Адамдардын көпчүлүгүнүн дин жөнүндөгү маалыматтары кичинекейинен баштап чөйрөлөрүнөн уккан нерселерине таянат. Динди чыныгы булагынан, т.а. Курандан үйрөнүшпөгөндүктөн, дин атына жамынган көптөгөн ойдон чыгарылган нерселерге, негизсиз ишенимге кабылышат. Мындай ишенимдердин эң коркунучтууларынын бири болсо – бул «динди жашоо кыйын» деген чындыктан алыс бир ишеним.
Тарых бою динди чыныгы маңызынан алыстатууну максат кылган жана диндин жашалышына тоскоол болуу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуп көргөн адамдар динге көптөгөн оордоштуруучу кыймыл-аракет жана ойдон чыгарылган нерселерди кошууга аракет кылышкан. Өздөрү чыгарган мындай кошумчалар себебинен билип же билбестен адамдардын динден алысташына себеп болушкан. Чынында болсо, Аллахтын Куранда билдиргендери жана Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүннөтү бизге дин менен жашоонун ыкластуу адамдар үчүн абдан жеңил экенин үйрөтүүдө.
Биринчиден бир нерсени айта кетүү керек; Аллах ааламдагы бүт нерсе сыяктуу адамды да жоктон жараткан. Адамды эң жакшы билген, ага күрөө тамырынан да жакын болгон Аллах динди да адамдын табиятына ылайыктуу жараткан. Аллах бир аятында адамдын дин аркылуу табиятына (жаратылышына) эң ылайыктуу нерсеге чакырылганын мындайча кабар берет:
Демек, сен жүзүңдү Аллахты жалгыз деп билген (бир ханиф) динге, Аллахтын ошол табиятына бур; (Аллах) адамдарды ушул негизде жараткан. Аллахтын жаратуусунда эч кандай өзгөрүү жок. Эң туура дин мына (ушул). Бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт. (Рум Сүрөсү, 30)
Раббибиздин боорукердик жана мээриминин бир натыйжасы катары кылымдар бою жөнөтүлгөн бардык акыйкат диндер дайыма аткарылышы абдан жеңил өкүмдөргө ээ болгон. Себеби Аллах адамдар үчүн дайыма жеңилдик каалаган жана «...Аллах силерге жеңилдик каалайт, кыйынчылык каалабайт...» (Бакара Сүрөсү, 185) аяты менен да бул чындыкты билдирген. Аллах койгон чектерден чыкпаган бир адам – ошол эле учурда, табиятына эң ылайыктуу, абдан сонун бир жашоону жашаган адам.
Бул чындыкты билбеген бир катар адамдар болсо дин ахлагынын чектери алынганда, бейпилирээк жашайбыз; мисалы, ахлактык баалуулуктарга маани бербегенде эркин болобуз деп ойлошот. Же болбосо, дин биздин жашообузду чектей турган бир катар чектөөлөрдү алып келет деп ойлошот. Чынында болсо, булардын баары адамдар түшкөн абдан чоң жаңылыштыктар жана шайтандын баш айлантма калптары. Себеби Аллахтын динин жашоо, адамдарга буйрук кылгандарын аткаруу абдан оңой. Чыныгы оор нерсе – бул Аллах билдирген чектерди тааныбаган адамдардан турган бир коомдо жашоо. Мындай жашоо абдан жаман натыйжаларды да алып келет.
Эң биринчиден, дин ахлагынан алыс жашаган коомдордо же динсиз адамдардын жашоолорунда дайыма башаламандык (хаос), каргаша, бейпилсиздик, коркуу, бактысыздык жана стресс өкүм сүрөт. Аллахтан коркпогон бир адам ар түрдүү ахлаксыздыкты жасайт, эч кайсы темада чегин билбейт жана бузулган бир өмүр сүрөт. Мындай жашоодо адамдар бир-бири үчүн өз мал-жанын сарпташпайт, сүйүү, урматты билишпейт, бир-бирине материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүшпөйт. Ушул себептен мындай жашоо эч качан, эч бир адамга бактылуулук алып келбейт. Дин ахлагынын чектери жоголгондо, адам өзүн бейпил сезе турган чөйрөгө толугу менен карама-каршы жана толугу менен шайтан каалагандай тозокко окшош бир чөйрө пайда болот.
Мисалы, бүгүнкү күндө биз көп жолуккан окуялардан болгон баңгизат колдонуу жана соодасынын жайылышы, сойкулук, паракордук, алдамчылыктын токтотууга мүмкүн болбогон бир абалга келиши сыяктуу абалдар толугу менен динден жана натыйжада ар кандай руханий баалуулук жана сулуулуктан алыстоо менен байланыштуу. Мындай чөйрөлөрдө адамдар өз ойлорунда эркинбиз жана каалаганыбызды кыла алабыз деп ойлошот. Чынында болсо, мындай чектери жок жашоолору аларга алып келген материалдык жана моралдык кыйроо экркиндик деп ойлошкон сезимдерден бир топ эсе жогору. Ойлоп көрүңүзчү, сойкулуктан, баңгизаттан же алкогольдон ден-соолугу бузулган, денеси өзүнүн жашынан бир топ эрте картайган, чачтары, териси жаркыраганын жана жандуулугун жоготкон, чарчаңкы, азаптуу бир өмүр сүргөн адамдар эмнеге жетише алышты? Чынында эле, чектен чыккан, ахлакка эч маани бербеген, максаты жок жана аягы жоктук деп кабыл алынган бир өмүр сүрүү, сөзсүз ар бир адамда денелик жана руханий абдан чоң кыйроолорго алып келет. Болгондо да мындай натыйжалар бүт адамдар көрө ала тургандай, эч жокко чыгарууга мүмкүн болбогондой даражада ачык жана так.
Бул жерде берилген мисалдар эң учкай мисалдар деп ойлогондор болушу мүмкүн. Бирок бир чындык бар: адам дин ахлагынан канчалык алыс жашаса, Аллахтын чектеринен канчалык чыкса, ошончолук бактысыз жана оор бир өмүр сүрөт. Бир адамдын бул жерде мисал берилгендей учкай, эң оор өмүр сүрүп жатпашы анын жеңил жана бактылуу өмүр сүрүп жаткандыгын көрсөтпөйт. Балким биз берген мисалдан бираз бейпилирээк жашайт. Бирок чыныгы бакытты жана бейпилдикти эч таба албайт. Болгондо да, акыр аягында бул адам Аллахтын буйруктарынан алыстаганы үчүн чоң бир бушаймандык сезе турган, кыйынчылык жана азаптардын эң чоңдорун тартып жашай турган акырет жашоосуна жолугат.
Аллахтан корккон жана дин ахлагынын талаптарын кемчиликсиз аткарган адамдар болсо дүйнөдө да, акыретте да чоң утушка жетишет. Эң негизгиси Аллахка баш ийүүнүн руханий жыргалчылыгын жана абийиринин бейпилдигин татышат. Алар үчүн дайыма бир сүйүнүчтүү кабар жана сулуулук бар. Аллах Анын ыраазычылыгына ылайыктууларга жана чектерди сактагандарга бир аятында мындайча сүйүнүчтүү кабар айтууда:
Тообо кылгандар, ибадат кылгандар, мактоо (хамд) айткандар, (Ислам жолунда) саякат кылгандар, рүку кылгандар, сажда кылгандар, жакшылыкка чакыргандар, жамандыктан кайтаргандар жана Аллах койгон чектерден чыкпагандар; сен (бардык) момундарга (ыймандууларга) сүйүнүчтүү кабар бер. (Тообо Сүрөсү, 112)
Абийирин укпастан, Аллахтын чектеринен чыкпоо багытында көңүлкош мамиле кылгандар же ыйманды жаман көрүп, ыймансыздыкты жакшы көргөндөр болсо, дүйнөдө да, акыретте да кыйынчылык жана азаптарга кабылышат. Аллах бир аятында мындайча билдирет:
...Булар Аллах койгон чектер. Ким Аллах койгон чектерден чыкса, чындыгында ал өз напсисине (өзүнө өзү) зулумдук кылган болот... (Талак Сүрөсү, 1)
Дин ахлагын жашоону оор деп ойлогон адамдар менен бирге, жогоруда айтылгандай, динди жашоону оор көрсөткөн адамдардын абалы бар. Диндин маңызын түшүнө албаган кээ бир адамдар динде ашыкча кетүүгө жакын болушат. Кээ бир адамдар эркиндикке жамынып чектен чыккан сыяктуу, кээ бир адамдар такыбалыкка (Аллахтан коркууга) жамынып, Аллах койгон чектерди өзгөртүү, оордоштуруу «эрдигин» кылышат. Бул түпкүрүндө шайтандын адамдарга тузагы. Аллах арам кылбаган нерсени арам деп, көбүрөөк тыюуларды чыгарууну бул адамдар бир артыкчылык деп ойлошот. Болгондо да, өздөрү чыгарган мындай эрежелерге өздөрү да зарыл деңгээлде баш ийишпейт жана мунун да абийир азабын жашашат. Аллах бир аятында Аз. Исадан кийин Исевиликти (Иса Пайгамбар алып келген динди) бузган христиандарды буга бир мисал кылган:
Кийин алардын изинен элчилерибизди бири-биринин артынан жөнөттүк. Мерйем уулу Исаны да аркаларынан жөнөттүк; ага Инжилди бердик жана аны ээрчигендердин жүрөктөрүнө бир боорукердик жана мээрим салдык. (Бир бидат катары) Чыгарган кечилдикти болсо Биз аларга жазбадык (буйрук кылбадык). Аллахтын ыраазычылыгы үчүн (чыгарышты), бирок аны чындап аткара алышпады. Биз алардан ыйман келтиргендерге соопторун бердик. Алардан көпчүлүгү бузукулар. (Хадид Сүрөсү, 27)
Ушул себептен, Аллах ыймандууларды мындай коркунучтан эскерткен жана динде чектен чыккандардын туура жолдон чыгышканын Куранда билдирген:
Айткын: «Эй китеп элдери (китеп берилгендер), адилетсиздик менен диниңерде ашыкча кетпегиле жана мурдатан адашкан, көптөгөн (адам)дарды адаштырган жана туура жолдон чыккан бир коомдун каалоолорун ээрчибегиле.» (Маида Сүрөсү, 77)
Адамдын милдети – бул Куранда Аллах адамдарга буйрук кылгандарын аткаруу жана тыюу салгандарынан качынуу. Аллах бүт нерсени адамдар үчүн жеңил кылып жатканда, динди оордоштурууга аракет кылгандар акыретте мунун жоопкерчилигин моюндарына алып, сурак беришет. Башка темаларда сыяктуу эле, бул темада да Пайгамбар Мырзабыздын жашоосу жана кылгандары бизге эң сонун мисал болот. Бир хадисинде куттуу Пайгамбарыбыз (сав) Аллахтын чектерин сактоону жана ошол эле учурда чектен чыкпоону момундарга эскертип, диндин жеңил экенин айткан:
«Дин оңой. Эч ким динге карата күчтүү боло албайт. Себеби динден жеңилет. (Б.а. диндин жеңилдигине көнүгүшү керек. Бекемирээк, оорураак кылайын деген алсыз болуп калат.) Жолуңарды, кыймылыңарды оңдогула, (чекке) жакын болгула.» (RamuzEl-Hadis, 1. Cilt, s.98)
Адамдар динди Пайгамбар Мырзабыздын (сав) жогорудагы хадисинде билдиргендей баалашы керек. Б.а. Аллах ачык жана түшүнүктүү кылган, аткарылышы оңой болгон өкүмдөрдү түшүнүксүз жана оор көрсөтүүлөрү чоң бир ката. Аллах Куранда билдирген өкүмдөрдү ар кандай шарт жана чөйрөдө, ар кандай адам оңой гана жасай ала турган кылып жеңилдеткен. Кийинки бөлүмдөрдө Аллахтын өкүмдөрүндө адал жана арам чектеринде адамдарга берген жеңилдиктердин кээ бирлерине орун берилет:
Аллах ырыскы катары адамдарга көптөгөн жакшылыктарды берген. Түркүн түстүү мөмөлөр, дүр-дүйүм тамактар, жашылчалар, эттер, суусундуктар, жемиштер... Баары адамдардын кызматына сунулган. Жана Аллах «Сенден аларга эмнелердин адал кылынганын сурашат. Айткын: «Бардык таза нерселер силерге адал кылынды.» (Маида Сүрөсү, 4) аяты менен адамдарга бардык таза тамактардын адал кылынганы билдирилген.
Аллах адамдарга арам кылганын билдирген тамактар болсо – бул союлбай өлгөн малдын эти, кан, чочконун эти сыяктуу, ансыз деле адамдар үчүн зыяндуу жана таза эмес тамактар. Аллах бир аятында мындайча буйурат:
Айткын: «Мага вахий кылынгандардын арасынан тамактануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун (чочконун) эти болсо – булар ыплас (мурдар) жана арам. Же фасыктык (бузукулук) менен Аллахтан башкага арнап союлган болсо (бул дагы арам).» Ал эми ким аргасыз бир муктаждыкта калса, араанын агытпай, чектен чыкпай (өзөк жалгагыдай) жесе болот. Шексиз, сенин Раббиң кечиримдүү, ырайымдуу. (Энъам Сүрөсү, 145)
Аятта арам болгон тамактар үчүн айтылган «мурдар» (ыплас) сөзүнүн көптөгөн хикмат-сырлары бар. Себеби чочконун эти адамдын денесине зыян бере турган өзгөчөлүктөргө ээ.
Мисалы, чочконун эти абдан майлуу, аны жегенде бул май канга өтөт. Кандагы бул ашыкча көлөмдөгү май тамырлардын катуулашына, кан басымынын жогорулашына жана жүрөк инфарктына себеп болот. Мындан тышкары, чочконун майындагы «сутоксин» деп аталган уулуу заттын сыртка чыгышы үчүн лимфа бездеринин кадимки абалынан көбүрөөк иштеши керек болот. Бул абал өзгөчө жаш балдарда лимфа боолорунун жаракаттанышы жана шишигине алып келет. Ошондой эле, чочконун этинде көп көлөмдө күкүрт бар. Денеге ашыкча көлөмдө кирген күкүрт тарамыш, булчуң жана нервдерге отуруп, тарамыштардын жаракаттанышы, белде эт өсүү сыяктуу ар кандай ооруларга жол ачат. Булардан тышкары, ар кандай тери оорулары жана трихина сыяктуу (трихина бир гана чочко аркылуу кирет жана адамдарда өлтүрүүчү бир абал пайда кылат) олуттуу ооруларга да себеп болууда. (Бул жерде чочконун этинин белгилүү жалпы бир канча зыянына гана көңүл бурулду.)
Байкалгандай, адамга зыян бере турган тамактардын арам кылынышы да адамдарга сунулган бир жеңилдик жана коргоо.
Бирок бул жерде дагы бир нерсеге көңүл буруу керек: Албетте бүт нерсенин арам же адал болушу толугу менен Раббибиздин буйругу менен. Жана адам бир гана Аллахтын буйругуна ылайык аракет кылуудан жоопкерчиликтүү. Аллах бир тамактын арам болушунун хикматтарын кааласа адамдарга көрсөтөт, каалабаса көрсөтпөйт. Бирок Аллах адамдарга бир жеңилдик болушу, жүрөктөрүнүн толук ыраазы болушу үчүн, жогорудагы мисалдан байкалгандай, бул хикматтарды адамдарга бир канча себеп менен көрсөтүүдө.
Аллах Куранда тыюу салынган тамактар жөнүндө сөз кылганда, адамдын башына келиши мүмкүн болгон ар кандай абалдарда кандай кыймыл-аракет кылышы керек экенин да түшүндүргөн. Ушундайча адамдардын күтүлбөгөн учурларда тынчсызданышынын алды алынган. Бул жөнүндөгү кээ бир аяттар төмөнкүдөй:
Силерге Аллах ырыскы кылып берген адал (жана) таза нерселерден жегиле жана эгер жалгыз Ага гана ибадат кылчу болсоңор, Аллахтын нематтарына шүгүр кылгыла. Ал силерге бир гана тарпты, канды, доңуздун (чочконун) этин жана Аллахтан башкага атап союлган (жаныбар)ды арам кылды. Ал эми бирөө мажбур калса, чектен чыкпай, сугунуп апсыкпай (жей алат). Себеби чынында Аллах кечиримдүү, ырайымдуу.» (Нахл Сүрөсү, 114-115)
Бул аяттын аягында Аллахтын кечиримдүү жана ырайымдуу экендигинин эске салынышы да момундарга бейпилдик берген жана аларга сүйүнчү айткан бир аят. Себеби адам алсыз жаратылган. Ката кылышы мүмкүн, унутушу мүмкүн, алаксып калышы мүмкүн, өзүн кармана албай калышы мүмкүн. Бирок Аллах аны чын ыкластан тообо кылса, кечирет жана коргойт.
5 убакыт намаз кылуу – Мусулман өмүр бою, калтырбастан кыла турган, Аллах койгон убакыттарда парз болгон бир ибадат. Ибадаттарын аткарбаган адамдар намаз кылууну да көбүнчө улгайган куракка калтырышат. Чынында болсо намаз да – бардык башка ибадаттар сыяктуу абдан оңой аткарыла турган бир ибадат.
Бир нерсени айта кетүү керек, Аллах бир адам үчүн эмнени парз кылган болсо, ал адам кулчулук вазыйпасы (милдети) катары аны кылууга милдеттүү. Бул үчүн болсо Аллахтын ыраазычылыгына, ырайымына жана бейишине жетүүнү үмүт кыла алат. Аллахтын адамдарга парз кылган ибадаттарда жеңилдик кылышы болсо – Аллахтын мээриминин жана боорукердигинин бир көрсөткүчү. Ошого карабастан, Аллахтын буйруктарына баш ийбегендердин болсо акыретте «күчүм жетпеди» же «оор болду», «ошол үчүн кыла албадым» деген сыяктуу эч кандай шылтоолору калбайт. (Аллах Куранда билдирген жана бир жоопкерчилик жүктөбөгөн адамдар мындан тышкары). Мисалы, даарат алуу абдан оңой кылынган. Ал тургай, эгер бир адам даарат алуу үчүн суу таба албаган учурда Аллах «таяммум кылууну» жол катары көрсөткөн жана таяммумду ар кандай шартта аткаруу абдан оңой. Аллах суу таба албагандардын кандайча таяммум кылышаарын бир аятында мындайча билдирет:
«...Эгер жүнүб (булганган) болсоңор жуунгула; эгер оорулуу же сапарда болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялдарыңарды сылап-сыйпаласаңар жана (даарат же гусул үчүн) суу таппай калсаңар, анда таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп), аны менен (акырын) бетиңерди жана колуңарды сүрткүлө. Аллах силерге машакат жаратууну каалабайт, бирок силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нематтарын толук берүүнү каалайт.» (Маида Сүрөсү, 6)
Аллах аятында да билдиргендей, Аллах адамдарга кыйынчылык чыгарууну каалабайт. Куранда билдирилген бүт нерселерде Аллах адамдар үчүн жеңилдиктер берген. Аллах адамдарга буйрук кылган ибадаттар ыйман келтиргендер үчүн абдан жеңил. Аллах чексиз мээрими жана ырайымы менен адамдар үчүн эң жеңил жана эң сонун ибадаттарды жана жашоо калыбын билдирген жана буга баш ийгендерди болсо Өзүнүн ыраазычылыгы, ырайымы жана бейиши менен сүйүнчүлөгөн.
Куранда белгилүү бир убактар үчүн билдирилген жеңилдиктер да бар. Мисалы, Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) доорунда каапыр коом менен куралчан согушка кирген момундардын ошол учурларда ибадаттарын аткаруулары үчүн Аллах бир жеңилдик көрсөткөн. Согуш учурунда момундардын намазды зарыл убактарда кыскарта алышаарын мындайча билдирген:
Жер бетинде кадам басканыңарда (сапарга же согушка чыкканыңарда), каапырлардын силерге бир жамандык кылышынан корксоңор, намазды кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок. Шексиз каапырлар силерге анык душман. (Ниса Сүрөсү, 101)
Бул аяттан да байкалгандай, Аллахтын ар бир өкүмү жана ар бир буйругу бүт момундар үчүн өз-өзүнчө хикмат жана жакшылыктарга толо. Аллах кулдары үчүн кыйынчылык каалабайт. Аллах – момундардын чыныгы досу жана жалгыз өкүлү.
Аллах Мусулмандарга Рамазан айында орозо кармоолорун буйрук кылган. Бирок Аллах аяттары аркылуу өзгөчө абалдарды, т.а. ооруп калуу, жолоочулук абалдарын да түшүндүрүп, адамдар үчүн кыйынчылык каалабаганын, жеңилдик каалаганын дагы бир жолу билдирген:
«Рамазан айы... Адамдар үчүн хидаят болгон жана туура жолду жана (акыйкат менен жалганды бир-биринен) бөлгөн апачык далилдерди (камтыган) Куран ошол айда түшүрүлгөн. Демек ким бул айга күбө болсо (жашаса) анда аны (орозо) кармасын. Ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрү тутпаган күндөрүн толуктасын (тутсун). Аллах силерге жеңилдик каалайт, оордук каалабайт. (Мындай жеңилдик) санды толукташыңар (толук тутушуңар) жана силерди туура жолго (хидаятка) жеткиргени үчүн Аллахты улукташыңар үчүн. Шүгүр кылаарсыңар. (Бакара Сүрөсү, 185)
Аллахтын өкүмдөрү менен байланыштуу аяттарында адамдар үчүн жеңилдик каалаганын билдириши диндин жеңилдигин ойлонуп, түшүнүү керек экенин да көрсөтөт. Кыйналам деп ойлоп, ибадаттарын аткаруудан качынгандар чоң жаңылыштык ичинде жана динди туура эмес түшүнүшүүдө.
Аллахтын мээримдүүлүгүнүн дагы бир көрсөткүчү катары күчү жетпегендерге башка адамдарга жүктөлгөн милдеттер жүктөлгөн эмес. Аллах муну бир аятында мындайча билдирет:
Сокурга кыйынчылык (жоопкерчилик) жок, чолокко да кыйынчылык жок, оорулууга да кыйынчылык жок. Ким Аллахка жана Элчисине моюн сунса, (Аллах) аны астынан суулар аккан бейиштерге киргизет. Ал эми ким жүз бурса, аны оор бир азап менен азаптандырат. (Фетих Сүрөсү, 17)
Аллах майып адамдардын ибадат милдеттерин алып койуу менен мээримин жана чексиз боорукердигинин дагы бир далилин адамдарга көрсөтүүдө. Бир аятта Аллахтын адамдарга кыйынчылык чыгарбагандыгы жана мунун Анын боорукердигинин жана мээриминин бир көрсөткүчү экендиги мындайча билдирилүүдө:
...Эгер Аллах каалаганда, силерге кыйынчылык чыгармак. Шексиз, Аллах күчтүү жана улуу, өкүм жана хикмат ээси. (Бакара Сүрөсү, 220)
Ант ичүү – көбүнчө адамдар арасында көнүмүш адат катары кеңири жайылган бир кыймыл-аракет. Өзгөчө бирөөгө сөз берип жатканда, бир адам көнүмүш адат боюнча ант ичиши мүмкүн. Антка бекем туруу, берилген сөздү аткаруу болсо – Аллах Куранда буйрук кылган бир момун өзгөчөлүгү. Бирок адам унутчаак, кээде кыла турган бир ишин же берген сөзүн унутуп калышы мүмкүн. Бул – толук кадыресе, адамдын алсыздыгынан келип чыккан бир катачылык. Мына ушундай учурда Аллах, байкабастан, көнүмүш адат менен, жакшылап көңүл койбостон айтылган анттардан адамдарды жоопкерчиликтүү тутпастан, момундардын мойнунан мындай жоопкерчиликти алган. Берилген анттарга болгон бекемдик акыретте суралат, бирок Аллах Куранда өзгөчө абал деп билдиргендер – бул байкабастан жана максатсыз айтылган анттар. Аллах бир аятында муну мындайча билдирет:
Аллах силерди антыңардагы «байкабастан айткандарыңар, бош, максатсыз сөздөрүңөрдөн» улам жоопкер кылбайт; бирок жүрөгүңөр менен айткандарыңардан сурайт (суракка алат). Аллах кечиримдүү, (пейили) жумшак. (Бакара Сүрөсү, 225)
Аллах ант жөнүндө дагы бир жеңилдик берген. Бир максатта, билип туруп Аллах атынан ант берип, кийин бул антын бузгусу келгендер үчүн Аллах бир жеңилдик жолун көрсөткөн. Бул – анттардын кафарат менен жоюлушу:
Аллах антыңардын (кафарат менен) бузулушун силерге парз (же шариятка ылайык) кылды... (Тахрим Сүрөсү, 2)
...бирок жүрөгүңөргө түйгөн сөзүңөрдөн (антыңардан) силерди жоопкерчиликтүү кылат. Анын (анттын) кафараты (төлөмү) үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойгузуу же аларды кийинтүү же бир кулду азат кылуу. (Буларга мүмкүнчүлүгү) Жетпеген (үчүн) үч күн орозо кармоо (бар). Бул берген антыңарды (бузганыңарда) антыңардын төлөмү. Антыңарда тургула. Шүгүр кылуучу болушуңар үчүн Аллах силерге аяттарын ушинтип баян кылат. (Маида Сүрөсү, 89)
Аяттардан көрүнүп тургандай, Аллах эки абалда тең адамдардын динге ылайык кыймыл-аракет кылуулары үчүн жеңилдик көрсөтүүдө. Сонун жана туура кадам – бул, албетте, антты аткаруу. Бирок бир адам берген сөзүн унутуп калышы мүмкүн же сөз берген убактагы шарттар өзгөрүп кетиши мүмкүн жана ал адам сөзүн аткара албай турган бир абалга түшүшү мүмкүн. Аллах адамдарга жеңилдик каалап, анттарга кафарат кылуу керек болгон абалдарды билдирип, ар бир адам үчүн бир жол көрсөткөн. Ошондой эле, антты бузууда кафарат сыяктуу бир шарттын буйрук кылынышы – адамдын абийиринин үнүн угушу үчүн да бир жеңилдик. Антын бузган адам кафарат төлөшү керек болгондуктан, «антымды чындап бузушум керекпи же болбосо сөзүмдү дагы деле болсо аткара аламбы» деп дагы бир жолу ойлонот, жана мунун натыйжасында абийирге эң ылайыктуу болгон жана эң туура чечимди алат.
Аллах динин абдан жеңил кылган. Ислам дини – дайыма жана бүт темада жеңилдиктердин дини. Адам чын ыкластан динчил болууну (дин менен жашоону), Раббибиздин немат-жакшылыктарына шүгүр келтирген бир кул болууну ниет кылганда, дин ахлагын жашоодо эч кандай кыйынчылыкка кабылбайт.