)
Шайтандын адамдарды мажбурлоочу күчүнүн эч болбошу – адамдар үчүн Аллах аныктаган бир жеңилдик. Шайтан адамга жамандыкты, каапырдыкты, жаман ахлак өзгөчөлүктөрүн гана шыбырайт, аларды ыймансыздыкка чакырат. Бирок буларды адамдарга кылдыруу үчүн басым жасабайт, курган тузактары түшүнүктүү жана алсыз. Шайтандын таасиринен кутулуу үчүн адамдын көп аракет кылып, күч коротушунун кажети жок. Бираз эле ойлонгон адам чындыктарды ошол замат көрөт жана шайтанды ээрчибейт. Мисалы, шайтан бир адамга дүйнө жашоосун абдан сулуу жана кооз көрсөтүшү мүмкүн. Жаш бир адамга дүйнө жашоосун эч бүтпөчүдөй сездирип, аны дүйнөгө ач көздүк менен байлоого аракет кылышы мүмкүн. Ал эми, акылы ордунда жана чындыкка ылайык ойлонгон адам үчүн шайтандын мындай аракеттери абдан алсыз жана таасирсиз. Ар бир адамдын бир күнү сөзсүз өлөөрүн, дүйнө жашоосунда кооз сыяктуу көрүнгөн бүт нерсенин убактылуу, кыска өмүрлүү жана бейиштеги абалына салыштырганда абдан кемчиликтүү жана жетишсиз экенин билген жана ойлонгон бир адам шайтандын тузагын бузган болот. Же шайтан бир адамга текеберчиликти жана бой көтөрүүнү шыбырайт. Бирок алсыздыктарын, кемчиликтерин ойлонгон же бир күнү өлүп топурактын астында чирий турган бир денеге ээ экенин эстеген адам шайтандын бул сөзүнөн да оңой гана кутулат.
Албетте, мындай жеңилдик – чын жүрөктөн шайтандын таасиринде жашагысы келбеген, Аллахтын ыраазычылыгын, ырайымын жана бейишин максат кылган ыкластуу адамдар үчүн. Антпесе, б.а. бир адам Аллахтан коркуп сактанбаганда жана Аллахтын ыраазычылыгын максат кылбаганда шайтандын тузактарына түшүшү абдан оңой болот. Раббибиз шайтандын бир гана «мухлис» (ыкластуу) пенделерине таасир эте албашын аяттарында мындайча кабар берүүдө:
Айтты: «Сенин ызаатың атына ант болсун, мен алардын баарын сөзсүз адаштырып-азгырам. Бирок алардан ыкластуу пенделериңден башкасын.» (Сад Сүрөсү, 82-83)
Шайтандын чакырыктарын ээрчиген жана аны дос туткандардын аягы болсо аятта мындайча баяндалат:
Себеби ал чындыгында мага келгенден кийин мени зикирден (Курандан) адаштырды. Шайтан адамды жападан жалгыз жана жардамсыз таштоочу. (Фуркан Сүрөсү, 29)