Аллахтын адамдар үчүн, алардын табиятына эң ылайыктуу катары тандаган дини – бул Ислам дини. Аллах динин адамдар аны жашай алышы үчүн абдан жеңил кылган. Дин адамдардын жонундагы бардык кыйынчылыктарды, кысуучу жана чектөөчү, адамдарга кыйынчылык алып келген бардык оордуктарды жок кылат. Адамдын бир гана чексиз мээримдүү, боорукер, кечиримдүү, ыкластуу пенделери үчүн бүт нерселерди жакшылык (кайырдуу) кылып жараткан, бүт күч-кудуреттин ээси болгон Аллахтын ал адам үчүн аныктаган тагдырга өзүн тапшырышын, бүт нерседе бир гана Анын ыраазычылыгын максат кылып, Ага багытталышын кабардайт.
Пайгамбар Мырзабыз жанындагы Мусулмандарга дайыма динди жеңилдештирүүсүн буйрук кылган. Демек, ыкластуу Мусулмандар ушул буйрукка баш ийиши керек жана адамдарга жеңил нерсени оор көрсөтүүнүн күнөөсүн өз мойнуна топтобошу керек. Пайгамбар Мырзабыздын (сав) бул жөнүндөгү хадиси төмөнкүдөй:
«Жеңилдеткиле, оордоштурбагыла. Сүйүнчүлөгүлө, жаман көрсөтпөгүлө. Бири-бириңер менен жакшы мамиледе болгула, талашып-тартышпагыла.»
Бул китепте, Пайгамбарыбыздын (сав) ушул кеңешине ылайык, Аллахтын динин жашоонун абдан оңой экендиги эске салынат.