Дин ахлагынан алыс жашаган адамдар өмүр бою өздөрүнө ар кандай максаттарды коюшат. Бул максаттардын орток өзгөчөлүгү – бул көбүнчө алардын бул дүйнө жашоосуна байланыштуу болушу. Мисалы, адис бир доктор, ийгиликтүү бир инженер, жакшы ата, көп акча тапкан бир ишкер же дүйнөлүк деңгээлде атактуу бир искусство адамы болуу жана ушул сыяктуу максаттар көп адамдардын эң чоң идеалдарынан болуп саналат. Булардан башка дагы көптөгөн тармакта адамдар ийгилик, бактылуулук жана бейпил бир жашоого жете алуу үчүн аракет кылышат, кээде мал-жанын сарпташат жана өз ойлорунда «бир жерлерге келүүгө» аракет кылышат. Бирок бүт бул нерселерге чөмүлгөндө, бул дүйнөгө жаралышынын чыныгы максатын унутушат же билмексен болушат.
Чындыгында болсо, ар бир адам жашоосун жана бир күн келип сөзсүз өлөөрүн ойлонуп, өзүнө кээ бир суроолорду узатышы зарыл. «Мен бул дүйнөдө эмне үчүн жашап жатам?», «Жаралышымдын максаты эмне?» «(Мисалы) Балким жакшы бир архитектор болуп, көп сандагы имараттардын планын жасадым, байыдым, мал-мүлккө ээ болдум, бир наамга ээ болдум, атак-даңкка жеттим, бирок булардын баары мага эмне алып келди? Мен өлгөндөн кийин булардын кайсынысынын бир мааниси болот? Бул дүйнөдө калтыргандарымдын мага акыретте кандай пайдасы болот? Өмүрүм ушул дүйнөдө эле бүтөбү?» Мына ушундай суроолор ар бир адамдын ага өлүм келбестен мурун өзүнө узатышы керек болгон суроолордун кээ бирлери.
Бул жерде бир нерсени айта кетүү керек; адамдар, албетте, кесип ээлери болушат, ал тургай өз кесибинде абдан ийгиликтүү болууну тилек кылышат жана бул үчүн аракет кылышат. Бирок булардын баарынын адамдын чыныгы, негизги максаты үчүн бир курал, инструмент экендигин унутпоо да абдан маанилүү. Бирок, чындыкта болсо, адамдардын көпчүлүгү жашоолорунун чыныгы максатын унутушат же көрмөксөн болушат жана бүт өмүрүн түпкүрүндө инструмент, курал гана болгон мындай утурумдук нерселерге арнашат.
Чынында болсо ар бир адам, бир саамга эле ойлонсо, жете ала турган абдан маанилүү бир чындык бар: Аллах дүйнөнү да адамдарды да бир хикмат (терең максат) менен жараткан. Адамдардын жаратылуу максаты – Куранда билдирилгендей, бир гана Аллахка кулчулук кылуу. Дүйнөнүн жаратылуу максаты болсо – бул адамдардын акыреттеги абалынын аныкталышы үчүн бир сыноо мекени болушу. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирет:
Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)
Аллах адамдарга бул дүйнөнүн убактылуу экенин жана түбөлүк жашай турган чыныгы мекендин акырет экенин түшүнүүлөрү үчүн абдан көп далил берген.
Мисалы, дүйнө жүзүндө жүздөгөн ар түрдүү оорулардын болушу, микроскопиялык бир вирустун өзүнөн миллиондогон эсе чоң бир адамдын денесине өлүмгө да алып бара тургандай таасир этиши, адамдын дайыма тазаланууга, тамак жегенге, эс алганга жана уйкуга муктаж болушу, адам өмүрүнүн орточо 60-70 жыл сыяктуу абдан кыска болушу, убакыттын адамды абдан картайтып, «эскиртүүчү» бир таасирде болушу, бүт адамдардын аягында сөзсүз өлүшү, өмүр бою жыйнаган мал-мүлк, атак-даңк, сүйгөндөрүнүн артта калышы, адамдын денесинин топурак ичинде чирүү процессине кириши сыяктуу көптөгөн себептер – адамдардын дүйнө жашоосунун утурумдук жана кемчиликтерге толо, адамдын рухун эч ыраазы кыла албай турган бир мекен экенин түшүнүүлөрү үчүн жетиштүү, негизи. Булардын баары адамдарды дүйнөгө байлануудан тосо турган абдан маанилүү чындыктар. Аллах Куранда дүйнөнүн «жөн эле» бир мекен катары жаратылпаганын, белгилүү бир хикмат, максат менен жаратылганын мындайча билдирет:
Биз асманды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды бир оюн жана алаксуу болсун деп жаратпадык. Эгер бир оюн жана алаксуу кылгыбыз келгенде, муну Өз Кабатыбыздан кылаар элек. Кыла турган болсок, ошондой кылмакпыз. (Анбия Сүрөсү, 16-17)
Адам бир саамга ойлонгондо, бул дүйнөнүн түбөлүк жашала турган бир мекен эмес экенин, болгону бир сыноо мекени экендигин, бул жашоонун акыркы аялдама эмес, тескерисинче кыска мөөнөттүү бир токтоочу мекен экенин, бул утурумдук мекенде жашаган ар бир көз ирмеминен суракка алынаарын, эң негизгиси аны жоктон бар кылып жараткан Раббибиздин алдында жоопкерчиликтүү экендигин оңой гана түшүнө алат.
Муну түшүнгөн адам дагы бир баскыч алга кадам жасап, төмөнкүнү ойлонушу керек: Аллах бул дүйнөдө адамдарды ар түрдүү окуялар менен, жамандык жана жакшылыктар менен сыноодо. Күн бою адам башынан өткөргөн окуялардын баары чындыгында өлүмдөн кийинки түбөлүк жашоодо жашай турган мекенин аныктаган сыноолордон турат. Жана Аллах ар бир адамга бул сыноодо бир жеңилдик кылган жана ага жолун, т.а. эмне кылышы керек экенин көрсөткөнүн билдирген:
Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот, же болбосо нашүгүр (шүгүр кылбагандардан болот). (Инсан Сүрөсү, 2-3)
Аяттарда билдирилгендей, Аллах бүт адамдардын жашоолорунда сөзсүз алар үчүн туура жолду көрсөткөн, жана дин жана сонун ахлак жөнүндө маалыматка ээ болууларын камсыз кылган. Ар бир адам бул дүйнөнүн утурумдук бир мекен экенин жана акырети үчүн бул өмүрүн Аллахты ыраазы кыла тургандай жашашы керек экенин бир себеп аркылуу үйрөнөт. Кыскача айтканда, бул дүйнө жашоосу – бул адамдар кабарсыз болгон же ийгиликке жетүү үчүн эмне кылышы керек экенин билбеген бир сыноо эмес. Аллах ар бир доордо жөнөткөн элчилери (пайгамбарлары), мурда жөнөткөн китептери жана ар бир адамда жараткан абийир аркылуу адамдарга туура жолду көрсөтөт жана аларды туура эмес жолдон тосот. Аллахка ыйман келтирген, Ага толук баш ийген, бир гана Аллахты өзүнө дос жана өкүл туткан, ар бир окуяда Аллахка кайрылып, Ага тобокел кылган момундар үчүн Аллах жараткан ар бир сыноо абдан оңой жана көңүлдүү. Ыймандын сырын билгендер, Аллахка чындап ыйман келтиргендер үчүн бул дүйнө жашоосунун эч бир көз ирмеминде кыйынчылык, азап, кайгы, оордук жок. Ар бир окуя Аллахка жакындоо жана бейишти андан да көбүрөөк үмүт кылуу үчүн бир немат-жакшылыкка айланат.
Чыныгы ыймандын шарттарынын бири – бул Аллахты абдан жакшы таануу жана билүү. Бир адам Аллахты канчалык жакшы тааныса, Аллахтын күч-кудуретин канчалык жакшы билсе, Аллах коркуусу (такыбалыгы) жана Аллахка жакындыгы да ошончолук күчтүү болот. Мисалы, Аллахтын кечиримдүү экенин билген бир адам эч качан ката жана кемчиликтеринен улам үмүтсүздүккө же пессимисттике түшпөйт. Аллахтын ырыскы берүүчү экендигин билген бир адам акча табууда ач көздүк кылбайт. Аллахтын ырыскы берүүчү экендигин билет; иштейт, аракет кылат, бирок ырыскы өлчөмүн Аллахтын аныктаганын жана өзүнүн аны өзгөртө албашын билип, буга баш ийип, көңүлү тынч болот. Ошондуктан, Аллахты билген жана тааныган бир адам үчүн дүйнө жашоосу абдан көп жеңилдик жана немат-жакшылыктарга толо; ал адам дайыма Аллахтын бир көрүнүшүн жана жаратуусундагы бир кооздукту көрүү менен жашайт. Кыскача айтканда, Аллахка өзүн тапшырган ыкластуу Мусулмандар үчүн Аллах жараткан сыноо абдан оңой жана көңүлдүү, кызыктуу.
Аллахтын чексиз боорукердиги жана мээрими адамдар үчүн абдан чоң бир жакшылык. Себеби адам – капылетке түшүшү (алаксып калышы) мүмкүн болгон, унутчаак, жаңылышы, ката кетириши мүмкүн болгон бир жандык. Аллах чексиз мээрими менен адамдарга дайыма каталары үчүн Аллахтын кечиришин суроо жана тообо кылуу мүмкүнчүлүгүн берген. Аллахтын азабына кабылуу коркуусу менен күнөөлөрүнүн кечирилишин ыкластуу, чын жүрөктөн каалаган ар бир адам Аллахтын аны кечиришин үмүт кыла алат. Себеби Куранда билдирилгендей, «Аллах тооболорду кабыл кылгысы келет» (Ниса Сүрөсү, 27). Аллах бир аятында кечиримдүү экенин мындайча билдирет:
Ким бир жамандык кылып же напсисине зулумдук кылып, анан Аллахтын кечиришин суранса, Аллахтын кечиримдүү жана ырайымдуу экенин көрөт. (Ниса Сүрөсү, 110)
Аллах кечиримдүүлүгү менен адамдарга жашоолору боюнча тынымсыз жаңы мүмкүнчүлүктөр берет. Адамдын милдети – бул кайра кылбай турган болуп катасынан кайтуу жана өлүм келээрден мурда абийиринин үнүн угуп, тообо кылуу. Аллах бир гана ыклассыз адамдардын тооболорунун кабыл алынбашын бир аятында мындайча билдирет:
Ал эми күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм келгенде гана «мен эми тообо кылдым» дей турган адамдардын жана каапыр бойдон өлгөндөрдүн тооболору кабыл кылынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз. (Ниса Сүрөсү, 18)
Аллахтын адамдардын күнөөлөрүн кечирүүчү болушу, жазаларын кечиктириши жана аларга жашоолору боюнча дайыма жаңы дагы бир мүмкүнчүлүк бериши – бул Анын адамдарга абдан чоң берешендиги, ырайымы жана мээриминин бир көрүнүшү. Эгер адамдар күнөөлөрү үчүн ошол замат суракка алынып, жазаландырылган болгондо, Аллах билдиргендей жер жүзүндө бир да тирүү жандык калмак эмес:
Эгер Аллах адамдарды зулумдуктары үчүн (ошол замат) суракка тарткан болгондо, анын бетинде (жер жүзүндө) жандуулардан эчтеке калбайт эле; бирок аларды белгиленип коюлган бир мөөнөткө чейин кечиктирүүдө. Алардын ажалдары жеткенде, бир саат кечиктирилбейт да, эртерээкке да жылдырылбайт. (Нахл Сүрөсү, 61)
Ошондуктан, адамдар каталары же күнөөлөрү кандай гана болбосун, эч качан Аллах ыраазы боло тургандай бир кул боло алуу үчүн кеч калган болбойт. Адам жашоосу боюнча канчалык ката кетирген болбосун, динден канчалык алыс жашаган болбосун, ыкластуу, чын жүрөктөн тообо кылып, ыкластуу бир кул болгон болсо, өтмүштө кылган каталарын ойлонбой эле койсо болот. Мурда кылгандары – адамдар үчүн болгону сабак алуу, ошол эле каталарды кайра кылбоо, ошол сыяктууларды кайра жасабоо үчүн сабак алышы керек болгон эскерүүлөр гана. Аллах, эскертүү келип, туура жолду тапкан соң, ыкластуу пенделерин мурда кылгандарынан жоопкерчиликтүү кылбашын Куранда кабар берген:
...Аллах өтмүштө (кылгандарын) кечирди. Бирок ким кайталаса, Аллах андан өч алат. Аллах улук жана күчтүү, өч алуучу. (Маида Сүрөсү, 95)
Ал каапырларга айткын: «Эгер жолдорунан кайтышса өтмүштө (кылган) нерселери кечирилет. Бирок кайра (эски жолуна, көнөөлөргө) кайтышса, мурдакы (коомдорго келген) сүннөт (т.а. азап) сөзсүз (алардын башына да) келет. (Анфал Сүрөсү, 38)
Эч шексиз, бул – Аллах динде адамдарга тартуулаган абдан чоң бир жеңилдик.
Дин ахлагынан алыс коомдордо Аллахка дуба кылуу ар кандай батыл (жалган) ишеним жана ойдон чыгарылган кошумчалар менен оордоштурулган. Адамдар дайыма Аллахка кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар экенине карабастан, дуба үчүн убакыттар белгилеп алышкан же ортого ортомчуларды коюп алышкан. Аллах мындай батыл ишенимдерге карата адамдарга мындайча эскертүү берет:
Кабарың болсун; калыс (кошумчасыз) дин бир гана Аллахтын (дини). Андан башка достор туткандар (мындай дешет:) «Биз буларга бизди Аллахка көбүрөөк жакындаштырсын деп ибадат кылып жатабыз.» Албетте, Аллах алар талашкан нерселер жөнүндө араларында өкүм берет. Чындыгында Аллах жалганчы, каапыр адамды хидаятка (туура жолго) баштабайт. (Зүмер Сүрөсү, 3)
Аллахка дуба кылуу үчүн ар кандай ортомчулар керек деп айткан адамдар чындыгында динди оор көрсөтүп адамдарды жолдон адаштырышууда. Себеби, «Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктар берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз.» (Каф Сүрөсү, 16) аяты аркылуу билдирилгендей, адамга эң жакын болгон – бул дайыма Аллах. Б.а. адам ар дайым каалаган убагында Аллахка кайрыла алат, каалаганда Раббибизге үнүн угуза алат, дуба кылып жардам сурай алат.
Дуба кылуу үчүн атайын убакыттарды күтүшү да керек эмес. Дайыма, ар качан Аллахка дуба кыла алат. Антпесе, адам өз башынча эрежелер чыгарып алган болот. Адам бир жерден бир жерге баратканда, тепкичтен түшүп баратканда, соода-сатык кылып жатканда, тамак жасап жатканда, телевизор көрүп жатканда, лифтте баратканда, бир жерде күтүп турганда, кечинде жатканда, эрте менен турганда, тамак жеп жатканда, унаа айдап баратканда, кыскача айтканда, ар кандай жерде жана дайыма Аллахка дуба кылып, Аллахтан каалагандарын билдире алат. Бул үчүн оюнан өткөрүп коюшу да жетиштүү, себеби Аллах – адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө сактагандарын да билүүчү, баарынан кабардар.
Ошону менен бирге, Аллахка дуба кылган ар бир адам Аллахтын дубаларга сөзсүз жооп берүүчү экендигин билиши зарыл. Аллах муктаж адамдардын дайыма Ага кайрылганда, иштерин жеңилдештирээрин төмөнкү аяты аркылуу билдирет:
Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орун басар кылат? (Аллахпы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) башка «кудайбы»? Канчалык аз ойлоносуңар. (Намл Сүрөсү, 62)
Аллах пенделерине берген мындай чексиз мүмкүнчүлүк – бул, албетте, Анын чексиз мээриминин бир көрүнүшү. Аллах Куранда адамдарга жакын экенин, Ага багытталгандардын Досу болоорун жана дуба кылгандын дубасына сөзсүз жооп берээрин көптөгөн аяттары аркылуу билдирүүдө. Бул аяттардын бири төмөнкүдөй:
Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)
Момундар Аллахтын мындай мээрими жана жакшылыгы жөнүндө дагы бир жолу ойлонуп, Аллахтын ыраазычылыгына эң ылайыктуу жашашы зарыл. Себеби Аллах адамдарга берген мындай жеңилдик ушунчалык улуу жана чексиз бир мүмкүнчүлүк, ойлоп көрүңүз, бүт нерсенин, ааламдардын Ээси, Өкүмдары болгон жалгыз күч-кудуретке ээ Зат болгон Аллах адамдарга каалаган бүт нерсеңерге жооп берем деп убада кылууда. Жана Аллах эч качан убадасынан кайтпайт.
Бир адам жашоосунда кабылган окуялар ошол учурда ага канчалык кыйын көрүнсө да, чындыгында окуялардын баары ал адам сабыр кыла ала тургандай күчтө болот. Адамды жараткан жана ага рух берген – бул Аллах. Ар бир адамдын эмнеге, канчалык чыдай алаарын, канчалык жүктү жана кыйынчылыкты көтөрө алаарын да эң жакшы Аллах билет.
Аллах эч кимге көтөрө алгандан ашыкча жүктөлбөсүн жана эч кимдин адилетсиздикке кабылбашын көптөгөн аяттары аркылуу билдирген:
Аллах эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйт. (Адамдын напсисинин) Пайдасы да өз иши, зыяны да өз иши... (Бакара Сүрөсү, 286)
Ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылгандар бейиштин калкы. Биз эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйбүз. Ал жерде (бейиште) түбөлүк калышат. (Араф Сүрөсү, 42)
Эч шексиз, ар бир адамдын сабыр кыла ала турган, тобокел кыла ала турган окуялары бирдей болбошу мүмкүн. Көп адамдар ар кандай окуялар менен сыналышат. Бирок баары бир Аллах ар бир адам үчүн күчү жеткен деңгээлде бир сыноо кылат. Мисалы, кээ бир адам дүйнөдө кедей абалда жашайт жана жокчулук ичинде канчалык сабыр кылаары сыналат. Кээде болсо байлык жана бардарчылык ичинде жашайт жана мындай жашоо ичинде канчалык шүгүр кылуучу, канчалык сонун ахлактуу экендиги менен сыналат, дүйнө жашоосуна ачкөздүк менен байланып байланбашы сыналат. Бирок, кандай гана болбосун, бай да, абдан жакыр жашап жаткан да өздөрү үчүн эң жакшы (эң кайырдуу) жашоону жашап жаткандыр. Жакыр адам канчалык кыйналса да, бул ал чыдай албай турган бир кыйынчылык эмес. Ошол сыяктуу, бай адам да канчалык бай болсо да, бул аны көөп, нашүгүр бир адам болушуна мажбурлай албайт. Бул адамдардын Аллахка болгон жакындыгы, сурак күнүнөн болгон коркуусу алардын Куран ахлагын жашаган, диндин буйруктарын аткарган адамдар болушун камсыз кылат. Мындай адамдар кабылган ар бир окуясында дайыма Аллахка багытталышып, Андан жардам сурап, бир гана Раббибиздин ыраазычылыгын максат кылышат. Мындай адамдар эч качан кыйынчылыктардан жалтанышпайт, сыналган окуялары канчалык оор болсо да динден алысташпайт. Мындай Аллахка таянып ишенген адамдар үчүн Аллах чексиз боорукердиги жана мээриминин бир көрсөткүчү катары ар бир окуяны, эң оор көрүнгөнүн да жеңилдештирет. «Ким ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылса, ал үчүн сонун сыйлык бар. Ага буйругубуздан жеңилин айтабыз.» (Кехф Сүрөсү, 88) аятында да бул билдирилген. Аллах бул чындыкты башка аяттарында мындайча кабар берген:
Бирок ким (кайыр-садака) берсе жана коркуп-сактанса, жана эң сонун нерсени тастыктаса, Биз ага жакшылыкты жеңил кылабыз. (Лайл Сүрөсү, 5-7)
Аллахка таянып ишенбегендерге болсо оңой окуялар да оор сезилет. Аллах мындай адамдардын нашүгүрдүгүнө, динден баш тартышына, Куран ахлагынан алысташына жооп катары аларга дүйнө жашоосунда дайыма кыйынчылык берет:
Ал эми ким сараңдык кылса жана өзүн жетиштүү көрсө (сооп керек эмес десе), жана эң сонунду (ыйманды) жалган десе, Биз ага эң оорду (азапка кабылышын) жеңил кылабыз. (Тозокко) Оңкосунан сайылган убакта мал-мүлкү ага эч кандай пайда бербейт. Албетте, Биздин ишибиз жол көрсөтүү. (Лайл Сүрөсү, 8-12)
Аллах дүйнө жашоосунда адамдарды сынап жатканда, чексиз мээриминин бир натыйжасы катары ар бир кыйынчылык менен бирге сөзсүз бир жеңилдик жаратаарын да сүйүнчүлөгөн. Аллах аяттарында бул сүйүнүчтүү кабарды мындайча билдирет:
Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 5-6)
Куранда пайгамбарлардын жана ыкластуу момундардын жашоолорун караганыбызда, алар кабылган кыйын сыяктуу көрүнгөн ар кандай абалда Аллахтын сөзсүз бир жеңилдик жаратканы көңүлүбүздү бурат. Аллах «Фаттах» сыпаты менен ар кандай кыйынчылыктарда жол ачуучу, жеңилдештирүүчү.
Куранда Аллах жолунда аракет кылып жатышканда кабылган начар мамиле жана кол салуулар себебинен жашаган жерин таштап көчүүгө мажбур болгон, б.а. хижрат кылган момундар мисал берилет. Бул адамдар бардык иштерин, үйлөрүн, бакчаларын, мал-мүлкүн таштап, эч билбеген жерлерге, эч тааныбаган адамдардын жанына көчүүгө мажбур болушкан. Бул сырттан караганда оор бир абал. Бирок Аллах Ниса Сүрөсүндө хижрат кылган момундардын абалын жеңилдештиргенин жана аларга немат-жакшылыктар бергенин мындайча билдирет:
Аллах жолунда хижрат кылган жер жүзүндө жашай турган көп мекен да табат, береке (жана бардарчылык) да. Аллахка жана Элчисине хижрат кылуу үчүн үйүнөн чыккан, кийин ага өлүм келген адамдын сооп-сыйлыгын, шексиз, Аллах берет. Аллах кечиримдүү, мээримдүү. (Ниса Сүрөсү, 100)
Аллах бул убадасын Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жашаган момундарга апачык көрсөткөн. Дүнүйөлүк баалуулуктарга маани бербеген сахабалар Аллах жолунда өз мал-мүлктөрүнөн эч аябастан, ар кандай кыйынчылыктарга ыраазы болушкандыктан, Аллах мындай сонун ахлактарына сыйлык катары аларга эң сонун ырыскыларды берген жана жашаткан. Алардын бүт иштерин башка адамдарга караганда жеңилдештирген. Сахабалар жашаган мындай жеңилдик жана Аллахтын ырайым, мээримин Аллах бир аятында төмөнкүдөй кабар берет:
Эстегиле; силердин саныңар аз эле жана жер жүзүндө алсыз болуп калган элеңер, адамдардын силерди тутуп-кармап алышынан коркуп жүргөн элеңер. Ал (Аллах) силерди жайгаштырган эле, силерди жардамы менен колдоду жана шүгүр кылышыңар үчүн силерге таза нерселерден ырыскылар берди. (Энфал Сүрөсү, 26)
Башка пайгамбарлардын жашоолорундагы көптөгөн мисалдар да Аллах момундарга берген жеңилдиктердин апачык көрсөткүчтөрү.
Мисалы, Аз. Йусуфтун жашоосундагы көп окуяда Аллах мээрими менен берген мындай жеңилдик көрүнүүдө. Аз. Йусуф андан кызганган бир туугандары тарабынан кудукка ташталгандан кийин кудуктун жанынан өтүп бараткан бир кербен тарабынан табылган. Аз. Йусуфту кудуктан куткарган адамдар аны кул катары бир вазирге сатышкан. Бир топ убактан кийин Аз. Йусуф эч кандай кылмышы болбогонуна карабастан, ага жабылган жалаалар себебинен түрмөгө (зынданга) камалган. Аз. Йусуфтун жашоосундагы мындай окуялар бир караганда абдан оордой көрүнүшү мүмкүн. Бирок Аллах Аз. Йусуф көрсөткөн сонун ахлагы жана тобокелдүүлүгү үчүн ага дүйнөдө да сыйлыктар берүү аркылуу, кыйынчылыктар менен бирге сөзсүз жеңилдиктер кылаарын көрсөткөн. Аз. Йусуф башына келген көптөгөн терс, жамандык сыяктуу көрүнгөн окуялар себебинен казынанын башчылыгына дайындалып, маанилүү бир башкарма болгон.
Аллах Аз. Мусанын жашоосунда да кыйынчылыктар менен бирге жеңилдиктер кылуу менен момундарды колдогон. Аз. Муса адамзат тарыхында жашаган эң чектен чыгып, көпкөн адамдардын бири фараон менен болгон күрөшүндө да Аллахтын жардамы жана колдоосу менен жеңишке жетишкен. Аллах ага бир тууганы Харунду бир жардамчы кылып бериши үчүн дуба кылган Аз. Мусанын дубасына жооп берген. Мындан тышкары, Аллах Аз. Мусаны кереметтүү кээ бир окуялар менен да колдоп, анын фараондун сыйкырчыларын жеңишин камсыз кылган. Аз. Муса да эң оор шарттарда да Аллахтын жардамынын ыйман келтиргендер менен бирге экендигин унуткан эмес. Бир тараптан фараондун аскерлери кууп келатканда, экинчи тараптан деңизге туш келген Аз. Муса жанындагы момундарга Аллахтын жардамынын дайыма жанында экенин айткан жана Аллахтын сөзсүз бир чыгуу жолун көрсөтөөрүн эстеткен:
(Муса:) «Жок» деди. «Шексиз, Раббим мени менен бирге; мага жол көрсөтөт.» Анан (Биз) Мусага: «Асаң менен деңизди ур» деп вахий кылдык. (Урду жана) Деңиз ошол замат экиге бөлүндү да ар бир бөлүгү чоң бир тоодой болду. Беркилерди да ал жерге жакындаттык. Мусаны жана анын жанындагыларды куткардык. Кийин беркилерди сууда чөктүрдүк. (Шуара Сүрөсү, 62-66)
Пайгамбарлардын жашоосунан дагы бир мисал болсо – бул Аз. Мухаммеддин (сав) артынан мушриктер кууп баратканда, бир үңкүргө жашырынганда жанында бир момундун болушу. Пайгамбар Мырзабыз Аз. Мухаммеддин Аллахка шерик кошкондордон келген кооптуу абалда турганда, жанында жардамчы бир момундун болушу – бул Аллах ага тартуулаган жеңилдиктердин бирөөсү:
Силер Ага (пайгамбарга) жардам бербесеңер, Аллах Ага жардам берген. Каапырлар экөөнүн бири абалда Аны (Меккеден) чыгарышкан эле; экөөсү үңкүрдө турушканда курдашына мындай деген эле: «Кайгырба, албетте Аллах биз менен бирге.» Ушундайча Аллах Ага «бейпилдик жана ишеним сезимин» түшүргөн эле, Аны силер көрбөгөн ордолор (аскерлер) менен колдоп, каапырлардын сөзүн (каапырчылыкка чакырыктарын) төмөн кылган эле. Чындыгында Аллахтын сөзү – Улук. Аллах улуу жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Тообо Сүрөсү, 40)
Чынында адам хикмат көзү менен караганда, жашоосунун ар бир көз ирмеминде Аллах ал үчүн жараткан жеңилдиктерди көрө алат. Бирок бул чындыкты көрө алган адамдар – бул Аллахтан коркуп сактанган, Аллахка тобокел кылган, ар кандай кыйынчылыкка кабылганда, анын тагдырында экенин билип, жалгыз дос жана велисинин Аллах экенине ыйман келтиргендер. Аллах аяттарында мындай кулдарына күтпөгөн жерлерден ырыскы берип, алардын ишин жеңилдетээрин билдирет:
...Муну менен Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылгандарга кеңеш-сабак берилет. Ким Аллахтан коркуп-сактанса, (Аллах) ага бир чыгуу жолун көрсөтөт; жана ага күтпөгөн бир тараптан ырыскы берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал ага жетиштүү. Албетте Аллах Өз буйругун аткарып-ишке ашыруучу. Аллах бүт нерсе үчүн бир өлчөө кылган. (Талак Сүрөсү, 2-3)
Кеңири мүмкүнчүлүктөрү болгон, нафаканы кеңири мүмкүнчүлүгүнө жараша берсин. Ырыскысы чектүү да, Аллах ага бергенине ылайык берсин. Аллах эч бир жанга ага бергенден ашыкча жоопкерчилик жүктөбөйт. Аллах бир кыйынчылыктын артынан бир жеңилдик берет. (Талак Сүрөсү, 7)
Аллах аяттарында да билдиргендей, Аллах койгон өкүмдөрүнө чын жүрөктөн (ыкластан) баш ийгендер үчүн сөзсүз бир жеңилдик жаратат. Буга ыйман келтирген момундар эч качан кыйынчылыктар алдында жалтанышпайт.
Аллах Инширах Сүрөсүндө да ар бир кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик бар экенин жана Өзүнүн адамдын үстүндөгү жүктү алып салуучу экендигин мындайча сүйүнчүлөгөн:
Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи? Жана жүгүңдү азайтып-алып салбадыкпы? Ал (жүк) сенин белиңди бүккөн эле; Сенин зикириңди (атак-даңкыңды) көтөрбөдүкпү? Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 1-6)
Башында да айтылгандай, бул дүйнө бир сыноо мекени катары жаратылган. Бүт адамдар бул жерде Аллахка жана акырет күнүнө болгон ишенимдери менен сыналышууда. Аллах жараткан мындай сыноо чөйрөсүнүн бир талабы катары, сырттан караганда жамандык кылгандар да, жакшылар да бирдей шарттарда жашап жаткандай көрүнөт. Чынында болсо, Аллахка ыйман келтиргендердин жашоосу динди жокко чыгаргандардын жашоосунан такыр башкача. Мурдараак да айтылгандай, Аллах ыйман келтирген пенделерине дайыма жеңилдик берет, алардын иштерин жеңилдештирет, кыйын учурларда да сөзсүз андан чыгуу жолун көрсөтөт. Бул – Аллахтын ачык жардамы.
Бирок Куранда Аллахтын кулдарына сезилбес жолдор менен жардам берээри, аларга күтпөгөн жерден колдоо жана жеңилдик берээри да кабар берилген. Аллах Куранда билдирген бул жардамдарды бир канча топторго бөлүп мисал келтирүүгө болот.
Аллахтын момундарга болгон жардамы ар кандай түрлөрдө болот. Аллахтын жардамдарынын бири – бул периштелерди оор шарттарда момундарга жардамга жөнөтүшү. Аллах Куранда мындай жардамды Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болгон бир окуяны мисал келтирүү менен кабар берүүдө:
Сен момундарга: «Раббиңердин силерге периштелерден түшүрүлгөн үч миң киши менен жардам жеткириши силерге жетпейби?» деп жаткан элең. Ооба, эгер сабыр кылсаңар, сактансаңар жана алар да күтпөгөн жерден кол салып калышса, Раббиңер силерге периштелерден беш миң киши менен жардамын жеткирет. Аллах муну (жардамды) силерге бир гана сүйүнүчтүү кабар болсун жана жүрөктөрүңөр муну менен бейпил болсун деп кылды. Жардам жана жеңиш бир гана улуу жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси Аллах Кабатында. (Али Имран Сүрөсү, 124-126)
Аллах дагы бир аятында болсо момундарга көрүнбөгөн аскерлер менен да жардам бергенин баяндаган:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахтын силерге берген нематын эстегиле. Силерге ордолор (душман аскерлери) келген эле; Биз алардын үстүнө бир шамал жана силер көрбөгөн аскерлер жөнөткөн элек. Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Ахзаб Сүрөсү, 9)
Аллахтын Куранда момундардын дайыма жеңишке жетишээрин билдириши – момундар үчүн сонун жана күч-кубат берүүчү бир убада. Бирок бул жерде бир нерсени да айта кетүү зарыл. Ар бир жардам Аллахтан жана эч шексиз күч-кудуреттин баарынын ээси бир гана Аллах. Момундар чыныгы жеңиш жана жардамдын Аллахка тиешелүү экенин билишет. Периштелердин жардамчы болушунун болсо Аллахтын бир сүйүнчүсү, аларга жардам жана колдоосунун периштелердин жардамы абалындагы көрүнүшү экенин эч унутушпайт. Себеби Раббибиз аяттарында бул чындыкты мындайча эске салат:
Силер Раббиңерден жардам сурап жаткан элеңер, Ал: «Шексиз, Мен силерге бири-биринин артынан миң периште менен жардам беремин» деп жооп берген эле. Аллах муну бир гана бир сүйүнүчтүү кабар жана жүрөктөрүңөр бейпил болсун үчүн кылган эле; Аллахтын Кабатынан башкасында нусрет (жеңиш жана жардам) жок. Эч шексиз, Аллах улуу жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Энфал Сүрөсү, 9-10)
Аллахтын каалаган пендесине, каалагандай жол менен жардам берээрин билген момундардын эң оор шарттарда да ичтеринде бир ишеним жана бейпилдик сезими болот. Мындай маанай ичинде руханий жактан абдан сонун бир өмүр сүрүшөт.
Аллахтын каалоосу менен ыйман келтиргендердин саны бүт доорлордо дайыма аз болгон. Бирок жеңүүчүлөр – сан жагынан көп болгондор эмес, дайыма момундар. Момундар Аллах берген акыл, баам-парасат, көрөгөчтүк, сонун ахлак сыяктуу немат-жакшылыктар менен дайыма каапыр адамдарга каршы ийгиликке жетишкен. Ошондой эле, Аллах кээде момундарды каапырлардын көзүнө сан жагынан жана күч-кубат жагынан да көп көрсөткөнүн жана мунун каапырларда жалтануу жана коркууга себеп болгонун да кабар берген. Аллах аяттарында Асры Саадет доорунда болгон мындай бир окуяны төмөнкүдөй билдирет:
Бетме-бет келгениңерде Аллах боло турган ишти ишке ашыруу үчүн аларды силердин көзүңөргө аз көрсөтүп, силерди алардын көзүнө көп көрсөттү. Жана (бардык) иштер Аллахка кайтарылат. Эй ыйман келтиргендер, кутулууга жетүү үчүн бир коомго жолукканыңарда чыдамдуу болгула жана Аллахты көп эстегиле. (Энфал Сүрөсү, 44-45)
Аз сандагы момундун каапырлардын көзүнө абдан күчтүү жана жеңилиши кыйын, көпчүлүк бир коомдой көрүнүшү, эч шексиз, Аллахтын кереметтеринин бири жана ошол эле учурда момундар үчүн да абдан чоң бир жеңилдик болгон. Ушундайча Аллах момундарды ийгиликке жеткирген.
Ошондой эле, Аллах башка аяттар аркылуу Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммедге (сав) Өзү каалаганда момундардын күч-кубатын эсе эсе көбөйтөөрүн билдирген. Сабыр кылгандары үчүн ыймандуу пенделерине үмүт кылгандарынан бир топ чоң бир күч жана жеңиш берээрин мындайча убада кылган:
Эй пайгамбар, момундарды согушка даярдап-чакыр. Эгер араңарда сабыр кылган жыйырма (адам) болсо, эки жүз (адамды) жеңет. Жана эгер араңарда жүз (сабырдуу адам) болсо, каапырлардан миңин жеңет. Себеби алар (чындыкты) аңдап-түшүнбөгөн бир коом. Эми Аллах силерден (жүгүңөрдү) жеңилдетти жана силерде бир алсыздык бар экенин билди. Силерден жүз сабырдуу (адам) болсо, (алардын) эки жүзүн кыйратат; эгер силерден миң (адам) болсо, Аллахтын уруксаты менен, (алардын) эки миңин жеңет. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге. (Энфал Сүрөсү, 65-66)
Аллах, жогорудагы аяттарда билдиргендей, Пайгамбарыбыз (сав) доорунда момундарды, куралдуу согуштун ичинде болушкандыктан, каапырлардын көзүнө сан жагынан жана күч-кубат жагынан көп жана күчтүү кылып көрсөтүү менен момундарды колдогон. Себеби Аллах – момундардын дайыма досу жана жардамчысы. Каапырлардын саны канчалык көп болсо да, канчалык көп күчкө ээ болушса да, түпкүрүндө бүт күч-кудуреттин баары Аллахка тиешелүү. Аллах – бир гана «Бол» деген буйругу менен каалаганын жасоочу. Аллахка таянып ишенген, Анын чексиз күч-кудуретин, бүт нерсеге күчү жетүүчү экенин аңдап-түшүнө алган адамдар дайыма көңүлдөрү бейкапар болот.
Аллах Энфал Сүрөсүндө Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болгон бир кыйынчылык учурунда момундарга берген руханий колдоосун мындайча кабар берет:
Ошондо силерди Өзү тарабынан тынчтык бейпилдик болушу үчүн уйку (уйкусуроо) менен ороду. Жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден шайтандын азгырыгын кетирип, таза-пакиза кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды. (Энфал Сүрөсү, 11)
Аятта билдирилген «уйку ороду» сөзү эч шексиз руханий бир уйкуга ишарат кылууда. Аллах кыйынчылык убагында ыкластуу пенделерине ушундай бир руханий абал берген жана мындай руханий колдоонун натыйжасында момундар бейпилдик, ишеним жана чечкиндүүлүк сезимин жашашкан.
Негизи мындай бейпилдик жана ишеним сезими момундардын бүт жашоосуна өкүмчүлүк кылат. Аллахка жана акыретке ыйман келтирген адамдар Аллахтын бүт нерсенин жалгыз өкүмдары, ээси экенин билишкендиктен, ансыз деле кандай окуяга кабылса да дүрбөлөңгө түшпөйт, кыйынчылык жана азап тартпайт. Раббибиздин бүт нерсени алар үчүн эң жакшы боло турган, акыреттерине эң пайдалуу боло турган негизде жаратканын билишет.
«Эгер Аллах силерге жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт жана эгер силерди жападан жалгыз жана жардамсыз таштаган болсо, андан соң силерге ким жардам берет? Демек момундар бир гана Аллахка тобокел кылышсын.» (Али Имран Сүрөсү, 160) аятына чындап ыйман келтиришет жана тобокелдүүлүктүн руханий бейпилдиги ичинде өмүр сүрүшөт. Башына келген кыйынчылык канчалык чоңдой көрүнсө да, баары бир баарынын утурумдук экенин билишет. Себеби дүйнө жашоосунун түбөлүк акырет жашоосуна салыштырганда абдан кыска бир убакыт экенин унутушпайт.
Бул дүйнөдө адамдын башына келе турган кыйынчылык адамдын бүт өмүрү бою уланса да, эң көп 50-60 жыл болот. 50-60 жыл тобокелдик жана сонун ахлак менен өткөрүлгөн бир өмүрдүн түбөлүк бейиш жашоосундагы сыйлыгы болсо, эч шексиз, такыр башкача болот. Бейиште момундар эч кандай кыйынчылык, азап, жокчулук, тажоо, кыйноого кабылышпайт, тескерисинче чексиз кооздуктар ичинде көңүлдөрү каалаган нерселердин баарына жетишет.
Мына ушул чындыкты билип, түшүнүү ыйман келтирген бир адамдын ар кандай окуяда бекем, күчтүү бир тобокелдик менен жашашына себепчи болот. Мунун руханий бакыт жана кубаныч сезими да бул дүйнөдөгү эң чоң жеңилдиктердин бири.
Бүт жүрөктөр жана бүт күч-кудуреттин Аллахтын колунда экенин унутпоо керек. Аллах каалаганда, каалаган окуясын, каалаган абалда жаратат. Бейпилдик жана ишеним издеген адам, Аллах бермейинче, эч кайсы жол менен ага жете албайт. Куран ахлагын жашоонун адамдарга берген жеңилдиги – бул адамдын бүт нерсенин Аллахтын буйругунда экендигин билиши. Бүт ишинде Аллахка багытталган, ар бир ишинин сыйлыгын бир гана Аллахтан күткөн адам дайыма Аллахтын жардамына жана колдоосуна ар кандай жолдор аркылуу жолугат.
Жок, силердин мевлаңар (кожоюнуңар) – бул Аллах. Ал – жардам берүүчүлөрдүн эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 150)