Киришүү

Аллахтын адамдар үчүн, алардын табиятына эң ылайыктуу катары тандаган дини – бул Ислам дини. Аллах динин адамдар аны жашай алышы үчүн абдан жеңил кылган. Дин ахлагы адамдардын жонундагы бардык кыйынчылыктарды, кысуучу жана чектөөчү, адамдарга кыйынчылык алып келген бардык оордуктарды жок кылат. Адамдын бир гана чексиз мээримдүү, боорукер, кечиримдүү, ыкластуу пенделери үчүн бүт нерселерди жакшылык (кайырдуу) кылып жараткан, бүт күч-кудуреттин ээси болгон Аллахтын ал адам үчүн аныктаган тагдырга өзүн тапшырышын, бүт нерседе бир гана Анын ыраазычылыгын максат кылып, Ага багытталышын кабардайт.

Ааламдагы бүт жандык, нерселердин жана ишке ашкан бардык окуялардын ээси болгон Аллахка ишенип, таянуу жана Аны дос тутуу – бул бир адамдын жашоосундагы бардык коркуу, тынчсыздануу, азап жана кыйынчылыктардын да жоголушу дегенди билдирет. Куран ахлагын жашаган бир адам үчүн дин алып келген эң маанилүү жеңилдик жана сонундуктардын бири ушул. Андан башка, Аллах бардык буйрук жана өкүмдөрүн адамдардын табиятына эң ылайыктуу негизде билдирген жана эч бирөөсүндө кандайдыр бир кыйынчылык жок.

Аллах Куранда дин ахлагынын жеңил экенин, Анын динине баш ийгендердин иштерин жеңил кылаарын мындайча билдирген:

«Жана сени оңой (жол)до ийгиликтүү кылабыз.» (Аъла Сүрөсү, 8)

«...Ал силерди тандап алды жана силер үчүн диниңерде (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(нде болгон сыяктуу)...» (Хаж Сүрөсү, 78)

Пайгамбарыбыз (сав) да бул аяттар негизинде «Дин – бул жеңилдик.» (Buhari, Iman: 29; Nesai, İman: 28; Musned, 5:69) деп айтуу менен адамдарды дин ахлагын жашоого чакырган.

Адамдар динде кыйынчылык деп билген кыймыл-аракет же ишенимдер болсо динге кийинчерээк мушриктер (Аллахка шерик кошкондор) же адамдарды динден алыстаткысы келген каапырлар тарабынан кошулуп, акыйкат диндин бир бөлүгү сыяктуу адамдарга жеткирилген. Кээ бирөөлөр болсо өздөрүн такыбараак (Аллахтан көбүрөөк корккон) көрсөтүү үчүн кыйынын кылуу жакшыраак деген жаңылыштыкка кабылып, элге көрүнүүнү максат кылган бир дин түшүнүгүн кабыл алышкан. Чындыгында болсо, Пайгамбар Мырзабыз жанындагы Мусулмандарга дайыма динди жеңилдештирүүсүн буйрук кылган. Демек, ыкластуу Мусулмандар ушул буйрукка баш ийиши керек жана адамдарга жеңил нерсени оор көрсөтүүнүн күнөөсүн өз мойнуна топтобошу керек. Пайгамбар Мырзабыздын (сав) бул жөнүндөгү хадиси төмөнкүдөй:

«Жеңилдеткиле, оордоштурбагыла. Сүйүнчүлөгүлө, жаман көрсөтпөгүлө. Бири-бириңер менен жакшы мамиледе болгула, талашып-тартышпагыла. (Hz. Said ibni Ebu Berde r.a.) (Ramuz El-Hadis 2. Cilt, s. 510)

Бул китепте, Пайгамбарыбыздын (сав) ушул кеңешине ылайык, Аллахтын динин жашоонун абдан оңой экендиги эске салынат. Ошондой эле, Ислам дининин адамдын табиятына, бейпилдигине, бактылуулугуна эң ылайыктуу жашоо калыбы экендиги жана Куран ахлагына ылайык өмүр сүрүүнүн бир адам үчүн мүмкүн болгон эң жакшы жашоо экендиги тереңирээк баяндалат.