Бул китепте кыймыл-аракеттеринен мисалдар берилген жандыктардын орток өзгөчөлүгү – бул алардын өз жанын аябас, мээримдүү жана боорукер болушу. Алардын баары балдарына, түгөйлөрүнө же кандайдыр бир айбанатка карата абдан коргоочу, мээримдүү кыймыл-аракеттер жасаган бул жандыктар ошол эле учурда бири-биринин коопсуздугу үчүн акылдуу чараларды көрүшүп, бири-бирине акылдуу ыкмалар менен тамак беришет, ал тургай, уста архитекторлор жана инженерлердей иштеп, архитектуралык кереметтерди жаратышат.
Бирок көп жолу кайталаганыбыз сыяктуу, унутпоо керек болгон маанилүү бир жагдай бар: бул жерде сөз болгон жандыктар – бул кээде кичинекей бир курт-кумурска, кээде бир канаттуу же бир бака. Көбүнчө бир мээси бар деп да айтууга мүмкүн болбогон бул жандыктардан мынчалык акылдуу жана илим талап кылган ачылыштарды, кыймыл-аракеттерди күтүү туура болобу?
Бир айбандын мынчалык бийик руханий баалуулуктарга ээ болушу мүмкүнбү?
Бир пингвиндин өлүмгө бел байлап, түгөйүнө жана балдарына бекем, туруктуу болушун кантип түшүндүрүүгө болот?
Өздөрүн балдары менен душмандарынын арасына таштаган жейрендер же зебралар эмне үчүн мындай кылышат?
Жандуулуктун кокустуктар натыйжасында жансыз заттардан пайда болгонун жактаган эволюция теориясы үчүн бул суроолордун ар бири чоң бир көйгөй. Эволюционисттер жаныбарлар буларды инстикттери менен жасашат жана инстинкттери болсо гендеринде программаланган деп догма кылышат жана бул догмалары аларды андан да маанилүү бир туюкка камайт. Себеби мындай догманын артынан төмөнкүдөй бир суроо жаралат: бул инстинкттерди, б.а. жан аябастыкты, мээримди, боорукердикти, уя куруу жөндөмдүүлүгүн жана илимин бул жаныбарлардын гендерине ким программалаган? Кокустан, бир заматта фосфат, көмүртек сыяктуу жансыз элементтерден турган бир генде мындай өзгөчөлүктөрдүн программасы кандайча пайда болгон?
Эволюционисттердин бул суроолорго эч бир жообу жок. Бир гана боштукту толтуруу жана көп ойлонбогон адамдардын көздөрүн бойой алуу үчүн жаныбарлардын гендерине бул өзгөчөлүктөр «табият эне» тарабынан коддолгон дешет. Биз көп уккан сүйлөмдөрдүн бири - «табият жандыктарга балдарын багуу инстинктин берген» же «табият канаттууларга уя куруу жөндөмдүүлүгүн берет». Табияттын мындай күчү болушу мүмкүнбү? Табият деген нерсе – бул өзү да жаратылган дарактардын, таштардын, дарыялардын, суунун, топурактын бир жыйындысы. Табияттын кайсы бөлүгү жаныбарларга мындай өзгөчөлүктөрдү тартуулоо күчүнө, жөндөмүнө, илим жана аң-сезимине ээ болду экен?
Табиятка жаратуучулук күчүн таңуулаган эволюционисттер түпкүрүндө Куранда сүрөттөлгөн кадимки баш тартуучу (каапыр) логикадан башка көз-карашта эмес, табиятты «кудай тутушат». Чынында болсо табияттын өзү бул өзгөчөлүктөрдүн эч бирине ээ болбогон, өзү да жаратылган жана жаратылып жаткан нерселердин жыйындысы. Куранда алсыз нерселерге кудайлыкты таңуулагандар мындайча кабар берилет:
Аны (Аллахты) койуп, (Анын ордуна) эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да жеткире албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жайууга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды (кудай) кылып алышты. (Фуркан Сүрөсү, 3)
Эч кандай күчү жана аң-сезими жок нерселердин (заттардын) башка нерселерге аң-сезим, мээ, жөндөм, руханий өзгөчөлүктөр бериши, акыл жана логика эрежелери жагынан, албетте эч мүмкүн эмес.
Чындык көз алдыбызда апачык турат: бул жандыктарга боорукердикти, мээримди жана жан аябас кыймыл-аракеттерди жасаткан, Өзү чексиз мээримдүү жана боорукер болгон, бүт жандыктардын Жаратуучусу жана коргоочусу, Рахман жана Рахим болгон Аллах.
Бул китепте абдан чектүү санда мисалдары берилген жан аябастыктар, боорукердик жана мээримдүүлүк мисалдары – бизди жана бүт нерселерди жараткан жана дайыма кармап турган Раббибиздин чексиз боорукердигинин жана мээриминин көрсөткүчтөрү. Бир балапанды же кичинекей бир жейренди коргоо, багуу, кайтаруу чечимин алган – бул алардын аң-сезимсиз жана эч нерсеге акылы жетпеген энелери эмес. Аллах бул жандыктарга балдарын коргоону же багууну илхам кылгандыктан, алар күнү-түнү өлүмгө бел байлап, өз жандарын аябай аракет кылышууда.
Раббибиздин чексиз мээримдүүлүгү жана боорукердиги бул жандыктарды эле эмес, бүт ааламды, анын ичинде адамды да курчап турат. Ошондуктан ойлонгон жана чындыкты көргөн абийирдүү жана акылдуу адамдар Аллахты минтип эскеришет:
Жана айткын: «Раббим, кечир жана мээримдүүлүк кыл, Сен мээримдүүлөрдүн эң жакшысысың.» (Мүминун Сүрөсү, 118)
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)