Аллах (оор жүктөрдү) силерден жеңилдетүүнү каалайт: (себеби) адам алсыз жаратылган.
(Ниса Сүрөсү, 28)
Башкалар үчүн өз мал-жанын аябоо, боорукердик кылуу, жөнөкөйлүк, чынчылдык, сонун сөз айтуу, кедейди тойгузуу, сөзүндө туруу, алынган бир аманатты убактысында кайтаруу, кадырдуу, көрөгөч, кичипейил, жумшак, кечиримдүү, тобокелдүү, сабырдуу, жоомарт, башкаларга урмат көрсөткөн адам болуу, башкалардын акысын жебеш, алдамчылык кылбоо, адамдарды басынтпоо сыяктуу сонун өзгөчөлүктөр Аллах адамдарга буйрук кылган Куран ахлагынын талаптарынын кээ бирлери.
Негизи адамдардын баары абийиринде Аллах ыраазы боло турган сонун ахлак кандай экенин абдан жакшы билишет. Бирок шайтан адамдардын көпчүлүгүнө бул ахлакты жашоо кыйын жана мүмкүн эмес деп көрсөтөт. Ал тургай, сонун ахлактын өмүр бою бүт темада ишке ашырылышы бир гана пайгамбарларга жана сахабаларга тиешелүү бир артыкчылык деп кабыл алынат. Караңгы коомдун кээ бир сонун ахлак өзгөчөлүктөрү болсо пахтанын жибине байланган сыяктуу; кичинекей сокку болгондо эле үзүлөт. Мисалы, эң мырза жана токтоо деп билинген бир адам да «өз кызыкзычылыгым тебеленди» деп ойлогон бир темада катуу ачууланып, өзүн кармай албаган, урушчаак мамилелерге барышы мүмкүн. Кичинекей бир нерсеге да сабыр кылууну билбейт. Учурдагы коомдордо адамдар көбүнчө ушундай туура эмес ахлак түшүнүгүнө ээ. Көпчүлүк бири-бирине окшош мамилелер жасашкандыктан, караңгылык ахлагынын натыйжалары болгон; өзүмчүлдүк, өз кызыкчылыгы үчүн башкаларды эзүү, алдамчылык, көз бойомочулук, эки жүздүүлүк, таш боордук, шылдыңчылдык, кычкылдык, кызганчаактык сыяктуулар толук кадыресе өзгөчөлүктөрдөй кабыл алынат. Ал тургай бир адам өзүн мүнөздөп жатканда, «мен абдан ачкөз, кызганчаак жана сараңмын» деген сыяктуу абдан жаман өзгөчөлүктөрдү кулк-мүнөзүнүн маанилүү жана жакшы бир бөлүктөрү сыяктуу санашы мүмкүн. Ошондуктан адамдардын көпчүлүгү көбүнчө бири-бирин жана өздөрүн ушундай терс өзгөчөлүктөрү менен кабыл алышат.
Ал тургай, эл арасында көбүнчө «бир адам 7 жашында кандай болсо 70инде да ошондой» деген сөз колдонулат. Мындай туура эмес түшүнүк боюнча, жаман өзгөчөлүктөрдүн, кулк-мүнөздүн, көнүмүш адаттардын өзгөрбөшү, өмүр бою бирдей калышы кадыресе кабыл алынат. Чындыгында болсо, жогоруда да айтылгандай, Аллах адамды дин табиятына ылайыктуу жараткан. Ошондуктан адамдын табиятында сонун ахлакты башкалардан көрүүдөн жана аны кылуудан ырахат алуу бар. Башка жолдор болсо оор жана адамдарга азап берет. Жакын тарыхыбыздын маанилүү Ислам аалымдарынын бири Бедиүззаман Саид Нурси «Шуалар» аттуу эмгегинде ыймандуу жашоонун оңой экенин жана каапырчылык (динди жокко чыгаруу) адам жашоосуна алып келген кыйынчылыктарга мындайча көңүл бурат:
«Ыйман жана тавхид (Аллахтын жалгыздыгы) жолу – абдан кыска жана туура жол жана чындык жана оңой. Жана каапырдык жана чындыктан баш тартуу жолдору – бир топ узун жана кыйын жана коркунучтуу. Демек мындай багыттуу жана хикматтуу жана бүт нерседе эң кыска жана оңой жолго багытталган мындай ааламда, албетте ширк (Аллахка шерик кошуу) жана каапырчылыктын чындыкка тиешеси жок жана ыйман жана тавхиддин акыйкаттары бул ааламга күн сыяктуу керектүү жана важиб (зарыл). Адам ахлагында да эң оңой, эң пайдалуу, эң кыска, эң бекем жол болсо сыраты мүстакимде (туура жолдо), багытталууда.» (Şualar, s.490).
Бедиүззаман дагы бир сөзүндө да бул жөнүндө мындай баяндаган:
«Каапырчылык жолунда басуу – муз үстүндө басуудан кыйыныраак жана коркунучтуураак. Ыйман жолу болсо сууда, абада, жарыкта басуу жана сүзүү сыяктуу абдан оңой жана кыйынчылыксыз.» (Mesnevi-i Nuriye s.71)
Ыймансыз бир жашоодо адам балким бир катар ырахаттар алышы мүмкүн. Бирок булар абдан кыска жана сөзсүз артынан азап жана кыйноо алып келет. Адам канчалык байлык, бардарчылык, сулуулук, ырахат ичинде жашаса да, эгер ыйманы жок болсо булардын баарынан бир күн ажырайм деп ойлонуп, андан азап чегет. Ээ болгон нерселеринин баарынан же бул дүйнөдө кабылган бир окуя натыйжасында ажырайт же болбосо бир күнү өлгөндө сөзсүз булардан алыстайт. Б.а. акыретке ыйман жана Аллахка тобокелдик жок бир жерде чыныгы бейпилдик жана ырахаттын жашалышы эч мүмкүн эмес. Саид Нурси ыйман жана сонун ахлак болбогондо, адамдын кандай натыйжага кабылаарын мындайча баяндайт:
«Жашоо болсо эгер ыйман болбосо же баш көтөрүү менен ал ыйман таасир этпесе; жашоо сырттан көрүнгөн жана кыска бир ырахат жана жыргал менен бирге, миңдеген эсе ал ырахат жана жыргалдан көп азап, кыйынчылык, тынчсыздануулар берет.» (Sözler s. 151)
Сонун ахлак болсо адам үчүн эң оңойу жана эң сонуну. Ыйман жолун тандаган адамдар үчүн бул жашоолорунан баштап акыретте да уланган үзгүлтүксүз бир ырахат, кубаныч жана бейпилдик бар. Кандайдыр бир муктаждыктары болсо да мунун утурумдук экенин, дүйнөдө кемчиликтүү болгон бүт нерсенин акыретте түбөлүк ага убада кылынганын билүүнүн эч түгөнбөс кубанычын жашашат. Түбөлүк немат-жакшылыктарга жете алуу үчүн жасашы керек болгон милдети болсо абдан оңой; Куранга жана абийиринин буйруктарына баш ийүү, Аллахтын каалоосу менен, аларды түбөлүк кооздуктар жана үзгүлтүксүз нематтардын мекени болгон бейишке жеткирет.
Унаа жолунда бараткан унааларды элестетиңиз... Ар биринин ичинде ар кандай элдерден, ар кандай жумуштарда иштеген, кулк-мүнөздөрү ар башка, алган билимдери, көрүнүштөрү, кыскача айтканда, бүт нерсеси бири-биринен ар түрдүү болгон адамдар жолдо баратышат.
Бул унаалардын экөөсү жолдо жол кырсыгына кабылышты дейли. Кырсыкка кабылган унаанын ичинде жаракат алганы апачык көрүнгөн бир адам эсин жоготкон бир абалда жаткан болсун... Мындай абалда унаалардын бирөөсү карап коюп, жолун улантып баратканда, экинчиси унаасын ылдам токтотуп, жаракат алган адамга жардам берип, аны эң жакын жердеги ооруканага жеткирүүгө жана колунан келишинче жардамчы болууга аракет кылат...
Бул эки адам арасындагы эң маанилүү айырма – бул бирөөсүнүн абийиринин үнүн угушу, экинчисинин болсо абийирин укпашы. Араларындагы маданият, билим, жумуш, раса, уруу ж.б. айырмачылыктардын чындыгында эч кандай мааниси жок. Ар бир адам өмүр бою туураларды айтып турган мындай үнгө, б.а. абийирге ээ. Туура эмес бир нерсе кылып жатканда, күнөө кылып жатканда жана кылган ар бир катасында абийири ага сөзсүз туураны айтат. Адамдын абийиринин үнүн аныкташы болсо абдан оңой. Себеби бир окуяга кабылганда, адамга туураны айткан абийир – бул дайыма ичинен угулган биринчи үн. Адам бул алгачкы үнгө баш ийгенде, бейпил жана бактылуу бир өмүр сүрөт. Антпесе, т.а. бул үнгө кулагын жаап, напсисине ылайык шылтоолор, себептер издеп баштаса, анда ичинен чыга албай турган кыйынчылыктар, күчтүү бир абийир азабы менен жашоого мажбур болот.
Ушул себептен, абийирдин бар болушу – Аллах адамдарга берген абдан чоң бир жеңилдик жана немат. Бул нематтын кадырын билген жана абийирин колдонгон адам дайыма, туураны туура эместен айырмалаган, Аллах ыраазы боло турган жана дүйнө жана акыретте анын кутулушуна себепчи болгон бир түшүнүккө да ээ болот.
Аллах адамдын кутулушунун анын абийирин угушунан көз-каранды экенин мындайча билдирет:
Напсиге жана ага бир калып бергенге, кийин ага жаман-бузукулукту жана андан сактанууну илхам кылганга (ант болсун). Аны тазалаган чындыгында кутулууга жетти. (Шамс Сүрөсү, 7-9)
Аятта билдирилген «аны тазалаган чындыгында кутулууга жетти» сөзү абийирине баш ийген адамдын бакытка жетээрин апачык көрсөтүүдө.
Абийиринин буйруктарын укпаган адамдардын абалы болсо кийинки аяттарда мындайча билдирилүүдө.
Жана аны (баш көтөрүү, күнөө, бузулуулар менен) курчаган да албетте кыйроого туш болду. (Шамс Сүрөсү, 10)
Аллах жактырган ахлакты жашабаган бир адамдын абийири дайыма жакшыны, туураны жана сонун нерселерди буйрук кылуусун улантат, мунун натыйжасында болсо адамдын ичинде бир күрөш жүрөт. Билип туруп абийирсиздик кылуунун азабы күнү-түнү адамды жөн койбойт. Бул болсо адам үчүн дүйнөдө жана акыретте чоң бир азап алып келет.
Ар бир адамдын жашоосунда «шанссыздык», «тескерилик», «жамандык» сыяктуу көрүнгөн көптөгөн окуялар болуп турат. Булар бир адамдын бүт жашоосуна таасир эте тургандай маанилүү көрүнгөн же күнүмдүк жашоодо адамдын башына келген кичинекей окуялар болушу мүмкүн. Куран ахлагын жашабаган адамдар кичине болсун, чоң болсун напсилери жактырбаган мындай окуяларга кабылганда, азап, тынчсыздануу, бактысыздык, көңүл чөгүү жана коркуу сезишет. Чынында болсо бул – алардын абдан маанилүү бир чындыктан кабарсыз жашашынын натыйжасында өздөрүнө өздөрү жасаган бир зулумдугу. Аллах бир аятында билдиргендей, «Аллах адамдарга зулумдук кылбайт, адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат». Аллахка ыйман келтирбеген же ыйман келтиргенине карабастан, Аллах билдирген чындыктарды байкамаксан болуп жашоону тандаган адамдардын али бул дүйнөдө туруп кабылган акысы – бул дайыма ушундай тынчсыздануу, азап жана куру кыялдар ичинде жашоо, көптөгөн коркуу жана алсыздыкка ээ болуу.
Чындыкты билгендер үчүн болсо дүйнө жашоосунда коркуу, тынчсыздануу же бактысыздыкка себеп боло турган эч нерсе жок. Себеби ыйман келтиргендер ар бир окуяны Аллахтын тагдырда жаратканын, бүт нерсенин Аллах Кабатындагы Левхи Махфуз аттуу китепте жазылуу экенин жана өздөрүнүн да башка бардык адамдар сыяктуу тагдырдын көрүүчүсү экенин билишет. Аллах жараткан окуялардын алар үчүн дайыма жакшылык менен аяктаарын, Аллахтын ыкластуу пенделеринин тагдырын эң хикматтуу жана алар үчүн эң жакшы боло турган абалда жаратканын эч унутушпайт.
Адамдардын көпчүлүгү тагдырды билишет, бирок тагдырды туура эмес түшүнүшөт. Мисалы, адамдын чачынын өңү, боюнун узундугу, ата-апасынын ким болоору сыяктуу белгилүү нерселер гана тагдырда өзгөрбөйт, башка нерселерде болсо эгер көп аракет кылып, чечкиндүүлүк менен аракет кылынса, тагдырды өзгөртүүгө болот деп ойлошот. Ал эми, чындык мындай: бир адамдын ар бир көз ирмеми, бүт өмүрү, өмүр бою кабылган жана башынан өткөрө турган ар кандай окуя, ар бир сөзү, ар бир көз-карашы, ар бир үнү тагдырында. Мисалы, ушул учурда бул китептин бул саптарын окуган адамдын тагдырында бүгүнкү күндүн ушул саатында ушул саптарды окуу ансыз деле бар. Аллах бул көз ирмемди сиз али жаратылаардан миллиондогон жыл мурда билүүдө. Балким бул китепти окуганга чейин бир адам көптөгөн окуяларды башынан өткөргөндүр. Мисалы эми окуп баштайын деп жатканда, эшиктин коңгуроосу кагылып, бир досу келгендир. Натыйжада китепти окушу үч саатка кечиктирилгендир. Колуна китепти алышы, дал ошол учурда эшиктин кагылышы, эшик ачылганда досунун күлүмсүрөгөн жүзү, «салам» деши, китепти окуу убактысынын үч саатка кечиктириши тамгасы тамгасына дал өзүндөй абалда, ал адам буларды башынан өткөрө электе Аллахтын эсинде, ал адамдын, досунун жана бул китептин тагдырында аныкталган. Аллах бир аятында муну мындайча билдирет:
Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)
Аллах убакыт жана мейкиндиктен көз-каранды эмес. Убакыт жана мейкиндиктен адам көз-каранды. Ошондуктан, биз үчүн өтмүш, ушул учур жана келечек болгон убакыттар – Аллах Кабатында бир көз ирмем гана. Мисалы, эмки туулган күнүбүз биз үчүн келечекте боло турган бир көз ирмем, окуя. Ал эми чындыгында болсо ал көз ирмем Аллах Кабатында болуп бүткөн жана Аллах ал көз ирмемдерди билет. Б.а. биздин эмки туулган күнүбүздө эмне кийээрибизди, кимдер менен бирге болоорубузду, ал күнү эмне кылаарыбызды Аллах азыр билет. Ошол сыяктуу эки жылдан кийин, үч жылдан кийин, он жыл, кырк жылдан кийин эмне кылаарыбызды да Аллах азыр майда-чүйдөсүнө чейин толук ороп курчаган. Аллах бир адамдын жашоосунун күндөрүнүн баарын, ар тургай бардык мүнөттөрүн, секунддарын жалгыз бир көз ирмем катары билгендей эле, аалам жаралгандан бери жашаган миллиарддаган адамдын жана мындан кийин жашай турган бүт адамдардын жашоолорунун ар бир секундасын да жалгыз бир көз ирмем катары билип, башкарып турат. Аллах чексиз узун убакытты чексиз кыска убакыт ичинде, т.а. жалгыз бир көз ирмемде жараткан.
Адамдын Аллахтын мындай чексиз илимин билиши жана тагдырынын бир көрүүчүсү экенин билиши болсо ал үчүн чоң бир немат жана жеңилдик. Чындап ыйман келтирген, чын ыкластан (чын пейилден) Аллахка өзүн тапшырган бир момун ал үчүн даярдалган тагдырын сабак алуу, толкундануу, шүгүр кылуу жана дайыма ойлонуу менен, креслосуна отуруп бир тасманы көрүп жаткан адамдай бейпилдикте, ишеним жана кубаныч ичинде көрөт.
Аллахты дос жана өкүл туткан жана Аллах жараткан ар бир окуядан, ар бир көрүнүш жана ар бир маек, сөздөн ыраазы болгон бир адам тагдырына да ыраазы болот. Аллах адамдарды сыноо үчүн тагдырларында ар кандай окуя жана көрүнүштөр жаратышы мүмкүн. Булар кээде коркутуучу, кээде кыйынчылык жана азапка толо сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок мындай окуялардын бүт баары Аллах Кабатында эң майда детальдарына чейин пландалып, сакталуу турат. Мисалы, Аз. Йусуф эч кандай кылмышы жок туруп, жылдар бою зынданда калган. Бул анын тагдырында. Бирок Аз. Йусуф Аллах жараткан тагдырга ыраазылык жана кубаныч менен баш ийгендиктен, түрмө ага кыйынчылык жана азап эмес, тескерисинче көптөгөн немат жана кооздуктардын эшигин ачкан бир окуя катары көрүнгөн. Мындай кыйын учурду жеңилдиктер жана көңүлгө төп келген бир чөйрө менен салыштырган момун немат-жакшылыктардын ырахатын абдан жакшы сезет. Күн сайын бир гүл бакчасы көргөн бир адамдын бул бакчадан ала турган ырахаты менен жылдар бою бетон дубалдан башка эч нерсе көрбөгөн бир адамдын гүл бакчасынан ала турган ырахаты, албетте, абдан айырмалуу болот. Кыйынчылык жана жамандыкты билген бир адам бейпилдик жана сулуулуктан бир топ эсе көп ырахат алат. Же болбосо, тагдырында Аз. Йусуф сыяктуу адилетсиздикке, кыйынчылыкка, түрмө сыяктуу бир чөйрөгө сабыр кылуу бар болгон бир адам мунун акыретте ага Аллахтан бир ыраазычылык жана сыйлык катары кайтышын ойлоп, тагдырына сүйүнөт. Түпкүрүндө тагдырында жазылган өмүрүн жашап жатканын жана эч бир жаратылган жандыктын, анын ичинде өзүнүн да өз тагдырын, ал тургай тагдырындагы жалгыз бир секунданы да өзгөртө албашын билет жана тагдырына өзүн тапшырып, бейпил өмүр сүрөт.
Тагдырына өзүн тапшырган бир момун, албетте ар кандай шартта колунан келген бүт аракетин жасайт. Мисалы ооруп калган бир адам, албетте, докторго барат, дарыларын ичет жана оорусу менен байланыштуу бүт керектүү чараларды көрөт. Бирок буларды кылып жатканда, барган докторунун, ичкен дарыларынын жана дарылануусунун натыйжасынын да Аллах жараткан тагдырда экенин билүү менен аракет кылат. Ошондуктан, эч качан бактысыздыкка, дүрбөлөңгө, азапка же үмүтсүздүккө кабылбайт. Аллахтын ал үчүн каалаганы эң жакшысы экенин билип, мунун бейпилдигин жана ишенимин сезет. Адамдын ар бир окуяда бир жакшылык бар экенине ыйман келтириши абдан маанилүү.
Момундар жамандык сыяктуу көрүнгөн окуяларда да анын алар үчүн чоң бир жакшылык экенине ыйман келтиришет жана Аллахка тобокел кылышат. Бул – бир гана момундарга (ыймандууларга) тиешелүү бир өзгөчөлүк. Пайгамбар Мырзабыз бир хадисинде муну мындайча баяндайт:
«Момун адамдын абалы канчалык таң калыштуу. Себеби ар бир иши ал үчүн бир жакшылык. Мындай абал бир гана момунга (ыймандууга) тиешелүү, башкага эмес: ага аны ыраазы кылган бир нерсе келсе шүгүр кылат, бул бир жакшылык; бир зыян келсе сабыр кылат, бул дагы жакшылык.» (Muslim, Zuhd 64, 2999)
Аллах – бүт ааламдын жалгыз өкүмдары (ээси), чексиз күч-кудурет ээси. Бул чындыкты билген жана толук аңдап-түшүнө алган бир адам үчүн ансыз деле Аллахка өзүн тапшырып, тобокел кылуудан башка бир жол жок. Себеби бир адам жолуккан ар бир окуя, ар бир адам, ар бир сөз, ар бир үн Аллахтын көзөмөлүндө. Пайгамбар Мырзабыз да айткандай, Аллахтан келген бүт нерсе момун үчүн бир кооздук жана бир жакшылык. Момундардын бул чындыкты түшүнүү менен ээ болгон тобокел түшүнүгүн Аллах бир аятында мындайча билдирет:
Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо). (Худ Сүрөсү, 56)
Аллахка тобокел кылбастан, бүт нерсени өздөрүнүн күч жана көзөмөлүндө деп ойлогондор болсо, дайыма коркуу, кайгы, тынчсыздануу жана пессимисттик маанайда болушат. Бул бир тасманы көрүп жаткан бир адамдын тасманын аягын өзгөртө алчудай болуп толкундануу жана дүрбөлөңгө кабылышына окшойт. Мындай коркуу канчалык орунсуз жана керексиз болгон сыяктуу эле, тагдырын көрүп жаткан бир адамдын да башына келгендерге карата ушул сыяктуу сезимдерге кабылышынын эч кандай кажети жок. Мисалы, күнөөсүз бир адамга жалаа жапкандар Аллахтын көзөмөлүндөгү жандыктар. Жана Аллах адамды сыноо үчүн бул окуяларды жаратат. Буларга сабыр кылганда Аллахтын ыраазычылыгына, бейишине жана ырайымына жетүүнү үмүт кылган момун үчүн кайгырууга эч себеп жок. Ошондой эле, Аллах момундарга дайыма жардамын жөнөтөт жана аларга иштеринде жеңилдиктер берет. Бул – Аллахтын өзгөрбөс бир убадасы. Аллах бир аятында адилетсиздикке кабылгандар жөнүндө мындай буйурууда:
Мына ушундай; ким ага жасалган адилетсиздикке тең жооп берип, кийин ага кол салынган болсо, Аллах сөзсүз ага жардам берет. Шексиз, Аллах кечиримдүү, айкөл. (Хаж Сүрөсү, 60)
Демек, Аллахтын күч-кудуретин, жардамын жана достугун билген момундар үчүн тобокел жана өзүн тапшыруу – бул жалгыз жол жана жолдордун эң сонуну жана эң оңойу. Антпесе адам көтөрө албаган, оор бир жүктү өз мойнуна жүктөйт. Бедиүззаман Саид Нурси бир сөзүндө адам тобокел кылбаганда, өзүн өзү кандай кыйынчылыкка салаарын мындайча баяндайт:
«Адам күчсүз, балээлери көп. Кедей, муктаждыктары абдан көп. Алсыз, жашоо жүгү абдан оор. Эгер Кадир-и Зүлжелалга (Аллахка) таянып, тобокел кылбаса жана ишенип өзүн тапшырбаса, абийири дайыма азап ичинде калат. Түшүмсүз машакаттар, кайгылар, бушаймандыктар аны бууйт. Же мас же болбосо жырткыч кылат.» (Sözler, s. 29)
Ошондой эле, бир нерсени баса айта кетүү керек, бул жерде айтылгандар адамдардын өздөрүн же бири-бирин сооротуулары, кыйынчылык учурунда ойлонуп өздөрүнө кеңеш, көңүл айтышы үчүн айтылган жок. Булар – Аллахтын жаратуусунун жана дүйнө жашоосунун чыныгы жүзү. Чындыгында мунун мындай эмес экенине ишенген же мындай эмес деп мамиле кылган адам өзүн алдаган жана жаңылткан болот. Ошондуктан, караңгы адам эң бардар, бай жана эң бейпил күндөрүндө да тобокелсиздиктин азап жана кайгысын башынан өткөрүп жатканда, чындыктарга ишенген бир момун, кандай шартта гана болбосун, дин адамдарга алып келген жеңилдикти, кубаныч жана бейпилдикти жашайт.
Аллах Куранда ыймандуулар үчүн мындайча билдирет:
Кабарыңар болсун; Аллахтын велилери (достору), алар үчүн коркуу жок, кайгы да жок. Алар ыйман келтиргендер жана (Аллахтан тартынып күнөөдөн) сактангандар. Дүйнө жашоосунда жана акыретте сүйүнүчтүү кабар алар үчүн. Аллахтын сөздөрү эч өзгөрбөйт. Мына улуу кутулуу жана бактылуулук ушул. (Йунус Сүрөсү, 62-64)
Көңүл буруп байкасаңыз, адамдардын көпчүлүгү өмүр бою дайыма бири-биринин ыраазычылыгы, жактыруусу жана сүйүүсүнө жетүү үчүн аракет кылышат. Досторунун, башкармаларынын, кесиптештеринин, үй тургундарынын, көрүүчүлөрүнүн, балдарынын... Мындай түшүнүктөгү бир адам жашоо калыбынан баштап кийимине, сүйлөө услубунан уккан музыкасына чейин бүт нерсесинде бирөөгө жагынууну максат кылат. Бул көп тараптан абдан кыйын, азаптуу, чарчатуучу жана чөктүрүүчү бир жашоо. Биринчиден, башка адамдардын ыраазычылыгын максат кылган бир адам абийирин көбүнчө басмырлоого мажбур болот. Мисалы, жаңы таанышкан бир достор тобунан бөлүнүп калбоо, өзүн кабыл алдыра алуу үчүн ал адамдардын туура эмес мамилелерин айтуудан, аларга эскертүү берүүдөн тартынат. Жалгыз калуудан жана чөйрөсүндөгүлөрдү жоготуудан коркуп, өмүр бою абийиринин буйруктарына тескери иш-аракеттер жасашат. Бул башында ал адамда чоң бир абийир азабы пайда кылса, белгилүү мөөнөттөн кийин толугу менен анын абийири сокур болуп калат жана андан соң туура менен туура эмести, жакшы менен жаманды, сулуулук менен жамандыкты айырмалай албай турган абалга келет.
Бир эле учурда бир топ адамды ыраазы кылуу үчүн аракет кылган бир адамды күткөн дагы бир кыйынчылык – бул бирөөсүн ыраазы кылганда, башкасынын ачуусуна тийүү ыктымалы. Бир адам досторун ыраазы кылганда үй-бүлөсүн, үй-бүлөсүн ыраазы кылганда досторун ачуулантып, алардан ажырап калышы мүмкүн. Же башкармасына көрүнүү үчүн болгон күчү менен аракет кылган бир адам кесиптештерине жаман көрүнүп калышы мүмкүн. Булардын натыйжасында мындай адамдын жашоосунда кандай болсо да бейпилсиздик, тынчсыздануу жана нааразылык болоору ачык.
Ал эми ыкластуу бир Мусулман болсо бир гана Аллахтын ыраазычылыгын максат кылат. Ал үчүн чөйрөсүндөгү адамдардын сөзү эмес, Аллахтын буйруктары маанилүү. Аллахтын ыраазычылыгын максат кылуу жана ошого жараша аракет кылуу болсо дайыма эң туура жол. Аллах бир аятында бир гана Аллахтын ыраазычылыгын максат кылган менен бири-бири менен мамилеси начар бир канча орток ээлери болгон бир адамдын абалы арасындагы айырманы мындайча билдирет:
Аллах бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп ээлери бар бир адам менен жалгыз бир адамга баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн абалы бирдей болмок беле? Мактоолор Аллахка тиешелүү. Жок, алардын көпчүлүгү билишпейт. (Зүмер Сүрөсү, 29)
Аятта билдирилгендей, адамдын жашоосуна ылайыктуу – бул бир гана Аллахтын ыраазычылыгы үстүнө курулган бир жашоо. Саид Нурси да Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн аракет кылуунун дайыма абдан оңой бир жашоо алып келээрин мындайча түшүндүргөн:
«Амалдарыңызда (иштериңизде) Аллахтын ыраазычылыгы болушу керек. Эгер Ал ыраазы болсо, бүт дүйнө таарынса да эч маанилүү эмес. Эгер Ал кабыл кылса, бүт адамдар баш тартса да таасири жок. Ал ыраазы болгон соң жана кабыл кылган соң, кааласа жана хикматы зарыл кылса, сиздер сурабасаңыздар да, элдерге кабыл алдырат. Аларды да ыраазы кылат.» (Lem'alar, s. 154)
Бедиүззамандын бул сөзү абдан маанилүү; чыныгы ыкластын да ачкычы. Адам Раббибиздин ыраазычылыгын максат кылуу менен гана чыныгы динчил боло алат. Эгер кылган иштеринде адамдардын же башка жандыктардын ыраазычылыгын көздөп жатса, анда сөзсүз бул иштин ичине рия (эл көрсүн деп кылуу) аралашкан болот. Рия аралашкан бир түзүлүш болсо адамга бул дүйнөдө да, акыретте да зыян алып келет. Адамдардын ыраазычылыгын эң өйдө койгондор күткөн натыйжага эч качан жете алышпайт. Бир адамга көрүнүү, ага «жагынуу» үчүн көп аракет кылышат, бирок ал адам алардын мындай аракеттерин баалай албайт. Бааласа да, ал да алсыз жана байкуш бир адам. Бүт нерсенин жалгыз өкүмдары жана ээси болгон Аллах Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн аракет кылгандарды болсо түбөлүк бейиши менен сүйүнчүлөйт. Бейиш болсо – бул адамдын напсиси, көңүлү каалаган бүт нерсе даяр турган бир мекен. Аллах бир гана Анын ыраазычылыгын максат кылгандардын кутулууга жетээрин мындайча билдирет:
Аллах (Анын) ыраазычылыгын көздөгөндөрдү муну менен кутулуу жолдоруна жеткирет жана аларды Өз каалоосу менен караңгылыктардан нурга чыгарат. Аларды эң туура жолго багыттап-жеткирет. (Маиде Сүрөсү, 16)
Бир гана Аллахтын ыраазычылыгын көздөп жашоо ар бир адамга дүйнөдө жана акыретте эң оңой, эң сонун жана эң кубанычтуу жашоону алып келет.
Караңгы коомдордо адамдар көбүнчө өз каалоо жана кызыкчылыктарын эң өйдөгө коюшат, дайыма «эң биринчи менин бейпилдигим, ырахатым маанилүү» көз-карашы менен аракет кылышат. Башкалар үчүн өз мал-жанын аябоо болсо бул адамдардын напсисине абдан оор келет. Өзүмчүл мамиле кылуу тыңдык, акылдуулук сыяктуу кабылданып, башкалардын кызыкчылыгын өйдө коюу болсо көбүнчө кем акылдык деп кабыл алынат. Чындыгында болсо Аллахка ыйман келтирген жана Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн башкалардын кызыкчылык, бейпилдигин өзүнүкүнөн өйдө койгон бир адам үчүн башкаларды ойлоо бир жагынан чоң кубаныч, экинчи жагынан абдан оңой бир ибадат.
Момундардын башкаларды өзүнөн өйдө коюу түшүнүгүн Аллах мындайча кабар берет:
Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип (мындай дешкен): «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз. Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган оор күндөн (кыяматтан) коркобуз.» Эми Аллах аларды мындай күндүн жамандыгынан коргоду жана аларга жаркыраган бир жарык жана бир кубаныч берди. (Инсан Сүрөсү, 8-11)
Кылган жоомарттыктары үчүн, аяттарда билдирилгендей, Аллахтын ыраазычылыгына жана «жаркыраган бир жарык жана кубаныч» сезе турган акырет немат-жакшылыктарына жетээрин билген бир момун үчүн короткон мал-жанынын эч кандай мааниси болбойт. Утурумдук, кыска жана кемчиликтерге толо бир жашоодо адамдын эң жактырган мал-мүлкүнүн да Аллахтын ыраазычылыгы жана мунун натыйжасында бере турган бейиш жашоосунун жанында эч кандай баалуулугу жана сулуулугу жок. Буга ыйман келтирген момундар короткон мал-жаны канчалык чоң болсо да, бул эмгеги үчүн башкалардан мактоо да күтүшпөйт, башка адамдарды карыздар сыяктуу абалга да салышпайт.
Бирок Аллах Анын ыраазычылыгы үчүн мал-жанын короткондорго дүйнөдө да бардарчылык жана береке убада кылат жана коротконун ашыкчасы менен ал адамга тартуулайт. Аллах бул убадасын аяттарында мындайча билдирет:
Аллахка сыйлыгын эсе эсе кылып көбөйтө турган сонун бир карыз бере турган ким? Аллах кысат жана кеңейтет жана силер Ага кайтарыласыңар. (Бакара Сүрөсү, 245)
Мал-мүлктөрүн Аллах жолунда сарптагандардын (кайыр-садака кылгандардын) мисалы жети башак байлаган, ар бир башагы жүздөн уруктуу жалгыз бир уруктун мисалындай. Аллах каалаганына эсе эсе көбөйтөт. Аллахтын (берешендиги) көп, (Ал баарын) билүүчү. Мал-мүлктөрүн Аллах жолунда сарптап, кийин сарптаган нерселеринин артынан колко кылбаган жана басынтпагандардын сыйлыктары Раббилеринин Кабатында, аларга коркуу жок жана алар кайгы-капага батышпайт. (Бакара Сүрөсү, 261-262)
Аллахка жана акыретке ишенбегендер үчүн болсо башкалар үчүн өз мал-жанын коротуунун кандай түрү болбосун, баары – бир жоготуу, өздөрүнөн жана кызыкчылыктарынан маанилүү бир азайуу болуп саналат. Ыймансыз болушкандыктан, чындыгында өздөрүнө чоң пайда алып келе турган кооздуктарды, т.а. кайыр-садака сыяктуу иш-аракеттерди жаман нерсе жана жоготуу деп ойлошот. Өзүмчүлдүктүн, мал-мүлкүн жана акчасын колунда сараңдык менен сактоонун азап жана кыйынчылыгын тартышат. Үйлөрүндө отурганда да дайыма бейпилсиздик ичинде болушат. Буюмдарынын эскириши, тамактарынын түгөнүшү, досторунун конокко келиши бул адамдар үчүн дайыма бир кыйынчылык жана көйгөй катары кабылданат. Жаман ахлактары менен өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышып, сонун ахлак алып келе турган бейпилдик, бакыт жана берекеден кол жууп калышат.
«Пенделеринен тооболорун кабыл кылуучу, жамандыктарды кечирүүчү жана кылгандарыңарды билүүчү – Ал.» (Шура Сүрөсү, 25) аятында да билдирилгендей, Аллах кечиримдүү. Ыймандуулар да Аллах жактырган ахлакка ылайык жашаган адамдар катары бирөөдөн жамандык көрүшкөндө кечирүүнү, жамандыкты жакшылык менен алыстатуу жолун тандашат. Шексиз, бир жамандыкка сабыр кылуу, теңелбөө, жамандык кылган адамды кечирип өч алуу сезимине кабылбоо, ачуусун жеңип өзүн кармоо – такыба (Аллахтан корккон) адамдарга тиешелүү бир өзгөчөлүк. Жана мындай мамиленин акысы – бул Аллахтын ыраазычылыгы жана сүйүүсү. Аллах бир аятында мындайча билдирет:
Алар - барчылыкта да, жокчулукта да садака бергендер, ачууларын жеңгендер жана адамдарды кечиргендер. Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт. (Али Имран Сүрөсү, 134)
Жамандыктарга жакшылык менен жооп берип, кечирген адам ошол эле учурда өзүнө жана чөйрөсүндө тынчтык жана бейпил бир чөйрө даярдаган болот. Бул – албетте, дайыма бири-биринен өч алган, кек, жек көрүү, душмандык сезимдери өкүмчүлүк кылган оор бир чөйрөгө салыштырууга болбой турганчалык оңой, бейпил жана ырахаттуу бир чөйрө. Адам башында ачуулануу жана өчөшүү сезимдеринен кутулуу үчүн балким кыска бир мөөнөт напсисин тизгиндөө жана сабыр жана аракет кылууга мажбур болушу мүмкүн, бирок мындай мамиле үчүн достук, сүйүү, урмат жана тынчтыкка толгон бир маанайга жана чөйрөгө ээ болот. Аллах аяттарында момундарга мындайча билдирет:
Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт. Жамандыкка сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо (көрөсүң) сени менен анын арасында душмандык бар киши жакын бир дос(уң) болуп калат. Буга болсо сабыр кылгандардан башкасы жете албайт. Жана буга чоң бир үлүшү барлардан башкасы да жете албайт. (Фуссилет Сүрөсү, 34-35)
Аллах сонун ахлагы үчүн адамдарга сонун жана оңой бир жашоо сунат. Кечиримдүү болбогон бир адамды чөйрөсүндө дайыма душмандары, ага өчөшкөн жана аны жек көргөн адамдар курчаса, кечиримдүү адамдын бул дүйнөдө тапкан сыйлыгы – бул бейпил жана тынчтыкка толгон бир жашоо жана жакын, ысык достор.
Текеберленүү жана бой көтөрүү – бир адамга эң көп зулумдук жана азап алып келген жаман ахлак өзгөчөлүктөрүнөн. Кичипейилдик болсо, тескерисинче, адамга бакыт жана бейпилдик алып келет. Текеберленген бир адам эң алгач бардык өзгөчөлүктөрүм өзүмө тиешелүү деп ойлойт. Мисалы, мээсин Аллах ага берген бир немат экенин ойлоп шүгүр кылуунун ордуна, мээси менен мактанат. Бул өзгөчөлүгүн өзүнчө өйдө сезип, айланасындагыларды өзүнөн төмөн көрөт жана басынтат. Мындай мүнөзүнүн бир натыйжасы катары чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан жакшы көрүлбөйт, аларды өзүнөн түртүп турат. Балким бой көтөргөн мамилелеринен улам кээ бирөөлөр анын жанында басынып, урмат көрсөтүшү мүмкүн. Бирок текебер адамга көрсөтүлгөн урмат – чыныгы, чын жүрөктөн ал адамга урмат сезилгендиктен көрсөтүлгөн бир урмат эмес; тескерисинче анын текебердигинин, бой көтөрүүсүнүн жамандыгынан кутула алуу үчүн жасалган бир мамиле. Ошондуктан, текебер адамдардын чыныгы, аларды чындап сүйүп жакындык сезген достору болбойт. Чөйрөлөрүндө дайыма аларга көрсөтмө бир көңүл бурган жана урмат көрсөткөн адамдар болот.
Бой көтөргөн адамдын өзүнө өзү кылган эң чоң зулумдуктардын бири – бул чөйрөсүнө дайыма кемчиликсиз жана катасыз көрүнүүгө аракет кылышы. Мисалы, жогорудагы мисалда айтылгандай, мээси менен мактанган бир адам дайыма эң мээлүүмүн дейт. Эч качан ката кылууну кабыл ала албайт. Бир ката кылганда муну адамдардан жашыруу үчүн колунан келгенин жасайт, ал тургай калптарды да айтып абдан уят абалга түшөт. Чындыгында болсо адам абдан алсыз, кемчиликтүү жана бул дүйнөдө дайыма сыналган бир жандык. Ошондуктан, жашоосу боюнча көптөгөн кемчилик жана ката кетириши толук кадыресе көрүнүш. Буларды башка адамдардан жашырууга аракет кылуунун болсо эч кандай мааниси жок жана керексиз. Аллахтын бүт нерсени көрүүчү жана билүүчү экендигин, адамдын алсыз жана кемчиликтерге толо бир жандык экенин түшүнүшү, жана адамдардын көзүндө эмне болгондугунун эмес, негизи Аллах Кабатындагы ордунун маанилүү экенин билиши адамдын үстүндөгү мындай зулумдукту алып салып, адамдын жашоосун оңой жана бактылуу абалга алып келет.
Адамдардын напсилеринде орун алып, аларга эң чоң азап берген сезимдердин бирөө болсо – бул өзүн кээ бир өзгөчөлүктөрүнөн улам башкалардан баалуураак сезиши. Бул негизи шайтандын да бир өзгөчөлүгү. Аллах Аз. Адамды жаратканда, шайтанга жана бардык периштелерге Аз. Адамдын алдында сажда кылууларын буйрук кылган. Периштелер Аллах сонун ахлакта жараткан жандыктар катары ылдам сажда кылышкан. Шайтан болсо сажда кылбастан, себеп катары төмөнкүлөрдү айткан:
Айтты: «Мен андан жакшыраакмын; Сен мени оттон жараттың, аны болсо ылайдан жараттың.» (Сад Сүрөсү, 76)
Аятта да билдирилгендей, шайтан өзүн башка жаратылган нерселерден жогору, артыкча көргөндүктөн, Аллахтын буйругунан да чыга ала турганчалык жолдон адашкан.
Куранда өздөрүн жогору сезгени үчүн адашкандар жөнүндө да сөз кылынат. Мисалы, еврей жана христиандар «Биз Аллахтын балдарыбыз жана сүйгөндөрүбүз...» (Маида Сүрөсү, 18) деп адашышууда. Бирок алар да кошо адамдардын баары – Аллах жараткан алсыз жандыктар. Ар бир адам Аллахка муктаж жана Аллах ал үчүн жараткан тагдырды көрөт. Эч бир адам өз алдынча кээ бир өзгөчөлүктөргө ээ болуп, кийин булар менен артыкчылыкка жете албайт. Адамдардын артыкчылыгы Аллахка жакындоодо, такыбалыкта көрсөткөн аракети менен гана өлчөнөт.
Аллахтын өзүн артыкча жана жогору сезгендерге Куранда берген жообу төмөнкүдөй:
«...Анда эмне үчүн (Аллах) силерди күнөөңөр үчүн азаптайт? Жок, силер (да) Анын (Аллахтын) жараткандарынан болгон инсансыңар. Ал каалаганын (пендесинин күнөөсүн) кечирет, каалаганын азаптайт. Асмандардын, жердин жана булардын арасындагылардын бардыгынын мүлкү Аллахка тиешелүү. Ага гана кайтуу бар. (Маиде Сүрөсү, 18)
Мен кемчиликсизмин жана катасызмын деп ойлоо адам үчүн абдан оор бир жүк. Адамдар арасында да артыкча болууга аракет кылышат, ошондуктан ар бир көз ирмемин көзөмөлгө алышат, дайыма өзүн алдыга чыгаруу үчүн аракет кылышат. Мисалы, бир чогулушка катышканда эң таасирдүү сүйлөгөн, эң сонун кийинген, эң акылдуу чечимдер тапкан, адамдардын эң көп көңүлүн бурган адам болгулары келет. Кандайдыр бир топтун арасында болгондо да, отуруу үчүн тандаган жерине чейин бир өзгөчөлүк, артыкчалык көрсөтүүгө аракет кылышат, ал топтун же ал бөлмөдөгү адамдардын арасына аралашууну эч кабыл ала алышпайт. Ушул себептен дайыма «тикен үстүндө» сыяктуу болушат. Эч бир кыймылы табигый жана чын жүрөктөн болбойт. Кылган ар бир иши артыкчылыгын көрсөтүү үчүн эсептүү жана пландуу болот. Мунун бир адам үчүн канчалык чоң азап экендиги жана ал адамга канчалык оор жүк алып келээри болсо белгилүү.
Мындан тышкары, мындай адамдардын текеберленүү менен максаттаган нерселеринин эч бирине жете албашын да билүү керек. Бой көтөргөн сайын, бир тараптан чөйрөлөрүнө жаман көрүнүп, алардын ачуусуна тийет, экинчи тараптан, колундагы нерселеринен айрылганда абдан чоң стресске кабылышып, жашоого таарынышат. Аллах бир аятында бой көтөргөндөрдүн бир натыйжага жете албашын мындайча билдирет:
Шексиз, аларга келген эч кандай далилдери болбостон, Аллахтын аяттары жөнүндө күрөшкөндөр болсо, алардын көкүрөктөрүндө (жүрөктөрүндө) эч жете албаган бир текебердик (каалоосу) гана бар. Эми сен Аллахтан коргоо сура. Шексиз, Ал баарын толугу менен угуучу, баарын толугу менен көрүүчү. (Мүмин Сүрөсү, 56)
Текеберленген адамдар бул дүйнө жашоосунда эч бир каалоолоруна жете албаганына кошумча, эң негизгиси Аллахтын сүйүүсүн жоготушат. Аллах бир аятында муну мындайча билдирет:
«Адамдардан жүзүңдү буруп (бой көтөрбө) жана жер бетинде көпкөн абалда жүрбөгүн. Себеби Аллах текебер мактанчаактарды сүйбөйт.» (Локман Сүрөсү, 18)
Кичипейил адамдар болсо бой көтөргөн адамдар жашаган азап жана басымдарды эч качан башынан өткөрүшпөйт. Албетте, ар бир адам бүт нерсенин эң сонунуна ээ болууну, бүт нерсенин эң жакшысын кылууну каалайт. Бирок буларды дүнүйөлүк амбицияларын канааттандыруу, адамдарга артыкча көрүнүү жана бул үчүн урмат көрүү үчүн кылгандар чоң бир жоготууга кабылышат. Кичипейил бир адам болсо булардын баарын Аллахты ыраазы кылуу жана соопко ээ болуу үчүн каалайт. Бир ийгиликке жеткенде же сонун бир өзгөчөлүккө ээ болгондо, булардын эч биринин өзүнөн эмес экенин, бүт баарынын Аллах ага тартуулаган нематтар экенин билет. Буларды ага берген, тагдырында ага ийгилик, кооздук жана нематтар жараткан Аллахка шүгүр кылат. Ошондуктан булардын кандайдыр бирөөсүн жоготкондо да бактысыз болбойт. Мунун да ал үчүн бир сыноо экенин билет жана тобокел кылат. Ийгиликке да, ийгиликсиздикке да, сулуулукка да, сулуу эмеске да ээ чыкпайт. Булардын баарынын дүйнө жашоосунда аны сыноо үчүн жаратылган окуя жана сүрөттөлүштөр экенин билүү менен бул ишениминин ага берген бакыт жана бейпилдигин жашайт.
Бедиүззаман да текебер жана кичипейил адамдардын жашоолору арасындагы айырманы кыскача төмөнкүдөй баяндайт:
«Өзүн сүйгөн балээсин табат, кыйынчылыкка түшөт. Өзүн сүйбөгөн жыргалды табат, ырайымга (мээримге) барат.» (Mektubat, s.301)
Караңгы адамдар кыйын абалда калганда ошол замат калп айтышат. Муну өздөрүн куткаруунун оңой жолу деп ойлошот. Чындыгында болсо, чынчыл болбоо жана калпычылык адамдын эң азап берүүчү тараптарынын бири. Эң биринчиден, калп айткан бир адам дайыма калпынын ачыкка чыгып калышынан тынчсызданат жана мындан улам уят болом деп коркот. Мындан тышкары, калпычылык себеп болгон абийир азабы адамдарда бактысыз жана стресстүү бир абалга себеп болот. Бүт адамдар бири-бирине жалган сүйлөгөн бир чөйрө болсо абдан жасалма жана эл көзүнө болот. Бүт баары бири-биринин ар бир сөзүнөн шек санайт. Эң жөнөкөй нерселерде да бири-бирине ишене алышпайт. Мисалы, жаңы алган кийиминин жарашып жарашпаганын сураганда жасалма жооп алаарын билишет. Жалгандарга жана жасалмалыкка таянган бир достуктун болсо чын көңүлдөн жана жакын бир достук боло албашы белгилүү.
Ал эми, Аллахтан корккон бир адам үчүн чынчылдык абдан маанилүү. Аллах бир аятында ыйман келтиргендерге чынчылдыкты мындайча буйрук кылат:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахтан тартынып-(күнөөдөн) сактангыла жана сөздүн туурасын айткыла. (Ахзаб Сүрөсү, 70)
Чынчылдык жана чын жүрөктөн мамиле кылуу болсо момундарга абдан сонун, ишенимдүү, бактылуу бир жашоо алып келет. Мисалы, ката кылган бир момун муну эч качан башкалардан жашырбайт. Себеби Аллахтын аны дайыма көрүп турганын жана угуп жатканын билет жана Аллахка багытталып тообо кылат. Момундар да билиши керек болсо, муну аларга да эң туура абалда айтып берет. Момундардын анын мындай чынчылдыгына карата туура эмес мамиле кылбашын билет. Тескерисинче, жасалган ката кандай гана болбосун, момундар ал адамдын чын жүрөктөн жана кийипейил мамилесинен улам абдан ыраазы болушат жана ал адамга ишенишет. Пайгамбар Мырзабыз (сав) да бир хадисинде калп айтуу менен байланыштуу мындай буйурган:
Эч шексиз, чынчылдык жакшылыкка алып барат. Жакшылык да бейишке алып барат. Адам чындыкты айта айта Аллах Кабатында сыддык (чындыкты сүйлөгөн адам) деп жазылат. Калпычылык жамандыкка алып барат. Жамандык да тозокко алып барат. Адам калп айта айта Аллах Кабатында кеззаб (абдан калпычы) деп жазылат. (Buhârî, iEdeb, 69; Müslim, Birr, 103-104)
Ыкластуу, жашырган эч нерсеси жок, сырдуу көрүнүүгө аракет кылбаган ачык бир адам абдан ишенимдүү жана ал адамдын жанында бүт адамдар бейпил болушат. Мындай адамдар чогулган коом болсо абдан чоң бир немат жана кооздук. Адамдар балким чынчыл мамиле кылуу менен өздөрүнүн уят болушунан, кыйынчылыкка кабылышынан тартынышы мүмкүн, бирок Аллах чынчыл жана ыкластуу адамдарга абдан кубанычтуу, ишенимдүү жана бактылуу бир чөйрө тартуулайт. Алардын акыретте ала турган сыйлыгы болсо бир топ жакшы жана сүйүнүчтүү кабарга толо:
Аллах айтты: «Бул чынчылдарга чындыкты айтуулары пайда алып келүүчү күн. Алар үчүн ал жерде түбөлүк кала турган, астынан суулар (дарыялар) аккан бейиштер бар. Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту. Улуу кутулуу жана бакыт – мына ушул.» (Маиде Сүрөсү, 119)
Бул бөлүмдө сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнөн бир канча мисал берилүү менен, чыныгы оңой жана адамга бактылуулук алып келген жашоонун Куран ахлагынын жашалышы экендигине мисал, далилдери менен токтолдук. Дагы көптөгөн мисалдарды берүүгө болот. Себеби, ар бир жаман өзгөчөлүгүнөн кутулуу менен дагы бир жакшылыкка жеткен адам үчүн дагы бир эсе көп кубаныч себеби пайда болот. Мисалы, кызганчаак бир адам кызганычтык менен өзүн өзү кыйнап жашап жатканда, андан кутулуп бардык кооздуктардан, жакшы адамдардан, башка адамдардын ийгилигинен ырахат алып баштайт. Мисалы, мурда кызганычтык жана ачуулануу менен караган досунун сулуулугу бир заматта Аллахтын жаратуу чеберчилигин мактаган, көргөн сайын немат катары көргөн бир кооздукка жана кубанычка айланат. Же болбосо, кичинекей бир окуяда да сабырсызданып, өзүнө жасалма азаптар берген бир адам сабырдын сонундугун жана Аллах Кабатындагы баалуулугун билүү менен жашаганда, эң оор жана кыйындай көрүнгөн окуяларда да сабыр кылуунун, тобокел кылуунун жана өзүн тапшыруунун чоң кубанычын жана бейпилдигин жашайт.
Мындай кыйынчылыктарга сабыр кылганда, жете турган сыйлыкты ойлоо менен кубанычы эсе эсе көбөйөт. Жыйынтыктасак, Аллахка, Аллах жараткан тагдырга, бейиш жана тозоктун бар экендигине далилдер, илим менен толук ишенүү – бир адамга эң чоң кубанычты, бейпилдикти, бактылуулукту жана жеңилдикти алып келүүчү маанилүү бир сыр. Буларга жетүү үчүн башка жолдорду издегендер чоң бир жаңылыштык ичинде жана ыйман келтирмейинче мындай нематтарга эч жете алышпайт.