Куран – Жеңилдикке Жеткирүүчү Бир Жол Башчы

Биз сага Куранды кыйналышың үчүн түшүрбөдүк. (Аллахтан) Ичи титиреп корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк.
(Таха Сүрөсү, 2-3)

Аллах тарых бою бүт адамзатка туура жолду табуулары, чындыкка жете алуулары жана дин жөнүндө маалымат алуулары үчүн ыйык китептер менен бул китептерди адамдарга жеткирген жана түшүндүргөн пайгамбарлар жөнөткөн. Аллах адамдарга жол көрсөтүүчү катары жөнөткөн акыркы китеп болсо – бул Куран. Бир аятта Куранды жол башчылык өзгөчөлүгү мындайча билдирилет:

Мындан (Курандан) мурда (алар) адамдар үчүн бир туура жол эле. Туураны туура эместен ажыраткан (Фуркан)ды да түшүрдү. Чындыгында, Аллахтын аяттарын жалганга чыгаргандар үчүн оор бир азап бар. Аллах күчтүү, өч алуучу. (Али Имран Сүрөсү, 4)

Аллахтын Курандан мурда түшүргөн китептери мушриктер жана динге душман болгон адамдар тарабынан бурмаланып, бузулган. Ал китептер, арасына бир катар ойдон чыгарылган нерселер жана батыл (жалган) ишенимдер кошулуу менен, чыныгы абалынан алыстатылган. Бирок Аллах акыркы китеп болгон Курандын бузулбашы жөнүндө аяттарда так өкүмүн айткан жана кыямат күнүнө чейин корголоорун төмөнкүчө билдирген:

Эч шексиз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында Бизбиз. (Хижр Сүрөсү, 9)

Батыл (жалган) ага алдынан да, аркасынан да келе албайт. (Себеби Куран) Өкүм жана хикмат ээси, көп макталган (Аллах)тан түшүрүлгөн. (Фуссилет Сүрөсү, 42)

Курандын кыяматка чейин жарактуу экенин жана корголоорун билген момундар мунун кубанычын жана бейпилдигин жашашат. Куран – бул адам ар бир өкүмүнө, ар бир буйругуна так ишенимде болгон, жүрөгүндө жана абийиринде эч кандай ыңгайсыздык жана шек пайда болбостон, ээрчип баш ийе турган бир китеп. Адамдардын мынчалык «ишенимдүү» бир жол башчысынын болушу – абдан чоң бир немат-жакшылык жана Аллах Кабатынан берилген бир ырайым, мээрим. Аллах Курандын момундар үчүн маанилүүлүгүн бир аятында төмөнкүдөй билдирүүдө:

... Биз Китепти сага бүт нерсенин түшүндүрмөсү, Мусулмандарга бир хидаят (туура жол), бир ырайым жана бир сүйүнүчтүү кабар катары түшүрдүк. (Нахл Сүрөсү, 89)

Куранды билген жана өзүнө жол башчы кылган ар бир адам өзүнүн жаратылуу максатын, Аллахтын ыраазычылыгына, ырайымына жана бейишине жетүүнүн жолун, бейиш жана тозокто кандай жашоо болоорун, Аллахтын жаратуу сырларын, эң сонун ахлакты жана дагы көптөгөн маалыматты эң туура жана толугу менен үйрөнөт.

Бир адам дин жөнүндө сурай турган жана ага башка адамдар тарабынан узатыла турган ар кандай суроо да Куранда жооптолгон. Аллах бир аятында муну мындайча билдирет:

Алар сага кандай гана мисал алып келбесин, Биз (ага карата) сага акыйкатты жана эң сонун түшүндүрүү жолун алып келебиз. (Фуркан Сүрөсү, 33)

Куран аяттары менен дин жөнүндө толук маалымат берилген сыяктуу, адамдар арасында талаш жарата турган эч нерсе калтырылбай жооптолгон. Аллах Курандын түшүрүлүү себептеринен бирөөсүнүн адамдар талашып-тартышкан темаларды түшүндүрүү экендигин төмөнкүдөй билдирген:

Биз Китепти бир гана (алар) талашып жаткан нерселерди аларга түшүндүрүшүң жана ишенген бир коомго ырайым жана хидаят болушунан башка (бир максатта) түшүрбөдүк. (Нахл Сүрөсү, 64)

Аяттан байкалгандай, Куран – бул Аллахка ыйман келтирген, ыкластуу пенделер үчүн улуу бир ырайым жана бүт темада бир жол башчы. Аллах Куран аркылуу бизге биз биле албаган, жаратуу сыры болгон темаларды билдирет жана бүт адамдарды мындай маалыматтар менен эскертет. Мисалы, Куранда шайтандын бар экендиги, өзгөчөлүктөрү, максаты, адамдарга кайсы тараптардан жакындашы мүмкүн экендиги, кандай ыкмалар колдонушу мүмкүн экендиги, шайтандын тымызындык мүнөзү жана башка көптөгөн маалыматтар берилүүдө. Ал тургай, бир адамдын шайтандын таасиринен чыга алуу жолу да көрсөтүлүүдө. Куранда шайтан жөнүндө баяндалгандар момундар үчүн абдан чоң бир жеңилдик, себеби бул аркылуу шайтан сыяктуу тымызын жана аларга көрүнбөгөн жолдор менен жакындаган бир душманга карата адамдар дайыма кабардар болушат.

Куран абдан түшүнүктүү жана бүт адамдарга кайрылган бир китеп. Ошондуктан, адамдардын акырет күнүндө Аллахка дүйнө жашоосунда кылгандары үчүн сурак берип жатканда, «Мен мындан кабарсыз элем, мага айтылган эмес эле» дей ала турган же себеп көрсөтө ала турган эч кандай негиз жок. Аллах адамдарды Куран аркылуу эң сонун абалда эскерткен жана алардын жашоосу менен байланыштуу эң маанилүү темаларда маалыматтар берген.

Аллах дагы бир жеңилдик катары, адамдар оңойураак аңдап-түшүнө алышы үчүн Куранда аяттарды ар кандай мисалдар менен баяндаган. Аллах Курандын мындай услубун аяттарында төмөнкүчө билдирет:

Ант болсун, Биз аларга бир Китеп алып келдик; ыйман келтире турган бир коомго бир хидаят (туура жол) жана бир ырайым катары бир илимдин үстүндө аны ар кандай мисалдар менен түшүндүрдүк. (Араф Сүрөсү, 52)

...Кара, жакшылап аңдап-түшүнүүлөрү үчүн аяттарды кандайча ар түрдүү жолдор менен түшүндүрүп жатабыз? (Энъам Сүрөсү, 65)

Аллахтын өкүмдөрүнө карабастан, көбүнчө адамдар кабылган маанилүү каталардын бири – бул алардын Куранды бүт адамдар түшүнө бербейт деп ойлошу. Көп адамдар Куранды окуу, түшүнүү жана жашай алуу үчүн көп жылдык бир билим алуу керек деп ойлошот. Мындай пикирдеги адамдардын көпчүлүгү болсо Куранды бир жолу да окуп көргөн эмес, чынында. Же окуган болсо да, түшүнүүгө аракет кылган эмес, баштап жатканда эле аяттарды түшүнбөйм деп өзүн шарттап алган. Чынында болсо, Куран – Аллах аяттарында билдиргендей апачык. Чын ыклас менен Куранды окуган ар бир адам оңой гана түшүнө ала турган услупка ээ.

Куран тилинин абдан түшүнүктүү болушу адамдар үчүн абдан чоң бир жакшылык. Аллах адамдардын Куранда эч кыйналбастан окуп түшүнүүлөрү үчүн жеңилдеткенин бир аятында мындайча билдирет:

Биз муну (Куранды) сенин тилиңде жеңил кылдык, такыба (Аллахтан корккон) адамдарга сүйүнүчтүү кабар айтышың жана тирешкен (талашкан) коомду эскертип-коркутушуң үчүн. (Мерйем Сүрөсү, 97)

Аллах ырайымынын жана мээриминин бир натыйжасы катары, адамдар түшүнүшү үчүн динин мынчалык жеңилдеткен, демек адамдын милдети – бир гана Аллах билдиргендер жөнүндө ойлонуу жана аларды ишке ашыруу. Бирок, ушуга карабастан, көп адамдар жеңил жол турганда, оор жолду тандашууда. Өздөрүнө туура эмес жол башчылар издешүүдө, жашоо максатын үйрөнө алган, түбөлүк кутулушуна себепчи боло турган Курандан алыс жашашууда. Бир аятта да билдирилгендей, Пайгамбарыбыз (сав) да бул жөнүндө Аллахка минтип кайрылган:

Жана элчи (пайгамбар) айтты: «Раббим, чындыгында менин коомум бул Куранды ташталган (бир китеп) катары артка ташташты.» (Фуркан Сүрөсү, 30)

Жүрөктөрү ыраазы болгон абалда Аллахка байланган ыкластуу момундар болсо Курандын өкүм жана хикмат ээси болгон Раббибизден келген бир туура жолдун жол башчысы экендигин билишет. Аллах Курандын «момундар үчүн шыпаа жана ырайым» (Исра Сүрөсү, 82) экендигин да билдирген. Куран аяттары аркылуу адамдын акылында жарала турган суроолор жана шектер толугу менен жоголот жана адам өзүнө эң ылайыктуу ахлакты жана жашоо калыбын үйрөнгөн болот.

Абдан маанилүү бир нерсе бар: Аллах адамдарды Ислам табиятын жашаганда гана бактылуу, бейпил, акылы жана денеси ден-соолукта боло ала турган негизде жараткан. Буларга жетүү үчүн Курандан башка жол издегендер миңдеген, миллиарддаган жылдар өтсө да, эч качан издегенин таба алышпайт. Адамдын дүйнөдө жана акыретте бейпил жашашы үчүн жалгыз жол – бул Аллах адамдар үчүн түшүргөн Куранга жана Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүннөтүнө баш ийүү. Аллах аятында билдиргендей, Куран адамдарды караңгылыктардан жарыкка чыгаруучу жалгыз акыйкат Китеп:

Алиф. Лам. Ра. Бул бир Китеп, Раббиңдин уруксаты менен адамдарды караңгылыктардан нурга, Ошол күчтүү жана мактоого татыктуунун жолуна чыгарышың үчүн сага түшүрдүк. (Ибрахим Сүрөсү, 1)

Аллахтын китебинин нурун ээрчигендер, жол башчылыгына баш ийгендер –Аллахтын каалоосу менен- дүйнөдө жана акыретте дайыма жеңилдиктерге жолугат жана сонун өмүр сүрүшөт.